Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-декабры № 723

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана
 муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бош кызмат орундары жөнүндө кулактандырууларды жарыялоонун расмий булагы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити (башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге) эсептелсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев