Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

3-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2011-жылдын
4-октябрындагы № 611 токтому
менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары - Департамент) иш жүргүзүү тартибин аныктайт.

1. Жалпы жоболор

1.1. Департамент ЖАМКнын алдындагы ведомстволук бөлүк болуп саналат жана түзөтүү мекемелерин кайтарууга, камалгандарды түзөтүү мекемелеринен жана тергөө изоляторлорунан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык конвой менен коштоп жүрүүгө, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ЖАМКнын төрагасынын атайын тапшырмаларын аткарууга арналган.

Департаменттин аскер кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызмат өтөөсүн жана аскер кызматкерлеринин статусун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары колдонулат.

1.2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

1.3. Департамент өзүнө тапшырылган милдеттерди ЖАМКынын түзөтүү мекемелеринин администрациясы, Кыргыз Республикасынын соттору, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Коргоо министрлиги) мекемелери менен бирге, ал эми согуштук жана өзгөчө абалдар жарыяланганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аткарат.

1.4. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды түздөн-түз аткарууда Департаменттин бөлүкчөлөрү, кароолдору, кезметтери улук ыкчам жана ыкчам башчыларга ыкчам баш ийүүгө өтүшөт.

Улук ыкчам башчылар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ЖАМК төрагасы - Департаменттин башчысына карата;

- ЖАМК төрагасынын орун басарлары - Департаменттин өзүнчө батальондорунун командирлерине карата.

Ыкчам башчылар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- түзөтүү мекемелеринин башчылары - мекемени кайтарууга алган роталардын командирлерине жана кароол башчыларына;

- ЖАМКнын башчылык кылуучу курамынын адамдары - аскердик-күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу баш ийүүгө өтүп жатышкан аскер кезметтеринин башчыларына карата.

Соттордогу кароолдордун башчылары сот жыйынынын учурунда сот процесси жүрүп жаткан мезгилде төрагалык кылып жаткан судьяларга баш ийет.

Улук ыкчам жана ыкчам башчылардын милдеттери жана укуктары мыйзамдарга ылайык аныкталат.

1.5. Департаменттин аскер кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда мамлекеттик органдарга жана юридикалык жактарга жардам сурап кайрылууга укуктуу.

1.6. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдеги аталыштары түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана мыйзамдарга ылайык ачылган эсептери бар юридикалык жак болуп саналат.

1.7. Департамент өзүнүн атынан мүлктүк жана жекече мүлксүз укуктарды алууга жана милдеттерди аткарууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доочу жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө, негизги жана жүгүртмө каражаттарга ээ болууга, өз алдынча баланс жүргүзүүгө укуктуу.

1.8. Департаменттин жайгашкан орду: 720021, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94.

2. Департаменттин иш принциптери

Департаменттин иши мыйзамдуулук, адам укуктарын урматтоо, жеке башкаруу, башкарууну борбордоштуруу, ыктыярдуу тартипте келишим боюнча Департаментти толуктоо принциптеринин негизинде, ал эми толуктоонун келишимдик принцибине өткөнгө чейин - чакыруу боюнча жүргүзүлөт.

3. Департаменттин милдеттери

3.1. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо;

- соттолгондорду жана камакка алынгандарды өзүнүн милдеттеринин чегинде конвой менен коштоп жүрүү;

- атайын жүктөрдү кайтаруу жана коргоо;

- коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук тартибин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.

4. Департаменттин функциялары

4.1. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

а) өздүк курамды тапшырылган милдеттерди аткарууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди аткарууга күжүрмөн даярдыкта кармоо;

б) атайын жүктөрдү жана режимдик объекттерди кайтаруу;

в) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды өз милдеттеринин чегинде түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна, убактылуу кармоочу изоляторлорго, Бишкек шаарында жайгашкан сотторго жана ал соттордун көчмө сессиялары жүрүп жаткан пункттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда; конвой менен коштоп жүрүү;

г) кайтаруудан качып чыккан адамдарды, Департаментти өз алдынча таштап кеткен мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкерлерин, ошондой эле кайтаруудагы объекттерге кирип келген адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу;

д) жапырт эпидемиялар жана эпизоотиялар келип чыккан, жапырт жабырландыруучу куралдарды колдонуунун, ири өрттөрдүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу шарттарындагы карантиндик иш-чараларды жүзөгө ашырууда тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга катышуу;

е) түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынгандардын, аларды темир жол жана автоунаада конвой менен алып жүрүү убагында, ошондой эле сот мекемелеринде алардын жалпы баш аламандыгына жана баш ийбөөчүлүктөрүнө тыюу салуу боюнча чараларды көрүү.

Департаменттин аскер кызматкерлерин "д" жана "е" пункттарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга тартуу ЖАМКнын төрагасынын чечими боюнча ишке ашырылат.

Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү милдеттерин аткарган Департаменттин аскер кызматкерлери бекитилип берилүүчү курал, байланыш каражаттары жана атайын коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат. Милдеттерди аткаруу тартиби, ошондой эле куралдарды жана атайын каражаттарды колдонуу тартиптери мыйзамдарга ылайык аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)

4.2. Департаменттин аскер кызматкерлери милдеттерин аткаруу үчүн белгиленген ченемге ылайык тийиштүү атайын каражаттар, курал-жарактар, аскердик жана атайын техника менен камсыз кылынат.

5. Департаменттин укуктары

5.1. Аскер кызматкерлерине төмөнкүдөй укуктар берилет:

- издөө иш-чараларын жүргүзүүдө эгер жарандар кайтаруудан качып чыккан деген шек туудурган болсо, жарандардын ким экендигин далилдеген документтерди текшерүүгө жана ким экендигин аныктоо үчүн ички иштер органдарына жеткирүүгө;

- кайтаруудан качууга шектүү адамдарды издөөдө менчиктин түрлөрүнө карабастан мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жайларына мыйзам тарабынан каралган соттун чечими жана прокурордун санкциясын алуу керек болбогон шарттардан башка учурларда кирүүгө;

- айрым зарыл болгон учурларда жогоруда көрсөтүлгөн кылмышкерди издеп табууну уюштуруу максатында менчиктин түрлөрүнө карабастан мекеменин, ишкананын жана уюмдардын байланыш, транспорт каражаттарын пайдаланууга (атайын жана дипломаттык унаалардан тышкары).

5.2. Департаменттин аскер кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күч ыкмаларын, атайын каражаттарды жана куралдарды колдонууга укуктуу.

Атайын каражаттардын тизмеси жана аларды колдонуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Департаменттин ишин уюштуруу

6.1. Департамент ЖАМКнын төрагасына баш ийет. Департаментти тикеден тике башкаруу Департаменттин башчысы тарабынан ишке ашырат. Департаменттин башчысы ЖАМКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Башчынын орун басарлары бар, алардын ичинен - биринчиси департаменттин башчысынын сунушу менен ЖАМКнын төрагасы тарабынан кызмат орунуна дайындалат жана бошотулат. Департаменттин башчысы Департаменттин ишин уюштурат жана жетектейт, Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана өз функцияларын аткарууну жүзөгө ашырууга, күжүрмөн даярдыкты сактоого, Департаменттин бөлүкчөлөрүнө өз убагында милдеттерди коюуга жана алардын сапаттуу аткарылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.

Департаменттин башчысы ЖАМКнын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.

6.2. Департаменттин башчысынын ыйгарым укуктары:

- Департаменттин бардык аскер кызматкерлеринин түздөн-түз башчысы болуп эсептелет;

- күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткаруунун кызыкчылыктарына ылайык белгиленген сандын чегинде Департаменттин бөлүкчөлөрүнүн штаттарын бекитет;

- Департаменттин өздүк курамынын күжүрмөн даярдык пландарын жана программаларын бекитет;

- мыйзамдарга ылайык келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскерлердин кызмат өтөөсүн камсыздайт;

- аскер кызматкерлерине катардагы жоокерден улук прапорщикке чейинки аскердик наамдарды ыйгарат;

- Департаменттин офицерлерине кезектеги - "лейтенант", "улук лейтенант", "капитан" аскердик наамдарын ыйгарат;

- ЖАМКнын төрагасына белгиленген шартта офицерлерге: "майор", "подполковник", "полковник" кезектеги аскердик наамдарды ыйгаруу, учурдагы аскердик наамынын белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан ашыгын өтөгөн кенже жана улук офицерлерге кезектеги аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу, ошондой эле мурунку наамында бир жарым мөөнөт өтөгөндөн кийин ээлеген кызмат орду боюнча штатта каралган наамынан бир тепкичке жогору кезектеги аскердик наамын ыйгаруу үчүн сунуштарды киргизет;

- Департаменттин өздүк курамын толуктоо боюнча иштерди жүргүзөт;

- өздүк курам үчүн зарыл болгон социалдык, турмуш-тиричилик шарттардын түзүлүшүн жана материалдык негизинин өнүгүшүн камсыз кылат;

- өзгөчө айырмаланган Департаменттин аскер кызматкерлерин ЖАМКнын төрагасына өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга сунуштарды киргизет;

- Департаменттин аскер кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлайт;

- мыйзамдарга ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражатын башкарат;

- мыйзамдарга ылайык Департаменттин балансынан негизги каражаттарын эсептен чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык Департаменттин аскер кызматкерлерине карата кызматтан бошотуудан башка, шыктандыруу жана жаза берүү чараларын колдонууга укуктуу;

- Департаменттин борбордук аппаратында жана бөлүктөрүндө "Айгай" белгиси боюнча чогулууну жарыялайт.

6.3. Департаменттин согуш маалында колдонулушу боюнча маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

7. Департаменттин аскер кызматкерлерин социалдык жана укуктук жактан коргоо кепилдиктери

7.1. Департаменттин аскер кызматкерлери кызмат өтөөдө ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, бийлик өкүлү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болот. Өзү баш ийген адамдардан башка эч ким аскер кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына кийлигишүүгө укугу жок.

Департаменттин аскер кызматкери өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук коргоого алууга, ошондой эле кызматтан бошотулгандыгы тууралуу буйрук боюнча даттанууга укуктуу.

7.2. Департаменттин аскер кызматкерлеринин медициналык жактан камсыз болуу укугу Департаментте санитардык-гигиеналык, профилактикалык жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү, аскер кызматкерлеринин ден соолугун туруктуу контролдоо, алар жарадар болгондо же ооруп калганда медициналык кызматтарды ЖАМКда медициналык база түзүлгөнгө чейин ички иштер органдарынын медициналык мекемелери тарабынан акысыз жардам берүү жолу менен ишке ашырылат.

Департаменттин аскер кызматкерлерине шашылыш медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурларда, мындай жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жакын жердеги медициналык мекемелери тарабынан көрсөтүлөт.

Департаментин аскер кызматкерлерине мыйзамдарда белгиленген социалдык жана укуктук кепилдиктердин ченемдери толук көлөмдө колдонулат.

8. Материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо

8.1. Департамент материалдык-техникалык ресурстар, азык-түлүктөр менен Өкмөт тарабынан аныкталган ченемдер боюнча камсыз кылынат.

8.2. Департаментти курал-жарактар, ок-дарылар, инженердик жана химиялык мүлктөр, аскердик жана башка техникалар, аппаратуралар, кайтаруунун техникалык каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу колдонуудагы ченемдер боюнча ЖАМК тарабынан ишке ашырылат.

8.3. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен өзүнчө сап менен жүргүзүлөт.

8.4. Департаменттин бөлүкчөлөрүн жайгаштыруу ЖАМК аныктай турган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрү үчүн белгиленген тартип жана ченемдер боюнча жүргүзүлөт.

Түзөтүү мекемелерин кайтаруу милдеттерин аткарып жаткан бөлүкчөлөрдүн өздүк курамын жана башкаруу органдарын жайгаштырууга аскер шаарчаларын, имараттарды жана курулуштарды бөлүп берүү Департаменттин бөлүкчөлөрү кайтарууга алган мекемелердин, объектилердин эсебинен жүргүзүлөт.

Департамент бөлүкчөлөрүнө, коменданттык-диспетчердик, алмашуучу жана өткөрүп берүүчү пункттарды, окуп көнүгүү полигондорун, ок атуучу жайларды, ок атып көнүгүүчү тирлерди, кызматтык үйрөтүлгөн иттерди кармоо үчүн питомниктерди жана башка окуп көнүгүү объекттерди куруу үчүн жер аянтчасын бөлүп берүү үчүн ЖАМКга сунуштарды киргизет.

8.5. Департаменттин аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери үчүн аныкталган үлгүдөгү аскер кийимдерин кийишет.

8.6. Департаменттин аскер кызматкерлери оорусунун мүнөзүнө, оперативдик-кызматтык абалына жараша жана медициналык кызматкерлердин көрсөтмөсүнө ылайык пенитенциардык системасынын, Коргоо министрлигинин, ички иштер органдарынын дарылоо мекемелерине дарыланууга кабыл алынат.

8.7. Департаменттин аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

9. Аскер кызматкерлерин толуктоо жана даярдоо

9.1. Департаментке мөөнөттүү аскердик кызмат өтөөгө чакыруу мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын чакыруу курагындагы жарандарынын эсебинен Коргоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

9.2. Департаменттин аскер кызматкерлерин кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Департаменттин окутуу бөлүкчөлөрүндө, коргоо, ички иштер органдарынын окуу жайларында, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайларда ишке ашырылат.

10. Департаменттин ишин токтотуу

10.1. Департаменттин иши өзгөртүп уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулат.

10.2. Департаменттин өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

10.3. Департаменттин иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап токтотулду деп эсептелет.

10.4. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.