Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a47e47e6-32fb-4afd-8f1e-43e825c62c72\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 24-июну № 372

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык мамлекеттик органдардын ишин регламенттөө жана функцияларын бөлүштүрүүнү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын жоюу боюнча комиссияны тиркемеге ылайык курамда түзсүн;

- капиталдык курулуштун аймактык башкармалыктары аркылуу жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер өткөрүүнү уюштурсун;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге капиталдык курулуштун аймактык башкармалыктарынын курулуш-монтаждоо иштерин каржылоо үчүн, алар расмий түрдө катталгандан жана алыш-бериш эсеби ачылгандан кийин каражаттардын келип түшүүсүн камсыздасын;

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана 1 жана 2-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бүткүл тексти боюнча "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"6. Департаменттин толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертизалоо департаменти";

расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики";

3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бүткүл тексти боюнча "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"7. Департаменттин толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти";

расмий тилде: "Департамент жилищно-гражданского строительства при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".";

- бүткүл тексти боюнча "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бүткүл тексти боюнча "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"6. Борбордун толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуштагы сертификациялоонун республикалык борбору";

расмий тилде: "Республиканский центр сертификации в строительстве при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".";

- бүткүл тексти боюнча "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

5) жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесинде:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 10-пунктунда жана 12-пунктунун сегизинчи абзацында "Мамкурулушрегионөнүктүрүү" деген кыскартылган сөз "Мамкурулуш" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Описание: 119195_300719kyr.png