Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын
11 – апрелиндеги № 210 токтому
менен бекитилген

 

Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу

ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.

 

2. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр

 

2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

маалыматтык база – автоунаа каражаттарына берилген мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди топтоо жана текшерүү үчүн арналган атайын уюштурулган программалык маалыматтардын электрондук тутуму;

мамлекеттик каттоочу номердик белги – Кыргыз Республикасынын аймагында автоунаа каражаттарын пайдаланууга уруксат берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган автоунаа каражаттарынын өздүк мамлекеттик каттоочу коду түшүрүлгөн автоунаа каражаттарынын номердик белгиси;

автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белги (мындан ары – ысымдуу номердик белги) – арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жасалган символдор (цифра жана тамга менен) тартылган мамлекеттик каттоочу кошумча номердик белги;

тастыктама - ысымдуу номердик белгини сатып алуу фактысын тастыктаган белгиленген формадагы документ;

ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору” мамлекеттик мекемеси.

 

3. Ысымдуу номердик белгини сатуунун тартиби

 

3. Ысымдуу номердик белгини сатуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан www.gosnomer.sciu.kg расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

4. Ысымдуу номердик белгинин баасы 100000 (жүз миң) сомду түзөт.

Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке которулууга тийиш.

5. Ысымдуу номердик белгини сатып алууну каалаган адам ыйгарым укуктуу органга билдирме берет.

Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- паспорттун көчүрмөсү;

- автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белги үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция;

- менчигинде автоунаа каражатынын болушун тастыктаган документтер.

Арызды карап чыккандан кийин ыйгарым укуктуу орган жумушчу күндүн ичинде адамга анын ысымдуу номердик белгини сатып алгандыгын тастыктаган тастыктама берет.

Тастыктама берилгендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын www.gosnomer.sciu.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Тастыктама төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтыйт:

- адамдын аты-жөнүн, туулган күнүн жана жашаган жерин;

- ысымдуу номердик белгини;

- ысымдуу номердик белгини сатып алган күнүн жана жерин.

6. Тастыктама берилген күндөн тартып адам үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө ысымдуу номердик белгини алуу жана белги койдуруу үчүн кайрылат.

Ысымдуу номердик белги адамга үч жумуш күндүн ичинде берилет.

7. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамга ысымдуу номердик белгини берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:

- ысымдуу номердик белги ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасында болгон жана анын башка ысымдуу номердик белгилерине окшоштуктары болсо;

- ысымдуу номердик белги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аббревиатурасын камтыган болсо;

- ысымдуу номердик белгинин мамлекеттик каттоочу номердик белгилерине окшоштуктары болсо;

- жарандын жеке менчик укугунда автоунаа каражаты жок болсо;

- ысымдуу номердик белгиде төмөнкү символдордун айкалышы камтылган болсо:

конституциялык түзүлүштү күчкө салып кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана башка каалаган мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга, согушка, зордоого жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлөнүүгө, башка элдерге жана улуттарга терсаяктык кылууга үндөөнү;

адепсиз деп эсептелген сөздөрдү.

Каалаган ысымдуу номердик белгини берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жазуу жүзүндө адамга жооп берет жана ошол айкалыштагы символдорду маалыматтар базасына “берүүдөн баш тартылды” белгиси менен киргизет.

 

4. Ысымдуу номердик белгилер үчүн чектөөлөр

 

8. Ысымдуу номердик белгилер төмөнкү талаптарды сактоо менен даярдалат:

- ысымдуу номердик белгинин пластинасы ак фондо болушу зарыл, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлөт;

- номерде сандык символдору (араб) жана латын алфавитинин баш тамгалары камтышы мүмкүн;

- номерде экиден кем эмес тамга болот, алар жеке номердик белгинин баш жагына коюлат;

- ысымдуу номердик белги экиден кем эмес, бирок жетиден ашык эмес символду камтышы керек.