Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2001-жылдын 19-декабры № 111

Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө

(КР 2003-жылдын 12-апрелиндеги № 71, 2005-жылдын 22-июлундагы № 111, 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56,
2016-жылдын 6-июлундагы № 99,
2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 18-январындагы № 5,
2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 5-июлундагы № 118
, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык Преамбуласы күчүн жоготту)

1-Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам калкты социалдык жактан тейлөө тармагындагы укуктук жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.

Социалдык жактан тейлөө жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү жана материалдык жактан жардам берүү, социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча социалдык кызматтардын ишин билдирет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Социалдык жактан тейлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Кыргыз Республикасындагы социалдык жактан тейлөө чөйрөсү Конституциясы, ушул Мыйзам жана аларга ылайык кабыл алына турган Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укук актылары менен жөнгө салынат.

3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

аккредитациялоо - социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюм белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастоочу аккредитациялоо тууралуу сертификат берилет;

көзөмөлсүз калган бала - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо кызмат адамдары тарабынан аны тарбиялоо, окутуу жана багуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам жүрүш-турушу көзөмөлгө алынбаган жашы жете элек бала;

кароосуз калган бала - жашаган жана (же) турган жери жок кароосуз калган бала;

геронтологиялык борборлор - улгайган жарандар социалдык-медициналык жактан жардам көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар;

девианттык жүрүш-туруш - коомдо кабыл алынган укуктук жана (же) адеп-ахлактык ченемдерге карама-каршы келген, анын ичинде коомдук коркунучтуу жүрүш-туруш;

жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар;

ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:

- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары;

- ата-энелерин каза болду деп табуу;

- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу;

- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;

- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;

(он үчүнчү абзацы КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

социалдык кызматтын клиенти - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адам, ага ушуга байланыштуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт;

консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн.

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам;

көп балалуу эне - беш жана андан ашык баланы төрөгөн жана тарбиялаган эне;

жалгыз бой эне - багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган);

улгайган жалгыз бой жарандар - жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 58 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 63 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер;

кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер) - айыкпас дартка чалдыккандарга жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар;

психологиялык-педагогикалык кызматтар - психологиялык жактан жардам көрсөтүү, ошондой эле тарбия берүү жагынан жардам көрсөтүү, окутуу, жүрүш-турушун оңдоо, методикалык адабият менен жабдуу, маектерди жана педагогикалык мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүү;

социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси;

социалдык жумуш - адамдардын, адамдардын топторунун жашоо-тиричилигинин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалынан арылуу үчүн алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн аларга социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында аларга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес таасир көрсөтүүнүн түрү;

социалдык реабилитациялоо - адамдын дартка чалдыгуусунун, социалдык статусунун өзгөрүшүнүн, девианттык жүрүш-турушунун натыйжасында өзүн-өзү тейлөөгө, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө карата болгон бузулган же жоголгон жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого), ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга толук кандуу турмуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жана алардын укуктарын жана болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси;

социалдык-турмуш-тиричилик кызматтары - материалдык-турмуш-тиричилик кызматтарын, тамак-ашты, турмуш-тиричиликти, эс алууну жана ритуалдык кызматтарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;

социалдык-медициналык кызматтар - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүү, социалдык патронажды жүзөгө ашыруу, аларды социалдык-медициналык жактан реабилитациялоодо көмөк көрсөтүү;

социалдык-укуктук кызматтар - пенсия менен камсыз кылуу, башка социалдык төлөмдөр маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштурууда жардам көрсөтүү, алардын таламдарын коргоо максатында сотто өкүл болуу жана башкалар;

социалдык кызмат - менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар;

социалдык кызмат көрсөтүү - социалдык кызматтын клиенттерине ушул Мыйзамда каралган жардам көрсөтүү боюнча аракеттер;

социалдык патронаж - социалдык көзөмөлгө дайыма муктаж болушкан социалдык кызматтын клиенттерине көпчүлүк учурда үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүү, алардын турак жайына үзгүлтүксүз барып туруу, турмуш-тиричилик жагынан алар муктаж болушкан жардамдарды берүү жана анчейин татаал болбогон медициналык процедураларды жасоо;

өзүнө-өзү жардам берүүгө түрткү берүү - социалдык кызматтардын жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган клиенттин андан чыгуу үчүн өз алдынча жол табууга болгон умтулуусун пайда кылуу боюнча жасаган аракеттери;

жашоо-тиричиликтин оор кырдаалы - жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз алдынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына же оорусуна, жетимдигине, көзөмөлсүз калгандыгына, аз камсыз болгондугуна, жумушсуздугуна, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугуна, чыр-чатактарга жана үй-бүлөдөгү катаал мамилеге, үй-бүлөлүк зомбулукка, жалгыздыкка кабылган жана башка ушул сыяктуу).

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар - дарттардын, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган, тулку боюндагы жана (же) психикалык кемчиликтердин натыйжасында жашоо-турмушун чектөөгө алып келүүчү жана аларды социалдык жактан коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу ден соолугу функциялык жактан бузулган балдар;

тобокелдик топтору - балдар үйлөрүн бүтүрүүчүлөрү; эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, турак жайынан айрылган адамдар; жумуш издеп каражат табууга башка региондордон келген мигранттар;

социалдык волонтёр - социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз ыктыяры менен көрсөткөн жеке жак;

социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык зарыл квалификациясы бар жана социалдык жактан тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашырган же болбосо алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, аны социалдык кызматтардын тутумунда жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга уюштурган адис.

үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 5-июлундагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Социалдык жактан тейлөө объекттери

Төмөндөгүлөр:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар (чоңдор жана балдар);

- кызматтык милдеттерин аткарууда алган жаратынан, контузияга, мертинүүгө же дартка чалдыккандыгына байланыштуу курман болгон (дайынсыз жок болгон) же өлгөн аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруучу жана катардагылардын курамындагы адамдардын аялы (эри), ата-энеси жана жашы жете элек балдары;

- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги концлагерлердин, геттолордун жана мажбурлап кармап туруучу башка жерлердин мурдагы туткундары:

- саясий куугунтукка дуушар болгон жана кийин акталган адамдар;

- жетим же ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар (ата-энеси) жана оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар;

- көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар жана өспүрүмдөр;

- девианттык жүрүш-туруштагы балдар жана өспүрүмдөр;

- үй-бүлөдө катаал мамилеге жана зомбулукка учураган (баштан кечирген) балдар;

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;

- үй-бүлөдөгү жагымсыз моралдык-психологиялык абалдан жапа чеккен үй-бүлөлөр, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөр;

- толук эмес үй-бүлөлөр;

- ата-энеси жашы жете элек үй-бүлөлөр;

- жардамга муктаж болгон студенттик үй-бүлөлөр;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр;

- баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн жалгыз бой энелер;

- баңгиликтен жана (же) аракечтиктен жапа чеккен жарандар;

- айыкпас дарттан жапа чеккен жана СПИД дартына чалдыккан жарандар;

- түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар;

- атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн адамдар;

- радиациялык кыйроонун жана техногендик алааматтын кесепетинен радиациялык таасирге чалдыккан адамдар;

- белгилүү бир жашаган жери жок адамдар;

- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);

- дене-боюна жана психикалык зомбулукка дуушар болгон жарандар социалдык жактан тейленүүгө укуктуу.

 (КР 2005-жылдын 22-июлундагы № 111, 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 18-январындагы № 5 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн принциптери

Социалдык жактан тейлөө:

- даректүүлүк;

- жалпы пайдалана алгыдай;

- ыктыярдуулук;

- гумандуулук;

- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жашы жете элек балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүдө артыкчылык берүү;

- алдын алууга багытталуу;

- жашырындуулук;

- клиенттердин жекече өзгөчөлүктөрүн алда канча толук эске алуу;

- өзүнө-өзү жардам берүүгө түрткү берүү;

- социалдык кызматтардын клиенттеринин укуктарын сактоо;

- социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу принциптерине негизденет.

6-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн стандарттары

Калкты социалдык жактан тейлөө социалдык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына, аларды көрсөтүүнүн тартибине жана шарттарына талаптарды белгилөөчү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

Социалдык жактан тейлөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо

Калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында кардарларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдары жана мекемелери аккредитацияланууга жатат.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тышкары, башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык тейлөөчү жарым-жартылай стационардык уюмдарды жана мекемелерди аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-Глава
Социалдык жактан тейлөөнү уюштуруу

 

7-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жана мекемелеринин комплекси

Калкты социалдык жактан тейлөө уюмдарынын комплекси милдеттүү минимумдагы уюмдардын тутумунан, социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагынан турат.

Милдеттүү минимум тутумуна төмөндөгү уюмдар:

а) стационардык:

- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

- жетим балдар жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;

б) жарым-жартылай стационардык:

- улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды социалдык жактан тейлөө борборлору (күндүз боло турган бөлүмдөр);

- үйдө социалдык жардам көрсөтүү борборлору;

- балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык башпаана жайлары;

- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялоо борборлору;

- үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү борборлору;

- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор);

в) стационардык эмес:

- шашылыш түрдө психологиялык жардам көрсөтүү борборлору (ишеним телефону жана д.у.с.);

- социалдык жактан тез жардам (оперативдүү) көрсөтүү кызматтары (кыдырма бригадалар);

- ритуалдык кызмат көрсөтүүлөр агенттиги, адистештирилген сөөк коюу кызматтары.

Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагына:

- кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер);

- түн ичинде боло турган башпаана жайлары;

- калкка психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү борборлору;

- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);

- геронтологиялык борборлор;

- жалгыз бой улгайган жарандар үчүн атайын үйлөр;

- ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга жардам берүү борборлору;

- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптация борборлору);

- социалдык мейманканалар;

- (11-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 209 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- социалдык дүкөндөр, ашканалар, турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү борборлору, прокаттык пункттар жана чеберканалар кирет;

- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);

- үй-бүлөлүк балдар үйү;

- тобокелдик топтору үчүн социалдык мейманканалар.

Менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан тейлөө уюмдарын түзүүнүн, анын иштешинин, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

 (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 ? 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Социалдык кызматтардын тутуму

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутуму - мамлекеттик менчик болуп эсептелген жана мамлекеттик бийлик органдарынын карамагында болгон социалдык жактан тейлөөнүн республикалык, шаардык, райондук мамлекеттик органдарынан, уюмдарынан жана мекемелеринен турган тутум.

Социалдык жактан тейлөө ошондой эле менчиктин башка түрүндөгү мекемелер жана юридикалык жакты түзбөгөн калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар тарабынан да жүзөгө ашырылат.

Мамлекет менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт жана кубаттайт.

(КР 2003-жылдын 12-апрелиндеги № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Социалдык жактан тейлөөнү башкаруу

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумун башкаруу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды башкаруу алардын уставындааныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава
Жарандардын социалдык жактан тейленүүгө болгон укуктарын камсыз кылуу

 

10-статья. Жарандардын социалдык жактан тейленүүгө болгон укугу

Мамлекет жарандардын ушул Мыйзамда аныкталган социалдык кызматтардын негизги түрлөрү боюнча мамлекеттин тутумундагы социалдык кызматтардан социалдык жактан тейленүүгө болгон укугунун кепилдигин алат.

Ар бир жаран социалдык кызматтардын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес тутумдарынан, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынан социалдык жактан тейлөөнүн мүмкүнчүлүктөрү, түрлөрү, тартиби жана шарттары жөнүндө акысыз маалымат алууга укуктуу.

11-статья. Социалдык кызматтардын негизги түрлөрү

Жарандар:

- социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарынан (мындан ары - стационардык уюмдар) социалдык жактан тейленүүгө;

- үйүндө социалдык жактан тейленүүгө;

- социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарынын күндүз боло турган бөлүмдөрүнүн (мындан ары - күндүз болуу бөлүмдөрү) шарттарында социалдык жактан тейленүүгө;

- убактылуу башпаана алууга;

- материалдык жардамга;

- консультациялык жардамга;

- социалдык реабилитацияга, анын ичинде девианттык жүрүш-туруштагы балдар, жумушсуздар, зомбулукка дуушар болгондор, пробация клиенттери;

- социалдык патронажга;

- кайрымдуулук ишканаларынан жана мекемелеринен (хоспистен) социалдык жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган балдар социалдык жардамга;

- пенсия жана жөлөкпул менен камсыз болууга;

- ишкердик кылууда колдоо алууга (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана жалгыз бой улгайган жарандар);

- социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;

- социалдык-психологиялык жактан тейленүүгө;

- психологиялык-педагогикалык жактан тейленүүгө;

- социалдык-медициналык жактан тейленүүгө;

- ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка кызматтардан пайдаланууга укуктуу.

Калкка көрсөтүлүүчү кепилдикке алынган социалдык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактын калкынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызматтардын аймактык тизмесин кабыл алышы мүмкүн.

 (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Стационардык уюмдарда социалдык жактан тейлөө

Өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана алардын курагына жана ден соолугунун абалына ылайыктуу жашоо-турмуш шарттарын камсыз кылуу, медициналык, психологиялык, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү, тамактандыруу жана багуу, ошондой эле колунан келген ишке тартууну, эс алуусун жана бош убактысын өткөрүшүн уюштурууну камсыз кылуу аркылуу стационардык уюмдарда (медициналык-социалдык статусу бар) социалдык жактан тейлөө көрсөтүлөт.

Стационардык мекемелерде туруктуу же убактылуу негизде жашап турушкан адамдар:

- жашоо-тиричиликтин санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген шарттары менен өздөрүн камсыз кылууга;

- багылууга;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана улгайган жарандар протездик-ортопедиялык, тиш салуу (баалуу металлдардан жана керамикадан жасалган протездерден башка) жагынан акысыз жардам алууга;

- социалдык-медициналык реабилитацияланууга жана социалдык жактан адаптацияланууга;

- өздөрүнө адвокаттын, нотариустун, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелеринин жана башка адамдардын эркин келип турушуна;

- адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгондо биринчи кезекте ооруканага жатууга укуктуу.

Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап турушкан жашы жете элек балдар кошумча түрдө өздөрүнүн жекече жана акыл-эсинин жөндөмдүүлүгүнө ылайык билим алууга жана кесипке үйрөнүүгө укуктуу.

Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында жашап турушкан адамдар өздөрүнүн ден соолугунун абалына туура келген эмгек терапиясына (эмгектенүүчү чеберканалар, көмөкчү чарбалар) катышышат.

Стационардык уюмдарда жашап турушкан адамдардын каалоосу боюнча аларга кошумча түрдө:

- өзүнчө палата берүү;

- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген кошумча медициналык кызматтар;

- кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген ар кандай турмуш-тиричилик ыңгайлуулуктар түрүндөгү акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

Стационардык социалдык жактан тейлөөдөгү акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен тиешелүү уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.

13-статья. Үйдөгү социалдык жактан тейлөө

Карылыгына, оорусуна же майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон жана социалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу туруктуу же убактылуу стационардык эмес тейлөөгө муктаж болушкан жарандар социалдык жактан үйдө тейленет.

Үйдөгү социалдык жактан тейлөөгө:

- тамактандыруу, анын ичинде тамак-аш азыктарын үйгө жеткирип берүү;

- дары-дармек каражаттарын, күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сатып алууга жардам көрсөтүү;

- медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык мекемеге узатып баруу;

- юридикалык жардамдарды жана андан бөлөк укуктук кызматтарды алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;

- каада-салт кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүү;

- үйдө көрсөтүлүүчү башка социалдык кызматтар кирет.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги жана тейлөөнүн ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарында күндүз болуу

Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүзгү уюмдарында өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жоготпогон жана баскан-турганы тың улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ошондой эле башка жарандарга, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык, турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана башка жактан тейлөө көрсөтүлөт.

Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүз болуучу бөлүмдөрүндө төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт:

- бир жолу берилүүчү тамак-аш уюштуруу;

- күндүзгү тейлөө;

- медициналык тейлөө;

- социалдык коштоо.

Күндүз болуучу бөлүмдөрдө ушул бөлүмдөрдө болгон жарандардын эс алуусун уюштурууга багытталган клубдар түзүлүшү мүмкүн.

Социалдык жактан тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде күндүз болуу шарттарында көрсөтүлүүчү социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу ушул уюмдардын социалдык жактан тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндөгү типтүү жобого карама-каршы келбеген уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Убактылуу башпаана берүү

Социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмунда убактылуу башпаана жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга, көзөмөлсүз жана кароосуз калган жашы жете элек балдарга, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган балдарга, белгилүү бир жашаган жери же иштеген иши жок жарандарга, таяк жеп жана психикалык зомбулуктан, табигый кырсыктардан, этностор аралык чыр-чатактардан жапа чеккен жарандарга жана социалдык кызматтан убактылуу башпаана алууга муктаж болушкан дагы башка клиенттерге берилет.

Социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмуна жарандарды кабыл алуунун тартиби ушул уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтер менен аныкталат.

16-статья. Материалдык жардам

Материалдык жардам аткаруу бийлигинин органдары жана социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдары тарабынан жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга акчалай каражаттар, тамак-аш азыктары, кийим-кече, бут кийим жана күндөлүк керектеле турган башка нерселер, отун, ошондой эле атайын транспорт каражаттары, бирөөнүн багуусуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана адамдарды реабилитациялоонун техникалык каражаттары түрүндө берилет.

Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга материалдык жардам берүүнүн тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Консультациялык жардам

Социалдык жактан камсыз кылуу уюмдарында социалдык кызматтын клиенттерине жашоо-турмушун социалдык, турмуш-тиричилик жана социалдык-медициналык жактан камсыз кылуу, психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү, социалдык-укуктук коргоо маселелери боюнча консультациялар берилет.

18-статья. Реабилитациялык кызматтар

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жашы жете элек укук бузуучуларга, пробация клиенттерине, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жана реабилитациялык кызматтарга муктаж болушкан башка жарандарга социалдык кызматтар тарабынан кесиптик, социалдык, психологиялык реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.

(экинчи бөлүгү КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги N 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Социалдык жактан тейлөөнүн реабилитациялык кызматтарын көрсөтүүчү мамлекеттик эмес уюмдар ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорго карама-каршы келбеген кошумча кызматтарды өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык көрсөтүшү мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги N 56, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Социалдык патронаж

Социалдык патронаж социалдык кызматтардан туруктуу социалдык көзөмөлгө, социалдык кызматкерлердин алардын үйлөрүнө үзбөй барып турушуна муктаж болушкан клиенттердин, негизинен үйдөгү социалдык жактан тейлөөнүн, алар муктаж болгон материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнүн жана эң жөнөкөй медициналык иштерди жасоонун түрү болуп саналат.

Социалдык патронаж көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Кайрымдуулук ишканаларындагы жана мекемелериндеги (хоспистердеги) социалдык кызматтар

Кайрымдуулук ишканалары жана мекемелери (хоспистер) тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Оор турмуштук кырдаалда калган жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга кошумча социалдык жардам

Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар төмөнкүдөй түрдөгү социалдык жардамдарга укуктуу:

- социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмдарында жашоого жана акысыз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

- камкорчуларды, асырап алуучу ата-энелерди жана фостердик үй-бүлөлөрдү издөөдө социалдык кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;

- билим алууга жана кесипке ээ болууга;

- материалдык жардам алууга;

- ден соолугун чыңдоо жана жайкы эс алууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;

- юридикалык жардамга;

- консультация алууга, жекече алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Пенсиялар жана жөлөкпулдар менен камсыз кылуу

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирип берүүнү жүзөгө ашырган органдар башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон адамдарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте түздөн-түз жашаган жеринде төлөп берүүгө милдеттүү.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте алууга жана үйүнө жеткирип берүүгө муктаж болгон адамдардын тизмеси айыл жеринде айыл өкмөтү, шаарларда Социалдык фонддун жана социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга берилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Турак жай субсидияларын берүү

Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалында турган жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөй алышпаган жарандарга аткаруу бийлигинин органдары тарабынан турак жай субсидиялары берилет.

Турак жай субсидияларынын өлчөмдөрү жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Ишкердик кылуу ишин колдоо

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана улгайган жарандар ишкердик кылуу ишин жүргүзгөндө аларга төмөндөгүдөй кызматтар көрсөтүлөт:

- ишкердик кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү патенттер, күбөлүктөр жана башка документтер биринчи кезекте берилет;

- акысыз консультация берилет.

241-статья. Социалдык кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөр

Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык кызматкер тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- социалдык-турмуш-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөр - башкалардын багуусуна муктаж болгон клиенттерге турмуш-тиричиликте клиенттердин жашоо-турмушун колдоого багытталган социалдык жардам түрүндө;

- социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр - тез жардамды жана үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакыруу жолу менен медициналык жардам, зарыл дарылоого чейинки шашылыш жардам алууга жана клиентти саламаттык сактоо уюмдарына коштоп барууга көмөктөшүү;

- социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, атайын адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (жарандардын ыктыярдуу макулдугунун шартында) кайрылууга көмөктөшүү, ошондой эле коомго көнүктүрүү үчүн аңгемелешүү, баарлашуу, сөзүн угуу, шыктандыруу, активдүүлүккө кызыктыруу түрүндө психологиялык колдоо;

- социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр - өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө, жашоо-тиричиликте жана коомдук жерлердеги жүрүм-турумга, өзүн өзү контролдоого, мамиле түзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле социалдык-эмгектик, кесиптик реабилитациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого жардам;

- социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр - квалификациялык юридикалык жардам үчүн кайрылууга көмөктөшүү (анын ичинде укуктук мүнөздөгү документтерди топтоого жана түзүүгө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам).

Социалдык-турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык жана социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-Глава
Социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана акы төлөөнүн тартиби

 

25-статья. Социалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби

Социалдык жактан тейлөө жарандын, анын камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн, башка мыйзамдуу өкүлүнүн, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, башка уюмдун же аныктоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 18-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Социалдык кызматтарга акы төлөө

Социалдык кызматтар акысыз, жеңилдик (жарым-жартылай) менен акы алуу жана акы алуу менен жүргүзүлөт.

Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда:

- эгерде ушул жарандардын алган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жарандарга;

- жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга;

(абзац КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төрт жолку өлчөмүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык жактан тейлөө улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана жан башына алынган орточо кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден көп, бирок белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн ашпаган жарандарга көрсөтүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кошумча негиздер белгилениши мүмкүн, алар боюнча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлөт.

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү кызматтар ушул Мыйзамга ылайык калктын ушуларга укугу бар башка категорияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт.

Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарда социалдык кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби алар тарабынан өз алдынча белгиленет.

Башка мыйзамдарга ылайык социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык жактан акысыз тейленүүгө жана жарым-жартылай акы төлөөгө укугу бар адамдарга социалдык кызматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлөт.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-Глава
Социалдык жактан тейлөөнү ресурстар менен камсыз кылуу

 

27-статья. Социалдык жактан тейлөөнү финансы жагынан камсыз кылуу

Мамлекетгик менчик болуп эсептелген жана мамлекеттик бийлик органдарынын карамагында болгон социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдары мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн, кайрымдуулук салымдарынын, төгүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.

Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды каржылоо алардын уставдарында, болбосо башка уюштуруу документтеринде каралган булактардан жүзөгө ашырылат.

Максаттуу атайын фонддордон түшкөн каражаттар, социалдык кызматтар үчүн акы катары түшкөн каражаттар, кайрымдуулук төгүмдөрү менен салымдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарын каржылоонун кошумча булактары болуп саналат.

6-Глава
Социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү кесиптик иш

 

28-статья. Социалдык кызматтарды кадрлар менен камсыз кылуу

Социалдык жактан тейлөөнү түздөн-түз ишке ашыра турган, болбосо аны социалдык кызматтар тутумунда уюштуруучу адамдар өздөрүнүн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан "социалдык иш" адистиги боюнча жогорку кесиптик же кесиптик орто билимге, социалдык кызматтардагы аткарган ишинин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык, юридикалык жана башка тармактагы билимге ээ болууга тийиш.

29-статья. Социалдык кызматтын кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат.

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык-медициналык жактан түздөн-түз тейлөөдө иштеген медициналык кызматкерлер мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда социалдык кепилдиктерден пайдаланышат.

Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жашы жете элек балдарды социалдык жактан реабилитациялоону түздөн-түз ишке ашырган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга билим берүү мекемелеринин жана жашы жете элек балдар үчүн атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринин педагогикалык кадрлары үчүн социалдык кепилдиктер жайылтылат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат.

(КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-глава. Социалдык кызматкерлердин ишин уюштуруунун негиздери

(Глава КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

291-статья. Социалдык кызматкерлердин иши

Социалдык кызматкерлердин иши жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык колдоо жана жардам көрсөтүүдө турат.

Социалдык кызматкерлер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамдын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

Социалдык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, ишин уюштуруунун жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Үйүндө социалдык жактан тейлөө боюнча ишке социалдык волонтерлор тартылышы мүмкүн. Социалдык волонтерлор социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык кызматкердин жетекчилиги алдында көрсөтүшү мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

292-статья. Социалдык кызматкерлерди социалдык колдоо чаралары

Калкты социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана муниципалдык мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлерин социалдык колдоо чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлерин социалдык колдоо чаралары алардын уюштуруучулары тарабынан өз алдынча белгиленет.

Социалдык кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниет аткарганы, узак жана кынтыксыз иши үчүн төмөнкүдөй сыйлоо чаралары белгиленет: алкыш жарыялоо, "Жылдын мыкты социалдык кызматкери" наамын ыйгаруу, ведомстволук жана өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүү.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

293-статья. Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу

Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.

Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринде иштеген социалдык кызматкерлерди аттестациялоонун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-Глава
Корутунду жоболор

 

30-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Социалдык жактан тейлөө жаатында иштеген адамдардын социалдык кызматтын клиенттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кесепеттерге алып келген аракеттери (аракетсиздиги) үчүн же ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде келип чыгат.

31-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасында майыптарды жана улгайган курактагы жарандарды социалдык тейлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 5, 268-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев