Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-августу № 536

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө
мамлекеттик жөнгө салуу борбору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 11-пункттун сегизинчи абзацындагы "ведомствого караштуу" деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

О.Бабанов