Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 5-марты № 109

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 370, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645, 2014-жылдын 14-ноябры № 650 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорун редакциясына ылайык)

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын чектеп бөлүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан маалымат саясаты чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына.

2. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- өзгөртүлүп түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен өз алдынча башкаруу иштери боюнча функцияларды, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен 32 бирдик санындагы штатты өткөрүп берүү менен этностор аралык мамилелер иштери боюнча функцияларды жүктөп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

- финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен 51 бирдик санындагы штатты өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин базасында 21 бирдик сандагы штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр өткөрүлүп берилсин:

- өзгөртүлүп түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан 110 бирдик санындагы штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен санитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү көзөмөлдүк функциялар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 29 бирдик санындагы штаты, администрациялык имараты менен кошо, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Тышкы миграция департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине;

- өзгөртүлүп түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинен 6 бирдик санындагы штаты финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен гендердик саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялары Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан 7 бирдик санындагы штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен калкты, калктын жарандык абал актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, архив иши жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү саясатын иштеп чыгуу функциялары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине төмөнкү функциялар:

а) ветеринария жана фитосанитария жаатындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу боюнча, анын ичинде:

жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн илдеттерине каршы күрөшүү боюнча;

жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу илдеттеринин пайда болушун алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу боюнча;

ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча, буга мамлекеттик жана тармактык стандарттарды, ветеринардык жана фитосанитардык эрежелерди белгилөө кирет;

ветеринария жана фитосанитария жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыздоо, ветеринардык жана фитосанитардык адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча;

б) ветеринария жана фитосанитария жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, анын ичинде бул чөйрөдө жеке менчик ветеринарияны жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо жана көмөк көрсөтүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиядан 2013-жылдын 1-январынан баштап өткөрүп берилген тиешелүү штатты, функцияларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, төмөнкү функциялар:

мамлекеттик күзөт объекттерин алардын туруктуу жана убактылуу турган жерлериндеги коопсуздугун камсыздоо боюнча;

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилде чет өлкөлүк мамлекеттердин жана чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйындарды, кеңешмелерди өткөрүү жерлеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган маанилүү мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинен 8 бирдик санындагы штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен кен казуунун жана жерлерди бөлүүнүн алкаганда пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү боюнча долбоордук документтерди экологиялык экспертизалоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен суу ресурстарынын пайдаланылышын контролдоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Штаттык сансыз өткөрүлүп берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карамагынан чыгарылып, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын карамагынан чыгарылып, илим чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкү функциялар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун карамагынан чыгарылып, мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча;

өзгөртүлүп түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен региондук өнүктүрүү боюнча;

- (Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 370 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен автотранспорт каражаттарынын баштапкы документтик эсебин алуу жана контролдоо, мамлекеттик чек аранын периметри боюнча өткөрмө пункттарында салмак-көлөмүн контролдоону жүргүзүү боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 370 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Төмөнкүлөр карамагынан чыгарылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) функцияларын кайталоочу катары экономикалык кылмыштарды табуу жана иликтөө боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын функцияларын кайталоочу катары корголгон диссертацияларды, илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жана технологиялык иштерди мамлекеттик каттоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин.

6. Төмөнкүлөр жүктөлсүн:

- өлкөдө эмгек рыногун калыптандыруу, эмгек ресурстарынан муктаждыкты болжолдоо боюнча, ошондой эле ички, тышкы жана эмгек миграциясы боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу функциялары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине;

- экономикалык иш чөйрөсүндө эмгек ресурстарына муктаждыкты болжолдоо функциялары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине;

- тейлеген тармактарында жана чөйрөлөрүндө эмгек ресурстарына муктаждыктарын болжолдоо функциялары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына;

- маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды өлкөгө алып келүүнү жана өлкөдөн алып чыгууну контролдоо функциялары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине;

- ведомстволук аймактарда экология чөйрөсүндө, башкаруу жана айыптарды салуу маселелерин кошкондо, ведомстволук контролдоо функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине;

- эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү эмгек мыйзамдарынын сакталышын контролдоо функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына;

- турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине.

7. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- монополияга каршы саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин карамагында калаары;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыдагы жарандардын, тышкы эмгек мигранттарын кошкондо, укуктарын коргоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагында калаары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, архив иши жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аркылуу жүргүзүлөөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүсү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүргүзүлөөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик материалдык резервдер чөйрөсүндөгү тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аркылуу киргизе тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын илим чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жүргүзүлөөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналаары.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү маселелерин талдап чыксын, талдоонун натыйжаларын кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу боюнча комиссиясынын кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара иштөөсүнүн типтүү регламентинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:

- тендердик комиссияларды түзүп, алардын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн киргизүү менен региондордогу капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо жана куруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүнү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин облустук капиталдык курулуш башкармалыктарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашып, мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат орундарына дайындоону жана кызмат орундарынан бошотууну.

10. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын түзүмүн өзгөртүү милдеттердин жана функциялардын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана жүргүзүлөөрү;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо тиешелүү мамлекеттик органдын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбей тургандыгы.

11. Бул токтомдо аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:

- төмөнкүлөрдү даярдашсын жана киргизишсин:

жоболордун, башкаруу системаларынын жана штаттык сандын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна;

бул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды;

өзгөртүлүп түзүлгөн мамлекеттик органдардын активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн жумушчу комиссияларын түзүү жөнүндө сунуштарды;

бул токтомдон келип чыккан толук чараларды көрүшсүн;

- штат өткөрүлүп берилгенде өткөрүп берилген функцияларды аткаруу үчүн тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер которулууга тийиш экендиги маалымат катары көңүлгө алынсын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

13. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев