Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-августундагы № 450 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cbc19538-2fd8-4b24-8cdf-af1cde2b5a9b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-декабры № 711

Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, шаар куруу, архитектура жана курулуш иштери чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин аталган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган Кодексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШААР КУРУУ КОДЕКСИ

 

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-бап. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги атоолор жана аныктамалар

 

Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги атооолор жана аныктамалар колдонулат:

 архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор) – социалдык, экономикалык, функциялык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык - гигиеналык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана курулуш объекттеринин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керектүү көлөмдө объектиге башка талаптарды  комплекстүү түрдө эске алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтердин бөлүгү;

архитектуралык-пландоо шарты (АПШ) – архитектуралык шарттарды жана талаптарды, анын ичинде курулуш объектисинин функциялык арналышына, жайгашуусуна жана негизги параметрлерине, ошондой эле инженердик тарамдарга кошулууга техникалык шарттарды, санитардык, өрткө каршы, экологиялык шарттарды жана шаар куруу документтерине ылайык объекттерди долбоорлоого чектөөлөрдү камтыган архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары тарабынан берилүүчү документ;

архитектуралык иш – архитектуралык объекттин долбоор алдындагы жана долбоордук документтерин иштеп чыгуунун чыгармачылык процесси, ошондой эле курулуш долбоорун жана кыймылсыз мүлктүн башка өзгөртүүлөрүн макулдашуу жана экспертизалоо;

архитектуралык - курулуштук долбоор – долбоор алдындагы жана долбоорду иштеп чыгуу стадиясындагы долбоордук жана сметалык документтерди камтыган документ;

нарктын базистик (туруктуу) деңгээли – белгилүү күнгө карата белгиленген сметалык баалардын негизинде аныкталуучу нарк;

калктуу конуштардын башкы планы – калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнүн келечектүү шаар куруу пландоосу жөнүндө шаар куруу документтери;

объекттин башкы планы – объектти (имаратты, курулушту, комплексти) аймакта (жер участогунда) жайгаштыруу, чарбалык тейлөө уюмдары тарабынан транспорттук коммуникацияларды, инженердик тарамдарды өткөрүү, комплекстүү абаттоо, жашылдандыруу маселелерин жана долбоорлонгон объектинин жайгашкан жерине байланышкан башка иш-чараларды комплекстүү чечүүнү камтыган объектини куруу долбоорунун бөлүгү;

башкы подрядчы - тийиштүү уруксаттамасы бар курулуш уюму, ал тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде объектти пайдаланууга берүүнү кошкондо объекттин курулушу боюнча башкы подрядчы менен келишим боюнча долбоорго ылайык иштин атайын же айрым түрлөрүнүн бөлүгүн аткарган субподрядчы катары зарыл учурда башка уюмдарды тартуу менен, объектти куруу боюнча бардык долбоордук документтерде жана келишимде каралган иштерди аткарат;

башкы долбоорчу – долбоорлоо (долбоорлоо-изилдөө) иштеринин белгилүү түрүнө уруксаттамасы бар долбоорлоо уюму, ал инвестор же тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат; 

шаардык агломерация – аныкталган шаар-борбору бар, ургаалдуу өндүрүштүк, эмгектик, маданият-тиричиликтик жана рекреациялык байланыштары менен бир бүтүнгө бириктирилген конуштардын (негизинен шаардык) компакттуу мейкиндик топтору;

шаардын, кыштактын чеги, калктуу конуштун чеги –шаардын жана башка калктуу конуштун жерлерин жерлердин жана жер фондусунун башка категорияларынан бөлүп турган тышкы чек аралары;

 мамлекеттик шаар куруу кадастры  – аймакты пайдалануунун социалдык - укуктук режиминин белгилери, имараттардын, курулмалардын архитектуралык - пландоо параметрлери, инженердик-техникалык жабдылышынын, ресурс менен камсыз болушунун деңгээли жана айлана-чөйрөнүн абалы боюнча шаар курууну жөнгө салуунун аймагын мүнөздөгөн картографиялык, статистикалык, тексттик маалыматтарды камтыган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү тутуму; 

 мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлү – долбоор алдындагы жана долбоордук документтерге экспертиза өткөрүү аркылуу алардын ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келүүсүн, ошондой эле курулуш жана монтаждоо иштерин аткаруунун бекитилген долбоордук чечимдерине шайкеш келишин, объекттерди курууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөл;

мамлекеттик ченемдер (мамлекеттик ченемдик документтер) – ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана техникалык регламенттердин, ченемдик – техникалык  документтердин, адамдын турмушуна жана жашоо - тиричилигине жагымдуу, коопсуз, зарыл шарттарды камсыз кылуучу башка милдеттүү талаптардын, шарттардын жана чектөөлөрдүн  тутуму;

 убактылуу токтотмолор (паркингдер) – объектилерге келгендердин жеңил автомобилдерин убактылуу токтотуу үчүн арналган ачык аянтчалар;

шаар куруу – калктуу конуштарды жана өзүнчө аймактарды пландоо жана куруу жаатындагы юридикалык жана жеке жактардын иши, ал коомдук экономикалык, курулуш-техникалык, архитектуралык-көркөм, санитардык-гигиеналык, экологиялык проблемалардын татаал комплексин чечүүнү камтыйт жана типтүү курулуштардын бир түрдүүлүгүн болтурбоо, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу менен курулушту илимий негизде реконструкциялоого багытталган, буга кооптуу өндүрүштүк объектилерди, суу плотиналарын жана курулмаларын, почта, электр байланыш объектилерин, электр чордондорду, көмөк чордондорду куруу жана долбоорлоо, имараттарды, курулмаларды куруунун башка түрлөрү кирет;

 аймактын шаар куруу сыйымдуулугу– шаардын пландоо түзүмүндө аймактын жерине жана ролуна шайкеш келген куруунун көлөмү;

шаар куруу долбоорлору – аймактарды (калктуу конуштарды) жана тоомдорду же алардын бөлүктөрүн комплекстүү аймактык шаар куруучулук пландоо, уюштуруу, өнүктүрүү, куруу ойлорун камтыган долбоорлор;

 шаар куруу документтери – аймактарды өнүктүрүүнүн жана куруунун шаар куруу пландоосу жөнүндө документтердин комплекси, шаардын, башка калктуу конуштардын башкы планы, шаардын чегинин долбоору, пландоонун, чек белгилөөнүн, куруунун долбоорлору жана муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарын шаар куруучулук өнүктүрүү жаатындагы башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу башка зарыл документтер;  

 аймактарды шаар куруу жагынан баалоо – комплекстүү көп факторлуу талдоо, анын натыйжасы болуп аймактарды баалоо жана баалуулугу боюнча чөлкөмгө бөлүү эсептелет; 

 шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөргө бөлүү – аймактык чөлкөмдөрдүн чектерин, ушундай чөлкөмдөрдүн чегинде жер участокторун жана капиталдык курулуш объекттерин пайдалануунун шаар куруу регламенттерин аныктоо максатында калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөргө бөлүү; функциялык пайдаланууга (функциялык чөлкөмгө бөлүү), курууга (курулуштук чөлкөмгө бөлүү) жана шаардын айрым бөлүктөрүнө ландшафты (ландшафттык чөлкөмгө бөлүү) уюштурууга милдеттүү талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөө;

 шаар куруу регламенти – аймактарды (жер участокторун) жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга режимдер, уруксаттар, чектөөлөр (чектөөлөрдү, тыюу салууну жана сервитуттарды кошкондо), ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте алардын абалына ар кандай жол берилген өзгөрүүлөр;

шаар куруу ресурстары – жер, жер казынасы, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле калктуу конуштардын аймактары жана жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүүнүн ажырагыс компоненти болуп саналган алардын тутумдары;

турак жай, аралаш турак жай курулуш тобу – турак жай участогун, аралаш турак жай курулушун жана жалпы пайдаланылуучу аймактарды: жашылдандырылган аймактарды (гүлзарлар, бульварлар), күнүмдүк жана мезгилдүү пайдаланылуучу объекттерди, бала бакчаларды, гараж-токтотмолорду, өтмөктөрдү, автотоктотмолорду жана квартал же кварталдын бөлүгү түрүндө түзүлүүчү башка объекттерди өзүнө камтыган аймак;

курулуш продукциясынын шайкештигин декларациялоо – өндүрүүчүнүн (өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак, сатуучу) жүгүртүүгө чыгарылган курулуш продукциясынын колдонулуудагы техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастоо формасы;

 шайкештик жөнүндө декларация - өндүрүүчүнүн (өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жак, сатуучу) жүгүртүүгө чыгарылган курулуш продукциясынын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастаган документ;

 турак жай-жарандык курулуш – турак жай, социалдык - тиричилик жана маданий багыттагы объекттердин, анын ичинде турак үйлөрдүн, мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, агартуу жана саламаттык сактоо объекттеринин, спорттук - оюн – зоок объекттеринин, ошондой эле коммуналдык – тиричиликтик чарба объекттеринин курулушу;

 жашоо аймактары - заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берген жашоо чөйрөсүн уюштуруу үчүн арналган аймактар, алар шаар куруу ченеминин төмөнкү объекттери түрүндө түзүлөт:

 1) коомдук чөлкөмдөрдүн, турак жай топторунун жана кичи райондордун курамындагы турак жай, аралаш турак жай курулуш участоктору;

 2) коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын   курамындагы же башка функциялык багыттагы комплекстер жана чөлкөмдөр менен жанаша жайгашкан өзүнчө турак жай, аралаш турак жай топтору;

3) жашоо райондорунун курамындагы же башка функциялык багыттагы комплекстер жана чөлкөмдөр менен жанаша жайгашкан өзүнчө кичи райондор;

4) жашоо райондору;

жашоо району– аянты 75 гектардан ашкан аймак. Жашоо районунун калкы өзүнүн аймактарынын чегинде күнүмдүк жана мезгилдүү тейлөө объекттеринин комплекси менен камсыз кылынат;

имарат – жер менен бекем байланышкан, арналышына өлчөөсүз зыян келтирбестен жылдырууга мүмкүн болбогон ар кандай курулуш;

жашыл сызык – жалпы пайдалануудагы жашыл өсүмдүктөрдү (сейил бактар, бакчалар, гүлзарлар, көчө жээктерин жашылдандыруу) жана атайын багыттагы жашыл өсүмдүктөрдү (питомниктер, токой коргоо сызыктары ж.б.) башка чөлкөмдөрдөн (турак, өндүрүштүк), ошондой эле көчөлөрдөн жана жолдордон бөлүп турган чек ара;

 тапшырыкчы – жеке же юридикалык жак, ал өзүнө таандык же берилген жер участогунда капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, болгон объекттерди реконструкциялоону, капиталдык оңдоону, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдү аткарууну, аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн тийиштүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу өздүк жана башка каражаттарды пайдаланып, долбоорлоо документтерин даярдоону камсыз кылат; 

 инженердик-техникалык, транспорттук жана социалдык инфратүзүм – калктуу конуштардын жана айылдар аралык аймактардын туруктуу өнүгүүсүн жана иштешин камсыз кылуучу транспорт, байланыш, энергетика, суу чарба, ирригациялык тарам, инженердик жабдуулар курулмаларынын жана коммуникацияларынын ошондой эле калкты социалдык жана маданий-тиричилик жактан тейлөө объекттеринин комплекси;

инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр - өндүрүштү башкарууда, курулуштун прогрессивдүү методдорун, технологиялык процесстерди, ыкмаларды ишке киргизүүдө жардам, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, курулушка жана тапшырыкчынын милдеттерин аткаруусуна техникалык көзөмөлдү, кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камтыган иштердин жыйындысы;

 имараттар менен курулмалардын инженердик жабдуулары – адамдардын жашоосу, эмгектениши, материалдык баалуулуктардын сакталышы жана өндүрүштүк процесстердин камсыздалышы үчүн ченемдик жана (же) ыңгайлуу шарттарды түзүүчү инженердик тутумдардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;

курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр – долбоорлонуп жаткан курулуштун районунун, аянтчасынын, участогунун, трассасынын жаратылыштык шарттарын, жергиликтүү курулуш материалдарын жана суу менен жабдуу булактарын комплекстүү изилдөө, жаратылыш чөйрөсүн сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону эске алып, объектилерди долбоорлоодо, курууда экономикалык максаттуу жана техникалык негизделген чечимдерди иштеп чыгууга  зарыл болгон жана жетиштүү материалдарды алуу, ошондой эле ишканаларды, имараттарды, курулмаларды куруунун жана пайдалануунун таасири менен жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүүлөрүнүн болжолун түзүүгө маалымат алуу үчүн жүргүзүлүүчү иштер;

аймактарды пайдалануунун интенсивдүүлүгү (куруунун интенсивдүүлүгү) – шаардын, калктуу конуштун башкы планынын курамында иштелип чыккан, көчө-жол тарамынын схемасына жана шаардык борборлордун тутумдарына ылайык шаардын, калктуу конуштун түзүмүндө аймактардын абалы менен аныкталат, кварталдын (кичи райондун) ченемдик өлчөмү менен туюнтулган курулуштун жыштык көрсөткүчү, аймактын курулуу пайызы жана көчө-жол тарамынын жыштыгы менен мүнөздөлөт;

кадастрдык маалымкат – колдонулуудагы шаар куруу регламентин жана шаар куруу ишин жүргүзүүнүн башка шарттарын мүнөздөгөн шаар куруу кадастрынын расмий маалыматтарын, жер участокторун жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууга коюлган талаптар менен чектөөлөрдү, ошондой эле башка маалыматтык тутумдарынын маалымат берүүчү маалыматтарын камтыган, керектөөчү тарабынан  суралган документ;

 курулуш продукциясынын сапаты – керектөөчүгө жеткирилген  акыркы курулуш продукциясын кошкондо жалпысына бардык кызмат өтөө (иштетүү, пайдалануу, колдонуу) мөөнөтүнүн ичинде менчик ээлеринин (керектөөчүлөрдүн) жана коомдун кызыкчылыгын, коопсуздугун камсыздоого багытталган талаптарды чагылдыруучу мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы;

 квалификациялык тастыктама – адистин ушул чөйрөдөгү кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоочу жана ал же анын жетекчилигинде аткарылган иштердин сапаты жана натыйжасы үчүн адиске жоопкерчилик жүктөөчү документ;

квартал – магистралдык, турак жай көчөлөрүнүн жана өтмөктөрдүн кызыл сызыктар, ошондой эле шаар курууну жөнгө салуунун башка регламенттери менен чектелген, калктуу конуштун, шаардын пландоо түзүмүнүн негизги элементи;

курулуудагы объекттерди консервациялоо – курулуш убактылуу токтотулган мезгилде курулушу бүтө элек объекттин конструкцияларынын, материалдарынын жана жабдууларынын сакталышын жана сапатын камсыздоо боюнча чаралардын комплекси;

шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумдарынын компоненттери – шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары жана маалыматтык технологиялары (программалык, техникалык, лингвистикалык, укуктук, уюштуруу каражаттары);

 кызыл сызыктар – кварталдардын, кичи райондордун аймактарын бөлүп туруучу чек аралар жана пландоо түзүмүнүн калктуу конуштардагы көчөдөн, өтмөктөн жана аянттардан бөлүп турган башка элементтери;

 аймактарды комплекстүү абаттоо – аймакты курулушка, жол салууга даярдоо; суу менен камсыздоо, суу бөлүштүрүү, энергия менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, байланыш, ирригациялык, жамгыр агуучу ж.б. коммуникациялык курулмаларын жана тарамдарын өнүктүрүү; аймакты тазалоо, кургатуу,  жашылдандыруу жана санитардык тазалоо; микроклиматты жакшыртуу, аба бассейнин, ачык көлмөлөрдү жана кыртышты булгануудан коргоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү, тигил же бул аймакты курулуш жана арналышы боюнча таасын пайдалануу, калктын жашоо-турмушуна жарактуу, ыңгайлуу коопсуз жана маданий шарттарды түзүү үчүн жарамдуу абалга келтирүү максатында ишке ашырылуучу башка жумуштардын жана иш-чаралардын жыйындысы;

 курууну жөнгө салуучу сызыктар (куруу сызыктары) – имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды жайгаштырууда  кызыл сызыктардан же жер участогунун чектеринен чегинүү менен (же кызыл сызык менен дал келтирилип) аныкталуучу жана долбоорлонуучу имараттардын, курулуштардын, курулмалардын сырткы томоолорунун жайгашуусун сүрөттөөчү курулуштун чек аралары, ошондой эле көчөлөрдүн жээгиндеги имараттар менен курулмалардын курулушун чектөөчү сызыктар;

мамлекеттер аралык курулуш ченемдери – КМШга катышуучу мамлекеттердин долбоорлоо жана курулуш жаатындагы региондук ченемдик техникалык документи, аны милдеттүү негизде колдонуу үчүн КМШга катышуучу өлкөлөрдүн курулуш ишинде кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңеш бекитет жана курулуш продукцияларына, ошондой эле аны менен байланышкан процесстерге карата талаптарды камтыйт;  

долбоорлоо жана курулуш боюнча эрежелердин мамлекеттер аралык жыйнагы – Курулушта техникалык ченемдөө, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия (КМИТК) тарабынан бекитилген жана ыктыярдуу негизде колдонуу үчүн арналган техникалык эрежелерди, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдүн, долбоорлоонун, курулуштун же курулуш продукцияларын пайдалануунун техникалык регламенттердин жана мамлекеттер аралык курулуш ченемдеринин ага коюлуучу милдеттүү талаптарына шайкеш келүүсүнө жетүү ыкмаларын аныктоочу жол-жоболорун камтыган КМШга катышуучу мамлекеттердин долбоорлоо жана курулуш жаатындагы региондук ченемдик техникалык документи;

курулуштагы мамлекеттер аралык стандарт – КМИТК  тарабынан кабыл алынган, КМШга катышуучу мамлекеттердин региондук стандарты;

чек салуу – чек салуу долбоорлорунда, мурдагы жана кыймылсыз мүлк объектиси катары кайра түзүлгөн жер участокторунун чек ара жерлерин аныктоо, калыбына келтирүү, өзгөртүү жана бекитип берүү боюнча шаар куруу, жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси;

айыл аралык аймактар – калктуу конуштардын чек арасынын чегинен тышкаркы аймактар;

кичи район – аянты 35 гектардан ашпаган, калкынын эсептик саны 25 - 30 миң адамдан көп эмес, өз аймагынын чектеринде күндөлүк тейлөө объекттери, ал эми ченемдик жеткиликтүүлүк чегинде мезгилдүү тейлөө объекттери менен камсыздалган аймак;

 шаар куруу ишинин объекттеринин мониторинги - шаар куруу ишинин объекттеринин абалын, пайдаланылышын жана өзгөрүүлөрүн байкоо тутуму;

илимий-техникалык продукция – илимий-изилдөө, долбоордук, конструктордук, технологиялык бүткөн иштер жана кызмат көрсөтүүлөр, буюмдардын (продукциялардын) тажрыйбалык үлгүлөрүн же тажрыйбалык партияларын даярдоо;

 аяктай элек курулуш – курулуп бүтпөгөн жана белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алынбаган курулуш объектиси;

 ченемдик техникалык документ – иштин белгилүү бир түрүнө же анын натыйжаларына тиешелүү болгон эржелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилеген жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болгон документ;

 курулуш объектиси – тиешелүү жабдуулары жана инженердик коммуникациялары бар өзүнчө турган имарат жана курулма же  имараттар менен курулмалардын комплекси;

 коомдук аймактар – бийлик органдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин; илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын объекттерин; маданият, билим берүү (жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайлары, мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы тарбия берүүчү балдар мекемелери) объекттерин, диний уюмдарды; соода, тейлөө; спорт, эс алуу, саламаттык сактоо объекттерин; мейманкаларды, социалдык кызмат объекттерин жайгаштыруу үчүн арналган аймактар;

 аккредитациялоо боюнча орган – шаар куруу ишинде аккредитациялоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган;

 тастыктамалоо боюнча орган (шайкештигин баалоо жана ырастоо) – шайкештигин ырастоо үчүн аккредитацияланган орган;

 шайкештигин баалоо – курулуш продукцияларына коюулуучу шарттардын жана талаптардын сакталышын түз же кыйыр аныктоо;

куруу жана жер пайдалануу эрежелеринен четтөө – уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринен - курулуштун бийиктигинен, участоктун куруу пайызынан, участоктун чектерине курулуштарды жеткирбей куруудан чегинүү;

курулуштун кезектүүлүгү – имараттан же анын бөлүгүнөн, имараттардын, курулмалардын, инженердик тарамдардын, түзүлүштөрдүн тобунан турган, аны пайдаланууга киргизүү арналышы боюнча автономиялык пайдаланууну камсыздоочу, долбоордук документтерде аныкталган курулуш объектисинин бөлүгү;

тарых жана маданият эстеликтеринин коргоо зонасы – тарых жана маданият эстеликтеринин табигый сакталышын бузууга, ошондой эле аны кабылдоо шарттарын жана баалуу шаар куруу чөйрөсүнүн салттуу параметрлерин бузууга алып келиши мүмкүн болгон ишке тыюу салган, жерлерди пайдалануунун өзгөчө катуу режими бар коргоо зонасынын долбоору менен аныкталуучу тарых жана маданият эстеликтерине тийиштүү аймак;

шаар куруу объектисинин паспорту – ушул шаар куруу объектисине колдонулуучу шаар куруу регламенти жана маалымдама маалыматтары жөнүндө маалымдарды камтыган, белгиленген формадагы документ;

имараттардын же жайлардын багытын өзгөртүү, кайра түзүү – имараттардын же жайлардын функциялык арналышын башка багытка өзгөртүү;

турак-жайдын жыштыгы – участоктун (кварталдын) аймагынын бирдигине (миң кв. метр) туура келүүчү тышкы дубалдардын өлчөмдөрүндө имараттардын жана курулмалардын жер бетиндеги бөлүгүн куруунун ар бир кабатынын суммалык аянты;

потенциалдуу кооптуу объекттер – башка объекттердин туруктуу иштешине өзгөчө коркунуч туудурган, техногендик же экологиялык кырсыктардын болушуна коркунуч келтирген объекттер, ошондой эле ага милдеттүү экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, мамлекеттик экспертиза милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү жарылуу жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу зарыл болгон объекттер;

укуктук шаар куруу чөлкөмдөштүрүүсү – калктуу конуштарды жана шаарларды куруу жана жерлерин пайдалануу эрежелеринде жазылган, аймактарды өнүктүрүүнүн же куруу долбоорунун шаар курууну пландоо долбоорлорунун негизинде же курамында аткарылуучу долбоордук иш;

калктуу конуштарды куруунун жана жерлерин пайдалануунун эрежелери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген, шаар курууну пландоо долбоорлорун жана аймактарды куруу долбоорлорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан калктуу конуштарды куруу жана абаттоо боюнча эрежелердин жыйнагы;

үй алдындагы жер - көп квартиралуу үйгө түздөн түз чектешкен аймак, ага кире бериштери жана үйгө кирүүчү эшиктери, убактылуу автотоктотмолор, жашылдандыруу аймактары, оюн жана эс алуу үчүн аянтчалар, чарба аянтчалары жайгаштырылат. Турак жай, аралаш турак жай куруудагы үй алдындагы жерге өзүнчө турган турак эмес объектилерди, ошондой эле санитардык-гигиеналык талаптар боюнча турак жай курулушунда жайгаштырууга жол берилбеген курулуп уланган турак эмес объектилерди жайгаштырууга тыюу салынат;

кабыл алуу комиссиясы – курулуш объектисинин даярдыгын комплекстик текшерүүнү, технологиялык жабдуулар жана инженердик тутумдарга контролдук сынам жана сыноону жүргүзүп, кабыл алуу актысын түзүү менен курулган объектти пайдаланууга кабыл алган убактылуу коллегиалдуу орган;

кан жолго жанаша аймак – жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөргө, транспорт корридорлоруна, транспорт түйүндөрүнө жанаша жайгашкан аймак, алардын чектери тийиштүү шаар куруу документтери менен аныкталат;

долбоорлоо алдындагы документтер – шаар куруу, архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгуунун алдындагы документтер, ага программалар, отчеттор, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелери, техника-экономикалык эсептөөлөр, илимий, инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, технологиялык жана конструктивдик эсептөөлөр, эскиздер, макеттер, ченөөлөр, объекттерди текшерүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле башка алгачкы маалыматтар жана долбоордук документти иштеп чыгуу, аны андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон материалдар кирет;

курулуштун узактыгы – курулуш аянтында жумуштар башталгандан тартып долбоордо каралган жумуштардын баары толук аткарылганда объекттер менен ишканалардын кубаттуулуктары, алардын кезектери, иштетилүүчү комплекстери жана айрым объекттери ишке киргизилгенге чейинки убакыт аралыгы;

 долбоор – шаар куруу, архитектуралык жана курулуш документтери (чиймелер, графикалык жана тексттик материалдар, инженердик, сметалык эсептөөлөр) түрүндө берилген, адамдын жашоо-тиричилигине зарыл шарттарды камсыздоо боюнча жеке жана юридикалык жактардын же мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көздөмү;

 долбоордук документтер – курулушту, реконструкциялоону же курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн башка өзгөртүүлөрдү камсыздоо үчүн зарыл болгон архитектуралык, функциялык-технологиялык, конструктивдүү жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;

аймактарды жашылдандыруу долбоору – аймакты жашылдандыруу (дендрологиялык план, отургузуу чиймеси, пландоонун бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеси, иштердин көлөмдөрүн эсептөө жана смета менен түшүндүрмө кат) боюнча пландар камтылган долбоордук документ;

 жумуш жүргүзүү долбоору – объекттерди жана курулуштун өнөр жайлык, энергетикалык, турак жай-жарандык жана башка түрлөрүн ишке берүүчү комплекстерин куруунун тартибин, шарттарын, мөөнөттөрүн аныктоочу жана жалпы объект боюнча куруу-монтаждоо жумуштарын аткаруунун ырааттуулугун жана мөөнөтүн белгилөөчү документтер;

архитектура, шаар куруу искусство чыгармасы – жеке жактардын кесиптик ишиндеги чыгармачылык процесстин жыйынтыгы болуп саналган, автордук укук жана автордун (авторлордун) интеллектуалдык менчик объектиси. Ал  долбоордук документ, чийме, макет же эскиз түрүндө белгиленип, автордун көзөмөлүн камтыган, шаар куруу, архитектуралык жана техникалык чечимдери жогорку деңгээлге жетишип, долбоору (долбоордун бөлүгү) ишке ашкан архитектуралык объектти же шаар куруу мейкиндигин түзүүгө багытталган;

 курулуш аянты – төшөмө жээги жана чатырлары менен тышөлчөмүндө жер участкасынын имаратты же курулманы куруу аянты;

өндүрүштүк аймактар – өндүрүштүк-ишкер (тажрыйба участоктору жана өндүрүштөрү бар илим изилдөө институттары, техникалык тейлөө цехтери бар соода ишканалары, басма-типографиялык бөлүмү бар маалымат борборлору ж.б.), өнөр жайлык (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет чыгаруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү ж.б.), коммуналдык-кампалык (ЖЭБ аймактары, тазалоочу курулмалар, от казандары, электр станциялары, газ бөлүштүрүү түйүндөрү, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампа курулмалары, аймактарды механикалык тазалоо машиналарынын токтотмо жайлары, мүрзөлөр), транспорттук жана инженердик объекттерди жайгаштыруу үчүн арналган аймактар; 

ишке киргизүү комплекси – өзүнчө пайдаланууга киргизүү үчүн долбоордук документтерде аныкталган негизги, өндүрүштүк, кошумча арналыштагы имараттардын, курулмалардын бөлүгү же тобу, ал продукциянын болушун, чыгарылышын, кызмат көрсөтүүнү, пайдаланууну, анын ичинде адамдардын жашоосун камсыздайт;

жумушчу документтер - тексттик жана графикалык документтердин жыйындысы, анда курулуш, ал курулуш, монтаждоо жумуштарын жасоо, курулушту жабдуулар, буюмдар жана материалдар менен камсыздоо үчүн зарыл болгон, бекитилген долбоордук документтерде кабыл алынган курулуш объектисинин техникалык чечимдерин ишке ашырууну камсыздайт;

курулушка уруксат - курулуш жүргүзүүгө же кыймылсыз мүлктүн объектилерине башка өзгөртүүлөргө укук берген укук ырастоочу документ;

курулуштун эсептик наркы – жумуштардын өзүнчө түрлөрүнө же өзүнчө объектилерге ирилештирилген эсептик нарктарынын көрсөткүчтөрү боюнча аныкталган, инвестордун же тапшырыкчынын курулушка же учурдагы объектинин башка өзгөртүүлөрүнө толук сарптоолордун болжолдонгон наркы;

 документти шаар куруу кадастрында каттоо – аткарылган  жумуштун жыйынтыгында документ же анын бөлүгү шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизилүүчү, ал эми анда камтылган шаар куруу регламенттери шаар куруу ишинин бардык катышуучулары жана жер участокторунун, ал жерде жайгашкан башка кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлери сактоо үчүн милдеттүү болгон макам алуучу аракет;

реконструкциялоо – имараттардын, курулмалардын (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, тышөлчөмдөрүн, томоолорун), технологиялык жана инженердик жабдуулардын, өндүрүштүк кубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун көлөмүн жана сапатын  көлөмдүк – пландоочу жана жөндүү чечимдерин өзгөртүү;

рекреациялык аймактар – шаар токойлорун, токойлуу сейил бактарын, токойлорду коргоо чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарбасында пайдаланылуучу жерлерди жана сейил бактар, бакчалар, гүлзарлар жана бульварлар менен бирге селитебдүү аймакта жайгаштырылган жана адамдардын эс алуусу (эмгектүүсү) үчүн ачык мейкиндик тутумун түзүүчү башка жерлерди камтыган аймактар;

санитардык ажырымдар - зыяндуу таасир берүү булактарынан (өндүрүштүк, кампалык объекттер, инженердик курулмалар, автомагистралдар, темир жол транспортунун сызыктары, магистралдык түтүк өткөргүчтөр ж.б.) турак жай курулушунун, ландшафттык-рекреациялык чөлкөмдүн, эс алуу чөлкөмүнүн, курорттун чектерине чейинки минималдуу аралык менен аныкталуучу ажырымдар. Санитардык ажырымдар санитардык-коргоо чөлкөмүнүн режимине ээ болот, бирок аны уюштуруу долбоорун иштеп чыгууну талап кылбайт;

 санитардык-коргоо чөлкөмү – атайын багыттагы чөлкөмдөрдү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын жана калктуу конуштардагы башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампалык объекттерди жакынкы селитебдүү аймактардан, турак жай-жарандык арналыштагы имараттар менен курулмалардан аларга жагымсыз факторлордун таасирин азайтуу максатында бөлүп туруучу аймак;

 селитебдүү аймак – турак жай, коомдук жана рекреациялык  аймактарды, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн айрым бөлүктөрүн, жайгаштырылышы жана иши атайын санитардык-коргоо чөлкөмүн талап кылган, таасир көргөзбөгөн башка объектилерди жайгаштыруу үчүн арналган калктуу конуштун аймагынын бөлүгү;

 курулуш объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугу – курулуш объекттеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдүү коопсуздугун, анын тийиштүү жер титирөө таасирлерин эсепке алуу менен камсыздоо;

 курулуш продукцияларын тастыктамалоо – техникалык регламенттердин талаптарына продукцияларды тастыктамалоо (шайкештигин ырастоону баалоо) боюнча орган тарабынан шайкештикти милдеттүү (же ыктыярдуу) ырастоо формасы;

 көк сызык – суу объектилерин (суулар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар ж.б) пландаштыруу түзүмүнүн (турак жай, өндүрүштүк, рекреациялык чөлкөмдөр) башка элементтеринен, ошондой эле көчөлөр менен жолдордон бөлүп турган сызык;

 көмүскө жумуштар – имараттарды жана курулмаларды текшерүүдө жана пайдаланууга берүүдө көрүп баалоо үчүн мүмкүн болбогон (пайдубал салуу, суу кирүүдөн коргоо, темир-бетон конструкцияларында арматураны жана башка тетиктерди орнотуу ж.б.), подряддык курулуш уюму тарабынан жасалган иштердин айрым түрлөрү;

 сметалык документтер – курулушка же колдонулуудагы объекттин башка өзгөртүүлөрүнө анын сметалык же эсептик наркына (жыйынды сметалык эсептөө, баалоо отчету) ылайык инвестордун (тапшырыкчынын) болжолдогон чыгымдарынын наркы жөнүндө долбоордун негизинде аткарылуучу документ;

 курулуштун сметалык наркы – долбоорго ылайык курулушту толук ишке ашыруу жана негизги фонддорду ишке киргизүү үчүн керек болгон, ченемдик көрсөткүчтөр боюнча аныкталуучу сарптоолордун акчалай туюнтулушу;

курулуш авариясы - объектти куруу же аны пайдалануу процессинде курулуш объектисинин же анын бөлүгүнүн капысынан болуучу кыйроосу;

 курулуш аянтчасы – жумуштарды жүргүзүүнүн шарттары менен аныкталуучу аймактын убактылуу берилгенин эске алуу менен курулуш объектисин жайгаштыруу үчүн, ошондой эле куруу-монтаждоо уюмдарынын кызматтарын жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте долбоорго ылайык берилген жер участогу;

 курулуш продукциясы – жеке жана юридикалык жактардын материалдык-заттык түрдө берилген жана шаар куруу иши, анын ичинде: изилдөөлөр, долбоорлор, материалдар, буюмдар, конструкциялар, имараттар жана курулмалар үчүн арналган же таандык болгон ишинин натыйжасы;

курулма – жасалма курулган көлөмдүү, жер менен бекем байланышкан, жалпак же тилкелик объект (жер үстүндөгү/суу үстүндөгү же жер алдындагы/суу алдындагы), анда табигый же жасалма чек аралары бар жана долбоорго ылайык функционалдык же өндүрүштүк процесстерди аткаруу, ошондой эле инженердик жабдууларды же коммуникацияларды жайгаштыруу (төшөө) үчүн арналган;

жашоо тиричиликтин социалдык-кепилденген шарттары - аймактарды долбоорлоодо (реконструкциялоодо) шаар куруу ченемдөөсүнүн объекттерин функционалдык-пландоону уюштуруунун ченемдик параметрлерин сактоо менен жетишилүүчү заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берген шаар чөйрөсүнүн абалы;

атайын жумуштар – кыртышты таптоо жана бекемдөө, технологиялык жабдууларды жана контролдоо каражаттары менен автоматика жабдууларын монтаждоо, түтүк өткөргүчтөрдү изоляциялоо,  инженердик-транспорттук коммуникацияларды куруу, электр-монтаждоо, газ-монтаждоо, токту азайтуу, желдеткич, жылуулук техникалык, гидротехникалык, ирригациялык, машина куруучулук жана курулуш объекттерине байланышкан иштерди аткаруу боюнча жумуштар;

 кыймылсыз мүлктүн курулуштук өзгөрүүлөрү – жер участогунун учурдагы жайгашуусун өзгөртүү (жаңы имараттар менен курулмаларды куруу, турган имараттарга же курулмаларга улап куруу, имараттарды же курулмаларды реконструкциялоо, кайра пландоо, бузуу, жер казуу жумуштары, инженердик тарамдарды реконструкциялоо жана жер участогун абаттоо);

 курулуш өндүрүшү – курулушту даярдоо жана негизги мезгилдерде аткарылуучу курулуш-монтаждоо жана атайын жумуштарды кошкондо түздөн түз курулуш аянтчасында аткарылуучу өндүрүштүк процесстердин жыйындысы; 

 куруу-монтаждоо жумуштары – имараттарды жана курулмаларды көтөрүү жана монтаждоо боюнча аткарылуучу жумуштардын комплекси;

курулуш (курулуш иши) - курулуш, монтаждоо (ажыратуу), көмөкчү, транспорттук жана технологиялык иштердин комплексин камтыган, жаңы имараттарды, курулмаларды көтөрүү жана (же) турган имараттарды, курулмаларды, аны менен байланышкан технологиялык жана инженердик жабдууларды өзгөртүү процесси. Имараттарды жана курулмаларды оңдоо, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды даярдоо (өндүрүү), курулуп бүтө элек объектилердин курулушун токтото туруу жана объектилерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча иштер;

субподрядчы – башкы подрядчы же тапшырыкчы менен келишим боюнча иштеген, тийиштүү уруксаттамасы бар, конкреттүү объектти куруу боюнча жумуштардын атайын же айрым түрлөрүн аткаруучу адистештирилген уюм;

 кабаттар боюнча суммаланган аянт – кабаттын бардык жайларынын аянттарын кошкондо, имараттын бардык жер үстүндөгү кабаттарынын суммаланган аянты (анын ичинде лоджиялардын, тепкичтик торчолордун, лифттик шахталардын жана башка аянттардын);

 жалпы пайдалануу аймактары – адамдардын чектелбеген чөйрөсү тоскоолдуксуз пайдаланган аймактар, анын ичинде кварталдардын (кичи райондордун) аймагынан тышкары жайгашкан аянттар, көчөлөр, суу жээктери, бульварлар жана кварталдардын (кичи райондордун) аймагындагы өтмөктөр менен гүлзарлар;

жаратылыш комплексинин аймактары – турак жай, коомдук, өндүрүштүк курулуштардын участокторунун курамындагы сейил бактар, бакчалар, гүлзарлар, бульварлар, жашыл бак-дарактар аймактары түрүндөгү шаар куруунун ченемге салынган объекттери;

 аймактык пландоо – аймактарды өнүктүрүүнү пландоо, анын ичинде функциялык чөлкөмдөрдү, мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн капиталдык курулуш объекттерин, пландалган жайгаштыруу чөлкөмдөрүн, аймактарды пайдалануунун өзгөчө шарттары бар чөлкөмдөрдү аныктоо үчүн;

 техникалык көзөмөл – аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмдөрүн жана сапатын кабыл алуу боюнча тапшырыкчынын техникалык өкүлү тарабынан ишке ашырылуучу курулушка болгон көзөмөл;

 шаар куруу ишиндеги техникалык жөнгө салуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу техникалык регламенттерди (алар жок болсо - курулуш ченемдерин жана эрежелерин), стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу жаатындагы, курулуш продукциясынын шайкештигин баалоо (ырастоо), контролдоо жана мамлекеттик көзөмөлдөө жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу;

техникалык корутунду – каралуучу объект боюнча же анын айрым элементтери боюнча инженердик-техникалык, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн, объекттин техникалык абалы жөнүндө толук маалыматты, ченемдик-техникалык актылардын талаптарына ылайык аны калыбына келтирүү, күчөтүү же бузуу боюнча сунуштарды жана техникалык чечимдерди камтыган расмий документ;

көчө-жол тарамдары - шаарды (калктуу конушту) функционалдык-пландаштырууну уюштуруу менен өз ара байланыштырылган бирдиктүү жалпы шаардык тутумда түзүлгөн көчөлөрдүн, аянттардын жана жөө кишилер жүрүүчү жерлердин тарамы;  

көчө, аянт – шаардын (калктуу конуштун) көчө-жол тармагын кызыл сызыктар менен чектеген аймак;

 бөтөнчө, техникалык татаал жана өзгөчө кооптуу объекттер – 60 метрден ашык бийиктиктеги имараттар жана курулмалар, ЖЭБдин башкы корпустары жана ири ГЭСтер, арышы 36 метрден ашкан курулмалар, узуну 60 метрден ашкан  тоннелдер, ошондой эле эксперимент катары аныкталган же эсептөөнүн атайын методу колдонулуучу же иштелип чыгуучу конструкциялардан аткарылган объекттер;

 аймактарды туруктуу өнүктүрүү – шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда коопсуздукту жана адамдын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды камсыздоо, чарбалык жана башка иштердин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин чектөө жана азыркы, келечектеги муундардын кызыкчылыгы үчүн жаратылыш ресурстарын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;

 турак жай, аралаш турак жай курулуш участогу –аянты 1,5 гектарга чейинки аймак, ага үй алдындагы жерлери менен ар түрдүү кабаттагы турак үйлөр жайгаштырылат;

 фунциялык-пландоо түзүлүшү – бүтүндөй шаар куруу түзүлүшү түрүндөгү шаардын (калктуу конуштун) аймагынын бөлүгү, ал үчүн аймактын функциялык багытына жараша жашоо тиричиликтин социалдык-кепилденген шарттарынын комплексин камсыз кылуучу чек аралар, аймактык регламенттер, шаар куруу ченемдери жана эрежелери белгиленген;

 функциялык чөлкөмдөр – аймактык пландоо документтери менен чек аралары жана функциялык багыты аныкталган чөлкөмдөр;

 объекттин экологиялык паспорту – аймактын функциялык багыты (өндүрүштүк чөлкөмдөр, турак жай чөлкөмдөрү, рекреациялык чөлкөмдөр, суу магистралдары жана акваториялар, транспорттук коммуникациялар, шаарга чектеш чөлкөмдөр) боюнча түзүлгөн экологиялык маалыматтардын маалымат базасы;

долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү – долбоор алдындагы же долбоордук документтерди текшерүү жана талдоо, ал эксперт тарабынан жүргүзүлүп, андагы кабыл алынган сапатынын инженердик изилдөөлөрдүн натыйжасына, ошондой эле тийиштүү кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого ченемдик техникалык документтер менен белгиленген талаптарга  шайкештиги жөнүндө калыс пикирди билдирет;

сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү – курулушка же турган объекттердин башка өзгөрүүлөрүнө инвестордун болжолдонгон тикелей сарптоолорунун эсептөөлөрүн текшерүү жана талдоо, ал эксперт тарабынан жүргүзүлүп, ченемдик жана эсептик көрсөткүчтөргө колдонулган баалардын негиздүүлүгү жана долбоордук документке ылайык бул сарптоолордун эсептөөлөрүнүн тууралыгы жөнүндөгү калыс пикирди билдирет;

 эскиздик долбоор – долбоордун негизги идеясын билдирүүчү эскиз (схема, чийме, алгачкы сомо) түрүндө аткарылган  долбоордук чечимдин жөнөкөйлөтүлгөн түрү;

энергетикалык натыйжалуулук – энергетикалык ресурстарды пайдалануудан пайдалуу натыйжа алуу максатында, өндүрүлүп чыккан энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге колдонулуучу пайдалуу натыйжанын катышын чагылдырган мүнөздөмө;

 энергетикалык натыйжалуулук классы - продукциянын энергетикалык натыйжалуулугун чагылдырган мүнөздөмө;

имараттын энергетикалык паспорту – имараттардын жана имараттардын долбоорлорунун, тосмо конструкциялардын геометриялык, энергетикалык жана жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган, ченемдик документтин талаптарына алардын шайкештигин аныктаган документ.

 

2-берене. Шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдын негизги принциптери

 

Шаар куруу иши жөнүндө мыйзам төмөнкү принциптерге негизделет:

1) аймактык пландоонун жана шаар курууну чөлкөмдөргө бөлүүнүн негизинде бардык деңгээлдеги аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо;

2) адам өмүрүнө, саламаттыгына же келечек муундардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган жашоо-чөйрөсүнүн факторлорунун адамга тийгизген зыяндуу таасирин жокко чыгаруу, шаар куруу ишин жүргүзүүдө экологиялык, экономикалык, социалдык, техникалык жана башка факторлордун балансталган эсебин камсыздоо;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелген адамдардын жана балдардын турак жай, социалдык жана башка багыттагы объекттерге тоскоолсуз кирүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо;

4) шаар куруу документтеринин, куруунун жана жер пайдалануунун эрежелеринин  негизинде объекттердин курулушун  жүзөгө ашыруу;

5) шаар куруу ишин жүзөгө ашырууга жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу;

6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адамдын жашоо тиричилигине социалдык-кепилдик шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилиги;

7) шаар куруу ишин техникалык регламенттердин талаптарын сактоо менен жүзөгө ашыруу;

8) аймактардын коопсуздук талаптарын, инженердик-техникалык талаптарды жана жарандык коргонуу маселелерин сактоо менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну камсыздоо менен шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу;

9) айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу;

10) маданий мурастар объекттерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо талаптарын аткаруу менен шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу;

11) шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна жоопкерчилик;

12) шаар куруу ишинин натыйжасында жеке, юридикалык жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу.

 

3-берене. Шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдар

 

1. Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана төмөнкү ченемдик укуктук актылардан турат:

1) ушул Кодекстен;

 2) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинен, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамынын негизи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу иши менен байланышкан башка мыйзам актыларынан; 

 3) Ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерден.

 

4-берене. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелер

 

Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелер болуп, шаар куруу ишинин бардык түрүнүн натыйжасында адамдын жашоо чөйрөсүн жана турмуш-тиричилигин пландоо, иштетүү, башкаруу жана башка өзгөртүүлөр саналат.

 

5-берене. Шаар куруу ишинин түрлөрү

 

 Шаар куруу ишинин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- долбоорлорду, концепцияларды, схемаларды, программаларды иштеп чыгуу;

- илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүү;

- шаар куруу жана архитектура объекттерин куруу;

- архитектура жана курулуш ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;

- техникалык регламенттерди жана ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;

- шаар куруу жана архитектура объекттерин реставрациялоо жана калыбына келтирүү;

- архитектура жана шаар куруу искусствосунун эстеликтерин коргоо;

- курулуш продукцияларын өндүрүү;

- архитектура жана шаар куруунун жетишкендиктерин пропагандалоо;

 

6-берене. Шаар куруунун жана архитектуранын объекттери

 

 Шаар куруу жана архитектура объекттери шаар куруу ресурстарына - жер, жер казынасы, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгектик, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле  калктуу конуштардын аймактары жана алардын тутумдарына негизделет, адамдардын жашоо - тиричилигинин чөйрөсүн түзүүнүн ажырагыс компоненти болуп саналат да шаар куруу ресурстары менен таанылат. Шаар куруу жана архитектура  объекттерине төмөнкүлөр кирет:

 1) Жайгаштыруу тутуму:

 Республиканын аймагы – түрдүү деңгээлде жайгаштыруунун келечектүү тутумдарын түзүү үчүн база. Республиканын жайгаштыруу тутумун түзүү коомдук өндүрүштүн жайгаштырылуусунан жана өнүктүрүлүшүнөн, калктын социалдык-экономикалык керектөөлөрүнөн, табыгый-климаттык, суу чарба шарттарынан, транспорт тарамынан, минералдык-сырьелук, отун-энергетикалык жана башка ресурстардын жайгаштырылышынан көз каранды.

 Жайгаштыруунун жергиликтүү тутумдары – өндүрүштүк, транспорттук жана башка байланыштар менен тыгыз байланышта бөлүнүүчү айылдык калктуу конуштардын же майда шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын анча көп эмес санынан турган тутумдар.

 2) Өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объекттер жана шаар куруу чөлкөмдөрү.

 Ири дарыялардын жана көлдөрдүн бассейндеринин, жаратылыштык-климаттык жана коргоо чөлкөмдөрүнүн, коруктардын, реликттик токойлордун, рекреациялык жана тарыхый-маданий чөлкөмдөрүнүн, экологиялык кырсык чөлкөмдөрүнүн аймактары үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  борбору – Бишкек шаары үчүн «аймактык объекттер же өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу чөлкөмдөрү» деген макам аныкталат.

 Аймактык объекттердин жана өзгөчө жөнгө салынуучу чөлкөмдөрдүн чек аралары шаар куруу документтери менен аныкталат жана административдик-аймактык бөлүштүрүүнүн чек аралары менен дал келбеши мүмкүн.

 Аймактарды өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу ишинин объекттерине бөлүштүрүү жана алардын макамын аныктоо мамлекеттик органдар тарабынан  аныкталат.

 Шаар куруу ишин жүргүзүү тартиби өзгөчө жөнгө салуу учурларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 3) Калктуу конуштар.

 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштары шаар курууну долбоорлоо максатында шаардык (республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлар) жана айылдык деп бөлүнөт.

а) Калктуу конуштар аткаруучу иш милдеттерине жараша төмөнкүдөй макамга ээ болушу мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын борбор шаары;

- республикалык маанидеги шаар;

- административдик борбор;

- облустук маанидеги шаар;

- райондук маанидеги шаар;

- айылдык аймактык борбор.

б) Калктын санына жараша шаардык жана айылдык калктуу конуштар төмөндөгүчө бөлүнөт:

- өтө ири шаарлар  - 1000 миң адамдан ашык;

- ири шаарлар - 250дөн 1000 миң адамга чейин;

- чоң шаарлар - 100дөн 250 миң адамга чейин;

- орто шаарлар - 25тен 100 миң адамга чейин;

- чакан шаарлар - 10дон 25 миң адамга чейин;

- ири айылдык калктуу конуштар - 5 миң адамдан ашык;

- орто айылдык калктуу конуштар - 5 миң адамга чейин;

- чакан айылдык калктуу конуштар - 1 миң адамга чейин.

в) Эл чарбасынын багыты боюнча калктуу конуштар көп багыттуу; административдик борборлор; курорттук-рекреациялык; өнөр жайлык; илимий-өндүрүштүк; тышкы транспорттук; аскердик; агрардык өнөр жайлык; вахталык; мезгилдүү; бакча-дачалык болуп бөлүнөт.

4) Калктуу конуштун аймагы жерлердин башка категорияларынан, жер фондусунан сызык менен бөлүнөт.

Калктуу конуштун чеги башкы пландын негизинде белгиленет жана өзгөртүлөт.

Калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.

Калктуу конуштардын алкагынын  чегиндеги жерлер мамлекеттик бийликтин жана өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү органдарынын карамагында болот.

5) Калктуу конуштардын чектеринде төмөнкүлөрдүн аймактары бөлүнүп турат:

 - курулган жана курула турган турак жай, маданий-тиричилик, административдик жана башка имараттардын, курулмалардын;

 - жалпы пайдаланылуудагы – аянттар, көчөлөр, өтмөктөр, жолдор жана башка аймактар;

 - сейил бактардын, токой парктарынын, гүлзарлардын, бакчалардын, бульварлардын, суу жээктеринин;

- курулган жана курула турган өнөр жайлык, коммуналдык-кампа объекттеринин;

 - тышкы транспорттун, байланыштын, инженердик коммуникациялардын;

 - жаратылышты коргоо, рекреациялык-ден сооолук чыңдоо багытындагы, тарыхый-маданий жана табигый мурастардын;

 - табыгый эстеликтер; табигый, улуттук жана дендрологиялык сейил бактар, ботаникалык бактар, коруктар ээлеген;

 - дарылоо жана башка факторлорго ээ;

- токойлор жана көлмөлөр ээлеген;

 -  айыл чарба багытындагы, айдоо, бактар, жүзүмзарлар, бакчалар, чабындылар, жайыттар ээлеген;

 - мал жайыттары - калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн резерв катарында пайдаланыла турган бош жерлер.

6) Шаарга жанаша чөлкөмдөр.

 Шаарга жанаша чөлкөмдөрдүн аймактары – шаарлардын тышкы чек араларына чектешкен жерлер, алар шаар менен туруктуу социалдык, эмгектик, өндүрүштүк, экономикалык, рекреациялык жана инфратүзүмдүк байланыштарга ээ жана шаардын аймагын өнүктүрүүдө резерв болуп саналат.

 Шаарга чектешкен чөлкөмдөрдүн чек арасындагы жерлерди пайдалануу жана шаар куруу иши, шаардын калкынын жана шаарга чектешкен чөлкөмгө кирген административдик-аймактык түзүлүштөрдүн кызыкчылыгын камсыздоону эске алуу менен шаар куруу ишин жөнгө салуунун өз ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Шаарга чектеш чөлкөмдөгү курулушка архитектуранын аймактык шаардык органынын макулдугу менен гана жол берилет.

Шаарга чектеш чөлкөмдөрдүн чек арасы пландоонун райондук долбоорлорунун, шаарлардын башкы пландарынын же башка шаар куруу документтеринин негизинде аныкталат.

7) Калктуу конуштардын бөлүктөрү (райондор, чөлкөмдөр)

 Функциялык багыты боюнча калктуу конуштарда райондор жана чөлкөмдөр: турак жай, коомдук-маданий, өнөр жайлык жана муниципалдык-кампалык, спорттук, дарылоо, рекреациялык, илимий жана башка багыттагы деп бөлүнөт.

 Ар бир район же чөлкөм жайгаштыруунун жана чарбачылык ишинин мүнөзү боюнча шаар куруу документтери менен аныкталуучу өз макамына ээ.

 8) Шаар куруу комплекстери.

 а) Турак үйлөрдү, коомдук, өнөр жайлык имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга кабыл алуу шаар куруу комплекстери түрүндө жүзөгө ашырылат.

 Шаар куруу комплекси болуп турак үйлөрдүн, калкты тейлөө менен байланышкан башка имараттардын жана курулмалардын тобу жана инженердик жабдуулардын керектүү түрлөрү жана айлана-чөйрөнү жайгаштыруунун элементтери менен камсыз болгон алар жайгаштырылган аймак эсептелет.

 б) Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чек аралары аймактарды көлөмдүк-мейкиндик уюштуруу долбооруна - пландоо долбооруна ылайык аныкталат.

 в) Аймактарды инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин инженердик камсыздоо жана транспорттун жалпы тутумунун айрым бөлүктөрүнүн нормалдуу иштешин камсыздоо үчүн участокко кире турган жолдор, магистралдык инженердик тарамдар салынууга тийиш.

г) Шаар куруу комплексинин инженердик-техникалык жана транспорттук түзүмүн курууда жана пайдаланууга берүүдө түрдүү тапшырыкчалардын үлүштүк катышуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Шаар куруу комплекси жөнүндө жобо менен аныкталат.

9) Имараттардын жана курулмалардын комплекси.

Имараттардын жана курулмалардын комплекси өзөктөшкөн бир бүтүндү жана шаар куруу ишинин чөлкөмдөрүн түзүүчү бир нече архитектуралык курулмалардын биримдигин жана өз ара тыгыз байланышын көрсөтөт.

10) Имараттар жана курулмалар.

Имараттар жана курулмалар: турак жай, коомдук-маданий, административдик-ишкер, өндүрүштүк, айыл чарбалык, инженердик-техникалык, соода-тиричиликтик, муниципалдык-кампалык, көмөкчү, рекреациялык, мемориалдык, маданий, спорттук, гидротехникалык жана ирригациялык, энергетикалык, коргоочу болуп бөлүнөт.

11) Чөйрөнү жайгаштыруунун объекттери жана элементтери

Чөйрөнү жайгаштыруунун объекттери жана элементтери: монументалдык, декоративдүү-көркөм искусствонун объекттери, турак жай чөйрөсүн, көчөлөрдөгү сезондук сооданын, жашылдандыруунун, суу өткөрүүнүн жана ирригациянын жабдуулары жана дизайны, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн жабдуулары.

12) Инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн объекттери.

а) Инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн объекттери:

суу, газ, энергия, жылуулук менен жабдуунун, канализациянын, байланыштын, автомагистралдардын, темир жолдордун, суу жана аба транспорту, суу өткөрүү жана ирригация объекттеринин булактары, тарамдары, көпүрөлөр, эстакадалар, жол өтмөктөрү жана жер үстүндөгү, жер алдындагы башка тарамдар жана курулмалар.

б) Шаар куруу объекттери инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн тийиштүү деңгээлине ээ.

Инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүм калктуу конуштарды туруктуу жана келечектүү өнүктүрүүнүн талаптары менен байланыштырылууга тийиш.

в) Менчигинин түрүнө карабастан шаар куруу ресурстарын пайдалануучу ишканалар жана уюмдар жашоо тиричиликтин, инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүм чөйрөсүнүн сапатынын ченемдик деңгээлин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине чегерүүлөрдүн эсебинен камсыз кылууга милдеттүү.

г) Райондор аралык, мамлекеттер аралык маанидеги инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен максаттуу программалардын негизинде камсыз кылынат.

 

7-берене. Шаар куруу мамилелеринин субъекттери

 

1. Шаар куруу мамилелеринин субъекттери болуп Кыргыз Республикасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар саналат.

2. Шаар куруу мамилелеринде өз атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз компетенцияларынын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш алып барат.

 

8-берене. Шаар куруу ишинин субъекттери

 

Шаар куруу ишинин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) долбоордун автору же автордук жамаат;

2) инвесторлор жана тапшырыкчылар - куруучулар;

3) подрядчылар, башкы подряддык жана субподряддык уюмдар;

4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

5) жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары;

6)  менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар, шаар куруу ишине катышкан жарандар.

 

9-берене. Комплекстүү аймактык пландоонун схемалары, калктуу конуштардын шаар куруу документтери

 

 Калктуу конуштардын комплекстүү аймактык пландоо схемаларында, шаар куруу документтеринде аймактардын коопсуздугун жана аларды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу менен жарандардын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы, ошондой эле коомдук коопсуздук, коргонуу, анын ичинде жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.

 

10-берене. Тарыхый-маданий багыттагы кыймылсыз мүлк объектилерин сактоо жана өзгөчө корголуучу табигый аймактарды коргоо боюнча талаптар

 

Тарыхый-маданий багыттагы объекттери жана өзгөчө корголуучу табигый аймактары бар калктуу конуштарда жана аймактарда шаар куруу долбоорлоруна ылайык коргоо чөлкөмдөрүнүн чек аралары белгиленет, анын чектеринде шаар куруу ишине тыюу салынат же чектелет.

 

11-берене. Аймактардын инженердик-техникалык инфратүзүмүнүн тутумдарын жана комплекстүү абаттоону камсыздоо, түзүү жана өнүктүрүү

 

1. Калктын жашоосу жана чарбачылык жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу аймактарда калктуу конуштардын тибин, аймактардын жана куруунун мүнөздөмөлөрүн, чарбалык жана башка иштердин түрүн эсепке алуу менен инженердик-техникалык инфратүзүмдүн жана аймактарды комплекстүү абаттоонун зарыл тутумдары түзүлөт.

2. Аймактардын инженердик-техникалык инфратүзүм тутумдарын жана комплекстүү абаттоону уюштуруунун түрлөрү, негизги принциптери шаар куруу документтери, анын негизинде иштелип чыгуучу схемалар жана аймактардын инженердик-техникалык инфратүзүм тутумдарын, ошондой эле комплекстүү абаттоону өнүктүрүүнүн тийиштүү долбоорлору менен аныкталат.

3. Магистралдык жана бөлүштүрүү тарамдарын жана инженердик-техникалык инфратүзүмдүн курулмаларын, калдыктарды зыянсыздандыруу объекттерин, булгануунун башка потенциалдуу булактарын долбоорлоодо, курууда, техникалык пайдаланууда, ошондой эле аймактарды комплекстүү абаттоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, жанаша жаткан аймактарда жашаган калктын кызыкчылыктары, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктуу конуштарды, район аралык аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо жаатындагы талаптар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка талаптар эске алынат.

4. Калктуу конуштарды жана район аралык аймактарды комплекстүү абаттоонун жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруунун инженердик-техникалык инфратүзүм тутумдарын түзүү жана өнүктүрүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржылоонун тиешелүү булактарынын эсебинен жана инвестицияларды тартуу менен камсыз кылышат.

 

12-берене. Транспорттук инфратүзүмдү түзүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу

 

1. Район аралык аймактар, калктуу конуштар, калктуу конуштардын аймагынын бардык бөлүктөрү менен транспорттук байланыштардын натыйжалуу түрлөрүн, ошондой эле калктуу конуштардын келечегин эске алуу менен калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууда калктын иштеген, эс алган жерине жана тейлөөгө жетишин камсыздоо максатында транспорттук инфратүзүмдүн бирдиктүү тутуму каралат.

2. Транспорттук инфратүзүмдүн республикалык жана жергиликтүү тутумдарын, транспорттун түрлөрүн өнүктүрүү, шаар куруу документтери, транспорттук инфратүзүмдү пландоонун атайын долбоорлору менен аныкталат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда каралган тийиштүү каржылоо булактарынын эсебинен транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын, схемаларынын, долбоорлорунун негизинде республикалык жана жергиликтүү маанидеги транспорттук инфратүзүмдүн тутумдарын өнүктүрүүнү камсыз кылышат.

4. Административдик-аймактык бирдиктердин транспорттук инфратүзүм тутумдарын түзүүнү жана өнүктүрүүнү инвестициялоонун үлүштүк каражаттарын тартуу менен тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыз кылышат.

 

13-берене. Рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди жайгаштыруу

 

1. Калктын ооруларынын алдын  алуу жана дарылоо үчүн жагымдуу табигый дарылоо жерлери жана ресурстары бар шаарлардын рекреациялык чөлкөмдөрүндө, шаарга чектеш чөлкөмдөрдө жарандардын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо укуктарын камсыздоо, массалык эс алууну жана туризмди уюштуруу максатында курорттук чөлкөмдөр, эс алуу жана туризм чөлкөмдөрү жайгаштырылат, алардын макамы жана чек аралары республиканын аймактык комплекстүү пландоо схемаларына ылайык белгиленет.

2. Рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди жайгаштыруу курорттук чөлкөмдөрдүн, эс алуу жана туризм чөлкөмдөрүнүн, улуттук сейил бактардын рекреациялык чөлкөмдөрүнүн чектеринде жүзөгө ашырылат жана шаар куруу документтерине ылайык ишке ашырылууга тийиш.

3. Шаарлардын жана алардын шаарга чектеш чөлкөмдөрүнүн рекреациялык аймактарынын тутумунда шаар куруу документтерине ылайык туруктуу жашаган калктын кыска мөөнөттүү эс алуусун жана туризмин уюштуруу үчүн жерлер бөлүнөт.

 

14-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жашоо чөйрөсүн түзүүнү камсыздоо

 

1. Жашоо чөйрөсү Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды, ошондой эле алга жылуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (улгайган, таяныч-кыймылдоо аппараты  бузулган адамдар, кош бойлуулар, мектеп жашына чейинки балдар, колунда же коляскада балдары бар адамдар) социалдык адаптациялоодон өткөрүүнү  камсыз кылышы керек.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн башка адамдар үчүн тоскоолдуксуз алга жылууга (анын ичинде жөө, коляскада, жеке жана коомдук транспортто), имараттарга жана курулмаларга, анын ичинде турак үйлөргө жана квартираларга кирүү, бул объекттердин ичинде, ошондой эле эс алуу, туризм жайларында тоскоолдуксуз алга жылуу жана иш жасоо мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган шарттар түзүлүүгө тийиш.

2. Жашоо чөйрөсүн түзүүдө шаар куруу документтеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн алардын жашын жана (же) ооруларын эске алуу менен атайын объекттердин тарамын (ооруканалар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер жана башка объекттер) түзүү каралышы керек.

3. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кызыкчылыктарын коргоочу коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын өкүлдөрүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кызыкчылыктарына тиешелүү шаар куруу ишиндеги  чечимдерди кабыл алууга  катышуу үчүн тартышы керек.

 

15-берене. Шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда калктын жашоо чөйрөсүн түзүү боюнча өзгөчө талаптар

 

1. Шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда шаарлардын жана башка калктуу конуштарды пландоого жана курууга төмөнкү өзгөчө талаптарды сактоо жолу менен калктын толук жарамдуу, эстетикалык жактан маанилүү жашоо чөйрөсүн түзүү камсыз кылынышы керек:

1) болгон курулуштары, архитектура эстеликтери, шаар куруу жана табигый ландшафты менен жаңы имараттарды жана курулмаларды архитектуралык-пландоо жана мейкиндик чечилиштерин өзөктөштүрүп айкалыштыруунун эсебинен улуттук салттарды пайдалануу менен жаратылыштын жана курулуштун ландшафттык архитектурасын жана башка маанилүү элементтерин эске алуу менен шаарлардын жана калктуу конуштардын функциялык жана көркөм-эстетикалык сапаттарын камсыздоо;

2) турак жай, коомдук имараттардын жана курулмалардын тиешелүү архитектуралык-көркөм чечилиштерин долбоордук документтерге киргизүү, ошондой эле  калктын жашоосун, эмгектенүүсүн жана бош убактысын (эс алуусун) уюштуруу үчүн архитектуралык-мейкиндик чөйрөсүн түзүү;

3) калктын санын жана калктын социалдык-демографиялык кызыкчылыктарын, кесиптик топторун эске алуу менен шаарлардын жана калктуу конуштардын жана алардын аймактарын курууну долбоорлоодо маданий мекемелер объекттерин, спорттук курулмаларды жана башка социалдык багыттагы объектилерди кошуу менен аларды долбоорлоо жана куруу.

2. Социалдык-маданий багыттагы жана коммуналдык-тиричиликтик тейлөө объекттеринин функциялык багытын өзгөртүүдө негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн сактоо.

 

2- бап. 
Шаар куруу ишиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын ыйгарым укуктары

 

16-берене. Шаар куруу ишинин мамлекеттик башкаруу органдары

 

 Шаар куруу жаатында жөнгө салууну жүзөгө ашырган, ошондой эле контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин аткарган мамлекеттик башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

2) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча орган;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар куруу иши менен чектеш маселелер боюнча атайын ыйгарым укугунун чегинде шаар куруу иши жаатында мамлекеттик жөнгө салууга катышкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

4) атайын ыйгарым укуктарынын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

 

17-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн шаар куруу ишиндеги ыйгарым укуктары

 

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  шаар куруу ишинде:

1) архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзөт;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын аймагын өздөштүрүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча  жалпы мамлекеттик программаларды бекитүүгө берет;

3) Кыргыз Республикасынын аймагын уюштуруунун башкы схемасынын - аймактык пландоо схемасынын негизги  жоболорун бекитет, ишке ашырат, ага өндүрүштүк күчтөрдү орундаштыруу жана жайгаштыруу тутумдары, республикалык маанидеги шаар куруу регламенттери, өндүрүштүк, социалдык, рекреациялык, инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн,  ошондой эле республикалык жана райондор аралык маанидеги өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу аймактарынын жана объекттеринин схемалары жана долбоорлору кирет;

4)  республикалык маанидеги өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу аймактарынын жана объекттеринин чектерин аныктайт;

5) Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын башкы пландарын, облустардын аймактарынын курорттук-рекреациялык башкы схемаларын жана шаар курууну пландоонун комплекстүү схемаларын, жалпы мамлекеттик, мамлекет аралык мааниге ээ башка шаар куруу жана архитектуралык-курулуш документтерин бекитет, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү киргизет;

6) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөөнү, контролдоону, мамлекеттик шаар куруу кадастрын жүргүзүүнү, шаар куруу  чөйрөсүндө жаңы объекттерди курууга жана турган объекттерди өзгөртүүгө уруксат берген жол-жоболорду ишке ашыруунун бирдиктүү тартибин  аныктайт;

7) мамлекеттик, райондор аралык мааниге ээ болгон жаңы аймактарды өздөштүрүүдө аймактарды жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча шаар куруу иш-чараларын жүзөгө ашырат;

8) мамлекеттик жана мамлекеттер аралык мааниге ээ болгон объекттерди долбоорлоо, куруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат, мамлекеттик кабыл алуу комиссияларын түзөт;

9) шаар куруу иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына контролдоо жүргүзөт;

10) шаар куруу иши боюнча иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) акы төлөнүүчү жана акысыз түрлөрүнүн тизмегин бекитет;

11) тарых жана маданият эстеликтерин, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун мыйзамда белгиленген тартипте дүйнөлүк, мамлекеттик маанидеги тарых жана маданият объектилерине киргизилген объектилерин коргоо, күтүү эрежелерин аныктайт;

12) шаар куруу ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды чыгарат;

13) шаар куруу иши жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылат;

14) долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана бекитүү тартибин белгилейт;

15) шаар куруу иши жаатындагы техникалык жөнгө салууну ишке ашырат;

16) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга бул маселелер боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө иш милдеттерин жүктөө менен, өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар тарабынан берилүүчү ажыратуу жана уруксат берүү реестрин жүргүзүү боюнча өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарга ыйгарым укуктарын өткөрүп берет;

17) шаар куруу кадастрын жана шаар куруу ишин камсыздоонун маалыматтык тутумдарын жүргүзүү тартибин белгилейт.

 

18-берене. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктары

 

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  тарабынан аныкталат. 

 

19-берене. Шаар куруу иши жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары

 

 Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тийиштүү аймакта  шаар куруу иши чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

 1) калктуу конуштун башкы планынын долбоорун, аймактык пландоо   долбоорун - райондун, облустун шаар курууну пландоо схемаларын макулдашууну;

 2) шаар куруу долбоорлорун, ошондой эле комплекстүү абаттоо долбоорлорунун инженердик коммуникациялар схемаларын макулдашууну;     

3) турак жай фондун, турак жай-жарандык багыттагы башка имараттарды жана курулмаларды, инженердик коммуникацияларды куруу менен күтүү эрежелерин бекитүүнү;

 4) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча облустук, шаардык жана райондук комиссияларды түзүүнү жана бекитүүнү;

 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде шаар куруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүүнү.

    

20-берене. Шаар куруу ишинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы – жергиликтүү кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:

1) административдик-аймактык бирдиктердин аймактык пландоо долбоорун - комплекстүү аймактык пландоо схемаларын (райондук пландоо долбоору) карайт жана бекитет;

2) облустук, райондук маанидеги шаарлардын (Бишкек, Ош  шаарларын кошпогондо), калктуу конуштардын башкы пландарын карайт жана бекитет;

3)  тийиштүү аймактарга калктуу конуштарды куруу жана жер пайдалануу, ошондой эле турак жай фондун, турак жай-жарандык багыттагы башка имараттар менен курулмаларды, инженердик-транспорттук коммуникацияларды талапка ылайык кармоо боюнча эрежелерди иштеп чыгат жана макулдашат;

4) жергиликтүү маанидеги тарых эстеликтерин жана маданият объекттерин   коргоо  жана күтүү эрежелерин бекитет;

5) ыйгарым укуктарынын чегинде шаар куруу иши чөйрөсүндө башка маселелерди белгиленген тартипте чечет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы – шаар мэриясы жана айыл өкмөтү өздөрүнүн ыйгарым укугунун чегинде:

1) администрациялык-аймактык бирдиктерди комплекстүү аймактык пландоо схемаларын калктуу конуштардын башкы пландарын, майда-чүйдөсүнө чейин толук пландоо долбоорлорун, куруу жана жер пайдалануу, калк жайгашкан жерлерди инженердик камсыздоо эрежелерин иштеп чыгууну камсыздайт, алардын тапшырыкчысы катары чыгат,  аларды макулдашууда иштеп чыгуучуларга көмөк көрсөтөт;

2) шаар куруу долбоорлоруна, куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин долбоорлоруна, калктуу конуштарды, турак жай жана башка курулуштарды комплекстүү абаттоо программаларына коомдук талкуулоону уюштурат;

3) комплекстүү аймактык пландоо схемаларын, калктуу конуштардын башкы пландарын, пландоо долбоорлорун ишке ашырууну уюштурат, аларды ишке ашырууну контролдойт;

4) шаар куруу документтерине ылайык курулуш же башка шаар куруу өздөштүрүүсү үчүн жер участокторун берүү жөнүндө чечим кабыл алат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун алып коюу боюнча сот органдарына доо арызын берүү жөнүндө чечим кабыл алат;

6) шаар куруу долбоорлорун иштеп чыгууну жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат;

7) турак жай фондун, турак жай-жарандык багыттагы башка имараттар менен курулмаларды, тарых жана маданият эстеликтерин, мамлекеттик тапшырыкчылардын объекттерин кармоо жана сактоо боюнча, ошондой эле тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча комиссияларды түзүү, алардын кармалышын (пайдалануу) контролдоо жөнүндө сунуштарды жергиликтүү кеңешке киргизет;

8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн административдик аймагындагы ишине көмөк көрсөтөт.

9) имараттарды жана курулмаларды, инженердик-транспорттук коммуникацияларды куруу, кеңейтүү, техникалык кайра жабдуу, жаңылоо, реконструкциялоо, кайра түзүү, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле комплекстүү абаттоо, курулушу бүтө элек объекттердин курулушун консервациялоо, коммуналдык менчик объекттерин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо  жана бул максаттар үчүн инвестицияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алат; 

10) калктын жашоосунун, эмгектенүүсүнүн, эс алуусунун коопсуз шарттарын камсыздоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде шаар куруу иши чөйрөсүндөгү башка маселелерди  чечет;

12) шаар куруу документтерин жана айрым шаар куруу тоомдорунун долбоорлорун жана шаар куруу долбоорлорун макулдашууга катышат;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин сактоону контролдойт.

 

3-бап. Шаар куруу ишинин субъекттеринин укуктары жана милдеттери

 

21-берене. Шаар куруу ишинин субъекттеринин негизги милдеттери

 

 Шаар куруу ишинин субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

 1) шаар куруу ишин ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө;

 2) өздөрүнүн менчигиндеги (ээлигиндеги) пайдаланылып жаткан объекттерди жарандар үчүн алардын коопсуздугун камсыздаган, шаар куруу объектисинин паспортуна ылайык имараттар менен курулмалардын фасаддарынын туруктуу иштешин жана тийиштүү кармоону, аймактарды абаттоо жана жашылдандырууну камсыздаган абалда кармоо.

 

22–берене. Шаар куруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын укуктары жана милдеттери

 

 1. Ушул Кодекске ылайык шаар куруу ишин жүргүзгөн  жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

 1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн ишин  жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды (маалымдарды, дайындарды, документтерди) суроого жана алууга;

2) шаар куруу иши чөйрөсүндө чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга;

 3) объекттерди курууга имарат куруу долбоорлорун жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга;

 4) объектилерди долбоорлоо жана куруу боюнча инвестордун, тапшырыкчынын, техкөзөмөлдүн, подрядчынын иштерин аткарууга;

 5) инвестордун, тапшырыкчынын, куруучунун кызыкчылыктарынын атынан чыгууга жана алардын тапшырмасы боюнча тооруктарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүүгө;

 6) тапшырыкчынын, тапшырмасы боюнча долбоорлук документтерге жана техникалык регламентке ылайык курулуштун сапатына жана аткарылуучу куруу-монтаждоо жумуштарынын көлөмүнө техникалык көзөмөлдү жана автордук көзөмөлдү уюштурууга жана ишке ашырууга;

 7) мыйзамды, анын ичинде, милдеттүү аткарылууга тийиш болгон курулуш ченемдерин жана техникалык регламенттердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан шаар куруу объекттеринин ишин чектөөнү, убактылуу токтотууну же токтотууну талап кылууга;

 8) мамлекеттик экспертиза органдарынын берилген долбоорлорду экспертизалоо боюнча корутундуларына соттук тартипте даттанууга;

 9) чыгымдарды жана (же) зыянды төлөп берүү жөнүндө сотко доо арыз берүүгө;

 10) шаар куруу иши жагындагы мыйзамды бузган адамдарды жоопко тартууну талап кылууга.

 2. Шаар куруу ишин жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

 1) ушул Кодекстин, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга;

 2) белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтеринин жана долбоордук документтердин чечимдерин аткарууга;

 3) жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын аткарууга.

 3. Шаар куруу ишин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар мыйзамга ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

 

23-берене. Курулуш объектиси жөнүндө анын менчик ээсине берилүүчү маалыматтар

 

1. Курулуш объектисинин менчик ээси төмөнкү маалыматтарды алууга укуктуу:

1)  курулуш материалдары жана жабдуулар, аткарылган курулуш иштери милдеттүү талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон техникалык регламенттер жөнүндө; 

2)  курулуш объектисин эксплуатациялоо эрежеси жөнүндө;

3) подрядчынын кепилдик милдеттери жана ага доомат коюу тартиби жөнүндө;

4) курулуш объектисинин эксплуатациялык (кызмат кылуу) мөөнөтү жөнүндө;

5) долбоордук документтерди иштеп чыккандар жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга жана курулуш объектисин курууга катышкан субподрядчылар жөнүндө.

 2. Подрядчы, куруучу, тапшырыкчы, ушул берененин 1-бөлүмүндө  айтылган курулуш объектиси жөнүндө маалыматты анын менчик ээсине берет.

 

24-берене. Курулуш объектисин эксплуатациялоодо менчик ээлеринин, пайдалануучуларынын милдеттери

 

 1. Курулуш объектисинин менчик ээлери, пайдалануучулар курулуш объектисин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле анын максаттык жана функциялык арналышына ылайык пайдаланууга милдеттүү.

 2. Эгер мыйзамда башкача каралбаса, курулуш объектисинин менчик ээлери, пайдалануучулары аны пайдаланууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) курулуш объектисинин архитектуралык-көркөмдүк көрүнүшүн сактоого;

 2) курулуш объектисинин техникалык абалын карап текшерип турууга;

3) курулуш объектисин талаптагыдай техникалык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоого;

4) айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы талаптарды аткарууга;

 5) эксплуатациялануучу объекттин техникалык абалын курулуш объектисинин менчик ээси тарабынан түзүлүүчү, архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү курамында катышуучу комиссия менен беш жылда бир жолудан кем эмес, менчик ээсинин каражатынын эсебинен изилдеп турууга;

 6) курулуш объектисинин техникалык абалында жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кемчиликтер аныкталганда,  мамлекеттик көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу органдары пайдаланылып жаткан курулуш объектисинин менчик ээсине же пайдалануучусуна кемчиликтерди жоюу жөнүндө көрсөтмө берүүгө, ал эми зарыл болсо -  аны пайдаланууга убактылуу тыюу салууга укуктуу.

3.Эгер мыйзамда башкача каралбаса, курулуш объектисинин менчик ээси, пайдалануучу пайдаланып жаткан объектисин мезгил-мезгили менен оңдоп турууга, аймактык архитектура жана шаар куруу органдарынын, тургузулган курулуш объектилерин пайдаланууну көзөмөлдөөчү башка мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү. Оңдоонун убактысы курулуш объектисин эксплуатациялоонун тартиптери менен аныкталат.

4.Кыймылсыз мүлк объектисин оңдоо, реконструкциялоо боюнча иштерди курулуш объектисинин менчик ээси каржылайт. Тарыхый-маданий мурастар объекттерин реставрациялоо же оңдоо зарыл болгондо эгер мындай объекттердин менчик ээлери, пайдалануучулары баардык оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өзүлөрүнүн эсебинен аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда тыюу салынбаган башка каржылоо булактарын пайдалана алышат.

 

 25-берене. Шаар куруу ишин жүргүзүүдө жарандардын ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнө болгон укугу

 

 1. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жарандар шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда жагымдуу жашоо чөйрөсүнө, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана анын болжолдонгон өзгөрүүлөрү жөнүндө туура, толук жана өз убагындагы маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Жарандардын  жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укугунун ишке ашырылышы үчүн алардын төмөнкүлөргө катышуусу каралат:

 1) аймактарды, анын ичинде калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү шаар куруу долбоорлоруна;

 2) шаар курууну ишке ашырууга;

 3) шаар куруу ишинин чөйрөсүндө коомдук талкууну өткөрүүгө;

 4) шаар куруу ишинин чөйрөсүндөгү башка иш-чараларга.

3. Жергиликтүү кеңештердин калктуу конуштарды жана турак-жай курулушун пландоо жана куруу, комплекстүү абаттоо боюнча чечимдери аларды эл менен талкуулагандан кийин кабыл алынат.

 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле кызмат адамдары тийиштүү аймакта жашаган жана иштеген жарандарга шаар куруу ишин жүргүзүүдө алардын укуктарына, мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маселелер боюнча маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.

5. Инвестор, курулуштун ээси - тапшырыкчы, башкы подрядчы мыйзамда аныкталган учурларда курулуп (реконструкцияланып) жаткан объект жөнүндө информацияны анын тапшырыкчысын, башкы долбоорчусун жана башкы подрядчысын, курулуштун (реконструкциянын) башталуу жана бүтүү мөөнөттөрүн жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен көрүнүктүү жерге илүүгө милдеттүү.

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле шаар куруу кадастрынын маалыматтарын регламентке ылайык алууну камсыздоо, шаар куруу долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү, экспозицияларды, көргөзмөлөрдү уюштуруу, башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен жеке жана юридикалык жактарга шаар куруу иши жөнүндө маалымдашат.

7. Эгер мамлекеттик эскпертиза шаар куруу документтери техникалык регламенттерге, адамдын жана жаныбарлардын ден соолугунун коопсуздугу жөнүндө, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга ылайык эместигин тапса, анда курулушка уруксат берилбейт жана мындай экспертизаны жасоого кеткен чыгымдар шаар куруу ишин жүргүзүүчү жана ушул ылайык эместикке жол берген уюмдун эсебине салынууга тийиш.

 8. Жеке жана юридикалык жактар шаар куруу документтери бекитилгенге чейин сунуш киргизүүгө, шаар куруу иши жагындагы чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга, өз каражаттарынын эсебинен шаар куруу документтерин көз карандысыз адистик экспертизадан өткөрүүгө укуктуу. Шаар куруу документтерин адистик көз карандысыз экспертизадан өткөрүүдө, мамлекеттик экспертиза органынын корутундусу көз карандысыз адистик экспертизалардын корутундулары алынгандан кийин берилет. Мында, шаар куруу документтерин көз карандысыз адистик экспертизадан өткөрүү анын макулдашуу жана бекитүү мөөнөттөрүн көбөйтүүгө алып келбейт.

 

26-берене. Архитектура жана шаар куруучулук искусство чыгармаларына автордук укук

 

 1. Архитектура жана шаар куруу искусство чыгармаларына автордук укук жана ага байланыштуу келип чыгуучу мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамы жана автордук укук жагындагы башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. Шаар куруу ишинин субъекттери жана чыгармачылык эмгектин натыйжасында архитектура жана шаар куруу искусствосунун чыгармаларын жараткан жарандар алардын автору болуп таанылат жана аларга тийиштүү автордук укук берилет.

 3. Архитектура жана шаар куруу искусство чыгармаларынын авторлорунун мүлктүк укугу (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын “Автордук  жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамында жана ушул Кодексте каралгандан башка учурларда)  алардын төмөнкүдөй өзгөчө укуктарында болот:

1) архитектуралык-курулуштук долбоорду ишке ашыруу үчүн пайдалануу же пайдаланууга уруксат берүү;

 2) архитектуралык-курулуштук долбоорду жүзөгө ашыруу, таратуу жана кайрадан иштеп чыгуу же ушул иштерге уруксат берүү;

 3)  бул өзгөчө укуктарды башка адамдарга мыйзамда каралган тартипте өткөрүп берүү.

 4. Эгер келишим менен башкача каралбаса, кызматтык милдетти же кызматтык тапшырманы аткарууда жаралган архитектура жана шаар куруу искусство чыгармаларынын авторлоруна мүлктүк укук берилбейт. Архитектура-курулуш долбоорунун тапшырыкчысы (жумуш берүүчү) менен авторлордун (заказды аткаруучулардын) ортосундагы келишимде кызматтык милдеттерди же кызматтык тапшырманы аткарууда жаралган архитектура жана шаар куруу искусствосунун чыгармасын пайдаланууга мүлктүк укукту жөнгө салуу жөнүндөгү жобо болууга тийиш.

5. Архитектура жана шаар куруу искусствосунун автору  төмөнкүлөргө укуктуу:

 1) эгер долбоорду иштеп чыгууга тапшырмада башкача каралбаса, долбоордун иштелип чыккан долбоордук документтерге ылайык ишке ашырылышын автордук көзөмөлдөөгө;

 2) эгер долбоорду иштеп чыгууга тапшырмада башкача каралбаса, объекттерди курууда (реконструкциялоодо, реставрациялоодо, модернизациялоодо) долбоордук документтердин ишке ашырылышын белгиленген тартипте автордук көзөмөлдөөгө;

 3) эгер долбоорду иштеп чыгууга тапшырмада башкача каралбаса, ошондой эле эгер объектте мамлекеттик сырга кирген маалыматтар болбосо сүрөткө (кино-видеого) тартууга.

 6. Архитектура жана шаар куруу искусствосунун чыгармаларына автордун (авторлордун) жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

 

II БӨЛҮМ. ДОЛБООРЛОО

 

4-бап. Шаар куруу иши жагындагы мамлекеттик ченемдер

 

27-берене. Шаар куруу иши жагындагы ченемдик документтердин тутуму

 

 1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү шаар куруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Кодекс жана шаар куруу иши жагындагы ченемдик документтердин тутуму менен камсыздалат.

 2. Шаар куруу иши жагындагы ченемдик документтердин тутумуна төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары;

2) стандарттоонун эрежелери жана стандарттоо жагындагы рекомендациялар;

3) эл аралык стандарттар;

4) башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары;

5) эрежелердин жыйнагы;

6) уюмдардын стандарттары.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик документтери катары Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте күчүнө киргизилген Мамлекеттер аралык курулуш ченемдери (МКЧ) жана Мамлекеттер аралык стандарттар (МАСТ) колдонулат.

4. Талаптары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик документтеринин талаптарынан төмөн болгон эл аралык, региондук стандарттарды жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын кабыл алууга жана/же бекитүүгө жол болбойт.

 5. Мамлекеттик ченемдөө объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

 1)  орундаштыруу тутуму, калктуу конуштар жана алардын бөлүктөрү;

 2) имараттардын, курулуштардын жана башка курулмалардын, ошондой эле өзүнчө имарат-жайлардын архитектуралык, технологиялык, инженердик жана курулуштук бөлүктөрү;

 3) имараттардын, курулмалардын жана башка курулуштардын инженердик жана (же) технологиялык жабдуулары;

 4) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары;

 5) шаар куруу жана башка долбоордук-сметалык документтер.

 6. Архитектура, шаар куруу жана курулуш ишинин баардык субъекттери, ошондой эле, кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери жана пайдалануучулары (жалдагандар, ижарага алгандар) аларды эксплуатациялоодо жана пайдаланууда шаар куруу иши жагындагы ченемдерди сактоого милдеттүү.

 7.  Шаар куруу иши жагындагы ченемдер жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын архитектуралык, шаар куруу жана курулуш ишиндеги субъекттердин укугу, милдеттери, жоопкерчилиги жөнүндө маселелер боюнча чечимдерди чыгарышына негиз болот.

 8. Шаар куруу иши жагындагы ченемдик документтерди кабыл алган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик талаптардын техникалык, экономикалык жана социалдык негиздүүлүгү, алардын Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарына ылайык келиши үчүн белгиленген тартипте жооп беришет.

9. Шаар куруу иши жагындагы мамлекеттик ченемдерди иштеп чыгуунун, макулдашуунун, бекитүүнүн, каттоонун жана ишке киргизүүнүн (убактылуу токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун) тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

28-берене. Шаар куруу жагындагы ченемдик документтердин түрлөрү

 

 Шаар куруу иши жагындагы  ченемдик документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:

 1) курулуш продукциясын, геодезиялык иштерди, инженердик изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана курууну, курулуш өндүрүшүн уюштурууну, пайдаланууга кабыл алууну, курулуштагы коопсуздук ыкмаларын стандартташтыруу жана сертификаттоо ченемдерин камтыган уюштуруу-методикалык ченемдик документтер;

 2) курулуштардын ишеничтүүлүгүнүн негизги жоболорун, өрт коопсуздугун, коркунучтуу геофизикалык таасирлерден сактоону, ички климатты жана зыяндуу таасирлерден сактоону, курулуштагы өлчөмдүк бири-бирин алмаштырууну жана айкалышууну камтыган жалпы техникалык ченемдик документтер;

3) аймактарды уюштуруу, шаарлардын жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу жана абаттоо,  өнөр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардын башкы пландары, жарандардын бакчалык бирикмелеринин аймактары боюнча талаптарды, шарттарды жана чектөөлөрдү камтыган шаар куруу боюнча ченемдик документтер;

4)  жарандык турак жайды жана өндүрүштүк багыттагы имараттар менен курулуштарды, анын ичинде транспорттук, гидротехникалык, мелиорациялык курулуштарды, магистралдык жана өнөр жайлык өткөргүч түтүктөрдү жана башка курулуштарды, алардын комплекстерин долбоорлоо жана куруу боюнча ченемдик документтер;

5) майыптар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн жашоо-тиричилик чөйрөсүндө жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча ченемдик документтер;

 6) имараттардын жана курулмалардын  тышкы тармактарына, ички инженердик тутумдарына жана инженердик-техникалык жабдууларына ченемдик документтер;

7) имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларына жана алардын элементтерине (буюмдарына) ченемдик документтер;

8) имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдууларына жана тышкы тармактарга ченемдик документтер;

 9) курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына ченемдик документтер; 

10)  курулуш жана куруу-монтаждоо уюмдарынын жабдык-шаймандарына, анын ичинде убактылуу жана мобилдүү курулмаларына жана шаймандарына ченемдик документтер;

 11) баа түзүү боюнча ченемдик документтер;

 12) мамлекеттик шаар куруу кадастрын жүргүзүү боюнча ченемдик документтер;

 13)  шаар куруу ишинин чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл органдарынын ченемдик документтери (архитектура-курулуш, жаратылышты коргоо, санитардык-эпидемиологиялык иштер чөйрөсүндөгү көзөмөл жана өрткө каршы көзөмөл, экологиялык экспертиза, өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен иштерин көзөмөлдөө органдары);

 14) долбоорлоо жана  курулуш боюнча подряддык иштерге сынактарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө ченемдик документтер.

 

5-бап. Аймактык пландоо

 

29-берене. Аймактык пландоонун багыттары жана аймактык пландоо документтеринин түрлөрү

 

Аймактык пландоо аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо, инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жарандардын жана алардын бирикмелеринин кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыздоо максатында, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка факторлордун баарына жараша аймактык пландоо документтеринде аймактардын багытын аныктоого багытталган.

2. Кыргыз Республикасынын аймакты пландоо документтери төмөнкүлөргө бөлүнөт:

 1) Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо документтери;

 2) облустарды, администрациялык райондорду аймактык пландоо документтери;

 3) калктуу конуштарды аймактык пландоо документтери.

 3. Кыргыз Республикасынын аймакты пландоо документтери (мамлекеттик деңгээлдеги шаар куруу документтери) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо, жаратылышты пайдалануу жана өндүрүштүк күчтөрүн аймактык уюштуруунун  башкы схемасы;

 2) экономикалык жана географиялык ири райондорду өндүрүштүк күчтөрүн жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун  жана аймактык уюштуруунун, жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрдүн, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана рекреациялык аймактардын, администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн райондук схемалары.   

4. Админстрациялык райондорду аймактык пландоонун документтери (шаар куруу документтери) өзүнө  администрациялык-аймактык түзүмдөрдүн, башка аймактык объекттердин аймактык комплекстүү схемаларын жана райондук пландоо долбоорлорун (мындан ары – райондук пландоонун схемалары жана долбоорлору) камтыйт.

 5. Калктуу конуштарды аймактык пландоо документтери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1)  калктуу конуштардын башкы пландары (мындан ары – калктуу конуштардын башкы пландары);

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу аймактардын башкы пландары (мындан ары – жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын башкы пландары);

 3) тарыхый-маданий, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, өнөр жайлык жана башка аймактардын башкы пландары (мындан ары – функциялык аймактардын башкы пландары);

4) шаардык, поселоктук чектердин жана калктуу конуштардын чектеринин долбоорлору (мындан ары – шаардык, поселоктук чектердин долбоорлору).

 6.  Бардык деңгээлдердеги аймактык пландоо документтери мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн алардын чечим кабыл алуусунда жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруусунда милдеттүү болот.

 7.  Аймактык пландоо документтери жок болсо, ушул Кодексте каралгандан башка учурларда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди резервге коюу, алып коюу, анын ичинде сатып алуу жолу менен резервге коюу жана алуу, жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө чечимдерди чыгаруусуна жол берилбейт.

 

30-берене. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо документтеринин мазмуну

 

 1. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо документтери болуп республиканын төмөндө аталган тармактардагы Башкы аймактык пландоо схемасы эсептелет, ал тармактар:

 1) өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугу;

2) транспортту, каттоочу жолдорду, информатиканы жана байланышты өнүктүрүү;

 3) суу объекттерин өнүктүрүү жана сактоо, инженердик коммуникациялардын негизги түрлөрүнүн өнүктүрүлүшүн камсыздоо;

 4) өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды өнүктүрүү жана жайгаштыруу;

 5) Кыргыз Республикасынын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелине жана алардын кесепетинин опурталына дуушар болгон аймактарын коргоо;

 6) табигый монополиялар;

 7)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурлар.

 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн схемаларды даярдоо Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын бөлүгүнө карата аймактык пландоонун бир же бир нече документтеринин курамында ишке ашырылышы мүмкүн.

 3. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемалары, мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттеринин пландалып жаткан жайгаштыруу карталарын (схемаларын) камтышы мүмкүн, анын ичинде:

 1) энергетикалык тутумдун объекттерин;

 2) коргонуу жана коопсуздук объекттерин;

 3) транспорт, жол катнаш, информатика жана байланыш объекттерин;

 4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана корголушун камсыздоочу объекттерди;

 5)  табигый монополия субъекттеринин ишин камсыздоочу линиялык объекттерди;

 6) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин жүзөгө ашыруу жана аткаруу үчүн жайгаштырылышы керек болгон башка объекттерди.

 4.  Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларында камтылган аймактык пландоо жөнүндө жоболор өзүнө төмөнкүлөрдү камтышат:

 1) аймактык пландоонун максаттары менен милдеттерин;

2) аймактык пландоо боюнча иш-чаралардын тизмесин жана аларды аткаруу ырааттуулугунун көрсөтмөсүн.

5. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларында камтылган карталарда (схемаларда) төмөнкүлөр сүрөттөлөт:

 1)  республиканын, облустардын, райондордун, шаарлардын чек аралары, ошондой эле жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн чек аралары, өзгөчө экономикалык чөлкөмдөрдүн чек аралары;

 2) токой фондунун жерлеринин чек аралары, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлеринин чек аралары, коргонуунун жана коопсуздуктун жерлеринин чек аралары, ошондой эле ушундай жерлердин пландалып жаткан чек аралары;

 3) маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек аралары;

 4) аймактарды пайдалануунун өзгөчө шарттары бар чөлкөмдөрдүн чек аралары;

 5) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелине жана алардын кесепетинин опурталына дуушар болгон аймактардын чек аралары;

 6) республикалык маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн берилген же мамлекеттин менчигинде турган капиталдык курулуш объекттери жайгашкан жер участокторунун чек аралары, ошондой эле мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу пландалган чөлкөмдөрдүн чек аралары.

 6. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасын бекитүү максатында алардын долбоорлорун тексттик түрдө жана карта (схема) түрүндө негиздөө боюнча тийиштүү материалдар  даярдалат.

 7. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын долбоорлорун тексттик түрдө негиздөө боюнча материалдар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1) аймактык пландоо маселесин чечүүнүн варианттарына негиздеме;

 2) аймактык пландоо боюнча иш-чаралардын тизмеси;

 3) аймактык пландоо боюнча сунуштардын негиздемелери, аларды ишке ашыруунун этаптары;

 4)  табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жаралуу опурталынын факторлорунун тизмеси.

8. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын  долбоорлорун негиздөө боюнча материалдардын курамындагы карталарда (схемаларда) төмөнкүлөр чагылдырылат:

 1) тийиштүү аймактын абалы, аны өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жана анын пайдаланышынын чектөөлөрү жөнүндө маалыматтар;

 2) аймактык пландоо боюнча сунуштар.

 9. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 1-пунктунда  көрсөтүлгөн маалымат төмөнкү карталарда (схемаларда) чагылдырылат:

 1) Кыргыз Республикасынын аймагын, ар түрдүү категориядагы жерлердин чек араларын, тийиштүү аймакты пайдалануу жөнүндө башка маалыматты чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагын, аймагынын бөлүктөрүн пайдалануу карталары (схемалары);

 2) Кыргыз Республикасын аймактык пландоо документтеринин жана   областтарды, райондорду, шаарларды аймактык пландоо документтеринин курамында бекитилүүчү чектөөлөрдүн карталары (схемалары). Ошондой эле маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек араларынын карталары (схемалары), аймактардын өзгөчө шарттар менен пайдаланылуучу чөлкөмдөрүнүн чек араларынын карталары (схемалары), табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу опурталына дуушар болгон аймактардын чек араларынын карталары (схемалары), облустык, райондук маанидеги капиталдык курулуш объекттери терс таасир тийгизген чөлкөмдөрдүн чек араларынын карталары (схемалары);

 3) аймакты комплекстүү өнүктүрүү анализинин жыйынтыктары жана республикалык маанидеги капиталдык курулуш объекттеринин жайгаштырылышы, анын ичинде инженердик изилдөөлөрдү кошо эске алуу менен чагылдырылган карталар (схемалар);

 4) башка карталар (схемалар).

 10. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштар Кыргыз Республикасынын аймагын пландоо  схемаларынын долбоорлорун макулдашууда аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулуучу карталарда (схемаларда) чагылдырылат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1) токой фондунун жерлеринин чек араларын, республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин чек араларын, коргоонун жана коопсуздуктун жерлеринин чек араларын өзгөртүү пландалган карталар (схемалар);

 2) республикалык маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу пландалган чөлкөмдөр көрсөтүлгөн карталар (схемалар);

 3) башка карталар (схемалар).

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо документтерин даярдоо жана бекитүү

 

 1. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2.  Коргонуу жана коопсуздук объекттеринин пландалган жайгаштыруу карталары (схемалары, пландары) камтылган Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемалары Кыргыз Республикасынын коргонуу жана мамлекеттик сыр жагындагы мыйзамында белгиленген тартипте бекитилет.

 3. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын долбоорлорун даярдоо техникалык регламенттердин талаптарына ылайык инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, экономикалык, экологиялык, социалдык, маданий жана улуттук өнүгүү жагындагы программаларын,   администрациялык-аймактык бирдиктерди аймактык пландоо документтеринде, аймактык пландоо документтеринде камтылган аймактык пландоо жөнүндө жоболорду, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен ишке ашырылат.

4. Жер участокторунун жана капиталдык курулуш объекттеринин пайдалануучулары жана менчик ээлери, эгер Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларын бекитүүнүн натыйжасында алардын мыйзамдуу укуктары бузулса же бузулушу мүмкүн болсо, соттук тартипте даттанууга укуктуу.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызыкчылыгы бар жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө укуктуу.

6. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын долбоорлорунун курамы, даярдоо тартиби, мындай схемаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

32-берене. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо долбоордук документтерин макулдашуу тартиби

 

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын долбоорлорундагы сунуштарда төмөнкүлөрдүн азыркы турган же пландаштырылган чек араларын өзгөртүү каралып жатса, анда ал долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш:

1)  айыл чарба багытындагы жерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде турган жер участоктордун;

2) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, маданий мурас объекттеринин аймактарынын, токой фондунун жерлеринин;

3) капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруунун пландалып жаткан чөлкөмдөрүнүн.

Калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу маселелери да макулдашылууга тийиш. 

 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын Кыргыз Республикасынын аймагын пландоо схемасынын долбоорун кароосунун жана андай долбоорго корутундуларды даярдоосунун максимум мөөнөтү андай долбоорду алган күндөн баштап 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан корутунду белгиленген мөөнөттө алынбаган учурда Кыргыз Республикасынын аймактык пландоонун схемасынын долбоору макулдашылды деп эсептелет.

 3. Макулдашуу комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасынын долбооруна жыйынтыкталган корутунду даярдайт, анда кабыл алынган чечимди негиздөө менен Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасынын долбооруна макулдук берүү же ал долбоорго макул эместик жөнүндө жобо болушу мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын башкы аймактык пландоо схемасынын долбоорун макулдашуу тартибин, макулдашуу комиссиясынын курамын жана иштөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

 

33-берене. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо боюнча долбоордук документтерин ишке ашыруу

 

 1. Кыргыз Республикасынын башкы аймактык пландоо схемасы Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу планынын негизинде ишке ашырылат, ал планды даярдоо жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мындай схема бекитилген күндөн баштап үй айдын ичинде ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу планында төмөнкүлөр камтылат:

 1)  мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо мөөнөтү, анын негизинде мындай объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторунун чек аралары аныкталат же такталат;

 2) долбоордук документтерди даярдоо мөөнөтү жана мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттерин куруу мөөнөтү;

 3) Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемасын ишке ашыруунун финансылык-экономикалык негиздемеси.

