Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 7-майы № 256

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35, 2015-жылдын 2-февралы № 33, 2017-жылдын 7-июнундагы № 346 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда функциялардын кайра бөлүштүрүлгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны учурдагы финансылык жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде каржыласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жоюлуп, анын көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары финансылык, материалдык-техникалык каражаттары, администрациялык имараттары менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссияны белгиленген тартипте түзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жоюу иш-чараларын жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө:

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти" бөлүмчөсүнүн 2, 3, 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;

"Мамлекеттик ветеринария департаменти" бөлүмчөсү күчүн жоготту деп эсептелсин;

төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген бөлүм менен толукталсын:

"

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана      │

│       фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция        │

├──┬────────────────────────────┬─────────────────────────────────────┤

│1 │Фитосанитардык сертификат   │Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн│

│  │                            │карантини жөнүндө" Мыйзамы           │

├──┼────────────────────────────┼─────────────────────────────────────┤

│2 │Импорттоого карантиндик     │Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн│

│  │уруксат                     │карантини жөнүндө" Мыйзамы           │

├──┼────────────────────────────┼─────────────────────────────────────┤

│3 │Карантиндик текшерүү жана   │Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн│

│  │экспертиза жүргүзүү жөнүндө │карантини жөнүндө" Мыйзамы           │

│  │акт                         │                                     │

├──┼────────────────────────────┼─────────────────────────────────────┤

│4 │Ветеринардык күбөлүк        │КМШга катышкан мамлекеттердин        │

│  │                            │Ветеринария тармагында кызматташуу   │

│  │                            │боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин     │

│  │                            │1998-жылдын 22-октябрында Ташкент    │

│  │                            │шаарында кол коюлган чечими          │

├──┼────────────────────────────┼─────────────────────────────────────┤

│5 │Ветеринардык сертификат     │Эл аралык ветеринардык кодекс, Кыргыз│

│  │                            │Республикасынын "Ветеринария жөнүндө"│

│  │                            │Мыйзамы                              │

├──┼────────────────────────────┼─────────────────────────────────────┤

│6 │Ветеринардык арналыштагы    │Кыргыз Республикасынын "Ветеринария  │

│  │каражаттарды жасоо укугуна  │жөнүндө" Мыйзамы                     │

│  │уруксат                     │                                     │

└──┴────────────────────────────┴─────────────────────────────────────┘

".

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны директор башкарат, директордун орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болот, директордун дагы бир орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик фитосанитардык инспектору болот".

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасындагы "Мамлекеттик ветеринария департаменти" деген позиция күчүн жоготту деп эсептелсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен жактырылган Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесинде:

4-пунктундагы "Санитариялык," деген сөз алып салынсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды киргизишсин жана зарыл чараларды көрүшсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
7-майындагы № 256 токтомуменен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35, 2015-жылдын 2-февралы № 33, 2017-жылдын 7-июнундагы № 346 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Описание: 118549_3кыр.png