Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2013-жылдын
26-мартындагы № 150
токтому
менен бекитилген

"Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүүнү баалоодо тестирлөө жүргүзүүгө багытталган.

Бул Концепциянын предмети болуп Кыргыз Республикасында кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо тутумун (мындан ары - "Кыргызтест" тутуму) киргизүү эсептелет.

Концепцияда тутумдун максаттары, милдеттери, негизги принциптери, түзүмү, мазмуну, өнүктүрүү жана киргизүү этаптары баяндалган.

 

2. Концепциянын максаттары жана милдеттери

 

Концепциянын максаты болуп "Кыргызтест" тутумун Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун бирдиктүү мамлекеттик тутуму катары киргизүү саналат.

Концепциянын милдеттери:

- "Кыргызтест" тутумун киргизүүнүн ченемдик укуктук негиздерин түзүү;

- экзамендерди өткөрүү процессин регламенттештирүүчү тестирлөө эрежелерин ("Кыргызтест" тутуму жөнүндө жобо) негиздөө;

- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүүнү баалоонун бирдиктүү тутумун ("Кыргызтест") түзүү;

- тутумду кыргыз тилин мамлекеттик тил катары колдонулушуна жана өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү каражаттардын бири катары калыптандыруу;

- мамлекеттик тилди билүүгө тастыктама берүү тутумун (билүү деңгээли жөнүндө күбөлөндүрүүчү тастыктамаларды иштеп чыгуу, тастыктамаларды колдонуу мөөнөтүн жана түрлөрүн аныктоо) түзүү;

- мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестирлөөнү системалуу жүргүзүүнү камсыз кылуу жана тестирлөө түзүмүн аныктоо.

 

3. Тутумду киргизүү үчүн өбөлгөлөр жама өнүгүү багыты

 

Концепцияны иштеп чыгууга негизги өбөлгө болуп мамлекеттик тилди билүүгө окутуу, аны баалоо жана тастыктама берүү (мындан ары - "Кыргызтест") маселелерин чечүү зарылдыгы болду.

"Кыргызтест" предметтик тести боюнча тестирлөө жүргүзүү өлкөдө кыргыз тилин билүүнү бирдиктүү баалоону түзүүнү тутумга келтирет жана баалоонун жалпыга таанылган, кеңири тараган түрү катары сунушталат.

"Кыргызтест" предметтик тестин тил мейкиндигине киргизүү мамлекеттик тилди өнүктүрүү, республиканын тил чөйрөсүндө анын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча иш-чаралардын бири болушу мүмкүн.

Тутумду киргизүү процессинде төмөнкү максаттарга жетүү болжолдонууда:

- кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуунун натыйжалуу усулдарын түзүү;

- жарандарда кыргыз тилин коомдук, маданий-адеп-ахлактык жана мамлекеттик баалуулук катары кабыл алууну калыптандыруу.

Концепциянын негизи төмөнкү негизги принциптерди камтыйт:

- тутумду көбүнчө тышкы мамлекеттик-коомдук баалоо тутуму катары өнүктүрүү;

- уюштуруу-техникалык чечимдердин мүмкүн болгон ар түрдүүлүгүндө тутумдун функционалдык бирдейлиги;

- баалоонун илимий негизделген, стандартташтырылган жана технологиялык каражаттарын колдонуу;

- керектөөчүлөрдүн күтүүсүнө багыттоо;

- тутумдун эл аралык окшош тутумдарга салыштырмалуулугу;

- баалоо жол-жоболорунун жана механизмдеринин ачыктыгы;

- тутумду түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн ченемдик мүнөзү;

- предметтик тестти билүү талаптарынын, ченемдеринин жана көрсөткүчтөрүнүн реалдуулугу.

"Кыргызтестти" төмөнкү жолдор аркылуу тутум катары түзүү болжолдонууда:

- билимди баалоонун болгон ыкмаларын талдоо жана аларды тутумга бириктирүү;

- баалоо объектилерин аныктоо;

- баалоо шаймандарын иштеп чыгуу;

- тутумдун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү;

- тутумдун иштешин маалыматтык жактан камсыз кылуу.

"Кыргызтест" тутуму өлчөө шайманы катары жарандардын (окуучулардын, студенттердин, мамлекеттик кызматкерлердин ж.б.) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аны билүү ченемдерине, окуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аны билүү ченемдерине, окуу программаларына жана квалификациялык талаптарга ылайык аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай мамиле бир катар өлкөлөрдүн практикасына толук шайкеш келет.

"Кыргызтест" тутуму көп жылдардан бери колдонулуп келе жаткан тилдерди билүүнү баалоонун төмөнкү эл аралык тутумдарын практикага киргизүү тажрыйбасын эске алат:

- ТОЕFL (Test of E№glish as a Foreig№ La№guage) - англис тилин чет тили катары өздөштүрүүнү баалоочу тест, ал билим берүү чөйрөсүндө америкалык тестирлөө кызматы (ЕТS) тарабынан иштелип чыккан;

- ТРКИ (Россияда) - чет өлкөлүк жарандардын орус тилин билүү деңгээлин баалоочу тест, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин базасында жана башка бир катар жогорку окуу жайларда жүргүзүлөт;

- ТОМЕR (Turkche Ogretium Меrkеzi) - чет өлкөлүк жарандардын түрк тилин билүү деңгээлин баалоо боюнча Түркиянын тесттик тутуму.

"Кыргызтест" тутумуна кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүүнүн кесипкөй иштелип чыккан программасы, натыйжалуу усулдары жана заманбап технологиясы, ошондой эле жаңы муундун стандарты кирет. Ошондой эле "Кыргызтест" тутуму техникалык прогресстин акыркы жетишкендиктерин пайдаланууда, окутуунун натыйжаларына байкоо жүргүзүүдө калктын керектөөлөрүн эске алат.

Технологиялык аспект максималдуу дифференциацияны, өзүнчө жеке мамилени жана компьютердик технологияларды максималдуу пайдалануу менен топто да, жеке да окутуунун даярдалган технологияларынын жана усулдарынын болушун талап кылат.

Тестирлөө стратегиясын пландаштырууда кыргыз тили эне тили болуп саналган жана кыргыз тили эне тили болуп саналбаган жарандардын тобуна ажыратылат.

Тестирлөөнү пландаштыруу процессинде курактык айырмачылык жана жогоруда аталган топторго таандык эске алынат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо жана билимине тиешелүү тастыктама берүү Кыргыз Республикасында аталган тутум аркылуу жүргүзүлөөрү болжолдонууда.

 

4. "Кыргызтест" тутумунун түзүмү жана анын абалы

 

"Кыргызтест" тутуму - Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун бирдиктүү тутуму.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун базасында "Кыргызтест" тутумун иштеп чыгуу менен иштеген сектор түзүлгөн.

"Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү концепциясы иштелип чыкты. Ченемдик документтер: "Кыргызтест" тутуму жөнүндө жобо, тутумдун деңгээлдеринин мүнөздөмөсү, тесттин өзүнчөлүгү иштелип чыгуу баскычында турат.

Тутумдун блоктору боюнча тесттик тапшырмалардын корун түзүү жана ченемдик документтерин иштеп чыгуу үчүн тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуучулар жана эксперттер тобу түзүлгөн, анын курамына республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамы, тил илимин илимий-изилдөө институттардын кызматкерлери жана тесттолог-адистер киргизилген.

Тест тапшыруучунун тилди билүү деңгээли аткарылган тесттин сандык көрсөткүчү боюнча аныкталат. Тесттер "жөнөкөйдөн татаалга карай" принциби боюнча түзүлөт. Жыйынтыгында тест тапшыруучуда тилди билүү деңгээлдеринин ортосунда уланмалуулук байкалышы керек, бул тил үйрөнүүдө инсанга дем берүүчү механизм болуп эсептелет.

Бул тутумду киргизүүдө белгилүү эл аралык түзүмдөрдүн тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестирлөөнүн дүйнөлүк тажрыйбасы (тесттик тапшырмалардын формалары жана түрлөрү, экзамен өткөрүүнүн жол-жоболору, бааланган жыйынтыктарды өлчөө) эске алынат.

Тутумдун тест тапшыруучуларга сунушталуучу типтүү тапшырмалары экзамендик материалдардын үлгүсү болуп саналышы керек. Тесттик тапшырмалар милдеттүү түрдө экспертизадан жана сыноодон өтүп жана колдонууга жарактуу болууга тийиш. Типтүү тесттин түзүмү стандарттык сүйлөшүүнүн белгилүү бир түрүнө же аспектине (угуу, лексика-грамматикалык блок, окуу, жазуу) багытталган бир нече жардамчы тесттерден турушу керек.

Тутумдун түзүмдүк жана мазмундук түзүүчүлөрү аныкталган баскычтар боюнча жогорулап жүрүп отурат. Тестти аткаруу мөөнөтү чектелген. Тутумдун тестин аткаруу убактысын аныктоодо негиз болуп ТОЕFL тутуму алынган.

Тутум коммуникативдүү компетенцияны анын кыргыз тили боюнча түзүүчү компоненттери менен угуп түшүнүү, окуу, жазуу, сүйлөө жана лексика-грамматика жактан тууралык сыяктуу сүйлөөнүн түрлөрүндө текшерүүгө багытталган.

Тест тапшыруунун 3 жолу сунушталат:

- интернет аркылуу тест тапшыруу;

- компьютердик тест;

- бланктык (кагаз жүзүндө) тест.

Түзүлүүчү тутум төмөнкү блоктордон турат: угуп түшүнүү, лексика-грамматикалык блок, окуу, жазуу жана сүйлөө.

Биринчи блок - угуп түшүнүү. Угуп түшүнүү менен окулган же угулган тексттен (монологдон, диалогдон ж.б.) тест тапшыруучунун канчалык деңгээлде:

- чакан тексттен керектүү маалыматты алуусу;

- угулган тексттин негизги мазмунун (укканын жалпылоочу сүйлөмдүн бирине байланыштыруу), анын ички текстин түшүнүп жана андан жыйынтык чыгара билери текшерилет.

Угуп түшүнүүдө төмөнкү төрт деңгээл боюнча өздөштүрүү даражасы бааланат: үзүндүлөр аркылуу (фрагменттик), жалпы, толук жана терең сын менен.

Тексттер (диалогдор) байкап жана угууга мүмкүн болгон турмуштук жана окуу кырдаалдарындагы темаларга өтө жакындаштырылган. Аларда фразалык этиштер жана идиомалык сүйлөмдөр, ошондой эле сүйлөшмө кыргыз тилинде кеңири колдонулуучу атайын грамматикалык конструкциялар камтылган.

Тест тапшыруучу цифра, сөз же сөз айкашы түрүндөгү жетишпеген маалыматты угуп жана толукташы керек. Мында орфографиялык жана грамматикалык каталар эсепке алынбайт.

Экинчи блок - лексика-грамматикалык. Бул блок боюнча лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү жана тилди билүү деңгээли бааланат.

Үчүнчү блок - окуу. Окууда мазмуну боюнча окшош чакан тексттердин негизги жана кошумча маалыматын түшүнүү бааланат. Тексттер бардык керектүү маалыматты камтыйт жана атайын билимди талап кылбайт. Компетенциянын деңгээлин баалоо окуунун төмөнкү формалары боюнча тапшырмаларды аткаруу аркылуу жүргүзүлөт: тааныштыруучу, изилдөө элементтери менен окуу, шыдыр окуу жана издөөчү.

Бул блоктор боюнча тест тапшыруучу тилди билүү деңгээлинин пайыздык көрсөткүчү аныкталуучу белгиленген убакыттын ичинде тестти аткарууга тийиш.

Төртүнчү блок - жазуу. Бул блок боюнча мурунку блоктордо окулган же угулган текст жана сунушталган тема боюнча белгиленген убакыттын ичинде чакан эссе (2) жазуу талап кылынат. Окуу үчүн берилген тексттеги маалымат угулган (угуп түшүнүү) тексттен алынган маалыматка каршы келет же аны толуктайт/түшүндүрөт. Дилбаяндын маңызы - берилген ойго макул болуу же аны жокко чыгаруу жана жоопту орундуу далилдер жана мисалдар менен бекемдөө.

Жазуу иштеринде тест тапшыруучунун даярдык деңгээли сүйлөмдөрдүн грамматикалык жактан тууралыгы, оюн, мазмунун ырааттуу жаза алуу, катта тил каражаттарын сапаттуу пайдалануу жана жазуу иштерин аткарууда тилди өз алдынча пайдалануу даражасы сыяктуу критерийлер боюнча бааланат.

Тутумдун 1-4 блоктору боюнча тест сунушталган жооптордун ичинен туура жообун тандоону болжолдогон ар кандай түрдөгү суроолорду билдирет. Бир эле убакта көптөгөн сыналуучуларды тесттен өткөрүп, эң кыска убакыттын ичинде текшерип жана жыйынтыгын берген технологиялык натыйжалуулук бул багыттын өзгөчөлүгү болуп саналат. Тест компьютер менен текшерилет, андыктан көңүл койбогондуктан кетирилген каталар грамматикалык каталарга теңештирилген.

Бешинчи блок - сүйлөө. Сүйлөө - оозеки баарлашуу аркылуу ишке ашуучу (угуп түшүнүү менен бирге) сүйлөөнүн натыйжалуу түрү. Сүйлөөнүн мазмуну болуп ойду оозеки түрдө билдирүү эсептелет. Сүйлөөнүн натыйжасы болуп сөздүн айтылышы (текст), ал эми сүйлөөнүн бирдиги катары тилдик аракет белгиленет.

Тестирлөө процессинде тест тапшыруучу суроолорго микрофон аркылуу жооп берет, сүйлөшүү диктофонго жазылат. Тилде грамматиканы колдонуу, тест тапшыруучунун сүйлөөсүндө сүйлөй билүү менен көндүмдөр комплексинин калыптануу тездиги жана деңгээли сыяктуу сүйлөө көндүмдөрү тесттик тапшырмаларды текшерүү үчүн атайын даярдыктан өткөн эксперттер тарабынан талданат жана аныкталат. Баалоо толук жообу менен тапшырмаларды баалоо боюнча талаптарга ылайык ишке ашырылат.

Системаны киргизүү төмөнкү талаптарды эсепке алууну болжолдойт:

- тестирлөө жүргүзүүдө стандарттуу жол-жоболорду пайдалануу;

- тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоонун бирдиктүү усулдарын колдонуу;

- тесттик тапшырмалардын мазмунун жана материалдарын тандоодо коммуникативдик принциптерди пайдалануу;

- тилди билүүнү баалоодон өтүүдө жарандардын укуктарын камсыз кылуу, аларды ишке ашыруу үчүн эң жогорку ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Тутумда экзамен тапшыруунун алдында тесттин программасы, түзүмү жана компьютер менен таанышуу максатында кошумча көнүгүүлөр каралган.

Тутумдун бул блогу менен тесттик тапшырмалардын банкы түзүлөт. Негиз катары тилдерди билүүнү баалоонун деңгээлдик тутуму алынган, ал төмөнкүлөрдөн турат: жөнөкөй, базалык, орто, ортодон жогору, жогорку. Ошондуктан курстардан окуган тест тапшыруучу тилди билүүнүн жаңы көрсөткүчтөрүнө сапаттуу жете алат.

 

5. Тутумду каржылоо

 

Тутумду каржылоо биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин эсебинен, кийинчерээк Мамлекеттик кызматтардын реестрине ылайык «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнөн алынган каражаттарынан өзүн-өзү каржылоого өтүү менен ишке ашырылат.

Грант берүүчүлөрдүн каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде каржылоонун башка булактары да болушу мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

6. Тутумду башкаруу

 

"Кыргызтест" тутумун башкарууну «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишке ашырат, ал мамлекеттик тилди билүү дэңгээлин баалоо тутумун – «Кыргызтестти» түзөт.

 (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)

 

7. Тобокелдиктер жана коркунучтар

 

Төмөнкүдөй мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар белгиленет:

- өлкөнүн жашоо-турмушундагы ар кандай багыттар боюнча болгон терминологиялык аппараттын жетишсиз иштелип чыгышы;

- системалуу каржылоонун жоктугу же мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан каржылоонун жетишсиздиги.

 

8. Ишке ашыруу этаптары

 

Тутумду киргизүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга төмөнкү этаптар кирет:

биринчи этап (2013-2016-жылдар) - тутумду өнүктүрүү:

- ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана тиешелүү түзүмдөрдө Тутум жөнүндө жобону, тесттердин өзгөчөлүгүн, нускамаларды белгиленген тартипте бекитүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- тутумдун блоктору боюнча тесттик тапшырмалардын корун түзүү;

- жалпы билим берүү мекемелеринде экспертиза жүргүзүү, контролдоо-өлчөөчү материалдарды сыноого коюу, тестирлөө жүргүзүү технологияларын жана сыноого коюунун жыйынтыктары боюнча нускамалык материалдарды өркүндөтүү;

- тутумду билим берүүгө киргизүү;

- мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өркүндөтүү;

- тесттик тапшырмалардын банкын сертификатташтыруу;

экинчи этап (2017-2020-жылдар) - тутумду киргизүү:

1) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өлкөнүн жашоо турмушунун бардык чөйрөсүндө сыноого коюу;

2) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өлкөнүн жашоо турмушунун бардык чөйрөсүнө киргизүү;

3) республиканын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн тутумду сыноого коюу;

4) республиканын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн тутумду киргизүү;

5) тилдерди билүүнү баалоонун эл аралык ассоциациялары тааныган тутумдун статусун алуу.

 

9. Күтүлүүчү натыйжалар

 

Тутумду киргизүүнүн натыйжасында төмөнкү жетишкендиктер күтүлөт:

1) эл аралык алдыңкы тестирлөө тутумдарынын (ТОЕFL, ТРКИ, ТОМЕR жана башкалар) усулдарына жана тажрыйбаларына негизделген кыргыз тилин билүүнү баалоонун стандартын түзүү;

2) тестирлөөнүн өлчөөчү материалдарынын корун, контролдоо механизмин жана жол-жоболорун тилди билүү талаптарына ылайык түзүү;

3) заманбап технологиялардын негизинде мамлекеттик тилди билүү үчүн окутуунун заманбап натыйжалуу усулдарын жана шарттарын түзүү;

4) жарандардын тилдик компетенциясын баалоо тутумун түзүү жана анын туруктуу иштеши;

5) "Кыргызтесттин" көз карандысыз, калыс, ачык, ошондой эле коомдук чөйрөдө мамлекеттик тилди билүүнү баалоонун ыңгайлуу тутуму катары жогорку ролу жана ага муктаждык;

6) тутумду колдонуу жаатын кеңейтүү, тутум жөнүндө маалымдоо жана аны жайылтуу;

7) тилдерди билүүнү баалоонун эл аралык ассоциациялары тарабынан Кыргызтест тутумун таануу, расмий таанылган мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо түзүмү статусуна жетүү.