 

34-берене. Райондорду аймактык пландоо документтеринин мазмуну

 

 1. Облустарды жана райондорду аймактык пландоонун схемаларын даярдоо бүткүл аймакка же анын бөлүктөрүнө карата ишке ашырылат.

 2. Аймактык пландоо схемаларында райондор аралык маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана жайгаштыруу, айыл чарба багытындагы жерлердин чек араларын жана токой фондусунун чек араларын өзгөртүү пландары камтылган карталар (схемалар, пландар), ошондой эле райондор аралык маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу пландалган карталар (схемалар, пландар) камтылат, анын ичинде:

 1) аймактык маанидеги энергетикалык тутумдардын объектилери;

 2) аймактык маанидеги транспорт, жол, информатика жана байланыш объектилери;

 3) табигый монополия субъекттеринин ишин камсыздоочу аймактык маанидеги линиялык объектилер;

 4) социалдык-экономикалык муктаждыктарга жараша тийиштүү максаттар үчүн жайгаштыруу зарыл болгон башка объектилер.

 3. Аймактык пландоо схемасы аймактык пландоо жөнүндө жоболорду жана тийиштүү карталарды (схемаларды) камтыйт.

 4. Аймактык пландоо схемасында камтылган аймактык пландоо жөнүндө жободо төмөнкүлөр камтылат:

 1) аймактык пландоонун максаттары жана милдеттери;

 2) аймактык пландоо боюнча иш-чаралардын тизмеси жана аларды аткаруунун ырааттуулугуна көрсөтмө.

 5. Аймактык пландоонун схемасында камтылган карталарда (схемаларда, пландарда) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

 1) администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактык түзүлүштөрүнүн мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген чек аралары;

 2) токой фондусунун жерлеринин чек аралары, облустук жана райондук маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлеринин чек аралары, коргонуу жана коопсуздук жерлеринин чек аралары;

 3) маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек аралары;

 4) айыл чарбага арналган жерлердин чек аралары жана айыл чарбага арналган жерлердин курамындагы айыл чарбалык жерлердин чек аралары, ошондой эле мындай жерлердин пландалган чек аралары;

 5) аймактары өзгөчө шарттар менен пайдаланылуучу чөлкөмдөрдүн чек аралары;

 6) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелине жана алардын кесепетинин опурталына дуушар болгон аймактардын чек аралары;

 7) облустук жана райондук маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн берилген же Кыргыз Республикасынын менчигинде турган капиталдык курулуш объекттери жайгашкан жер участокторунун чек аралары, ошондой эле капиталдык курулуш объектилерин жайгаштыруу пландалган чөлкөмдөрдүн чек аралары.

 6. Аймактык пландоо схемасын бекитүү максатында анын долбоорун тексттик формада жана карта (схема, план) түрүндө негиздөө боюнча тийиштүү материалдар даярдалат.

 7. Аймактык пландоо схемасынын долбоорун тексттик формада негиздөө боюнча материалдар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1) аймактык пландоо маселесин чечүү варианттарынын негиздемеси;

 2) аймактык пландоо боюнча иш-чаралардын тизмеси;

 3)  аймактык пландоо боюнча сунуштардын негиздемеси, аларды ишке ашыруунун этаптары;

4)  табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу опурталынын негизги факторлорунун тизмеси.

 8. Аймактык пландоо схемасынын долбоорун негиздөө боюнча материалдардын курамындагы карталарда (схемаларда, пландарда) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

 1) тийиштүү аймактын абалы, аны өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жана аны пайдалануудагы чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;

 2) аймактык пландоо боюнча сунуштар.

 9. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар төмөнкү карталарда (схемаларда, пландарда) көрсөтүлөт:

 1) аймактарды пайдалануунун карталары (схемалары, пландары), ар түрдүү категориялардагы жерлердин чек араларын, тийиштүү аймакты пайдалануу жөнүндөгү башка маалыматтарды чагылдыруу менен;

 2) аймактык пландоо документтеринин жана муниципалдык түзүлүштөрдү аймактык пландоо документтеринин курамында бекитилүүчү чектөөлөрдүн карталары (схемалары, пландары);

3) маданий мурас объекттеринин аймактык чек араларынын карталары (схемалары, пландары); аймактарды өзгөчө шарттар менен пайдалануучу чөлкөмдөрдүн чек араларынын карталары (схемалары, пландары);

4) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелине жана алардын кесепетинин опурталына дуушар болгон аймактардын чек араларынын карталары (схемалары, пландары);

5) капиталдык курулуш объекттерин жайгаштырган учурда мындай объекттер терс таасирин тийгизүүчү чөлкөмдөрдүн чек араларынын карталары (схемалары, пландары);

 6) аймакты комплекстүү өнүктүрүүнүн жана капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруунун анализинин жыйынтыктары көрсөтүлгөн, анын ичинде инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары эске алынган карталар (схемалар, пландар);

 7) башка карталар (схемалар, пландар).

 10.  Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштар аймактык пландоо схемасынын долбоорун макулдашууда аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулуучу карталарда (схемаларда, пландарда) сүрөттөлөт жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1) администрациялык түзүлүштөрдүн чек араларын өзгөртүүнү пландаган карталар (схемалар, пландар);

 2) айыл чарбалык арналыштагы жерлердин чек араларын жана айыл чарбалык арналыштагы жерлердин курамындагы айыл чарба жерлеринин чек араларын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин чек араларын өзгөртүү пландалган карталар (схемалар, пландар);

 3) капиталдык курулуш объекттеринин пландалган жайгаштыруу чөлкөмдөрүн көрсөтүлгөн карталар (схемалар, пландар);

 4) башка карталар (схемалар, пландар).

 

35-берене. Администрациялык-аймактык бирдиктерди аймактык пландоо документтерин даярдоо жана бекитүү

 

 1. Аймактык пландоо долбоорун тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бекитишет.

 2. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын долбоорлорун даярдоо техникалык регламенттердин талаптарына ылайык инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде, облустарды экономикалык, экологиялык, социалдык, маданий жана улуттук өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик программаларды, Кыргыз Республикасынын  аймактык пландоо документтеринде, калктуу конуштарды аймактык пландоо документтеринде камтылган аймактык пландоо жөнүндө жоболорду, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен ишке ашырылат.

3.Аймактык пландоо схемасынын долбоорун бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын аймактык түзүлүштөрү менен жалпы чек арасы бар тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.

 4. Аймактык пландоо схемасынын долбоору бекитилгенге чейин үч айдан кем эмес мурда жарыяланууга тийиш жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий сайтында белгиленген тартипте жарыяланат. Ушул Кодексте каралган аймактык пландоо жөнүндө жобонун долбоору жана маалымат сүрөттөлгөн картанын (схеманын) же карталардын (схемалардын) долбоору жарыяланууга жана жайгаштырылууга тийиш.

 5. Кызыкчылыгы бар жактар аймактык пландоо схемасынын долбоору боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана дооматтарын берүүгө укуктуу.

 6. Аймактык пландоонун схемасы боюнча сунуштар жана дооматтар иштеп чыгуучулар тарабынан каралууга тийиш. Белгиленген тартипте өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилет жана ал бекитилген күндөн тартып үч күндүн ичинде тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана айыл өкмөттөрдүн башчыларына жиберилет.

7. Эгер аймактык пландоо схемасын бекитүүнүн натыйжасында алардын мыйзамдуу укуктары бузулса же бузулушу мүмкүн болсо жер участокторуна жана капиталдык курулуш объекттерине укуктун ээлери аймактык пландоо схемасы боюнча соттук тартипте даттанууга укуктуу.

 8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызыкчылыгы бар жеке жана юридикалык жактар аймактык пландоонун схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунуштарды берүүгө укуктуу.

 9. Аймактык пландоонун схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул берененин 2-8-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык ишке ашырылууга тийиш.

 

36-берене. Райондордун аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу

 

 1. Райондордун аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу андай схема бекитилген күндөн баштап бир айдын ичинде тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү райондорду аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу планынын негизинде ишке ашырылат.

 2. Райондорду аймактык пландоо схемасын ишке ашыруу планында төмөнкүлөр камтылат:

 1) капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо мөөнөттөрү, анын негизинде мындай объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторунун чек аралары аныкталат же такталат;

 2) долбоордук документтерди даярдоо мөөнөттөрү жана капиталдык курулуш объекттерин куруу мөөнөттөрү;

 3) райондорду аймактык пландоо схемасын ишке ашыруунун финансылык-экономикалык негиздемеси.

 

37-берене. Калктуу конуштун башкы планынын мазмуну

 

1. Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу калктуу конуштардын бүткүл аймагына карата жасалат.

2. Шаардын башкы планын иштеп чыгуу шаардын курамына кирген өзүнчө калктуу конуштарга карата, кийин башкы планга калктуу конуштун аймагынын башка бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишке ашырылышы мүмкүн. Башкы планды даярдоо жана башкы планга калктуу конуштун чек арасын белгилөө же өзгөртүү жагынан өзгөртүүлөрдү киргизүү шаардык агломерациянын курамына кирген өзүнчө калктуу конуштарга карата ишке ашырылышы мүмкүн.

3. Башкы пландар жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштырууну пландаган карталарды (схемаларды, пландарды) өзүнө камтышат, анын ичинде:

 1) калктуу конуштардын чек араларындагы электр-жылуулук-газ жана суу менен камсыздоонун, канализация, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларынын объекттери;

 2) жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор, көпүрөлөр жана башка транспорттук, инженердик курулмалар;

 3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жайгаштыруу зарыл болгон башка объекттер.

 4. Башкы пландар аймактык пландоо жөнүндө жобону жана тийиштүү карталарды (схемаларды, пландарды) камтышат.

 5. Башкы пландардагы аймактык пландоо жөнүндө жобо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) аймактык пландоонун максаттары жана милдеттери;

 2) аймактык пландоо боюнча иш-чаралардын тизмеси жана аларды аткаруунун ырааттуулугуна көрсөтмө.

 6. Башкы пландарда камтылган карталарда (схемаларда) төмөнкүлөр сүрөттөлөт:

 1) калктуу конуштун чек арасы;

 2) айыл чарбалык арналыштагы жерлердин чек аралары, коргонуу жана коопсуздук жерлеринин чек аралары, башка атайын арналыштагы жерлердин чек аралары, токой фондунун жерлеринин чек аралары, суу фондунун жерлеринин чек аралары, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлеринин чек аралары;

 3) өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун жана байланыштын жерлеринин азыркы турган жана пландалган чек аралары;

 4) маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек аралары;

 5) функциялык чөлкөмдөрдүн чек аралары, мындай чөлкөмдөрдү өнүктүрүүнүн пландалып жаткан параметрлерин чагылдыруу менен;

 6) аймактары өзгөчө шарттар менен пайдаланылуучу чөлкөмдөрдүн чек аралары;

 7) капиталдык курулуштун объекттерин же жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилген, же мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган капиталдык курулуштун объекттери жайгашкан жер участоктордун чек аралары;

 8) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелине жана алардын кесепетинин опурталына дуушар болгон аймактардын чек аралары;

 9) суулардын, көлдөрдүн инженердик жана транспорттук инфраструктураларынын чек аралары жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн талап кылган башка объекттердин чек аралары.

 7. Башкы пландарды бекитүү максатында алардын долбоорлорун тексттик формада жана карталар (схемалар, пландар) түрүндө негиздөө боюнча тийиштүү материалдар даярдалат.

 8. Башкы пландардын долбоорлорун тексттик формада негиздөө боюнча материалдар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 1) тийиштүү аймактын абалынын, аны комплекстүү өнүктүрүү көйгөйлөрүнүн жана багыттарынын анализи;

 2)  аймактык пландоонун маселелерин чечүүнүн варианттарынын негиздемеси;

 3) аймактык пландоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын тизмеси;

 4) аймактык пландоо боюнча сунуштардын негиздемеси, аларды ишке ашыруунун этаптары;

 5) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу опурталынын негизги факторлорунун тизмеси.

 9. Башкы пландардын долбоорлорун негиздөө боюнча материалдардын курамындагы карталарда (схемаларда, пландарда) төмөнкүлөр сүрөттөлөт:

 1) тийиштүү аймактын абалы, аны өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жөнүндө жана аны пайдалануудагы чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;

2) келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен аймактык пландоо боюнча сунуштар.

 10. Ушул берененин 9-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат төмөнкү карталарда (схемаларда, пландарда) сүрөттөлөт:

1) шаардык агломерациянын аймактарын пайдалануунун ар түрдүү категориядагы жерлердин чек аралары сүрөттөлгөн, тийиштүү аймактарды пайдалануу жөнүндө башка маалыматтар көрсөтүлгөн карталары (схемалары, пландары);

2) Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо схемаларынын курамында бекитилүүчү чектөөлөрдүн карталары (схемалары, пландары), администрациялык-аймактык бирдиктерди аймактык пландоонун схемалары; маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек араларынын карталары (схемалары, пландары), аймактары өзгөчө шарттар менен пайдаланылуучу чөлкөмдөрдүн чек араларынын карталары (схемалары, пландары), табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу опурталына дуушарланган аймактардын чек араларынын карталары (схемалары, пландары), жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттеринин терс таасири тийүүчү чөлкөмдөрдүн чек араларынын карталары (схемалары, пландары);  

 3) аймакты комплекстүү өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү  маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруунун анализинин жыйынтыктары көрсөтүлгөн, анын ичинде инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынган карталар (схемалар, пландар);

 4) башка карталар (схемалар, пландар).

 11. Ушул берененин 9-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштар башкы пландардын долбоорлорун макулдашууда аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулуучу карталарда сүрөттөлөт жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

 1) функциялык чөлкөмдөрдүн пландалып жаткан чек араларынын карталары (схемалары, пландары), андай чөлкөмдөрдүн пландалып жаткан параметрлерин сүрөттөө менен;

 2) жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу пландалып жаткан чөлкөмдөр сүрөттөлгөн карталар (схемалар, пландар);

3) пландоо боюнча документтери биринчи кезекте иштелүүгө тийиш болгон аймактардын пландалуучу чек араларынын карталары (схемалары, пландары);

 4) өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун, байланыштын жерлеринин азыркы турган жана пландалуучу чек араларынын карталары (схемалары, пландары);

5) башка карталар (схемалар, пландар).

 

38-берене. Калктуу конуштардын аймактары

 

 1. Калктуу конуштардын аймактык негизин жердин үстүндөгү жана (же) суу үстүндөгү чек араларынын чегинде белгиленген аймак түзөт (калктуу конуштун чеги).

 2. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында башкача каралбаса, калктуу конуштардын чек арасынын чегиндеги өзүнчө жер участоктордун алдындагы/үстүндөгү жер алдындагы мейкиндик жана аба мейкиндиги тийиштүү жер участоктордун ээлеринин карамагында болот.

 3. Калктуу конуштардын аймактарын пайдалануу режими жана тартиби бекитилген шаар куруу документтеринде белгиленген функциялык чөлкөмгө бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат.

 

39-берене. Калктуу конуштун чек арасы (чеги)

 

 1. Калктуу конуштун чек арасы (чеги) анын аймагын (имарат курулган мейкиндикти) аныктайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте бекитилген калктуу конуштун башкы планынын негизинде аныкталат (өзгөртүлөт).

 2. Калктуу конуштардын чек араларынын (чегинин) долбоорлорунун курамы, мазмуну жана иштеп чыгуу тартиби ченемдик укуктук актылар жана тийиштүү техникалык регламенттер менен аныкталат.

 3. Өтө ири, ири жана чоң шаарлардын чек араларынын (чегинин) долбоорлору шаар курууну пландоо жагындагы комплекстүү схемалардын курамында иштелип чыгышы мүмкүн.

Республикалык маанидеги шаарлардын, ошондой эле калкынын саны элүү миңден ашкан башка шаарлардын чек араларынын (чегинин) долбоорлору архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.

 4. Орто жана чакан шаарлардын, калктуу конуштардын чек араларынын (чегинин) долбоорлору ошол шаарлардын башкы пландарынын курамында иштелип чыкса жана макулдашылса болот.

 

40-берене. Калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмгө бөлүштүрүү

 

 1. Калктуу конуштардын башкы пландарында алардын аймактарын чөлкөмгө бөлүштүрүү каралууга, конкреттүү аймакты, өзүнчө функциялык чөлкөмдөрдү пайдалануунун түрлөрү аныкталууга, аларды пайдаланууга чек коюулууга жана төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:

 1) элдин жашоо-тиричилиги үчүн ыңгайлуу чөйрө;

 2) элдин же өндүрүштүн ашыкча топтолушун болтурбоо;

 3) айлана-чөйрөнү, анын ичинде өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды булгануудан сактоо;

 4) тарыхый жана маданий мурас объектилеринин статусу бар аймактарды коргоо;

 5) аймактарды антропогендик, техногендик процесстердин жана өзгөчө кырдаалдардын опурталдуу (зыяндуу) таасиринен коргоо;

 6) жагымсыз табигый көрүнүштөрдүн таасирин азайтуу.

 2. Белгиленген функциялык чөлкөмдөрдүн аймактарын пайдаланууга чектөөлөр жана аларды пайдалануунун түрлөрү жөнүндө маалыматтар аймактарга  курулуш куруу жана абаттоо эрежесине киргизилет.

 3. Калктуу конуштардын аймактарындагы администрацялык-аймактык түзүлүштөгү ролуна,  социалдык-экономикалык шарттарга жана өндүрүштүк-чарбалык адистештирилгенине жараша функциялык чөлкөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү белгиленет:

 1) эл жашоочу чөлкөмдөр;

 2) борбордук (коомдук-администрациялык-ишкердик-маданий) чөлкөмдөр;

 3) рекреациялык чөлкөмдөр;

 4) инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура чөлкөмдөрү;

5) өнөр жайлык (өндүрүштүк) чөлкөмдөр;

 6) айыл чарбага пайдалануучу чөлкөмдөр;

 7) атайын арналыштагы чөлкөмдөр;

 8) режимдик аймактардын чөлкөмдөрү;

 9) шаардын жанындагы чөлкөмдөр;

 10) санитардык-коргоо чөлкөмдөрү;

 11) резервдик аймактар (шаар куруу ресурстары).

 

41-берене. Эл жашоочу чөлкөм

 

 1. Калктуу конуштун эл жашоочу чөлкөмү үйдүн алдындагы ыңгайлаштырылган аймактары бар көп квартиралуу турак-жай имараттарды (үйлөрдү) жана үйдүн жанындагы участогу бар жеке турак үйлөрдү куруу үчүн арналат.

 2. Эл жашоочу чөлкөм өзүнчө турган жана (же) турак-жай имараттарга кошо (улай) курулган медициналык тейлөө, социалдык-тиричилик жана маданий агартуу багытындагы объекттер, инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттери менен камсыздалууга тийиш.

 3. Эл жашоочу чөлкөмгө бир кабаттуу жер үстүндөгү гараждарды, автомобиль транспорттун ачык токтотмо жайларын, ошондой эле жайгаштырылышы жана иши айлана-чөйрөгө таасирин тийгизүүчү, санитардык-коргоо чөлкөмүн түзүү талап кылынуучу өндүрүштүк объектилерди жайгаштырууга жол берилбейт.

4.Айрым учурларда эл жашоочу чөлкөмдөргө калктуу конуштун чек арасында (чегинде) жайгашкан бакчылык жана дачалык шериктештиктердин аймактары да кириши мүмкүн.

 

42-берене. Борбордук (коомдук-администрациялык-маданий- ишкердик) чөлкөм

 

 1. Калктуу конуштун борбордук (коомдук-администрациялык- ишкердик, маданий) чөлкөмү администрациялык, илимий-изилдөөчү, коомдук мекемелерди жана алардын комплекстерин, мейманканаларды жана мейманкана комплекстерин, ишкердиктин жана финансылык иштин борборлорун, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, коммерциялык ишкердик, соода жана коомдук тамак-аш, турмуш-тиричилик жактан тейлөө объекттерин, мындай объекттердин жанындагы ачык транспорт  токтотмо жайларын, жер үстүндөгү жана жер алдындагы гараждарды, санитардык жана экологиялык коргоо боюнча атайын иш-чараларды талап кылбаган башка имараттар менен курулуштарды жайгаштыруу үчүн арналат.

 2. Коомдук (коомдук-администрациялык-ишкердик, маданий) чөлкөмгө жайгаштырууга уруксат берилген объекттердин тизмесине турак жай имараттар (үйлөр) киргизилиши мүмкүн.

 

43-берене. Рекреациялык чөлкөм

 

 1. Калктуу конуштардагы рекреациялык чөлкөмдөр калктын эс алуучу жерлерин уюштуруу жана абаттоо үчүн арналган, өзүнө бактарды, токой-парктарды, парктарды жана скверлерди, зоопарктарды, көлмө-сууларды, пляждарды, аквапарктарды, ландшафттык архитектура объекттерин, эс алуунун жана туризмдин башка жерлерин, ошондой эле бош убакытты өткөрүү жана (же) ден соолукту чыңдоо багытындагы имараттарды жана курулмаларды камтыйт.

 2. Рекреациялык чөлкөмгө калктуу конуштун чек арасында (чегинде) жайгашкан корголуучу жаратылыштык объекттер кириши мүмкүн.

 3. Рекреациялык чөлкөмдүн аймагына рекреациялык чөлкөмдүн иштешине тике байланышы жок жаңы өнөр жай, коммуналдык жана кампалык объекттерди жайгаштырууга (курууга) жана мурункуларын кеңейтүүгө жол берилбейт.

 

44-берене. Инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура чөлкөмдөрү

 

 1. Калктуу конуштун инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура чөлкөмдөрү транспорттун, байланыштын, энергетиканын, суу чарбанын, ирригациялык тармактын, инженердик жабдуулар тармагынын, магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн коммуникацияларын жана курулмаларын жайгаштыруу жана алардын иштеши үчүн арналат.

 Алардын зыяндуу (коркунучтуу) таасирин болтурбоо селитебдүү аймактарга (участокторго) жана турак жай-жарандык арналыштагы объекттерге чейин керектүү аралыкты сактоо, ошондой эле техникалык регламенттерге ылайык башка милдеттүү талаптарды жана чектөөлөрдү аткаруу менен камсыздалат. Иштеткенде адамдардын ден соолугуна жана  алардын жашоо чөйрөсүнө түздөн түз зыянын тийгизүүчү коммуникациялар жана курулмалар калктуу конуштардын чегинен сырткары жайгаштырылууга тийиш.

 2. Бөлүнгөн чек аралардагы инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттеринин аймактары ушул объекттердин техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен абатталууга тийиш. Аймактарды абаттоо жана кармоо боюнча милдет объекттердин менчик ээлерине жүктөлөт.

 

45-берене. Өнөр жайлык (өндүрүштүк) чөлкөм

 

 1. Калктуу конуштун өнөр жайлык (өндүрүштүк) чөлкөмдөрү өнөр жай ишканаларын жана алардын комплекстерин, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын иштешин камсыздоочу өндүрүштүк, кампалык жана коммуналдык объекттерди жайгаштыруу үчүн арналат. Тийиштүү негиздемелери болсо, өнөр жай чөлкөмүнө ишкананын техникалык тейлөө байланышкан адамдарынын жашоосу үчүн турак жайларды жайгаштырууга жол берилет.

 2. Селитебдүү аймакта өнөр жай (коммуналдык, кампалык) объекттерди, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын объекттерин жайгаштырууга, алардын жайгаштырылышы жана иштеши элге коркунуч туудурбаган, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн түзүүнү талап кылбаган учурларда гана жол берилет. Андай болбосо өнөр жай чөлкөмүн башкалардан бөлүп туруучу санитардык-коргоо чөлкөмү каралууга тийиш.

 3. Өнөр жай чөлкөмүн, ошондой эле селитебдүү аймакта жайгашкан өндүрүштүк объекттердин аймактарын абаттоо жана кармоо боюнча милдет объекттердин менчик ээлерине жүктөлөт.

 

46-берене. Айыл чарбага пайдалануучу чөлкөмдөр

 

 1. Калктуу конуштун чек арасындагы (чегиндеги) айыл чарбага пайдалануучу чөлкөмдөр айыл чарбасын жүргүзүүгө жана калктуу конуштун бекитилген башкы планына жана куруу эрежелерине ылайык аймакты функциялык жактан өзгөрткөнгө чейин пайдаланылат.

2. Эгер айыл чарбага пайдалануучу чөлкөмдөрдүн жайгаштырылышы жана иштеши элге же айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизсе, анда санитардык-коргоо чөлкөмү каралууга тийиш.

 3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, айыл чарбага пайдалануучу чөлкөмдөрдү кармоо (зарыл болсо - жерлерди рекультивациялоо) боюнча милдеттер жерди пайдалануучуга жүктөлөт.

 

47-берене. Атайын  багыттагы чөлкөмдөр

 

 1. Калктуу конуштун чек арасында (чегинде) мүрзөлөр, крематорийлер, мал көмүүчү жайлар, тиричилик калдыктарын төгүүчү жайлар, таштандыларды (калдыктарды) кайра иштетүү боюнча ишканалар, тазалоочу түзүлүштөр, анын ичинде карьерлер, өсүмдүк өстүрүүчү топуракты, кумду сактоо үчүн аянтчалар, арналышы калктуу конуштун башка чөлкөмдөрүнүн арналышы менен айкалышпоочу башка объекттер үчүн бөлүнүүчү чөлкөмдөрдү жайгаштырууга жол берилет.

 2. Аталган объекттерди селитебдүү жана рекреациялык аймактардан, калктуу конуштун инфраструктура объекттеринен бөлүп турган санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн түзүүнүн зарылдыгы ченемдик укуктук актылар жана тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленет.

 3. Эгер ченемдик укуктук актыларда жана тийиштүү техникалык регламенттерде башкача каралбаса, атайын арналыштагы чөлкөмдөрдү кармоо боюнча милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана ишкананын менчик ээсине (жерди пайдалануучуга) жүктөлөт.

 

48-берене. Режимдүү аймактардын чөлкөмдөрү

 

 1. Аскердик объекттерди жана өзгөчө режим белгиленүүчү башка объекттерди жайгаштыруу үчүн режимдүү аймактардын атайын чөлкөмдөрү, ошондой эле калктуу конуштарда же алардын четинен сыртта өзгөчө жөнгө салынуучу башка аймактар караштырылууга тийиш.

 2. Режимдүү аймактардын чөлкөмдөрүн пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 

 

 49-берене. Шаардын жанындагы чөлкөмдөр

 

 1. Шаар четиндеги чөлкөмдөр өзүнө калктуу конуштун чек арасынын (чегинин) жанындагы, ошол калктуу конушту аймактык өнүктүрүүгө арналган, шаар жанындагы чөлкөмгө кирген жерлерди, ошондой эле санитардык-коргоо милдеттерин аткарууга, элдин эс алуучу жерлерин, бакчылык жана дачалык шериктештиктерди жайгаштырууга арналган жерлерди камтыйт.

 2. Шаардын жанындагы чөлкөмдөрдүн чек араларын белгилөө Кыргыз Республикасынын ушул Кодексине жана Жер кодексине ылайык бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде ишке ашырылат.

 3. Шаардын жанындагы чөлкөмдөрдүн чегинде жерлерди пайдалануу жана шаар куруу иши шаардын калкынын жана шаардын жанындагы чөлкөмгө кирген администрациялык-аймактык бирдиктердин кызыкчылыктарын камсыздоону эске алуу менен, шаар куруу ишин жөнгө салуунун өз ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.

 4. Шаардын жанындагы чөлкөм калктуу конуш менен бирдиктүү имараттар комплексин түзүүгө тийиш, мында:

 1) шаардын жанындагы чөлкөмдүн шаарды өнүктүрүү үчүн резервдин кызматын аткаруучу, шаардын чегине жанаша аймагы архитектуралык-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын контролунда болууга тийиш;

 2) шаарлардын жанындагы чөлкөмдөргө экологиялык жактан зыяндуу ишканаларды курууга тыюу салынат;

 3) шаардын жанындагы чөлкөмдүн көлөмү шаардык агломерациянын чегинде шаардын башкы планы менен белгиленет; 

4) шаардын жанындагы чөлкөмдүн аймагында архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга макулдашпастан объекттерди курууга тыюу салынат;

5) шаардын жанындагы чөлкөм калктуу конуштун элин кыска мөөнөттүү эс алуучу орундар менен камсыз кылат.

 

50-берене. Санитардык-коргоо чөлкөмү

 

 1. Эгер, өнөр жайлык, өндүрүштүк, коммуналдык жана кампалык объекттерди, ошондой эле атайын арналыштагы объекттерди жайгаштыруу жана алардын иштеши калкка коркунуч туудурса жана (же) айлана-чөйрөгө зыян тийгизсе, анда тийиштүү санитардык-коргоо чөлкөмү каралууга тийиш. Санитардык-коргоо чөлкөмүнүн параметрлери жана ага карата талаптар анын конкреттүү арналышына карата колдонуудагы  ченемдер менен белгиленет.

 2. Санитардык-коргоо чөлкөмүндө анын параметрлерине жана тиешелүүлүгүнө карабастан турак жай имараттарды, билим берүү уюмдарын, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин, спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларды, анын ичинде багбандык жана чарбак жер участокторун жайгаштырууга, ошондой эле айыл чарба продукцияларын өстүрүүгө жол берилбейт.

 3. Санитардык-коргоо чөлкөмүн кармоо боюнча милдеттер ошол объекттердин таандык болгон менчик ээлерине жүктөлөт.

 

51-берене. Резервдик  аймактар (шаар куруу ресурстары)

 

 1. Резервдик аймактар калктуу конуштарды өнүктүрүү же конуштар арасындагы аймактарды өздөштүрүү (абаттоо) үчүн арналган шаар куруу ресурстары болуп саналат.

 2. Резервдик аймактар (шаар куруу ресурстары) райондордун аймактарын шаар куруу үчүн комплекстүү пландоо схемаларынын, калктуу конуштардын жана алардын функциялык чөлкөмдөрүнүн башкы пландарынын курамында аныкталат жана бекитилет.

 3. Калктуу конуштардын шаар куруу ресурстары болуп аныкталган аймактар резервге алынууга тийиш болот, калктуу конуштар жана алардын бөлүктөрү өнүктүрүлүшүнө жараша алардын арналышына ылайык пайдаланылат.

4. Эгер пайдалануунун мындай ыкмасы жана режими калктуу конушту же анын бөлүгүн пландалган келечектүү өнүктүрүүгө тоскоол болбосо резервдик аймактар бекитилген шаар куруу документтеринде каралбаган максаттарга пайдаланышы мүмкүн.

 5. Шаар курууну өзгөчө жөнгө салуу чөлкөмдөрүнүн чегиндеги резервдик аймактарды пайдалануу андай чөлкөм үчүн белгиленген режимге ылайык ишке ашырылат.

 6. Резервдик аймактарды убактылуу пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.

 

52-берене. Калктуу конуштардын башкы пландарын даярдоо жана бекитүү

 

1. Калктуу конуштардын башкы планы калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органы тарабынан бекитилет.

Бишкек жана Ош шаарларынын башкы пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Башкы пландын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө чечим, ошондой эле башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо тууралуу чечимди тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы чыгарат.

3. Башкы пландын долбоору ал бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.

 4. Кызыкчылыгы бар тараптар башкы пландын долбоору боюнча өздөрүнүн сунуштарын берүүгө укуктуу.

 5. Башкы пландын долбоору ушул Кодекстин талаптарына ылайык өткөрүлүүчү коомдук угууларда милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

 6. Калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органы башкы пландын долбоору боюнча коомдук угуулардын протоколдорун, мындай коомдук угуулардын жыйынтыктары жөнүндө корутундуну эске алуу менен башкы планды бекитүү жөнүндө чечим чыгарат. Башкы пландын долбоору кабыл алынбаган учурда аны калктуу конуштун жергиликтүү администрациясынын башчысына аталган протоколдорго жана корутундуларга ылайык толуктап иштеп чыгууга жиберет.

 7. Башкы план белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш. Ушул Кодексте каралган жоболор жана ушул Кодексте каралган маалыматтар көрсөтүлгөн карта (схема, план) же бир нече карталар (схемалар, пландар) жарыяланууга жана жайгаштырылууга тийиш. Башкы план аны бекиткенден тартып үч күндүн ичинде ошол калктуу конуш чегинде жайгашкан тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жиберилет.

 8. Эгер башкы планды бекитүүнүн натыйжасында жер участокторунун жана капиталдык курулуш объекттеринин укуктуу ээлеринин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулса же бузулушу мүмкүн болсо алар башкы план боюнча соттук тартипте талашууга укуктуу.

 9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызыкдар жеке адамдар жана юридикалык жактар башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тийиштүү өкүлдүк органына жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына кайрылууга укуктуу.

 10. Турак жай куруу же рекреациялык арналыштагы чөлкөмдөрдү аныктоо максатында шаардын, калктуу конуштун чек арасын өзгөртүүнү караштырган өзгөртүүлөр башкы планга коомдук угууларды өткөрбөстөн киргизилет.

 

53-берене. Бишкек жана Ош шаарларында шаар куруу ишин  жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

1. Бишкек жана Ош шаарларында шаар куруу ишин жүргүзүү ушул Кодекс менен жөнгө салынат.

2. Эгер “Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен шаар куруу иши жаатындагы ыйгарым укуктар Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилсе, бул Кодексти ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Бишкек жана Ош шаарларынын тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.

3. Аймактык пландоо жана шаар курууну чөлкөмгө бөлүштүрүү документтери болуп Бишкек жана Ош шаарларынын башкы пландары эсептелет. Бишкек жана Ош шаарларынын башкы пландары өзүнө ушул Кодекстин 30 жана 34-беренелеринде каралган маалыматтарды, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги өзгөчө корголуучу табигый аймактарды өнүктүрүүнү жана жайгаштырууну пландаган карталарды (схемаларды, пландарды), Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында мамлекеттик маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштырууну пландаган карталарды (схемаларды, пландарды) камтыйт.

4. Бишкек жана Ош шаарларынын башкы пландарынын долбоорлору  Бишкек жана Ош шаарларынын тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш. 

5.  Бишкек жана Ош шаарларынын шаар ичиндеги райондук түзүлүштөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шаар куруу иши жагындагы өзүнчө ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

 

54-берене. Калктуу конуштун башкы планынын долбоорун макулдашуунун өзгөчөлүктөрү

 

Калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш. 

 

55-берене. Калктуу конуштун башкы планын ишке ашыруу

 

1. Калктуу конуштун башкы планы калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдүк органы бекитүүчү башкы планды ишке ашыруу планынын негизинде, тийиштүү башкы план бекитилгенден баштап үч айдын ичинде ишке ашырылат.

 2. Башкы планды ишке ашыруу планында төмөнкүлөр камтылат:

 1) куруу эрежесинин долбоорун даярдоо же жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим;

 2) жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин  жайгаштырууга аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо мөөнөттөрү, анын негизинде мындай объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктордун чек аралары аныкталат же такталат;

 3) долбоордук документтерди даярдоо мөөнөттөрү жана жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин куруу мөөнөттөрү;

 4) башкы планды ишке ашыруунун финансылык-экономикалык негиздемеси.

 

56-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык пландоонун долбоорлорунун документтерин биргелешип даярдоосу

 

1. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо аймактык пландоо маселелерин комплекстүү чечүү жолу менен аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында, бир нече облустун, райондордун аймактарында райондук же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштырууну пландоо максатында, ошондой эле облустук жана райондук маанидеги маданий мурас объекттерин коргоо чөлкөмдөрүнүн чегинде жайгашкан жер участокторду жана капиталдык курулуш объекттерин пайдалануу максатында башка облустардын, райондордун аймактарында райондук же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштырууну пландоо максатында ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо жөнүндө демилге менен чыгууга төмөнкүлөр укуктуу:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

3. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо жөнүндө сунуштарда аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун даярдоодо алардын мазмунуна, көлөмүнө жана каржылоо мөөнөтүнө байланышкан иштердин координацияланышын уюштуруу жөнүндө жоболор болууга тийиш.

4. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун (бул  берененин 2-бөлүгүнө ылайык) биргелешип даярдоо максатында ушул берененин 3-бөлүгүндө айтылган сунуштарды алган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуш түшкөн күндөн баштап отуз күндүн ичинде аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоого макул экендиги же аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоого макул эместиги жөнүндө жооп жиберүүгө тийиш.

 5. Мамлекеттик органдан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объектисин башка администрациялык түзүлүштүн аймагында жайгаштырууну пландоо жөнүндө сунуш түшкөн учурда, ошондой эле маданий мурас объекттерин коргоо чөлкөмдөрүнүн чегиндеги аймактарды пайдаланууга чектөөлөрдү коюу жөнүндө сунуш түшкөн учурда аймактык пландоо документтерин биргелешип даярдоодон баш тартууга болбойт.

6. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоого макулдук жөнүндө жооп алынган учурда тараптардын биргелешкен чечиминин негизинде аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары – долбоорлорду биргелешип даярдоо боюнча комиссия).

 7. Долбоорлорду биргелешип даярдоо боюнча комиссия тараптардын өкүлдөрүнүн тең катышуусунун шартында түзүлөт.

8. Долбоорлорду биргелешип даярдоо боюнча комиссия ушул беренин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын кызыкчылыктарынын сакталышын жана аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун даярдоодо алардын ишин координациялоону камсыздайт.

 9. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

 10. Эгер аймактык пландоо документинин долбоорун биргелешип даярдоодо райондук же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин башка администрациялык түзүлүштүн аймагына жайгаштыруу жөнүндө сунуштар макулдашылбаса, мындай объекттерди жайгаштыруу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.

 11. Ушул беренеге ылайык биргелешип даярдалган аймактык пландоо документин тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитишет.

 12. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун биргелешип даярдоо тартиби, долбоорлорду биргелешип даярдоо боюнча комиссиянын курамын, аны түзүүнүн жана ишинин тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

 

57-берене. Калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорлору боюнча коомдук угуулар

 

 1. Адамдын жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарына укугун, жер участокторго жана капиталдык курулуш объекттерине укук ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо максатында башкы пландардын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук угуулар (мындан ары – коомдук угуулар) калктуу конуштардын тургундарынын катышуусу менен милдеттүү тартипте өткөрүлөт.

 2. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби бул берененин жоболорун эске алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

 3. Коомдук угуулар ар бир калктуу конуштарда өткөрүлөт. Башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө коомдук угуулар башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткан аймакка тиешелүү калктуу конуштарда, ошондой эле мындай калктуу конуштар менен жалпы чек арадагы калктуу конуштарда өткөрүлөт.

 4. Коомдук угууларды өткөрүүдө кызыкчылыгы бар бардык адамдардын коомдук угууга катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо максатында калктуу конуштун аймагы бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн.

 5. Башкы пландын долбоорунун мазмуну жөнүндө маалыматтарды элге жеткирүү максатында коомдук угууларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы башкы пландын долбоорунун көргөзмөлөрүн, башкы пландын долбоорунун демонстрациялык материалдарынын экспозицияларын, тургундардын жыйналыштарында жана жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында, радиодо жана теле көрсөтүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, башкы пландын долбоорун иштеп чыккандардын  баяндамаларын чыгарууну милдеттүү тартипте уюштурушат.

6. Коомдук угуулардын катышуучулары коомдук угууларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына коомдук угуулардын протоколуна киргизүү үчүн башкы пландын долбооруна тиешелүү өздөрүнүн сунуштарын жана дооматтарын берүүгө укуктуу.

 7. Коомдук угуулардын жыйынтыгы жөнүндө корутунду укуктук актыларды жана башка расмий маалыматтарды жарыялоо үчүн белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш жана Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

 8. Коомдук угууларды өткөрүүнүн шаардын, калктуу конуштун тургундарына аны өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө билдирген учурдан баштап коомдук угуулардын жыйынтыгы жөнүндө корутунду жарыялануучу күнгө чейинки мөөнөтү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат, жана бир айдан аз, үч айдан көп болушу мүмкүн эмес.

 9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы коомдук угуулардын жыйынтыгы жөнүндө корутундуну эске алуу менен төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

 1) башкы пландын долбооруна макулдук берүү жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органына жиберүү жөнүндө;

 2)  башкы пландын долбоорун кабыл албоо жана аны толуктап иштеп чыгууга жиберүү жөнүндө.

 

58-берене. Аймактык пландоонун долбоордук документтеринин мамлекеттик экспертизасы

 

 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын бирикмелери өз демилгеси боюнча аймактык пландоо документтеринин долбоорлорун мамлекеттик экспертизага жибере алышат. Аймактык пландоо документинин долбоорунун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды аймактык пландоо документинин долбоорун мамлекеттик экспертизага жиберүүгө демилге көтөргөн жак алат.

2. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо документтеринин долбоорлорунун мамлекеттик экспертизасы, аймактык пландоо документтеринин долбоорлорунун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

 3. Кыргыз Республикасынын аймактык пландоо долбоорлоруна мамлекеттик экспертиза жүргүзүү акысыз жүргүзүлөт.

 4. Аймактык пландоо документтеринин долбоорлорунун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүү мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш.

 5. Аймактык пландоо документинин долбоорунун мамлекеттик экспертизасынын натыйжасы, бул долбоордун техникалык регламенттердин талаптарына жана аймакты рационалдуу уюштуруу талаптарына ылайыктыгы жөнүндөгү (оң корутунду) же аймактык пландоо документинин долбоорунун техникалык регламенттердин талаптарына жана аймакты рационалдуу уюштуруу талаптарына ылайык эместиги жөнүндөгү (терс корутунду) корутунду болуп калат.

6. Аймактык пландоо долбооруна карата мамлекеттик экспертизанын терс корутундусу аймактык пландоо документин бекитүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп калат.

 7. Аймактык пландоо документинин долбооруна карата мамлекеттик экспертизанын корутундусу кызыкдар болгон жактар тарабынан соттук тартипте талашка алынуусу мүмкүн.

 

6-бап. Шаар курууну чөлкөмдөштүрүү

 

59-берене. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү. Куруу жана жер пайдалануу эрежелери. Статус, түзүм, иш-аракет чөйрөсү жана багыты

 

1. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү, кыймылсыз мүлктү пайдаланууга уруксат берилген жана кошумча шаар куруунун регламенттерин (экологиялык чектөөлөр, маданий жана тарыхый эстеликтерди сактоо ж.б. шарттар менен байланыштуу) параметрлери жана түрлөрү боюнча, ар бири үчүн (жана бул чөлкөмдөгү бардык жер участоктору үчүн) шаар куруу регламенттерин белгилеп, калктуу конуштун чек арасындагы бардык аймактарды бөлүштүрүү болуп саналат.

2. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү төмөнкүлөр үчүн багытталат:

1) калктуу конуштун аймагын, инженердик, транспорттук камсыздоо жана социалдык тейлөө тутумдарын өнүктүрүү, табигый жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоо пландарын, программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо;

2) жер участокторуна, башка кыймылсыз мүлк объекттерине ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укуктарына ээ болууну каалаган  менчик ээлери (ээлер) жана жактар үчүн кыймылсыз мүлктү пайдалануу жана курулуштук өзгөртүү боюнча укуктук кепилдиктерди аныктоо;

3) жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде кыймылсыз мүлктүн курулушуна жана жайгаштырылышына инвеcтицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен;

4) жарандардын калктуу конушту, курулманы жана жер пайдаланууну өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтарга, алардын чечимдерди кабыл алууда катышуусу үчүн эркин кирүүсүн камсыз кылуу;

5) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын сакталышы үчүн контролду камсыздоо.

3. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, ишке ашыруу жолдору менен жүзөгө ашырылат - калктуу конуштун башкы планы жана калктуу конушту, шаар курууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган пландоонун долбоору төмөнкүлөрдө колдонулат:

1) адамдардын жашоосунун жана ден-соолугунун коопсуздугун, имараттардын, курулмалардын жана курулуштардын бекемдигин жана коопсуздугун, курчап турган табигый жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген техникалык регламенттер жана башка милдеттүү талаптар менен бирдикте;

2) курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин жана шаардын, калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка ченемдик укуктук актылар менен бирдикте.

4. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү калктуу конуштун аймагындагы чек араларында колдонулат, шаар куруу ишин жүзөгө ашыруучу жана контролдоочу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын сакташы, ошондой эле сот органдары үчүн – куруу жана жер пайдалануу маселелери боюнча талаштарды чечүүнүн негизи катары милдеттүү.

5. Шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөштүрүү төмөнкүлөр үчүн кызмат кылат:

1) жер участокторунун, кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин уруксат берилген пайдалануу түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттерин аныктоо;

2) жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укуктарды берүү;

3) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участокторун алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу максатында, шаар куруу негиздемелерин даярдоо;

4) курууга, жаңы курулган же кайра конструкцияланган объекттерди пайдаланууга уруксат берүү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кыймылсыз мүлк объекттеринин пайдаланылышын жана курулуштук өзгөртүүлөрдү, айып санкцияларынын колдонулушун контролдоо;

6) куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтын жеке жана юридикалык жактар үчүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле бул маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда алардын катышуусун камсыздоо;

7) куруу жана жер пайдалануу эрежелерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.

 

60-берене. Шаар куруу регламенттери жана аларды колдонуу

 

 1. Аймактарды жана кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун шаар куруу регламенттери, ошондой эле мамлекеттик шаар куруу кадастрын киргизүүдөгү алардын абалын ар кандай өзгөртүүлөр белгиленген мөөнөттүн чегинде колдонулган артыкчылыктардын, тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн типтери, түрлөрү жана параметрлери жана башка режимдер менен мүнөздөлөт.

Белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтери жана архитектуралык-курулуш долбоору регламенттерди белгилөөнүн негизи болуп калат.

2. Мамлекеттик шаар куруу регламенттеринин классификатору жана алардын көрсөткүчтөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык жана жергиликтүү деңгээлде белгиленет.

3. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын киргизүү үчүн шаар куруу регламенттеринин тутуму төмөнкү типтерди камтууга тийиш:

1) архитектура, шаар куруу жана курулуш ишин жүзөгө ашырууда аймакты, аны менен байланышкан кыймылсыз мүлк объекттерин функционалдык пайдалануунун багыты жана (же) аны өзгөртүү;

2) калктуу конуштардын аймагын өнүктүрүүнүн жана куруунун (жайгаштыруунун) интенсивдүүлүгү;

3) калктуу конуштардын аймагын өнүктүрүүнүн жана куруунун (жайгаштыруунун) балансын камсыздоо;

4) айлана-чөйрөгө калктуу конуштардын аймагын куруунун (жайгаштыруунун) таасири.

4. Шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда аймакты, аны менен байланышкан кыймылсыз мүлк объекттеринин функциялык пайдаланылышынын багыты жана (же) аны өзгөртүү төмөнкү түрдөгү шаар куруу регламенттеринде ишке ашырылат:

1) функциялык багыт жана (же) аймакты өзгөртүүлөр;

2) жаңы курулуучу жана кайра конструкциялануучу имараттардын жана курулуштардын функциялык багыты;

3) калктуу конуштун же анын бөлүгүнүн функциялык жана архитектуралык көрүнүшүн өзгөртүүлөр;

4) калктуу конуштун же анын бөлүгүнүн социалдык, рекреациялык, транспорттук жана инженердик инфратүзүмдүн калыптанышы (өркүндөтүлүшү).

5. Калктуу конуштун аймагын өнүктүрүүнүн балансы шаар куруу регламенттерин төмөнкү түрлөрүндө камсыз кылынат:

1) аймактарды жана объекттерди  өнүктүрүүнүн ресурстук шарттары менен;

2) шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарынын чөйрөлүк шарттары менен;

3) калктын жашоосун камсыздоонун инженердик шарттары менен.

6. Калктуу конуштардын аймагын пландоонун жана куруунун (жайгаштыруунун) коопсуздугу төмөнкүлөр менен камсыздалат:

1) экологиялык жана санитардык аялуу объекттерди жайгаштыруу менен;

2) техногендик коркунуч туудурган объекттерди жайгаштыруу менен;

3) коркунучтуу табигый көрүнүштөрдүн булактарына карата адамдын жашоо чөйрөсүн жайгаштыруу менен;

4) санитардык, өрткө каршы жана башка милдеттүү талаптар менен;

5) инженердик жана транспорттук шарттар менен.

7. Шаар куруу регламенттерин маалыматтары мамлекеттик шаар куруу кадастрына киргизилиши керек.

 

7-бап. Аймактарды толук пландоо

 

61-берене. Аймактарды толук пландоо боюнча документтердин багыты жана түрлөрү

 

1. Аймактарды толук пландоо долбоору калктуу конуштардын айрым бөлүгүнө жана функциялык чөлкөмдөрүнө карата, ал эми зарыл болгондо, бүткүл аймакка карата иштелип чыгат, мында толук пландоо долбоору башкы план менен айкалыштырылат. Толук пландоо долбоору калктуу конуштун чектеринен тышкары жайгашкан аймакка карата да иштелип чыгат.

2. Аймакты толук пландоо боюнча документтерди даярдоо аймакты туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо, пландоо түзүмүнүн элементтерин (коомдук чөлкөмдөрдүн турак жай топторунун курамындагы турак жай, аралаш турак жайдын участокторун; коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын курамындагы турак жай топторун, аралаш турак жай курулманын же башка функциялык багыттагы коңшулаш жайгашкан автономдуу комплекстерди жана чөлкөмдөрдү; шаардык аймактын кварталдарын, кичи райондорду, турак жай райондорун, башка элементтерди), бөлүү капиталдык курулуш объекттери жайгашкан жер участокторунун чек араларын, линиялык объекттерди куруу, жайгаштыруу үчүн багытталган жер участокторунун чек араларын аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Кодексте каралган, аймактарды толук пландоо боюнча документтерди даярдоо, курулган же курула турган аймактарга карата жүзөгө ашырылат. Аймакты толук пландоо боюнча документтердин негизги түрлөрү төмөнкүлөр:

1) турак жай, өнөр жай (өндүрүштүк), рекреациялык, тарыхый жана башка функциялык чөлкөмдөрдүн, айрым шаардык тоомдордун, көчөлөрдүн, магистралдардын толук пландоо долбоорлору (мындан ары – пландоо долбоорлору);

2) кварталдарды, кичи райондорду, шаар куруу, архитектуралык, ландшафттык комплекстерди, парктарды, ансамблдерди жана калктуу конуштардын башка пландоо элементтеринин куруу долбоорлору (мындан ары – курулуш долбоорлору);

3) тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча шаар куруу документтеринин башка түрлөрү.

4.  Курулбаган жана курулуш үчүн багытталбаган жер участокторунун чек аралары белгиленген учурда, аймактарды толук пландоо боюнча документтерди даярдоо жер, суу, токой жана башка мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Эгер, жер участокторунун укук ээлеринин демилгеси боюнча жер участогун бир нече жер участокторуна бөлүүдө, жер участокторун бир жер участогуна бириктирүүдө, жер участокторунун жалпы чегин өзгөртүүдө аймактарды толук пландоо боюнча документтерди даярдоо талап кылынбайт, ал эми жерге жайгаштыруу документтерин даярдоо жер мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Мында түзүлгөн жер участокторунун өлчөмдөрү шаар куруу регламенти менен каралган жер участокторунун максималдуу өлчөмүнөн ашпашы керек жана шаар куруу регламенти менен каралган жер участокторунун минималдуу өлчөмүнөн аз болбошу керек. Жер участогун бир нече жер участокторуна бөлүүнүн милдеттүү шарты, ар бир түзүлгөн жер участогуна жөө адамдар жана транспорт баруучу жолдордун болушу. Түзүлгөн жер участогу бир аймактык чөлкөмдүн чектеринде болгон шартта гана бир нече жер участокторун бир жер участокко бириктирүүгө жол берилет.

6. Аймактарды толук пландоо боюнча документтерди даярдоодо курулуш долбоорлорун, инженердик камсыздоо схемаларын, бизнес-пландарынын долбоорлору, аймактын чек арасын бөлүштүрүү долбоорлору жана жер участокторунун шаар куруу пландары иштелип чыгылышы мүмкүн.

 

62-берене. Калктуу конуштардын бөлүктөрүн толук пландаштыруу долбоору

 

1. Аймактарды толук пландаштыруу долбоорун даярдоо пландоо түзүмүнүн элементтерин бөлүштүрүү, пландоо түзүмүнүн элементтерин пландоо менен өнүктүрүү параметрлерин белгилөө үчүн жүзөгө ашырылат.

2. Толук пландаштыруу долбоору юридикалык шаар куруу документи болуп саналып, башкы пландын чечимдеринин негизинде аткарылат жана төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) функциялык-шаар куруу чөлкөмдөштүрүүнү аныктоо менен аймакты пландаштырууну уюштуруунун негизги багыттарын;

2) кызыл (көк, жашыл) сызыктарды, курулушту жөнгө салуу жана жерлерди пайдалануу чектерин; комплекстүү көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды;

3) мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка менчик түрлөрүнүн аймактарынын чектерин;

4) социалдык жактан зарыл курамды жана калкты маданий-тиричилик жана коммуналдык тейлөө объекттерин жайгаштырууну;

5) көчө-жол тармагын жана транспорттук тейлөөнү уюштурууну; магистралдык инженердик коммуникациялар трассаларын;

6) көчөлөрдүн туурасынан кеткен капталдарын;

7) куруунун көлөмдүк – мейкиндик жана архитектуралык-көркөм чечими, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүн пайдалануу режими  боюнча долбоордук сунуштарды.

3. Аймакты толук пландаштыруу долбоору бекитиле турган милдеттүү бөлүктөн жана аны негиздөө боюнча материалдардан турат.

4. Аймакты толук пландаштыруу долбоорунун милдеттүү (бекитүү) бөлүгүнө  төмөнкүлөр кирет:

1) кызыл (көк, жашыл) сызыктардын бөлүштүрүү схемасы (акт);

2) көчөлөрдүн жана магистралдардын туурасынан кеткен капталдары;

3) аймакты функциялык жана курулуштук чөлкөмдөштүрүү (башкы пландын материалдарын тактоо);

4) калкты социалдык тейлөө объекттерин жайгаштыруу;

5) кичи райондор жана инженердик аянттан тышкары коммуникациялар тутуму;

6) курулуш долбоорун иштеп чыгууга чейин өз алдынча долбоорлоону талап кылган, аймакты инженердик даярдоо боюнча иш-чаралар;

7) менчиктин түрлөрү боюнча жерлерди бөлүштүрүү;

8) мамлекеттик, райондук же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу, ошондой эле аймактын пландаштырылган өнүгүү мүнөздөмөлөрү, анын ичинде аймакты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон социалдык, транспорттук тейлөө жана инженердик-техникалык камсыздоо тутумдарын өнүктүрүү, аймактын курулушунун тыгыздыгы жана параметрлери жөнүндө жобону камтыган түшүндүрмө кат.

5. Аймактарды толук пландаштыруу долбоорун негиздөө боюнча материалдар өзүнө графикалык түрдөгү материалдарды жана түшүндүрмө катты камтыйт.

6. Аймактарды толук пландаштыруу долбоорун негиздөө боюнча графикалык түрдөгү материалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) шаардын (райондун, калктуу конуштун) тутумундагы пландоо түзүмүнүн элементинин жайгашуу схемасын;

2) таяныч планын (аймакты учурдагы пайдалануунун планы);

3) курулуштун эскизи бар, кызыл сызыктар планын (негизги чийме), анда табигый ландшафттын участокторун сактоочу бардык түрлөрдүн курулмасынын сакталуу элементтери жана аймакты функционалдык пайдалануу, курулуштун архитектуралык-пландоо жана көлөмдүк – мейкиндик чечими боюнча долбоордук сунуштар, көчө тармагы, инженердик жабдуунун жер үстүндөгү курулмалары; менчик түрлөрү боюнча аймактардын чектери; курулушту жөнгө салуунун кызыл жана башка сызыктары көрсөтүлөт;

4) кызыл сызыктардын бөлүштүрүү схемасы (акт);

5) көчө жол тармагынын схемасын жана тийиштүү аймактагы транспорт кыймылынын схемасын;

6) магистралдык инженердик тарамдарды жана курулуштарды жайгаштыруу жана жер алдындагы мейкиндикти пайдалануу схемасын;

7) аймакты вертикалдык пландаштыруунун жана инженердик даярдоонун схемасын;

8) көчөлөрдүн туурасынан кеткен капталдарын;

9) маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек араларынын схемасын;

10) аймактарды пайдалануунун өзгөчө шарттары бар, чөлкөмдөрдүн чек араларынын схемасын;

11) аймакты пландаштыруу жөнүндө жоболорду негиздөө үчүн графикалык түрдөгү башка материалдарды.

7. Түшүндүрмө кат төмөнкүлөргө тиешелүү жоболордун сыпаттамасын жана негиздемесин камтууга тийиш:

1) долбоордун негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн;

2) аймактын учурдагы пайдаланылышы, турак жай фондунун, коомдук жана өндүрүштүк имараттар жана курулуштар, инженердик жана транспорттук тарамдар, аймактарды көрктөндүрүү абалы жөнүндө маалыматтарды;

3) долбоордо сунушталган архитектуралык-пландаштыруу чечимдерин;

4) аймакты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон социалдык, транспорттук тейлөөнүн жана инженердик-техникалык камсыздоонун тутумдарынын пландалган курулушунун параметрлерин аныктоону;

5) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан аймакты коргоону, жарандык коргоо жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;

6) аймакты пландаштыруунун башка маселелерин;

7) курчап турган чөйрөгө таасирлерди баалоону.

8. Аймактарды толук пландоо долбоорлорунун курамынын жана мазмунунун даярдалышы, калктуу конуштун башкы планынын негизинде жүзөгө ашырылып, ушул Кодекс менен белгиленет. 

9. Аймактарды толук пландаштыруу долбоору курулуш долбоорлорун, аймактарды чектеп бөлүү долбоорлорун, жер участокторунун шаар куруу пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.

 

63-берене. Аймактарды куруу долбоорлору 

 

1. Куруу долбоорлору кварталдардын, кичи райондордун аймактарын жана калктуу конуштардын пландаштыруу түзүмүнүн, кызыл сызыктар менен белгиленген чек араларында же жер участокторунун чек араларындагы башка элементтери үчүн иштелип чыгат. Куруу долбоорлору шаар куруу документтерине (башкы планды жана пландоо долбоорунун негизинде), шаар куруу регламенттерине, курулуштун жана жер пайдалануу эрежелерине ылайык иштелип чыгат. Калктуу конуштун башкы планынын негизинде пландаштыруунун бекитилбеген долбоорусуз куруу долбоорун аткарууга жол берилет. Магистралдардын аянттары жана участоктору үчүн куруу долбоору алардын контуру боюнча түшкөн имараттардын чектеринде иштелип чыгышы мүмкүн.  Куруу долбоорунун курамында аймактарды чектеп бөлүү долбоору иштелип чыгышы мүмкүн.

2. Куруу долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча куруучунун тапшырыгы боюнча иштелип чыгат.

3. Куруу долбоору бир же эки баскычта иштелип чыгат:

1) нарктын жыйынтык эсеби бар долбоор;

2) кварталдын, кичи райондун, жер участогунун чек араларындагы курулуш объектисине же иштердин көлөмүн жана алардын наркын аныктоо менен долбоорду ишке ашыруу этабы боюнча жумушчу документтер.

4. Куруу долбоору графикалык жана тексттик материалдардын курамында иштелип чыгат. Графикалык материалдар төмөнкүлөрдүн курамында иштелип чыгат: куруунун башкы планы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу планы, рельефти уюштуруу схемасы, жер массаларынын планы, инженердик инфратүзүм планы. Куруу долбоорунун түшүндүрмө катында куруунун архитектуралык-пландаштыруу жана көлөмдүк – мейкиндик куруу чечимдеринин негиздемелери, курулуш кезеги, турак жай жана коомдук имараттардын типтери жана түрлөрү, алардын конструктивдик чечимдери, инженердик жайгаштыруу, аймакты көрктөндүрүү тутумдары, имараттарды жана жайларды, социалдык жана калкты маданий-тиричилик жактан тейлөө мекемелерин жайгаштыруу жазылат, куруу долбоорунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү келтирилет.

5. Куруу долбоору графикалык материалдардын, курулуштун наркынын жыйынтык эсеби, түшүндүрмө кат курамында бекитүүгө берилет.

6. Куруу долбоорлорунун милдеттүү жоболору төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) курууну жөнгө салуу сызыктары;

2) имараттардын, курулмалардын, курулуштардын жайгашуусу;

3) куруунун архитектуралык-пландаштыруу жана көлөмдүк-мейкиндик чечими, инженердик жабдууну, көрктөндүрүү тутумдары жана көрсөтүлгөн тутумдарды жер участокторунун, кварталдардын, кичи райондордун чектеринен тышкары жайгашкан курулуштарга, инженердик жабдуунун тутумдарына кошуу шарттары жана отурукташуунун пландоо түзүмүнүн башка элементтери:

4) имараттардын кабаттуулугу жана түрлөрү;

5) жер иштеринин планы менен рельефти уюштуруу;

6) транспорттук каражаттардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруу;

7) жалпы пайдалануучу аймактар;

8) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо талаптарын камсыздоо боюнча чаралар;

9) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар;

10) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын таасиринен коргоо чаралары,  ошондой эле жарандык коргоо боюнча иш-чаралар;

11) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын керектөөлөрүн камсыздоо боюнча чаралар;

12) жер участокторунун чек аралары жана коомдук сервитуттарды белгилөө боюнча сунуштар;

13) курулуштун наркынын жыйынды эсеби;

14) куруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасында белгиленген башка жоболор.

7. Кайра конструкциялануучу кичи райондордун, кварталдардын аймактарын куруу долбоорунун курамында, куруунун азыркы абалын жана аймактын экологиялык абалын талдоо менен кошумча бөлүмдөр аткарылат.

8. Шаар куруу жана экологиялык жактан татаал аймактар үчүн куруу долбоорлорун иштеп чыккан учурда, жеке долбоорлор боюнча көптөгөн имараттарды же уникалдуу объекттерди курууда, ошондой эле тийиштүү шаар куруу документтери жок болсо, куруунун долбоорунун өз алдынча баскычы катарында, тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча куруунун эскиздик долбоору иштелип чыгышы мүмкүн. Куруунун эскиздик долбоорунда варианттуу иштеп чыгуулардын негизинде кичи райондордун, кварталдардын, аянттардын, магистралдардын, отурукташуунун пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин негизги архитектуралык – пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик концепциясы аныкталат. Куруунун эскиздик долбоорунун курамында: рельефти уюштуруу боюнча сунуштары менен башкы пландын эскизи, көргөзмө материалдар жана макеттер, курулуштун наркынын болжолдуу эсеби аткарылат.

9. Куруунун бекитилген долбоору отурукташуу аймактарын курууну жүзөгө ашыруу, өзүнчө имараттардын жана курулмалардын долбоордук документтерин иштеп чыгуу; курууну жөнгө салуу сызыктарын жана жер участокторунун чектерин натурасында (жеринде) алып чыгуу, ошондой эле жалпы элдик сервитуттарды аныктоо (куруу долбоорунун курамында аймактардын чек салуу долбоорлорун иштеп чыгууда), жер участогунун кадастрдык карталарын (пландарын) берүү, кыймылсыз мүлктүн объекттерин түзүү (кыймылсыз мүлктүн объекттеринин инвестициялык-курулуш паспортторун иштеп чыгууда) негиз болуп саналат.

 

64-берене. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорлору

 

1. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорлорун даярдоо аймактарды пландаштыруу долбоорлору тарабынан аныкталган, пландаштыруу түзүмүнүн элементтеринин чек араларында (аныкталган кызыл сызыктардын чектеринде) жайгашкан, курулган же курула турган аймактарга карата иштелип чыгат.

2. Курулган аймактардын чектеп бөлүү долбоорлорун даярдоо, курулган жер участокторунун чек араларын жана курула элек жер участокторунун чек араларын аныктоо максатында жүзөгө ашырылат. Аймактарда курула турган чектеп бөлүү долбоорлорун даярдоо жеке жана юридикалык жактарга берүүгө пландалган, курула элек жер участокторунун чек араларын, ошондой эле мамлекеттик, облустук, райондук жана жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуштагы объекттерди жайгаштырууга багытталган жер участокторунун чек араларын аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.

Аймактарды чектеп бөлүү долбоору шаар куруу документтерине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектура боюнча аймактык органдарынын демилгеси менен же кыймылсыз мүлктүн объекттеринин менчик ээлеринин, ээлик кылуучулардын, пайдалануучулардын өтүнмөсү боюнча жер участокторунун оптималдуу өлчөмдөрүн, чек араларын негиздөө максатында иштелип чыгат.

3. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорлорун даярдоо аймактардын бөлүктөрүн толук пландоо долбоорлорунун, аймактын – кварталдын, кичи райондун, шаарлардын жана калктуу конуштардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин куруу долбоорлорунун курамында же өзүнчө документ түрүндө жүзөгө ашырылат.

4. Курулган аймактардын чек араларындагы жер участокторунун өлчөмдөрү, көрсөтүлгөн аймактарды куруу учурунда колдонулган, иш жүзүндөгү жер пайдалануу жана шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин эске алуу менен аныкталат. Аймактарды чектеп бөлүү процессинде белгиленген шаар куруу ченемдеринен ашкан көлөмдөгү аймактар табылса, мындай аймактар түзүлгөн жер участогу шаар куруу регламентине туура келген шартта кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн бөлүнүп берилет. Эгер мурда берилген жер участогунун өлчөмү шаар куруу ченемдери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган өлчөмдөрдөн аз болсо, анда мындай участоктун өлчөмдөрү долбоорлоо процессинде бош жерлер же белгиленген тартипте чектеш участокторун кабыл алуу эсебинен  ченемдик өлчөмдөргө чейин чоңойтулушу мүмкүн.

5. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорун иштеп чыгууда төмөнкү талаптар сакталышы керек:

1) долбоорлонуучу жер участокторунун чек аралары чөлкөмдүн аймагынын функциялык багытына жана кыймылсыз мүлк объекттерин эксплуатациялоодо аларга өткөөлдөрдү, кирүүлөрдү камтыган шарттардын камсыздалышына карата аныкталат;

2) мыйзамдарга ылайык же жер участокторунун чек араларын өзгөртүүгө жер пайдалануучунун макулдугу менен мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди алуу учурларынан сырткары, чектеп бөлүү пландарын иштеп чыгууда, азыркы жер пайдалануунун чек аралары өзгөртүлбөйт.

3) транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана курулуштар ээлеген аймактар, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу жерлер чектеп бөлүнбөйт.

6. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорлору графикалык жана тексттик материалдардын курамында иштелип чыгат. Графикалык материалдар аймакты иш жүзүндө пайдалануу планын жана аймакты чектеп бөлүү долбоорун камтыйт, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) аймакты толук пландоо долбоорунун курамында бекитилген кызыл сызыктар;

2) имараттардын, курулмалардын жана курулуштардын жайгаштырыла турган ордун аныктоо максатында, кызыл сызыктардан (курууну жөнгө салуу сызыктарынан)  четтөө сызыктары;

3) курулган жер участокторунун чек аралары, анын ичинде, линиялык объекттер  орнотулган жер участокторунун чек аралары;

4) куруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга берүүгө пландалган, түзүлүүчү жер участокторунун чек аралары;

5) мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун чек аралары;

6) имараттардын жана курулуштардын контурлары, жалпы пайдалануунун азыркы жана долбоорлонуучу аймактары;

7) маданий мурас объекттеринин аймактарынын чек аралары;

8) аймактарды пайдалануунун өзгөчө шарттары бар чөлкөмдөрдүн чек аралары;

9) жалпы элдик сервитуттардын  иштөө чөлкөмдөрүнүн чек аралары.

7. Түшүндүрмө катта аймактын мүнөздөмөсү;  жер участокторунун чек араларын белгилөө боюнча пайдаланылган долбоордук иликтөө материалдары жөнүндө маалыматтар; коомдук сервитуттардын тизмеси; кабыл алынган долбоордук чечимдердин негиздемеси камтылат.

8. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорунун милдеттүү жоболору төмөнкүлөр:

1) жер участокторунун чек аралары;

2) коомдук сервитуттарды белгилөө боюнча сунуштар.

9. Аймактарды чектеп бөлүү долбоорлорунун негизинде жер участокторунун шаар куруу пландарын даярдоо жүзөгө ашырылат.

 

65-берене. Жер участокторунун шаар куруу пландары

 

1. Жер участокторунун шаар куруу пландарын даярдоо, курулган же курулушту куруу, капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо үчүн арналган жер участокторуна карата жүзөгө ашырылат.

2. Жер участогунун шаар куруу пландарын даярдоо, аймактарды чектеп бөлүү долбоорунун негизинде же жер участогунун же шаар куруу планы формасында жүзөгө ашырылат, анда анын сын-сыпаттары, аны уруксат менен пайдалануу жөнүндө кошумча маалыматтар, багытына, параметрлерине, көрсөтүлгөн жер участогунда капиталдык курулуш объекттин жайгаштыруу  талаптары көрсөтүлөт.

 3. Капиталдык курулуш объекти жана (же) анын бөлүктөрү өзгөртүлсө, бул өзгөртүүлөр ушул объекттин жана (же) анын бөлүктөрүнүн  конструкциялык,  бекемдик,  коопсуздук жана башка мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөсө курулушка уруксат берүү талап кылынбайт жана белгиленген техникалык регламенттерди  бузуу болуп эсептелбейт;

4. Жер участокторун жана капиталдык курулуш объекттерин уруксат менен пайдалануу, мындай жер участоктору жана капиталдык курулуш объекттери жайгашкан чектердеги аймакты толук пландаштыруу долбооруна ылайык аныкталат.

5. Эгер ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин курууга уруксат берилсе жана ушул берененин 2-пунктунда каралган учурда, объекттерди пайдаланууга киргизүү үчүн жер участогунун шаар куруу планын берүү талап кылынбайт. 

6. Шаар курууну чөлкөмдөштүрүү милдеттерин аткаруу жана ушул берененин 4-пункту менен аныкталган чечимдерди кабыл алуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер пайдалануу жана куруу эрежелерин даярдоо боюнча комиссиялар түзүлөт.

 

66-берене. Шаардык чектин долбоору боюнча документтерди даярдоо жана бекитүү

 

1. Калктуу конуштардын башкы пландары, администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактык пландоо документтери бекитилгенге чейин, бирок 2016-жылдын 1-январынан кечиктирбей калктуу конуштардын чектерине жер участокторун кошуу же калктуу конуштардын чектеринен жер участокторун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Калктуу конуштардын башкы пландары, администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактык пландоо схемалары бар болсо, 2016-жылдын 1-январына чейин калктуу конуштардын чектерин өзгөртүү, көрсөтүлгөн башкы пландарга,           аймактык пландоо схемаларына ушул Кодекске ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу аркылуу же калктуу конуштардын чек араларына жер участокторун кошуу же калктуу конуштардын чек араларынан жер участокторун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берене менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү зарыл болгондо, калктуу конуштардын чек араларына жер участокторун кошуу же чек аралардан жер участокторун чыгаруу жөнүндө чечим бир эле убакта калктуу конуштардын чектерине кошулуучу жер участокторунун же чек аралардан чыгаруучу жер участокторун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо жана өзгөртүү жөнүндө чечим менен бир убакта  кабыл алынат.

3. Калктуу конуштардын чектерине жер участокторун кошууга же калктуу конуштардын чектеринен жер участокторун чыгарууга кызыкдар болгон жактар жергиликтүү мамлекеттик администрация, жеке же юридикалык жак объект жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, калктуу конуштардын чек араларына жер участокторун кошуу же калктуу конуштардын чек араларынан жер участокторун чыгаруу жөнүндө жана жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү жөнүндө өтүнүч кат жөнөтөт.  Көрсөтүлгөн өтүнүч катка калктуу конуштун чек араларына кошулуучу же калктуу конуштун чек араларынан чыгаруучу жер участогунун кадастрдык паспорту, ошондой эле арыз ээсинин-жеке жактын өзүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, же бирдиктүү мамлекеттик реестрден – жеке ишкерлер үчүн көчүрмө, же  юридикалык жактар үчүн бирдиктүү мамлекеттик реестрден – юридикалык жактар үчүн көчүрмө тиркелет. Жеке жана юридикалык жактар калктуу конуштун чек араларына кошулуучу же калктуу конуштун чек араларынан чыгарылуучу жер участокторуна укук белгиленген документтерди да беришет. Башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн датадан кийин кырк беш күндүн ичинде:

1) калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө, эгер арызда көрсөтүлсө, ошондой эле жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну даярдайт жана жогору турган мамлекеттик органга жөнөтөт;

2) калктуу конуштун чек араларына турак жай куруу максатында, анын ичинде, турак жай куруу максатында жер участогун өздөштүрүү же рекреациялык пайдалануу максатында, жер участогун кошуу учурларынан тышкары, калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү жөнүндө жалпы коомдук угууларды жүргүзөт.

5. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү жөнүндө жалпы коомдук угуулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органы тарабынан ченемдик укуктук актылар менен аныкталган тартипте ушул берененин жоболорундагы  тийиштүү талаптарды эске алуу менен  уюштурулат жана өткөрүлөт.

6. Коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, арыз келип түшкөн датадан кийин беш иш күндүн ичинде кабыл алынат.

7. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү жөнүндө коомдук угууларды өткөрүү тууралуу кулактандыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларын, башка маалыматтарын расмий жарыялоо үчүн аныкталган тартипте жарыяланат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Интернет жаатындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

8. Ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук угууларды өткөрүү тууралуу кулактандыруу калктуу конуштун чек араларына кошулуучу жер участогунун же калктуу конуштун чек араларынан чыгарылуучу жер участогунун укук ээлерине, ошондой эле көрсөтүлгөн жер участокторунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн объекттеринин менчик ээлерине жөнөтүлөт.

9. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн аныктоо же өзгөртүү жөнүндө коомдук угууларды өткөрүү тууралуу кулактандыруунун жыйынтыктары жөнүндө корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларын, башка маалыматтарын расмий жарыялоо үчүн аныкталган тартипте жарыяланат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Интернет жаатындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

10. Ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук угууларды өткөрүү мөөнөтү, аларды өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, мындай жалпы коомдук угуулардын жыйынтыктары тууралуу корутундуларды жарыялоо күнүнө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органын чечими менен аныкталат жана ал бир айдан ашпайт.

11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жогору турган мамлекеттик органга ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары да калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арызды, ага тиркелүүчү документтерди, ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн корутундуну, ошондой эле, ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук угуулардын жыйынтыктары тууралуу корутундуну жөнөтөт.

12. Ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер келип түшкөндөн кийин беш иш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация мындай документтерди макулдашуу үчүн төмөнкүлөргө жөнөтөт:

1)  жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагынын бүтүндүгүн жана кол тийбестигин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араларын коргоо жана кайтаруу, маалымат коопсуздугун, коопсуздуктун башка түрлөрүн аскердик коргоо боюнча функцияларды аткарган аскердик түзүлүштөргө же органдарга, ишканаларга, мекемелерге берилген жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү болжолдонуп жатса;

2) токой участокторун тескөөчү, токой чарбаларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер токой фондусунун жерлеринин курамынан калктуу конуштун чек араларына жер участокторун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участокторун чыгаруу жана жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү болжолдонуп жатса (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына, токой мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурлардан тышкары);

13. Ушул берененин 12-бөлүгүндө белгиленген учурлардан тышкары кошумча макулдашууну жүргүзүүгө жол берилбейт.

14. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө арызды ушул берененин 12-бөлүгүндө каралган органдар менен макулдашуу мөөнөтү документтер келип түшкөн датадан тартып бир айдан ашпайт.

15. Эгер ушул берененин 12-бөлүгүндө каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу тууралуу кат түрүндөгү маалымат келип түшпөсө, маселе көрсөтүлгөн органдар менен макулдашылды деп эсептелет.

16. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн датадан тартып отуз күндөн ашпаган мөөнөттө, ал эми ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган учурларда жети иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган органдарга мындай документтерди жөнөткөн күндөн кийин отуз календардык күн аяктагандан кийин калктуу конуштун чек араларына  жер участогун кошуу же шаардын, калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат же чечим кабыл алуудан баш тартат.

17. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат, эгер:

1) мыйзамдар менен жер участогунун максаттык багытын жана (же) уруксат менен пайдалануусун өзгөртүүгө чектөөлөр же жер участогунун максаттык багытын жана (же) уруксат менен пайдалануусун өзгөртүүгө тыюу салуулар белгиленсе;

2) Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте бекитилген аймактык, район аралык жана райондук пландоо документтери менен каралган жер участогунун пайдаланышы арызда көрсөтүлгөнгө ылайык келбесе;

3) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдан калктуу конуштун чек араларына  жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө арызды макулдашуудан кат түрүндө жүйөлүү баш тартуу келип түшсө.

18. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат, эгер:

1) Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жер участогу анын аймагында жайгашкан калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан калктуу конуштун чек араларына  жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жана жер участокторунун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү мүмкүн эместиги же максатка ылайыксыздыгы тууралуу корутунду келип түшсө жана жер участогу айыл ортосундагы аймакта жайгашкан учурда;

2) ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук угуулардын натыйжалары жөнүндө корутунду калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө мындай коомдук угууларга катышкан адамдардын макул эместиги тууралуу жобону камтыса.

19. Ушул берененин 14 жана 18-бөлүктөрүндө каралган  негиздер менен катар, калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, чечим кабыл алуудан баш тартууга мындай баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жол берилет.

20. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө же жер участокторун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуудан баш тартуу сот органдарына даттанылышы мүмкүн.

21. Калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгаруу жөнүндө, жер участокторун уруксат менен пайдалануу түрлөрүн белгилөө же өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү мамлекеттик администрация, мындай чечим кабыл алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде анын көчүрмөсүн, алардын чек араларында көрсөтүлгөн жер участоктору жайгашкан калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жөнөтөт.

22. Калктуу конуштун башкы пландары, райондун, облустун аймактык пландоо схемалары болгон учурда, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн башкы пландарга, аймактык пландоо схемаларына, калктуу конуштун чек арасына жер участогун кошуу же калктуу конуштун чек арасынан жер участогун чыгаруу жолу менен калктуу конуштун чек аралары өзгөртүлсө, тийиштүү өзгөртүүлөр башкы пландарга, схемаларга жылына кеминде бир жолу  киргизилет. Мында ошол өзгөртүүлөрдү макулдашуу жана көрсөтүлгөн башкы пландарга, аймактык пландоо схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүү жүргүзүлбөйт.

23. 2016-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган документтердин негизинде кызыкдар болгон жактын демилгеси боюнча калктуу конуштун чек араларына жер участогун кошууга же калктуу конуштун чек араларынан жер участогун чыгарууга жол берилет.

 

67-берене. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо жана бекитүү

 

1. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо жөнүндө чечим архитектуралык-курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.

2. Архитектуралык-курулуш  иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймакты пландоо боюнча документтерди иштеп чыгууну документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймактык пландоонун башкы схемасынын негизинде камсыздайт.

3. Шаар куруу, жерге жайгаштыруу жана райондор боюнча болгон маалыматтардын негизинде аймакты пландоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу үчүн архитектуралык – курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баштапкы документтерди даярдоону камсыз кылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин же айыл ортосундагы аймактарда капиталдык курулуш объекттерин келечектүү жайгаштыруу үчүн облустардын, райондордун аймактарын пландоо боюнча документтерди даярдоону камсыз кылат.

5. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда архитектуралык – курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мындай чечим кабыл алынган датадан тартып он календардык күндүн ичинде, кабыл алынган чечим жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик уюмга же жогору турган мамлекеттик органга мындай чечим кабыл алынган аймактарга карата маалымдоо жөнөтөт.

6. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоого тапшырык ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарылат.

 7. Мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттеринен тышкары, капиталдык курулуш объекти жайгаштырылган учурда шаар куруу регламентинин аракети жайылтылбаган же ал үчүн шаар куруу регламенти белгиленбеген аймактын чектеринде,  аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо жеке же юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат, анын арызы боюнча мындай аймактын чек араларындагы жер участогун пайдалануу тууралуу чечим кабыл алынат. Аймакты пландоо боюнча документтер, көрсөтүлгөн жак тарабынан даярдалса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында бекитилүүгө тийиш.

8.  Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо аймактык пландоо документтеринин, жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин, техникалык регламенттердин талаптарына ылайык шаар куруу регламенттеринин шаар куруу жаатындагы ченемдик-техникалык документтердин негизинде ишке ашырылат.  

9. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тууралуу чечим архитектуралык – курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынган учурда, көрсөтүлгөн документтерди даярдоо, мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги капиталдык курулуш объекттерин, пландаштырылган жайгаштырууну эске алып, администрациялык-аймактык чек аралардын аймагына карата жүзөгө ашырылууга тийиш.

10. Архитектуралык – курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары отуз календардык күндө, алардын чечиминин негизинде даярдалган аймакты пландоо боюнча документтерди ушул берененин 9-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча көрсөтүлгөн органдар жети календардык күндө документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүсүнө жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.

 11. Архитектуралык – курулуш  иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген аймакты пландоо боюнча документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген аймакты пландоо боюнча документтер мындай документтер, ошол аймакта колдонууга даярдалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысына, алар бекитилген күндөн тартып жети күндүн ичинде жөнөтүлөт.

13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ушул берененин 13-бөлүгүндөгү көрсөтүлгөн аймакты пландоо боюнча документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Интернет тарамындагы расмий сайтында жарыялоону камсыз кылат.

14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар аймактарды пландоо боюнча документтерди сот тартибинде талашууга укуктуу.

15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдеринин негизинде даярдалуучу, аймакты пландоо боюнча документтерди  даярдоо тартиби, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин негизинде иштелип чыгуучу аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

 

68-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде иштелип чыгуучу, аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү

 

1. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тууралуу чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тууралуу жеке жана юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде кабыл алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечим, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук актыларын, башка расмий маалыматтарын расмий жарыялоо үчүн белгиленген тартипте жарыяланат жана Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

3. Аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тууралуу чечим жарыяланган күндөн тартып жеке жана юридикалык жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына  аймакты пландоо боюнча документтерди даярдоо тартиби, мөөнөтү жана мазмуну жөнүндө сунуштарды берүүгө укуктуу.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аймакты пландоо боюнча документтерди ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча көрсөтүлгөн орган аймакты пландоо боюнча документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына мындай документтерди четке кагуу жана аны толук иштеп чыгууга жөнөтүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде аймакты пландоо боюнча документтердин курамында даярдалган, аймактарды пландоо долбоорлору жана аймакты чектеп бөлүү долбоорлору, алар бекитилгенге чейин коомдук угууларда милдеттүү каралат.

6. Аймакты пландоо долбоору боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уставы жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын  ченемдик укуктук актылары менен ушул берененин жоболорун эске алып аныкталат.

7. Адамдын жашоо тиричилигинин жагымдуу шарттарга карата укуктарын, жер участокторунун жана капиталдык курулуш объекттеринин укук ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо максатында, аймакты пландоо долбоорлору жана аймакты чектеп бөлүү долбоорлору боюнча коомдук угуулар көрсөтүлгөн аймакта жайгашкан, жер участокторунун, капиталдык курулуш объекттеринин, укук ээлеринин пландоо долбоорун даярдоо жүзөгө ашырылып жаткан аймактагы жарандардын жана мындай долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу, мүмкүн болгон жактардын катышуусу менен өткөрүлөт.

8. Аймакты пландоо долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө бардык кызыкдар болгон жактардын өз оюн билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр камсыздалышы керек.

9. Аймакты пландоо долбоору боюнча коомдук угуулардын катышуучулары калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун коомдук угууларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органына аймакты пландоо долбооруна тиешелүү сунуштарын жана сын-пикирлерин, аларды коомдук угуулардын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө укуктуу.

10. Аймакты пландоо долбоору боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жөнүндө корутунду ченемдик укуктук актыларды, расмий жарыялоо үчүн белгиленген тартипте жарыяланат. Корутунду тийиштүү органдын Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

11. Коомдук угууларды өткөрүү мөөнөтү шаардын тургундарына аларды өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө жарыялангандан тартып, коомдук угуулардын натыйжалары жөнүндө корутунду жарыяланган күнгө чейин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өкүлчүлүк  органына аймакты пландоо боюнча даярдалган документтерди, аймакты пландоо долбоору жана аймакты чектеп бөлүү долбоору боюнча коомдук угуулардын протоколун жана коомдук угуулардын натыйжалары жөнүндө корутундуну коомдук угуулар өткөрүлгөн күндөн кийинки он беш күндөн кечиктирбей жөнөтөт.

13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, аймакты пландоо долбоору боюнча коомдук угуулардын протоколун жана коомдук угуулардын натыйжалары жөнүндө корутундуну эске алуу менен, аймакты пландоо боюнча документти бекитүү же бул документтерди четке кагуу жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына көрсөтүлгөн протоколдорду, корутундуларды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууга жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.

14. Аймакты пландоо боюнча бекитилген документтер (аймакты пландоо долбоорлору жана аймакты чектеп бөлүү долбоорлору), көрсөтүлгөн документтер бекитилген күндөн тартып жети күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштырылат.

15. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан бекитилген аймакты пландоо боюнча документтердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин шаар куруу регламентинде белгиленген уруксат берилген курулуштун жана капиталдык курулуш  объекттерин реконструкциялоонун чектүү параметрлерин тактоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

16. Жер пайдалануу жана айыл аралык аймактарды куруу эрежелеринин негизинде айыл аралык аймактарды пландоо боюнча документтерди даярдоо ушул берененин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

17. Эгер жеке же юридикалык жак жергиликтүү башкаруу органына жер участогунун шаар куруу планын берүү арызы менен кайрылган учурда, ушул берененин 1-16-бөлүктөрүндө каралган жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көрсөтүлгөн кайрылуу түшкөн күндөн тартып отуз күндүн ичинде жер участогунун шаар куруу планын даярдоону жүзөгө ашырат жана аны бекитет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы арыз ээсине жер участогунун шаар куруу планын акысыз берет.

18. Эгер жер участогунун шаар куруу планын даярдоо жеке же юридикалык жактын арызынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылган учурда, жер участогунун чек аралары жана өлчөмү ушул Кодекстин жана жер мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен аныкталат. Жер участогунун чектери кызыл сызыктарды, чектеш жер участокторунун чек араларын (алар бар болсо), жер участогунун табыгый чек араларын эске алуу менен белгиленет.

 

8-бап. Курулган аймактарда  шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу

 

69-берене. Курулган аймактарды өнүктүрүү

 

1. Калктуу конуштарда курулган аймактарды өнүктүрүү пландоо түзүмүнүн элементинин (квартал, кичи район) же анын бөлүгүнүн (бөлүктөрүнүн) чек араларында, пландоо түзүмүнүн чектеш элементтеринин чек араларында ишке ашырылат.

2. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндөгү чечим аймактык архитектура органынын, жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат. Мында, бекитилген шаар куруу документтери, шаар куруу регламенти, ошондой эле шаар курууну долбоорлоонун жергиликтүү ченемдери болушу керек.

3. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндөгү чечим, эгер мындай аймакта төмөнкүлөр жайгашса:

 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте техникалык жактан эскирген же авариялык деп таанылган жана бузула турган турак үйлөр жана башка капиталдык курулуш объекттери;

 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы тарабынан бекитилген, шаардык программалардын негизинде бузулушу, кайра конструкцияланышы пландалган турак үйлөр;

 3) уруксат менен пайдалануу түрү жана чектүү параметрлери шаар куруу документтерине жана шаар куруу регламентине ылайык келбеген турак үйлөр жана башка капиталдык курулуш объекттери.

 4. Өнүктүрүүнү пландоо жөнүндө чечими кабыл алынган, курулган аймакта ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн сырткары, башка капиталдык курулуш объекттеринин  жайгашуусу мүмкүн эмес.

 5. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндөгү чечимде анын жайгашкан орду жана аянты, бузула турган, кайра конструкциялануучу имараттардын, курулуштардын, курулмалардын даректеринин тизмеси аныкталышы керек.

 6. Курулган аймакты өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызыкдар болгон жактардын ортосундагы курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылат.

 7. Муниципалдык же мамлекеттик менчикте турган, жарандарга жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ээлик кылууга берилбеген аймактарды өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган аймактын чек араларында долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө келишим түзгөн адамга берүү ишке ашырылат.

 

70-берене. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө келишим

 

 1. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндөгү келишим боюнча (мындан ары - келишим) бир тарап өзүнүн күчү менен өзүнүн эсебинен жана (же) башка жактарды жана (же) башка жактардын каражаттарын тартуу менен ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-6-пункттарына ылайык милдеттенмелерди келишимде белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттенет, ал эми экинчи тарап (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 7-9-пункттарына ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө милдеттенет. “Кыргыз Республикасындагы   мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимде ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык тараптардын башка милдеттенмелери каралышы мүмкүн.

 2. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан конкурстун жеңүүчүсү же ушул Кодекске ылайык же башка адам менен түзүлөт.

 3. Төмөнкүлөр келишимдин олуттуу шарттары болуп саналат:

 1) өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймактын жайгашкан жери жана аянты жөнүндө маалыматтар, бузула турган, кайра конструкциялануучу имараттардын, курулуштардын, курулмалардын даректеринин тизмеси;

 2) келишим түзүүнүн күрөө суммасы;

3) калктуу конуштун башкы планына, бекитилген шаар куруу документтерине ылайык өнүктүрүү жөнүндөгү чечим кабыл алынган, курулган аймакты пландоо долбоорун, анын ичинде курулган аймакты чектеп бөлүү долбоорун даярдоо жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын милдети; мындай документтерди даярдоонун максималдуу мөөнөттөрү;

 4) социалдык жалдоо келишимдери, адистештирилген турак жайды жалдоо келишимдери боюнча берилген, өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймакта жайгашкан турак жайлардан чыгарылган, жарандарга берүү үчүн ыңгайлуу шарттагы турак жайларды түзүү же сатып алуу, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык менчикке берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын милдети; көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 5) турак жай мыйзамына ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде авариялык деп табылган жана бузула турган же уруксат менен пайдалануу түрү жана чектүү параметрлери шаар куруу регламентине жана шаар куруу документине ылайык келбеген, өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган курулган аймакта жайгашкан көп квартиралуу үйлөрдөгү алынып коюлган турак үйлөр жана турак-жайлар үчүн, жеке менчикте, анын ичинде жалпы үлүштүк менчикте, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте (эгер мындай менчик ээлери тарабынан турак жайлар ушул бөлүктүн 4-пунктуна ылайык берилсе) турган турак жайлар менен жер участокторунан сырткары, мындай турак үйлөр жайгашкан жер участоктору үчүн сатып алуу баасын төлөө жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын милдети; көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 6) курулган аймакты пландоонун бекитилген долбооруна ылайык өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймакка курууну ишке ашыруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын милдети; курууну ишке ашыруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 7) шаар куруу документтерине ылайык, өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган курулган аймакты чектеп бөлүү долбоору менен кошо курулган аймакты пландоонун долбоорун кароо жана бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдети; көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 8) авариялык жана бузуу керек деп табылган, өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймакта жайгашкан көп квартиралуу үйлөрдөгү турак үйлөрдү жана турак жайларды, ошондой эле мындай турак үйлөр жайгашкан жер участокторун сатып алуу жолу менен алып коюу жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдети; көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 9), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адам, ушул бөлүктүн 3-5-пунктарында каралган милдеттерди аткаргандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймактын чек арасында куруу үчүн жер мыйзамына ылайык тоорук өткөрбөстөн, муниципалдык менчиктеги же мамлекеттик менчиктеги, чектелип бөлүнбөгөн (эгер мындай жер участокторун башкарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жүргүзсө) жана жарандар менен юридикалык жактарга пайдаланууга жана (же) ээлик кылууга берилбеген жер участокторун көрсөтүлгөн адамга берүү боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери; аларды аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 10) келишимдин мөөнөтү;

 11) тараптардын келишимди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик;

4. Келишимде ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн олуттуу шарттар менен катар эле башка олуттуу шарттар каралышы мүмкүн, анын ичинде:

 1) өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймакты камсыздоо үчүн арналган инженердик, социалдык жана коммуналдык-тиричилик инфраструктура объекттерин курууну жана (же) реконструкциялоону ишке ашыруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын милдеттери, көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруунун максималдуу мөөнөттөрү;

 2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралган жана курулуп бүткөндөн кийин муниципалдык менчикке берилүүчү объекттердин түрлөрүн көрсөтүү; мындай берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү;

 3) тийиштүү мөөнөттөрдү көрсөтүү менен курулган аймакты өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын катышуу шарттары жана көлөмү;

 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын келишимди аткарууну камсыздоо ыкмалары жана өлчөмдөрү.

 5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн турак жайлардан сырткары, турак жайларды мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү шарттарды келишимге киргизүүгө, ошондой эле, эгер мындай шарттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамга кошумча чыгымдарды алып келсе, келишимдин башка шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.

 6. Өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймактын чек арасында жайгашкан жана муниципалдык муктаждыктар үчүн алууга болбогон жер участокторун жана капиталдык курулуш объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын сатып алуусу жарандык мыйзамга жана жер мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

 7. Ушул Кодекске жана ушул берененин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык берилген жер участокторун пайдаланууну ишке ашырууда ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган талаптарды, ошондой эле башка талаптарды аткаруу боюнча милдеттер жаңы укуктук ээлерине өтөт, эгер алар ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык келишимдин олуттуу шарттары болуп саналса жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адамдын көрсөтүлгөн жер участоктору берилгенден кийин аткара турган милдеттерин аныктаса.

 8. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган милдеттер, эгер алар келишимдин олуттуу шарттары болуп саналган жана ушул Кодекске жана ушул берененин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык жер участоктору берилгенден кийин аткарылууга тийиш болгон башка милдеттер аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда  тиешелүү жер участокторуна карата укуктар, жер мыйзамдарына жана жарандык мыйзамдарга ылайык токтотулушу мүмкүн.

 9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу:

 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адам ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында жана 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган милдеттерди аткарбаса;

 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адам же ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык жер участокторунун жаңы укуктук ээлери ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган милдеттерди, ошондой эле, эгер мындай милдеттер келишимде каралса ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган милдеттерди аткарбаса;

 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган башка учурларда.

 10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн адам бир тараптуу тартипте төмөнкү учурларда келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул берененин 3-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган милдеттерди, ошондой эле, эгер мындай милдеттер келишимде каралса ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган милдеттерди аткарбаса;

2) Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында жана келишимде каралган башка учурларда.

 

71-берене. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө келишим  түзүү укугуна карата аукцион уюштуруу жана өткөрүү тартиби

 

1. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө келишим түзүү укугуна карата аукцион катышуучулардын курамы жана сунуштар берүү формасы боюнча ачык болуп саналат (мындан ары - аукцион).

2. Аукцион өткөрүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан кабыл алынат.

3. Курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы же аны менен келишимдин негизинде аракеттенген атайын адистешкен уюм аукциондун уюштуруучусу катары чыга алат.

4. Аукцион өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы аукциондун предметинин баштапкы баасын, шертпулдун суммасын жана келишимдин урунттуу шарттарын  аныктайт. Аукциондун предметинин баштапкы баасы көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталат, жана баалоо отчету боюнча мамлекеттик экспертиза өткөрүлгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бегиленет.

5. Аукциондун уюштуруучусу аукционду өткөрүү убактысын, жайын жана тартибин, аукционго катышууга өтүнүчтөрдү берүү формасын жана мөөнөттөрүн, шертпулду төгүү жана кайтаруу тартибин, аукциондун предметинин баштапкы баасын көбөйтүү өлчөмүн аныктайт (“аукциондун кадамы”). “Аукциондун кадамы” аукциондун предметинин баштапкы баасынын бирден беш пайызга чейинки чектеринде аныкталат.

6. Аукциондун уюштуруучусу аукцион өткөрүү күнүнөн отуз күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө кулактандырууну, муниципалдык укуктук актыларды, башка расмий маалыматтарды  расмий жарыялоо  үчүн белгиленген тартипте жарыялоого, ошондой эле муниципалдык түзүлүштүн Интернет тарамындагы расмий сайтына көрсөтүлгөн билдирүүнү жайгыштырууга милдеттүү. Эгер муниципалдык түзүлүштүн расмий сайты жок болсо, аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына акы алуусуз жайгаштырылат. Расмий сайтта жайгаштырылган аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү, бардык кызыкдар болгон жактардын акысыз таанышуусу үчүн жеткиликтүү болушу керек.

7. Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же атайын адистештирилген уюмдун аталышы, жайгашкан жери, почтасынын дареги жана электрондук почтасынын дареги, байланыш телефонунун номери;

2)  аукционду өткөрүү жери, күнү, убактысы;

3) кабыл алуу дареги, аукционго катышууга өтүнмөнү берүү тартиби;

4) өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алган, курулган аймакты өнүктүрүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин маалымдаректери;

5) өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган курулган аймактын жайгашкан жери, аянты;

6) келишим түзүүгө укуктардын баштапкы күрөө баасы.

8. Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүдө, ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган маалыматтар менен катар төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

1) аукционго катышууга өтүнмөнүн мазмунуна жана формасына коюлган талаптар;

2) аукционго катышуу өтүнмөлөрүнүн тартиби жана кайра алуу мөөнөтү, мындай өтүнмөлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү  тартиби;

3) муниципалдык менчикте турган жана мындай аймактардын чек араларында жайгашкан жер участокторуна укуктарды оордотуу жана аларды пайдаланууну чектөөлөр, муниципалдык менчикте турган жана мындай аймакта жайгашкан кыймылсыз мүлктүн объекттерине укуктарды оордотуу;

4) өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймактын чектериндеги жер участоктору үчүн белгиленген, шаар куруу регламентин көрсөтүү;

5) шаар куруу долбоорлоонун жергиликтүү ченемдери (алар жок болсо – өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган, курулган аймакты социалдык жана коммуналдык-тиричилик объекттери, инженердик инфратүзүмдөр объекттери менен камсыздоонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген эсептик көрсөткүчтөрү);

6) “аукциондун кадамы”;

7) аукционго катышуу үчүн шертпул төгүү жөнүндө талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген учурда, шертпул которуу үчүн эсептин маалымдаректери, шертпулдун өлчөмү мөөнөтү жана тартиби;

8) ушул Кодекске ылайык белгиленген, келишимдин олуттуу шарттары;

9) келишимдин долбоору.

     9. Аукцион уюштуруучу аукционду өткөрүү күнүнө чейин кеминде он беш календардык күн мурда аукционду өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Аукционду  өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо  ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык аукционду өткөрүүчү тарабынан басылмаларда жарыяланат жана аукционду өткөрүү жөнүндө кабарлоо жайгаштырылган Интернет тарамындагы расмий сайтына тиешелүүлүгүнө жараша аукционду өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күнүнүн ичинде жана үч жумушчу күнүнүн ичинде жайгаштырылат. Аукционду уюштуруучу үч күндүн ичинде аукциондун катышуучуларына аукцион өткөрүү жөнүндө өзүнүн баш тартуусун кабарлоого жана аукциондун катышуучуларын алар киргизген шертпулду кайтарууга милдеттүү.

10. Аукционго катышуу үчүн арыз ээлери аукцион өткөрүү жөнүндө кабарлоодо белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди беришет:

1) аукционго катышуу үчүн шертпулду төгүү жөнүндө талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген учурда шертпулду кайтаруу үчүн эсептин маалымдаректерин көрсөтүү менен белгиленген форма боюнча аукционго катышууга өтүнмө;

2) статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун көчүрмөсү;

3) аукционго катышуу үчүн шертпулду төгүү жөнүндө талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген учурда шертпулду төгүүнү ырастаган документтер;

4) өткөн календардык жыл үчүн ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге чегерилген салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча арыз ээсинин карызынын жоктугу жөнүндө документтер.

11. Аукционго катышуу үчүн өтүнмөнү кабыл алуу аукцион өткөрүү күнүнө кеминде беш күн калганда токтотулат. Кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин түшкөн аукционго катышуу үчүн арыз  арыз ээсине түшкөн күнү эле кайтарылат.

12. Бир арыз ээси аукционго катышуу үчүн бир гана арыз  берүүгө укуктуу.

13. Арыз ээси аукционго төмөнкү негиздер боюнча катышууга киргизилбейт:

1) аукционго катышуу үчүн ушул берененин 10-бөлүгүнө аныкталган зарыл документтер берилбегенде же туура эмес маалыматтар берилгенде;

2) аукцион өткөрүү жөнүндө кабарлоодо көрсөтүлгөн эсепке  аукционго катышуу үчүн документтерди кабыл алуу күнү аяктанганга чейин күрөө түшпөгөн учурда;

3) аукцион өткөрүү жөнүндө кабарлоодо көрсөтүлгөн талаптарга аукционго катышууга өтүнмө туура келбегенде.

14. Аукционду уюштуруучу аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу протоколун жүргүзөт, анда арыз ээлери, аукционго катышууга өтүнмөлөрүн берүү күнү, күрөө төгүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээлери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Аукционго катышуу өтүнмөлөрүн кабыл алуу протоколуна, өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин бир күндүн ичинде аукциондун уюштуруучусу тарабынан кол коюлат. Аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу протоколуна аукционду уюштуруучу кол койгон учурдан тартып арыз ээси аукциондун катышуучусу деп таанылат.

15. Аукциондун катышуучусу деп таанылган арыз ээлери жана аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээлери, кабыл алынган чечим жөнүндө аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу протоколу менен бул чечим жол-жоболоштурулган күндөн кийин кийинки күнү кабардар болушат.

16. Аукциондун уюштуруучусу аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээсине төгүлгөн күрөөнү, аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу протоколу жол-жоболоштургандан кийин беш иш күндүн ичинде кайтарууга милдеттүү.

17. Арыз ээси аукционго катышууга аукциондун уюштуруучусу  кабыл алган арызды, арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин аукциондун уюштуруучусуна ал жөнүндө жазуу түрүндө кабарлап, кайра алууга укуктуу. Аукциондун уюштуруучусу арызды кайра алуу катталгандан кийин беш иш күндүн ичинде арыз ээсине төгүлгөн күрөөнү кайтарууга милдеттүү. Арыз ээси арызды арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн кийин кайра алганда, күрөө аукциондун катышуучулары үчүн белгиленген тартипте кайтарылат.

18. Аукциондун уюштуруучусу аукциондун протоколун жүргүзөт, анда аукциондун предметинин баасы жөнүндө акыркы жана ага чейинки сунуштар белгиленет.

19. Аукциондун жеңүүчүсү деп келишим түзүү укугу үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу таанылат.

20. Аукциондун натыйжалары протокол менен жол-жоболоштурулат, ага аукциондун уюштуруучусу жана аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү кол коёт. Аукциондун натыйжалары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт, биринчиси аукциондун жеңүүчүсүнө берилет, экинчиси аукциондун уюштуруучусунда калат. 

21. Аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин аукциондун уюштуруучусу беш иш күндүн ичинде аукционго катышкан, бирок анда жеңбеген жактарга күрөөлөрдү кайтарууга милдеттүү.

22. Аукцион өткөрүү жөнүндө кабар жарыяланган басма каражаттарына жана аукцион өткөрүү жөнүндө кабар жайгаштырылган Интернет тарамынын расмий сайтына аукциондун натыйжалары жөнүндө маалымат аукциондун уюштуруучусу тарабынан ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, тиешелүүлүгүнө жараша беш иш күндүн ичинде жарыяланат, үч күндүн ичинде жайгыштырылат.

23. Эгер аукциондун жеңүүчүсү келишим түзүүдөн баш тарткан учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аукциондун жеңүүчүсү тарабынан ушул келишимди түзүүдөн баш тартуусунан улам келтирилген чыгымдарды төлөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу же аукциондун предметинин баасы (келишим түзүүгө укуктун баасы) жөнүндө акыркы баадан мурда сунуш киргизген аукциондун катышуучусу менен көрсөтүлгөн келишимди түзүүгө укуктуу.

24. Келишим аукцион өткөрүү жөнүндө кабарлоодо көрсөтүлгөн шарттарда аукциондун катышуучусу тарабынан сунушталган баа боюнча түзүлөт. Келишимди түзүүдө мындай келишимдин тараптарынын макулдашуусунун негизинде же тараптардын биринин талабы боюнча аукциондун шарттарын өзгөртүүгө жол берилбейт.

25. Төмөнкү учурларда аукцион өткөрүлгөн жок деп табылат:

1) аукционго экиден аз катышуучу катышса;

2) аукциондун предметинин баштапкы баасын үч жолу жарыялагандан кийин, катышуучулардын бири да аукциондун предметин баштапкы баасы боюнча сатып алуу ниетин билдирбегенде.

26. Эгер ушул берененин 25-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык аукцион өткөрүлгөн жок деп табылса, сатууга сунушталган предмет аукциондон алынат. 

27. Келишим түзгөнгө чейин ачык аукциондун жеңүүчүсү же ушул берененин пунктуна ылайык келишим түзүүгө укугу бар жак келишимди аткарууну камсыздоо жөнүндө макулдашууну бериши керек, эгер мындай камсыздоону берүү келишимдин маанилүү шарты болуп саналса.

28. Аукциондун уюштуруучусу аукцион өткөрүлгөн жок деп табылган учурда, аукционду кайталап өткөрүү жөнүндө жарыялоого укуктуу.    

 

72-берене. Курулган аймактарды өнүктүрүүдө объекттерди бузуу тартиби

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулган аймакты өнүктүрүү объекттерин бузуу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин имаратты (курулманы) бузууга байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү боюнча органды, каржылоо булактарын, бузуу пландалган мөөнөттү аныктайт.

 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган имаратты, курулушту баалоо жана алдыда турган бузуу иштери жөнүндө имараттын, курулуштун, жайдын, жер участогунун ээсине бузууга чейин бир жыл мурун кат жүзүндө билдирет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен имаратты, курулушту жана алар жайгашкан жер участогун рыноктук баалоо жүргүзүлөт.

 4. Имарат, курулуш жана жер участогу үчүн компенсация төмөндөгү түрдө ишке ашырылышы мүмкүн:

 1) муниципалдык фонддон баасы боюнча тең келген же мурда экинчи рынокто сатып алынган имаратты, курулманы, турак-жайды берүү;

2) акчалай түрдө;

3) башка жер участогуна жеке менчик же пайдалануу укугун берүү;

4) компенсациялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түрлөрү.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган менен имараттын (курулуштун), жер участогунун менчик ээсинин ортосунда белгиленген тартипте компенсациянын түрүн жана өлчөмүн, аны төлөөнүн тартибин жана шарттарын караган тиешелүү келишим түзүлөт.

6. Имараттын (курулуштун) менчик ээси мүлктүн сунушталган баасы жана/же сатып алуу шарттары менен макул болбогон учурда  маселе соттук тартипте каралат. 

7. Имаратты, курулушту бузуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу орган менен имараттын, курулуштун, жер участогунун менчик ээсинин ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин (ыктыярдуу тартипте бузуу) же соттун чечиминин негизинде (күчкө салуу тартибинде бузуу) ишке ашырылат.

8. Имаратты, курулушту, турак жайды эски, талкаланган, жашоого жараксыз деп табуу жана бузуу жөнүндө чечимди кабыл алуу сот чечим чыгарганга же келишим түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык менчик ээсин жана пайдалануучуларды жер участогуна ээлик кылуу укугунан ажыратпайт.

   Тиешелүү келишим же соттун чечими кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына чектөө катары, андан ары пайдалануу үчүн уруксат берилүүчү укуктарды жана чектөөлөрдү эсепке алуу менен, эгер алар жазылса, каттоо үчүн берилиши керек.

 

9-глава. Курулуш үчүн жер участогунун документтерин жол-жоболоштуруу, объектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын – уруксат берүүнү иштеп чыгуу

 

73-берене. Калктуу конуштарда жер участогуна менчик же ижаралоо укуктарын акы төлөө аркылуу берүүнүн тартиби жана аны уюштуруу

 

1. Муниципалдык же мамлекеттик менчикте турган объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторуна менчик же ижаралоо укуктарын акы төлөө менен берүү шаар куруу долбоорлорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана ушул Кодекске ылайык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жер участокторуна менчик же ижаралоо укугу өткөрүлгөн аукциондордун, конкурстардын, ачык соодалашуулардын жыйынтыктары боюнча конкреттүү шаар куруу шарттарын, объектти долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын чечими аркылуу жеке жана юридикалык жактарга берилет.

3. Түзүлгөн шаар куруу кырдаалына карата менчик укуктарын түз сатууда  же жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө имараттарды жана курулмаларды нормалдуу техникалык пайдаланууга берүүнү камсыздоо үчүн негизги жер участогуна кошуу же кесүү зарыл болгон учурда кошумча жер участокторун берүүнүн  мөөнөттөрү жана шарттары көрсөтүлөт.

4. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия түзүлөт.

Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, архитектура, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аймактык органдардын, саламаттык сактоо жаатында ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү кирет.

 

74-берене. Объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүүнүн негизги шарттары

 

1. Муниципалдык жана мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна укуктарды берүү учурунда участоктор калыптанып калган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жер участоктору калыптанган деп төмөнкү учурлар эсептелет, эгерде:

1) үчүнчү адамдардын укуктарынан эркин болсо (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан сырткары);

2) шаар куруу документтерине ылайык жер участогунун белгиленген чек аралары болсо;

 3) уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана шаар куруу документтерине ылайык башка зарыл болгон шаар куруу регламенттери бар болсо;

4) кыймылсыз мүлккө болгон укук мамлекеттик каттоо органдарында катталган болсо.

2. Жер участогуна болгон укуктардын түрү (менчик, ижара), аны берүү ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу) шаар куруунун маанилүүлүгүнө жана аймактын, участоктун баалуулугуна негизделип, аймактык архитектура жана курулуш органынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталышы керек.

3. Тоорукта менчикке же ижарага берилген жер участокторунун өлчөмдөрү жер участогун үнөмдүү пайдаланууну пландоонун жана куруунун долбоорун негиз кылып жана шаар куруу абалында анын азыркы учурдагы өлчөмдөрүн аныктайт. 

4. Ижара шартында тоорукка коюлган  жер участогу  кесипкөй көз карандысыз баалоочулар тарабынан алдын ала бааланышы керек. Ижара акынын баштапкы өлчөмү көз карандысыз баалоочулар тарабынан эсептелген төлөө эсебинин негизинде комиссия тарабынан белгиленет.

5. Менчикке же долбоорлоого жана курулушка пайдаланууга берүү үчүн жер участокторунун тизмегин түзүүнү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык кызматтары калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгына негизделүү менен, курулуштун архитектуралык тышкы көрүнүшүн калыптандыруунун жана шаар куруу документтеринин  айына бир жолудан кем эмес болушунун зарылдыгын эсепке алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бекитүүсү боюнча ишке ашырат.

 

75-берене. Долбоорлоого жана курулушка жер участокторуна укук берүү үчүн жер участокторунун документтерин тандоонун жана даярдоонун жол-жоболору

 

1. Долбоорлоого жана курулушка жер участокторуна укук берүү үчүн жер участокторун тандоо, шаар куруу документтеринин жана аймактарды пландоо долбоору же аймактарды куруу долбоорунун негизинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жер участокторун тандоо боюнча документтерди даярдоо жер участогун ар тараптуу комплекстүү калыптандыруу үчүн шаардын, райондун тиешелүү органдары жана кызматтары, шаардын, райондун инженердик кызматтары менен макулдашуу боюнча архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Долбоорлоого жана курулушка жер участокторуна укук берүү боюнча тооруктарды өткөрүү үчүн тизмеден чыгарылган объекттин ар бири боюнча алдын ала лоттун номери, ар бир лот боюнча кепилдик төлөмдүн өлчөмү, тооруктун катышуучулары тарабынан аларды киргизүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби аныкталат. Тоорукту өткөрүүгө чейин отуз календарлык күн мурда уюштуруучулар тооруктарды өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашат жана тооруктун предмети жайгашкан көпчүлүк болуучу, көрүнүктүү жерлерге илишет.

 

76-статья. Өткөрүлгөн тооруктардын жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби

 

1. Өткөрүлгөн тооруктардын жыйынтыктары боюнча комиссиянын мүчөлөрү кол койгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен бекитилген протокол таризделет жана тооруктун жеңүүчүсүнө жер участогун берүү жөнүндө токтом кабыл алынат.

2. Объектти долбоорлоо жана курулуш үчүн жер участогун берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу орган менен сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт. Ижарага алган учурда ыйгарым укуктуу орган менен тооруктун жеңүүчүсүнүн ортосунда токтомдун негизинде ижара келишими түзүлөт.

3. Түзүлгөн келишимге ылайык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилет.

4. Таризделген протоколго ылайык тооруктардын жыйынтыктары боюнча лоттун жеңүүчүсү төлөмдү накталай же накталай эмес (которуу менен) эсептешүү боюнча  жүргүзөт.

5. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу үчүн ижара акысы жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна берилген күбөлүктү алган күндөн тартып эсептеле баштайт.

6. Келишим белгиленген ижара акыны төлөгөндөн кийин катталууга тийиш.

 

77-берене. Көп кабаттуу турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары

 

1. Көп кабаттуу турак жай куруу үчүн калктуу конуштарда жер участокторуна укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогун кайтарымсыз алууга укугу бар турак жай-курулуш кооперативдери тапшырыкчы катары чыгат.

2. Конкурстун негизги критерийи болуп тиешелүү шаар куруу кеңеши тарабынан колдоого алынуучу жана ипотекалык насыялоо шарттарында катышуучулар үчүн пайдалуу жана каржылоонун эң артыкчылыктуу шарттарын сунуштоочу эскиздик долбоордун көргөзмө материалдары менен инвестициялык долбоор саналат. 

3. Тооруктарды өткөрүү жер участокторунун айрым менчик ээлери тарабынан уюштурулат, анда менчик ээлеринин кызыкчылыктарын жана укуктарын сактоо менен, ушул Кодекске ылайык аймактык архитектура органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тооруктарды уюштуруучулар аркылуу ири шаар түзүүчү объекттерди шаар куруу документтерине жайгаштыруу каралган.

 

78-берене. Объекттердин курулушуна укук берүү жана курулуш үчүн негиз

 

1. Курулушту ишке ашыруу жана кыймылсыз мүлктүн объекттерин башка курулуштук өзгөртүү укугуна менчикке, ижарага, жер участокторун, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин туруктуу же убактылуу пайдаланууга укугу бар жеке жана юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте берилген тиешелүү ыйгарым укуктары бар алардын ишенимдүү жактары ээ болушат.

2. Курулушка жана кыймылсыз мүлктү башка курулуштук өзгөртүүлөргө укук берүү төмөнкүлөр болгон учурда ишке ашырылышы мүмкүн:

1) ушул Кодекске ылайык калыптанган жер участогу;

2) объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарты (АПШ);

3) мамлекеттик экспертизадан өткөн, макулдашылган долбоордук документтер;

4) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты.

3. Курууну жана калыптана элек участоктордо (жер участогунун планынын жоктугу же жер участогунун планы кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануу түрлөрү, шаар куруу регламенттери жок болсо) кыймылсыз мүлктүн объектилерине башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү каалаган жер участокторунун менчик ээлери, ижарачылары, пайдалануучулары шаар куруу документтерине ылайык аларды калыптандыруу боюнча көрсөтүлгөн иштерди аткаруулары тийиш.

 

79-берене. Кыймылсыз мүлк объектилерин курулуштук өзгөртүүнүн түрлөрү

 

1. Курулууга тийиш болгон кыймылсыз мүлк объектилери жана башка курулуштук өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) долбоордук документтер жана курулушка уруксат алуу талап кылынбаган;

2) убактылуу курулманы орнотууга же имараттарды (жайларды) кайрадан профилдөөгө жана курулушка уруксатсыз, кыскартылган көлөмдө долбоордук документтерди иштеп чыгуу менен батирлерди кайрадан пландоого уруксат талап кылынган;

3) архитектуралык-пландоо шартынын негизинде долбоордук документтерди иштеп чыгууга уруксат алуу, долбоордук документтерди макулдашуу жана курулушка уруксат алуу талап кылынган.

2. Кыймылсыз мүлк объекттерине курулуштук өзгөртүүлөрдүн мындай түрлөрү үчүн курулушка уруксат алуу талап кылынбайт, алар өздөрүнүн максаты, мүнөзү жана көлөмү боюнча конструктивдүү-технологиялык, санитардык жана өрткө каршы ишенимдүүлүгүнүн жана курулуштардын коопсуздугунун милдеттүү ченемдерин бузууга алып келбейт.

Долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана макулдашуу, батирлердин кезектеги оңдоосу үчүн, имараттардын жана курулмалардын курулушуна,  эшиктерди коюга же алып салууга, лоджияларды жылуулоого, имараттардын (жайлардын) көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдеринин жана жер участогунун максаттык арналышын өзгөртүүсүз жекече турак үйлөрүндө верандаларды кошуп курууга уруксат алуу талап кылынбайт.

3. Убактылуу объектилерди - көчмө павильондорду, киоскторду, лотокторду орнотууга, жайкы аянтчаларды, автоунааларды сатуу үчүн серелерди уюштурууга уруксат алуу талап кылынат.

 Убактылуу объектини жайгаштырууга уруксат берүүчү документ болуп шаар куруу жана архитектуралык-курулуштук талаптардын, курулушка уруксаты жок, кыскартылган көлөмдө аткарылган долбоордук документтердин негизинде бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөт менен архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген корутунду эсептелет.

Арыздарды берүү, кароо жана убактылуу объекттерди жайгаштырууга уруксат берүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.

4. Объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарына уруксат алуу, долбоордук документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана курулушка уруксат алуу төмөнкү шарттарда талап кылынат:

1) жер участогунун максаттык багыты өзгөртүлөт жана аны пайдалануунун кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тандаган түрү кыймылсыз мүлктү пайдалануунун уруксат берилген түрүнүн катарына кирет;

2) имараттардын (жайлардын) функциялык, архитектуралык-пландоо чечими, аймактын курамы өзгөртүлөт, инженердик камсыздоо тарамдарына туташтырууга жаңы шарттарды алуу талап кылынса;

3) объектилердин жаңы курулушу пландалса;

4) шаар куруу регламентинде белгиленген жер участокторунун минималдуу өлчөмдөрүнөн алардын  өлчөмдөрү кичине болсо;

5) куруу үчүн жер участогунун жагымсыз инженердик-геологиялык мүнөздөмөлөрү болсо;

6) уруксат берилген курулуштун белгиленген параметрлеринен четтөө, капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо болсо;

7) уруксат берилген курулуштун белгиленген параметрлеринен четтөөгө, капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоого уруксат берүү жөнүндө маселе архитектура жана шаар куруунун аймактык органынын шаар куруу кеңешинде каралат.

5. Уруксат берилген курулуштун белгиленген параметрлеринен четтөөгө, капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоого уруксат берүү жөнүндө маселе боюнча шаар куруу кеңешинин чечиминин негизинде уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим таризделет, мында кабыл алынган чечимдин себеби көрсөтүлөт.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жогоруда көрсөтүлгөн шаар куруу кеңешинин чечими келип түшкөн күндөн тартып жети күндүн ичинде уруксат берилген курулуштун белгиленген параметрлеринен четтөөгө, капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоого уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө анын себебин көрсөтүү менен чечим кабыл алат.

7. Объекттерди долбоорлоого уруксат берүү түрүндө архитектуралык-пландоо шарттары шаар куруунун документтери жана архитектуралык-курулуш талаптарынын негизинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсү тарабынан берилет.

 

80-берене. Объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын берүү

 

1. Объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын алуу үчүн арыз ээси архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү аймактык бөлүмчөсүнө белгиленген формадагы арызын берет.

Арыздын формасы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Архитектуралык-пландоо шарттарын алууга арыз Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши, ошондой эле кайрылуучу жүзөгө ашырууну пландаган курулуштун түрү жана кыймылсыз мүлктү курулуштук өзгөртүүнүн башка түрлөрү жөнүндө маалыматты камтышы керек.

2. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) жеке менчикке жана жер участогун (жер участогунун планы менен) пайдалануу укугуна укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү, жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисинин (алар болсо) техникалык паспорту жана укук белгилөөчү документтери;

2) эскиздик сунуш – долбоорлонуп жаткан объектинин планы, фасады жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдери (макет түрүндө же эскиздик долбоордун авторлору тарабынан кол коюлган негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук алып жүрүүчүдөгү графикалык сүрөтү);

3) эгерде менчик ээсинин, жер участогун пайдалануучунун, кыймылсыз мүлктүн өкүлү арыз берсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу адамга берилген документ;

4) акы төлөө жөнүндө дүмүрчөк.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөн сырткары башка документтерди тапшырууну талап кылууга жол берилбейт.

3. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү арызды ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтердин толук пакети менен кабыл алат жана белгиленген формадагы арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоочу документти арыз ээсине берет.

Архитектуралык-пландоо шарттарынын иштелип чыккан формасы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

4. Архитектуралык-пландоо шарты арыз ээсине арыз келип түшкөн күндөн тартып жыйырма иш күнгө чейинки мөөнөттө берилет.

5. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тиркелген материалдары менен арызды кабыл алууда 3 иш күнүнүн ичинде шаар куруу документтеринин талаптарына, ошондой эле куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине объектинин курулушу жана кыймылсыз мүлктүн башка курулуш өзгөртүүлөрү жөнүндө арыз ээсинин ниетинин шайкеш келишин белгилейт.

Шаар куруу документтеринин курулуш жана кыймылсыз мүлктүн башка өзгөрүүлөрү жөнүндө ниеттеринин шайкеш келбегендиги белгиленген учурда архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү билдирген ниетинин дал келбегендиги, жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка курулуштук өзгөрүүлөрүн уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен арызды канааттандыруусуз кайра кайтарып берүү жөнүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берет. 

6. Шаар куруу документтеринин талаптарына, куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине  ылайык объектинин курулушу жана кыймылсыз мүлктүн башка курулуштук өзгөрүүлөрү жөнүндө билдирилген ниетинин шайкеш келерин белгилеген учурда архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан долбоорлонуп жаткан объектинин схемасын арыздын көчүрмөсүн тиркөө менен даярдайт жана төмөнкү органдарга жөнөтөт:

1) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга төмөнкү чөйрөдө тийиштүү корутундуларды алуу үчүн:

- санитардык-эпидемиологиялык кызматы;

- өрттөн коргоо;

- айлана-чөйрөнү коргоо;

2) инженердик-техникалык кызматтарга жана инженердик тарамдарга долбоорлонуучу объектини кошуу боюнча техникалык шарттарды алуу үчүн эксплуатациялоочу уюмдарга:

- электр менен жабдуу;

- суу менен жабдуу;

- канализация;

- жылуулук менен жабдуу;

- газ менен жабдуу;

- телефонизация;

- ирригация.

7. Долбоорлонуп жаткан объектинин курулушу эстеликтерди коргоо зоналарынын чегинде жайгашкан учурда, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү долбоорлонуп жаткан объектинин схемасын, арыздын көчүрмөсүн жана тиркелген документтерди тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корутунду берүүгө жөнөтөт.

8. Ушул берененин 7 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар он иш күнүнө чейинки  мөөнөттө архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга долбоорлонуучу объекттерди  негизги инженердик тарамдарга туташтыруу жерин көрсөтүү менен кошуу жөнүндө корутундуларды жана техникалык шарттарды жөнөтөт. Объектини кошууга мүмкүндүк болбогон учурда  инженердик камсыздоонун башка варианттары көрсөтүлүшү керек.

9. Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, өрттөн коргоо,  айлана-чөйрөнү коргоо,  тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча (зарылчылыкка жараша) органдардын корутундулары көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбеген учурда көрсөтүлгөн органдар менен арыз макулдашылды деп эсептелет жана мындай учурда объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы талаптарга ылайык ишке ашырылат.

10. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмүнүн суроо-талабына ыйгарым укуктуу органдары тарабынан корутундуларды берүү акысыз ишке ашырылат.

11. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн алдында объектилерди жайгаштыруу жана долбоорлорду, алардын архитектуралык-пландоо, техникалык жана көркөмдүк чечимдерин баалоо маселелери боюнча кеңеш берүүчү функцияларды аткарган шаар куруу кеңештери түзүлөт.

12. Шаар куруу кеңеши жөнүндө жобо архитектуралык-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

13. Шаар куруу кеңеши  объекттерди, калктуу конуштардын пландоо түзүмүнүн элементтерин, курууга пландалуучу жана долбоорлонуучу объекттерди,  ошондой эле шаар куруу документтери жок учурда долбоорлоо маселелерин карайт.

14. Шаар куруу кеңешинин чечими объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгууда, долбоорлоо документтерин макулдашууда, долбоорлоо жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуунун башка баскычтарында сунуштамалык мүнөздөгү  протокол түрүндө таризделет.

15. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органы белгиленген мөөнөттө архитектуралык-пландоо шарттарын же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди арыз ээсинин белгиленген форма боюнча милдеттүү билдирүүсү менен берүүгө милдеттүү, билдирүү эки нускада түзүлөт, алардын бири арыз ээсине берилет,  экинчиси аймактык органда  калат.

16. Объектини долбоорлоодо архитектуралык-пландоо шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) долбоорлонуучу объектиге карата негизги шаар куруу жана архитектуралык-пландоо талаптары,  анын ичинде шаар куруу документтери, ошондой эле куруунун жана жер пайдалануунун эрежелери менен белгиленген жер участогун пайдалануунун жана куруунун шаар куруу регламенттери жөнүндө маалыматтар;

2) санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптар (объектинин функциялык арналышына жараша);

3) көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, жарык кылууга, токтотмо жайларды жана кирүү эшиктерин уюштурууга талаптар (объектинин функциялык арналышына жараша);

4) инженердик тарамдарга кошулуунун техникалык шарттары.

17. Курулуш объектинин ички жасалгасына карата талаптарды, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык келбеген жана арыз ээсинин,  долбоорду иштеп чыгуучунун укуктарын чектебеген башка талаптарды жана шарттарды архитектуралык-пландоо шарттарына киргизүүгө жол берилбейт.

18. Инженердик тарамдарга кошулууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу архитектуралык-пландоо шарттарын берүүдө баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт. Мындай учурда инженердик камсыздоонун башка варианттарын, анын ичинде  автономиялык, экологиялык таза булактарды жана жабдууларды аныктоо зарыл.

19. Архитектуралык-пландоо шарттарынын талаптарына макул болбогон  учурда арыз ээси архитектура жана курулуш  боюнча  жогору турган органга же сотко кайрылууга укуктуу.

20. Архитектуралык-пландоо шарттарын берүү акы төлөө негизинде  жүргүзүлөт, анын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

10-бап. Архитектуралык-курулуштук долбоорлоо

 

81-берене. Капиталдык курулуш объекттеринин долбоордук документтерин даярдоо, куруу, реконструкциялоо үчүн инженердик изилдөөлөр

 

1. Инженердик изилдөөлөр долбоордук документтерди даярдоо, капиталдык курулуш объекттерин куруу же реконструкциялоо үчүн аткарылат. Тийиштүү инженердик изилдөөлөрдү аткаруусуз долбоордук документтерди даярдоого жана ишке ашырууга жол берилбейт.

2. Инженердик изилдөөлөр жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн.

3. Долбоордук документтерди даярдоо, капиталдык курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо үчүн инженердик изилдөөлөр төмөнкүлөрдү алуу максатында аткарылат:

1) капиталдык курулуш объектисин куруу же реконструкциялоо жүргүзүлө турган аймактардын жаратылыш шарттары, курчап турган чөйрөгө техногендик таасир тийгизүүчү факторлору, мындай аймактарга карата чечимдерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон алардын өзгөрүшүнүн көп жылдык болжолдору жөнүндө материалдарды;

2) имараттардын, курулуштардын, курулмалардын компоновкасын негиздөө, бул имараттарга, курулуштарга, курулмаларга карата конструктивдик жана көлөмдүк-пландоо чечимдерин кабыл алуу, мындай объекттерди инженердик коргоону долбоорлоо, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды, капиталдык курулуш объекттерин курууну, реконструкциялоону уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн керектүү материалдарды;

3) имараттардын, курулуштардын, курулмалардын негизине, пайдубалына жана конструкциясына, алардын инженердик коргоосуна эсептөөлөрдү жүргүзүү, алдын алуу жана башка зарыл иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечимдерди иштеп чыгуу,  жер иштерин аткаруу үчүн, ошондой эле долбоордук документтерди даярдоодо, аны макулдашууда же бекитүүдө келип чыккан маселелер боюнча чечимдерди даярдоо үчүн керектүү материалдарды.

4. Инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары текст формасындагы жана карта (схема) түрүндөгү материалдарды камтыган жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чагылдырган аткарылган инженердик изилдөөлөр жөнүндө, капиталдык курулуш объектисин курууну, реконструкциялоону ишке ашыруу пландалган аймактын жайгашкан жери, ошондой эле аталган аймактын табигый жана техногендик шарттарын комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы, анын ичинде көрсөтүлгөн мындай объектти курууда, реконструкциялоодо жана алар бүткөндөн кийин капиталдык курулуш объектисине тиешелүү аталган аймактын табигый жана техногендик шарттарынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрүн изилдөө, баалоо жана болжолдоонун жыйынтыгы жана мындай объекттин курулушунун, реконструкциясынын башка капиталдык курулуш объекттерине болгон таасирин баалоонун жыйынтыктары жөнүндөгү документти билдирет.

5. Инженердик изилдөөлөрдүн айрым түрлөрүн аткаруунун зарылдыгы,  аларды аткаруунун курамы, көлөмү жана методу капиталдык курулуш объекттеринин түрүнө жана арналышына, алардын конструктивдик өзгөчөлүгүнө, техникалык татаалдыгына жана потенциалдуу коркунучтуулугуна, архитектуралык-курулуштук долбоорлоо баскычына, ошондой эле аймактын топографиялык, инженердик-геологиялык, метеорологиялык жана климаттык шарттарынын татаалдыгына үй куруучунун же тапшырыкчынын тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан техникалык регламенттердин талаптарын жана инженердик изилдөө программасын эске алуу менен белгиленет.

6. Инженердик изилдөөлөрдүн түрлөрү, долбоордук документти даярдоо, капиталдык курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо үчүн аларды аткаруунун тартиби, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдүн курамы, материалдары менен жыйынтыктарынын түрлөрү, шаар куруу ишин камсыздоонун маалыматтык тутумдарынын керектөөлөрүн эске алуу менен инженердик изилдөөлөрдүн материалдарынын жана маалыматтарынын мамлекеттик фондун түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Инженердик изилдөөлөрдүн материалдары мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

 

82-берене. Архитектуралык-курулуштук долбоор

 

1. Архитектуралык-курулуштук долбоор имараттын, курулуштун (монументтин) өз алдынча долбоору катары, ошондой эле курулуш үчүн долбоордук (долбоордук-сметалык) документтин бөлүгү катарында курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон көлөмдө объектиге коюлган социалдык, экономикалык, функциялык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, жардырууга каршы, санитардык-гигиеналык, экологиялык жана башка талаптарды комплекстүү эске алуучу архитектуралык-көркөм, композициялык жана көлөмдүк-пландоо чечимдерин камтууга тийиш.

2. Архитектуралык-курулуштук долбоор төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыгат:

1) тапшырыкчы (инвестор) тарабынан бекитилген долбоорлоого тапшырманын, аянтты (трассаларды) тандоо боюнча материалдардын, инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын, объектти инженердик камсыздоонун техникалык шарттарынын негизинде;

 2) бекитилген шаар куруу долбоорлоруна жана долбоор алдындагы документтерге ылайык;

3) архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын архитектуралык-пландоо шартына ылайык.

3. Архитектуралык-курулуштук долбоорду иштеп чыгууда архитектуралык-пландоо шарттарын милдеттүү түрдө сактоо.

 Архитектуралык-курулуштук долбоорлорду өзгөртүү автордун (авторлордун) макулдугу менен же анын (алардын) катышуусу менен жүргүзүлөт. Архитектуралык-пландоо шартынын талаптарынан четтөө келип чыккан учурда бул өзгөрүүлөр  архитектура жана шаар куруу органынын аймактык органы менен макулдашылат.

4.Техникалык жактан татаал эмес объекттерди курууга (реконструкция, кайра пландоо, кайра жабдуу) долбоордук документти иштеп чыгууну жеңилдетүү зарыл болгон учурда, архитектуралык-курулуштук долбоор архитектуралык-пландоо тапшырмасына ылайык эскиздик долбоор (эскиздик) түрүндө  аткарылышы мүмкүн.

 Долбоорлонуучу объектти техникалык жактан татаал эмес баскычка киргизүү жөнүндөгү чечим техникалык регламенттердин негизинде кабыл алынат.

 

 83-берене. Долбоордук жана сметалык документ

 

 1. Объекттерди жана алардын комплекстерин куруу (реконструкция, реставрация, кеңейтүү, техникалык кайрадан жабдуу, модернизация, капиталдык оңдоп-түзөө), ошондой эле байланыш жолдорун салуу жана комплекстүү абаттоо долбоордук документке ылайык ишке ашырылат.

 Ушул  берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жеңилдетилген эскиздик долбоор боюнча курууга жол берилет.

 2. Архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашуу болгон учурда эскиздик долбоорлор боюнча курулуш объектинин  тапшырыкчысы (менчик ээси) төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

 1) жекече турак үйлөрдү куруу, жер титирөө коркунучу жогору же башка өзгөчө геологиялык (гидрогеологиялык) жана геотехникалык шарттары менен зоналардагы курулуштардан сырткары; 

2) менчик короо-жай участокторунда же бакча жана чарбактык шериктештик участокторунда жайгашкан убактылуу курууларды, ошондой эле мезгилдүү жумуштар жана жайыт мал чарбачылыгы үчүн турак жай жана (же) чарбалык-тиричилик жайларын куруу;

3) турак жай имараттарында (үйлөрдө) турак жай жана турак жай эмес жайларына кошумча жер участогун (аймактарды кесүү) бөлүп берүүнү талап кылбоочу, тирөөч конструкциялардын, инженердик тутумдардын жана коммуникациянын кандайдыр-бир өзгөрүүлөрүнө байланышпоочу, архитектуралык-эстетикалык, өрткө каршы, жардырууга каршы жана санитардык сапатты төмөндөтпөөчү, пайдаланууда курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасирин тийгизбөөчү реконструкциялоону (кайрадан пландоону, кайрадан жабдууну) жүргүзүү;

 4) жарандардын жеке пайдалануусу үчүн арналган техникалык татаал эмес башка курулуштарды өзгөртүүнү.

 Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жайларды жана курулуштарды техникалык жактан татаал эмес өзгөртүү баскычына киргизүү жөнүндөгү чечим техникалык регламенттердин негизинде архитектура жана шаар куруунун аймактык органы тарабынан кабыл алынат.

 Менчик короо-жай участокторундагы же бакча жана чарбактык шериктештик (коомдук) участоктордогу мурунку курулуштарга чарбалык-тиричиликтик улама курулуштарды куруу, аларды абаттоо, ошондой эле  бул участоктордо контейнердик жана блоктук аткаруулардын мобилдик комплекстерин куроо архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары менен макулдашуусуз ишке ашырылышы мүмкүн, эгерде аталган объекттер башка жактардын же мамлекеттердин кызыкчылыктарын козгобосо.

 3. Долбоорлоонун баскычтуулугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик талаптарга ылайык куруу үчүн долбоордук (долбоордук-сметалык) документти иштеп чыгууга карата тапшырма менен белгиленет.

 4. Эскиздик долбоорду жана долбоордук (долбоордук-сметалык) документтерди иштеп чыгуунун жана макулдашуунун тартиби, милдеттүү курамы жана мазмуну техникалык регламенттер тарабынан белгиленет. 

 5. Долбоор алдындагы жана долбоордук (долбоордук-сметалык) документти бекитүүнүн, ошондой эле бекитилген документке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 6. Долбоордук (долбоордук-сметалык) документти ишке ашырууда подряддык жумуштарды жүргүзүүнүн эрежеси жана тартиби тиешелүү техникалык регламенттер жана ушул Кодекс менен белгиленет.

 7. Долбоордук (долбоордук-сметалык) документтин иштелип чыгышы аяктагандан кийин үч жана андан көп жылдын ичинде курулуш башталбаса, эскирди деп эсептелет жана жаңы экспертизаны жүргүзгөндөн жана белгиленген тартипте кайрадан бекитилгенден  кийин гана ишке ашыруу үчүн пайдаланылат.

 8. Эскиздик долбоорду жана долбоордук (долбоордук-сметалык) документти Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фондунун курамына кошуу, аталган документтерге ээлик кылуу укугуна кепилдик берүү, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча пайдалануу жана чектөө укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 9. Кыргыз Республикасынын аймагында аймактарды өздөштүрүү жана (же) куруу үчүн чет элдик юридикалык жактар же өзүнчө адистер тарабынан аткарылган долбоор алдындагы жана (же) долбоордук (долбоордук-сметалык) документ ушул Кодекс, мамлекеттик ченемдер, долбоорлоого тапшырмалар менен белгиленген долбоор алдындагы, долбоордук иштердин шартында жана баскычтары боюнча долбоордук (долбоордук-сметалык) документтердин курамында жана көлөмүндө иштелип чыгышы керек. Тапшырыкчы (инвестор) тарабынан төмөндөгү жыйынды милдеттүү шарттарды аткарууда тапшырыкчынын (инвестордун) чечими менен бул эрежелерден четтөөгө жол берилет:

1) өрт-жарылуу коопсуздугу боюнча ченемдерди сактоо, техникалык регламенттер менен белгиленген конструкциялардын ишенимдүүлүгүн, объекттин иштешинин туруктуулугун жана эмгекти коргоону камсыздоо, бул долбоорлорду мамлекеттик экспертиза жүргүзүүдө ырасталышы керек;

2) товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) берүүчүлөрдү аларга керектүү маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздоо.

 

84-берене. Архитектуралык-курулуштук долбоорлоо

 

 1. Архитектуралык-курулуштук долбоорлоо капиталдык курулуш объекттерине жана куруучуга таандык жер участогунун чек арасында курулуп жаткан, реконструкцияланган алардын бөлүктөрүнө карата долбоордук документтерди иштеп чыгуу жолу менен, ошондой эле капиталдык курулуш объекттерин капиталдык оңдоону жүргүзүү учурунда ишке ашат, эгер аны жүргүзүүдө мындай объекттердин ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрү козголсо (мындан ары - капиталдык оңдоо).

2. Долбоордук документ текст формасында жана чийме түрүндө материалдарды камтыган жана капиталдык курулуш объекттерин, алардын бөлүктөрүн курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону камсыздоо үчүн архитектуралык, функциялык-технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган долбоорду түшүндүрөт, эгер аны жүргүзүүдө капиталдык курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрү козголсо.

 3. Тапшырыкчы (инвестор) бардык курулуш объекттерине тиешелүү долбоорлоо документин даярдоону камсыздоого милдеттүү.

 4. Долбоордук документти иштеп чыгуу архитектуралык-курулуштук долбоорлоону жүргүзгөн жактарга коюлган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – долбоордук документти иштеп чыккан адамдар) тарабынан ишке ашырылат.

5. Долбоордук документти иштеп чыгууну уюштурган адам катары тапшырыкчы (инвестор) чыгат, ал архитектуралык-курулуштук долбоорлоо үчүн тиешелүү квалификациясы бар жеке же юридикалык жактарды келишимдик негизде тартат.

6. Куруучу же тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке же юридикалык жактар тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн  баштапкы маалыматтар төмөндөгүдөй документтер түрүндө берилет:

1) архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) - объектини долбоорлоого уруксат берүү;

2) инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары (эгер алар жок болсо, келишимде инженердик изилдөөлөрдү аткарууга тапшырма каралышы керек).

7. Максималдуу жүктөмдү жана капиталдык курулуш объектилерин инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарына кошуунун мөөнөттөрүн, техникалык шарттардын иштөө мөөнөтүн караган техникалык шарттар, ошондой эле кошуу үчүн акы төлөө жөнүндөгү маалымат архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын суроо-талабы боюнча он иш күнүнүн ичинде инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарын иштеткен уюмдар тарабынан берилет.

Берилген техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарын иштеткен уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо эки жылга белгиленет.

 8. Инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарын иштеткен уюм  белгиленген мөөнөттө жер участогунун укуктук ээсин курулган же реконструкцияланган капиталдык курулуш объектисинин инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарына техникалык шарттарга ылайык кошууну камсыздоого милдеттүү.

 9. Техникалык шарттарды аныктоонун, берүүнүн жана кошууга төлөм акысын аныктоонун тартиби, ошондой эле капиталдык курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарына кошуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 10. Долбоордук документти даярдоо техникалык регламенттердин, техникалык шарттардын талаптарына ылайык, инженердик изилдөөлөрдүн, архитектуралык-пландоо шарттарынын (АПШ) жыйынтыгы боюнча тапшырыкчынын (инвестордун) долбоорлоого болгон тапшырмасынын негизинде  ишке ашат.

 11. Курулуш объекттеринин долбоордук документинин курамына, линиялык объекттердин долбоордук документинен сырткары төмөнкү бөлүмдөр киргизилет:

 1) архитектуралык-курулуштук долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтар,  анын ичинде инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен түшүндүрмө кат;

 2) жер участогунун шаар куруу планына, долбоорлонуучу объекттин башкы планына ылайык аткарылган жер участогунун башкы планы;

 3) архитектуралык жана көлөмдүк-пландоо чечимдери;

 4) конструктивдик жана көлөмдүк-пландоо чечимдери;

 5) инженердик жабдуу, инженердик-техникалык камсыздоо тарамдары жөнүндөгү маалыматтар, курулуш объектинин инженердик-техникалык иш-чараларынын, технологиялык чечимдеринин тизмеги;

 6) объекттин энергетикалык натыйжалуулугун камсыздоо боюнча маалыматтар жана энергетикалык паспорт;

 7) капиталдык курулуш объекттерин, алардын бөлүктөрүн бузуу же ажыратуу боюнча иштерди уюштуруу долбоору (башка капиталдык курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо үчүн капиталдык курулуш объекттерин, алардын бөлүктөрүн бузуу же ажыратуу зарылдыгы болгондо);

 8) ден соолугунун жана кыймылынын мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга шарт түзүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмеги;

 9) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражатынын эсебинен каржылануучу объекттер үчүн курулуш объекттерин курууга, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого смета;

 10) кайрадан профилдөө жана реконструкциялоо объекттеринин  долбоорлоо документтери объекттин инженердик изилдениши жөнүндө корутундусу менен;

 11) тапшырыкчынын (инвестордун) демилгеси боюнча долбоордук документти иштеп чыгуу курулуштун жана реконструкциялоонун айрым этаптарына жана кезектерине ылайык ишке ашышы мүмкүн;

 12) радиоактивдүү заттарды пайдалануу объекттеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган коркунучтуу өндүрүштүк объекттердин, өзгөчө кооптуу, техникалык татаал, бөтөнчө объекттердин, коргонуу жана коопсуздук объекттеринин долбоордук документтери жарандык коргонуу,  табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын тизмегин кошумча камтууга тийиш;

 13) долбоордук документ тапшырыкчы (инвестор) тарабынан бекитилет, долбоордук документ бекитилгенге чейин макулдашылат жана  аны мамлекеттик экспертизага жөнөтөт. Мында долбоордук документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундуларынын болушу менен долбоордук документ тапшырыкчы (инвестор) тарабынан бекитилет;

 14) долбоордук документке макулдашууну, долбоордук документке мамлекеттик экспертизанын корутундусун жана ушул Кодексте каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.

 

85-берене. Жер титирөөгө туруктуулук талаптары

 

 1. Жер титирөөнүн таасирлеринен имараттар менен курулуштардын кыйрашынын алдын алуу үчүн зарыл шарттар болуп төмөнкү талаптарды аткаруу саналат:

 1) курулуштун ыңгайлуу аянтын тандоо;

 2) имараттар менен курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыздоочу көлөмдүк-пландоо, конструктивдик схеманы туура аныктоо;

 3) атайын долбоордук-техникалык жана курулуштук-конструктивдик жер титирөөгө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу;

 4) куруу-монтаждоо иштеринин жогорку сапатын камсыздоо.

 2. Имараттар менен курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

86-берене. Татаал жаратылыш шарттарында имараттарга  жана курулмаларга коюлган талаптар

 

 1. Имарат же курулуш аны ишке берүүдө коркунучтуу жаратылыш процесстери жана (же) техногендик таасирлер кесепеттерин тийгизбегидей жана адамдын жашоосуна, ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана  курчап турган чөйрөгө коркунуч туудурган башка окуяларга туш болбогудай долбоорлонушу жана курулушу керек.

 2. Коркунучтуу жаратылыш процесстеринде имараттарга жана курулуштарга коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

87-берене. Курулуш объекттеринин категориялары

 

1. Жашоо-тиричилик үчүн тобокелдиктин маанилүүлүгүн эсепке алуу менен бардык курулуш объекттери төрт категорияга бөлүнөт: жогорку, орто, төмөн жана өтө маанилүү эмес тобокелдик факторлору менен.

2. Курулуш объекттеринин категориясынын классификациясы:

1) I категория – тобокелдик фактору жогору курулуш объекттери (бөтөнчө жана өзгөчө татаал объекттер);

2) II категория – тобокелдик фактору орто курулуш объекттери;

3) III категория – тобокелдик фактору төмөн курулуш объекттери;

4) IV категория – тобокелдик фактору өтө маанилүү эмес объекттер.

 

88-берене. Курулуш объекттеринин категорияларына мүнөздөмө

 

1. I категориядагы курулуш объекттерине төмөнкүлөр кирет:

- ЖЭТ, ЖЭБ, ГЭТ комплекстери;

- бийиктиги 100 метрден ашкан курулуштар (түтүн түтүктөрү жана мунаралар);

- бийиктиги 60 метрден ашкан курулуштар (көпүрөлөр, тоннелдер, жер астындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр);

- бийиктиги 9 кабаттан жогору турак жай имараттары;

- туурасы 48 метрден ашкан имараттар жана курулуштар;

- бийиктиги 40 метрден ашкан имараттар жана курулуштар;

- адистештирилген имараттар (музейлер, архивдер, улуттук маданий баалуулуктарды сактоо жайлары);

- сыйымдуулугу 5000 куб. м ашкан өрт-жарылуу коркунучу бар продуктулар үчүн курулмалар;

- өндүрүш, сактоо жана утилизациялоо үчүн адистештирилген шарттарды талап кылган өндүрүш объекттери, ошондой эле  калдык сактоочу жайлар;

- линиялык курулуштар, өткөргүч объекттер (электр өткөрүүсү жогорку вольттогу линиялар 110-500 кВт чейин, магистралдык түтүк өткөргүчтөр диаметри 400 мм. жогору же  басымы 1,5 Мпа жогору), жогорку жана орто басымдагы шаардык суу өткөргүчтөрү, газ өткөргүчтөрү;

- коомдук пайдалануудагы адистештирилген имараттар (автостанциялар, аэропорттор, темир жол бекеттери);

- I категориядагы темир жолдор жана автоунаа жолдору;

- суу сактагычтар – сыйымдуулугу 5 (беш) миллион куб.м;

2. II категориядагы курулуш объекттерине төмөнкүлөр кирет:

- жалпы көлөмү 1000 куб.м жана жогору суюк заттарды сактоо үчүн объекттер (сактагычтар, терминал);

- бийиктиги 5 кабаттан жогору турак жай имараттары;

- туурасы 24 метрден, бийиктиги 15 метрден ашкан имараттар жана курулмалар;

- ири панелдүү жана монолиттүү имараттар жана курулмалар;

- жүк көтөрүмдүүлүгү 32 т жогору жүктөгүчү менен өндүрүштүк имараттар;

- темир жолдор;

- 2-3-категориядагы автоунаа жолдору жана тоолуу жерлердеги 4-5-категориядагы автоунаа жолдору, ошондой эле магистралдык көчөлөр;

- 18 м.ден 60 м. чейин узундуктагы көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, эстакадалар;

- социалдык багыттагы объекттер (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери);

- 250 орундан ашык мейманкана, курорттук-рекреациялык багыттагы объекттер (санаториялар, пансионаттар, турбазалар);

- 100 орундан ашкан маданий-тиричилик тейлөө ишканалары (кинотеатрлар, театрлар, клубдар);

 - жабык спорттук курулмалар жана 1000 кв.м. жогору аянттар;

- ири коргоочу курулмалар (селге каршы, жер көчкүгө каршы, кар көчкүгө каршы);

- сейсмикалуулугу 8 жана андан жогору балл  болгон аймактарда, татаал инженердик-геологиялык шарттарда иштерди аткаруу (чөгүүсү II типтеги, суулуу, начар кыртыштар, жер көчкүлөр);

- реконструкциялоону талап кылган объекттер (кеңейтүү, кайра жабдуу).

3. III категориядагы курулуш объекттерине төмөнкүлөр кирет:

- I, II жана IV категорияларга кирбеген объекттер;

- жекече турак үйлөр.

4. IV категориядагы курулуш объекттерине төмөнкүлөр кирет:

- бузулушу адамдардын жашоо тиричилигине коркунуч тийгизбеген имараттар жана курулмалар: аянты 1350 кв.м. жогору эмес кампалар, бир кабаттуу өндүрүштүк жайлар жана айыл чарба объекттери, курама темир бетон конструкциясындагы убактылуу имараттар жана курулмалар, квартал ичиндеги өткөөлдөр, квартал ичиндеги жолдор, аймакты абаттоо боюнча иштер;

- көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүүсүз кайра профилдөө жана кайра пландоо объекттери.

5. Эгер кайсы бир курулуш объекти бир нече категориялардын мүнөзүнө туура келди, анда жогорку категория боюнча классификацияланат.

 

11-бөлүм.  Долбоордук документтерди макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү

 

89-берене. Долбоордук документтерди макулдашуу

 

1. Архитектуралык-пландоо шартынын талаптарына жана объектти долбоорлоо тапшырмасына ылайык иштелип чыккан долбоордук документтер архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө тапшырыкчы тарабынан макулдашууга жөнөтүлөт.

2. Долбоордук документтерди макулдашуунун максаты төмөнкүлөргө анын шайкештигин баалоо болуп саналат:

1) архитектуралык-пландоо жана техникалык шарттарына;

2) жер участогун куруу талаптарына, анын  уруксат берилген функциялык пайдалануусуна;

3) долбоорлоо тапшырмасына;

4) ушул аймакта белгиленген шаар куруу регламенттерине жана куруунун эрежелерине;

5) маданий мурас объектилерин коргоо боюнча  талаптарга;

6) инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына;

7) жер участогун куруунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн тактыгына жана анын жайгашышына;

8)  экологиялык коопсуздуктун талаптарына.

3. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн материалдарын текшерүүнүн максаты болуп тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына аларды шайкеш келтирүү эсептелет.

4. Долбоордук документтерди макулдашуу үчүн тапшырыкчы тарабынан төмөнкүдөй материалдар берилет:

1) долбоордук документтерди макулдашуу тууралуу арыз;

2) долбоорду макулдашууга тапшырыкчынын ыйгарым укуктарын ырастаган  документтер;

 3) объекттин курулушун  жүргүзүү, анын реконструкциясын же  өзүнчө турган объекттин жана курулмалардын  функциялык багытын өзгөртүү болжолдонгон жер участогуна укук аныктоочу документтер;

4) объектини долбоорлоого тапшырма;

5) инженердик изилдөөлөрдүн материалдары;

6) жер участокторунун чек араларында  жайгашкан капиталдык курулуш объекттери, маданий мурас объекттери жөнүндө маалымат;

7) долбоорлоого уруксат берилген документтердин көчүрмөлөрү;

8) объектинин башкы планы, фасаддардын чиймелери, кабаттардын жана долбоорлонуп жаткан имараттардын жана курулуштардын тилкелеринин пландары, фасаддардын жасалгасынын паспорту;

9) инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарына долбоорлонуп жаткан капиталдык курулуш объектинин кошулуу жерин көрсөтүү менен  инженердик-техникалык камсыздоо тарамынын жыйынды планы, инженердик жабдуулар жана  инженердик жүктөмдөр жөнүндө маалымдар;

10) капиталдык оңдоо объектине түздөн-түз тиешеси бар мындай объекттерди реконструкциялоодо укук ээлеринин макулдугу;

11) объектинин техникалык абалы жана аны реконструкциялоонун, кайрадан профилдөөнүн же кайра пландоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тийиштүү ыйгарым укуктары бар (көрсөтүлгөн курулуштук ниеттерин аткарууну болжолдогон объектилер үчүн гана) уюмдар же адистер тарабынан берилген корутунду;

12) долбоордук документтерди кайрадан пайдаланууга куруучунун (тапшырыкчынын) укугун ырастоочу документ, мында башка адамга тиешелүү (өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим, уруксаттамалык жана кош уруксаттамалык келишим);

13) долбоорлоо документин  жана инженердик изилдөөлөрдү иштеп чыгуучулардын ишинин тиешелүү түрүн аткарууга квалификациялык тастыктаманын же уруксаттаманын көчүрмөсү;

14) өндүрүш объекттери жана атайын объекттер үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  иш-чаралардын тизмеги;

15) өрткө каршы коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын тизмеги;

16) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, эс алуу, спорт жана социалдык-маданий, коммуналдык-тиричилик багытындагы башка объекттерге, транспорт, соода, коомдук тамак аш объекттерине, ишкердик, административдик, финансылык, диний багыттагы объекттерге, турак жай фондунун объекттерине кирүүнү камсыздоо боюнча иш-чаралардын тизмеги (тиешелүү долбоордук документтерди даярдаган учурда);

17) жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган радиоактивдүү заттарды, коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди пайдалануу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын тизмеги;

18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга башка документтер.

5. Долбоордук документтерди макулдашуу шаардын, райондун, облустун башкы архитекторунун колу менен объектинин башкы планында күбөлөндүрүлөт.

6. Долбоордук документтерди макулдашуу Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.

7. Долбоордук документтерди макулдашкандан кийин архитектура жана курулуш боюнча аймактык орган техникалык көрсөткүчтөрү (нөөмөт планы) менен долбоорго тиешелүү архивдик иштерди топтоо үчүн калктуу конуштун, аймактын шаар куруу кадастрына маалымат киргизет.

 

90-берене. Шаар куруу кеңеши

 

1. Шаар куруу кеңеши шаар куруу, архитектура, имараттарды, курулмаларды куруу жана конструкциялоо, коомдук саламаттык сактоо, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү, айлана-чөйрөнү коргоо, өрт көзөмөлү жаатындагы   квалификациялуу адистерден, ошондой эле ишке берүүчү уюмдардын жана инженердик кызматтардын жетекчилеринен, коомчулуктун - Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун жана  Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

2. Шаар куруу кеңешинин милдети болуп шаар куруу саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, калктуу конуштардын аймактарын курууну жана реконструкциялоону өнүктүрүүнү уюштуруу үчүн, ошондой эле калктын жашоосуна, эмгегине жана эс алуусуна жагымдуу шарттарды камсыздоо үчүн шаар куруу документтеринин негизги чечимдерин иштеп чыгуу эсептелет.

3. Шаар куруу кеңешине облустун, райондун, шаардын башкы архитектору менен долбоорду макулдашуу боюнча квалификациялуу эксперттик корутундуларды алуу үчүн калктуу конуштун башкы планына ылайык берилген долбоордук документтерди кароо жана талкуулоо милдети жүктөлөт. 

4. Шаар куруу кеңеши облустун, райондун, шаардын башкы архитекторунун демилгеси боюнча карала турган материалдардын топтолушуна жараша же шаар куруунун жана архитектуранын көйгөйлүү маселелери боюнча  төмөнкүдөй учурларда чакырылат:

1) татаал, ири, шаар түзүүчү объекттерди жайгаштырууда, варианттарды тандоодо, маселелердин туура коюлушу жана конкреттүү объектини долбоорлоо үчүн архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгууда;

2) архитектуралык-пландоо шарттарын, композициялык чечимдерди, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү талкуулоо жолу менен берилген варианттардын ичинен эскиздик долбоордун негизги вариантын бири-бири менен байланышкан маселелердин комплексин кароо менен тандоо жана карап чыгуу үчүн;

3) архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын өкүлдөрү менен объектинин архитектуралык-көркөм жана көлөмдүк-мейкиндик чечими боюнча долбоорлордун авторлорунун шаар куруу жагдайында түзүлгөн жана башка маселелерди өз ара чечүүдө пикир келишпестиктер болгон учурда;

4) аймактык пландоо, шаар курууну зоналарга бөлүштүрүү, шаар курууну пландоо жана куруу боюнча бардык долбоорлор коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралат жана талкууланат жана андан ары долбоорлоо же бекитүү үчүн чечимдер кабыл алынат;

5) чет элдик фирмалар, адистер, инвесторлор тарабынан сунушталган бөтөнчө, татаал объекттер шаар куруу кеңешинин жыйынында каралат жана талкуулоолордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү облустун, райондун, шаардын башкы архитекторуна сунуштоо менен конкреттүү чечимдер кабыл алынат;

6) калктуу конуштун пландоо түзүмүндөгү тарыхый-маданий мурастардын, монументалдык искусствонун, архитектуралык-көркөм композициялардын  объектилерин (эстеликтерин) жайгаштырууда;

7) илимий-техникалык прогресстин  жетишкендиктерин жана жаңы идеяларды колдонгон тармактар аралык маанидеги, илимий-эксперименталдык долбоорлорду кароодо.

 

91-берене. Долбоордук документтерди жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мамлекеттик экспертизалоо, долбоордук  документтерди мамлекеттик экологиялык экспертизалоо

 

 1. Функциялык арналышына, каржылоонун булактарына жана менчигинин түрүнө карабастан, объекттерди куруу жана башка өзгөртүү үчүн багытталган I, II, III категориядагы тобокелдиги бар объекттердин долбоордук документтери ушул Кодекске ылайык мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш.

2. Мамлекеттик экспертизалоо органынын өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) сейсмикалуулугу жети баллдан жогору райондордо (зоналарда) же башка өзгөчө геологиялык (гидрогеологиялык) жана геотехникалык  шарттарда жайгашкан, курулуш өндүрүмүн – капиталдык имараттарды (курулмаларды) же алардагы өзгөрүүлөрдү пайдалануунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун караган ченемдик талаптарга I жана II категориядагы коркунучу бар долбоордук документтердин шайкеш келүүсүн экспертизалоо; 

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк объекттеринин, ошондой эле каржылоосу мамлекеттин жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай ишке ашырылуучу курулуш-монтаждоо жумуштарынын өндүрүшү боюнча  долбоорлоо объекттеринин наркынын эсеби боюнча документтерди экспертизалоо;

3) курулушу республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объектилердин долбоордук документтерин экспертизалоо;

4) инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө корутундулар.

3. Мамлекеттик экспертизанын мурда берилген оң корутундусу бар, курулушу курулуш аянтчасынын шарттарына карата байланган типтүү же кайрадан колдонулган жекече долбоорлор боюнча аткаруу болжолдонгон объекттер үчүн долбоордук документтерди милдеттүү түрдө экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт.

Аталган долбоорлорду кайра иштеп чыгууга же ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун мүнөздөмөсүн, көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык чечимдерди козгоочу алардын өзгөрүүлөрүнө байланган учурда долбоордук документтердин аталган бөлүмдөрү, ошондой эле башкы пландын бөлүмүнүн чиймелери жана инженердик тарамдар милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш.  

4. Эгерде инженердик изилдөөлөр тобокелдиги өтө маанилүү эмес факторлуу объекттерге долбоордук документтерди даярдоо үчүн жүргүзүлгөн болсо, анда инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөйт.

 5. Долбоордук документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза өзгөчө корголуучу табигый аймактардын жерлеринде жайгашкан объекттерге, ошондой эле I-V класстагы коркунучу бар калдыктарды зыянсыздандырууга, жайгаштырууга  байланышкан объекттерге карата жүргүзүлөт.

6. Мамлекеттик шаар куруу, архитектура, экологиялык жана башка атайын экспертизанын түрлөрүнө долбоордук документтерди тапшыруу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын тапшырыкчылары жана долбоордук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Долбоордук документтердин курамы жана көлөмү, ошондой эле  текшерилүүгө тийиш болгон талаптардын тизмеги экспертизаны аткаруу боюнча түзүлгөн келишимдеги тапшырыкчы тарабынан белгиленген максаттарга жана милдеттерге көз каранды болот.

7. Мамлекеттик экспертизанын максаты болуп долбоордук документтердин төмөнкүлөргө шайкеш келүүсүн белгилөө жана баалоо эсептелет:

1) архитектуралык-пландоо жана техникалык шарттарга, бекитилген шаар куруу чечимине ылайык жер участогун долбоорлоого жана функциялык арналышына карата тапшырмага;

2) кыймылсыз мүлктүн тийиштүү объектилерин долбоорлоого техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин жыйындысынын, башка ченемдик документтердин талаптарына:

а) кабыл алынган көлөмдүк-пландоо, конструктивдик, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык чечимдерге, инженердик жабдууга, курулуш материалдарына жана конструкцияларга;

б) жарылуу, өрт жана башка коопсуздуктарды камсыздоо боюнча талаптарга;

3) маданий мурастар объектилерин коргоо боюнча талаптарга;

4) инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына;

5) долбоорлонуп жаткан объекттердин техникалык көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүүлүгүнө.

8. Курулушка же объекттердеги өзгөртүүлөргө инвестордун болжолдуу чыгымдарынын наркын, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн наркынын башка түрлөрүн аныктоочу документтерди мамлекеттик экспертизалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикалардын талаптарына ылайык аткарылган эсептерди белгилөө жана шайкештигин, колдонулган сметалык  баалардын негиздүүлүгүн,  ошондой эле алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн баалоо максатында  жүргүзүлөт.

 9. Мамлекеттик экспертизаны жүргүзүү учурунда ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды аткаруудан сырткары, төмөнкүлөр текшерилет:

- долбоорду иштеп чыгуучуда долбоордук иштердин тиешелүү түрлөрүн аткарууга уруксат берүүчү документтердин жана нарктын башка түрлөрүнүн эсептери боюнча документтердин болушу;

- тиешелүү аймактык архитектура органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка көзөмөлдөө органдары менен зарыл болгон долбоордук макулдашуулардын болушу;

- курулуш үчүн жер участогунун өлчөмүн аны эң натыйжалуу пайдаланууну, шаар куруу, инженердик-геологиялык, экологиялык жана башка факторлорду эске алуу менен туура тандоо;

- объектини инженердик камсыздоо боюнча чечимдердин сарамжалдуулугу, ошондой эле автономдуу тутумдарды жана  жашоо турмушун камсыздоо үчүн экинчи энергия ресурстарын пайдалануунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу;

- калктын начар мобилдүү тобунун жашоо тиричилигинин шарттарын камсыздоо боюнча долбоордук чечимдердин болушу.

10. Инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мамлекеттик экспертизалоонун максаты болуп техникалык регламенттердин талаптарына алардын шайкеш  келиши эсептелет.

11. Долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүдө мамлекеттик эксперт көз карандысыз болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, регламенттеринин жана кыймылсыз мүлктүн тиешелүү объекттерин долбоорлоого башка ченемдик укуктук документтердин талаптарын гана жетекчиликке алууга милдеттүү.

12. Мамлекеттик эксперт экспертизаны жүргүзүүгө катышууга укугу жок, эгерде анын жыйынтыктары ал үчүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарга ээ болсо, ошондой эле текшерилүүчү документти иштеп чыгууда ал же анын жакын туугандары  катышкан болсо.

13. I категориядагы объекттердин долбоордук жана сметалык документтерин экспертизадан өткөрүүдө мамлекеттик эксперттик уюм Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин  эксперттик органдарын чакырууга, белгиленген тартипте эксперттик жумушчу топторду түзүүгө же документтерди комплекстүү кароо үчүн өзүнчө адистерди чакырууга жана жыйынтык корутундуну берүүгө укуктуу.

14. Мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнүн мөөнөтү объекттин курулушу үчүн даярдалган долбоордук документтердин татаалдыгына же кыймылсыз мүлккө өзгөртүүлөрдү киргизгенине карата аныкталат жана мөөнөт эки айдан ашпоого тийиш.

15. Мамлекеттик экспертизага жөнөтүлгөн долбоордук документтерди жана/же инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кабыл алууга баш тартуунун негиздери болуп  төмөнкүлөрдүн жоктугу эсептелет:

- экспертизаны өткөрүүгө тапшырыкчынын арызынын; 

- экспертизанын тапшырыкчысынын анын атынан иш аракет кылууга ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин, мында корутундуга, өзгөрүүлөргө, аткарууга же мамлекеттик экспертизаны өткөрүү жөнүндө келишимди жокко чыгарууга анын ыйгарым укуктары атайын эскертилиши керек;

- объектинин курулушу болжолдонгон жер участогуна, анын реконструкциясына же өзүнчө курулуп жаткан имараттарды, курулмаларды же жайларды функциялык багытта өзгөртүүгө укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрүнүн;

- реконструкциялоо же өзүнчө курулуп жаткан имараттарды, курулмаларды же жайларды функциялык багытта өзгөртүү болжолдонгон жер участогун курууга укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрүнүн;

- долбоорлоого уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүнүн;

- объектинин техникалык абалы жана анын реконструкциясын аткарууга, функциялык багытта өзгөртүүгө же кайра пландоого мүмкүнчүлүгү тууралуу тиешелүү  ыйгарым укуктары бар (аталган курулуштук ниеттерди аткаруу болжолдонгон объектилер үчүн гана) уюмдар жана адистер тарабынан берилген корутундунун;

- долбоорлоого тапшырманын;

- долбоордук документти кайрадан пайдаланууга тапшырыкчынын (инвестордун) укугун ырастаган документтин, мында өзгөчө укук башка адамга таандык болот (өзгөчө укугунан ажыратуу жөнүндө келишим, уруксаттамалык жана кош уруксаттамалык келишим);

- тапшырыкчынын тапшырмасына ылайык экспертизаны сапаттуу жүргүзүү үчүн керектүү курамда же өзгөртүүлөрү же кайрадан колдонуучу (жекече же типтүү долбоор) долбоордун кайра иштеп чыгуулары же өзгөртүүлөрү менен белгиленген тартипте макулдашылган  жекече долбоордун жоктугу;

- кайрадан колдонулуучу долбоорго же арыз берген күнгө чейин үч жылдан кем эмес мөөнөттө берилген анын модификациясына мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундусунун;

- кыймылсыз мүлктүн наркынын эсебин текшерүү үчүн керектүү документтердин, анын ичинде инвестордун курулушка болгон чыгымдары жана кыймылсыз мүлктөгү башка өзгөрүүлөр;

- техникалык регламенттерге (объектинин курулушу үчүн же куюлган пайдубалга эсептик жүктөмдү өзгөрткөн учурда)  ылайык түзүлгөн инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө отчеттун же тийиштүү инженердик-изилдөөлөрдү аткарууга уруксаты бар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн долбоорлоо жана куруу үчүн курулуш аянтчасынын инженердик- геологиялык шарттары жөнүндө керектүү жана жетиштүү маалыматтардын;

- курулуш аянтчасында долбоорго (көлөмдүк чечимдерди өзгөртүүсүз кайра пландоо долбоорлорунан сырткары) экспертиза жүргүзгөн күнгө чейин эки жылдан ашык убакыт мурда аткарылган инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн материалдарынын;

- жарандык коргоо, радиоактивдүү заттарды сактоо объектилери, коргонуу жана коопсуздук, I категориядагы объектилер, темир жолдор, I, II, III категориядагы автоунаа жолдору жана тоолуу жердеги IV-V категориядагы автоунаа жолдору, ошондой эле стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган же атайын эсептөө методдорун иштеп чыгуу боюнча объектилер үчүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын;

- долбоордук документтерди, инженердик-изилдөөлөрдү аткарган же объектинин курулушуна инвестордун кеткен чыгымынын эсебин чыгарган аткаруучуда тийиштүү иштин түрүнө карата лицензиясынын же квалификациялык сертификатынын жоктугу.

16. Текшерилүүчү документтерге тийиштиги жок документтерди же башка маалыматтарды арыз берүүчүдөн талап кылууга жол берилбейт.

17. Долбоордук документтерге жана кыймылсыз мүлктүн наркын аныктаган документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт, ал эми жумушту жүргүзүү боюнча анын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат. Экспертизанын аталган түрүн   жүргүзүү үчүн эксперт изилдөөчү объектиге тоскоолдуксуз  кирүүгө укуктуу.

18. Мамлекеттик экспертизага берилген документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы болуп, бул документтердин жана/же аткарылган эсептердин техникалык регламенттердин жана башка тийиштүү ченемдик (ченемдик укуктук) документтердин  талаптарына тууралыгы (оң корутунду) же туура келбестиги (терс корутунду), ошондой эле наркын эсептөөдөн алынган жыйынтыктын ишенимдүүлүгү жөнүндө корутунду эсептелет.

Эксперттик терс корутундуда долбоорлоого карата ченемдик документтердин талаптарын бузган документтерде кабыл алынган чечимдер боюнча конкреттүү эскертүүлөр көрсөтүлүшү керек.

19. Экспертизанын корутундусу эки нускада берилет, аны өткөргөн эксперттердин колу коюлат жана эксперттик уюмдун жетекчиси же мындай жетекчинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан бекитилет.

20. Мамлекеттик экспертизанын корутундусу экспертизага берилген документтерди иштеп чыгууга катышкан уюмдардын милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон документи.

21. Мамлекеттик экспертизага берилген документтер боюнча оң корутунду мындай документти инвестор тарабынан бекитүү үчүн жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан курулуш иштерин жүргүзүүгө белгиленген тартипте уруксат берүүгө керектүү документ болуп эсептелет.

22. Долбоордук документтерде жана кыймылсыз мүлктүн наркын аныктаган документтерде мамлекеттик экспертизанын терс корутундусу болсо, андан ары ишке ашырылбайт.

23. Мамлекеттик эксперттик уюм тарабынан чыгарылган эксперттик терс корутундуда көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдогондон кийин экспертизага берилген документтер белгиленген тартипте  кайрадан экспертизадан өтүүгө тийиш. Документтин өзгөрүүлөр киргизилген бөлүгүнө кайрадан экспертиза жүргүзүлөт, ошондой эле мурда экспертизадан өткөн документтердин ага киргизилген өзгөртүүлөрү менен шайкеш келүүсү керек.

24. Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунан кийин үч жылдан ашык убакыттын ичинде объектинин курулушу жүргүзүлбөсө, долбоордук документтер моралдык жактан эскирген деп эсептелет. Аталган документтер архитектура жана курулуштун аймактык органдарында макулдашылгандан, оңдолгондон, андан ары долбоордун оңдолгон бөлүмдөрүнө мамлекеттик экспертиза жүргүзүлгөндөн,  ошондой эле киргизилген оңдоолордун долбоордук документтердин башка бөлүмдөрү менен шайкеш келгенден кийин гана ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

25. Долбоордук документтер же инвестордун курулушка кетирген чыгымдары же наркы жөнүндө документтер боюнча мамлекеттик экспертизанын корутундусу жогорку кесиптик деңгээлдеги тиешелүү адистерден турган архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын алдында түзүлгөн эксперттик кеңеште анын тапшырыкчысы гана каршы чыгып, талашуусу мүмкүн. Мындай учурларда эксперттик кеңеш тарабынан белгиленген комиссиялык экспертизанын эксперттик корутундусу сот тартибинде гана талашылышы мүмкүн.

 

92-берене. Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо

 

1. Кыймылсыз мүлктүн объектилеринин курулушу үчүн долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо белгиленген тартипте аттестацияланган (аккредиттелген) коомдук бирикмелердин формасында түзүлгөн коммерциялык эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Экспертизанын тапшырыкчысы мамлекеттик эмес эксперттерди тандоодо эркин жана өзүнүн  мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол эле долбоорду же анын өзүнчө бөлүмдөрүнө мамлекеттик эмес экспертизаны өткөрүү үчүн бир же бир нече  эксперттик уюмдарга кайрылууга укуктуу.

3. Инженердик изилдөөлөрдүн материалдарын жана кыймылсыз мүлктүн курулушу же анын башка өзгөрүүлөрү үчүн долбоордук документтерди, ошондой эле анын наркын мамлекеттик эмес экспертизалоо мамлекеттик экспертиза органдарынын өзгөчө компетенциясына кирген иштердин түрлөрүнө карата жана төмөнкү объектилерге жүргүзүлбөйт:

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү элчиликтери, консулдуктары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан;

- коргоо жана коопсуздук, мамлекеттик сырды түзгөн объектилер;

- радиоактивдүү заттарды жайгаштырууга жана сактоого, I-V класстагы коопсуздугу бар калдыктарды зыянсыздандырууга багытталган;

-  ири коргоочу курулуштар, темир жолдор, I, II, III, категориядагы автоунаа жолдору жана тоолуу жердеги 4-5-категориядагы автоунаа жолдору;

- курулушу өзгөчө корголуучу аймактарда болжолдонгон объектилер;

- салынышы жана пайдаланууга берилиши экспертизанын атайын түрлөрүнө кирген объектилер;

- шаар куруу жана архитектура ишинин жыйынтыгында түзүлгөн же түзүлүүчү кыймылсыз мүлк объектилери, анын наркын баалоого экспертиза жүргүзүү жагында.

4. Мамлекеттик эмес экспертизадан өткөрүү тапшырыкчыны (арыз берүүчүнү) долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизага жиберүү милдетинен бошотпойт.

5. Долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүүнүн предмети болуп төмөнкүлөрдү баалоо эсептелет:

- аймактык архитектура органдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка аймактык көзөмөлдөө органдары менен зарыл болгон макулдашуулардын болушу;

- долбоордун архитектуралык-пландоонун жана техникалык шарттарына, долбоорлоого тапшырманын жана инженердик изилдөөлөрдүн шайкеш келиши;

- долбоордогу конструктивдүү чечимдердин кабыл алынышына жана инженердик жабдуулардын  техникалык регламенттердеги жана  кыймылсыз мүлктүн тийиштүү объектилерин долбоорлоодо башка ченемдик документтерде белгиленген талаптарына шайкеш келиши;

- долбоордук чечимдердин,  кыймылсыз мүлктүн тийиштүү объектилерин долбоорлоодо ченемдик документтерде белгиленген санитардык-эпидемиологиялык милдеттүү талаптарына шайкеш келиши;

- объект боюнча техникалык көрсөткүчтөрдүн ишенимдүүлүгү.

6. Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы болуп кыймылсыз мүлктүн объекттерин  долбоорлоого ченемдик укуктук документтердин талаптарына долбоордук документтердин шайкеш келиши же шайкеш   келбеши жөнүндө корутунду (рецензия) эсептелет.

7. Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизадан өткөрүүнүн корутундусу экспертизанын тапшырыкчысына берилет жана анын өздүк далилдөө документи болуп эсептелет.

Мамлекеттик эмес экспертизанын оң корутундусу бул долбоор боюнча мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун даярдоодо эске алынышы же мындай эксперттик корутундунун сапатын мамлекеттик экспертиза ырастаган учурда гана курулуш иштерин жүргүзүүгө алар тараптан белгиленген тартипте уруксат берүүсү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга берилиши мүмкүн.

8. Долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза келишимдин негизинде жүргүзүлөт, ал эми аны өткөрүү боюнча жумуштун наркы келишим баалар боюнча аныкталат. Мамлекеттик эмес экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөттөрү келишимде белгиленет.

9. Мамлекеттик эмес экспертизанын терс корутундусуна мамлекеттик экспертиза жүргүзүү боюнча органда же архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик кеңеште тапшырыкчы каршы чыгып, талашуусу  мүмкүн.

 

93-берене. Инженердик изилдөөлөрдү, долбоордук документтерди даярдоо боюнча иштердин кемчиликтеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

1. Архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгуунун сапатына архитектура жана шаар куруунун тийиштүү аймактык органы жоопкерчилик тартат.

2. Жол-жобону бузууга жана эскиздик долбоорлорду, шаар куруу жана долбоордук документтерди макулдашууда мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратууга жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Инженердик изилдөөлөр жана/же долбоордук документтер боюнча сапатсыз аткарылган иштердин натыйжасында инвесторго же тапшырыкчыга келтирилген зыяндын ордун толтуруу мындай иштерди аткарып жаткан уюмдар жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

93-берене. Инженердик изилдөөлөрдү, долбоордук документтерди даярдоо боюнча иштердин кемчиликтеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

1. Архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгуунун сапатына архитектура жана шаар куруунун тийиштүү аймактык органы жоопкерчилик тартат.

2. Жол-жобону бузууга жана эскиздик долбоорлорду, шаар куруу жана долбоордук документтерди макулдашууда мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратууга жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Инженердик изилдөөлөр жана/же долбоордук документтер боюнча сапатсыз аткарылган иштердин натыйжасында инвесторго же тапшырыкчыга келтирилген зыяндын ордун толтуруу мындай иштерди аткарып жаткан уюмдар жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

III БӨЛҮМ. КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ

ЖАНА КУРУЛУШ АДИСТЕРИ

 

12-бап. Шаар куруу ишинде жана имараттардын энергиялык натыйжалуулугун камсыздоодо колдонулуучу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары

 

 94-берене. Курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар  жаатындагы укуктук негиздер

 

 Курулуш материалдарынын буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жаатында, алар менен байланышкан долбоорлоо, өндүрүү, сактоо, ташуу, рынокторго жайгаштыруу, сатуу, пайдалануу жана утилизациялоону, имараттардын энергиялык натыйжалуулугун камсыздоо процесстерин техникалык жактан жөнгө салуунун укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, алар менен байланышкан ченемдик документтер саналат.

 

13-бап. Адистерге квалификациялык тастыктама берүү жана шаар куруу ишине уруксаттама берүү

 

95-берене. Адистерге квалификациялык тастыктама жана шаар куруу ишине уруксаттама берүү

 

1. Шаар куруу ишине уруксаттама берүү, уруксаттама берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана шаар куруу мамилелерин уруксаттамалоо, жөнгө салуу процессинде колдонулуучу талаптарды жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү камсыз кылууга багытталган.

2. Шаар куруу жаатындагы кесиптик ишке квалификациялык тастыктама берүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө иштеген адистердин кесиптик укуктарын,  курулуш продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчиликтин деңгээлин камсыз кылат, ушул продукциянын керектөөчүлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт, ошондой эле имараттарды жана курулуштарды пайдалануу процессинде алардын коопсуздугун  камсыздайт.

3. Ушул Кодекске ылайык адистерге квалификациялык тастыктама берүү жана шаар куруу ишине уруксаттама берүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

4. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү бекитет:

1)  квалификациялык тастыктамалоо жана уруксаттамалоо үчүн зарыл болгон ченемдик, уюштуруу жана усулдук документтердин тизмесин;

 2) иштердин жана жумуштардын билдирилген түрлөрүн сапаттуу жана кесипкөйлүү аткаруу үчүн уруксаттама алуучуга экспертиза жүргүзүү жана корутундуну берүү тартибин;

3)  уруксаттамаларды жана квалификациялык тастыктамалардын колдонушун жокко чыгаруу, токтото туруу, кайра жандандыруу жөнүндө чечимдерди.

 5. Шаар куруу ишин жүргүзүү ниетин билдирген уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар ушул Кодекс менен белгиленген тартипте уруксаттама алууга милдеттүү.

 Уруксаттамалоого тийиш болгон ишти уруксаттамасыз жүргүзүүгө же иш-аракеттерди жасоого тыюу салынат.

 Юридикалык же жеке жактар уруксаттамалоочу шаар куруу ишин жүргүзүү укугуна уруксаттамалоо алган учурдан тартып ээ болот.

 Юридикалык жакка берилген уруксаттама, анда көрсөтүлгөн шаар куруу ишинин түрүн (түрлөрүн) жүргүзүүгө укук берген, ар бир бөлүнүшкө мындай документ алууну талап кылбаган жалгыз документ болуп саналат.

6. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул  Кодексте башка учурлар каралбаса, анда чет өлкөлүк юридикалык, жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык, жеке жактары алган шарттарда жана тартиптерде уруксаттама алышат.

 7. Башка мамлекеттерден шаар куруу ишине алынган квалификациялык тастыктамалар жана уруксаттамалар, тийиштүү эл аралык келишимдер бар болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

 

96-берене. Шаар куруу ишин квалификациялык тастыктамалоонун жана уруксаттамалоонун негизги принциптери

 

1. Шаар куруу ишине уруксаттама уруксаттаманын ушул түрү үчүн белгиленген талаптарга жооп берген бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бирдей негиздер, шарттар боюнча берилет жана атаандаштыкты чектебейт, же менчигинин түрүнө, ведомстволук кызыкчылыгына же жайгашкан жерине жараша кандайдыр бир ишкерлер тобуна артыкчылык бербейт.

 2. Уруксаттама берүү базардагы монополизмди күчөтүүгө же ишкердик эркиндигин чектөөгө өбөлгө түзбөшү керек.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик монополияга киргизилген иштин түрлөрүнөн сырткары (продукцияны өндүрүү, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) мамлекеттик ишканаларга уруксаттама берүүдө артыкчылык укук берүүгө тыюу салынат.

4. Ушул Кодекске ылайык шаар куруу ишине уруксаттама ишкердик ишине гана берилет.

5. Иштин жана жумуштардын уруксаттама берилүүчү түрлөрүнүн тизмеги жана мамлекеттик квалификациялык тастыктамалоого тийиш болгон адистиктердин тизмеги архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныктайт.

 6. Шаар куруу ишинин түрлөрү боюнча уруксаттама берүү тартибин жүргүзүү же аны жокко чыгаруу жана курулуш тармагындагы адистерди мамлекеттик квалификациялык тастыктамалоо тартиби ушул Кодекс менен белгиленет.

 

 97-берене. Милдеттүү уруксаттамалоого тийиш болгон шаар куруу ишинин түрлөрү

 

1. Иштин төмөнкү түрлөрү үчүн уруксаттама талап кылынат:

1) шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын долбоордук-изилдөө иштери (I, II, III категориядагы объектилер);

2) жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждык иштер (I, II, III категориядагы объектилер);

 

98-берене. Уруксаттамалардын жана тастыктамалардын квалификациялык түрлөрү

 

1. Уруксаттамада төмөнкү маалымдаректер көрсөтүлүшү керек:

1) уруксаттама берген органдын толук аталышы;

2) юридикалык жактын толук аталышы же уруксаттама алуучу-жарандын аты-жөнү, квалификациялык тастыктаманын изденүүчүсүнүн аты-жөнү;

3) юридикалык жактын (жарандын) жайгашкан жери (жашаган жери);

4) адистиктердин жана уруксаттамалануучу иштин түрү (түрлөрү). Субуруксаттамалоону болтурбоо максатында иштин түрлөрү ушул Кодексте камтылган туюндурмага ылайык көрсөтүлөт;

5) уруксаттамалык талаптар (шарттар);

6) уруксаттаманын жана квалификациялык тастыктаманын берилген күнү жана колдонуу мөөнөтү;

7) уруксаттаманын жана квалификациялык тастыктаманын бланкынын  номери жана сериясы;

8) уруксаттамалардын реестри жана квалификациялык тастыктаманын реестри боюнча уруксаттаманын каттоо номери;

9)  уруксаттаманы, тастыктаманы ажыратуу (ажыратпоо).

2. Уруксаттамалардын жана квалификациялык тастыктамалардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери болот. Уруксаттаманын жана квалификациялык тастыктаманын бланктары так эсептеги документ болуп саналат. Уруксаттамалардын жана квалификациялык тастыктамалардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо уруксаттама берүүчү орган тарабынан жүргүзүлөт.

3. Кызыкдар болгон жактардын талабы боюнча уруксаттама алуучу уруксаттаманын түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү. Уруксаттама  жоголгон учурда уруксаттама алуучу уруксаттаманын жупнускасын кайра тариздөө же уруксаттаманын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу, уруксаттаманын көчүрмөсүн көрсөтүүгө жол берилет.

Уруксаттама алуучунун башкы уюму жана бөлүнүштөрү ар түрдүү жерлерде жайгашкан учурда, бөлүнүштөргө уруксаттаманын мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө жол берилет.

4. Уруксаттаманын, квалификациялык тастыктаманын түп нускасы жоголгон же бузулган учурда уруксаттама алуучу жупнуска берүү жөнүндө архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылат.

Уруксаттама алуучу уруксаттаманын түп нускасы жоголгон же бузулган күндөн тартып беш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү. Арызда уруксаттаманын жоголгон бланкынын бардык маалымдаректери көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Квалификациялык тастыктаманын жана уруксаттаманын жупнускасы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон документтердин негизинде, тастыктаманын жана уруксаттаманын түп нускасында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде берилет.

Жупнусканы берүүдө уруксаттаманын реестри боюнча уруксаттаманын каттоо номери, тастыктаманын реестри боюнча  квалификациялык тастыктаманын каттоо номери өзгөрүүсүз калтырылат. Берилген уруксаттамада, квалификациялык тастыктамада “Көчүрмө” деген белги коюлушу керек. Уруксаттама алуучу жана изденүүчү уруксаттаманын, тастыктаманын жоголгон түп нускасын таап алган учурда, ал түп нускасын (же жупнускасын) жокко чыгаруу үчүн архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

6. Уруксаттама алуучуга, изденүүчүгө жупнусканы берүү үчүн квалификациялык экзамен (аттестация), кезексиз текшерүүлөр, кароолор, экспертизалар жүргүзүлбөйт.

7. Жупнуска уруксаттама алуучу, изденүүчү тийиштүү арызды берген күндөн тартып беш күндүн ичинде берилет.

8. Уруксаттаманын, тастыктаманын жупнускасы берилгенге чейин уруксаттама алуучу, изденүүчү өз ишин мурда берилген уруксаттаманын, тастыктаманын жупнускасынын негизинде жүргүзөт.

 

99-берене. Уруксаттаманын колдонулушу

 

1. Уруксаттама алуучунун билдирмеси боюнча уруксаттама негизги уруксаттамалануучу иштин ар бир түрүнө өзүнчө берилет.

2. Уруксаттама алынган иш же иш-аракеттер уруксаттама алган жеке жана юридикалык жак тарабынан гана аткарылат.

 3. Иш же иш-аракеттерди аткаруу үчүн ажыратылбоочу (энчилүү) уруксаттамаларды башка юридикалык же жеке жактарга берүүгө тыюу салынат.

 4. Уруксаттаманын колдонулушу Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жайылтылат.

 5. Уруксаттаманын колдонуу мөөнөтү боюнча төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

 1) туруктуу  – колдонуу мөөнөтү чектелбестен берилет;

2)  убактылуу – үч жылдан кем эмес мөөнөткө берилет.

 

100-берене. Уруксаттамалык талаптар жана шарттар

 

1. Шаар куруу ишинин уруксаттамалануучу түрлөрүн уруксаттама алуучу тарабынан жүргүзүүдөгү милдеттүү уруксаттамалык талаптары менен шарттары ушул Кодекстин талаптарын, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын сактоо болуп саналат.

2. Уруксаттамалар колдонуу мөөнөтү жана аймагы чектелбестен берилет. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса.

3. Кошумча уруксаттамалык талаптар архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилүү бир татаалдык даражадагы ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша белгилейт, уруксаттамалоодо ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликтин деңгээли белгиленет.

4. Баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) кесипкөй кадрлар, анын ичинде квалификациялык тастыктамалары бар болгондор;

2) аттестацияланган сыноо бөлүнүштөрү;

3) жаны технологияларды өздөштүрүү;

4) маалыматтык камсыздоо;

5) курулуш ишинин тажрыйбасы жана мөөнөтү;

6) сапатты контролдоону уюштуруу;

7) мурда аткарылган иштердин сапатын тастыктоо (архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлүнүн сунуштары менен эскертүүлөрү);

8) суралып жаткан иштин жана жумуштардын ар бир түрүнө тийиштүү квалификациялык тастыктамасы бар бирден кем эмес тармактык адис.

5. Уруксаттама алуучу уруксаттамада көрсөтүлгөн жоопкерчилик тобокелдигинин тиешелүү деңгээлиндеги объекттерде иштердин түрүн аткарууга укуктуу.

Жоопкерчилик тобокелдигинин деңгээли жогорураак объекттерде иштерди аткарууга тыюу салынат.

Уруксаттаманы колдонуу мезгилинде иштин жана жумуштардын түрлөрүнүн жоопкерчик деңгээли уруксаттаманын шарттары бузулган учурда, уруксаттама берүүчү тарабынан төмөндөлүшү же уруксаттама алуучунун арызы боюнча экспертизанын оң корутундусуна ылайык жогорулатылышы мүмкүн.

6. Жеке жакка уруксаттама тийиштүү кесиптик ишине берилген квалификациялык тастыктама болгон учурда, өзү аткарган же алардын аткарылышынын сапатын контролдогон курулуш иштеринин түрлөрүнө гана берилет.

7. Шаар куруу ишинин чөйрөсүндө кесиптик ишти жүзөгө ашырууга квалификациялык тастыктама алуу үчүн изденүүчү бул иш үчүн тийиштүү билимге, иш тажрыйбага жана стажына, ошондой эле зарыл кесипкөйлүк сапаттарга ээ болууга тийиш.

8. Изденүүчү иштин бир же бир нече түрүнө квалификациялык тастыктама алууга укуктуу.

 9. Изденүүчү квалификациялык тастыктама алуу үчүн тандаган адистиги боюнча иштеген жылдар 5 жылдан кем эмес, ал эми эксперттик жумуштар боюнча – 10 жылдан кем эмес болушу керек. 

 10. Квалификациялык тастыктама берүү үчүн негиз болуп, көпчүлүк добушу менен кабыл алынган эксперттик комиссиянын оң чечими эсептелет; добуштар тең болуп калган учурда, эксперттик комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.

 11. Квалификациялык тастыктама берүүдөн баш тартылган учурда, эксперттик комиссия баш тартуунун себеби тууралуу жазуу жүзүндө комиссиянын төрагасы кол койгон корутундуну берет.

 

 101-берене. Уруксаттаманы берүү шарттары

 

Уруксаттамалануучу ишти жүргүзүү укугуна уруксаттама квалификациясынын деңгээли ушул Кодекс менен аныкталган иштин ушул түрү үчүн коюлган талаптарга шайкеш келген субъектке берилет.

 Уруксаттаманы берүүдө, коомдун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын өмүрүнүн жана ден-соолугунун коопсуздугун, ошондой эле бул иштин продуктысы болуп саналган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын кепилдигин камсыз кылган өндүрүштүн шарттары эске алынат.

Тобокелдик фактору жогору болгон объекттердин курулушун жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар үчүн штатта тастыктамалары бар адистердин болуусу милдеттүү.

 

102-берене. Квалификациялык тастыктаманы жана уруксаттаманы берүү жөнүндө арызды кароо мөөнөттөрү

 

1. Арыздарды кароо жана квалификациялык тастыктамаларды жана уруксаттамаларды берүү зарыл документтердин жыйындысы катталган күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.

2. Квалификациялык тастыктама беш жылдык мөөнөткө чейин берилет. Белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин квалификациялык тастыктама жокко чыгарылат.

3. Квалификациялык тастыктаманын жана убактылуу уруксаттаманын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыздар, мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай мурун берилет.

4. Уруксаттаманын колдонуу мөөнөттөрүн узартууга жана аны колго алганга чейин уруксаттама алуучу ишин мурда берилген уруксаттаманын көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.

 

103-берене. Арыздарды кароо жана квалификациялык тастыктамалардын жана уруксаттамалардын жуп нускаларын берүү, кайра тариздөө жана колдонуу мөөнөтүн узартуу, тариздөө үчүн  акы төлөмдөр

 

1. Квалификациялык тастыктамаларды жана уруксаттамаларды берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.

2. Арызды кароо, зарыл болгон экспертиза жүргүзүү жана документтерди тариздөө үчүн акы төлөм үч эсептик көрсөткүчтүн  өлчөмүнөн ашпайт. Уруксаттама кайра таризделген учурда, акы төлөм бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алынат.

 

104-берене. Квалификациялык тастыктаманы жана уруксаттаманы берүүдөн баш тартуу

 

1. Квалификациялык тастыктама жана уруксаттама төмөнкү учурларда берилбейт, эгер:

1) шаар куруу ишинин уруксаттамалануучу түрүн жүргүзүү субъекттин бул категориясы үчүн мыйзамдар менен тыюу салынса;

2) арыз ээсине карата иштин бул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;

3) ушул Кодекске ылайык талап кылынган бардык документтер берилбесе;

4) арызды кароого, уруксаттама жана тастыктама берүүгө акы төлөнбөсө;

5) арыз ээси белгиленген квалификациялык жана уруксаттамалык талаптарга жана шарттарга жооп бербесе.

Тастыктама, уруксаттама берүүдөн баш тартылган учурда арызды кароого, тастыктама жана уруксаттама берүүгө төлөнгөн акы арыз ээсине кайтарылбайт.

2. Ушул Кодексте каралбаган башка жүйө жана талаптар боюнча шаар куруу ишине тастыктама, уруксаттама берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

 

105-берене. Квалификациялык тастыктаманын жана уруксаттаманын реестрин түзүү жана жүргүзүү

 

1. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштин конкреттүү түрлөрүнө квалификациялык тастыктамалардын жана уруксаттамалардын реестрин түзөт жана жүргүзөт.

2. Квалификациялык тастыктамалардын реестринде изденүүчүлөр жөнүндө төмөнкү маалыматтар камтылган:

1) аты-жөнү, жашаган жери;

2) иштеген жери, ээлеген кызматы, телефондорунун номерлери жана башка байланыш каражаттары.

3. Уруксаттаманын реестринде уруксаттама алуучулар жөнүндө төмөнкү маалыматтар камтылган:

- юридикалык жак үчүн:

1) уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен толук расмий аталышы;

2) юридикалык дареги, телефондорунун номерлери жана башка байланыш каражаттары;

3) мамлекеттик каттоо тууралуу маалымат (каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген күнү, каттоо кайсы орган тарабынан жүргүзүлгөн);

4) салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу салымдарын төлөөчүнүн идентификациялоо коду;

- жеке  жак үчүн:

5) аты-жөнү, жашаган жери, телефондорунун номерлери жана башка байланыш каражаттары;

6) жеке ишкер катары каттоо тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген күнү, каттоо жүргүзгөн органдын аталышы;

7) салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу салымдарын төлөөчүнүн идентификациялоо коду;

8) квалификациялык тастыктама жана уруксаттама берилген иштин түрү/түрлөрү 

9) тастыктаманын, уруксаттаманын бланкынын сериясы, тастыктаманын жана уруксаттаманын берилген күнү, каттоо номери, сериясы;

10) тастыктаманын жана уруксаттаманын колдонуу мөөнөтүнүн башталышы жана аякталышы;

11) реестрде тастыктамаларды, уруксаттамаларды каттоо тууралуу маалыматтар, уруксаттаманы токтото туруунун жана колдонулушун жандандыруунун негизи жана күнү;

12) тастыктамаларды жана уруксаттамаларды чакыртып алуунун же колдонулушун токтотуунун негизи жана күнү;

3. Ыйгарым укуктуу орган  реестрден маалыматты берүү мөөнөтү тиешелүү арыз түшкөн күндөн тартып үч күндөн ашпашы керек.

4. Реестр каттоо жана ага каттоо номеринин берүү күнү боюнча хронологиялык тартипте түзүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

1) реестрди өз убагында жана туура жүргүзүү;

2) кызыкдар адамдарга алардын суроо-талабы боюнча бул реестрден маалыматтарды өз убагында берүү.

 

 106-берене. Уруксаттамаларды кайра тариздөө

 

1. Юридикалык жак кайра түзүлгөн учурда, анын аталышы же жайгашкан орду өзгөргөндө, уруксаттама алуучу - юридикалык жак (же анын укуктук мураскери) - көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктаган тиешелүү документтерди тиркөө менен уруксаттаманы кайра тариздөө тууралуу арызды берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде аталышы же жашаган жери өзгөрсө, уруксаттама алуучу - жеке жак - уруксаттаманы кайра тариздөө тууралуу арызды берүүгө жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктаган тиешелүү документтерди (же алардын көчүрмөлөрүн) тиркөөгө милдеттүү.

3. Уруксаттаманы кайра тариздөөдө уруксаттама берүүчү уруксаттаманын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Аны менен катар мурда берилген уруксаттама, уруксаттама берүүчү тарабынан жокко чыгарылат. Жаңыдан берилген уруксаттамага уруксаттамалардын реестрин жаңы каттоо номери берилет жана берилген күнү көрсөтүлөт.

4. Уруксаттаманы кайра тариздөөгө жана уруксаттаманы колго алганга чейин уруксаттама алуучу мурда берилген уруксаттаманын көчүрмөсүнүн негизинде ишин жүргүзөт.

 

107-берене. Адистердин квалификациялык экзамендерин (аттестацияларын) өткөрүүнүн тартиби

 

 1. Ыйгарым укуктуу орган квалификациялык тастыктама жүргүзүлө турган адистиктердин тизмегине ылайык адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өткөрүү боюнча көмөк көрсөтөт.

 2. Экзамендер (аттестациялар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алууда ачык-айкындуулук, калыстык, коллегиалдуулук принциптерин сактоо менен уюштурулат жана өткөрүлөт.

 3. Квалификациялык экзаменди кабыл алган адамдардын курамын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет. Ыйгарым укуктуу органдын  кызматкерлеринен тышкары, добуш берүү укугуна ээ мүчөлөрү көз карандысыз эксперт-адистер, окумуштуулар, кызыкдар мамлекеттик жана коомдук органдардын, өз алдынча жөнгө салуу уюмдардын өкүлдөрү болуп эсептелет.

 4. Квалификациялык экзамендер төмөнкүчө өткөрүлөт:

 1) жазуу жүзүндө (билеттер, тесттер);

 2) атайын компьютердик программаны колдонуу менен;

 3) жазуу жүзүндөгү тапшырманы, компьютерди жана маектешүүнү пайдалануу менен айкалыш ыкма түрүндө.

 5. Экзамендик суроолордун мазмуну, аларга жооп берүү варианттары, экзамендин жыйынтыгын оң деп эсептөө үчүн жетиштүү болгон туура жооптордун саны квалификациялык экзаменди кабыл алган адамдар менен макулдашылат, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.

 6. Арыз ээси экзамен (аттестация) тапшыруу үчүн келбей калган учурда, экзаменге экинчи жолу киргизүү маселеси архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет.

 

108-берене. Квалификациялык тастыктаманын жана уруксаттаманын колдонулушун токтото туруу, кайта чакыртуу жана токтотуу

 

1. Архитетектура-курулуш ишинин чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялык тастыктаманын колдонулушун төмөнкү учурларда токтото турушу мүмкүн:

 1) имараттын, курулуштун авариясына алып келген же адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу коркунуч туудурган мыйзамдык, ченемдик-техникалык жана милдеттүү талаптар бузулган;

2) адистин күнөөсү боюнча ишкананын, мекеменин жана уюмдун уруксаттамасынын колдонулушу жокко чыгарылган же токтото турган;

 3) ченемдик укуктук актылардын бузулушу сот органдары тарабынан тастыкталган;

 4) мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан администрациялык санкциялар колдонулган;

 5) тастыктама алууда так эмес маалыматтар берилген;

 6) квалификациялык тастыктама башка адамга берилген фактысы белгиленген.

 2. Квалификациялык тастыктаманы жокко чыгаруу жөнүндөгү маселени кароо үчүн негиз болуп архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, курулуш продукцияларын керектөөчүлөрдүн, коомдук уюмдардын (керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча, кесиптик уюмдардын), айрым жарандардын, ошондой эле адис иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын кайрылуулары саналат.

3. Квалификациялык тастыктаманы жокко чыгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алууда калыстыкты камсыздоо максатында кайрылууда баяндалган маалыматтарды текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик көзөмөл органдарынын, мамлекеттик экспертизанын жана жогорку квалификациялуу адистер курамында эксперттик комиссия түзүлүшү мүмкүн.

4. Сот же көзөмөлдөө органдарынан тартип бузуу фактылары боюнча расмий документтер түшкөн учурда кошумча экспертиза өткөрүү талап кылынбайт.

5. Квалификациялык тастыктаманы жокко чыгаруу жөнүндөгү маселелерди кароодо адис бул маселе боюнча бардык материалдар менен таанышууга укуктуу. Маселе адистин жеке өзүнүн катышуусу менен, добуш берүүдө анын катышуу укугусуз каралат. Адистин отурумда жок болушу арызды кароо мөөнөтүн жылдыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

 6. Квалификациялык тастыктаманы жокко чыгаруу жөнүндөгү чечим ал кабыл алынгандан кийин, 10 күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө адиске берилет.

 7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын негизинде жокко чыгарылган квалификациялык тастыктама архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылышы керек.

8. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда уруксаттаманын колдонулушун токтото турат:

1) уруксаттама берүүчү, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча, ушул чөйрөдө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, аталган органдардын компетенцияларынын чектеринде башка мамлекеттик бийлик органдары уруксаттамалык талаптарды жана шарттарды уруксаттама алуучу тарабынан бузуусун аныктаган;

2) уруксаттама алуучуну аныкталган тартип бузууларды четтетүүгө милдеттендирген уруксаттама берүүчүнүн чечимдери уруксаттама алуучу тарабынан аткарылбаган.

9. Уруксаттамада камтылган талаптарды уруксаттама алуучу чоң зыян учуроого алып келбеген бир жолку аткарбагандыгы үчүн уруксаттама алуучуга жазуу жүзүндө эскертүү берилет. Эскертүүдө уруксаттама алуучу кетирген тартип бузуулардын мазмуну, аларды жоюу мөөнөтү боюнча чаралар, аларды жоюуга коюлган мөөнөттөр тууралуу маалыматтар камтылышы керек.

10. Уруксаттама берүүчү уруксаттамада же эскертүүдө камтылган талаптарды аткарбагандыгы үчүн үч айга чейинки мөөнөткө, эгерде бул тартип бузуулар акыркы алты айдын ичинде болсо, мурда эскертүү алган субъекттин уруксаттамасынын колдонулушун токтото турууга укуктуу. Уруксаттаманын колдонулушун токтото туруу ишмердикти же иштерди жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу дегенди түшүндүрөт.

11. Уруксаттаманын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайларды уруксаттама алуучу тарабынан четтетүү үчүн уруксаттама берүүчү мөөнөт белгилөөгө милдеттүү, көрсөтүлгөн мөөнөт үч айдан ашык болушу мүмкүн эмес. Эгерде, белгиленген мөөнөттө уруксаттама алуучу көрсөтүлгөн жагдайларды жокко чыгарбаса, уруксаттама берүүчү уруксаттаманы чакыртып алууга укуктуу.

12. Уруксаттаманын колдонулушун токтото турууга алып келген тартип бузууларды уруксаттама алуучу четтеткен учурда, уруксаттама берүүчү анын колдонулушун жандандыруу тууралуу чечимди кабыл алууга жана уруксаттама алуучуга уруксаттамасын жаңыртуусу тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүнү жиберүүгө милдеттүү.

13. Уруксаттама берүүчү төмөнкү учурларда уруксаттаманы чакыртып алууга укуктуу:

1) уруксаттама алуу үчүн берилген документтердеги туура эмес жана бурмалап көрсөтүлгөн маалыматтар аныкталганда;

2) уруксаттама берүүчү уруксаттаманын колдонулушун токтото турган жагдайлар белгиленген мөөнөткө карата четтетилбегенде;

3) уруксаттамада камтылган уруксаттамалык талаптарды жана шарттарды уруксаттама алуучу бир нече жолу аткарбаганда;

4) уруксаттамасы жок иштин түрүн жүргүзүүгө уруксаттама алуучуга сот тарабынан тыюу салынганда;

5) сот тарабынан уруксаттама алуучудан иштин ушул түрүн жүргүзүүгө уруксаттама алынганда.

14. Уруксаттаманын колдонулушун токтото турууга же аны чакыртып алууга тийиштүү болгон бардык чечимдер уруксаттама алуучунун (өкүлүнүн) милдеттүү түрдөгү чакырылышы менен уруксаттама берүүчүнүн отурумунда каралат. Тиешелүү түрдө кабарланган уруксаттама алуучу (өкүлү) жүйөлүү себептерсиз келбей калган учурда чечимдер анын катышуусуз кабыл алынат.

15. Уруксаттаманын колдонулушун токтото туруу же аны чакыртып алуу тууралуу чечим, уруксаттама берүүчү тарабынан уруксаттама алуучуга мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жүйөлүү негиз менен жазуу жүзүндө жеткирилет. Кабыл алынган чечим жөнүндө уруксаттама алуучунун жайгашкан орду боюнча башка мамлекеттик органдар маалымдалышы мүмкүн.

16. Уруксаттама өзүнүн колдонулушун төмөнкү учурларда гана токтотот:

1) уруксаттаманы чакыртып алууда;

2) жеке же юридикалык жактардын - уруксаттама алуучунун ишкердик ишин мыйзамдарда белгиленген тартипте токтотулганда;

3) уруксаттама берилген иштин түрүнө уруксаттамалоо тартиби жокко чыгарылганда.

17. Квалификациялык тастыктаманы жокко чыгаруу, аны берүүдөн баш тартуу, уруксаттаманын колдонулушун токтото туруу, чакыртып алуу же токтотуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечими мыйзамдарда белгиленген тартипте сот органдарына даттанылышы мүмкүн.

 

109-берене. Уруксаттамалоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик тартуу

 

1. Уруксаттама берүүдөн негизсиз баш тартуу же уруксаттама алуучунун  укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуу менен байланышкан уруксаттама алуучунун чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Тиешелүү түрдөгү уруксаттамасы жок иш жүргүзүү же уруксаттамалык талаптарды жана шарттарды бузуу менен иштөө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

3. Уруксаттамалоочу тартип белгиленген ишти уруксаттамасыз жүргүзүүдөн алынган киреше мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдын доосу боюнча бюджеттин пайдасына алынууга тийиш.

4. Уруксаттама берүүчү органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

10-берене. Эсепке алуу жана контролдоо

 

1. Уруксаттамаларды эсепке алууну, ошондой эле уруксаттамалык эрежелердин  сакталышын контролдоону архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясат иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чегинде уруксаттамалык талаптар жана шарттар бузулган учурлар аныкталганда уруксаттама берген ыйгарым укуктуу органга аныкталган тартип бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

 

IV БӨЛҮМ. Курулуш

 

14-бап. Жеке турак жай курулушу

 

111-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке турак жайга болгон укугу

 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык республиканын жарандары жеке турак жайга укуктуу.

2. Мыйзамдарда каралган негиздеги жана тартиптеги учурларды кошпогондо, эч ким ээлеген турак үйүнөн көчүрүлүшү же жеке турак үйүн пайдалануу укугунан чектелиши мүмкүн эмес. Башка жарандардын, ошондой эле мамлекеттик жана башка уюмдардын укуктарын бузуу аркылуу турак үй укугуна ээ болууга жол берилбейт.

 

 112-берене. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү жана бөлүү

 

1. Жеке турак үйлөрүн жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүү жана бөлүү калктуу конуштардын башкы пландарына, ал эми алар жок болгон учурда тийиштүү облус, район, шаардын  башкы архитектору менен макулдашылган жана  тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген курулуштун башкы планынын схемасына ылайык жүргүзүлөт.

 2. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн жана бөлүүнүн тартиби ушул Кодекс менен аныкталат.

 3. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жана участоктордун көлөмдөрү жөнүндө чечим, көрсөтүлгөн жерлер карамагында болгон тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.

 

113-берене. Жер участокко куруунун долбоору

 

 1. Жер участогуна жеке турак жай куруу үчүн долбоору төмөнкү документтерди камтыйт:

 1)  жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун башкы планы;

2) курулуштун жергиликтүү инженердик-геологиялык шарттарына байланышы бар турак үйдүн долбоору;

3) короодогу чарбалык курулмалардын долбоору.

2. Куруучу, турак үйдүн жеке долбоорун уруксаттама (тастыктама) алган каалаган долбоордук уюмга же жеке долбоор түзүүчүгө тапшырык берүүгө жана аймактык архитектура жана шаар куруу органдарына макулдашууга берүүгө укуктуу.

3. Тиешелүү уруксаттамасы (тастыктамасы) жок долбоордук уюмдар же жеке адамдар тарабынан аткарылган долбоордук документтер жараксыз болуп эсептелет.

 

 114-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке турак үй курууга укугу

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандары үй куруу максатында бөлүнгөн жер участокто ушул Кодексте белгиленген тартипте жеке турак үй курууга укуктуу.

2. Жарандардын өз эмгегинен түшкөн кирешенин эсебинен курулган жеке турак үйлөрдүн саны чектелбейт.

 

115-берене. Жеке турак үй курууга болгон укук

 

1. Жеке турак үй куруу төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:

- жер участокко укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;

- жеке турак үйдүн долбоору;

- курулуш курууга уруксат.

 

116-берене. Жеке турак үйдү же үйдүн бөлүгүн, чарбалык жана тиричиликтик курулуштарды өз билемдик курулуш деп эсептөө

 

Жеке турак үй же үйдүн бөлүгү, чарбалык жана тиричиликтик курулуштар, төмөнкүлөр жок болгон учурда өз билемдик курулуш деп эсептелет:

1) үй курулган (же курулуп жаткан) жер участокту пайдаланууга укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;

2) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясат иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жер участокко куруунун долбоору;

3) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясат иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген курулушка уруксат.

 

117-берене. Короонун жанындагы участокто чарбалык жана тиричилик имараттарын жана курулмаларын куруу жана реконструкциялоо

 

Жарандар жеке турак үй курууга бөлүнгөн жер участокто чарбалык, жана тиричилик имараттарын жана курулмаларын курууну жана реконструкциялоону аймактык архитектура жана шаар куруу органы менен макулдашылган курулуш долбооруна ылайык жүргүзүүгө укуктуу. Ушуну менен бирге курулуш бүткөндөн кийин имараттарды жана курулмаларды кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында каттоодон өткөрүү зарыл.

 

118-берене. Жеке турак үйлөрдү куруунун сапатын көзөмөлдөө

 

Жеке турак үйлөрдү куруунун сапатын көзөмөлдөө ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

119-берене. Жеке турак үйдү өз билемдик куруу үчүн жоопкерчилик

 

Жеке турак үйдү мыйзамсыз  кургандыгы үчүн куруучу ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

120-берене. Сапатсыз материалдарды, буюмдар менен конструкцияларды жеткирип берүү жана сатуу үчүн жоопкерчилик

 

1. Жеке курууга колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын сапаты жана техникалык мүнөздөмөсү тиешелүү документтер менен (буюмдун паспорту, тастыктамасы) жөнгө салынышы керек.

2. Сапатсыз (паспортто көрсөтүлгөн стандарттарга жана маалыматтарга шайкеш келбеген) продукцияны жүктөп жөнөтүү, сатуу үчүн жеткирип берүүчүлөр, соода уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык администрациялык жана мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

 

121-берене. Куруучулар сатып алган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапаты 

 

1. Сатып алынган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына болгон дооматтар куруучулардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясат иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүнүштөрүн ишке тартуу аркылуу кызыкдар жактар тарабынан он беш күндүн ичинде каралат.

2. Курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын баалоо маселеси боюнча компетенттүү органдардын корутундусу сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Буюмдардын жана конструкциялардын сапатын текшерүү боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды даярдоочу-ишкана тартат.

 

122-берене. Жаңы курулган жеке турак үйлөрдү пайдалануунун кепилдик мөөнөттөрү

 

1.  Курулуш уюму же жеке жактар курган жеке турак үйлөргө 24 айга кепилдик мөөнөт белгиленет, ал эми рулондук материалдар менен жабылган чатырларга пайдаланууга берилген күндөн тартып 18 айдан ашпаган мөөнөт берилет.

2. Кепилдик мөөнөт ичинде кандайдыр бир кемчиликтер табылган учурда, турак үйдүн менчик ээси архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенттүү кызматтарынын адистерин чакырат, алар бул маселе боюнча негизделген корутунду чыгарышат.

3. Үйдү курган курулуш уюму же жеке жак корутунду алган учурдан тартып 5 күндүн ичинде өз каражаттарынын эсебинен кемчиликтерди четтетүүгө тийиш.

4. Кемчиликтерди четтетүүдөн же сапатсыз материалдарды алмаштыруудан баш тартуу сот органдарына даттанылышы мүмкүн.

 

123-берене. Жеке турак үйдү сапатсыз куруу үчүн жоопкерчилик

 

1. Подряддык ыкмадагы курулушта жеке турак үйдүн сапаттуу курулушу үчүн подрядчынын курулуш уюму жоопкерчилик тартат, ал эми чарбалык ыкма менен курууда куруучу жоопкерчилик тартат.

2. Курулуш уюму тарабынан техникалык регламенттерди бузуунун натыйжасында конструкциялардын деформация болушу, үйдүн бөлүктөрүнүн бузулушу аныкталган учурда жана эгерде ушуну менен бирге турак үйдүн ээсине материалдык зыян келтирилсе, уюм үйдүн бузулган бөлүктөрүн өз каражаттарынын эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттүү.

3. Турак үйдү пайдаланууга берүүгө жараксыз фактысы белгиленген учурда, менчик ээси курулуш уюмдарынан үйдүн толук сметалык наркын төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу.

4. Көрсөтүлгөн суммаларды өндүрүп алуу доо өндүрүшү тартибинде сот тарабынан ишке ашырылат.

 

124-берене. Жеке турак жай курулушун каржылоо

 

Жеке турак жай курулушу жарандын (куруучунун) өз каражаттарынын, банктын насыяларынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин ссудаларынын, ошондой эле жеке турак жай курулушун ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат.

 

125-берене. Жеке турак жай курулушун жүргүзгөн жарандарга каралган жеңилдиктер

 

Жеке турак жай курулушун жүргүзгөн жарандарга каралган жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

126-берене. Курулушу бүткөрүлгөн жеке турак үйдү пайдаланууга кабыл алуу

 

 Жеке турак үйдү пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

127-берене. Жеке турак үйлөрдү, батирлерди пайдалануу

 

1. Жеке турак үйдү, батирлерди, ошондой эле тышкы инженердик коммуникацияларды курууга долбоордук жана аткаруучулук документтер объекттерди пайдалануу мезгили ичинде үйдүн, батирдин ээсинде сакталат.

2. Курулуш конструкцияларынын, жасалгалоо элементтеринин сакталышы учурдагы туруктуу жана капиталдык оңдоолор менен камсыздалат.

3. Жеке турак үйдүн же квартиранын көтөрмө конструкцияларын алып салуу бул маселе боюнча негиздүү корутунду берген архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенттүү кызматтарынын оң корутундусу берилген учурда гана уруксат берилет.

4. Көтөрмө жана башка конструкциялык элементтердин бышыктыгын жана бекемдигин төмөндөтүүгө алып келген имаратты пайдалануу үчүн жоопкерчилик үйдүн, батирдин менчик ээсине жүктөлөт.

 

128-берене. Жеке турак жай фондун тейлөө жана оңдоо

 

1. Жеке турак жай фондун тейлөө жана оңдоо мамлекеттик  жана коомдук турак жай фондусу үчүн белгиленген турак жай фондун пайдалануунун жана оңдоонун бирдиктүү эрежелерин жана ченемдерин милдеттүү сактоо менен турак үйлөрдүн, батирлердин менчик ээсинин каражатынан жүргүзүлөт.

2. Жеке менчик укугунда таандык болгон турак үйлөрү, батирлери бар жарандар ушул  үйдү, батирди тейлөө үчүн уюмду, анын ичинде турак жай-эксплуатациялык жана оңдоо-курулуш уюмдарын, кооперативдерди жеке фирмаларды өз алдынча аныктайт. 

3. Көрсөтүлгөн уюмдар тарабынан жеке турак жай фондун тейлөө жана оңдоо турак үйлөрдүн жеке менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

 

129-берене. Өз билемдик курулган жеке турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу

 

1. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген курууга уруксаты жок жана долбоордук документтерисиз өз билемдик курулган жеке турак үйлөр жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген долбоорлоо институтунун же тиешелүү адистерге уруксаттамасы жана тастыктамасы бар башка уюмдардын корутундусунун негизинде, турак үй курулган жер участок мыйзамдарда белгиленген тартипте бөлүп берилген жана калктуу конуштун башкы планына (ушул аймактын курулуш долбооруна) шайкеш келген шартында мыйзамдаштырылууга тийиш.

2. Өз билемдик курулган жеке турак үйлөрдү пайдаланууга кабыл алуу жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген долбоорлоо институтунун же тиешелүү адистерге уруксаттамасы жана тастыктамасы бар башка уюмдардын корутундусунда көрсөтүлгөн талаптар аткарылгандан кийин ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

130-берене. Курулуштун каалагандай түрү үчүн жер участок басып алуу жана жоопкерчилик

 

 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилбеген жер участокту каалагандай объект куруу үчүн өз билемдик менен ээлөө өз билемдик басып алуу болуп эсептелет.

2. Өз билемдик басып алынган жер участокко курулган курулуш өз билемдик курулуш болуп эсептелет жана куруучулардын эсебинен бузуп алынууга тийиш.

3. Жер участокту каалагандай объект куруу үчүн өз билемдик басып алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4. Жер участокторду басып алуунун алдын алуу иштерин контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

 

131-берене. Өз билемдик курулган жеке турак үйлөрдү бузуу

 

1. Жерлерди өз билемдик басып алуу жана өз билемдик менен курулуш куруу фактылары боюнча  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органдардын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, коомдук саламаттык сактоо, өрткө каршы кызматтын, айлана-чөйрөнү коргоонун өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысы түзүлөт.

2. Комиссиянын акты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сот органдарына өткөрүп берилет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын доосу боюнча сот органдары комиссиянын актынын негизинде өз билемдик курулган турак үйлөрдү бузуу жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Өз билемдик курулган турак үйлөрдү, анын ичинде өз билемдик басып алынган жерлердеги курулушту мажбурлап бузуу жергиликтүү өз алынча башкаруу органдары тарабынан соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

 

 132-берене. Жеке турак үйлөрдү камсыздандыруу

 

1. Бекитилген долбоордук-сметалык документтер боюнча курулган жана белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алынган жеке турак үйлөр курулуштун базар наркынан ашпаган өлчөмдө камсыздандырылат.

2. Жеке турак үйдү камсыздандыруу менчик ээсинин калоосу боюнча камсыздандыруучу компаниялары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Өз билемдик курулган же долбоордон четтеп кетүү жана техникалык регламенттердин негизги талаптарын  одоно бузуулар менен курулган деп таанылган жана мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын акты менен пайдаланууга кабыл алынбаган жеке турак үйлөр камсыздандырылууга жатпайт.

 

133-берене. Жер титирөөлөрдүн жана табигый кырсыктардын кесепетинен келтирилген зыяндардын ордун толтуруу

 

1. Жер титирөөлөрдүн, ташкындардын, жер көчкүлөрдүн жана башка табигый кырсыктардын кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулушу боюнча кетирилген чыгымдардын орду жарандарга камсыздандыруучу компаниялары тарабынан толтурулат.

2. Жер титирөөлөрдүн кесепетинен келтирилген зыяндардын орду төмөнкү учурларда толтурулат:

1) белгиленген тартипте берилген жер участокто курулуш куруунун  макулдашылган долбооруна ылайык имараттын мыйзамдуу тургузуу фактысы белгиленгенде;

2) тургузулган имараттын жер титирөөгө туруктуулук талаптарына шайкеш келгенде.

3. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмү жана тартиби жеке турак үйлөрдүн менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдин негизинде камсыздандыруучу компаниялары тарабынан аныкталат.

 

15-бап. Курулуш жана шаар куруу ишинин процессин мамлекеттик жөнгө салуу

 

134-берене. Курулушта илимий-техникалык ишти камсыз кылуу

 

1. Курулушта илимий-техникалык иш илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын тандоо, шаар куруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык, мамлекеттик жана тармактык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, сынактык негизде тапшырыктарды бөлүштүрүү менен камсыз кылынат.

2. Курулушта илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдө жана тартипте аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин (көрсөтүлгөн кызматтарынын) наркынан тапшырыкчылар, куруучулар, инвесторлор (мындан ары – тапшырыкчы) которгон каражаттардын эсебинен шаар куруу илимин өнүктүрүүнүн бюджеттик эмес мамлекеттик фонду түзүлөт.

 

135-берене. Курулуш ишин инвестициялоо

 

1. Курулушту каржылаган инвестор инвестициялык долбоорду өз күчү менен же аны ишке ашыруу үчүн тапшырыкчыны тарта алат.

2. Тапшырыкчы менен инвестордун ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим менен жөнгө салынат.

3. Тапшырыкчы алынган милдеттерди аткарат жана милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.

 

 136-берене. Курулуш иши жана айлана-чөйрөнү коргоо

 

1. Курулуш ишин аткарууда курулуш объектинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүлөт. Курулуш объектинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдары менен аныкталат.

2. Долбоордук документте каралган жаратылышты коргоонун бардык талаптары толук көлөмдө аткарылбаган курулуш объекттерин пайдаланууга киргизүүгө жол берилбейт.

 

137-берене. Подряддык торуктар (подряддык тендерлер)

 

1. Республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган объекттер үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө подряддык торуктар (подряддык тендерлер) өткөрүлөт.

2. Подряддык торуктарды (подряддык тендерлерди) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

 

138-берене. Курулуш объектин пайдалануунун (иштетүүнүн) ченемдик мөөнөттөрү

 

1. Тургузулган курулуш объектиси, аны пайдалануунун (иштетүүнүн) ченемдик мөөнөтүнүн ичинде жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздуктун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн сактоо, экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш болушу зарыл. Курулуш объектин пайдалануунун (иштетүүнүн) ченемдик мөөнөттөрү имараттын же курулуштун көтөрмө конструктивдүү элементтерин пайдалануунун ченемдик мөөнөттөрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Курулуш объектин пайдалануунун (иштетүүнүн) ченемдик мөөнөтү курулуштун долбоордук документтеринде көрсөтүлөт.

2. Долбоордук документтерди иштеп чыгуучу жана подрядчы курулуш объектин пайдалануунун (иштетүүнүн) ченемдик мөөнөтүнүн ичинде, ал эми бул мөөнөт коюлбаган  учурда пайдалануунун эрежелери сакталган шартында жыйырма жылдын ичинде анын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

 

139-берене. Кепилдик мөөнөтүнүн ичинде курулуш объектин пайдалануу

 

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, анда подрядчыр белгиленген кепилдик мөөнөтүнүн ичинде курулуш объектин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берет.

2. Курулуш объектинин тапшырыкчысы, менчик ээси кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин курулуш объектин карап чыгууга, акт түзүүгө жана актыда анын техникалык абалын жана аныкталган кемтиктерди чагылдырууга милдеттүү. Зарыл болгон учурда курулуш объектинин тапшырыкчысы, менчик ээси аны карап чыгууга катыштыруу үчүн подрядчынын мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.

3. Кемтиктерди четтетүү жөнүндө талаптар курулуш объектинин тапшырыкчысы, менчик ээси тарабынан подрядчыга кепилдик мөөнөтүнүн ичинде коюлат. Подрядчы тарабынан кемтиктерди четтетүү курулуш объектинин тапшырыкчысы, менчик ээси менен макулдашылган мөөнөттө подряддык уюмдун күчү менен жүргүзүлөт.

4. Подрядчы кемтиктерди четтетүүдөн баш тарткан же кемтиктерди четтетүүнүн макулдашылган мөөнөтүн бузган учурда курулуш объектинин тапшырыкчысы, менчик ээси аларды өз күчү менен, кемтиктерди четтетүү боюнча чыгымдарды подрядчынын эсебине киргизүү менен, четтетүүгө укуктуу. Кемтиктерди жоюу боюнча чыгымдардын наркы тиешелүү курулуш иштери аткарылган учурга карата колдонуудагы баа менен аныкталат.

 

140-берене. Курулуш объекттерин токтото туруу жана консервациялоо

 

1. Курулушту токтото туруу – курулуш подрядынын келишимин милдеттүү түрдө бузууга алып келбеген курулуштагы технологиялык тынымдар (курулуш иштерин аткаруу) менен байланышпаган жагдайлар боюнча курулуш иштеринин аткарылышын убактылуу токтотуу.

2. Курулушту токтото туруу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө органдарынын, башка мамлекеттик органдарынын чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, ошондой эле тапшырыкчы менен башкы подрядчынын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.

3. Курулушу аяктабаган объектини консервациялоо курулуш үч айдан ашык мөөнөткө убактылуу токтотулган учурда жүргүзүлөт, мында курулушу аяктабаган объектини консервациялоо жөнүндө чечим бир айдын ичинде милдеттүү кабыл алынат.

Курулушу аяктабаган объектини консервациялоо жөнүндөгү чечимде башкы подряддык уюмдун катышуусу менен заказчы (инвестор) тарабынан жумуштарды токтото туруу күнү, каржылоо булактары, консервациялоо үчүн зарыл документтерди иштеп чыгуу мөөнөттөрү, ошондой эле курулуш материалдарын жана жабдууларын сактоо үчүн жооптуу адамды көрсөтүү менен алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар аныкталат.

4. Курулушу аяктабаган объектини консервациялоо үчүн жагдайлар:

- курулуштун жүрүшүндө техникалык, ченемдик жана укуктук актылардын талаптарын сактоо үчүн милдеттүү болгон олуттуу өзгөртүүлөрдү талап кылган долбооруна объекттин шайкеш келбестигин аныктоо;

- курулушту андан ары каржылоо үчүн каражаттардын тапшырыкчыда жоктугу, келишимде белгиленген мөөнөттө курулушту курулуш материалдары жана жабдуулары менен камсыз кылуу мүмкүн эместиги;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тапшырыкчы менен башкы подрядчынын ортосундагы келишимде каралган башка негиздер боюнча.

5. Курулушу аяктабаган объекттерди консервациялоо тууралуу чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:

- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен тургузулган курулуш объекттери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органы;

- тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен тургузулган жаткан курулушу аяктабаган объекттер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

- курулушу аяктабаган башка объекттер боюнча башка тапшырыкчылар.

6. Курулушу аяктабаган объектилерди консервациялоо төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- тапшырыкчынын билдирмеси боюнча ушул курулуш объектинин долбоорун иштеп чыккан башкы долбоордук уюму жүргүзгөн консервациялоонун долбоорун иштеп чыгууну;

- консервациялоо долбооруна ылайык курулушу аяктабаган объекттин конструкцияларын атмосфералык таасирлерден сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон иш-чараларды кошумча макулдашуу боюнча тапшырыкчынын каражаттарынын эсебинен башкы подряддык уюм тарабынан аткарууну;

- аткарылган курулуш иштери үчүн подрядчы менен тапшырыкчы тарабынан эсептөөлөрдү бүтүрүүнү, долбоордук жана аткаруучулук документтерди, пайдаланылбаган курулуш материалдарын жана монтаждалбаган жабдууларды кабыл алуу-берүүнү;

- курулушу аяктабаган консервацияланган объектти, анын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тапшырыкчы тарабынан мезгил-мезгили менен кароолорду жүргүзүүнү.

7. Курулушу аяктабаган объект консервация абалында үч жылдан ашык турбайт. Курулушу аяктабаган объектти консервациялоого алып келген себептер четтетилгенден кийин анын курулушун жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Курулуштун улантылышы ушул Кодексте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Курулушу аяктабаган объект жана консервациядан чыгаруу мезгилине карата объекттин техникалык абалы жөнүндө долбоордук документтерди иштеп чыгуучунун корутундусу подрядчыга акт боюнча берилет.

 

141-берене. Имаратты, курулушту демонтаждоо жана бузуу

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары имаратты, курулушту же анын бөлүктөрүн демонтаждоо же бузуу тууралуу чечимди тапшырыкчынын жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирмеси боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алат.

2. Курулуш объекти иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу документтеринин талаптарына шайкеш келбеген учурда имаратты, курулушту демонтаждоо же бузуу менчик ээси (ээси) же анын эсебинен башка адамдар тарабынан жүргүзүлөт.

3. Имарат, курулуш кайрадан иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу документтерине ылайык келбеген учурда, эгерде менчик ээсинин (ээсинин) төмөнкү талаптарынын бирин канааттандырууга мүмкүнчүлүк болсо, анда имаратты, курулушту демонтаждоого же бузууга жол берилет:

- менчик ээсине (ээсине) жеке менчик укугунда (ээлик кылуу) тең баалуу курулуш объектисин берүү;

- демонтаждоо жана бузуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата колдонуудагы баада курулуш объектинин наркынын ордун толтуруу;

- пайдаланылган курулуш объектисин жаңы орунга көчүрүү (имараттын же курулуштун менчик ээсинин эсебинен).

4. Шаар куруу документтеринин талаптарына шайкеш келбеген курулуш объектин демонтаждоодо же бузууда менчик ээсине (ээсине) чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет, ал эми ушул чыгымдардын ордун толтуруу өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

 

142-берене. Курулуш авариясы

 

1. Курулуш авариясынын жагдайларын иликтөө авария болгон учурдан тартып эки күндүн ичинде түзүлүүчү комиссия, тапшырыкчы, менчик ээси (менчик ээсинин көрсөткөн адам), алар жок болгон учурда - калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Комиссиянын жумушуна катышууга долбоордук документтерди иштеп чыгуучунун, подрядчынын, курулуш материалдарын жана жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн, тапшырыкчынын, куруучунун, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөөнүн, долбоорлорду мамлекеттик экспертизалоонун өкүлдөрү тартылат.

Комиссия изилдөөнүн жыйынтыгында келтирилген зыянды болжолдоп аныктоо менен акт түзөт жана аны тапшырыкчыга, менчик ээсине, архитектура жана шаар куруунун аймактык органына, көзөмөлдөө органдарына жөнөтөт.

2. Экспертизаны, лабораториялык сыноолорду, инженердик-техникалык, технологиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдү жана курулуш авариясын кароо жана анын кесепеттерин четтетүү менен байланышкан башка жумуштарды уюштуруу жана акысын төлөө, ошондой эле иликтөө материалдарын тариздөө авариянын күнөөкөрү тарабынан камсыз кылынат.

 

143-берене. Курулуштагы инженеринг кызматтары

 

1. Курулуштагы инженеринг кызматтары инженер, архитектор (инженеринг уюму) тарабынан инженеринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимге ылайык көрсөтүлөт.

2. Инженер, архитектор (инженеринг уюму) төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- инвестициялык долбоорду инженердик-техникалык коштоо боюнча тапшырыкчыга кызмат көрсөтүүнү жана техникалык көзөмөлдөө функциясын аткарууну;

- финансылык жана башка материалдык ресурстарды жана мүлктү сарамжалдуу, максаттуу жана негиздүү пайдаланууну;

- курулуштун бүткөрүлгөн этаптарын кабыл алуу эрежелерин жана курулуш объектисин пайдаланууга берүү мөөнөттөрүн сактоону;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимдерге ылайык тапшырыкчы тарабынан аныкталган башка функцияларды аткарууну.

 

16-бап. Курулуштун сапаты жана курулуш объектилерин пайдаланууга кабыл алуу

 

144-берене. Курулуштун сапаты

 

1. Курулуштун жана курулуш продукциясынын сапатын талаптагыдай камсыз кылуу боюнча шаар куруу субъекттерине карата коюлган талаптарды белгилөөчү ченемдер жана жоболор ушул Кодекс тарабынан жөнгө салынат жана курулуштардын көлөмдүк, жалпактык жана сызыктык (курулуш, имарат жана алардын комплекстери, коммуникациялар) бардык түрлөрүнө, анын ичинде аларга таандык болгон технологиялык жана инженердик жабдууларга, ошондой эле курулуш продукциясынын (объектинин) багытына карабастан курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды долбоорлоо, куруу, даярдоо (өндүрүү) боюнча жумуштардын (кызматтардын) бардык түрүнө колдонулат.

2. Курулуш продукцияларынын (объектилеринин) сапаты төмөнкүлөр менен камсыздалат:

1) объектилерди долбоорлоодо техникалык регламенттер жана техникалык ченемдик документтер менен белгиленген талаптарды сактоо;

2) шаар куруу ишинин субъектилерине уруксаттама берүү жана адистерди аттестациялоо;

3) долбоордук (долбоорлоо-сметалык) документтерге экспертиза жүргүзүү;

4) мамлекеттик архитектуралык-курулуш, техникалык жана автордук көзөмөлдөө;

5) сыноо-аналитикалык лабораториясын аттестациялоо жана аккредитациялоо, курулушта пайдаланылган продукцияларды стандартташтыруу жана тастыктамалоо, ошондой эле жаңы продукцияны, өндүрүш ыкмаларын, курулуштагы жабдууларды техникалык баалоо;

6) курулуштагы метрологиялык иши;

7) чакан механизациялоону, курулуш техникасын жана курулуш технологиясын өркүндөтүү;

8) объектилерди жер титирөөгө туруктуулук предметине паспорттоштуруу;

9) пайдаланууга берилген же консервацияланган жана курулушу аяктабаган башка объектилердин абалын текшерүү жана байкоо жүргүзүү.

3. Курулуш продукциясынын (объектинин) сапатын өзүнүн функциясына ылайык камсыз кылуучу шаар куруу субъектилери болуп, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө, долбоорлорду экспертизалоо, курулуш продукциясын стандартташтыруу жана тастыктамалоо органдары (кызматтар, кызмат адамдары), тапшырыкчылар, куруучулар, изилдөөчүлөр, долбоорлоочулар, курулушта пайдаланылган продукцияларды (даярдоочулар) өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр, жумуш өндүрүүчүлөр, көрсөтүлгөн продукциянын (объектилердин) менчик ээлери (пайдалануучулар, жалдоочулар, ижарачылар) эсептелет.

 

145-берене. Кыймылсыз мүлк объектилерин куруу жана башка түрдөгү курулуштук өзгөртүү

 

 1. Кыймылсыз мүлк объектилерин, капиталдык курулуш объектилерин куруу жана башка түрдөгү курулуштук өзгөртүү (реконструкциялоо, капиталдык оңдоо) ушул Кодекс, белгиленген техникалык регламенттер жана башка ченемдик-техникалык документтер менен жөнгө салынат.

 2. Объектидеги курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшүнүн негизги этаптары болуп төмөнкүлөр болуп эсептелет:

- объектинин курулуш долбооруна ылайык жер участоктун жана долбоордун чек араларына накталай чыгуу;

- инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн маалыматына жана пайдубалдардын түп-негизинин түзүлүшү менен алардын иш жүзүндөгү көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө ылайык долбоордогу бөлүштүрүү окторун бекитүү, чуңкур казуу, түп-негизинин топурагын иштеп чыгуу;

- пайдубалдардын таманынын жогорку долбоордук чекитин чыгаруу жана бекитүү - долбоордук чечимдерге ылайык пландык, бийиктик жана бурчтук чекиттерди жеринде аныктоо, бекитүү, белгилөө;

- пайдубалдардын жана астананын астындагы каналдарды өткөрүү;

- дубалдын сырткы жана ички көтөрмө жана тосмо конструкцияларын, диафрагмаларды, колонналарды, ригелдерди, лифттик шахталарды, тепкичтерди, кабаттардын тосмосунун (ар бир позиция өз-өзүнчө жана кабаттар боюнча) тургузуу;

- имараттын жер алдындагы бөлүгүндө жана санитардык түйүндө (кабаттар боюнча) гидроизоляция жасоо;

- тосмолордогу жана астаналардагы (кабаттар боюнча) үн изоляция, жылуулук изоляция, буу изоляция жасоо;

- жабуу жана чатыр куруу;

- инженердик камсыздоонун ички тутумдарын монтаждоо (кабаттар боюнча);

- лифттерди жана технологиялык жабдууларды монтаждоо;

- сырткы инженердик тарамдарды монтаждоо;

- сырткы дубалдардагы жылуулук кармоону орнотуу (кабаттар боюнча);

- ички жасалгалар (кабаттар боюнча);

- сырткы жасалгалар (фасаддар боюнча);

- участокту куруунун башкы планына ылайык аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тышкы жарыктандыруу;

     - жер алдындагы жана сызыктуу инженердик тарамдардын жана курулуштардын негизги элементтерин, автомобиль жолдорун, ирригациялык, энергиялык жана башка коммуникацияларын монтаждоо.

 

146-берене. Курулушка уруксат берүү

 

 1. Объектинин курулушуна (курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшү) уруксат берүү долбоордук документтердин ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигин акыркы кароодон кийин жана ушул долбоорго мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу болгон учурда архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт.

 2. Объектини капиталдык куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо үчүн тапшырыкчы объектини курууга уруксат алуу үчүн архитектура жана шаар куруунун аймактык органына арыз берет. Көрсөтүлгөн арызга архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары менен макулдашылган, инвестор (тапшырыкчы) тарабынан бекитилген долбоордук документтер жана долбоордук документтерге мамлекеттик экспертизасынын берилген оң корутундусу, реконструкциялоодо - профилдик институттун, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын филиалдарынын же инженердик текшерүү жүргүзүү укугуна тийиштүү уруксаттамасы бар башка уюмдардын объектини реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө оң корутундусу тиркелет.

 3. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органы  тапшырыкчынын арызы боюнча белгиленген форма боюнча курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшүнө курулуштун узактык мөөнөтүн көрсөтүү менен уруксат берет жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө кызматына объект (объекттин жайгашкан жери, телефондун номери, тапшырыкчынын юридикалык дареги же жашаган жери) жөнүндө үч күндүн аралыгында маалымат жөнөтөт.

 4. Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө кызматынын реестрине курулуп жаткан объект тууралуу маалымат тапшырыкчы тарабынан он жумушчу күндүн ичинде киргизилиши керектиги уруксатта көрсөтүлөт.

5. Тапшырыкчы уруксатты алгандан кийин он жумушчу күндүн ичинде курулуп жаткан объектилер тууралуу маалыматты реестрге киргизүү үчүн мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө кызматына долбоордук жана уруксат берүүчү документтерди тапшырат.

 6. Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө кызматтарында ушул бөлүктүн 3-пунктунда аталган тапшырылган документтер боюнча объектинин курулушунун этаптарынын аякташы боюнча текшерүү графигинин тиркөө менен реестрге киргизүү жөнүндө тапшырыкчыга билдирүү берет.

 7. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтер жок болгон учурда Курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшүнө уруксат берүүдөн баш тартууга укуктуу.

 8. Курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшүнө уруксат берүүдөн баш тартуу тапшырыкчы тарабынан жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 9. Курулуп бүтпөгөн объектке менчик укугу башка адамга өтүүсү, ошондой эле объектини токтото туруу жана консервациялоо учурунда, арыз ээси чечим кабыл алган күндөн тартып он күндүн ичинде андан аркы ниеттер жөнүндө архитектура жана курулуштун аймактык органына жазуу жүзүндө билдирүүсү милдеттүү.

10. Курулуш жана монтаждык иштердин өндүрүшүнө уруксат берүү объектинин курулуш узактыгын эске алуу менен арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет.

 11. Курулуш объектисине менчик укугу башка жакка өткөн учурда курулуш иштеринин андан ары жүргүзүүгө уруксатты архитектура жана шаар куруунун аймактык органында, ошондой эле мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө кызматында кайрадан каттоо керек.

 12. Курулушка жана курулуштун объектилерине башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүү, алардын маалыматтары мамлекеттик сырды камтыса, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

 13. Уруксат берүүлөр төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- тарыхый жана маданий мурас объектилерине, ошондой эле пайдалануусу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынган жаратылыш эстеликтерине;

- эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык жөнгө салынган объектилерге.

 14. Курулушка уруксат берүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт:

- бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо иштерин, анын ичинде капиталдык оңдоо жүргүзүүдө;

- жеке турак үйлөрдө веранда жана башка турак жай эмес жайларды кошуп куруу, айыл чарба багытындагы объектилерди курууда;

- инженердик коммуникациялардын жана технологиялык чечимдердин уруксат берилген кубаттуулук чектеринде конструктивдүү чечимдерин козгобогон капиталдык курулуш объектилерди жана (же) алардын бөлүктөрүн өзгөртүүдө.

 

147-берене. Жеңилдетилген типтеги объектилерди, чакан архитектуралык формаларды жана жарнамалык такталарды орнотуунун тартиби

 

1. Аянты 20 кв. м чейин жеңилдетилген типтеги объектилерди пайдубалсыз же пайдубалдуу таянгычтары жок, чакан архитектуралык формалардагы объектилердин курулуштары, жарнамалык такталарды орнотууга жана жайгаштырууга уруксаттык документтерин берүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан архитектура жана шаар куруунун аймактык органынын макулдашуусу менен аныкталат.

2. Убактылуу объектилерди - жылдырылуучу көчмө павильондорду, киоскаларды, үкөкчөлөрдү орнотууга, сутка жана жыл ичинде пайдалануусу чектелген сере курбастан жайкы аянтчаларды, автомобиль сатуу жайларын, сатураторлорду уюштурууга уруксат алуу талап кылынбайт.

     Объектинин паспортун түзгөн (иштеп чыккан) өндүрүүчү завод эксплуатациялык бекемдик үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жарнамалык такталарды орнотуунун тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:

- архитектура жана шаар куруунун аймактык органы тарабынан жарнамалык орнотмону жайгаштыруунун ордун аныктоо (тапшырыкчынын билдирмеси боюнча);

- жер пайдалануу укугун жана мөөнөтүн белгилөөгө, тариздөөгө жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынан уруксат алуу;

- жоопкерчиликтин тийиштүү деңгээлине ээ болгон долбоордук уюм тарабынан долбоордук документти иштеп чыгуу;

- архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарында долбоорду макулдашуу;

- жоопкерчиликтин тийиштүү деңгээлине ээ болгон подрядчы уюм тарабынан жарнамалык тактанын куруу жана орнотуу;

- жарнамалык тактаны подрядчынын өкүлү жана райондун, шаардын башкы архитекторунун катышуусунда аткаруу документтери менен тапшырыкчы тарабынан кабыл алуу.

     4. Орнотулган жарнамалык такта подрядчынын өкүлүнүн жана шаардын, райондун башкы архитекторунун катышуусунда актыны жана аткаруу документтерин тариздөө менен тапшырыкчы тарабынан кабыл алынат.

 

148-берене. Шаар куруу иши жаатындагы көзөмөл

 

 1. Шаар куруу иши жаатындагы көзөмөл долбоорлордун жана техникалык регламенттердин талаптарынын шаар куруу ишинин субъекттери тарабынан сакталышын камсыздоо максатында ишке ашырылат.

2. Шаар куруу иши жаатында көзөмөлдүн төмөнкүдөй түрлөрү ишке ашырылат:

 - мамлекеттик архитектуралык жана курулуш  көзөмөлү;

 - бекитилген долбоор боюнча объектти куруунун аткарылышынын шайкештигине автордук көзөмөл;

 - курулуштагы техникалык көзөмөл;

 - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган көзөмөлдүн башка түрлөрү.

 

 149-берене. Мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлү

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында курууга уруксат  алууну талап кылуучу бардык курулуш объектилери жана кыймылсыз мүлк объектилерин курулуштук өзгөртүүлөрдүн башка түрлөрү милдеттүү түрдө мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлүнө алынууга тийиш.

2. Мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлү курулуш объектилеринин жана башка түрлөрүнүн курулуштук өзгөртүүлөрүнүн көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, туруктуулугун, жер титирөөгө туруктуулугун, пайдалануу ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Мында, аткарылган иштердин сапатынын шайкештигине баалоо жүргүзүү долбоор алдындагы жана долбоордук иштерди макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү, ошондой эле куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү процессинде, курулушу бүткөн объектини пайдаланууга кабыл алуу жана аны кепилденген мөөнөттө пайдалануу учурларында каралат.

3. Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл төмөнкү учурларда ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камтыйт:

1)  долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди иштеп чыгууда (долбоорду макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү);

2) куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү укугуна уруксат берүүдө;

4. Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл долбоордун жана техникалык регламенттердин талаптарын төмөнкү учурларда сактоону камтыйт:

1) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан курулуш индустриясынын ишканаларында курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды түздөн-түз даярдоодо алардын шайкештигин баалоодо;

2) куруу жана монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнүн бардык этаптарында:

- курулуш объектисинин долбооруна мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундусу менен макулдашылган жана бекитилген долбоорлордун тапшырыкчыда  болушун, ошондой эле долбоорлоо уюмунда бул объектинин долбоорун иштеп чыгууга уруксаттамасынын жоопкерчилигинин деңгээлинин шайкеш келүүсүн текшерүү;

- башкы подрядчыда (жана субподрядчыда) бул объектинин куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүгө уруксаттаманын болушун текшерүү;

- курулуш объектисиндеги аткарылган иштердин долбоордук чечимдерге жана техникалык регламенттерге, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын пайдалануу бекемдигин камсыз кылууга тиешелүү башка ченемдик-техникалык актыларга шайкеш келүүсүн текшерүү;

- пайдаланылуучу негизги курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана  буюмдардын сапатынын долбоордук чечимдерге, техникалык регламенттерге жана стандарттарга шайкеш келүүсүн, аларда шайкештик тастыктамасынын болушун, анын ичинде капиталдык курулуш объектисинин энергетикалык натыйжалуулугунун талаптарына жана пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын эсептөө приборлору менен жабдылуу талаптарына шайкеш келүүсүн текшерүү;    

- долбоордук документке аткаруу документин жүргүзүүнүн шайкеш келүүсүн, жүргүзүлгөн сыноолор, ченөөлөр боюнча актылардын, көмүскө жумуштарга актылардын жана аткарылган куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүгө башка ырасталган документтердин болушун текшерүү;     

- курулуштун сапатына (кирүүчүлүк, операциялык, кабыл алуучулук, лабораториялык, геодезиялык) ички өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана субподряддык уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү иштерди көзөмөлдөө;

- башкы подряддык жана субподряддык уюмдардын сапат боюнча иштеринин жыйынтыктарын баалоо менен башка көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен текшерүү, ошондой эле техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзүү;

 3) курулушу бүткөн объектти пайдаланууга кабыл алууну уюштурууну жана кабыл алуу актысын бекитүүнү.

 

150-берене. Мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлүн жүргүзүү

 

1. Аткарылган долбоорлордун сапатына мамлекеттик архитектуралык көзөмөл жүргүзүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүү органдары (мындан ары – мамэкспертиза), ал эми объектилердин курулушунун сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү архитектуралык-курулуш көзөмөлү кызматынын кызмат адамдары (инспекторлору) тарабынан ишке ашырылат.

2. Биринчи категорияга кирген объектилерге (уникалдуу жана өзгөчө татаал объектилер) куруу жана монтаждоо жумуштарын жүргүзүүгө мамлекеттик көзөмөл архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн жогору турган органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү кызматы санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы көзөмөл кызматы менен биргеликте долбоордук чечимдерде каралган санитардык жана өрткө каршы ченемдердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышына комплекстүү текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

4. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- бекитилген долбоорго ылайык куруу жана монтаждоо жумуштарын аткарууну сактоо;

- шаар куруу субъектисинин ак ниеттүүлүгүн таануу;

- шаар куруу субъектисинин финансы-чарбалык ишине кийлигишпөө;

- шаар куруу субъектилерине каршы мыйзамдарда карама-каршылыктарды пайдаланбоо;

- текшерүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдуулугу, кайталанууну болтурбоо;

- шаар куруу субъектисине коюлуучу милдеттүү талаптардын жеңилдиги.

 

 151-берене. Курулушка автордук көзөмөл

 

 1. Курулуштун жана кыймылсыз мүлк объектилеринин курулуштук өзгөртүүлөрүнүн башка түрлөрүнүн бардык объектилери милдеттүү түрдө автордук көзөмөлгө алынууга тийиш.

 Курулушка автордук көзөмөл пайдаланууга киргизилүүчү объектилердин кабыл алынган долбоордук чечимдеринин архитектуралык-курулуш, технологиялык, техникалык чечимдерге, техника-экономикалык көрсөткүчтөргө шайкеш келүүсүн камсыз кылуу максатында долбоордук документти иштеп чыгуучу тарабынан  жүргүзүлөт.

2. Курулушка автордук көзөмөл тапшырыкчы менен долбоордук документти иштеп чыгуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

3. Автордук көзөмөл төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- кабыл алынган долбоордук чечимдердин техникалык регламенттердин жана башка техникалык ченемдик актылардын талаптарына шайкеш келүүсүн сактоону;

- курулуштун жүрүшүндө иш жүзүндөгү аткарылган иштердин бекитилген долбоорго шайкеш келишине, аткаруу документтерин тариздөөнүн тууралыгына, пайдаланылган материалдардын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн долбоордук чечимдерге шайкеш келишине жана курулуштун бүткөрүлгөн этаптарын кабыл алууга текшерүү жүргүзүүнү;

- объектини пайдаланууга кабыл алууда долбоордук чечимге шайкеш келишин.

4. Автордук көзөмөлдүн укуктары:

- курулуштун жүрүшүндө тапшырыкчынын өтүнүч каты боюнча долбоорго негиздеме менен (зарыл болгондо, эсептерди түзүү менен) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

- негиздин (котловандын) кыртышы  инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтарына шайкеш келбеген учурда курулушту токтотууга жана кайрадан текшерүү жүргүзүүгө;

- долбоордон четтөөдө, техникалык регламенттердин жана башка техникалык ченемдик актылардын талаптары  бузулганда курулушту токтотууга.

 

152-берене.  Курулуштагы техникалык көзөмөл

 

1. Тапшырыкчы, куруучу (мындан ары - тапшырыкчы) же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар өзүнүн объектисинин курулушунун сапатына техникалык көзөмөлдү камсыз кылышат.

2. Тапшырыкчы объектти курууда техникалык көзөмөлдү (адистин тиешелүү тастыктамасы бар болгондо) өз алдынча жүргүзөт же техникалык көзөмөлдөө функциясын аткарган юридикалык жакты (уюмду) же тийиштүү тастыктамасы бар жеке жакты (инженерди) келишимдик негизде тартат.

3. Техникалык көзөмөлдү жүргүзгөндөрдүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- долбоордук документтин ишке ашырылышына, каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына жана курулуш объектисинин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга киргизилишине көзөмөл жүргүзүү;

- курулуш объектисинин чек арасынын ага бөлүнгөн жер участогунун чек арасына шайкеш келүүсүн текшерүү;

- геодезиялык бөлүштүрүү негизин кабыл алууга жана подрядчыга өткөрүп берүүгө катышуу, ошондой эле объектинин курулушу аяктаганга чейин подрядчы тарабынан анын сакталышынын камсыздалышына көзөмөл жүргүзүү;

- курулуш иштеринин сапатын, пайдаланылуучу курулуш материалдарын жана жабдууларын, алардын сапатын ырастоочу документтердин болушун жана туура таризделишин конкреттүү сын-пикирлерди жана көрсөтмөлөрдү иш  журналына жазуу менен текшерүү;

- көмүскө жумуштардын күбөлөндүрүлүшү боюнча документтердин сапаттуу таризделишин текшерүү, аткарылган курулуш иштерин кабыл алуу жана белгиленген форма боюнча актыларды тариздөө менен жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алууну ишке ашыруу;

- автордук көзөмөл жүргүзүүдө долбоордук документтерди иштеп чыгуучу жана (же) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү органы тарабынан өткөрүлүүчү текшерүүлөргө катышуу;

- автордук көзөмөлдүн, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордук чечимдерден, кемтиктерден жана бүткөрүлбөгөн иштерден аныкталгандарды жоюу боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын башкы подрядчы тарабынан өз убагында четтетилишин көзөмөлдөө;

- объектинин бүткөрүлгөн этабын жана жооптуу конструкцияларды кабыл алууга катышуу;

- курулушу бүткөн объектини пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссиянын ишине катышууга;

- курулуп жаткан объектиге аткаруу-техникалык документин сапаттуу тариздөөгө.

 4. Техникалык көзөмөл жүргүзүүчү адам төмөнкүлөргө укуктуу:

- подрядчы долбоордук документти иштеп чыгуучунун көрсөтмөлөрүн,  мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү органдарынын имаратын, курулманын, алардын айрым бөлүктөрүнүн, инженердик коммуникациялардын, конструкциялардын деформация болуу  же бузулуу коркунучун, ошондой эле калктын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу аныкталган кемтиктерди жана бузууларды четтетүү боюнча жазма буйруктарын аткарбаган учурда курулуш иштеринин өндүрүшүн токтотууга;

- башкы подрядчыга объектини куруунун жүрүшүндө техникалык регламенттердин жана башка техникалык ченемдик актылардын милдеттүү талаптарын дайыма бузушкан подрядчылардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- подряддык, долбоордук уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан долбоордук чечимдердин, техникалык регламенттердин жана башка техникалык ченемдик актылардын талаптарынын сакталышы боюнча функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн чараларды көрүү жөнүндө архитектура жана курулуш органдарына сунуш киргизүүгө.

 

153-берене. Башкы подряддык курулуш уюму

 

 1. Башкы подряддык курулуш уюму техникалык регламенттердин талаптарын сактоо менен бекитилген долбоордук документке ылайык тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде курулуш объектисин курууну,  реконструкциялоону жүзөгө ашырат.

2. Башкы подряддык уюм төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- иштин коопсуз өндүрүшүн, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча эрежелерди сактоону;

- коопсуздук техника каражаттарын үзгүлтүксүз жакшыртууну;

- эмгекти көп талап кылуучу жумуштарды жана өндүрүштүк процесстерди механизациялоо каражаттарын киргизүү менен иш орундарын уюштурууну жакшыртууну;

- эмгектин санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртууну;

- жумушчулардын өндүрүштүк квалификацияларын жогорулатууну;

- продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү максатында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну;

- курулуш объектилерин курууда жана реконструкциялоодо долбоордук чечимдерди, техникалык регламенттердин талаптарын жана куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнүн сапатын сактоону;

- тапшырыкчынын, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү органдарынын өкүлдөрүнүн курулуп жана реконструкцияланып жаткан объектинин аймагына кирүүсүнө мүмкүндүк берүүнү, аларга керектүү документти көрсөтүүнү;

- субподряддык уюмду ишке тартууга жана координациялоого, бүткөрүлгөн иштерди кабыл алууну;

- аткаруу документин жана конструкцияларды сыноону өз убагында жүргүзүүнү;

- аныкталган кемчиликтерди өз убагында четтетүүнү;

- курулуш объектилери үчүн пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын текшерүүнү.

3. Курулуш жана реконструкциялоо процессинде долбоордук документтерди өзгөртүү, долбоордук документтин тапшырыкчысынын өтүнүчү боюнча долбоордун автору тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү, долбоордук документти кайрадан макулдашуу жана зарыл болгон учурда мамлекеттик экспертиза жүргүзүү шартында жол берилет.

4. Кызмат адамы – курулушту ишке ашырган башкы подряддык уюмдун жетекчиси курулуштун сапатын көзөмөлдөгөн органга курулуш объектисинде келип чыккан ар бир авариялык кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

 

154-берене. Курулушу бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуу тартиби

 

1. Жеке турак үйлөрүнөн башка (аянты 200кв.м., эки кабаттан жогорулардан тышкары) курулушу бүткөн объект Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пайдаланууга кабыл алынууга тийиш.

2. Объектини пайдаланууга кабыл алуу актысы объектини бекитилген долбоордук документтерге ылайык пайдаланууга киргизүүнү ырастаган укукту белгилөөчү документ болуп саналат.

3. Объектини пайдаланууга кабыл алуу үчүн тапшырыкчы курулуш бүткөндөн кийин он күндүн ичинде тийиштүү жергиликтүү ыйгарым укуктуу органга объектини пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө арызды төмөнкү документтерди тиркөө менен жиберет:

1) тапшырыкчынын (техкөзөмөл), подрядчынын (прораб), долбоордук уюмдун (автордук көзөмөл) өкүлдөрү тарабынан кол коюлган аткаруу документтеринин тизими, анда көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүү актылары, конструкцияларды сыноолордун протоколдору, аткаруу тартуулары,  жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алуу актылары, ошондой эле курулуштун бардык этаптарында кабыл алынган шайкештик актылары, анын ичинде энергетикалык натыйжалуулукка талаптардын жана капиталдык курулуш объектисинин пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын эсептөө приборлору менен жабдылуу талаптарына шайкеш келүүсү боюнча  актылар тиркелиши керек.

2) автордук көзөмөл журналы жана жумуш жүргүзүүнүн жалпы журналы, алар кабыл алуу комиссиясынын ишинин аягында тапшырыкчыга кайтарылат;

3) объектинин тышкы тарамдарга туташтырылгандыгы жөнүндө ырастоо же бул объектини тийиштүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген абонент катары кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоо;

4) лифттерди жана эскалаторлорду сыноо боюнча тийиштүү уюмдар тарабынан берилген актылар;

5) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууларды сыноо боюнча актылар.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн актыларда капиталдык курулуш объектисинин энергетикалык натыйжалуулугунун талаптарынын курамына кирген көрсөткүчтөрдүн ченемдик маанилери жөнүндө жана курулган, реконструкцияланган капиталдык курулуш объектисине карата жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, ченөөлөрдүн, экспертизалардын, сыноолордун жыйынтыгында аныкталган мындай көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле  башка маалыматтар камтылууга тийиш, алардын негизинде мындай объектинин энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарына жана анын пайдаланылган энергетикалык ресурстардын эсептөө приборлору менен жабдылуу талаптарына шайкеш келүүсү белгиленет. Имаратты курууда, реконструкциялоодо мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү органынын корутундусунда энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун классы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.

5. Курулуштун сапатын көзөмөлдөөчү мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү кызматтары объектини  пайдаланууга кабыл алуу тууралуу арыз келип түшкөн күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде чечим кабыл алышат - жыйынтыгында белгиленген форма боюнча объектини пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт же себебин көрсөтүү менен объектини пайдаланууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө корутунду таризделет. Актыга тапшырыкчы, шаардын же райондун башкы архитектору, долбоордун автору, башкы подрядчы жана көзөмөл жүргүзгөн кызмат адамы кол коёт жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

6. Долбоордо же аткаруучулук документтерде  шайкеш келбестиктер аныкталган учурда, тапшырыкчыга шайкеш келбестиктер жөнүндө кат жүзүндөгү кабарландыруу арыз түшкөндөн күндөн тартып 5 күндүн ичинде  жиберилет.

Объектини пайдаланууга кабыл алуудан баш тартуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн жогору турган органы тарабынан же сот тартибинде каралышы мүмкүн.

7. Курулган объектини пайдаланууга кабыл алуу тууралуу акт кыймылсыз мүлк объектисине мүлктүк укуктарды мамлекеттик каттоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

8. Кабыл алуу комиссиясы тарабынан кабыл алынган объектинин пайдаланууга киргизилген күнү болуп объектини пайдаланууга кабыл алуу тууралуу акты бекитилген күн саналат.

9. Конкреттүү объект боюнча кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктары дайындалган учурдан тартып башталат жана объектини пайдаланууга кабыл алуу тууралуу акты бекитилген учурдан баштап токтотулат.

10. Курулуш  объектилерин пайдаланууга алардын кабыл алуусуз жол  берилбейт.

 

155-берене. Курулушу бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуу

 

1. Каржылануу булактарына, менчигинин түрүнө карабастан бардык объектилер пайдаланууга кабыл алынууга тийиш. Кабыл алуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү кызматтары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Каржылоо булактарына жана менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүлөр пайдаланууга кабыл алынууга тийиш:

1) жарандык (коомдук) жана коммуналдык багыттагы өзүнчө турган объектилер;

2) чакан бизнес ишканаларынан (жеке ишкердик) тышкары, өндүрүштүк багыттагы объектилер;

3) айыл чарба багытындагы объектилер;

4) көп батирлүү турак үйлөр (имараттар);

5) автоунаа жана темир жолдору;

6) көпүрөлөр, жол өткөөлдөр, тоннеллдер, продукт өткөлдөөрү жана инженердик курулмалар менен электр берүү линиялары;

7) космос байланыштарынын объектилери;

8) атомдук энергетиканы кошуу менен энергетика объектилери;

9) суу чарба, ирригациялык жана гидротехникалык багыттагы объектилер;

10) темир жол жана автоунаа жол айрылыштарында, коруктардагы, корукчалардагы, балык питомниктердеги, токой, аңчылык жана башка жерлердеги турак багытындагы (турак жана кошумча жайлар) объектилер;

11) аянты 200 кв.м, бийиктиги эки кабат жана андан жогору жекече турак үйлөр.

 

156-берене. Менчик ээси тарабынан пайдаланууга өз алдынча кабыл алынуучу объектилер

 

1. Куруу-монтаждоо жумуштарын (тапшырыкчы, инвестор, куруучу) жүргүзүүгө ушул Кодексте каралган тартипте берилген уруксаты болгон учурда, менчик ээси курулушу бүткөн төмөнкү техникалык татаал эмес объектилерди пайдаланууга кабыл алууну өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу:

 1) көтөрүүчү жана тосмолоочу конструкцияларды, инженердик тутумдарды жана жабдууларды өзгөртүү, жайларды кайра профилдөө (функционалдык багытын өзгөртүү менен) менен байланышпаган бир кабаттуу турак жана турак эмес жайларды (имараттын өзүнчө бөлүктөрүн) реконструкциялоо (кайра пландоо, кайра жабдуу);

 2) мезгилдик иштер жана алыскы жайыттарда мал багуучулук үчүн тиричилик жайларды кошкондо, убактылуу курулмалар;

 3) жекече короо-жай участокторунун аймагындагы чарбалык-тиричилик курулуштар, багбанчылык жана чарбактык жамааттардын (коомдор) участокторундагы курулуштар, үйдүн алдындагы аймактардагы жана короо-жай (дачалык) участокторундагы көрктөндүрүү элементтери;

4) контейнердик жана блоктук аткаруулардын мобилдүү комплекстери, чогултулма-чечилме конструкциялардан тургузулган жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтар менен макулдашууну талап кылбаган соода ишканалары, коомдук тамактануу жана тиричилик тейлөөлөрү үчүн бир кабаттуу имараттар (курулмалар);

 5) элүүдөн көп эмес автоунаа баткан ачык типтеги автоунаа токтотуучу жайлар, экиден көп эмес автоунаа баткан бокстору менен гараждар;

 6) болгон имараттарда жүзөгө ашырылуучу жана көтөрүүчү конструкцияларды өзгөртүүнү талап кылбаган өндүрүштүк эмес багыттагы жайларды кайра пландоо (кайра жабдуу);

 7) чакан архитектуралык формалар жана аймактарды тосмолоо;

 8) ачык спорт аянтчалары, тротуарлар, имараттардын (курулмалардын) айланасындагы төшөөлөр.

 2. Эгер ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган жайлардын (имараттын өзүнчө бөлүктөрү) өзгөртүлүшү, ошондой эле көрсөтүлгөн техникалык татаал эмес объектилердин курулушу жана пайдаланылышы башка жарандардын укуктарын чектебесе же  болбосо мамлекеттик жана (же) коомдук кызыкчылыктарга карама-каршы келбесе ушул берененин ченемдери колдонулбайт.

 3. Ушул берененин ченемдери төмөнкү объектилерге да  жайылтылбайт:

 1) мамлекеттик жана жергиликтүү каражаттардын эсебинен же алардын  катышуусу менен каржыланган курулуш.

 2) жогорку сейсмикалык коркунучтагы же  болбосо башка өзгөчө геологиялык (гидро геологиялык) же геотехникалык шарттардагы райондордо, ошондой эле өзгөчө жөнгө салынган чөлкөмдөрдө жайгашкандар.

 

17-бап. Инженердик изилдөөлөр, архитектуралык-курулуштук долбоорлоо, долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү, капиталдык курулуш объектилерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатында өз алдынча жөнгө салуу

 

157-берене. Коммерциялык эмес уюмдардын негизги максаттары жана алардын ишинин мазмуну

 

1. Коммерциялык эмес уюмдардын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) жеке жактардын жашоосуна жана ден соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлктөргө, айлана-чөйрөгө, жашоого же ден соолукка, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна, маданий мурас объектилерине (тарыхый жана маданий эстеликтерге) капиталдык курулуш объектилеринин коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү иштердин кемчиликтеринин натыйжасында зыян келтирүүнүн алдын алуу.

2) инженердик изилдөөлөрдү аткаруунун сапатын жогорулатуу, архитектуралык-курулуштук долбоорлоону, капиталдык курулуш объектилерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону ишке ашыруу.

 

158-берене. Коммерциялык эмес уюмду түзүүнүн негизги принциптери

 

 1. Коммерциялык эмес уюмдардын макамы, түзүү тартиби жана ишинин принциптери “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.

 2. Шаар куруу ишинде тиешелүү макамга ээ болгон коммерциялык эмес уюмдарды түзүү аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциациялары (бирликтери) түрүндө ишке ашырылат:

 1) инженердик изилдөөлөрдү аткарган адамдардын мүчөлүгүнө негизделген коммерциялык эмес уюмдар;

 2) долбоордук документтерди  даярдоону ишке ашырган адамдардын мүчөлүгүнө негизделген коомдук бирикмелер;

 3) долбоордук документтерге экспертиза жүргүзгөн адамдардын  мүчөлүгүнө негизделген коммерциялык эмес уюмдар;

 4) курулушту ишкер адамдардын мүчөлүгүнө негиздеп ишке ашырган коммерциялык эмес  уюмдар.

 3. Коммерциялык эмес уюм жөнүндө маалыматтарды коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү үчүн архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу  мамлекеттик органга өз алдынча жөнгө салуучу уюмдун түрү көрсөтүлөт.

 

159-берене. Коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүү

 

1. Коммерциялык эмес уюм коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүүгө милдеттүү.

 2. Коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрүнүн реестринде анын ар бир мүчөсүнө карата төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

 1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык жактын толук аталышы, анын дареги (жайгашкан жери), жеке ишкердин аты-жөнү, анын туулган жылы, жашаган жери;

 2) капиталдык курулуш объектилеринин коопсуздугуна таасирин тийгизген жана коммерциялык эмес уюмдун  мүчөсүнүн квалификациялык тастыктамасы же уруксаттамасы бар иштин түрүнүн тизмеги;

 3) капиталдык курулуш объектилеринин коопсуздугуна таасирин тийгизген иштин айрым түрүнө же түрлөрүнө карата коммерциялык эмес уюмдун мүчөсүнүн квалификациялык тастыктамасынын же уруксаттамасынын күчүн токтотуп туруу жөнүндө, кайра жандандыруу жөнүндө, кайра жандандыруудан баш тартуу тууралуу же токтотуу жөнүндө маалыматтар.

 3. Коммерциялык эмес уюм кызыкдар адамдын суроо-талабы боюнча коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрүнүн реестринен көчүрмө бөлүктү аталган суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 3 иш күнүнөн көп эмес мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

 

160-берене. Коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү

 

1. Коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрине ар бир коммерциялык эмес уюмга карата төмөнкү маалыматтар киргизилет:

 1) коммерциялык эмес уюмдун аталышы, дареги (жайгашкан жери) жана байланыш телефонунун номери;

 2) коммерциялык эмес уюмдун  түрү;

 3) коммерциялык уюмдун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык жактын толук аталышы, анын дареги (жайгашкан жери), жеке ишкердин аты-жөнү, анын туулган жылы, жашаган жери) жана алардын квалификациялык тастыктамаларынын жана уруксаттамаларынын дайындары;

 4) квалификациялык тастыктаманын жана/же уруксаттаманын күчүн токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө маалыматтар (коммерциялык уюмдун ар бир мүчөсүнө карата);

 3. Коммерциялык эмес уюмдун реестринде камтылган маалыматтар архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет тарамындагы расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш жана бардык кызыкдар адамдардын акы төлөбөй таанышуусу үчүн жеткиликтүү болушу керек.

 4. Коммерциялык эмес уюмдун реестрине ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган коммерциялык эмес уюм жана коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды киргизүү, мындай маалыматтарды коммерциялык эмес уюмдун реестринен алып салуу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коммерциялык эмес уюм  макамын алуу үчүн зарыл болгон документтерди коммерциялык эмес уюм берген күндөн тартып 7 иш күнүнүн ичинде тиешелүү түрдө жүзөгө ашырылат.

 5. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Кодекстин талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык эмес уюмга аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук жиберет. Коммерциялык эмес уюм аталган жазма буйрукту алган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде аныкталган бузууларды четтеттүүгө жана бул жөнүндө архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө же аталган жазма буйрук боюнча соттук инстанцияларда даттанууга милдеттүү.

 6. Коммерциялык эмес уюмдун мүчөсү же  коммерциялык эмес уюм ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу кат жүзүндө архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого жана ошол эле учурда тийиштүү документтерди берүүгө милдеттүү.

7. Коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрине маалыматтарды жана мындай маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү акысыз түрдө жүргүзүлөт.

 8. Коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү тартиби, аталган реестрден көчүрмө бөлүк берүүгө акы төлөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

 Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдардын мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүүгө милдеттүү.

 Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдардын мүчөлөрүнүн реестринде анын ар бир мүчөсүнө карата төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

 1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык жактын толук аталышы, анын дареги (жайгашкан жери), жеке ишкердин аты-жөнү, анын туулган жылы, жашаган жери;

 2) капиталдык курулуш объектилеринин коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү иштердин түрлөрүнүн тизмеги жана квалификациялык тастыктамасы же лицензиясы бар өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун мүчөсүнүн аларга кирүүсү жөнүндө;

 3) капиталдык курулуш объектилеринин коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү иштин айрым түрүнө же түрлөрүнө өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун мүчөсүнүн квалификациялык тастыктамасынын же уруксаттамасынын күчүн токтотуп туруу жөнүндө, кайра жандандыруу тууралуу, кайра жандандыруудан баш тартуу же токтотуу жөнүндө маалыматтар.

 Өз алдынча жөнгө салынуучу уюм кызыкдар адамдын суроо-талабы боюнча коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрүнүн реестринен көчүрмө бөлүктү аталган суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 3 иш күнүнөн көп эмес мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

 

18-бап. Мамлекеттик шаар куруу кадастры.
Шаар куруу ишин маалыматтык камсыздоо

 

161-берене. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүү жана жүргүзүү.

 

1. Мамлекеттик шаар куруу кадастры Кыргыз Республикасынын шаарларынын, калктуу конуштарынын аймактарында түзүлөт жана шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурсу болуп саналат.

 2. Мамлекеттик шаар куруу кадастры долбоорлонуучу жана курулуучу объекттерди, шаар курууну өнүктүрүү регламентин, шаар аймагын жана башка объекттерди пайдаланууну кошкондо, шаар куруу ишин маалыматтык камсыздоо максатында түзүлөт жана жүргүзүлөт.

 3. Шаар куруу ишин маалыматтык камсыздоодон тышкары мамлекеттик шаар куруу кадастрында камтылган маалыматтар мыйзамда тыюу салынган башка ишти камсыздоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

 4. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын жүргүзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын шаарларынын, калктуу конуштарынын аймактарын камтуу;

2) маалыматтардын аныктыгы, объективдүүлүгү, толуктугу жана актуалдуулугу;

3) бирдиктүү тутумду колдонуу менен мамлекеттик шаар куруу кадастрынын геомаалыматтук тутумун түзүүгө жана жүргүзүүгө карата илимий-методикалык, уюштуруучулук жана техникалык чечимдердин бирдейлиги;

4) башка мамлекеттик кадастрлар, каттоолор, реестрлер жана маалыматтык тутумдар менен макулдашылгандык;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтардын купуялуулугу.

5. Мамлекеттик шаар куруу кадастры шаар куруу ишин камсыз кылуу үчүн жалпы республикалык маалыматтык тутум болуп эсептелет.

6. Мамлекеттик шаар куруу кадастрында төмөнкүлөр эсепке алынууга тийиш:

1) шаар курууну пландоо документтеринде аныкталган ар кандай функционалдык пайдалануу чөлкөмдөрү;

2) жаңы курулуш жана болгон курулуш объекттерин реконструкциялоо үчүн бөлүнгөн участоктор;

3) калктуу конуштарды келечектүү өнүктүрүүнүн административдик-аймактык бирдиктеринин аймактары жана башка чөлкөмдөр;

4) шаар куруу документтеринде аныкталуучу пландуу чектөөлөр;

5) социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, инженердик-техникалык инфраструктуралардын объекттери;

6) линиялык мүнөздөгү созулган объекттер (транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана башка объекттер) же алардын айрым участоктору;

7) мыйзамдарда  белгиленген башка объекттер.

7. Мамлекеттик шаар куруу кадастры мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, инвесторлорду, долбоорлоочуларды жана шаар куруу ишинин башка катышуучуларын инвестициялык жана шаар куруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылат жана жер участокторун мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну, жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик контролду, тарыхый жана маданий эстеликтердин пайдаланылышына мамлекеттик контролду ишке ашырууда, калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө жана ченемдик укуктук актыларга ылайык башка учурларда маалымат алмашуунун булагы болуп кызмат кылат.

 8. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын жүргүзүүдө ушул Кодекске ылайык мыйзамдарда, маалыматтык ресурстарды пайдалануунун интеграциясын жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу маалыматтык ресурстар жана маалыматташтыруу жаатындагы мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте башка маалыматтык тутумдардын операторлору менен өз ара аракеттенүү ишке ашырылат.

 9. Шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер мамлекеттик шаар куруу кадастрында катталууга же эсепке алынууга тийиш.

10. Документтердин курамы жана аларды мамлекеттик шаар куруу кадастрында каттоо жана эсепке алуу тартиби ченемдик укуктук актыларга ылайык архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

11. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары ачык мүнөзгө ээ жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардан тышкары, бардык кызыкдар адамдарга алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарына ылайык берилет.

12. Мамлекеттик сырды түзгөн мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарда белгиленген  тартипте берилет.

13. Пайдалануучуларга берилген мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматы маалымдама маалымдар катары гана колдонулушу мүмкүн.

 

162-берене. Мамлекеттик шаар куруу  кадастрын жүргүзүү боюнча иштерди каржылоо

 

1. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын тутумун түзүүгө, өнүктүрүүгө жана пайдаланууга кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражатынын эсебинен, ошондой эле оператор тарабынан маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө катары алынуучу каражаттардын  эсебинен жүргүзүлөт.

 2. Бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн жана алынган, ошондой эле милдеттүү түрдө берилген документтердин негизинде түзүлүүчү  мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес.

 3. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарынын менчик ээсинин укуктарын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.

 4. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумунун маалыматтык технологияларынын жана алардын курамдык бөлүктөрүнүн менчик ээси болуп мамлекеттик түзүм эсептелет, бул объекттер анын каражатына сатып алынган же өндүрүлгөн, мурастоо, белек кылуу тартибинде жана башка мыйзамдуу ыкма менен алынган.

5. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумуна автордук укук жана анын компоненттери автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамга ылайык корголот.

 

163-берене. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарынын курамы, аны түзүү жана жүргүзүү.

 

1. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары  өзүнүн макамы боюнча регламенттик жана маалымдамалык болуп бөлүнөт.

 2. Регламенттик мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына белгиленген тартипте  бекитилген калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы планында, республиканын райондорунун аймактарын өнүктүрүүнүн шаар куруу планында, калктуу конуштардын аймактарын пландоо долбоорлорунда, жайгаштыруунун шаар куруу негиздемелеринде, айрым шаар куруу объекттерин реконструкциялоодо, шаар куруунун жөнгө салуу сызыктарынын бөлүштүрүүчү чийме-актыларында, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды резервге калтыруу актыларында, шаар куруу объекттеринин аймактарынын уруксат берилген участокторун пайдалануу актыларында, башка документтерде камтылган шаар куруу регламенттери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аймакты пайдаланууга башка коюлган шаар куруу талаптары тууралуу маалыматтар кирет.

 3. Мамлекеттик шаар куруу кадастры шаар куруу регламенттери жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле шаар куруу ишинин объекттери тууралуу регламенттик маалыматтын бирден-бир расмий булагы болуп эсептелет.

 4. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалымдама маалыматтык ресурстарына төмөнкүлөр кирет:

 1) аймактардын иш жүзүндөгү абалы жана пайдаланылышы тууралуу документтер;

 2) инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктура объекттери, башка шаар куруу объекттери тууралуу маалыматтар;

 3) куруу (реконструкциялоо) долбоорлору жана имараттар менен  курулмалардын кыймылсыз мүлк объектилерин башка курулуштук өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтар;

 4) курулуш, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар, ошондой эле шаар куруу ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар;

 5) шаар куруу, курулуш, санитардык, өрт коопсуздугу, өнөр жай коопсуздугу жана башка шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда эсепке алуу үчүн милдеттүү ченемдер жана эрежелер;

 6) шаар курууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка документтер жана маалыматтык тутумдардын маалыматтык ресурстарына белгиленген тартипте киргизилбеген маалыматтар.

 5. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары  Маалыматтык ресурстардын жана тутумдардын бирдиктүү реестринде катталуу жолу менен эсепке алынууга тийиш.

 6. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары  алардын негизинде маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жолу менен чарбалык ишке киргизилет.

 7. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары документтерди каттоо же эсепке алуу жолу менен түзүлөт. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын регламенттик маалыматтык ресурстарын камтыган документтер катталууга тийиш. Маалымдама маалыматтык ресурстар мамлекеттик шаар куруу кадастрында эске алынат. Мамлекеттик шаар куруу кадастрында  документтерди каттоо жана эсепке  алуу тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 8. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү үчүн картографиялык негиз болуп белгиленген тартипте электрондук түрдө жана актуалдуу абалда операторго берилген, кабыл алынган базалык масштабдагы топографиялык пландар, карталар, схемалар эсептелет.

 9. Мамлекеттик шаар куруу кадастрын жүргүзүү максаты үчүн Бишкек, Ош шаарларын жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарын бөлүүнүн негизи болуп, пайдаланууга карата шаар куруу регламенти же башка шаар куруу талаптары белгиленген аймактык бирдиктердин чектери жана аймактын участокторунун чектери эсептелет.

10. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын регламенттик маалыматтык ресурстарынын негизинде шаар куруу регламенттеринин жыйынды планы түзүлөт.

11. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү жана аларды актуалдуу абалда сактоо максатында милдеттүү түрдө каттоо жана эсепке алуу үчүн төмөнкүлөр берилет:

1) шаар куруу, долбоор алдындагы жана долбоорлоо документтери;

2) архитектуралык-шаар куруу чечимдерин бекитүү жөнүндө документтер;

3) тиешелүү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө ылайык шаар куруу, долбоор алдындагы жана долбоорлоо документтерине мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундулар;

4) шаар куруу объекттеринин аймагынын уруксат берилген участокторун пайдалануу актылары;

5) объекттерди курууга, реконструкциялоого уруксат;

6) уруксат берилген жер участокторун пайдалануу актылары;

7) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн шаардын аймактарын резервге калтыруу тууралуу документтер;

8) объекттерди пайдаланууга кабыл алуу тууралуу документтер;

9) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү органынын корутундусу;

10) имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун талаптарына шайкеш келүүсүн, анын бул акт түзүлүп жаткан учурга энергетикалык натыйжалуулуктун классын көрсөтүү менен текшерүү актысы;

12. Жооптуу адамдарды жана мөөнөттөрдү аныктоону камтыган мамлекеттик шаар куруу кадастрын каттоо жана эсепке алуу үчүн документтерди милдеттүү түрдө берүү тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

13. Мамлекеттик шаар куруу кадастрында каттоо жана  эсепке алуу үчүн милдеттүү түрдө берилүүчү документтердин түрлөрүнүн тизмеги архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарга ылайык толукталат.

14. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын актуалдаштыруу тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

15. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары дайыма сакталууга тийиш.

16. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын сактоо тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

17. Оператор, маалыматтык тутумду түзүү жана пайдалануу, мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү жана колдонуу боюнча иштердин башка катышуучулары маалыматты коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү.

 

164-берене. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумунун оператору

 

1. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумунун оператору (мындан ары - оператор) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү жана пайдалануу, шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди жүзөгө ашырат.

2. Оператордун функцияларын аткаруу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына маалыматтык ресурстар жана маалыматташтыруу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жүктөлөт.

3. Ченемдик укуктук актыларда белгиленген компетенциянын чегинде оператордун ишин контролдоону архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары, тиешелүү чөйрөдө белгиленген тартипте контролдоо (көзөмөлдөө) функциялары берилген башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырышат.

 4. Оператордун ишине илимий-методикалык жетекчиликти архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик  орган ишке ашырат.

 5. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарын операторго өткөрүп берүү тараптардын макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.

 6. Оператор тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары берилген адамдар, аларды пайдаланууда мүлктүк жана автордук укуктардын сакталышы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.

 7. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары оператор тарабынан жаңы документтерди каттоо, эсепке алуу жана алар белгиленген тартипте жараксыз деп таанылганда  же мазмуну өзгөргөндө документтерди сактоонун архивдик режимге которуу аркылуу актуалдуу абалда кармалып турат.

 

165-берене. Шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү

 

1. Шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты болуп мамлекеттик органдарды жана башка бийлик органдарын алардын компетенциясына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылуу эсептелет:

 1) шаар куруу ишинин объекттеринин абалы жана түзүүнүн, пайдалануунун бардык этаптарында алардын параметрлеринин өзгөрүүлөрү;

 2) шаар куруу ишинин объекттеринин иш жүзүндөгү абалынын жана  пайдаланылышынын шаар куруу регламенттерине шайкеш келүү деңгээли;

3) капиталдык курулуш объекттеринин энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарына жана капиталдык курулуш объекттеринин пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу алеттери менен жабдылуу талаптарына шайкеш келүүсү.

2. Имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун классы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик бийлик органдарына,  имараттардын, курулуштардын, курулмалардын менчик ээлерине, ошондой эле көп батирлүү  үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине берилет.

 3. Шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мамлекеттик шаар куруу кадастрында катталган же эсепке алынган документтерге негизделген, шаар куруу ишинин объекттеринин ар кандай этапта өнүгүшү жөнүндө маалыматтарды белгилөөнү;

2) шаар куруу ишинин объекттеринин белгиленген шаар куруу талаптарына жана чектөөлөрүнө ылайык өнүгүү динамикасына талдоо жүргүзүүнү;

3) мамлекеттик органдарды жана башка кызыкдар адамдарды аналитикалык материалдар менен камсыз кылууну.

4. Шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары аймактарды иш жүзүндө пайдаланууну шаар куруу документтерине ылайык келтирүү боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга ылайык колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

5. Шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү тартиби архитектуралык-курулуш иши  чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 

166-берене. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын  берүү жана пайдалануу

 

1. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары ушул Кодекске ылайык оператор тарабынан берилет.

 2. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары пайдалануучуга кадастрдык документтер түрүндө, ошондой эле, белгиленген тартипте Интернетти кошкондо, байланыш каражаттары жана маалыматтык тарамдар аркылуу маалыматтык ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен берилиши мүмкүн.

 3. Кадастрдык документ болуп төмөнкүлөр саналат:

 1) кадастрдык маалымкат;

 2) шаар куруу объектинин паспорту.

 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жайгаштыруу, куруу, кыймылсыз мүлктү курулуштук өзгөртүүлөрдүн башка түрлөрү (объекттерди реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо) тууралуу чечимдерди кабыл алууда пайдаланылуучу кадастрдык маалымкат архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тизмекке ылайык маалыматтардын зарыл болгон тизмегин камтыйт.

 5. Шаар куруу объектинин паспортунун формасы, ага маалыматтар киргизилүүгө тийиш болгон тизмек жана аны даярдоо тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 6. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына Интернетти кошкондо, байланыш каражаттары жана маалыматтык тарамдар аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү оператор менен маалыматтык ресурстарды пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин шарттарында берилет. Келишим менен пайдалануучунун категориясына жараша кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынуучу маалыматтын көлөмү аныкталат. Архитектуралык-курулуш иши  чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына Интернетти кошкондо, байланыш каражаттары жана маалыматтык тарамдар аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнүн башка тартиби белгилениши мүмкүн.

 7. Оператордун мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн мыйзамдарда белгиленген учурлардан тышкары, акы алынат. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жана баалар архитектуралык-курулуш иши  чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же белгиленген тартипте тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча белгиленет.

 8. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөгү жеңилдиктер архитектуралык-курулуш  иши  чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган  тарабынан белгиленет.           

9. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенциясынын жана ишинин маселелери боюнча мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан  белгиленген тартипте берилет.

10. Мамлекеттик шаар куруу кадастрындагы так эмес маалыматтарды берүү менен келтирилген зыяндардын орду оператор тарабынан толтурулат.

Оператор так эмес маалыматтарды камтыган документтерди иштеп чыккан же аны мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизүүгө берген адамдардын каражаттарынын эсебинен зыяндардын ордун толтурууга чыгымдарды компенсациялоо үчүн чараларды көрүүгө укуктуу.

11. Зыяндын ордун толтуруу тууралуу талаш маселелер сот тартибинде чечилет.

 

167-берене. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын пайдалануу

 

1. Шаар куруу регламенти жөнүндө мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын пайдалануу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары, шаар куруу ишинин башка катышуучулары үчүн төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алууда милдеттүү болуп саналат:

 1) шаар куруу объекттерин жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо;

2) түзүлгөн жер участокторуна чек ара коюу жана пайдаланууга уруксат берүү;

 3) пайдаланууга уруксат берилген жер участокторунун мурда түзүлгөн чек араларын орнотуу жана өзгөртүү;

 4) жер участокторун жана аларга жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин иш жүзүндө пайдаланууну шаар куруунун талаптарына жана чектөөлөрүнө шайкеш келтирүү;

 5) шаардын аймактарын мамлекеттик жана муниципалдык муктаждык үчүн резервге калтыруу;

 6) республиканын шаарларын, райондорунун жана облустарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу.

 2. Мамлекеттик шаар куруу кадастрында шаар куруу регламенттерине шайкеш катталбаган маселелер боюнча чечим жараксыз болуп эсептелет.

 3. Колдонуудагы шаар куруу регламенттери белгиленген тартипте өзгөртүүгө тиешелүү эмес аймакты өнүктүрүүнүн шаар куруу планы жөнүндө шаар куруу документтери, мамлекеттик шаар куруу кадастрында катталган шаар куруу регламентине шайкеш эмес шаар куруу объекттеринин аймагындагы участокторду пайдаланууга  уруксат берүү актылары, шаар куруу объекттерин курууга жана реконструкциялоого долбоорлоо жана долбоорлоо алдындагы документтер бекитилбейт.

 4. Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтары төмөнкү учурларда да пайдаланылат:

1) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик контроль жүргүзүүдө, жер участокторунун жана аларда жайгашкан башка кыймылсыз мүлк объекттеринин шаар куруу талаптарына жана чектөөлөрүнө ылайык пайдаланылышын аныктоо үчүн;

2) кыймылсыз мүлк объекттеринин рыноктук наркын баалоодо;

3)  жерге жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине төлөмдүн наркын белгилөөдө;

4) шаар куруу тууралуу мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүүдө;

5) шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүүдө;

6) мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.

 

19-бап. Шаар куруу ишинин илимий – экономикалык негиздери

 

168-берене. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги багыттары

 

Шаар куруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги багыттары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

 

169-берене. Тармактык илимий-изилдөө мекемелеринин укуктук жоболору

 

Тармактык мамлекеттик илимий мекемелер юридикалык жактар болуп эсептелет жана илимий ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүргүзөт.

 

170-берене. Илим-изилдөө жана тажрыйбалык- конструктордук иштерди каржылоо

 

Шаар куруу иши жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен; тармактык бюджеттен тышкаркы фонддордун эсебинен; ишканалардын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун эсебинен; фирмалардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын, жеке жактардын; банктардын, финансы компанияларынын кредиттеринин; мекемелердин жана уюмдардын жоболоруна жана уставдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген илимий-изилдөөдөн, басмадан, консультация  берүү жана башка иштен түшкөн жеке каражаттардын эсебинен ишке ашырылат

 

171-берене. Курулушта илимий-техникалык ишти камсыз кылуу

 

Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы илимий-техникалык иш илимий изилдөөнүн келечектүү багыттарын тандоо, шаар куруу иши жаатындагы мамлекеттер аралык, мамлекеттик жана тармактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, конкурстук негизде тапшырыктарды бөлүштүрүү менен камсыздалат.

 

172-берене. Илимий-техникалык продукцияга менчик укугу

 

1. Илимий-техникалык продукцияга менчик укугу жана аны ишке ашыруудан түшкөн кирешени бөлүштүрүү шарты илимий-техникалык продукцияны иштеп чыгууга тапшырыкчы менен продукцияны аткаруучунун (иштеп чыгуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимде (контрактта) каралат.

2. Илим-изилдөө жана тажрыйбалык-конструкторлук иштердин илимий-техникалык продукциясынын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен иштелип чыккан илимий-техникалык продукция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп эсептелет.

3. Ушул Кодексти колдонууга киргизгенге чейин аткарылган жана бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган илим-изилдөө жана тажрыйбалык-конструкторлук иштердин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп эсептелет.

 

20-бап. Шаар куруу иши чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

 

173-берене. Эл аралык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

1. Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектуралык-курулуш иши жаатындагы эл аралык мамилелерге, келишимдерге, бирикмелерге жана Кыргыз Республикасынын субъекттеринин тышкы экономикалык байланышын координациялоого катышуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Кодекске ылайык ишке ашырылат.

2. Шаар куруу иши жаатындагы эл аралык мамилелер, Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгууга түзүлгөн келишимдер, контракттар архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылууга тийиш.

 

174-берене. Курулушта чет элдик продукцияны пайдалануу

 

Чет элдик материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды курулуш багытында пайдаланууга уруксат берүү, алар өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин бардык белгиленген талаптарына, анын ичинде өрткө каршы, экологиялык жана санитардык-гигиеналык коопсуздукка жооп берген шартта архитектуралык-курулуш иши  чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

 

175-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адистер  тарабынан иштелип чыккан архитектуралык-курулуш долбоорлорун колдонуу

 

1. Чет өлкөлүк адистер тарабынан иштелип чыккан архитектуралык-курулуш долбоорлорун республиканын аймагында колдонууга эгерде, ал Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн объекттерине таандык болсо жол берилет.

2. Эгерде эл аралык конкурс өткөрүлүп, анда конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк адистер же уюмдар саналса, архитектуралык-курулуш долбоорлорун конкреттүү объектке карата колдонууга жол берилет.

3. Архитектуралык-курулуш долбоорлорун колдонууга эгерде, конкреттүү объект чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын гранты боюнча инвестициялык долбоор болуп саналса, квалификациялык тастыктамалардын жана уруксаттмалардын тийиштүү деңгээлине ээ болгон тиешелүү адистер жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдерине жана талаптарына карата адаптациялоого келтирилген, ошондой эле архитектура жана шаар куруунун аймактык органдары менен макулдашылган жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүлгөн шартта жол берилет.

4. Ушул берененин 1, 2, 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, архитектуралык-курулуш долбоорлорунун чет өлкөлүк адистер жана уюмдар тарабынан колдонулушуна жол берилбейт.

 

176-берене. Чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү курулуштук кызматтарга карата улуттук режим

 

1. Чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү курулуштук кызматтарга карата эгер, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, мындай кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар менен бирдей шарттарда тапшырыкчылардын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүү максаттарында жол берилгендигин караган улуттук режим колдонулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган режим эгерде, буга окшош режим Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары көрсөтүүчү кызматтарга карата чет мамлекет же чет мамлекеттердин тобу тарабынан белгиленген болсо, чет өлкөлүк жактар көрсөтүүчү кызматтарга карата колдонулат.

3. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча төмөнкү учурлардын биринде тапшырыкчылардын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу максатында чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга уруксат берүү шарттарын белгилейт:

1) эгерде чет мамлекет же чет мамлекеттердин тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары көрсөтүүчү  кызматтарга карата ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган режимге окшош режим белгиленбесе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тапшырыкчыларынын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштырууда, чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга карата артыкчылыкка ээ болсо.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугунун муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштыруу максатында чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тыюу салуулар жана чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

5. Тапшырыкчылардын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштыруу максаттарында чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тыюу салуу жана чектөө шарттарын белгилөөчү ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо үчүн каралган тартипте милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

6. Чет өлкөлүк жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тапшырыкчылардын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тыюу салууларга жана чектөөлөргө ылайык жана бул берененин 3-бөлүгүнө ылайык белгиленген шарттарда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол берилет.

7. Тапшырыкчы, ыйгарым укуктуу орган техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тапшырыкчылардын муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштыруу максаттарында чет мамлекеттик жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга жол берүү шарттары жөнүндө маалыматтарды суроого укуктуу. Аталган  орган 10 иш күнүнүн ичинде тапшырыкчынын, ыйгарым укуктуу органдын  суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты берүүгө милдеттүү.

 

21-бап. Шаар куруу укугунун ченемдерин камтыган шаар куруу мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

177-берене. Жогорку тобокелдик фактору бар объекттердин курулушун ишке ашыруучу уюмдардын жана жактардын жарандык жоопкерчилигин, ошондой эле курулушу бүткөн объекттерди камсыздандыруу

 

1. Жогорку тобокелдик фактору бар курулушу бүткөн объекттер милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш.

2. Жогорку тобокелдик фактору бар объекттердин курулушун ишке ашыруучу уюмдардын жана жактардын жарандык жоопкерчилигин, ошондой эле жогорку тобокелдик фактору бар курулушу бүткөн объекттерди камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

178-берене. Шаар куруу мыйзамдарын бузуунун түрлөрү

 

1. Шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдарда белгиленген ченемдерди жана талаптарды (шарттарды, эрежелерди, чектөөлөрдү) бузуулар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Көрсөтүлгөн бузууларга төмөнкүлөр кирет:

1) уруксаттама берилүүчү иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн, долбоорлоо-изилдөө, эксперттик, куруу-монтаждоо жумуштарын, шаар куруу жана (же) курулуш ишине таандык курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды чыгаруу боюнча иштерди уруксаттамасыз жүзөгө ашыруу;

2) бекитилген шаар куруу документтеринен четтөө;

3) мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берүүдөн четтөө;

4) шаар куруу, башка долбоордук (долбоорлоо-сметалык) документтерди иштеп чыгуунун, макулдашуунун, экспертиза жүргүзүүнүн жана бекитүүнүн, ошондой эле курулушка уруксат берүүнүн белгиленген тартибинен четтөө; 

5) белгиленген тартипте берилүүчү уруксаты жок жана курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилбеген куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү;

6) курулушту мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлүнүн (контролдун), техникалык жана автордук көзөмөлдүн коштоосу жок, ушул Кодексте алардын милдеттери каралган учурларда ишке ашыруу;

7) уруксаты жок жүргүзүлгөн  курулуш-имараттардын, имараттын өзүнчө турган жайларынын жана (же) бөлүктөрүнүн архитектуралык тышкы көрүнүшүн өзгөртүүгө, кайра пландаштырууга (кайра жабдуу, кайра багыттоо) тең барабар;

8) белгиленген кызыл сызыктардын жана курулуш сызыктарынын, ошондой эле калктуу конуштарды пландоодо жана курууда жогорку сейсмикалык тобокелдик бар чөлкөмдөрдөгү сары сызыктардын талаптарынан четтөө;

9) техникалык регламенттерди жана ченемдерди, ошондой эле объектти куруу жана андан ары пайдаланууга берүү процессинде эмгекти коргоону, өрт жана жарылуу коопсуздугун, санитардык жана экологиялык коопсуздукту сактабоо;

10) курулушу бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алуунун, ошондой эле пайдалануу процессинде аларды күтүүнүн мыйзамдар тарабынан белгиленген тартибин бузуу;

11) кызмат адамдарынын калктуу конуштарды (калктуу конуштардын бөлүктөрүн) пландаштыруу жана куруу, реконструкциялоо менен байланышкан чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөсүз баш тартуусу же болбосо туура эмес маалымат берүүсү;

12) табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтардын алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн  жана тийиштүү корутундуларды белгиленген мөөнөттө берүүдөн негизсиз баш тартуусу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга зыяндарды, анын ичинде, көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды (тарифти) негизсиз көтөрүү жолу менен зыян келтирүү;

13) жашоо чөйрөнүн жана жашоо тиричиликтин абалын начарлаткан, адамдын жана жалпы коомдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеген, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган жоопкерчиликке алып келген мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтиргендиктин натыйжасындагы башка иш-аракеттер. 

2. Жол берилген бузууларды жана анын кесепеттерин четтетүү, ошондой эле келтирилген зыяндын (чыгашанын) ордун толтуруу боюнча милдеттенмелер аталган бузууларга жол берген субъектке жүктөлөт.

 

179-берене. Шаар куруу укук ченемдерин камтыган, шаар куруу мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтердин түрлөрү

 

 Шаар куруу мамилелер чөйрөсүндө шаар куруу мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузган, күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жарандык-укук, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

V БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

 180-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кириши

 

Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске шайкеш келтиргенге чейин мыйзамдар менен ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске каршы келбегендей бөлүктө колдонулат.

 

181-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске шайкеш келтирүү

 

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы №1372-XII «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3,  85-ст.) Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 6-майындагы  № 30 «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 1997-жылдын 9-майы, № 34);

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июнундагы № 85 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 1998-жылдын 3-июлу, № 85-86);

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы  («Эркин Тоо» газетасы, 1999-жылдын 24-марты, № 22);

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-мартындагы № 35 «Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2002-жылдын 15-марты № 21);

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 130 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74);

Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-мартындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2005-жылдын 11-марты № 21);

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-февралындагы № 59 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор  жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы  («Эркин Тоо» газетасы, 2006-жылдын 24-февралы, №14);

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 108 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр  киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2008-жылдын 6-июну, № 40-41);

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр  жана толуктоолор  киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жылдын 20-январы, № 4);

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-мартындагы № 101 «Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү  киргизүү тууралуу» Мыйзамы  («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жылдын 3-апрели, № 22);

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-декабрындагы № 234 «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 16-декабры,         № 107);

Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-декабрындагы № 236 «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 16-декабры, № 107).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- үч айлык мөөнөттө мыйзам актыларын ушул Кодекстин жоболоруна шайкеш келтирүү жөнүндө сунушун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Кодекске ылайык келтирсин;

- ушул Кодекстен келип чыккан башка чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти