Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f5242364-b344-4a08-b595-ed348b11f1e5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-февралы № 80

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

1-главанын 34-пунктундагы «өсүндүсү» деген сөз «бузулуусу» деген сөзгө алмаштырылсын;

4-главада:

2-пунктундагы «ТИМ» деген кыскартуу «ЭМЖМ» деген кыскартууга алмаштырылсын;

44-пункттун «Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган» графасындагы «УКМК, ЮМ, ИИМ» кыскартуулары «ЮМ» деген кыскартууга алмаштырылсын;

4-глава төмөнкү мазмундагы 93-96-пункттар менен толукталсын:

«

93

«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча катталган юридикалык жактарга, филиалдарга (өкүлчүлүктөргө) күбөлүк берүү, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесинде белгиленгенден башка учурларда

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

94

Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотконун каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн), электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

95

Күрөөлүк каттоо күбөлүгүн жана күрөөлүк билдирүүнү даярдоо жана берүү

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

96

Бирдиктүү мамлекеттик реестрден кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча көчүрмөлөрдү даярдоо жана берүү

ЮМ

ЮМ

Акы төлөнөт

»

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомдон келип чыгуучу чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, эл аралык кызматташуу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев