ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели №238
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде төмөнкү чыгымдарды карасын:
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору боюнча;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин резервдик фонддору боюнча;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |