Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f795b9d9-0242-4c4e-9cb3-30fd3cf91b7d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 23-июлу № 517

Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен документ жүгүртүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:

- бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык иш кагаздарын жүргүзүшсүн;

- мекеменин түзүмүндө мыйзамдарда белгиленген штаттык сандын чегинде, мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган, иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүм каралсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

2-1. Жеке менчик формасындагы уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык иш кагаздарын жүргүзүү сунушталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын аймактык органдары министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана ишканаларга Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана практикалык колдонууга методикалык жардам көргөзсүн.

3-1. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулар, аларды мамлекеттик архив кызматы менен макулдашууга милдеттүү экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

3-2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан катталышын ишке ашырууну камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча Типтүү нускама жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов