Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\21ddafe3-75c5-46e2-b871-94f91e6eb737\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 114

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 февралындагы № 68, 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо (1-тиркеме);

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо (3-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жобо (4-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (5-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы (6-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо булактары болуп республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары аныкталсын.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №269 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

6-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

 

                        ┌─────────────────────┐        ┌──────────┐

                        │  Борбордук аппарат  ├────────┤ Коллегия │

                        └─────────┬───────────┘        └──────────┘

                                  │

       ┌─────────────────┬────────┼──────────┬────────────────┐

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\11fe604a-20c2-4fec-91e4-05f8fb7720a5\document.files\image002.gif┌──────┴────────┐ ┌──────┴──────┐ │ ┌────────┴──────┐ ┌───────┴───────┐--------------------- │

│    Кыргыз     │ │   Кыргыз    │ │ │    Кыргыз     │ │    Кыргыз     │Кыргыз Республикасынын│

│Республикасынын│ │Республикасы-│ │ │Республикасынын│ │Республикасынын│Финансы министрлигине │

│    Финансы    │ │ нын Финансы │ │ │    Финансы    │ │    Финансы    │караштуу              │

│министрлигинин │ │министрлигине│ │ │министрлигинин │ │министрлигинин │Мамлекеттик           │

│   алдында     │ │  караштуу   │ │ │ Окуу борбору  │ │   алдындагы   │сатып алуулар         │

│  Бюджеттик    │ │   Баалуу    │ │ │               │ │"Инфо-Система" │департаменти          │

│ кредиттетрди  │ │  металлдар  │ │ │               │ │  Мамлекеттик  │                      │

│  башкаруу     │ │департаменти │ │ │               │ │   ишканасы    │                      │

│     боюнча    │ ││            │   │               │ │               │                      │

│ │мамлекеттик  │ │             │   │               │ │               │                      │

│ агенттиги     │ │             │ │ │               │ │               │                      │

└───────────────┘ └─────────────┘ │ └───────────────┘ └───────────────┘--------------------- │

                                  │

                      ┌───────────┴────────────┐

                      │   Аймактык органдар    │

                      └────────────────────────┘