Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3007cd10-57f7-437b-8bdc-6dcbc3c681e0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-декабры № 710

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун  өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Китеп басып чыгаруу жана таркатуу тутумун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун  өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Тиркелген:  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы “Достук үйүнүн дирекциясы” деген сөздөрдөн кийин “, Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев