Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 3-ноябрындагы
№ 694 токтому менен бекитилген 

 

Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын
нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
нускама

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 492, 2017-жылдын 8-июнундагы № 351 , 2018-жылдын 6-декабрындагы № 565, 2020-жылдын 27-январындагы № 31 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Бюджеттик мекемелер нормалдуу жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоо үчүн смета боюнча ассигнованиелерден тышкары мурдагы жылдарда товардык-материалдык баалуулуктарга жумшалган каражаттарга ээ болушат.

Запас нормалары күнүнө төмөндөгү товардык-материалдык баалуулуктар топтору: тамак-аш продуктулары, медикаменттер жана таңуучу каражаттар, отун, запастык бөлүктөр, чарбалык материалдар жана кеңсе буюмдары, таралар, курулуш материалдары, башка чийки заттар жана материалдар боюнча белгиленет.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден финансылануучу бюджеттик мекемелер боюнча товардык-материалдык баалуулуктар запастарын нормалоону жакшыртуу максатында нормативден ашыкча запастарды, ошондой эле дебитордук карыздарды эсепке алуунун бирдиктүү тартиби белгиленет. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган бардык мекемелер боюнча, алардын ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардан, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик маанидеги документтеринин бланктарынын запастарынан тышкары) товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алуу жүргүзүлөт. Эсепке алуу өткөн жыл үчүн сметаны аткаруу тууралуу бухгалтердик отчеттун негизинде, тиркемеге ылайык запас нормаларына жараша жүргүзүлөт.

Финансылык органдар товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын эсепке алууну бюджеттик мекемелердин отчетторуна ылайык жылдын жыйынтыгы боюнча, ал эми эсеп-чоттогу каражаттардын эсепке алуу бухгалтердик баланстар боюнча жүргүзүлөт. Кредиттердин башкы тескөөчүлөрү нормативден ашыкча запастарды жана каражаттарды эсепке алууну бюджеттик мекемелердин жылдык отчеттору боюнча жүргүзөт. Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик кызматынын кызматкерлери зарыл болгон учурда эсепке алууну жүргүзүү үчүн талап кылынган кошумча маалыматтарды беришет. Финансылоодо эсепке алынууга тийиштүү запастар суммасы материалдардын айрым түрлөрү боюнча фактылай калдык менен запас нормасы ортосундагы айырма катары аныкталат. Запастар нормасы күн сайынкы белгиленген запас нормасы жана отчеттук жыл ичинде иш жүзүндө түзүлгөн материалдарды бир күндөгү орточо чыгымы менен эсептелет.

Бюджеттик мекемелердин финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эматериалдык баалуулуктарынын ашыкча суммаларын аныктоодо баалуу металлдар, реактивдер боюнча материалдык-запастардын калдыктары эсепке алынбайт.

Тамак-аш продуктуларынын запас нормаларынын эсеби сезондук продуктулар запасын даярдоону кошуу менен жүргүзүлөт. Сезондук тамак-аш продуктуларынын калдыктары боюнча өзүнчө норматив белгиленбейт.

Материалдардын орточо чыгымы жыл ичинде материалдардын чыгашаларын 360 күнгө бөлүү жолу менен аныкталат (түшүндүрмө каттын 3-тиркемеси: "Запастар жөнүндө маалымат" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген, Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо).

Запастар нормасынын акчалай эсеби ар бир топтогу материалдар боюнча өзүнчө жүргүзүлөт, алар үчүн күндөлүк запас нормасы белгиленет.

I мисал. 2009-жыл үчүн саламаттык сактоо мекемелери боюнча чарба материалдарынын жана канцелярдык товарлардын чыгашасы 3,1 миң сомду түздү. Запас нормасы 90 күнгө бекитилген, канцелярдык жана чарбалык чыгашалардын бир күнкү орточо чыгымы: 3100 : 360 = 8,6. 2010-жылы запастар нормасы 8,6 x 90 күн = 774 сом.

Товардык-материалдык баалуулуктардын ар бир тобу боюнча белгиленген акчалай запас нормалары отчеттук жылдын аягындагы калдык менен салыштырылат. 1-январга карата акчалай туюнтуудагы ашыкча запастар материалдардын ар бир түрү боюнча суммаланат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зарыл учурда карай бюджеттик мекемелерди товардык-материалдык баалуулуктардын айрым түрлөрүнүн нормативден ашыкча запастарын эсепке алуудан бошотууга укуктуу (мисалы, эпидемия мезгилинде медикаменттер, сывороткалар жана вакциналар запасы, ошондой эле бюджеттик жылдын аягында чыгашалар каржыланган учурда).

Бюджеттик мекемелердин жылдык отчеттору боюнча материалдардын нормадан ашыкча калдыктарын эсепке алуудан тышкары дебитордук карызды эсепке алуу жүргүзүлөт. Эсепке алынууга тийиштүү дебитордук карыз суммасы (32171 110, 32171 190, 32174 100, 32174 200 элементтери, 1-январга карай аякталбаган иш сапарлар аванстарын, ошондой эле электр энергиясы жана газга аванс менен төлөнгөндөрдү эсепке албаганда) жана мекеме отчету боюнча (33171 110, 33171 190, 33174 100, 33174 200 элементтери) дебитордук жана кредитордук карыздар ортосундагы айырма катары аныкталат (түшүндүрмө катка 6-тиркеме: Дебитордук жана кредитордук карыздар жөнүндө маалымат", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо).

Дебитордук карыз менен кредитордук карыз барабар болгон шартта же анын аз болсо дебитордук карызды эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

Кредиттердин башкы тескөөчүлөрү менен финансылык органдардын өкүлдөрү ортосундагы эсепке алуу суммалары боюнча пайда болгон кайчы пикирлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде каралат.

Кредиттердин башкы тескөөчүлөрүнүн отчетторун кароо боюнча ишти аяктагандан кийин финансылык органдар тиешелүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана кредиттерди эсепке алуу жөнүндө жыйынды маалыматтарды тапшырышат. Эсепке алуулар суммасына сметалар боюнча чыгашалар азайтылат жана тийиштүү түрдө жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү такталат.

Жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча эсепке алуулар, зарыл учурда бекитилген кирешелер боюнча планды азайтууда багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын буйругу боюнча бюджеттин кирешелеринде эске алынган суммалар алып салгандан кийинки эсепке алынган суммалар бюджет боюнча кошумча чараларды финансылоого жумшалат.

Мындай учурларда эсепке алуулар жүргүзүлгөн иш-чаралар жана мекемелер боюнча бюджеттик багыттар өзгөртүлөт жана ага жараша кошумча чаралар боюнча сметалык багыттар көбөйтүлөт.

Товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана дебитордук карыздардын эсепке алынган суммасы жөнүндө аймактык финансылык бөлүмдөр жогоруда турган финансылык органдарга I жарым жыл үчүн отчеттун түшүнүк каттарында кабарлайт.

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелери үчүн товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын

НОРМАЛАРЫ

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│№ │                Эсеп-чоттун аталышы                │   Нормалар   │

│  │                                                   │  (күндөрдө)  │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Тамак аш продуктулары (31221 110)                  │      180     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Медикаменттер жана таңуучу каражаттар (31221 120)  │      180     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Отун (31221 130)                                   │      120     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Запастык бөлүктөр (31221 140)                      │      120     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Чарбалык материалдар жана кеңсе товарлары          │      180     │

│  │(31221 150)                                        │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Тара (31221 160)                                   │калдыктан 75% │

│  │                                                   │  сом менен   │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Курулуш материалдары (31221 170)                   │      180     │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│  │Дагы башка чийки заттар жана материалдар           │       90     │

│  │(31221 190)                                        │              │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘

Эскертүү:

Мыйзам тартибинде аныкталган республиканын алыскы жана бийик тоолуу райондору боюнча товардык материалдык баалуулуктар запастарынын нормасы 160 күнгө чейин белгиленет.

Медикаменттер жана таңуучу материалдар боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын нормалары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын уюмдары үчүн жайылтылбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)