Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 30-августундагы

№ 596 токтому менен

бекитилген

 

2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча

ПРОГРАММАСЫ

 

1. Жалпы жоболор

2. Программанын артыкчылыктары, максаты жана милдети

3. Өкмөт тарабынан көрүлгөн учурдагы чаралар

4. Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар

5. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

6. Индикативдик бөлүнгөн бюджет

 

1. Жалпы жоболор

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) комплекстүү мүнөздө, Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан коррупцияга каршы аракеттенүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик чаралардын системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Бул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын стратегиясына (мындан ары Стратегия) ылайык иштелип чыккан.

Бул Программада чагылдырылган иш-чаралар төмөндөгү базалык компоненттерди эске алуу менен түзүлгөн кыска мөөнөттүк жана орто мөөнөттүк чаралардын комплексин камтыйт:

- коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул пландарынын талаптарын Кыргызстандын аткарышы боюнча Өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтык боюнча уюмдун (ӨЭКУ) рекомендацияларын;

- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чараларды;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасынын Иш-чаралар планында каралган жоболорду жана чараларды (2012-ж. 25.01 № 55).

Бул Программа:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ишинде тиешелүү мамлекеттик башкарууну камсыз кылуунун, демократиялык башаттын тамырын тереңдетүүнүн, айкындуулуктун, ачыктыктын жана контролдоонун зарылдыгынан улам кабыл алынууда;

- жарандардын мамлекеттик бийлик системасына карата ишенимин бекемдөөгө, коррупциянын алдын алуунун туруктуу укуктук негиздерин түзүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө эл аралык укуктун ченемдерин эске алуу менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт;

- Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктоочу программалык документ болуп саналат;

- ошондой эле активдүү кызматташтыкты жана жарандык коом менен коррупцияга каршы аракеттенүүнү карайт;

- Өкмөт тарабынан коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча артыкчылыктарды, индикаторлорду жана механизмдерди аныктайт.

Программаны ишке ашыруу төмөнкү принциптерди сактоо менен уюштуруучу иш-чаралардын кеңири комплексин иштеп чыгууну жана аткарууну болжолдойт:

- таасирдүүлүгү жана натыйжалуулугу;

- ишке ашыруучулугу (аткаруучулугу) жана даректүүлүгү (жооптуулугу);

- улантуучулугу жана туруктуулугу;

- комплекстүүлүгү жана системалуулугу.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу чаралар анын конкреттүү түрүнө жараша иштелип чыгат. Каршы аракеттенүүнүн негизги каражаттары болуп коррупция үчүн болуп келген шарттарды табуу жана четтетүү, ошондой эле коррупцияга алып келе турган шарттарды түзүү аракеттерине бөгөт коюу болуп калат. Программа чектөөлөрдүн атайын иштелип чыккан түрүндө коррупцияга каршы чараларга негизделет, мамлекеттик органдардын күндөлүк ишинин катарын толуктайт, жана дайыма аткарылат.

Укук коргоо жана атайын органдардын ыкмалары жана каражаттары менен гана күрөшүү - бул социалдык зыянды жаратуунун себептери менен эмес, демек анын кесепеттери менен гана күрөшүү болуп калат. Буга байланыштуу ОЭКУнун эксперттери тарабынан Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүү тууралуу жарыяланган жаңы отчетто Өкмөт, коррупциянын пайда болушунун себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүүдө деп белгиленген. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйба бул иште сезилерлик натыйжага коомчулуктун колдоосу менен гана жетишүүгө мүмкүн экендигин көрсөтөт.

 

2. Программанын артыкчылыктары, максаты жана милдети

 

Түзүлгөн кырдаалдын өзгөрүшүнө кызыкпаган чиновниктердин калың катмары, ошондой эле коррупция менен күрөшүүгө окшогон милдеттерди чечүүгө карата жарамсыз ыкмаларды аныктаган мамлекеттик кызматтарда эскиче көндүм болгон көз караш жана басымдуулук кылган жагдай сакталып турганда, мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүгүн сын көз караш менен баалап, Программада коррупцияны табуу жана алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тууралуу төмөнкү артыкчылыктар белгиленүүдө:

1-артыкчылык. Коррупциялык схемаларды жоюу.

2-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун арттыруу максатында мамлекеттик башкарууну реформалоо жана модернизациялоо.

3-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү жана анын маалымдуулугу.

Программанын максаты:

- социалдык, экономикалык жана укуктук чөйрөлөрдө мамлекеттин саясатын ишке ашырууну камсыз кыла турган кепилдиктерди күчөтүү менен коррупциялык схемаларды табуу жана четтетүү;

- мамлекеттик кызмат системасын коррупциялык процесстердин бузуку таасиринен коргоо жана анын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу;

- коррупцияга каршы аракеттенүү ишинде мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү жана анын маалымдуулугун арттыруу.

Программанын негизги милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

- коррупцияны жараткан жана коштогон коррупциялык схемаларды табуу жана четтетүү менен пайда болгон көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү камсыз кылуу, анын социалдык-экономикалык тамырынын нак өзүн ачуу, мыйзамга баш ийүүчүлүк жашоо мүнөзүн жана демократиялык жана укуктук мамлекеттин постулаттары менен туура келбестигин жайылтуу;

- мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун арттыруу боюнча бекитилген иш-чараларды ишке ашырууда күч аракеттерди уюштуруунун, координациялоонун жана бириктирүүнүн жана ресурстарды айкалыштыруунун бирдиктүү жол-жоболорун кабыл алуу;

- мамлекеттик органдардын жарандык коомдун институттары менен болгон маалымдуулугунун жана өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгуу жана белгилөө.

 

3. Өкмөт тарабынан көрүлгөн учурдагы чаралар

 

Өкмөт тарабынан коррупциялык схемаларды четтетүү, мамлекеттик кызматтын системасын анын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу менен оптималдаштыруу жана модернизациялоо, ошондой эле ар кандай коррупцияга каршы чаралардын ажырагыс бөлүгү болгон коомдук бирикмелер жана жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун ар түрдүү формаларын кеңейтүү боюнча активдүү иш-аракеттер жүргүзүлөт. Коомдук колдоо коррупция менен күрөшүүнүн негизги элементтеринин бири болуп калат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдарга караштуу Коомдук байкоочу кеңештер менен өз ара мамилелердин деңгээлин жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүү жана региондук деңгээлде ушул сыяктуу институттарды түзүү алдыда турат.

Өкмөт тарабынан буга чейин бир катар маанилүү чаралар ишке ашырылды:

1) Реформа жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттик контролдоочу органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскартылды.

2) Жүргүзүлгөн текшерүүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну караган тобокелдиктерди баалоонун критерийлери жайылтылууда жана бул тобокелдиктердин критерийлерин баалоонун деңгээлине жараша ишкердик субъекттерин пландуу текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салат.

3) Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоочу органдардын "Текшерүү баракчалары" бекитилди.

4) Тобокелдиктин критерийлерин аныктоону эске алуу менен ишкердик субъекттери жөнүндөгү маалыматтар базасын түзүүнү караган "Контр-Про 3" долбоорун иштеп чыгуу аяктоодо.

5) Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү 20 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеге болгону 386сы кирип мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

6) Бүгүнкү күндө уруксат берүүлөрдүн лицензиялардын жана алардын түрлөрүнүн 563 каралды, мында алардын 177си алынып салган. Жыйынтыгында бардык лицензиялардын, уруксаттардын жана аларга кирген түрлөрүнүн "Кыргыз Республикасында лицензиялар жана уруксааттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзам долбоору менен каралган уруксат берүүчү документтеринин 100 түрү калат.

7) "Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 206 токтому менен "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылган, анда лицензияга арызды жана лицензия берүүнү кароонун мөөнөттөрү менен байланышкан лицензиялоонун жол-жоболорун ишке ашырууда мамлекеттик лицензиар-органдардын аракеттерин регламентациялоого багытталган "унчукпоо-макулдуктун белгиси" деген ченемди киргизүү каралган.

8) Оперативдик жана концептуалдык башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын ишин баалоонун натыйжалуу системасын, ошондой эле республиканын коомчулугу жана калкы менен ачык диалог түзүү боюнча мамлекеттик органдардын иш аракеттерин баалоо системасын түзүү боюнча иш-аракеттер жасалган.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баалоо үчүн ченемдик укуктук актылардын пакети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому менен бекитилди.

Баалоонун бул критерийлери базалык, вариативдик көрсөткүчтөр, ошондой эле коомдук пикирди угуу жана эл аралык рейтингдерди жогорулатуу менен негизделди.

9) Башкаруунун административдик методдорунан алыстоо, бюрократиялык жол-жоболордун деңгээлин жана чыр-чатактардын пайда болуусун төмөндөтүү шарттары камтылган тоо кен бизнеси үчүн "жаңы эрежелер" киргизилет.

 

4. Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар

 

Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар:

1) Саясий күтүүлөр:

- мамлекеттик органдарга ишенимди бекемдөө;

- аткаруу бийлик системасынын мамлекеттик органдарынын кадыр-баркын чыңдоо, ошондой эле эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүү;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга багытталган, мамлекеттик саясатка шайкеш келбеген айрым корпоративдик кызыкчылыктын таасирин азайтуу;

- реалдуу саясий атаандаштыкты күчөтүү, демократиялык институттардын жана мамлекеттик институттардын туруктуу иштешин алсыздандыруунун коркунучун азайтуу.

2) Экономикалык күтүүлөр:

- туруктуу өнүгүү жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү;

- коррупциянын деңгээлинин аракеттенүү чөйрөсүн тарытуу, салыктык келип түшүүлөрдү көбөйтүү, экономикалык иш чөйрөсүндө ишкер активдүүлүктү жогорулатуу, бюджеттик чөйрөнү чыңдоо;

- реалдуу атаандаштык механизмдерди ишке кошуу, экономиканын реалдуу секторун чыңдоо, коррупциялык финансылык агымдарды системалуу көзөмөлгө алуу;

- ишкер жана ишкердик активдүүлүктү көбөйтүү;

- аткаруу бийлигинин "оюндун акыйкат эрежесин" белгилөөгө жана сактоого жөндөмдүү экендигине ишкердик чөйрөсүнүн ишенимин бекемдөө.

3) Социалдык күтүүлөр:

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара кеңири аракеттенүүсү;

- мамлекет менен коомдун жашоосун жөнгө салуунун негизги куралы катары укукту калыбына келтирүү, кылмыштуулук менен чиновниктик зомбулуктун алдында жарандардын корголгондук сезимин чыңдоо;

- мүлктүк теңсиздиктин өсүш темпин жана социалдык чыр-чатактардын пайда болуу мүмкүндүгүн кыскартуу;

- контролдоочу, укук коргоочу жана башка мамлекеттик органдардын коррупциялануусун азайтуу;

- социалдык чыңалууну азайтуу, өлкөдө социалдык жана саясий туруктуулукту чыңдоо.

 

5. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

 

Стратегияда Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүүнү системалаштырууга бир нече жолу аракет жасалган деп белгиленет, бирок алар формалдык жана декларативдик мүнөздө болгон. Өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин жоктугу, аткарууну координациялоо жана ага мониторинг жүргүзүү боюнча компетенттүү органдын жоктугу жана анын натыйжасы катары бул же тигил иш-чара канчалык көлөмдө аткарылгандыгын аныктоого мүмкүн эместиги мурда кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын негизги кемчилиги болгон.

Саясий эрк жетиштүү болгон азыркы этапта Программада каралган коррупцияга каршы аракеттер системасынын ырааттуулугун, бүтүндүүлүгүн жана бүткөрүлүшүн камсыз кылуу зарыл болот. Буга байланыштуу аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу сунушталат. Ошондой эле Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер тартылышат.

Программа натыйжалуу көрсөткүчтөрдүн индикаторлору аркылуу көзөмөлдөөгө алынат. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын маалыматтын эки: мамлекеттик (расмий) жана мамлекеттик эмес (коомдук) альтернативдик каналын түзүү аркылуу куруу белгиленүүдө.

Мониторингдин маалыматтарынын негизинде мезгили менен Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу бааланат, анын жүрүшүндө "начар" жерлери жана кемчиликтери аныкталат. Алынган жыйынтыктардын негизинде аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу колдонуу, кызыкдар аткаруучулар менен координациялоону жакшыртуу боюнча оперативдүү чечимдер кабыл алынат. Мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана донордук коомдун координацияланган күч-аракети программага мониторинг жүргүзүү жана баалоонун натыйжалуу системасын түзүүдө жана чыңдоодо ийгиликтин салымы болуп калышы керек.

2014-жылы Программаны ишке ашыруудан Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын ийгиликтүүлүгүнүн күтүлгөн негизги индикаторлору төмөнкүлөр болуп калат:

- өсүш темпи жана ИДПнын структурасы;

- негизги капиталга инвестициялардын ИДПдагы үлүшү;

- мамлекеттик бюджеттин дефицити/профицити;

- катталган чарбакер субъекттердин санынын өсүш көрсөткүчтөрү жана салыктык төлөмдөрүнүн көлөмүнүн өсүшү;

- анкеттөө жолу менен коомдук пикирди комплекстүү сурамжылоого негизделген жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индексинен" жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоонун индексинен турган "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтомуна ылайык аныкталган "Калктын ишеним индекси" боюнча көрсөткүчтөр;

