Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-мартындагы
N 176
токтомуна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жөнүндө
ЖОБО

 (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493, 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары - Финансы полициясы) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, анын иши кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жолу менен аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга жана тергөөгө багытталган аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Консультативдик-кеңеш берүүчү органдар

2. Финансы полициясында жети адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына Финансы полициясынын төрагасы (коллегиянын төрагасы), төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Финансы полициясынын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилери кирет. Коллегиянын курамын Финансы полициясынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Финансы полициясынын коллегиясы жөнүндө жобону төрага бекитет. Коллегиянын чечимдери чечимдер түрүндө кабыл алынат жана төраганын буйругу менен жүзөгө ашырылат.

3. Финансы полициясынын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштөөчү, консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү Коомдук кеңеш түзүлөт.

3. Эсепке алуу жана отчеттуулук

4. Финансы полициясы өзүнө жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда өз ишинин финансылык, статистикалык жана башка эсептерин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.

4. Ишин токтотуу

5. Финансы полициясы кайрадан уюштурулса же жоюлса, ишин токтотот. Иши токтогон учурда Финансы полициясынын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.