Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

3-пунктунан тышкары,
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\25fc5236-303b-4a42-84d3-4c42e58c5b4a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 120

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин укук мурастоочусу экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Кинематография департаменти түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн департаменттерди каржылоо боюнча чыгымдарды карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

Туризм департаменти жөнүндө жобону;

Кинематография департаментинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүүгө берсин;

- ченемдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

 

             ┌─────────────────────┐          ┌──────────┐

             │   Борбордук аппарат ├─────────>│ Коллегия │

             └──────────┬──────────┘          └──────────┘

                        │

 

 ┌───────────┬─────────────────────┬────────────────────┬─────────────┐

 │           │                     │                    │             │

 │           v                     v                    v             │

 │ ┌───────────────────┐  ┌───────────────┐  ┌──────────────────────┐ │

 │ │Туризм департаменти│  │Кинематография │  │ Шаардык жана райондук│ │

 │ │                   │  │ департаменти  │  │       маданият       │ │

 │ │                   │  │               │  │ башкармалыктары жана │ │

   │                   │  │               │  │       бөлүмдөрү      │

 v └───────────────────┘  └───────────────┘  └──────────────────────┘ v

┌───────────────────────────────────────────┐  ┌──────────────────────┐

│Ведомстволук мекемелер: Театрлар,          │  │Маданият жана         │

│филармониялар, китепканалар, музейлер,     │  │искусство окуу        │

│маданият үйлөрү, клубдар, маданият жана эс │  │жайлары: жогорку окуу │

│алуу парктары, тарых жана маданият         │  │жайлары, кесиптик орто│

│эстеликтери, Кыргыз мамлекеттик цирки,     │  │окуу жайлары,         │

│Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо    │  │М.Абдраев атындагы    │

│боюнча республикалык инспекция,            │  │Республикалык атайын  │

│"Кыргызреставрация" илимий-изилдөө         │  │орто музыкалык        │

│долбоорлоо бюросу, Мамлекеттик китеп       │  │жатак-мектеби, балдар │

│палатасы, Улуттук маданий борбор, "Манас   │  │музыкалык мектептери, │

│ордо" улуттук комплекси, "Сулайман-Тоо"    │  │балдар көркөм өнөр    │

│улуттук тарыхый-археологиялык музей        │  │мектептери, балдар    │

│комплекси, Достук үйү дирекциясы,          │  │искусство мектептери, │

│"Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын   │  │квалификация          │

│редакциялары, "Шах Фазил" мамлекеттик      │  │жогорулатуу           │

│тарыхый-маданий корук-музейи               │  │факультеттери, бала   │

└───────────────────────────────────────────┘  │бакчалар              │

                                               └──────────────────────┘