Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\175ca3b2-c41a-452b-ac51-e521cf872dec\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 23-июлу № 519

2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет 1-4-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

2. Жогоруда аталган Отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

1-тиркеме

 

2011-жылга Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы

жөнүндө отчет

 

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары Социалдык фонд) жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты кошкондо 27510324,3 миң сомду (ИДПга карата 10,1%) түздү, бул такталган бюджетке караганда 105,9 пайызга көп, анын ичинде пландагы 14841510,0 миң сомдун ордуна 16209038,7 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү, же план 109,2 пайызга аткарылды. Жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында 14946627,2 миң сом утурумдук төлөмдөр жана 1262411,5 миң сом өткөн жылдар үчүн мөөнөтү өткөн карыздардын төлөмү болуп саналат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2010-жылга салыштырмалуу 134,1 пайызга көбөйдү же 4125200,0 миң сомго көп. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйымынын өсүшү чарба субъекттеринен жана бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көп түшүшүнүн эсебинен камсыздалды. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча мындай оң натыйжалар төлөөчүлөр менен камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча максаттуу иштерди күчөтүүнүн эсебинен жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды өндүрүү боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн негизинде пайда болду.

Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларынын пенсиясын төлөөгө, жеңилдик берилген пенсияларга жана пенсиянын үстөк акыларына, электр энергиясына компенсациялык төлөмдөргө милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 2011-жылга 7816413,9 миң сом суммасында такталган бюджетте каралган. Андан сырткары, 2011-жылга такталган бюджетте республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын 87773,3 миң сом суммасындагы пайдаланылбаган калдыгын республикалык бюджетке кайтаруу каралган. Ага байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттар 87773,1 миң сомго азайтылган. 2011-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын бардыгы 7728640,8 миң сомду түздү.

Социалдык фонддун бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын мөөнөттүү депозиттик эсептерине, мамлекеттик казыналык векселдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштыруудан жана башка булактардан алган кирешеси 2011-жылы 228491,8 миң сомду түздү, же бюджетте каралгандан 29439,7 миң сомго көп.

Социалдык фонддун 2011-жылдагы чыгымдары 25442461,8 миң сомду түздү, анын ичинде:

- Пенсиялык фонддуку - 22547926,8 миң сом. 2011-жылдын бюджети менен 2011-жылдын бюджетин аткаруунун ортосунда Пенсиялык фонддун чыгымдарын үнөмдөө, пенсиянын орточо өлчөмүнүн азаюусунун эсебинен 265,4 млн. сом суммасында түзүлдү, анткени октябрдагы көбөйтүүдөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 3796 сомду түздү, бирок 2012-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү жаңыдан чектелген пенсияларды эсепке алганда иш жүзүндө 3760 сомду түздү. Ошондой эле 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып "Кыргызпочтасы" МИсинин пенсияларды жеткирүүнүн тарифтеринин 1,7 пайыздан 1,5 пайызга чейин азаюусуна, каза болгон пенсионерлердин санына жана 87,7 млн. сом суммасына республикалык бюджеттин ассигнованиелеринин түшүүсүнүн азайышына жана Пенсиялык фонддун башка беренелерине байланыштуу;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку - 977960,0 миң сом;

- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку - 122900,0 миң сом;

- Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунуку - 1793675,0 миң сом (инвестицияланды).

2011-жылы пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өлчөмүн жогорулатуунун эсебинен Пенсиялык фонддун чыгымдары 2010-жылга караганда 4317026,8 миң сомго көбөйүп, 22547926,8 миң сомду түздү.

2011-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулатылды:

Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 136 "2011-жылдын 1-майынан тартып пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсиялар жогорулатылды;

- 2011-жылдын 1-майына чейин дайындалган пенсиялардын жалпы өлчөмүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү дифференцияланган шкала боюнча 600 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылды;

- пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн эмгек акынын чектелген деңгээли жогорулатылып, анын өлчөмү 2300 сомдон 5000 сомго чейин жеткирилди.

Андан сырткары, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык белгиленген айрым категориядагы адамдарын пенсияларынын үстөк акылары 2011-жылдын 1-майынан тартып 50 сомго жогорулатылды.

Республика боюнча 2011-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын орточо өлчөмү 3110 сомду түздү.

2011-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуунун экинчи этабы ишке ашырылды.

Пенсиянын базалык бөлүгү 500 сомго жогорулатылып, 1500 сомду түздү жана пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн ЖЭ1 эсептеп чыгуу үчүн эмгек акыга жаңы түзөтүү коэфициенттерин белгилөө менен пенсиялар жогорулатылды.

Октябрдан кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 3796 сомду түздү, бул 2010-жылга салыштырмалуу 996 сомго жогору же 136 пайызга көп (инфляция 116,6%). Жогорулатуу учурундагы орточо пенсиянын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумуна карата (ПЖМ) 99 пайызды түздү, же 2010-жылга караганда 10 пайызга жогору.

ПЖМдан жогору пенсия алуучу пенсионерлердин саны 2012-жылдын 1-январына карата 32 пайыз же 175,0 миң адамды түздү.

Бирок, жаңы чектелген пенсиялардын эсебинен 2012-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 3760 сомду түздү (ПЖМ 95,6%).

2011-жылы пенсияны жогорулатууга кошумча муктаждык 2624,7 млн. сомду түздү.

2011-жыл ичинде пенсияларды төлөп берүүдө карыздарга жол берилген жок. Алсак, 2012-жылдын 1-январына карата электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде пенсия төлөөгө керектелүүчү 20294103,2 миң сом толугу менен каржыланды.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, сөөк коюуга жөлөк пул пенсиянын базалык бөлүгүнүн 10 эселенген өлчөмүндө белгиленген. Тиешелүү түрдө 2010-жылдын 1-октябрынан тартып сөөк коюуга жөлөк пулдун өлчөмү 15000 сомду түздү. Бардыгы 2011-жыл үчүн сөөк коюуга жөлөк пулдарга 224810,5 миң сом төлөнүп берилген.

"2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Социалдык фонддун администрациялык чыгымдары бюджетте каралганга ылайык 438718,3 миң сомду түздү.

2011-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 977960,0 миң сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - 122900,0 миң сом суммасында бюджеттин толук көлөмүндө каржыланды. Андан сырткары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 84205,3 миң сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 19110,3 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өткөн жылдар үчүн карыздар жоюлду.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө белгиленген.

2011-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебине 2010-жылы түшкөн каражаттарды кошуп эсептегенде 2037376,2 миң сом акча каражаты топтолду.

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы инвестиция чөйрөсүндөгү укук мамилелерин жөнгө салат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун Убактылуу тартиптери бекитилген, ага ылайык Социалдык фонд 2012-жылдын 31-декабрына чейин пенсиялык топтоолорду инвестициялайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан депозиттик аукциондорду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген, ага ылайык Социалдык фонд аукциондорду жүргүзөт.

Ошого байланыштуу, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын 2037376,2 миң сом жалпы суммасынан 2011-жылдын август айынан тартып Мамлекеттик баалуу кагаздарга 1443674,0 миң сом инвестицияланды, коммерциялык банктардын депозитине 350000,0 миң сом жайгаштырылды. Жалпысынан, 2011-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынан 1793675,0 миң сом инвестицияланды. Пенсиялык топтоолордун 243701,2 миң сом калдык каражаттары 2011-жылдын декабрь айында түшкөндүгүнө байланыштуу түзүлдү.

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебиндеги акча каражаттардын күнүмдүк калдыгына жылына 6 пайыз өлчөмүндө киреше эсептелет. 2011-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун акча каражаттарынын күнүмдүк калдыгына эсептелген кирешелер 66487,8 миң сомду түздү, бул бюджетте каралганга салыштырмалуу 1146,2 миң сомго көп.

Ошондой эле, 2011-жылы камсыздандыруу базасын кеңейтүү максатында бардык эмгекке жарамдуу жарандарды жекече эсепке алуу, аларга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. 2012-жылдын 1-январына карата жекече эсепке алуу системасында катталган жарандардын саны 4,8 млн. адамды же калктын жалпы санынын 90,1 пайызын түздү, анын ичинде иштегендер 1,7 млн. адам же Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан жигердүү калкынын 95,1 пайызы.

2011-жылы жекече эсепке алуу системасында 51875 адам катталган.

2011-жылга Социалдык фонддун бюджети 177952,9 миң сом суммасында профицит менен бекитилген. 2011-жылга бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча бюджеттин профицити 1752380,6 миң сомду түздү же 1574427,7 миң сомго көп.

2011-жылы пенсияны төлөп берүүдө "Кыргызпочтасы" ишканалары тарабынан пенсиялык каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары болду. Алсак, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4519,3 миң сом суммасында финансылык тартип бузуулар табылды (анын 3000,0 миң сому "Кыргызпочта" ишканасынын күнөөсү эмес үчүнчү тараптын кылмыштуу иш-аракеттердин натыйжасында). Бардык табылган финансылык тартип бузуулар толугу менен ордуна келтирилди.

Бюджетти аткаруу боюнча иштерде кемчилик кетирген Социалдык фонд органдарынын жетекчилери жана адистери финансылык тартип бузуу фактылары боюнча жоопкерчиликке тартылышты.

 

 

2-тиркеме

 

2011-жылга Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы

 

(миң сом)

┌─────────────────────────────────────┬───────┬───────────┬───────────┐

│                                     │ пози- │2011-жылга │ 2011-жылы │

│                                     │циянын │  бюджет   │ бюджетинин│

│                                     │   №   │           │ аткарылышы│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Бардык кирешелер                     │    1  │ 25969100,4│ 27510324,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│ИДПга карата % менен                 │    2  │       10,1│       10,1│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго жыл башындагы       │    3  │ 22991226,0│ 24300307,4│

│калдыктарды кошуп эсептегенде        │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │    4  │  1877014,4│  2037376,2│

│жыл башындагы калдыкты эсепке алуу   │       │           │           │

│менен                                │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │    5  │   977960,0│  1040069,3│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │    6  │   122900,0│   132571,4│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│I. Бардык камсыздандыруу төгүмдөрү   │    7  │ 14841510,0│ 16209038,7│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго                     │    8  │ 12749750,0│ 13886282,4│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │    9  │   990900,0│  1150115,6│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   10  │   977960,0│  1040069,3│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   11  │   122900,0│   132571,4│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│1. Өнөр жай жана башка ишканалар     │   12  │  6945500,0│  8344756,9│

│менен уюмдардын камсыздандыруу       │       │           │           │

│төгүмдөрү                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   13  │  5879400,0│  7096939,0│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   14  │   509800,0│   600334,7│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   15  │   494510,0│   571838,3│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   16  │    61790,0│    75644,9│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│2. Бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу│   17  │  6401010,0│  6174422,0│

│төгүмдөрү                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   18  │  5418560,0│  5232409,9│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   19  │   469800,0│   450983,3│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   20  │   455710,0│   439811,3│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   21  │    56940,0│    51217,5│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│3. Айыл чарбасынын уюмдашкан         │   22  │    43100,0│    30143,0│

│секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү  │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   23  │    36410,0│    25881,2│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   24  │     3200,0│     1777,6│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   25  │     3100,0│     2207,5│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   26  │      390,0│      276,7│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│4. Фермер, дыйкан чарбаларынын       │   27  │   181200,0│    93297,3│

│камсыздандыруу төгүмдөрү             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   28  │   166650,0│    85360,8│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   29  │    13000,0│     7046,2│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   30  │     1550,0│      890,3│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│5. Жеке эмгек ишмердигинин           │   31  │   263200,0│   296178,9│

│жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу       │       │           │           │

│төгүмдөрү                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   32  │   242230,0│   263945,8│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   33  │     7200,0│     8579,6│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   34  │    11640,0│    19166,0│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   35  │     2130,0│     4487,5│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│6. Жеңилдетилген тарифтер боюнча     │   36  │     7500,0│     7829,2│

│уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   37  │     6500,0│     6881,2│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   38  │      900,0│      893,4│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   39  │     -     │           │

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   40  │      100,0│       54,6│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыл      │   41  │ 13841510,0│ 14946627,2│

│ичиндеги бардык түшүүлөрү            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондго чегерүүлөр          │   42  │ 11749750,0│ 12711417,9│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   43  │   990900,0│  1062568,6│

│чегерүүлөр                           │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   44  │   977960,0│  1040069,3│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   45  │   122900,0│   132571,4│

│фондуна чегерүүлөр                   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Өткөн жылдардагы камсыздандыруу      │   46  │  1000000,0│  1262411,5│

│төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү  │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде Пенсиялык фондго         │   47  │           │  1174864,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна │   48  │           │    87547,0│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│II. Башка кирешелер (дивиденддер жана│   49  │   199052,1│   228491,8│

│башкалар)                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр│   50  │  7816413,9│  7728640,8│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│пенсиянын базалык бөлүгү             │   51  │  2827237,6│  2812284,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жеткирүүнү эске алуу менен электр    │   52  │  1745099,0│  1745099,0│

│энергиясына компенсация              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│аскер кызматчыларынын пенсиялары     │   53  │  1088185,1│  1015365,1│

│жана камсыздандыруу                  │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│пенсиялар жана үстөк акылар          │   54  │  2155892,2│  2155892,2│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│IV. Инвестициялардан түшкөн кирешелер│   55  │    65341,6│    66487,8│

│(МПТФ каражаттарынан)                │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│БАРДЫК ЧЫГЫМДАР                      │   56  │ 25791147,5│ 25442461,8│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│ИДПга карата % менен                 │   57  │       10,0│        9,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│I. Пенсиялык каражаттар боюнча       │   58  │ 22813273,1│ 22547926,8│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│пенсиялар                            │   59  │ 18628853,3│ 18584003,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│электр энергиясына компенсация       │   60  │  1715928,2│  1710099,7│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жеткирүү боюнча чыгымдар             │   61  │   296977,3│   276838,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│банктык тейлөөгө кетүүчү чыгымдар    │   62  │    81432,0│    58598,4│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│аскер кызматчыларынын пенсиялары жана│   63  │  1088185,1│  1052538,8│

│камсыздандыруу                       │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│сөөк коюуга жөлөкпул                 │   64  │   241790,0│   224810,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жекече эсепке алуу боюнча чыгымдар   │   65  │    10300,0│     9868,2│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Социалдык фонддун администрациялык   │   66  │   438718,3│   438718,3│

│чыгымдары                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│башка чыгымдар                       │   67  │   120000,0│    89135,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│ММК фондуна болгон карыздарды жоюуга │   68  │    84205,3│    84205,3│

│чыгымдар                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│ЭДЧ фондуна болгон карыздарды жоюуга │   69  │    19110,3│    19110,3│

│чыгымдар                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│республикалык бюджеттен бөлүнгөн     │   70  │    87773,3│           │

│пайдаланылбай калган акча            │       │           │           │

│каражаттардын калдыгын кайтаруу      │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│II. Мамлекеттик пенсиялык топтоо     │   71  │  1877014,4│  1793675,0│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│инвестициялоо жана администрациялоо  │   72  │     3000,0│           │

│боюнча чыгымдар                      │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│пенсия төлөөгө                       │   73  │     1689,3│           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│инвестициялоого багытталган пенсиялык│   74  │  1872325,1│  1793675,0│

│топтоолор                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│III. Милдеттүү медициналык           │   75  │   977960,0│   977960,0│

│камсыздандыруу фондуна               │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│IV. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо│   76  │   122900,0│   122900,0│

│фондуна                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Дефицит (-), профицит (+)            │   77  │   177952,9│  2067862,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Пенсиялык фондунун                   │   78  │   177952,9│  1752380,6│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Мамлекеттик пенсиялык топтоо         │   79  │     -     │   243701,2│

│фондунун                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Милдеттүү медициналык камсыздандыруу │   80  │     -     │    62109,3│

│фондунун                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо    │   81  │     -     │     9671,4│

│фондунун                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│ИДП                                  │   82  │257957100,0│273107800,0│

└─────────────────────────────────────┴───────┴───────────┴───────────┘

 

 

3-тиркеме

 

2011-жылга Милдеттүү медициналык

камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы

 

(миң сом)

┌─────────────────────────────────────┬───────┬───────────┬───────────┐

│                                     │  пози-│ 2011-жылга│2011-жылдын│

│                                     │ циянын│   бюджет  │бюджетинин │

│                                     │    №  │           │аткарылышы │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Бардык кирешелер                     │    1  │  1062165,3│  1124274,6│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү   │    2  │   977960,0│  1040069,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│өнөр жай жана башка ишканалар менен  │    3  │   494510,0│   571838,3│

│уюмдардан                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│бюджеттик уюмдардан                  │    4  │   455710,0│   439811,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан │    5  │     3100,0│     2207,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│фермер, дыйкан чарбаларынан          │    6  │    13000,0│     7046,2│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жеке эмгек ишкердик жүргүзгөндөрдөн  │    7  │    11640,0│    19166,0│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│өткөн жылдар үчүн карыздарды жоюу    │    8  │    84205,3│    84205,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Бардык чыгымдар                      │    9  │  1062165,3│  1062165,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│медициналык кызматтарды каржылоо     │   10  │   963165,3│   963165,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│администрациялык чыгымдар            │   11  │    88000,0│    88000,0│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│маалыматтык камсыздоого кеткен       │   12  │     6000,0│     6000,0│

│чыгымдар                             │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│саламаттык сактоону колдоо фонду     │   13  │     5000,0│     5000,0│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│бюджеттин дефицити (-), профицити (+)│   14  │        0,0│    62109,3│

└─────────────────────────────────────┴───────┴───────────┴───────────┘

 

 

4-тиркеме

 

2011-жылга Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо

фондунун бюджетинин аткарылышы

 

(миң сом)

┌─────────────────────────────────────┬───────┬───────────┬───────────┐

│                                     │  пози-│ 2011-жылга│2011-жылдын│

│                                     │ циянын│   бюджет  │бюджетинин │

│                                     │    №  │           │аткарылышы │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Бардык кирешелер                     │    1  │   142010,3│   151681,7│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү   │    2  │   122900,0│   132571,4│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│өнөр жай жана башка ишканалар менен  │    3  │    61790,0│    75644,9│

│уюмдардан                            │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│бюджеттик уюмдардан                  │    4  │    56940,0│    51217,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан │    5  │      390,0│      276,7│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│фермер, дыйкан чарбаларынан          │    6  │     1550,0│      890,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жеке эмгек ишкердик жүргүзгөндөрдөн  │    7  │     2130,0│     4487,5│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│жеңилдетилген тарифтер боюнча        │    8  │      100,0│       54,6│

│уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү   │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│өткөн жылдар үчүн карыздарды жоюу    │    9  │    19110,3│    19110,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│Бардык чыгымдар                      │   10  │   142010,3│   142010,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│анын ичинде:                         │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│санатордук-курорттук дарылануу жана  │   11  │    97099,3│    97995,0│

│эс алуу                              │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│санаторийлерде-профилактирийлерде    │   12  │     7100,5│     7581,0│

│ден соолукту чыңдоо                  │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│балдардын ден соолугун чыңдоо        │   13  │    33550,2│    32156,0│

│борборлорунда ден соолугун чыңдоо    │       │           │           │

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│уюштуруу-административдик чыгымдары  │   14  │     4260,3│     4278,3│

├─────────────────────────────────────┼───────┼───────────┼───────────┤

│бюджеттин дефицити (-), профицити (+)│   15  │        0,0│     9671,4│

└─────────────────────────────────────┴───────┴───────────┴───────────┘