|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-августу № 561
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана ченемдик укуктук актыларды кайталанышын жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси (мындан ары Тизме);";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пунктта;
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги";
3-абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке" сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматына, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6 жана 7-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өткөргөн мониторингдин, анализдердин, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - Тизмеге киргизилген азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө, эгерде баанын өсүшү бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызды түзө турган болсо;
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешине азык-түлүк кризисинин коркунучу пайда болгон учурда Тизмеге киргизилген бардык товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө.
7. Бул токтомдун 2-пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып колдонулат."
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң-өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартибинде:
- преамбула "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна ылайык" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизген учурда, аны киргизгенден баштап аны колдонуу мөөнөтү аяктаганча чейин, колдонулат.";
- 4-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
- ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 188 "Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
|
Премьер-министр |
Ө.Бабанов |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому
менен
бекитилген
1. Буудай, кара буудай уну.
2. Нан (бөлкө нан).
3. Пастерленген сүт.
4. Өсүмдүк майы.
5. Малдын майы.
6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти).
7. Кумшекер.
8. Күрүч.
9. Макарон азыктары.".
|
|
|