Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b76364ab-418f-464d-8d40-863e6cdf0613\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2013-жылдын 9-апрели № 179

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "тизме" деген сез тиешелүү жөндөмөдө "тизмек" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 6-1-пунктта:

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин ортосундагы ведомстволор аралык жана ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүсүнө;";

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактар.";

- жогору аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында "тизмеси" деген сөз "тизмеги" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-главанын 66-пунктундагы "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ" деген кыскартылган сөздөрдөн кийин ", ЭМ, ФМ" деген кыскартылган сөздөр менен толукталсын;

2-главанын 1-пунктундагы "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Аскердик жогорку окуу жайларга өтүүдө, жарандык жогорку окуу жайлардын аскердик факультеттерине жана кафедраларына кабыл алынганда жана алардагы окууну аяктаганда, аскер кызматына контракт боюнча чакырылганда жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөр";

3-главада:

11-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык нормадан тышкары белгиленген шарттарда" деген сөздөр "жогорку ыңгайлуулуктагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12, 13-пункттардын "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасынын мамлекеттик тилдеги текстинде "тизмесине" деген сөз "тизмегине" деген сөзгө алмаштырылсын;

4-главада:

"Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасынын мамлекеттик тилдеги текстинде:

38-пункттагы "тизмесин" деген сөз "тизимин" деген сөзгө алмаштырылсын;

39-пункттагы "тизме" деген сөз "тизим" деген сөзгө алмаштырылсын;

глава төмөнкү мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

"

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│91 │Табыштама жана келишимдер       │ЭМ         │ЭМ        │Акы      │

│   │боюнча шайкештиги милдеттүү     │           │          │төлөмө   │

│   │ырасталууга жаткан, адамдардын  │           │          │         │

│   │өмүрү жана ден соолугу,         │           │          │         │

│   │жаныбарлар жана өсүмдүктөр,     │           │          │         │

│   │айлана-чөйрө үчүн коопсуз       │           │          │         │

│   │тамак-аш продукциясына, эл      │           │          │         │

│   │керектөөчү товарларга,          │           │          │         │

│   │күйүүчү-майлоочу майларга,      │           │          │         │

│   │машина куруучу,                 │           │          │         │

│   │электр-техникалык продукцияларга│           │          │         │

│   │шайкештик тастыктамаларын берүү │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

5-главада:

12-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасынын мамлекеттик тилдеги текстинде "тизмесине" деген сөз "тизмегине" деген сөзгө алмаштырылсын;

глава төмөнкү мазмундагы 41-45-пункттар менен толукталсын:

"

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│41 │Химиялык зыяндуу заттарды       │ӨКМ        │ӨКМ       │Акы      │

│   │камтыган инженердик курулмаларды│           │          │төлөмө   │

│   │текшерүү жана мындай            │           │          │         │

│   │курулмаларды пайдаланган жеке   │           │          │         │

│   │жана юридикалык жактардын       │           │          │         │

│   │табыштамалары боюнча            │           │          │         │

│   │корутундуларды берүү            │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│42 │Жеке жана юридикалык жактардын  │ӨКМ        │ӨКМ       │Акы      │

│   │табыштамалары боюнча шахталардын│           │          │төлөмө   │

│   │жана кендердин атайын           │           │          │         │

│   │жабдууларын сыноо               │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│43 │Табыштамалар жана келишимдер    │ЭМ         │ЭМ        │Акы      │

│   │боюнча шайкештиги милдеттүү     │           │          │төлөмө   │

│   │ырасталууга жаткан, адамдардын  │           │          │         │

│   │өмүрү жана ден соолугу,         │           │          │         │

│   │жаныбарлар жана өсүмдүктөр,     │           │          │         │

│   │айлана-чөйрө үчүн кооптуу       │           │          │         │

│   │тамак-аш продукциясын,          │           │          │         │

│   │эл керектөөчү товарларды,       │           │          │         │

│   │күйүүчү-майлоочу майларды,      │           │          │         │

│   │машина куруучу,                 │           │          │         │

│   │электр-техникалык продукцияларды│           │          │         │

│   │аныктоо үчүн лабораториялык     │           │          │         │

│   │изилдөөлөрдү жүргүзүү           │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│44 │Табыштамалар жана келишимдер    │ЭМ         │ЭМ        │Акы      │

│   │боюнча тийиштүү түрдөгү документ│           │          │төлөмө   │

│   │берүү менен ченөө каражаттарын  │           │          │         │

│   │текшерүү жана калибрлөө         │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│45 │Кардарлардын табыштамасы боюнча │ЭМ         │ЭМ        │Акы      │

│   │белгиленген түрдөгү документ    │           │          │төлөмө   │

│   │берүү менен ченөө каражаттарынын│           │          │         │

│   │тибин бекитүү же метрологиялык  │           │          │         │

│   │аттестациялоо                   │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

6-глава төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын:

"

┌────┬───────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│39-1│Акы төлөмө негизде шашылыш     │ИИМ        │ИИМ       │Акы      │

│    │түрдө Кыргыз Республикасынын   │           │          │төлөмө   │

│    │аймагында соттуулугунун бар же │           │          │         │

│    │жок экендиги жөнүндө жарандарга│           │          │         │

│    │маалымкаттарды берүү           │           │          │         │

└────┴───────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

".

2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомдон келип чыгуучу чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев