Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f0f3dfa5-6652-41af-a5e5-cb54a74b137d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 123

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой
чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-июнундагы № 463, 2013-жылдын 13-авгутундагы № 457,
2014-жылдын 21-январындагы № 37,  
2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 , 2019-жылдын 2-майындагы № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүдөй аймактык жана ведомстволук бөлүктөр уюштурулсун:

       -  (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 2 абзац күчүн жоготту)

          (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 3 абзац күчүн жоготту)

          (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 4 абзац күчүн жоготту)

         (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 5 абзац күчүн жоготту)

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү фонддорунун базаларында:

Чүй-Бишкек-Талас, Ысык-Көл - Нарын, Ош-Баткен, Жалал-Абад жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү фонддору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Экологиялык коопсуздук борборунун базасында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору;

      - (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 10 абзац күчүн жоготту)

        (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомуна ылайык 11 абзац күчүн жоготту)

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Экологиялык мониторинг жана токой-аңчылык жайгаштыруу башкармасынын базасында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463, 2014-жылдын 21-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүктөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: 154936_kyr.png