Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4f4090be-87a2-4b28-b179-ab49cbd7253e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

2013-жылдын 31-октябры № 7-р

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин
 экинчи абзацын, 48-беренесинин экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп табуу
 жөнүндө жарандар Ахмаджон Каримович Рахимовдун, Сатаркул Аскарович Мусабаевдин жана Камчыбек
Кадыркулович Кудайбергеновдун өтүнүчтөрү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төмөнкү курамында:

төрагалык кылуучу: М.Ш.Касымалиев, судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Дж.М Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулова, соттук жыйналыштын катчысы: М.Э.Толобалдиев, кайрылуучу тараптар: С.А.Мусабавдин жана К.К.Кудайбергеновдун, 2013-жылдын 31-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбеков кол койгон ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Р.Б.Бекбасаровдун жана К.С.Карабекованын катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 7, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 18, 24, 37, 42 жана 46-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацын жана 48-беренесинин экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык эмес деп табуу жөнүндө иш каралды.

Судья А.О.Нарынбекованын баяндамасын, жарандар С.А.Мусабаевдин, К.К.Кудайбергеновдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Р.Б.Бекбасаровдун жана К.С.Карабекованын сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы,

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 19-июлунда жаран А.К.Рахимовдон "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацын жана 48-беренесинин экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 4-бөлүгүнө ылайык эмес деп табуу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 29-августундагы аныктамасы менен А.К.Рахимовдун өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Ал эми, 2013-жылдын 12-октябрында жарандар К.К. Кудайбергеновдон жана С.А.Мусабаевден "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 48-беренесинин экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине жана 52-беренесине ылайык эмес деп табуу жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 12-октябрындагы аныктамасы менен алардын өтүнүчтөрү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн өтүнүчтөр бирдей талаптарды камтыгандыктан жана өз ара байланыштуу болгондуктан судья-баяндамачынын 2013-жылдын 16-октябрындагы аныктамасы менен алар бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.

Кайрылган тараптар, өтүнүчтөрүн негиздеп төмөндөгүдөй жүйөөлөрдү келтирет. Жаран А.К.Рахимов Ош областынын Кара-Суу районунун, Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлигин койгон, бирок Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацынын, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан шаарга мэр боло албайт деген талабынын негизинде 2013-жылдын 26-январындагы № 25/6 токтому менен А.К.Рахимовдун талапкерлигин каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алган. А.К.Рахимов бул токтом менен макул болбой, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) кайрылган. Анын арызы БШК тарабынан канааттандыруусуз калтырылган.

Ошондуктан, А,К.Рахимов Конституциялык палатага кайрылып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацы, 48-беренесинин экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп көрсөтөт. Жаран А.К.Рахимов, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын талабы анын Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган, мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга болгон укуктарын бузат деп эсептейт.

Ошондой эле, жаран К.К.Кудайбергенов 2013-жылдын 4-октябрында Конституциялык палатага кайрылып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 48-беренесинин экинчи абзацынын кылмыш" жасагандыгы үчүн соттуулугу бар "Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу жоюлганына же алып салынгандыгына карабастан айыл өкмөтүнүн башчысы болушу мүмкүн эмес деген талабы Кыргыз Республикасынын Конституциянын 52-беренесинин талаптарына карама-каршы келет деп таап берүүнү суранат.

К.К.Кудайбергенов арызында төмөнкүлөрдү көрсөткөн, 2004-жылдын 24-ноябрында Нарын райондук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту, 315-беренеси менен 5 жыл 6 ай эркинен ажыратылып, ошол эле кодекстин 63-беренесинин негизинде жаза шарттуу деп эсептелип, 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Нарын райондук сотунун 2005-жылдын 14-ноябрындагы токтому менен соттуулугу алынып салынган. Ал эми 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын областынын Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Бирок, 2013-жылдын 25-апрелинде Нарын районунун прокурору Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуш келтирип, анда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 48-беренесинин экинчи абзацына ылайык, соттуулугу бар жаран, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эместигин негиз кылып, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууну сунуштаган. Бүгүнкү күндө сунуш чечилген эмес.

Ошондой эле, жаран С.А.Мусабаев 2013-жылдын 9-сентябрында Конституциялык палатага өтүнүч менен кайрылып, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 16-июнунда кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамдын 48-беренесинин экинчи абзацынын талабы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык эмес деп таап берүүнү суранат.

Жаран С.А.Мусабаев арызын негиздеп төмөнкүлөрдү көрсөткөн, 2013-жылдын 28-январында Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын № 3-протоколунун негизинде Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык округунун башчысына шайланган. Аталган протокол БШКнын 2013-жылдын 6-февралындагы № 18 токтому менен бекитилген.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы БШКнын башчысына сунуш келтирип, анда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 48-беренесинин экинчи абзацына таянып, жогоруда көрсөтүлгөн Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-январындагы № 3 протоколун жана БШКнын 2013-жылдын 6-февралындагы № 18 токтомун жокко чыгарууну талап кылган. Анткени ал, 2002-жылдын 3-майында Чаткал райондук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, ушул эле кодекстин 63-беренесинин негизинде жаза шарттуу деп эсептелип, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Чаткал райондук сотунун 2013-жылдын 18-январындагы токтому менен соттуулугу жоюлган.

Бүгүнкү күндө, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Эшалиевдин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 114 буйругу менен С.А.Мусабаев Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Соттук жыйналышта жарандар К.К.Кудайбергенов жана С.А.Мусабаев өтүнүчтөрүндөгү талаптарын колдошуп жана аларды канааттандырууну суранышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Р.Б.Бекбасаров жана К.С.Карабекова кайрылуучулардын келтирилген талаптары менен макул болбой, аларды канааттандыруусуз калтырууну суранышты.

Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып төмөндөгүдөй тыянактарга келет.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык Конституциялык палатада ишти кароонун себептери болуп - жарандар А.К.Рахимов, К.К.Кудайбергенов жана С.А.Мусабаевдердин өтүнүчтөрү, ал эми ишти кароонун негизи болуп каралып жаткан мыйзамдын талаптарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелет.

Каралып жаткан иш боюнча кароонун предмети болуп 2011-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган, 2011-жылдын 22-июлунда "Эркин Тоо" газетасынын № 59 санында басылып чыккан, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы болушу мүмкүн эмес, деген талаптарын камтыган 42-беренесинин экинчи абзацы жана 48-беренесинин экинчи абзацы саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы (2-берене, 1-бөлүк). Кыргызстандын эли өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат (2-берене, 2-бөлүк).

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкарууну эл бийлигинин өзүнчө бир баскычы катары тааныйт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу конституциялык түзүлүштүн негиздери катары таанылып, анын өз алдынчалыгы кепилденип, иш милдеттери менен ыйгарым укуктары мамлекеттик бийлик органдарынан ажыратылгандыгы бекитилген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын - жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздери "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамында кеңири жөнгө салынып, ошолордун чегинде өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоо тартиби бекитилген. Аталган мыйзамдын 5-беренесинин 1, 2-бөлүмдөрүнө ылайык жарандар түздөн-түз жана өз өкүлдөрү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тең укуктуу. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга укуктуу.

Башкача айтканда, жарандардын конституциялык шайлоо укуктары жергиликтүү шайлоо аркылуу жүзөгө ашат. Өз кезегинде аталган укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишке ашуусуна болгон тең укуктуулукту камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлүп тургандай шайлоонун жүрүшүн жөнгө салуу жана өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталат. Белгилүү болгондой, мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негиз салуучу принциптерине негизделип, аларга ылайык келиши зарыл. Ошондуктан, бул тармакта жарандардын шайлоо укуктарын талаптагыдай кепилдөөчү укуктук жөнгө салуу тартибин орнотуу, мыйзам чыгаруучу органга милдет катары жүктөлгөн.

Ага карабастан, жергиликтүү өз алдынча бийликтин аткаруу органдарын шайлоо принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамында түздөн-түз бекитилген эмес.

Бирок, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын 21-беренесине ылайык ар бир адам өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин түрдө шайланган өкүлдөр аркылуу башкарууга катышууга укуктуу; элдин эрки өкмөттүк бийликтин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турган жана жасалмаланбаган шайлоолордон билинүүгө тийиш, ал шайлоолор жалпы жана бирдей шайлоо укуктары болгондо, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылган башка ар кандай формалары аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык Пактынын 25-беренесинин Ь-пунктуна ылайык ар бир жаран эч-кандай дискриминациясыз жана негизсиз чектөөсүз, мезгилдүү, шайлоочулардын эркин билдирүүсүн камсыз кылган, бүткүл жана тең шайлоо укугунун негизинде жашыруун шайлоо менен өткөрүлгөн шайлоодо добуш берүү жана шайлануу укугуна жана мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 1406-ХII токтому менен жарандык жана саясий укуктардын эл-аралык Пактысына жана анын факультативдик протоколуна кошулган.

Жогоруда аталган эл аралык келишимдердин ченемдери, Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз колдонулат.

Эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органы тарабынан шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өзүнүн маңызы боюнча кыйыр шайлоо болуп эсептелет.

Демек, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамдын 43 жана 49-беренелеринде аныкталган шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең шайлоо укугунун негизинде өткөрүлүүгө тийиш.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга болгон жарандын укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2 жана 52-беренелери тарабынан камсыздалган жалпыга бирдей жана тең укуктуу эркин шайлоолордун негизиндеги укуктары абсолюттук мүнөздө болбой, айрым чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Мындай чектөөлөрдү коюуда, сөзсүз төмөндөгү негиз салуучу конституциялык принциптер сакталышы керек: мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү), эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (16-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы), Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (20-берененин 1-бөлүгү), адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (20-берененин 2-бөлүгү), Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес (20-берененин 3-бөлүгү).

Бул жоболор, "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө" эл-аралык Пактынын 25-беренесинин Ь-пункту менен байланыштуу, ага ылайык, жана 2002-жылдын 7-октябрындагы "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу өлкөлөрүндөгү демократиялык шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө" Конвенциянын 1-беренесинин 3-пунктуна ылайык жарандын шайлоо жана шайлануу укугу Конституцияда жана (же) мыйзамдарда бекитилет, ал эми шайлоонун тартибин (шайлоо системасы) мыйзамдуу жөнгө салуу, адамдын жана жарандын жалпыга таанылган укуктарын жана эркиндиктерин, алардын конституциялык жана (же) мыйзамдык ишке ашырылышынын кепилдигин чектебеши же жокко чыгарбашы, дискриминациялык мүнөздө болбошу керек.

Келтирилген жоболордун мааниси боюнча, Кыргыз Республикасында таанылган жана кепилденген жарандардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укугу, демократиялык коомдогу жарандын конституциялык-укуктук статусунун ажырагыс элементи болуп эсептелет, ошону менен бирге ар бир жаранга тең укуктуулук принцибинин негизинде кандай гана болбосун дискриминациясыз жана негизсиз чектөөсүз, тике же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну ишке ашырууга катышууга кепилдик жаратат.

Ошону менен, жарандар "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацынын жана 48-беренесинин экинчи абзацынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принципке карама-каршы келет деп жана 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам укугуна киргизилген чектөөлөрдүн шайкештиги тууралуу талап коюп жатышат.

Мыйзам чыгаруу органы шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, шайлана албайт деп тыюу салууда коомдук кызыкчылыктарды коргоо жана бийликтин криминалдашуусуна бөгөт коюу максаттарын көздөгөн.

Бирок, көрсөтүлгөн мыйзам жобосу менен жаран тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзү, коомдук коркунучтуулугу, оордугу, белгиленген жаза жана кылмыш жасагандан кийин канча убакыт өткөндүгү эске алынбастан чечилген.

Конституциялуулугу каралып жаткан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамдын беренелери маанилүү болгон конституциялык максаттарга өлчөмдөш болбой, жергиликтүү өз алдынча башкарууну шайлоо аркылуу жүзөгө ашыруу үчүн негиз салуучу принциптин аткарылышына жолтоо түзгөн.

Мыйзам чыгаруу орган мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо ыкмаларын жана жолдорун аныктоо учурунда адамдын жана жарандын укуктарын өлчөмсүз чектөөдөн же ажыратуудан баш тартышы зарыл.

Башында басым кылып көрсөтүлүп кеткендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон шайлоолордо тең укуктуулук принциби сөзсүз түрдө сакталышы тийиш. Демек, мыйзам чыгаруучу орган тарабынан пассивдүү шайлоо укугуна киргизиле турган чектөөлөр бардык деңгээлдеги шайлоолорго бирдей аныкталышы керек.

Ошону менен бирге, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту сактоо максатында, социалдык муктаждыктарды туура баалап, криминалдык элементтердин бийликке умтулуусуна жол бербөө үчүн, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугун негиздүү, кылмыштын оордугуна карата чектөө маселеси мыйзам чыгаруучу орган тарабынан токтоосуз каралышы зарыл.

Жогорудагылардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жөнүндө" Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацы жана 48-беренесинин экинчи абзацы, чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн, соттуулугу жоюлган же алып салынган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп табылсын.

Жарандар Ахмаджон Каримович Рахимовдун, Сатаркул Аскарович Мусабаевдин жана Камчыбек Кадыркулович Кудайбергеновдун өтүнүчтөрү жарым-жартылай канааттандырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 42 жана 48-беренелерине ушул чечимдин 1-пунктун аткаруу ирээтинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду токтоосуз киргизүүсү милдеттендирилсин.

3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

 

Төрагалык кылуучу

 

М.Касымалиев

 

Судьялар:

 

 Ч. Айдарбекова