Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\66242318-773d-4d78-9d82-763219f03013\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 15-февралы №50

Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жер участогуна укук берүү чөйрөсүндөгү уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлеринин үйдүн жанындагы жер участогуна жалпы үлүштүк менчикке болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө тиркелген убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте колдонууга киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №198 "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев