Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\dba4b483-56cc-435d-a56a-1f26932dbf7a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 383

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн системасын өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа);

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын кызматтык типтүү нускамасы;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар;

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын планы.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүү 2014-жылдын 1-январынан башталат;

- Программанын аткарылышы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:

- отчёттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин;

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

(Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баалоо жүргүзүү маселесинде методикалык жана консультациялык жардам көрсөтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев