Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө

 

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр

 

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

1) андеррайтинг - баалуу кагаздарга жазылуунун же ошол баалуу кагаздардын эмитенти менен макулдашуунун негизинде ачык эмиссияга чыгарылуучу баалуу кагаздарды сатуунун андеррайтер тарабынан жүргүзүлүшү;

2) банк-тосмо - өзү ал жерде жок болгон өлкөдө катталган жана лицензияланган, натыйжалуу бириктирилген көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген банк. Өзүнүн ал жерде болушу башкаруу органдарынын конкреттүү өлкөдө турушун билдирет, жергиликтүү агенттин же өзүнчө кызматкердин ал жерде болушу өзүнүн ал жерде болушу болуп саналбайт;

3) кынтыксыз ишкердик бедел - жеке же юридикалык жактын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келүүсү тууралуу тыянакталай чыгарууга мүмкүндүк бере турган жеке же юридикалык жак, тийиштүү кесипкөйлүк, башкаруучулук жөндөмдүүлүктөрү жана ошол жакта мыйзамда белгиленген тартипте алынбаган же жабылбаган жеке кылмыштар жана экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн соттолбогондугу тууралуу тастыкталган маалыматтын жыйындысы;

4) бенефициардык менчик ээси - жеке адам (жеке адамдар), анын (алардын) атынан акча каражаттары жана (же) башка мүлк менен операция (бүтүм) менен (мындан ары - операция (бүтүм) жүргүзүлөт жана жыйынтыгында менчик укугунун жана башкаруу түзүмүнүн (ээлик кылуу тизмеги аркылуу) негизинде же башка түрдө ээлик кылат же контролдоо жүргүзөт:

- бенефициардык менчик ээсинин атынан операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактын үстүнөн;

- өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча бенефициардык кожоюндун же бенефициардын үстүнөн;

5) верификация - идентификациялоонун натыйжасында алынган ишенимдүү баштапкы документтерди же маалыматтарды пайдалануу менен, кардардын жана (же) бенефициардык менчик ээсинин же болбосо бенефициардын ким экендиги тууралуу маалыматтарды текшерүү боюнча жол-жобо;

6) ээлик кылат же контролдук жүргүзөт - траст аркылуусун кошкондо, уставдык капиталдын 25 жана андан көп пайызына же юридикалык жактын добушуна барабар болгон юридикалык жактагы үлүштөргө (акцияларга) жеке жактын өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түз же кыйыр түрдө ээлик кылуусу же контролдук кылуусу же болбосо ар кандай ыкма менен башкарууга же жеке же юридикалык жактын ишине же жасалуучу операцияларга (бүтүмдөргө) чечүүчү таасирди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү;

7) пайда табуучу (бенефициар) - төмөнкүдөй жеке же юридикалык жак (жеке же юридикалык жактар):

- ар кандай келишимдерден түшкөн пайда алуу укугуна ээ болгон;

- полисте камтылган камсыздандыруу учуру келгенде (өмүрдү камсыздандырууга же инвестициялоого байланыштуу башка камсыздандыруу полисинин контекстинде) полистен түшкөн киреше төлөнүп бериле турган;

- коммерциялык эмес уюмдардын кызматы аркылуу кайрымдуулук, гуманитардык же жардамдын башка түрлөрүн алуучу;

8) "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн тобу - финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн эл аралык тобу;

9) ишкер мамилелер - финансылык же башка кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же айрым категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;

10) акцияларды материалдаштырбоо - акцияларды формасын документтүү түрдөн документсиз түргө которуу, анын натыйжасында акцияларга болгон менчик укуктарын каттоо каттоочунун жардамы менен эмес, менчик укуктарын каттоонун депозитардык системасында (сактагыч-депозитарий) жүзөгө ашырылат;

11) акча каражаттары же башка мүлк - төмөндөгү активдердин бири:

- ар кандай финансылык активдер;

- экономикалык ресурстар;

- ар кыл ыкма менен алынган ар кандай түрдөгү мүлк (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);

- жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же башка активдерге болгон укукту же үлүштү берүүчү ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадага укуктук документтер же каражаттар;

- банк кредиттери, жол жана банк чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банк траттары же аккредитивдер жана ушундай каражаттардан же башка активдерден алынуучу же алар тарабынан өндүрүлүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана башка киреше;

12) идентификация - көз карандысыз ишенимдүү маалымат булактарынын жана алгачкы документтердин негизинде кардардын жана (же) бенефициардык менчик ээсинин ким экендигин аныктоо жол-жобосу;

13) кардар - тейлене турган же тейленип жаткан же болбосо аны менен финансылык мекеме же айрым категориядагы жактар ишкер мамилелерди түзө турган же түзгөн жеке же юридикалык жак;

14) корреспонденттик банк иши - бир банк (банк-корреспондент) тарабынан башка банкка (банк-корреспондентке) банктык кызматтардын көрсөтүлүшү;

15) эл аралык сурам - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде жиберилген кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин тийиштүү компетенттүү органынын сурамы, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу маселелери боюнча сурам;

16) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдер;

17) эл аралык кызматташуу - кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу маселелери боюнча эл аралык кызматташуу;

18) кардарды талаптагыдай текшерүү - ишкер мамилелерди түзүүнүн же кардарлар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоонун жүрүшүндө же ага чейин кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин (болгон учурда) ким экендигин текшерүү үчүн финансылык мекеме же айрым категориядагы жактар тарабынан көрүлүүчү чаралар;

19) көз карандысыз ишенимдүү маалымат булактары - кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган белгиленген үлгүдөгү жана мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү документтер, ошондой эле башка маалымат булактары;

20) номинаторлор - камкорчуларга же көзөмөлчүлөргө мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды берген адамдар;

21) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты жана билдирүүнү талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган, кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун), предикаттык кылмыштардын жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун белгилерин камтыган материал, ал кылмыш тууралуу билдирүү жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-издөө ишинин жүргүзүлүшү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынуу үчүн негиз болуп саналат;

22) көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү каражаттар - көрсөтүүчүгө карата аталышсыз формадагы акча каражаттары (жол чектери, векселдер, чектер (банк чектери), ошондой эле эмитенттин (карызкордун) акча каражаттарын төлөө боюнча милдеттенмелерин күбөлөндүрүүчү документтик формадагы баалуу кагаздар, аларда мындай төлөө жүзөгө ашырылып жаткан жак көрсөтүлбөйт;

23) көрсөтүүчүгө накталай акча каражаттарын же жүгүртүлүүчү каражаттарды которуу - көрсөтүүчүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарынын же жүгүртүлүүчү каражаттардын ар кандай кирүүчү же чыгуучу натуралай алынып өтүшү, ал төмөндөгү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

- жеке адам тарабынан кол жүктө же транспорт каражатында алынып өтүшү;

- көрсөтүүчүгө накталай акча каражаттарынын же жүгүртүлүүчү каражаттардын контейнердик жүктөр аркылуу алынып өтүшү;

- накталай акча каражаттарынын же жүгүртүлүүчү каражаттардын жеке же юридикалык жак тарабынан почта аркылуу жөнөтүлүүсү;

24) Террористтик же экстремисттик ишке же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга катышы бар жактардын тизмеги - максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана террористтик же экстремисттик ишке жана массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү террористтик же экстремисттик ишти жасоого жана массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жеке же юридикалык жактардын тизмеги;

25) шектүү операция (бүтүм) - ага карата кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого катышы бар экендиги тууралуу шектенүү болгон жана ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилеринин тизмегине ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) түшүнүгүнө туура келген операция (бүтүм);

26) шектенүү - кимдир бирөөнүн кылган ишинин тууралыгына жана мыйзамдуулугуна шектенүүгө негизделген жоромолдоо же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо мүмкүндүгү тууралуу жоромолдоо;

27) укук коргоо органдары - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесс кодексине ылайык кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо тууралуу кылмыш иштерин иликтөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана баңгизаттарды контролдоо боюнча ички иштер органдары, ошондой эле прокуратура органдары;

28) предикаттык кылмыштар - Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине же чет мамлекеттердин жазык мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган ар кандай негизги кылмыш, аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) объекти болуп саналган кылмыштуу киреше алынган;

29) кылмыштуу киреше - кылмыштуу жол менен алынган же Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасоонун натыйжасында алынган киреше;

30) ички контролдоо программасы - финансылык мекеме же айрым категориядагы жактар тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун алдын алуу, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында финансылык мекеменин же айрым категориядагы жактардын ички чараларын, жол-жоболорун, каражаттарын жана контролдоо системасын өзүнө камтыган ички документ;

31) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү - ушул Мыйзамда каралган жана төмөнкүлөргө багытталган субъекттердин иши:

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого - (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого түрткү берүүчү себептердин жана шарттардын алдын алууга, айкындоого жана жоюуга;

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан жосундарды айкындоого, бөгөт коюуга, ачууга жана иликтөөгө;

- максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого;

32) эл алдындагы кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:

1) чет өлкөлүк эл алдындагы кызмат адамдары - чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, административдик же сот органдарында саясий мамлекеттик кызмат орунун ээлөөчү же ээлеген дайындалуучу же шайлануучу ар кандай адам жана чет мамлекет, анын ичинде жалпы элдик ведомство же жалпы элдик ишкана үчүн кандайдыр бир саясий функцияны аткаруучу ар кандай адам;

2) улуттук эл алдындагы кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы, Өкмөттүн токтомдору тарабынан белгилеген кызмат укуктарынын чегин аныктоо менен жана Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундары реестринде каралган Кыргыз Республикасында саясий мамлекеттик кызмат орунун ээлеген же ээлешкен адамдар, ошондой эле саясий партиялардын жетекчилери;

3) эл аралык уюмдун кызмат адамы - эл аралык уюм тарабынан анын атынан иш кылууга укук берилген кызмат адамы же ар кандай адам (жетекчилер, жетекчилердин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же ага тете кызмат орундарын ээлегендер);

33) тобокелдик - кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана (же) террористтик же экстремисттик ишти каржылоо тобокелдиги;

34) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банктык эсептер же финансылык мекемелердин, айрым категориядагы жактардын жана алардын кардарларынын ортосундагы башка ушундай ишкер мамилелер;

35) траст - жеке адамдын көзүнүн тирүүсүндө же көзү өткөндөн кийин түзүлүүчү жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ болгон бенефициардын жыргалчылыгы үчүн же белгиленген максаттарда трасттык камкорчунун контролдугу астында активдерди которуу боюнча юридикалык укуктук мамилелер:

а) активдер бөлүнгөн баалуулуктар болуп саналат жана трасттык камкорчунун мүлкүнүн бөлүгүн түзбөйт;

б) трасттын активдеринин менчик ээсинин титулу трасттык камкорчуга же анын атынан иш жүргүзүүчү жакка таандык;

в) трасттык камкорчу активдерди башкаруу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ жана трасттын шарттарына жана ага мыйзамда жүктөлгөн атайын милдеттерге ылайык жоопкерчилик тарта турган милдеттерге ээ;

36) акчаларды же баалуулуктарды которуу кызматтары - алардын накталай акча каражаттары формасында же башка формада Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сыртта акчаларды же баалуулуктарды которуунун жалпыга айрым системалары аркылуу алуучуга андан ары өткөрүлүп берилиши (төлөнүп берилиши) үчүн көрсөтүүчүгө накталай акча каражаттарынын, төлөм каражаттарынын жана башка жүгүртүлүүчү каражаттардын, аманат каражаттарынын же баалуулуктардын кабыл алынышын камтыган финансылык кызматтар;

37) ФАТФ - FATF (The Financial Task Force) - кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого жана массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды иштеп чыгуучу, ошондой эле мамлекеттердин улуттук системаларынын ошол стандарттарга дал келүүсүн баалоону жүзөгө ашыруучу өкмөттөр аралык уюм;

38) финансылык топ - башкы компанияны камтыган топ же топтук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча топтун калган бөлүгүнө карата контролдоо жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ар кандай башка типтеги юридикалык жак;

39) максаттуу финансылык санкциялар - акча каражаттарын же башка мүлктү бир калыпта кармоо жана акча каражаттарынын же башка мүлктүн түз же кыйыр түрдө берилишине тыюу салуу:

а) төмөндө белгиленген жеке же юридикалык жакка:

- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1267-резолюциясына (1999) жана аны өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюцияларына ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана анын Комитеттери тарабынан;

- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1373-резолюциясына (2001) ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан;

- массалык түрдө жок кылуучу куралдарды каржылаган учурда максаттуу финансылык санкцияларды колдонууну караган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана анын Комитеттери тарабынан;

б) террористтик же экстремисттик ишке катышы бар жеке же юридикалык жактардын пайдасына;

40) электрондук которуу - жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам экендигине карабастан, акча каражаттарынын белгиленген суммасын ала турган финансылык мекемедеги алуучу жакка жеткиликтүү кылуу максатында, жөнөтүүчүнүн атынан финансылык мекеме аркылуу, электрондук каражаттар менен жүзөгө ашырылуучу ар кандай операция.

2. Ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр, эгер ушул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.

 

2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

 

1. Жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди түзүү;

2) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан кылмыштарды айкындоого жана иликтөөгө мүмкүндүк берүүчү жалпы мамлекеттик аналитикалык маалыматты түзүүнү камсыздоо;

3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан жосундардын алдын алуу, айкындоо, бөгөт коюу жана иликтөө;

4) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларында каралган максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо.

 

3-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдеринен турат.

 

2-глава
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү системасы

 

4-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер

1. Ушул Мыйзамдын максатына жана милдеттерине жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо органы иштейт, ал кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу негизги субъект жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча мамлекеттик органы болуп саналат.

2. Финансылык чалгындоо органынын укуктук статусу, максаты, милдеттери жана ыйгарым укуктары (функциясы, укуктары жана милдеттери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Финансылык чалгындоо органынын башкаруу схемасы жана штаттык саны, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын отчеттуулук, жетектөөчү курамын түзүү, финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө тартиптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жана чет мамлекетте жарандыгы бар жеке адамдар финансылык чалгындоо органындагы кызматта тура алышпайт.

Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөгөн же иштеген мезгилде финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын саясий максаттары бар партияларга, кыймылдарга жана башка коомдук бирикмелерге мүчөлүгү токтотулат.

Финансылык чалгындоо органынын кызматкерине жана мурунку кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурларды кошпогондо, жетүү мүмкүнчүлүгү айрым бир топтогу жактарга чектелген финансылык чалгындоо органынын иши тууралуу купуя маалыматтарды, же болбосо аларга кызматтык ыйгарым укуктарын аткарып жаткандыгына байланыштуу айрым болуп калган башка кызматтык маалыматты ачыкка чыгарууга жана өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Бул талапты сактабоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу башка субъекттердин тизмеги жана алардын өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле алардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары (функциялары, укуктары жана милдеттери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган өзүлөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн жетиштүү адамдык, финансылык жана техникалык ресурстарга ээ болууга тийиш.

 

5-берене. Көзөмөлдөө органдары

 

1. Финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары көзөмөлдөө органдары болуп саналат.

Көзөмөлдөө органдарынын жана алардын көзөмөлдүгүндө турган тийиштүү жактардын тизмеги, ошондой эле көзөмөлдөө органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларды сактоо боюнча финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын ишин натыйжалуу жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү көзөмөлдөө органдарынын негизги милдети болуп саналат.

3. Көзөмөлдөө органдарынын ишин координациялоону финансылык чалгындоо органы жүзөгө ашырат.

 

6-берене. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар

 

1. Операциялардын (бүтүмдөрдүн) төмөндө саналган түрлөрүнүн бирин же бир нечесин, же кардар үчүн же кардардын атынан ишти жүзөгө ашырган ар кандай жеке же юридикалык жак (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда) финансылык мекеме болуп саналат:

1) жеке же юридикалык жактардан кайтарып берүүчүлүк негизде депозиттерди жана башка каражаттарды кабыл алуу;

2) кредиттөө;

3) регресс укугу бар же укугу жок факторинг, регресс укугу жок векселдерди эсепке алууну кошо алганда, коммерциялык бүтүмдөрдү каржылоо;

4) керектөө товарларынын финансылык лизингин кошпогондо, финансылык лизинг;

5) акчаларды же баалуулуктарды которуу кызматын көрсөтүү;

6) төлөм каражаттарын (кредиттик жана дебеттик карталар, чектер, жол чектери, төлөм тапшырмалары жана банктык которулган векселдер, электрондук акчалар) чыгаруу жана башкаруу;

7) банктык же башка финансылык кепилдиктерди жана милдеттенмелерди берүү;

8) төмөнкүлөр менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү:

а) финансы базарынын каражаттары (чектер, векселдер, депозиттик тастыктамалар, туунду баалуу кагаздар жана башкалар) менен;

б) чет өлкө валютасын алмашуу боюнча;

в) алмашуу курсуна, пайыздык коюмдарга жана индекстерге байланыштуу каражаттар менен;

г) которулма баалуу кагаздар менен;

д) мөөнөттүү товардык бүтүмдөр боюнча биржалык соода менен;

9) баалуу кагаздарды чыгарууга катышуу же ушундай чыгарууларга байланыштуу финансылык кызматтарды көрсөтүү;

10) жеке же жамааттык портфелдерди башкаруу;

11) башка жактардын атынан накталай акча каражаттарын же өтүмдүү баалуу кагаздарды сактоо жана тескөө;

12) башка жактардын атынан активдерди же акча каражаттарын инвестициялоо, тескөө же башкаруу;

13) андеррайтинг жана өмүрдү камсыздандыруу полисин жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистерин жайгаштыруу, ошондой эле өмүрдү камсыздандыруу боюнча ортомчулук кызматтар;

14) накталай акча каражаттарын алмашуу.

2. Төмөндөгү жеке же юридикалык жактар айрым категориядагы жактарга киришет:

1) букмекердик кеңсе жана тотализатор, лотереялардын уюштуруучулары сыяктуу оюн-зоок жайлары;

2) аудиторлор (аудитордук уюмдар) жана жеке бухгалтерлер;

3) кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча агенттер (риэлторлор) - кыймылсыз мүлктү алып-сатуу боюнча өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же алуучу) үчүн операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган кезде;

4) баалуу металлдар же асыл таштар боюнча дилерлер - кардар менен накталай акча каражаттары менен болгон ар кандай операцияны (бүтүмдү), анын ичинде өз ара байланышкан бир нече операцияны (бүтүмдү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада жүзөгө ашырган кезде;

5) адвокаттар, нотариустар жана көз карандысыз юристтер же юридикалык фирмалардын юристтери - төмөнкүдөй жааттарда өзүнүн кардары үчүн операцияны (бүтүмдү) даярдаган, катышкан жана жүзөгө ашырган кезде:

а) кыймылсыз мүлктү алып-сатуу;

б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же башка мүлкүн башкаруу;

в) банктык, сактык эсептерди же баалуу кагаздарды башкаруу;

г) юридикалык жактарды түзүү, алардын иштөөсүн же башкарылуусун камсыздоо максатында каражаттарды топтоо;

д) юридикалык жактарды түзүү, алардын иштөөсүн камсыздоо же башкаруу жана юридикалык жактарды алып-сатуу;

6) трасттардын жана компаниялардын кызматтарынын провайдери, башкача айтканда, бизнес жүргүзүү катарында төмөндөгү кызматтардын кайсынысын болбосун үчүнчү жактарга берген жеке же юридикалык жак:

а) юридикалык жактарды түзүү, каттоо же башкаруу боюнча агент катарында аракеттенүү;

б) компаниянын директору же катчысы, бөлөк юридикалык жактарга карата шериктиктеги же ушундай позициядагы өнөктөш катарында аракеттенүүсү үчүн башка жакка шарттарды түзүүсү же агент катары аракеттенүүсү;

в) компания, шериктик же башка юридикалык жак же уюмдашкандар үчүн катталган кеңсени, ишкердик даректи же абоненттик, корреспонденттик же администрациялык даректи берүү;

г) трасттагы ишеним берүүчү жак катарында аракеттенүү же юридикалык уюмдашуунун башка формасы үчүн эквиваленттүү функцияны жүзөгө ашыруу;

д) бөлөк жак үчүн номиналдык акционер катарында аракеттенүүсү үчүн башка жак үчүн шарттарды түзүү же агент катары аракеттенүү.

3. Ушул беренеге ылайык финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын тизмеси көзөмөлдөө органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана финансылык чалгындоо органы тарабынан маалыматтар базасы түрүндө түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым иштеги тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча бөлөк жактарды финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын категориясына киргизүүгө укуктуу.

 

7-берене. Финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын негизги укуктары жана милдеттери

 

1. Финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамда каралган учурларда ишкер мамилелерди түзүүдөн баш тартууга же ишкер мамилелерди токтотууга жана кардарлар менен түзүлгөн келишимдерди бузууга;

2) ушул Мыйзам менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарып жатканда алардын компетенцияларына ылайык финансылык чалгындоо органына, көзөмөлдөө органдарына, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына сурамдар менен кайрылууга.

2. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) финансылык чалгындоо органында отчет берүүчү жактар катарында каттоодон өтүүгө жана ага идентификациялык маалыматтары өзгөргөн же өз ишин токтоткон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабарлоого;

2) ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоого жана алар жөнүндөгү билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө;

3) ушул Мыйзамга жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

4) өзүнүн ишинде тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонууга, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо критерийлерин иштеп чыгууга;

5) финансылык чалгындоо органынын сурамы боюнча анын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди сурам алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде берүүгө. Финансылык чалгындоо органы сурай турган жана ала турган маалыматтардын жана документтердин тизмеси, ошондой эле берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

6) көзөмөлдөө органдарынын сурамы боюнча кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча инспектирлөө (текшерүү) жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди берүүгө;

7) ишкер мамилелерди түзүп жаткан кезде же банктык эсепти ачып жаткан кезде операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды документтик түрдө каттап жазууга;

8) ишкер мамилелерди түзүп жатканда жана (же) жогорку тобокелдиктүү мамлекеттерден келген жеке жана юридикалык жактар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасап жатканда тийиштүү контрчараларды көрүүгө. Бул талап негизги компаниялары ушундай мамлекеттерде катталган туунду уюмдарга, филиалдарга жана өкүлчүлүктөргө да колдонулат;

9) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган тартипке ылайык транс чек аралык банктык корреспонденттик мамилелердин пайдаланышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;

10) төмөндөгү учурларда кардарды тейлөөгө алуудан же тейлөөдөн баш тартууга:

а) ошондой кардардын эсебине келип түшүүчү каражаттарды эсепке киргизүү боюнча операцияларды кошпогондо, кардарды жана (же) бенефициардык менчик ээсин талаптагыдай текшерүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар жана (же) документтер кардар тарабынан берилбеген учурда;

б) эгерде анык эмес документтер кардар тарабынан берилсе;

в) эгерде кардар, анын контрагенти же бенефициардык менчик ээси Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга катышы бар жактардын тизмесине киргизилсе;

г) эгерде кардар, анын контрагенти же бенефициардык менчик ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) айыптоо боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдери бар болгон жеке же юридикалык жактардын (уюмдардын) тизмесине киргизилсе.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар кардарлар менен түзүлгөн келишимдерди бузууга укуктуу;

11) ушул Мыйзамга жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык финансылык чалгындоо органына операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдүн берилишин камсыздоого;

12) чет өлкөлүк банктар жана башка финансылык мекемелер менен эл аралык корреспонденттик мамилелерди түзүүдө финансылык мекемелер төмөнкүдөй чараларды (кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча) көрүүгө:

а) респондент мекеменин иши, анын финансылык абалы жана ишкердик бедели, ошондой эле көзөмөлдөө органы тарабынан таасир этүү чаралары колдонулгандыгы же кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашыруу;

б) респондент мекеме тарабынан көрүлүүчү кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды баалоо жана алардын эл аралык стандарттарга туура келүүсү тууралуу чечим кабыл алуу;

в) корреспондент банктын эсептерине түз жетүү мүмкүнчүлүгү бар кардарга карата кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жоболорунун респондент банк тарабынан жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жана өзүнүн атынан иш жүргүзүү үчүн түздөн-түз үчүнчү жактар тарабынан пайдаланыла турган корреспонденттик эсептерге (өтмө эсептерге) карата кардардын талаптагыдай текшерилүүсү боюнча зарыл маалыматты сурам боюнча алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу канааттандырарлык тастыктоону алуу;

г) финансылык мекеменин жана айрым категориядагы жактардын (бар болгондо) жетекчилигинин уруксаты алынгандан кийин жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү;

13) тобокелдикти баалоонун негизинде коммерциялык эмес уюмдарды (кайрымдуулук жана коомдук уюмдарды) тейлөөгө алууга жана алардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) туруктуу мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын сунуштамаларынын негизинде кошумча чараларды көрүүгө;

14) ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте максаттуу финансылык санкцияларды колдонууга;

15) операция (бүтүм) тууралуу жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалары тууралуу маалыматтарды, ошондой эле тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу башка кабарларды жана маалыматтарды операция (бүтүм) аяктаган, эсеп жабылган, кардар менен ишкер мамилелер токтогон кезден тартып беш жылдан кем эмес сактоого.

Сакталып турган кабарлар жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иликтөөдө жана соттук териштирүүдө далилдер катарында колдонуу максатында, жасалган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бере тургандай көлөмдө болушу керек;

16) ушул Мыйзамда жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган бөлөк талаптарды аткарууга.

2. Кардарды тейлөөгө алуудан же тейлөөдөн баш тартылган учурда ушул беренеге ылайык финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүнү жөнөтүүгө милдеттүү.

Финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар тарабынан тейлөөгө алуудан же тейлөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган жактардын тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында жарыяланат.

Финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар ишкер мамилелерди түзүүдө ушул бөлүктө көрсөтүлгөн Тизмени көңүлгө алууга милдеттүү.

 

8-берене. Маалыматтарды жана документтерди берүү жана коргоо тартиби

 

1. Укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, көзөмөл органдары жана башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эркин экономикалык аймактарынын башкы дирекциялары, ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары, финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар, ошондой эле жеке ишкерлер жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар финансылык чалгындоо органына анын кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча финансылык чалгындоо органынын функцияларынын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте беришет.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, көзөмөл органдары, мамлекеттик ишканалары жана мекемелери өз компетенциясынын чегинде финансылык чалгындоо органына электрондук мамлекеттик реестрлерине жана маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана көлөмдөрдө беришет.

3. Маалыматтын жана документтердин, анын ичинде электрондук форматта ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан финансылык чалгындоо органына берилиши кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) же бөлөк сырды бузгандык же ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

4. Финансылык чалгындоо органы тарабынан алынган, иштелген, сакталган маалымат жана документтер, ошондой эле финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына кирет, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана корголот.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматка, документтерге жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтарга тийиштүү уруксаты бар болгон финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине гана берилет.

Финансылык чалгындоо органы маалыматты иштетүү, сактоо, берүү жана коргоо үчүн маалыматтык коопсуздуктун ички системасынын иштөөсүн камсыз кылат.

5. Финансылык чалгындоо органы укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органына жана сотко маалыматты жана документтерди жалпыланган материал түрүндө гана төмөнкү учурларда берет:

1) операция (бүтүм) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана террористтик же экстремисттик ишти же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоо менен байланышкандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер бар болгондо финансылык чалгындоо органынын өздүк демилгеси боюнча;

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштарга жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого же болбосо массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоого байланыштуу козголгон, тергелип жаткан жана каралып жаткан кылмыш иши боюнча укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын жана соттун жазуу жүзүндөгү расмий сурамынын негизинде.

Жалпыланган материалды берүүнүн, каттоонун жана кароонун тартиби, ошондой эле каралган жалпыланган материал боюнча маалыматты берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Террористтик же экстремисттик ишти же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоону өз убагында алдын алуу же болбосо предикаттык кылмыштарды жасоодо колдонулган акча каражаттарына же башка мүлккө камак салуу максатында финансылык чалгындоо органы укук коргоо органынын жана улуттук коопсуздук органынын жазуу жүзүндөгү расмий сурамы боюнча маалыматты жашырындуулук грифин ыйгаруу менен берүүгө укуктуу.

Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылат (үчүнчү жактарга бербейт жана кабарлабайт) жана бул маалыматты сурамда көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонот.

7. Финансылык чалгындоо органы тарабынан жалпыланган материалдын жана маалыматтын ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органына жана сотко берилиши кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат бөлүгүндө) же бөлөк сырды бузгандык же ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

8. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыкчам маалыматтык кызматташууну жана натыйжалуу өз ара аракеттешүүнү (координациялоону) улуттук деңгээлде камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Бирдиктүү мамлекеттик маалымат системасынын иштөөсү жана пайдаланылуусу үчүн бирдиктүү шарттарды аныктайт;

2) финансылык чалгындоо органы менен укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, көзөмөл органдарынын, финансылык мекемелердин, айрым категориядагы жактардын ортосундагы маалымат алмашуу боюнча бөлүнгөн, коопсуз жана корголгон электрондук байланыш каналдарын пайдалануу тартибин белгилейт;

3) табылган тобокелдиктер тууралуу маалымдоонун жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттердин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого жана ар кандай деңгээлдерде массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш-чараларды координациялоонун механизмдеринин түзүлүүсүн жана иштөөсүн камсыздайт.

9. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, бул Мыйзамда финансылык чалгындоо органынын тейлөөсүнө тиешелүү деп аныкталган маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 

3-глава
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чаралар

 

9-берене. Тыюу салынган иш-аракеттер

 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй иш-аракеттерге тыюу салынат:

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралдарды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген жактарга акча каражаттарын же башка мүлктү түз же кыйыр түрдө, толук же жарым-жартылай берүү же финансылык кызматтарды көрсөтүү;

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоону жасаган деп айыпталып жаткан жана изделип жаткан адамдарга, анын ичинде террористтерге жана экстремисттерге же террористтик жана экстремисттик уюмдарга Кыргыз Республикасынын аймагында турууга уруксат же башпаанек берүү;

3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо үчүн юридикалык жактарды (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн) түзүү же пайдалануу;

4) атайылап ойдон чыгарылган аттарга банктык жана башка эсептерди же анонимдүү банктык жана башка эсептерди ачуу жана (же) жүргүзүү;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (бар болгон кезде) талаптагыдай текшерүүнүн жол-жоболорун жүргүзбөстөн операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу;

6) тосмо банктарды түзүү же тосмо банктардын ишин улантуу, же болбосо өзүнүн эсептерин тосмо банктардын пайдалануусуна уруксат берүүчү тосмо банктар же респондент банктар менен түз корреспонденциялык мамилелерди түзүү же улантуу, ошондой эле банктык жана башка эсептердин тосмо банктар тарабынан пайдаланылуусуна мүмкүнчүлүк берүү;

7) шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнүн же ошол билдирүүгө байланыштуу маалыматтын финансылык чалгындоо органына өткөрүлүп берилерин жана өткөрүлүп берилген фактысын кардарга жана үчүнчү жактарга айтуу же эскертүү. Бул талап финансылык мекемелердин жетекчилерине жана жумушчуларына (туруктуу жана убактылуу) карата да колдонулат. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүү фактысы тууралуу үчүнчү жактарга кабарлоо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесс кодексинде түз каралган учурларда гана мүмкүн болот. Адвокаттар, нотариустар, башка көз карандысыз юристтер жана бухгалтерлер кардарды мыйзамсыз ишке катышуудан айнытууга аракеттенишкен учурларда, бул шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү боюнча маалыматты ачуу болуп саналбайт;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү каттоосуз же лицензиясыз акча каражаттарын жана баалуулуктарды которуу же акча каражаттарын алмашуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.

 

10-берене. Контрчаралар жана алдын алуу чаралары

 

1. Кыргыз Республикасынын финансы системасын тобокелдиктерден коргоо жана тобокелдиктерди кыскартуу максатында, жогорку тобокелдиктүү мамлекеттерге карата төмөнкүдөй контрчаралар (өз өзүнчө же чогуу) колдонулат:

1) жогорку тобокелдиктүү мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жеке жана юридикалык жактар жана финансылык мекемелер менен ишкер мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда кардарды күчөтүлгөн талаптагыдай текшерүү жол-жоболорун колдонуу;

2) жогорку тобокелдиктүү мамлекеттердин резиденттери тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына системалуу берип туруу;

3) жогорку тобокелдиктүү мамлекетте катталган финансылык мекемелердин филиалын же өкүлчүлүгүн түзүүгө тыюу салуу;

4) Кыргыз Республикасында катталган финансылык мекемелерге жогорку тобокелдиктүү мамлекетте филиалды же өкүлчүлүктү түзүүсүнө тыюу салуу;

5) жогорку тобокелдиктүү мамлекет же ушундай мамлекеттин адамдары менен ишкер мамилелерди же операцияларды (бүтүмдөрдү) чектөө;

6) жогорку тобокелдиктүү мамлекетте катталган финансылык мекемелер менен болгон корреспонденттик мамилелерди кайра карап чыгуу, өзгөртүү же бузуу (зарыл болгон кезде) тууралуу финансылык мекемелерге талап коюу;

7) жогорку тобокелдиктүү мамлекетте катталган финансылык мекемелердин филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата көзөмөлдү күчөтүү жана (же) тышкы аудиттин талаптарын катаалдантуу тууралуу талап коюу;

8) финансылык топтордун жогорку тобокелдиктүү мамлекетте жайгашкан филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кайсынысына карата болбосун финансылык топтор үчүн тышкы аудиттин талаптарын катаалдантуу тууралуу талап коюу.

2. Контрчара (контрчаралар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде, ФАТФтын Эл алдындагы билдирүүлөрүн жана (же) Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен колдонулат. Колдонулуучу контрчаралар натыйжалуу болушу жана тобокелдиктерге туура келиши керек.

Жогорку тобокелдиктүү мамлекеттердин тизмесин түзүү жана жарыялоо тартиби, ошондой эле ошол мамлекеттерге карата колдонулуучу контрчаралардын түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого түрткү берүүчү себептерди айкындоо жана жок кылуу кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексинин жардамы аркасында жүзөгө ашырылат.

4. Жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү жана маданият органдары жана мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун алдын алууга багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөк көрсөтүшөт.

 

11-берене. Юридикалык жактардын айкындыгы жана бенефициардык менчик ээсин аныктоо

 

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн бардык юридикалык жактар:

1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өзү тууралуу негизги маалыматты түзүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юридикалык жактардын, (филиалдардын) мамлекеттик реестринде катталууга милдеттүү.

2. Юридикалык жактардын бенефициардык менчик ээлерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн бардык юридикалык жактар төмөндөгүлөрдү камтыган өзү тууралуу негизги маалыматты түзүшөт:

1) юридикалык жактын аталышы, юридикалык жактын статусу, ыйгарым укуктары жана менчик укугу тууралуу маалымат, мамлекеттик каттоодон өткөн күнү, катталган дареги, уюштуруу документтери тууралуу маалыматтар, жетекчилердин тизмеси;

2) акционерлердин жана катышуучулардын аттарын камтыган акционерлердин же мүчөлөрдүн реестри жана ар бир акционерге таандык акциялардын саны, акциялардын категориялары (анын ичинде юридикалык жакты - акционерди контролдоо түзүмү тууралуу маалымат);

3) соңку бенефициардык менчик ээси же юридикалык жактын бенефициардык менчик ээлери тууралуу идентификациялоочу маалымат.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалымат өзгөртүүлөр болгон кезде жаңыланышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес.

3. Юридикалык жактар (администраторлор, жоючулар же юридикалык жактын ишин токтотууну каттоого катышуучу бөлөк адамдар) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматты юридикалык жак жоюлган же анын иши токтотулган күндөн тартып кеминде беш жыл бою сактоого милдеттүү.

4. Бенефициардык менчик ээсин (кожоюнду) өз убагында жана натыйжалуу аныктоо максатында кызматташуунун төмөнкүдөй механизми пайдаланылат:

1) ар бир юридикалык жак юридикалык жак тууралуу негизги маалыматты жана бенефициардык менчик ээлери тууралуу кабарларды финансылык чалгындоо органына, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарына, ошондой эле улуттук коопсуздук органына берүү үчүн, ошондой эле бул органдар менен кызматташуу үчүн бир же бир нече адамдарга ыйгарым укук берүүгө тийиш;

2) ар бир айрым категориядагы жактар бенефициардык менчик ээси тууралуу негизги маалыматты финансылык чалгындоо органына, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарына, ошондой эле улуттук коопсуздук органына берүүгө жана ошол органдар менен кызматташууга тийиш.

5. Финансылык чалгындоо органы, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары, ошондой эле улуттук коопсуздук органы Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактардын бенефициардык менчиги жана контролдонушу жөнүндө маалыматты өз убагында алууга укуктуу.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымат мамлекеттик реестрлерде камтылышы жана жарыяланышы керек.

7. Бенефициардык менчик ээсин жана юридикалык жактардын айкындыгын аныктоо максатында, ошондой эле көрсөтүүчүгө карата акцияларды кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу үчүн, төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) көрсөтүүчүгө карата акцияларды жана көрсөтүүчүгө карата варианттарды чыгарууга тыюу салынат;

2) көрсөтүүчүгө карата чыгарылган акциялар жана көрсөтүүчүгө карата варианттар катталуучу номиналдуу акцияларга айландырылышы керек.

8. Акцияларды номиналдуу кармоочулардын жана номиналдуу директорлордун кыянаттык пайдаланууларын алдын алуу максатында төмөнкү талаптар коюлат:

1) номиналдуу акционерлер жана директорлор бул маалыматты тийиштүү реестрге киргизүү максатында, юридикалык жактарга жана ар кандай тийиштүү каттоочуга жана көзөмөл органдарына алардын номинаторлорунун ким экендигин ачып берүүгө милдеттүү;

2) номиналдуу акционерлер жана директорлор каттоочуда алардын номиналдуу статусун жазууну жүргүзүүгө жана номинаторду идентификациялоочу маалыматты сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сурамы боюнча маалымат берүүгө милдеттүү.

9. Бенефициардык менчик тууралуу маалымат алмашуу боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу максатында, төмөндөгүлөр белгиленет:

1) мамлекеттик реестрлердин маалыматы жарыяланышы керек жана бардыгына жеткиликтүү болушу керек;

2) эл аралык сурам боюнча финансылык чалгындоо органы жана көзөмөлдөө органдары акционерлер жана бенефициардык менчик тууралуу маалымат алмашууга укуктуу;

3) финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар бенефициардык менчик ээлерин аныктоодо финансылык чалгындоо органына жана көзөмөлдөө органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

12-берене. Коммерциялык эмес уюмдар үчүн алдын алуу чаралары

 

1. Коммерциялык эмес уюмдарды жана коммерциялык эмес уюмдардын статусун кылмыштуу кирешелерди легализациялоодо (адалдоодо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоодо ар кандай методдор жана ыкмалар менен же болбосо террористтер жана экстремисттер тарабынан пайдаланылышына каршы аракеттенүү максатында, финансылык чалгындоо органы төмөнкүдөй чараларды көрөт:

1) коммерциялык эмес уюмдардын коммерциялык эмес уюмдардагы тобокелдиктер тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу жана ошол тобокелдиктерди азайтуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө максатында, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча коммерциялык эмес уюмдар менен тиешелүү ишти жүргүзүү;

2) коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын иши тууралуу маалыматты жыл сайын чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардагы тобокелдиктерди баалоону белгиленген тартипте жүргүзүү.

2. Финансылык ресурстарды берген жана капиталынын көбүрөөк үлүшүн эл аралык капитал түзгөн коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өз ишинин максаттары жана милдеттери тууралуу маалыматта, улук кызматкерлер, башкармалыктын мүчөлөрү жана көзөмөлчүлөр тууралуу маалыматты кошо алганда, алардын ишин билген, контролдогон же башкарган жактарды (жактын) ким экендиги тууралуу маалыматты сактоо. Бул маалымат коммерциялык эмес уюмдун сайтында (бар болгон кезде) жарыяланышы керек;

2) бардык каражаттар коммерциялык эмес уюмдун айтылган максаттарына жана милдеттерине жумшалгандыгы боюнча тиешелүү түрдө текшерилүүчү кирешелерди жана чыгашаларды толугураак көрсөтүп берген ар жылдык финансылык отчетторду жарыялоо;

3) өзүнүн донорлорун идентификациялоо жана алардын идентификациялык маалыматтарын документтик каттап жазуу үчүн, ошондой эле алардын бенефициардык менчик ээлеринин жана өнөктөш коммерциялык эмес уюмдардын (алардын ичинде эл аралык уюмдардын) ыйгарым укуктарын жана дурусураак беделин тастыктоо үчүн чара көрүү;

4) ички жана эл аралык операциялар (бүтүмдөр) тууралуу толугураак отчетторду беш жыл аралыгында сактоо;

5) ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматты финансылык чалгындоо органына, улуттук коопсуздук органына жана укук коргоо органдарына берүү.

3. Ар кандай жеке жана юридикалык жакта конкреттүү коммерциялык эмес уюм кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого пайдаланылат же болбосо террористтер жана экстремисттер тарабынан пайдаланылат деген шектенүүлөр болгон учурда бул жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү билдирүүнү токтоосуз түрдө (бир нече сааттын ичинде) финансылык чалгындоо органына же укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына берүүгө тийиш.

Коммерциялык эмес уюмдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого пайдаланылган же болбосо террористтер жана экстремисттер тарабынан пайдаланылган фактыларды иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы кызматташууну, координациялоону жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга тийиш.

4. Коммерциялык эмес уюмдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого пайдаланылган же болбосо террористтер жана экстремисттер тарабынан пайдаланылган факты тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык ошол коммерциялык эмес уюмдун акча каражаттары же башка мүлкү конфискацияланат, ал эми ошол коммерциялык эмес уюмдун иши токтотулат.

5. Коммерциялык эмес уюмдардын ишине натыйжалуу мониторинг же контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого шек туудурган коммерциялык эмес уюмдар тууралуу маалымат алмашуу маселелери боюнча эл аралык кызматташууну финансылык чалгындоо органы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

7. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чаралар коммерциялык эмес уюмдардагы тобокелдиктин мүнөзү өзгөргөн кезде жакшырышы мүмкүн.

8. Коммерциялык эмес уюмдарды кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого пайдаланылышынан же болбосо террористтер жана экстремисттер тарабынан пайдаланылышынан коргоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлгөн чаралар коммерциялык эмес уюмдардын мыйзамдуу ишине жолтоо болбошу керек.

 

13-берене. Кардарды талаптагыдай текшерүү

 

1. Кардарды талаптагыдай текшерүү кардарды, пайда табуучуну жана бенефициардык менчик ээсин (бар болгон кезде) идентификациялоо жана верификациялоо, кардарга көрсөтүлүүчү кызматтарды, жүргүзүлгөн операцияларды (бүтүмдөрдү) жана алардын кардардын ишинин финансылык абалына жана мазмунуна туура келүүсүн анализдөө үчүн жүргүзүлөт.

2. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар төмөнкү учурларда кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү:

1) ишкер мамилелерди түзүүдө;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада ар кандай бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө;

3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун жасалышына шектенүүлөр болгон кезде;

4) финансылык мекемеде же айрым категориядагы жактарда кардардын ким экендиги тууралуу мурда алынган маалыматтардын аныктыгы же жетиштүүлүгү шек туудурган болгон кезде;

5) ишкер мамилелердин масштабынан жана тобокелдиктин деңгээлинен улам аракеттеги кардарларга карата.

3. Айрым категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонушат:

1) букмекердик кеңсе жана тотализатор, лотереялар уюштуруучулар сыяктуу оюн-зоок жайлары - бардык учурларда;

2) аудиторлор (аудитордук уюмдар) жана жеке бухгалтерлер - бардык учурларда;

3) кыймылсыз мүлк операциялары боюнча агенттер (риэлторлор) - кыймылсыз мүлктү алып-сатуу боюнча өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же алуучу) үчүн операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган кезде;

4) баалуу металлдар же асыл таштар боюнча дилерлер - кардар менен накталай акча каражаттары менен болгон ар кандай операцияны (бүтүмдү), анын ичинде өз ара чырмалышкан бир нече операцияны (бүтүмдү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада жүзөгө ашырган кезде;

5) адвокаттар, нотариустар жана көз карандысыз юристтер же юридикалык фирмалардын юристтери - төмөнкүдөй тармактарда өзүнүн кардары үчүн операцияны (бүтүмдү) даярдаган, катышкан жана жүзөгө ашырган кезде:

а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу;

б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу;

в) банктык, сактык эсептерди же баалуу кагаздарды башкаруу;

г) юридикалык жактарда түзүү, алардын иштөөсүн же башкарылуусун камсыздоо максатында каражаттарды топтоо;

д) юридикалык жактарды түзүү, алардын иштөөсүн камсыздоо же башкаруу жана юридикалык жактарды сатып алуу-сатуу;

6) трасттардын жана компаниялардын кызматтарынын провайдери үчүнчү жактарга төмөндөгү кызматтарды көрсөтүүдө:

а) юридикалык жактарды түзүү, каттоо же башкаруу боюнча агент катарында аракеттенүү;

б) агент каттары аракеттенүү же башка адам үчүн компаниянын директору же катчысы, шериктиктеги өнөктөш катары же башка юридикалык жактарга карата ушундай позицияда аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү;

в) компания, шериктик же башка юридикалык жак же түзүлүш үчүн катталган кеңсени, ишкердик даректи же абоненттик, корреспонденттик же администрациялык даректи берүү;

г) трастта ишенимдүү жак катарында аракеттенүү же юридикалык түзүлүштүн башка формасы үчүн эквиваленттүү функцияны жүзөгө ашыруу;

д) агент катары аракеттенүү же башка жак үчүн номиналдык акционер катарында аракеттениши үчүн башка адам үчүн шарт түзүү.

4. Финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча төмөнкүдөй чараларды аткарууга милдеттүү:

1) кардардын, бенефициардык менчик ээсинин (бар болгон кезде) жана пайда табуучунун ким экендигин идентификациялоо жана верификациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алынган маалыматтарды каттоо;

2) кардардын максаты жана ишкер мамилелеринин болжолдуу мүнөзү тууралуу маалымат алуу;

3) кардардын ишинин мазмуну жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматты, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана ички жол-жоболор менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык дайыма жаңылап туруу;

4) кардар менен ишкер мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттардын булагы, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү тууралуу колдо бар маалыматка туура келүүсүн анализдөөнү туруктуу негизде жүргүзүү.

Ушул бөлүктүн 1-2-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарып жатканда, финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар кардардын атынан иш жүргүзүүгө ниеттенген адамдын тийиштүү ыйгарым укуктарын текшерүүгө, ошондой эле андай жактын ким экендигин аныктоого жана күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

5. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар кардар менен мамилелердин бардык мезгилинде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонууга тийиш. Муну менен бирге финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар тобокелдикке багытталган ыкманын жардамы менен кардарды талаптагыдай текшерүү (күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн) чараларын колдонуу даражасын тандап алууга милдеттүү.

6. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин ким экендигин ишкер мамилелер түзүлгөнгө чейин же түзүү учурунда же кардар менен операцияларды (бүтүмдөр) жасоонун жүрүшүндө верификациялоого милдеттүү.

Нормалдуу чарбалык иштин (тараптар катышпаган бизнес жана баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр) үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылуусун камсыз кылуу зарыл болгон жана тобокелдиктер төмөн болгон учурларда, финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар ишкер мамилелер түзүлгөндөн кийин жети календардык күндүн ичинде верификациялоону аяктоого укуктуу. Мындай учурларда финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө жана ири жана татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун верификациялоо аяктаганга чейин колдонууга тийиш.

7. Кардар менен ишкер мамилелерди түзүп жаткан убакта же жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүп жатканда, финансылык мекемеде жана айрым категориядагы жактарда операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан деген шектенүүлөр туулган учурда ошол финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар кардардын статусунан (дайымкы же бир жолку) жана ар кандай өзгөчөлүктөрдөн же операциянын (бүтүмдүн) суммасынан көз каранды болбостон шектүү операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу ошол кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо боюнча чараларды көрүүгө жана шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте жөнөтүүгө милдеттүү.

Эгерде финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар ошого жетиштүү негиздери бар болуп туруп, кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу кардарды же потенциалдуу кардарды эскертүүгө алып келет деп эсептесе, ошол финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү жөнөтүүгө гана укуктуу.

8. Финансылык мекеме жана айрым бир категориядагы жактар кардардын айынан кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын аткара албай турган учурларда, финансылык мекеме жана айрым бир категориядагы жактар ишкер мамилелерди түзүүгө же эсеп ачууга жана операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырууга тийиш эмес, ошондой эле кардар менен түзүлгөн ишкер мамилени токтотууга жана билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө укуктуу.

Бул талаптар жаңы кардарлардын бардыгына жана ишкер мамилелердин масштабынан жана тийиштүү кардарларга карата тобокелдиктин деңгээлинен улам тийиштүү кардарларга карата колдонулушу керек.

9. Финансылык мекемелер жана айрым бир категориядагы жактар ушул беренеде каралган кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча (кардар жана бенефициардык менчик ээси болуп саналган) эл алдындагы адамдарга карата төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:

1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адам болуп саналабы же жокпу - ошону аныктоо үчүн идентификациялоонун жана тобокелдиктерди башкаруунун тийиштүү системаларын пайдалануу;

2) коомдук кызмат адамы менен ишкер мамилелерди түзүүгө же улантууга (болгон кардарлар үчүн) финансылык мекеменин жетекчисинин же финансылык мекеменин жетекчиси тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген адамдын же айрым категориядагы жактардын жетекчилигинин тийиштүү жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;

3) белгиленген тартипте коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо үчүн чараларды көрүү;

4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте коомдук кызмат адамы менен ишкер мамилелерге, анын ичинде ал тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) тереңдетилген мониторингди дайыма жүргүзүү;

5) алардын тейлөөсүндө турган коомдук кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды жылына кеминде бир жолу жаңылап туруу;

6) коомдук кызмат адамдарынын жакын туугандарына карата ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн чараларды көрүү.

Мында коомдук кызмат адамына өмүрдү камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандыруу сыйлык акысы төлөнгөн учурда финансылык мекеме жана айрым категориядагы жактар ошол төлөп берүү аяктаганга чейин:

- финансылык мекеменин жетекчилигине маалымдоого;

- полисти кармоочу менен болгон бардык ишкер мамилелерди күчөтүлгөн текшерүүнү жүргүзүүгө;

- шектүү операция (бүтүм) тууралуу кабарды жөнөтүү маселесин кароого милдеттүү.

Коомдук кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жарыяланат.

10. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген критерийлерди сактоо шарты менен ортомчуларга же башка үчүнчү тараптарга кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу. Муну менен бирге кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалары үчүн жоопкерчилик үчүнчү тарапка ишенич арткан финансылык мекемеге жана айрым категориядагы жактарга жүктөлөт.

11. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жөнүндөгү жосундарды иликтөөдө компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылышы үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн ишеним берүүчүлөр, ишеним берүүчү менчик ээлери жана бенефициарлар тууралуу маалыматты кошо алганда, бенефициардык менчик ээси жана юридикалык жактардын башкаруучу түзүмдөрү, тараптардын макулдашуусу боюнча негизделген трасттар тууралуу жетиштүү, так жана актуалдуу маалыматты чогултуу жүзөгө ашырылат.

Маалыматты чогултууну жүзөгө ашыруу тартибин жана аны алуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

 

14-берене. Ички контроль

 

1. Ички контроль системасын уюштуруу максатында, финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар төмөндөгү негизги жол-жоболор камтылышы керек болгон кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контроль программасын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана ишке ашырууга милдеттүү:

1) кардардын ишинин тобокелдигин жана мүнөзүн эске алуу менен контролдоонун ички чаралары, жол-жоболору жана каражаттары;

2) ички контроль кызматын аныктоо же ички контроль программасынын ишке ашырылышына жана сакталышына, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүүгө жооптуу кызмат адамын (комплайенс-кызматын же комплайенс-кызматкерди) дайындоо жол-жобосу;

3) кызматкерлерди жалдоодо текшерүү жол-жобосу;

4) ички контроль кызматынын же жооптуу кызмат адамынын квалификациясын жогорулатууну камсыздоо боюнча жол-жобо;

5) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча ички контроль системасынын ишин текшерүү үчүн көз карандысыз аудитти жыл сайын жүргүзүү жол-жобосу;

6) маалыматты коргоонун тийиштүү каражаттарын пайдалануу менен купуя маалыматты алмашуу жана пайдалануу жол-жобосу;

7) тобокелдикти эске алуу менен колдонулушу керек болгон башка жол-жоболор жана чаралар.

Ички контроль программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы белгилеген ички контроль программаларына коюлуучу жалпы талаптарга туура келиши керек жана финансылык мекеменин жана айрым категориядагы жактардын ишинин тобокелдигин жана масштабын эске алуу менен кабыл алынууга тийиш.

2. Өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бар финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар, тобокелдиктерди баалоо, кардарларды талаптагыдай текшерүү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максаттарында, топтун ичинде ар кандай (кардарлар, эсептер жана операциялар (бүтүмдөр) тууралуу жана башка) маалыматты алмашуу боюнча ички жол-жоболорду камтый турган ички контролдун корпорациялык программаларын иштеп чыгууга жана колдонууга, ошондой эле бардык деңгээлдерде натыйжалуу ишке ашырууга милдеттүү.

3. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар ички контролдун корпорациялык программаларынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзүүчү филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү.

Эгер өлкөдөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар юридикалык жактын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка айрым бөлүктөрүнүн болушуна тыюу салса же ички контроль программасын колдонууга жолтоо болсо, андай учурларда ошол филиалдар, өкүлчүлүктөр жана башка айрым бөлүктөр бул туурасында Кыргыз Республикасынын тийиштүү көзөмөлдөө органдарына билдирүүгө милдеттүү.

 

15-берене. Тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу

 

1. Кыргыз Республикасында бар болгон тобокелдиктерди айкындоо, баалоо жана жоюу максатында, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды кийин көрүү үчүн тобокелдиктерди улуттук баалоо боюнча иш-чаралар ар эки жыл сайын жүргүзүлөт.

Тобокелдиктерди улуттук баалоо боюнча иш-чарага катышуучу жактардын тизмесин жана аларды өткөрүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча:

1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору иштелип чыгат;

2) айкындалган опурталдарга жараша кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды максаттуу жана натыйжалуу колдонуу үчүн опурталдарга багытталган ыкма колдонулат.

Опурталдарга багытталган ыкманы колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар ички опурталдарды аныктоого жана баалоого, ошондой эле ошол опурталдарды азайтуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

4. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кардарды жана бенефициардык менчик ээсин талаптагыдай текшерүүнүн натыйжаларын эске алуу менен ички опурталдарды башкарууну ишке ашырууга милдеттүү.

5. Айкындалган ички опурталдарды азайтуу максатында, финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:

1) кардарды күчөтүлгөн идентификациялоо жана кардар менен ишкер мамилелерди түзүп жатканда же банктык эсепти ачып жатканда кардарга коюлуучу кошумча талаптарды колдонуу;

2) тийиштүү мезгилдин ичинде кардарга карата мониторинг жана текшерүү жүргүзүүнү көбөйтүү;

3) кардар тарабынан жүргүзүлүүчү операцияларга (бүтүмдөргө) күчөтүлгөн мониторингди жүзөгө ашыруу;

4) кардардын иши, ал тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзү жана деңгээли тууралуу жалпыланган маалыматты түзүү максатында, маалыматтарды чогултуу;

5) соңку жаңы технологияларды пайдаланып көрсөтүлүүчү жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) жүргүзүлүшүн кардар менен түздөн-түз байланышпастан камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан, кыянаттык менен пайдалануулардын опурталын чектөө боюнча ички документтерде белгиленген тийиштүү чараларды көрүү.

6. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) операцияларда (бүтүмдөрдү) ишке ашырып жатканда опурталдардын критерийлерин эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого;

2) иши алар тарабынан ушундай операцияларды жүргүзүү опурталы жогору экенин күбөлөндүргөн кардарларга карата сактык чараларын көрүүгө.

Опурталдарды баалоонун типтүү критерийлери жана опурталды баалоонун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Көзөмөлдөө органдары жана финансылык мекемелер:

1) операцияны (бүтүмдү) ишке ашыруу боюнча жаңы механизмдерди кошо алганда, жаңы продуктуларды жана жаңы ишкердик практиканы иштеп чыгууга жана жайылтууга байланыштуу;

2) жаңы продуктуларды жана технологияларды пайдаланууга жана барларын өркүндөтүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон опурталдарды аныктоого жана баалоого милдеттүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда көзөмөлдөө органдары жана финансылык мекемелер жаңы продуктулар, ишкердик практика чыгарылганга чейин же жаңы же өнүгүп жаткан технологиялар пайдаланылганга чейин ушул опурталдарды контролдоо жана азайтуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

16-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды ишке ашыруу боюнча атайын чаралар

 

1. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча резолюцияларын ишке ашыруу максатында, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишке жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого, массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга натыйжалуу каршы чара көрүү үчүн, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга катышы бар жактардын тизмесине, ошондой эле Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын тизмесине киргизилген жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын жана башка мүлкүн же операциясын (бүтүмүн) токтотуп коюу, тоңдуруу жана бөгөт коюу боюнча атайын чаралар колдонулат.

2. Акча каражаттарын жана башка мүлктү же операцияны (бүтүмдү) токтотуп коюу, тоңдуруу жана бөгөт коюу боюнча атайын чараларды колдонуу тартиби, ошондой эле Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууга катышы бар жактардын тизмесин, ошондой эле Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын тизмесин түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

4-глава
Контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр)

 

17-берене. Контролго алынуучу операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрү

 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо же болбосо массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоо менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо жана аларга бөгөт коюу максатында, финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар төмөндөгү операциялар (бүтүмдөр) боюнча контролду ишке ашырууга жана билдирүүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр);

2) жогорку опурталдуу мамлекеттердин резиденттери менен болгон операциялар (бүтүмдөр);

3) нак жана нак эмес акча каражаттар менен болгон операциялар (бүтүмдөр).

 

18-берене. Операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби

 

1. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар финансылык чалгындоо органына төмөндөгү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) - операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп табылган кезден тартып беш сааттын ичинде;

2) жогорку опурталдуу мамлекеттердин резиденттери менен болгон операциялар (бүтүмдөр) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык;

3) нак же нак эмес акча каражаттар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр - ушундай операция (бүтүм) жасалган кезден тартып үч иш күндүн ичинде.

2. Жогоруда аталган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

19-берене. Шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү

 

1. Шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар тарабынан төмөнкүдөй учурларда түзүлөт жана жөнөтүлөт:

1) эгер операция (бүтүм) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык жок кылуучу куралдарды таратуу менен байланышкан деген шектенүү бар болсо;

2) эгер финансылык мекеменин кайсы бир кызматкери же белгилүү категориядагы жактар каражаттар кылмыштуу киреше экен же террористтик актыларды, террористтик же экстремисттик уюмдарды, террористтерди же экстремисттерди каржылоого арналган деп шектенсе;

3) ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка учурларда.

2. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери тууралуу билдирүүнү кошо алганда, шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү жасалган же жасалып жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан финансылык мекемелер же белгилүү категориядагы жактар тарабынан жиберилүүгө тийиш.

3. Адвокаттар, нотариустар жана башка көз карандысыз юристтер, эгерде тийиштүү маалымат өз кардарынын укуктук статусун аныктоонун жүрүшүндө же ошол кардарды соттук, администрациялык же ортомчулук же ошолор менен байланышкан териштирүүлөрдө коргоо же сунуштоо боюнча өз функцияларын аткарып жатканда алынса, шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүгө милдеттүү эмес.

 

20-берене. Жогорку опурталдуу мамлекеттердин резиденттери менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каршы чара колдонуу тууралуу чечимине ылайык финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар жасалган же жасалып жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку опурталдуу мамлекеттерде катталган же иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүүгө милдеттүү.

2. Финансылык чалгындоо органына алар тууралуу билдирип туруу зарыл болгон, жогорку опурталдуу мамлекеттерде катталган же иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

21-берене. Нак жана нак эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр

 

1. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада нак жана нак эмес акча каражаттар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүүгө милдеттүү.

2. Нак жана нак эмес акча каражаттар менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана чектик сумма Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

22-берене. Нак акча каражаттарды же көрсөтүүчүгө тиешелүү жүгүртүлүүчү инструменттерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүү

1. Нак акча каражатты же көрсөтүүчүгө тиешелүү жүгүртүлүүчү инструменттерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүү Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүүчү нак акча каражаттарды жана көрсөтүүчүгө тиешелүү жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташууну ишке ашыруу максатында декларацияланган кезден тартып беш жыл бою сакталууга, ошондой эле финансылык чалгындоо органына, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына жеткиликтүү болууга тийиш.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте финансылык чалгындоо органына маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жана документтердин берилишин камсыз кылат.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу нак акча каражаттардын жана көрсөтүүчүгө тиешелүү жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшүн айкындоо же акмалоо боюнча биргелешкен чаралар бажы иши, миграция, чек ара маселеси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана финансылык чалгындоо органы тарабынан, маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктерди сактоо жана мыйзамдуу капиталды алып өтүүгө кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпоо шарты менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте координациялоо жана өз ара байланышта иштешүү жолу менен ишке ашырылат.

 

23-берене. Электрондук которууларды контролдоо жана электрондук которууларды ишке ашыруу боюнча жалпы талаптар

 

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектик суммадан ашкан бардык (эл аралык жана ички) электрондук которуулар контролго алынат.

2. Электрондук которууну ишке ашырып жатканда финансылык мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу тууралуу идентификациялык так маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тартипте түзүүгө;

2) акчалай которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу идентификациялык маалыматтар электрондук которуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналышын жана акчалай которуулардын системалары боюнча төлөм жүргүзүүнүн жүрүшүндө аны коштоосун камсыз кылууга;

3) жөнөтүүчү жана (же) алуучу тууралуу маалымат болбогон электрондук которууларга мониторинг жүргүзүүгө, электрондук которууларды айкындоого жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тийиштүү чараларын көрүүгө.

3. Эл аралык электрондук которууларды коштоочу информацияда төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:

1) жөнөтүүчүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын;

2) эгер операцияны ишке ашырып жатканда эсеп пайдаланылса, жөнөтүүчүнүн эсебинин номерин;

3) жөнөтүүчүнүн паспорттук маалыматтарын (төрөлгөн күнүн жана жерин, жашаган жеринин дарегин, документинин номерин, персоналдык идентификациялык номерин);

4) кардардын идентификациялык номерин;

5) алуучунун фамилиясын, атын жана атасынын атын;

6) эгер операцияны ишке ашырып жатканда эсеп пайдаланылса, алуучунун эсебинин номерин.

Эсеп жок болсо электрондук которууну акмалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган операциянын уникалдуу номери көрсөтүлүшү керек.

4. Кыргыз Республикасынын ичиндеги электрондук которууларды коштоочу маалымат төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) эгер операцияны ишке ашырып жатканда эсеп пайдаланылса жөнөтүүчүнүн эсебинин номери же электрондук которууларды акмалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган операциянын уникалдуу номери;

2) эгер операцияны ишке ашырып жатканда эсеп пайдаланылса, алуучу тууралуу идентификациялык маалыматтарды же алуучунун эсебинин номерин.

5. Электрондук которууну жөнөтүүчү финансылык мекеме:

1) электрондук которуу ушул берененин 3 же 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн толук маалымат менен коштолушун камсыз кылышы;

2) ушул берененин 3 же 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматты беш жыл бою сакташы;

3) эгерде ушул берененин 3 же 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн коштоочу маалымат болбосо, электрондук которууну жасабашы керек.

6. Транзит менен электрондук которуу жүргүзүлө турган финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) электрондук которууну коштоп турган жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын сакталышын камсыз кылышы керек.

Техникалык каражаттар электрондук которууга тиркелген электрондук которууну коштой турган жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу толук маалыматты сактоого тоскоол болгон учурларда алуучу транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү финансылык мекемеден же башка транзиттик финансылык мекемеден алынган бардык маалыматтын жазууларын беш жылдан кем эмес сактоого тийиш.

Транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү тууралуу жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук которууну айкындоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Мындай учурларда транзиттик финансылык мекемеде жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук которууну аткаруу, аткарбоо же токтотуп туруу, ошондой эле андан аркы аракеттер боюнча маселени чечүү үчүн опурталды баалоонун негизинде натыйжалуу саясаты жана процедуралары болушу керек.

7. Электрондук которууну алуучу финансылык мекеме:

1) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу зарыл маалыматы жок электрондук которууларды текшериши жана айкындашы;

2) эгерде ал инсан мурда текшерилбеген болсо, электрондук которууну алуучунун инсандыгын текшериши жана бул маалыматты беш жыл аралыгында сакташы;

3) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук которууну аткаруу, аткарбоо же токтотуп туруу, ошондой эле андан аркы аракеттер боюнча маселени чечүү үчүн опурталды баалоонун негизинде натыйжалуу саясаты жана процедуралары болушу керек.

8. Электрондук которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу негизги маалымат токтоосуз түрдө:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иштерин изилдөө үчүн укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына;

2) аналитикалык иш жүргүзүү үчүн, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн финансылык чалгындоо органына;

3) идентификациялоону жеңилдетүү жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жөнөтүүчү, транзиттик жана алуучу финансылык мекемелерге жеткиликтүү болушу керек.

Электрондук акчалай которууларды жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу негизги маалымат жөнөтүүчү финансылык мекеме тарабынан алуучу финансылык мекемеден же тиешелүү компетенттүү органдардан келчү сурам алынгандан кийин үч иш күндүн ичинде берилиши керек.

9. Ушул берененин жоболору төмөнкү операцияларга карата колдонулбайт:

1) эгер кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасынын номери ушул операция (бүтүм) менен байланышкан бардык которууларды коштосо, кредиттик, дебеттик же товарларды сатып алуу же тейлөө акыларын төлөө үчүн кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасын пайдалануу менен болгон операцияга (бүтүмгө) байланыштуу ар кандай которууларга. Кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө карталары адамдардын ортосундагы электрондук которууларды ишке ашыруу үчүн төлөм системасы катарында пайдаланылган учурда бул операция (бүтүм) электрондук которуу болуп саналат;

2) жөнөтүүчү да, алуучу да өзүнүн атынан иш жүргүзүүчү финансылык мекемелер болгон учурда финансылык мекемелердин өздөрүнүн арасындагы которуулар жана эсептешүүлөр.

10. Электрондук которууларды ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

5-глава
Эл аралык кызматташуу

 

24-берене. Эл аралык кызматташуунун жалпы жоболору

 

1. Эл аралык кызматташуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдерине ылайык, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына, ФАТФтын рекомендацияларына, Финансылык чалгындын бөлүктөрүнүн "Эгмонт" тобунун уставдык документтерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде ишке ашырылат.

2. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташуу төмөндөгү чөйрөлөрдө ишке ашырылат:

1) чалгындоо маалыматын чогултуу жана берүү;

2) операцияларды (бүтүмдөрдү) жана акча каражаттарын же башка мүлктү тоңдуруу;

3) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана эл аралык келишимдерине ылайык тергөө иштерин аткаруу жана маалымат берүү;

4) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана эл аралык келишимдерине ылайык соттук иштерди аткаруу жана маалымат берүү;

5) жазага тартуу алуу үчүн адамды экстрадициялоо;

6) финансылык мекемелердин жана белгилүү категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселеси боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу.

3. Эл аралык кызматташуу эл аралык сурамды (тапшырманы) жана эл аралык сурамга (тапшырмага) жоопту жөнөтүү (алуу) жолу менен ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын эл аралык сурамы, эгер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, мамлекеттик же расмий тилде, ошондой эле зарыл болсо англис тилиндеги котормосунда таризделет.

Ар бир эл аралык сурам белгилүү болгон тиешелүү фактыларды кыскача баяндоо жана суралган маалыматты пайдалануу максатын көрсөтүү менен коштолот.

Эл аралык сурамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдеринде белгиленген корголгон электрондук байланыш каналдары боюнча алынышы жана жөнөтүлүшү мүмкүн.

Эл аралык сурамдарды жөнөткөндө Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары толук информацияны тиркеши, суралган информацияны берүү мөөнөтүн жана анын болжолдуу пайдаланылышы тууралуу маалыматтарды көрсөтүшү керек.

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары эл аралык сурамды алганда чет мамлекеттин компетенттүү органына алынган маалыматтын пайдаланылыш тартиби тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

4. Эл аралык кызматташуунун жүрүшүндө берилген маалымат эл аралык сурамда же эл аралык сурамга жооп берүүдө көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланылат.

Бул маалыматты башка мамлекеттик органдарга же үчүнчү тараптарга өткөрүп берүү же болбосо бул маалыматты башка макулдашылбаган администрациялык, тергөө же соттук максаттарда ар кандай пайдалануу маалыматты берген чет мамлекеттин компетенттүү органынын уруксатын алууну талап кылат.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында маалыматтарды (материалдарды) берүү тууралуу талап жана берүү ушул Мыйзамда каралган шарттарга ылайык коюлат жана аткарылат.

6. Кыргыз Республикасы иши кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык уюмдар менен кызматташууну Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык финансылык чалгындоо органы аркылуу камсыз кылат.

 

25-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташууну ишке ашыруучу компетенттүү органдары

 

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташууну ишке ашыруучу компетенттүү органдары төмөнкүлөр болот:

1) финансылык чалгындоо органы - чалгындоо маалыматтарын чогултуу жана берүү, ошондой эле операцияларды (бүтүмдөрдү) жана акча каражаттарды же башка мүлктү тоңдуруу маселелери боюнча;

2) укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана эл аралык келишимдерине ылайык өз ара укуктук жардам жана экстрадиция тууралуу эл аралык сурамдарды аткаруу маселелери боюнча;

3) Кыргыз Республикасынын Сот департаменти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык соттук аракеттерди аткаруу жана маалымат берүү маселелери боюнча;

4) көзөмөлдөө органдары - финансылык мекемелердин жана белгилүү категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу маселелери боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өз компетенцияларынын чектеринде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга тиешелүү маалыматты төмөнкүдөй беришет:

1) эл аралык сурам алынганда же өз демилгеси менен;

2) берилүүчү маалымат сурамда көрсөтүлбөгөн максаттарга Кыргыз Республикасынын маалыматты берген мамлекеттик органдарынын макулдугусуз пайдаланылбайт деген шартты көрсөтүү менен.

3. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары төмөнкү негиздемелердин бири боюнча эл аралык сурамды канааттандыруудан баш тартууга укуктуу:

1) эгерде эл аралык сурамда көрсөтүлгөн фактылар жана жагдайлар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого шектенүү үчүн жетишсиз болсо;

2) эгерде маалыматтын берилиши Кыргыз Республикасындагы тергөөнүн же сот өндүрүшүнүн жүрүшүнө таасир этсе;

3) эгерде берилүүчү маалымат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына зыян келтирсе;

4) эгерде чет мамлекеттин компетенттүү органы берилүүчү маалыматтын натыйжалуу корголушун камсыз кыла албаса;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган учурларда.

4. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары сурам жиберген чет мамлекеттин компетенттүү органына баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен эл аралык сурамды аткаруудан баш тартуу тууралуу билдиришет.

Эл аралык сурамды канааттандыруудан баш тартуу же анын мөөнөтүн узартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдеринин негизинде ишке ашырылат.

5. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары:

1) ушул беренеде жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурлардан тышкары, маалымат берүүдөн баш тартпашы керек;

2) банктык, коммерциялык, салык же башка сырга таянып же сурам жиберген чет мамлекеттин компетенттүү органынын статусу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын статусуна туура келбегендигине таянып кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам тууралуу эл аралык сурамды аткаруудан баш тартпашы керек;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык сурамдардын жана аларда камтылган маалыматтын, ошондой эле берилген маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Купуялуулукту сактоо тууралуу талаптарды аткаруу мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы эл аралык сурамды жиберген чет мамлекеттин компетенттүү органына бул тууралуу дароо билдирүүгө тийиш;

4) эл аралык сурамдарды өз убагында жана натыйжалуу аткаруу максатында, суралган маалыматты берүү үчүн бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшоого тийиш;

5) эл аралык сурамды жиберүүдө өз ара укуктук жардамды алуу үчүн кандай юридикалык талаптар сакталышы керектигин аныктоого милдеттүү.

6. Өз ара укуктук жардам жөнүндө эл аралык сурамдарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартиби, ошондой эле ушул маселелерде ведомстволор аралык координациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жиберилген жана алынган эл аралык сурамдарды борборлоштуруп эсепке алууну финансылык чалгындоо органы жүзөгө ашырат.

Финансылык чалгындоо органынын сурамына ылайык Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары алынган жана жиберилген эл аралык сурамдар тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү.

7. Эл аралык сурамдарды аткарууга байланышкан чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине толтурулат.

 

26-берене. Чалгындоо маалыматын жыйноо жана акча каражаттарын же башка мүлктү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) бир калыпта кармоо маселелери боюнча өз ара укуктук жардам

 

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу үчүн финансылык чалгындоо органы кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан операциялар (бүтүмдөр) тууралуу же ушул кылмыштарга катышы бар же болбосо Кыргыз Республикасында же башка мамлекеттерде максаттуу финансылык санкциялар колдонулууга тийиш жеке же юридикалык жактар жөнүндө маалыматты иштеп чыгууга же талдоого тиешелүү болгон маалыматты алат жана берет.

2. Финансылык чалгындоо органы:

1) чалгындоо маалыматын жана документтерди чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмү тарабынан белгиленген шарттарды жана чектөөлөрдү бузуу менен пайдаланбашы;

2) чалгындоо маалыматын жана документтерин чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмүнө алдын ала макулдугу жок үчүнчү тарапка бербеши керек.

3. Финансылык чалгындоо органы чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмүнө маалыматты коргоо жана ошол маалыматты кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максаттарында, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу үчүн гана пайдалануу боюнча режимди камсыздоо шартын белгилөө менен жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматты берет.

4. Эл аралык сурамды аткаруу үчүн финансылык чалгындоо органы мамлекеттик бийлик органдарынан, финансылык мекемелерден жана айрым категориядагы жактардан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан зарыл болгон, анын ичинде банктык, коммерциялык, салык жана башка сырды түзгөн маалыматты жана документтердин көчүрмөлөрүн суроого жана алууга укуктуу.

5. Эл аралык сурамды аткаруу үчүн финансылык чалгындоо органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) финансылык мекемеге жана айрым категориядагы жактарга операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп турууну, каражаттарды бир калыпта кармоону, ошондой эле эл аралык сурамда белгиленген мөөнөттүн ичинде тийиштүү жактын операцияларына (бүтүмдөрүнө) күчөтүлгөн контролду камсыз кылууну тапшырууга;

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар же террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан (пайдаланыла турган же пайдаланууга арналган) акча каражаттарын же башка мүлктү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) эл аралык сурамда белгиленген мөөнөткө бир калыпта кармоо жөнүндө чечим кабыл алууга;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында алууга мүмкүн болгон финансылык чалгындоо органынын карамагында турган ар кандай маалыматты алмашууга.

6. Бир калыпта кармалган каражаттарды контролдоо жана алып коюу тартиби, ошондой эле бир калыпта кармалган каражаттарды бөлүү жана кайтаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде аныкталат.

7. Эл аралык сурамды жиберүүдө финансылык чалгындоо органы талдануучу иштин сыпатын жана анын суралуучу өлкө менен потенциалдуу байланышын кошкондо, мүмкүн болушунча толук маалыматты бериши керек.

 

27-берене. Тергөө аракеттерин аткаруу жана маалымат берүү маселелери боюнча өз ара укуктук жардам

 

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана мыйзамдарына ылайык, эл аралык сурамдарды аткаруу максатында, анын ичинде төмөнкүлөрдү аныктоо, изилдөө жана камакка алуу маселелери боюнча ыкчам жана тергөө аракеттерин жүзөгө ашырышат:

1) шектүү же айыпталган адамдын акча каражаттарын же башка мүлкүн жана (же) алардан алынган кирешелерин, жабдууларын, куралдарын жана кылмыш жасаганда пайдаланылган же кандайдыр бир түрдө пайдаланууга арналган башка каражаттарды;

2) эгерде мүлктү алган адам анын кылмыштуу аракеттердин натыйжасында алынгандыгын билсе же билүүгө тийиш болсо, шектүү же айыпталган адамдын башка адамга берилген акча каражаттарын же башка мүлкүн;

3) кылмыштуу кирешени легализациялоонун (адалдоонун) натыйжасында алынган кылмыштуу кирешени же кылмыштуу кирешеден түшкөн ар кандай кирешени (пайданы);

4) эгер кылмыштуу кирешелер мыйзамдуу булактардан алынган мүлккө кошулган болсо, кошулган кылмыштуу кирешелердин бааланган наркына шайкеш келген мүлктү же мүлктүн бөлүгүн.

2. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы ыкчам жана тергөө максаттарда чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан маалыматты алмашууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эки тараптуу же көп тараптуу келишимдердин негизинде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эл аралык тергөө топторун түзүүгө укуктуу.

 

28-берене. Соттук иш-аракеттерди аткаруу, маалымат берүү жана экстрадициялоо маселелери боюнча өз ара укуктук жардам

 

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде:

1) кылмыштуу кирешелерге ээ болгон же террористтик же экстремисттик ишке катышы бар жактарга карата;

2) Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлктү, кылмыштуу кирешелерди же аларга тең баадагы мүлктү конфискациялоо жөнүндө чет мамлекеттердин сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү (чечимдери) жана башка компетенттүү органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасында таанылат.

2. Конфискацияланган кылмыштуу кирешелер же аларга тең баадагы мүлк Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык соттун же башка компетенттүү органдын кылмыштуу кирешелерди же аларга тең баадагы мүлктү конфискациялоо жөнүндө өкүмүнүн (чечиминин) негизинде чет мамлекетке толук же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган мүлктү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Конфискацияланган активдердин фонду түзүлөт.

Конфискацияланган активдердин фондунун каражаттарынын:

1) 10 пайыз өлчөмү - финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин сыйлоо максатында, алардын квалификацияларын жогорулатууга жана бул органдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн пайдаланылат;

2) 90 пайыз өлчөмү - мамлекеттик бюджетке жиберилет.

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан кылмыштарды жасаган адамдарды чет мамлекетке экстрадициялоо тууралуу чечим же аталган адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынат.

Эгер Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен экстрадицияны суроочу тиешелүү эл аралык келишими жок болгон учурда, аталган адамдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан кылмыштары үчүн өз ара түшүнүшүү принцибин сактоо шартында гана экстрадицияланышы мүмкүн.

Эгер Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жана улуттук коопсуздук органынын экстрадициялоо тууралуу эл аралык сурамы жарандык принциптин негизинде чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан аткарылууга мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы чет мамлекеттин компетенттүү органына кылмыш ишинин материалдарын андан ары жазык куугунтугуна алуу үчүн берүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын жарандары кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттерге берилбейт.

Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы Кыргыз Республикасынын бул жарандарын андан ары жазык куугунтугуна алуу максаттарында кылмыш ишинин материалдарын Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө эл аралык сурамды жибериши керек.

 

29-берене. Кылмыштуу кирешелерди кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташуу

 

1. Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен жана (же) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде конфискацияланган акча каражаттары же башка мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасына толук же жарым-жартылай кайтарылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасына кайтарылган акча каражаттары же башка мүлк жабырлануучуларга келтирилген зыяндын орду толтурулгандан кийин Кыргыз Республикасынын кирешесине айланат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде эсепке алынат.

 

30-берене. Финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу боюнча эл аралык кызматташуу

 

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде көзөмөлдөө органдары чет мамлекеттердин тийиштүү көзөмөлдөө органдары менен эл аралык кызматташууну ишке ашырышат.

2. Көзөмөлдөө органдары маалыматтардын төмөнкүдөй түрлөрүн алмашууну ишке ашырышат:

1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу менен байланышкан көзөмөлдүк иш чөйрөсүндөгү маалымат;

2) көзөмөлдөө финансылык мекемелер жөнүндө же көзөмөлдөө органдарына жеткиликтүү болгон айрым категориядагы жактар тууралуу маалымат;

3) көзөмөлдөө иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тууралуу маалымат;

4) пруденциялык маалымат, б.а. финансылык мекемелердин же айрым категориядагы жактардын ишкердик бедели тууралуу маалымат;

5) финансылык мекемелердин же айрым категориядагы жактардын ички контролдоо программалары тууралуу маалымат;

6) кардарларды талаптагыдай текшерүү тууралуу маалымат, кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле эсептер жана операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалымат.

3. Көзөмөлдөө органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердин көзөмөлдөө органдарынын эл аралык сурамынын негизинде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана зарыл болгондо натыйжалуу көзөмөлдөө ишин камсыз кылуу максатында аларга көмөк көрсөтүүгө укуктуу.

4. Алмашылуучу маалыматты ар кандай берүү же аны көзөмөлдөө же башка максаттарда пайдалануу сурап жаткан көзөмөлдөө органы мындай маалыматты таркатууга алдын ала уруксат берген учурлардан тышкары, көзөмөлдөө органынын алдын ала уруксаты менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөө органдары маалыматты жиберүүдө чет мамлекеттин көзөмөлдөө органына маалыматты берүү шарттары жөнүндө билдирүүгө же берилүүчү маалыматты таркатуу тууралуу чечимди алдын ала берүүгө тийиш.

 

6-глава
Жыйынтыктоочу жоболор

 

31-берене. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо

 

1. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде көзөмөлдөө органдары тарабынан ишке ашырылат.

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашырат.

 

32-берене. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого же массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бар юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюулууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык мүлк жана кылмыштуу кирешелер конфискацияланууга тийиш же мыйзамдуу укуктары, же болбосо таламдары бузулган алардын менчик ээсине кайтарылат же алардын наркынын орду толтурулат.

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого, же болбосо массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таркатууга багытталган операциялар (бүтүмдөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылат.

5. Финансылык мекемелер жана айрым категориядагы жактар, алардын кызмат адамдары жана башка жумушчулары ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган милдеттерди аткарууга байланыштуу юридикалык жана жеке жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

6. Ушул Мыйзамга ылайык кызматтык, банктык, коммерциялык же башка сырды түзгөн купуя маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болушкан финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, көзөмөлдөө органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурункулары кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырын жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат бөлүгүндө) мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы, пайдалангандыгы, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

7. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп коюу, акча каражаттарын же башка мүлктү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) тосмолоо же бир калыпта кармоо, банктык эсепти (аманатты) ачуудан же эсеп боюнча операцияны жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле банктык эсеп келишимин бузуу жана эсепти жабуу финансылык мекемелердин жана айрым категориядагы жактардын жарандык-укуктук жана башка жоопкерчилигинин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналбайт.

 

33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жана аны ишке ашыруу механизми

 

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин;

2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алышсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жыл, 8-август, N 58);

2) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жыл, 12-июнь, N 45-46);

3) "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси "Эркин-Тоо" гезити, 2012-жыл, 31-июль, N 66).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти