Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\86510f4a-15e7-4b0f-b7f4-d6a2305419f0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-майы № 308

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталаган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

6-пунктунда:

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"- тейлеген чөйрөлөрдөгү эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;";

2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы ", кен жана жер чектөөнүн алкагында пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча долбоордук документтерди экспертизалоодон башкасын" деген сөздөр алып салынсын;

3-пунктчасынын он үчүнчү абзацындагы "белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде" деген сөздөр "ведомстволук аймактарда башкаруу жана айыптарды салуу маселелерин кошкондо, экология чөйрөсүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11-пунктунда:

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- Агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында директорду кызматка дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;";

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац толукталсын:

"- Агенттиктин кызматкерлеринин эмгек акы фондунун белгиленген ченемдеринин жана чектик санынын чегинде Агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын штаттык ырааттамасын бекитет;".

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев