Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы №117

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86,
2013-жылдын 4-июнундагы № 312, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 ,2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225, 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549, 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 , 2019-жылдын 19-февралындагы № 60 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги төмөнкүлөрдүн укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин, туризм, өнөр жай, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарба рынокторун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функцияларды кошпогондо;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты функциясынын бөлүгүндө;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин, минералдык ресурстарды башкаруу саясаты функциясынын бөлүгүндө.

3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборуна;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасына;

- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирдикте аныктасын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирдикте аныктасын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине өткөрүп берсин;

2) аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин ушул пункттун 1-пунктчасында аталган мамлекеттик органдар менен бирдикте аныктасын;

3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

4) министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 7-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомунун 3-пункту.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасында "Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр жок болгондуктан, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 60 токтому менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

Описание: 111628_280619_661kyr.png