- жыл сайын өлчөө негизинде Программанын жыйынтыктарына карата жарандык коомдун "Ишеним индикатору";

- Tra№spare№cy I№ter№atio№al "Коррупцияны кабылдоонун индекси" (CPI) боюнча Кыргызстандын деңгээли;

- Дүйнөлүк банк тарабынан жарыялануучу "Бизнес жүргүзүүнүн шарттарына жана ишканалардын ишине саресеп", (Busi№ess E№viro№me№t a№d E№terprise Performa№ce Survey (BEEPS);

- мамлекеттик башкаруунун сапатынын Индексин коюучу - Дүйнөлүк банктын World Gover№a№ce I№dicators (WGI), коррупция менен байланышкан иликтөөлөрдү өзүнө камтыган, долбоорунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары;

- Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында жарыялануучу Экономикалык ийгиликтүүлүктүн индексин (Global Competitive№ess I№dex - GCI) коррупция көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган индексти колдонуу менен ар кандай өлкөлөрдө бизнес жүргүзүүнүн ийгиликтүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы (GCI Индекси маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана жүздөн ашык дүйнөлүк рейтингдердин негизинде 142 өлкө үчүн түзүлөт);

- Freedom House уюмунун комплекстик изилдөөсүнүн көрсөткүчтөрү:

- өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүшүн баалоо, "Улуттар транзитте" комплекстүү изилдөөлөрүнүн көрсөткүчтөрү өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүшүн баалоого арналган (демократиянын өнүгүшүнүн рейтингдик баасы окумуштуулар, эксперттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан коюлат, аларга сурамжылоо барагындагы суроолорго жооп берүү сунушталат);

- Heritage Fou№datio№ сайтында жарыяланган коррупциянын рейтинги, (10 эркиндик изилденет, анын бири - коррупциядан эркин болуу) алар экономист Адам Смиттин идеяларын ээрчишет, ал аны 1776-жылы "Улуттун саламаттыгы" деген эмгегинде өөрчүткөн.

Бул индикаторлор базалык көрсөткүчтөр үчүн колдонулат жана туруктуу негизде көзөмөлгө алынат.

Ушул Программанын орто мөөнөттүк чараларынын алкагында каралган иш-чаралар дайыма жаңыланып туруучу болуп саналат, алардын мазмунун Өкмөттүн алдында турган артыкчылыктарга жараша өзгөртүп жана толуктап туруу зарыл. Иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга тоскоолдук кылган себептер пайда болгон учурда, аткаруучулар координатор менен макулдашуу боюнча аларды ишке ашыруунун мөөнөтүн өзгөртүү же аткарууну жоюу тууралуу Өкмөттүн кароосуна сунуштарды киргизет.

Тандалып алынган артыкчылыктардын ар бири боюнча ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүн баалоонун өлчөнүүчү индикаторлору ушул Программанын 7-бөлүмүндө көрсөтүлгөн, мында ошондон эле белгиленген иш-чаралардын ар бир пункту боюнча күтүлгөн аралыктагы жыйынтыктар келтирилет.

 

6. Индикативдик бөлүнгөн бюджет

 

Программанын финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чараларын жүзөгө ашыруу тийиштүү жылга мамлекеттик органдарга бөлүнгөн сумманын чегинде мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын, тышкы карыздын, ошондой эле техникалык жана консультативдик жардамдар линиясы боюнча эл аралык уюмдардан жана донор-өлкөлөрдөн тартылган ресурстардын эсебинен каралган.

┌─────────────────────────────────┬───────────┬───────────┬───────────┐

│   Жыл боюнча жыйынтык суммасы   │  2012-ж.  │  2013-ж.  │  2014-ж.  │

│              (сом)              │           │           │           │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│1-артыкчылык. Коррупциялык       │ 2785449,0 │  951285,4 │  697609,3 │

│схемаларды четтетүү              │           │           │           │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│2-артыкчылык. Ачык-айкындуулукту │ 2216353,0 │  929387,2 │  673521,2 │

│жана отчеттуулукту жогорулатуу   │           │           │           │

│максатында мамлекеттик башкарууну│           │           │           │

│реформалоо жана модернизациялоо  │           │           │           │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│3-артыкчылык. Мамлекеттик        │ 3170951,0 │ 2536761,0 │  348804,7 │

│органдардын жарандык коом менен  │           │           │           │

│өз ара аракеттери жана анын      │           │           │           │

│маалымдуулугу                    │           │           │           │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│Бардыгы                          │ 8172753,0 │ 4417433,6 │ 1719935,2 │

└─────────────────────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┘