Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a5257617-c1ab-49b5-8109-b87471f2c11b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 19-апрели №168

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген XII бөлүмдө:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Жеке нотариустук иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдын иш тажрыйбадан өтүүсүнүн тартибин уюштуруу.";

- "Мамлекеттик нотариалдык конторалар" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Нотариалдык күбөлөндүрүүгө жаткан документтерди компьютердик техникада даярдоо.".

2. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 22-апрелинде № 30 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев