|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-августу № 468
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
10-февралындагы № 85
"Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк
бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери
көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
1-главада:
4-пунктундагы "4 ай" деген цифра жана сөз алып салынсын;
46-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
2-глава:
төмөнкү мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"
┌────┬───────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐
│21-1│Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн │ССМ │ИИМ │Акы │
│ │сырткары стоматологиялык жардам│ │ │төлөнөт │
│ │көрсөтүү │ │ │ │
└────┴───────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘
";
төмөнкү мазмундагы 25, 26-пункттар менен толукталсын:
"
┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐
│25 │Мамлекеттик саламаттык сактоо │ССМ │ССМ │Акы │
│ │уюмдарынын патологоанатомиялык │ │ │төлөнөт │
│ │бюросунун өлүкканасынын же │ │ │ │
│ │бөлүмдөрүнүн муздаткычында каза │ │ │ │
│ │болгондордун денесин сактоо │ │ │ │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤
│26 │Мамлекеттик саламаттык сактоо │ССМ │ССМ │Акы │
│ │уюмдарынын патологоанатомиялык │ │ │төлөнөт │
│ │бюросунун өлүкканасынын же │ │ │ │
│ │бөлүмдөрүнүн муздаткычында │ │ │ │
│ │биологиялык калдыктарды сактоо │ │ │ │
└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘
";
3-глава төмөнкү мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:
"
┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐
│28 │Врачтын жолдомосу боюнча │СӨМ │СӨМ │Акы │
│ │майыптуулук тобу жок муктаж │ │ │төлөнөт │
│ │болгон жарандарга, белгиленген │ │ │ │
│ │тизмектен сырткары │ │ │ │
│ │протездик-ортопедиялык буюмдарды│ │ │ │
│ │даярдоо жана берүү │ │ │ │
└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘
";
4-глава төмөнкү мазмундагы 92-пункт менен толукталсын:
"
┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐
│92 │"Кыргыз Республикасынын спорт │ДТжСМА │ДТжСМА │Акы │
│ │чебери", "Кыргыз Республикасынын│ │ │төлөнөт │
│ │эл аралык класстагы спорт │ │ │ │
│ │чебери", "Кыргыз Республикасынын│ │ │ │
│ │спортуна эмгек сиңирген чебер" │ │ │ │
│ │күбөлүктөрүнүн жуп нускаларын │ │ │ │
│ │берүү │ │ │ │
└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘
";
- 6-главанын 16-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |