Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын

 Өкмөтүнүн 2013-жылдын

15-январындагы

№ 18 токтому менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө

1-глава

Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринде жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмү боюнча каржыланган илимий мекемелерде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин негизги иштеп жаткан жери боюнча эмгектенүүсүн ишке ашырууда эмгек акысын төлөө, материалдык стимулдаштыруу, кызыктыруу тартибин жана шарттарын караштырат.

2. Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери илимий кызматкерлердин кызмат ордунун квалификациялык мүнөздөмөсүнө ылайык иштелип чыгат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлөт жана бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму тарабынан түзүлөт жана бекитилет.

3. Илим жана илимий тейлөө системасындагы кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысы иш убактысынын нормасынын аткарылышын эске алуу менен эсептелет жана кызматтык маяналарынан, кызматтык маянасына эсептелүүчү үстөк жана кошумча компенсациялоочу жана стимулдаштыруучу төлөмдөрүнөн турат.

5. Эмгек акынын өлчөмүн өз убагында жана туура белгилөө үчүн жоопкерчилик илимий мекемелердин жетекчилерине жүктөлөт.

2-глава

Компенсациялык төлөмдөр

 

6. Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызмат орундарынын маяналарына жараша компенсациялык төлөмдөр жумуш шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.

Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкү үстөктөр жана кошумча төлөөлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын зоналарындагы иш үчүн.

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналардагы шарттарда иштегендиги үчүн кызмат орду маянасына жараша райондук коэффициенттерди жана пайыздык үстөктөрдү колдонуу өлчөмдөрү жана тартиби "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет;

2) ченемдүү жумуш убактысынын чегинен ашыкча иштегендиги үчүн (кесиптерин, кызмат орундарын айкалыштыруу, тейлөөчү зонасын кеңейтүү же аткарылуучу иштин көлөмүн көбөйтүү, убактылуу жумуш ордунда жок адамдын милдетин аткаруу, убакыттан ашыкча иштөө).

3-глава

Стимулдук төлөмдөр

 

7. Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык орду маяналарына карата стимулдаштыруучу төлөмдөр эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында белгиленет.

Стимулдаштыруучу төлөмдөргө төмөнкү кошумча төлөөлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтомуна ылайык иштеген жылдары үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн кошумча төлөмдү белгилөө тууралуу" токтомуна ылайык илимий даражасы үчүн;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелер жана ишканалардын кызматкерлеринин "Элдик" жана "Эмгек сиңирген" ардак наамдары үчүн кошумча төлөм жөнүндө" токтомуна ылайык ардак наамдар үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Улуттук" жана "академиялык" статусу бар мамлекеттик мекемелер жана ишканалардын кызматкерлеринин кызматтык эмгек акыларына кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтомуна ылайык "улуттук" статусу үчүн.

4-глава

Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери

 

8. Илимий мекемелерди оптималдаштыруу жана реформалоонун натыйжасында бошотулган каражаттар эмгек акынын стимулдаштыруучу фондун түзүүгө жумшалат.

9. Илимдин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн илимий-изилдөө мекемелеринин жана илимий темалардын жетекчилерине кошумча төлөөлөр жана сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен буйругу менен эмгек акы төлөөгө мекемеге бөлүнгөн каражаттын чегинде (үстөк кызматтык маянасынын 50% өлчөмүндө, сыйлык кварталда бир кызматтык маянасына чейин) белгиленет.

10. Илимий темалар боюнча иштеген илимий жана илим изилдөө мекемелеринин кызматкерлерине сыйлык берүү Кыргыз Республикасы үчүн эң маанилүү илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды же мындай иштердин этаптарын аткаруунун жыйынтыгы боюнча стимулдаштыруу корунун каражатынын чегинде кызматтык маяналарынын 5ке чейинки өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.

Мындай иштердин тизмеси илимий уюмдардын окумуштуулар (илимий-техникалык жана эксперттик) кеңешинин сунуштоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий техникалык кеңеши тарабынан бекитилет.