Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\af570d20-8ebb-4bc9-ad2c-eb4ff732ac29\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 136

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын
пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:

- 4-пункту:

мамлекеттик тилдеги тексти төменкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- юстиция системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;";

төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"- келишимдик негизде тартылган адистердин кызматына акы төлөөгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн  откөнд он кийин күчүнө кирет. 

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев