Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-январы № 6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пунктундагы "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө" деген сөздөр "каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жарандардын кайрылуулары жана коомчулук менен байланышуу сектору" деген сөздөр "каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев