ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-декабры N 714
Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды эсепке алууну уюштуруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- кадрлык ишти жүргүзүүдө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алышсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |