Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 384

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429, 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540,
2014-жылдын 7-октябрындагы № 579, 2014-жылдын 22-октябры № 609, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 7-июлу № 458, 2015-жылдын 2-ноябры № 759 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн системасын өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуучу минимум базалык ставка 5000 сом өлчөмдө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселик коэффициенттер, 1-4-тиркемелерге ылайык;

- мамлекеттик кызматчылардын класстык жана атайын чендери үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломаттык ранг үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 5-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 6-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 7-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы отпускага чыгаарда ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт;

- бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашап иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча төлөнөт;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга иштин жашырын мүнөзү үчүн кызматтык маянасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык кошумча төлөнөт.

31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын ишинин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, чыгармачылык жана кесипкөй демилгеси үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.

Аталган дем берүүчү төлөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябры № 609 токтомунун редакциясына ылайык)

З2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мамлекеттик кызматкерлерине 2015-жылдын ичинде тѳрт айлык эмгек акы фонду ѳлчөмүндѳгү каражаттар сый акы берүүгѳ жумшалат деп белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-ноябры № 759 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча):

- бул токтомду колдонуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 (КПҮ) токтому ушул токтомдо эмгек акысын төлөөнүн шарттары каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга карата колдонулбайт.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана:

- 2013-жылдын 1-августунан баштап 9-тиркеменин 1-тизмесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына карата колдонулат;

- 2013-жылдын 1-октябрынан баштап 10-тиркеменин 2-тизмесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн колдонулат.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер, финансы жана кредит саясаты бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
1-тиркеме

 

Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик
кызматчылардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │             Кызмат орундун аталышы                │   Эселүү     │

│  │                                                   │ коэффициент  │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│1 │Министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы           │     4,8      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым │     4,4      │

│  │укуктуу өкүлү, администрациялык ведомствонун       │              │

│  │директору (төрагасы), Кыргыз Республикасынын       │              │

│  │Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы,      │              │

│  │министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин     │              │

│  │төрагасынын орун басары                            │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым │     3,9      │

│  │укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары               │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│4 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым │     3,7      │

│  │укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү          │              │

│  │мамлекеттик администрация башчысы - аким,          │              │

│  │администрациялык ведомствонун директорунун         │              │

│  │(төрагасынын) орун басары, Кыргыз Республикасынын  │              │

│  │Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын    │              │

│  │орун басары - башкы окумуштуу катчысы              │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│5 │Акимдин биринчи орун басары                        │     3,5      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│6 │Министрликтеги, мамлекеттик комитеттеги, Кыргыз    │     3,4      │

│  │Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык │              │

│  │ведомстводогу бөлүнүштүн жетекчиси, Кыргыз         │              │

│  │Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун  │              │

│  │жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын │              │

│  │алдындагы аткаруучу кеңештин мүчөсү, милдетти      │              │

│  │туруктуу негизде аткаруучу, акимдин орун басары    │              │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
2-тиркеме

 

Айрым мамлекеттик органдардагы саясий кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │             Кызмат орундун аталышы                │   Эселик     │

│  │                                                   │ коэффициент  │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│1 │Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика          │     4,8      │

│  │комитетинин төрагасы                               │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы     │     4,4      │

│  │Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын         │              │

│  │директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук          │              │

│  │статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун    │              │

│  │басары                                             │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика          │     3,7      │

│  │комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз        │              │

│  │Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик│              │

│  │тил боюнча улуттук комиссиянын директорунун орун   │              │

│  │басары                                             │              │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

Приложение 2-1

КОЭФФИЦИЕНТЫ КРАТНОСТИ
к должностному окладу государственных служащих, занимающих специальные государственные должности

Наименование должности

Коэффициент кратности

1

Директор Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики

4,2

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна
3-тиркеме

 

Саясий муниципалдык кызмат орундарды ээлеген муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │             Кызмат орундун аталышы                │   Эселик     │

│  │                                                   │ коэффициент  │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│1 │Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, Бишкек     │     4,4      │

│  │шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык кеңешинин   │              │

│  │төрагасы                                           │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │Облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы,      │     3,7      │

│  │облустук маанидеги шаардын мэри, республикалык     │              │

│  │маанидеги шаардык кеңештин төрагасынын орун басары │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │Райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы,      │     2,9      │

│  │райондук маанидеги шаардын мэри                    │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│4 │Айыл өкмөттүн башчысы                              │     2,4      │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
4-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын администрациялык кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын аныктоодо колдонулуучу
КОЭФФИЦИЕНТТЕРДИН ТАРАМЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

 

 

 

 

 

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер

 

 

 

 

 

 

Администрациялык ведомстволор, Улуттук гвардия, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик органдардын ведомствого караштуу мекемелери, Жогорку соттун алдындагы окуу борбору

 

 

 

 

 

Мамлекеттик органдардын регион аралык, облустук жана шаардык (Бишкек жана Ош ш.) структуралары, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек жана Ош ш. шаардык кызматтары

 

 

 

 

Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаарлардын) структуралары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук структуралары

 

 

 

Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери

 

 

Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын классификациясы/деңгээли

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

Жогорку "А"

Х

Х

Х

Х

Х

4,20

4,41

4,63

4,86

5,11

5,36

5,63

5,91

6,21

6,52

6,84

Жогорку "Б"

Х

Х

Х

3,31

3,48

3,65

3,83

4,03

4,23

4,44

4,66

4,89

5,14

5,40

5,67

5,95

Башкы "А"

Х

2,61

2,74

2,88

3,02

3,18

3,33

3,50

3,68

3,86

4,05

4,26

4,47

4,69

4,93

5,17

Башкы  "Б"

2,07

2,18

2,29

2,40

2,52

2,65

2,78

2,92

3,06

3,22

3,38

3,55

3,72

3,91

4,11

4,31

Улук "А"

1,73

1,81

1,91

2,00

2,10

2,21

2,32

2,43

2,55

2,68

2,81

2,96

3,10

3,26

3,42

3,59

Улук "Б"

1,44

1,51

1,59

1,67

1,75

1,84

1,93

2,03

2,13

2,23

2,35

2,46

2,59

2,72

2,85

2,99

Кенже "А"

1,20

1,26

1,32

1,39

1,46

1,53

1,61

1,69

1,77

1,86

1,95

2,05

2,16

2,26

2,38

2,49

Кенже "Б"

1

1,05

1,1

1,16

1,22

1,28

1,35

1,41

1,48

1,56

1,63

1,72

1,8

1,89

1,99

2,09

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
5-тиркеме

 

Мамлекеттик кызматчылардын класстык жана атайын чендери үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломаттык ранг үчүн
КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │   Класстык жана атайын чен, дипломатиялык ранг    │ Кошумчалардын│

│  │                                                   │   өлчөмдөрү  │

│  │                                                   │  (сом менен) │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                       1. Жогорку кызмат орун                        │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│1 │Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик      │     1800     │

│  │кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик      │              │

│  │кеңешчиси                                          │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик      │     1700     │

│  │кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик      │              │

│  │кеңешчиси, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи        │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик      │     1600     │

│  │кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик      │              │

│  │кеңешчиси, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчи   │              │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                        2. Башкы кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│4 │Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси,       │     1400     │

│  │юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, 1-класстагы      │              │

│  │кеңешчи                                            │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│5 │Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси,       │     1300     │

│  │юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, 2-класстагы      │              │

│  │кеңешчи                                            │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│6 │Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси,       │     1200     │

│  │юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, 1-класстагы      │              │

│  │биринчи секретарь                                  │              │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                         3. Улук кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│7 │Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору,      │     1000     │

│  │1-класстагы юрист, 1-класстагы экинчи секретарь    │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│8 │Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору,      │      900     │

│  │2-класстагы юрист, 2-класстагы экинчи секретарь    │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│9 │Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору,      │      800     │

│  │3-класстагы юрист, үчүнчү секретарь, атташе        │              │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                        4. Кенже кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│10│Мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, кенже юрист│      600     │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
6-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чени үчүн
КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │                   Класстык чен                    │Класстык чен  │

│  │                                                   │    үчүн      │

│  │                                                   │кошумчалардын │

│  │                                                   │  өлчөмдөрү   │

│  │                                                   │ (сом менен)  │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                        1. Башкы кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│1 │1-класстагы муниципалдык кеңешчи                   │     1400     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │2-класстагы муниципалдык кеңешчи                   │     1300     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │3-класстагы муниципалдык кеңешчи                   │     1200     │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                         2. Улук кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│4 │Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси       │     1000     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│5 │Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси       │      900     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│6 │Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси       │      800     │

├──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┤

│                        3. Кенже кызмат орун                         │

├──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┤

│7 │Муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору      │      600     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│8 │Муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору      │      500     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│9 │Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору      │      400     │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
7-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык
КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ

 

┌──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐

│№ │           Иш стажы              │ Иштеген жылдары үчүн пайыздык  │

│  │                                 │    кошумчалардын өлчөмдөрү     │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│1 │1ден 3 жылга чейин               │              5%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│2 │3төн 5 жылга чейин               │             10%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│3 │5тен 10 жылга чейин              │             15%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│4 │10дон 15 жылга чейин             │             20%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│5 │15тен 20 жылга чейин             │             25%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│6 │20дан 25 жылга чейин             │             30%                │

├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤

│7 │25 жылдан ашык                   │             40%                │

└──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┘

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
9-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын
1-ТИЗМЕСИ

 

1. Кызмат орундары Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөр) жана алардын бөлүнүштөрү.

2. Өкүлдүк органдар (жергиликтүү кеңештер)(*), жергиликтүү кеңештердин аппараттары.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

 

(*) Жергиликтүү кеңештерде жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жана республикалык маанидеги шаардык кеңештердин төрагасынын орун басарларына эмгек акы төлөөнүн шарттары аныкталган.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
28-июнундагы № 384 токтомуна
10-тиркеме

 

Мамлекеттик органдардын
2-ТИЗМЕСИ

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429, 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540,
2014-жылдын 7-октябрындагы № 579, 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын аппараттары.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктү кошпогондо).

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.

8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

9. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги.

10. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги.

11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги.

13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (Жарандык авиация агенттигин кошпогондо).

14. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги.

15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

251. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Окуу борбору.

27. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.

28. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.

29. Жогорку аттестациялык комиссия.

30. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).

32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар)

Эскертүү: мамлекеттик органдарда эмгек акы төлөөнүн шарттары борбордук аппараттардын, ведомствого караштуу жана аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрдүн мамлекеттик кызматчылары үчүн аныкталган.