Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2014-жылдын 4-июлу N 36-р

жаран Кубанычбек Асанович Джансеитовдун кызыкчылыгындагы Таалайбек Джапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы Н.А.Илиязованын катчылыгы менен;

кайрылуучу тарап: К.А.Джансеитовдун, ишеним каттын негизиндеги К.А.Джансеитовдун өкүлдөрү Т.Дж.Саатов жана Ж.Кекиликовдун;

жоопкер тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү С.С.Болджурованын;

башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Н.Д.Андашеванын, ишеним каттын негизиндеги Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү В.Г.Брейвонун катышуусу менен

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.

Жаран Т.Дж.Саатовдун жаран К.А.Джансеитовдун кызыкчылыгындагы өтүнүчү ишти кароонун себеби болуп эсептелет.

Ишти кароого негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын ченемдик жобосунун Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелинет.

Сот жыйналышына ишти даярдаган судья - баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп жана иштин сунушталган материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы,

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 3-февралында жаран Т.Дж.Саатовдон жаран К.А.Джансеитовдун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын (мындан ары - Эмгек кодекси) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесинин талаптарына карама-каршы келгендиги жөнүндө өтүнүчү түшкөн.

Берилген материалдарга ылайык, К.А.Джансеитов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертиза мамлекеттик борборунун директорунун орун басары болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2012-жылдын 5-октябрындагы № 199 буйругу менен, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин "д" пунктунун алтынчы абзацына ылайык кызматынан бошотулган.

К.А.Джансеитов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жогоруда көргөзүлгөн буйругуна карата Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Арыз ээсинин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги К.А.Джансеитовду бошотуу жол-жобосун, ал мүчөсү болуп саналган профсоюз уюмунан аны бошотуу жөнүндө алдын ала макулдук албагандыгы менен бузган. Ленин райондук соту 2013-жылдын 21-январындагы чечиминде К.А.Джансеитовдун доо талаптарын канааттандыруудан баш тарткан. Аталган чечимге карата Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына доо арыз түшүп, ал соттук коллегия өзүнүн 2013-жылдын 11-июлундагы аныктамасы менен биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган. К.А.Джансеитовдун Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасына карата жазылган көзөмөл арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан 2013-жылдын 25-ноябрында канааттандыруусуз калтырылган.

Келип түшкөн өтүнүчтөн көрүнүп тургандай, иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууда кызматкерлердин профсоюздук уюмунун, же болбосо башка өкүлчүлүктүү органынын алдын ала макулдашпай туруп эмгек келишимин бузган тартипти караган Эмгек кодексинин талашка түшкөн ченемдери алардын ээлеген кызматына жараша, кызматкерлерди кодулоого жатат. Ошентип, аталган ченемдер менен катардагы кызматкерлерди бошотууда, алар мүчө болуп саналышкан профсоюздук уюмдун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз бошотууга жол берилбейт, ошол эле убакта мекеменин жетектөөчү кызматчылары мындай кепилдиктен ажырап калышкан, алар да ошол эле профсоюздук уюмдун мүчөлөрү болуп саналышат.

Т.Дж.Саатовдун пикири боюнча, Эмгек кодексинин талашка түшкөн ченемдери көмүскө түрдө мекеменин жетекчилерин профсоюз уюмунун катарынан чыгууга жана анын кызматынан колдонбоого мажбурлайт, бул Конституциянын 35-беренеси менен кепилденген биригүү эркиндигине болгон конституциялык эркиндиктен ажыратат.

Эмгек укуктарында жана эркиндиктериндеги бардык чектөөлөр же аларды ишке ашыруу учурунда кандайдыр бир артыкчылык берүү кодулоо болуп саналат, бул Эмгек кодексинин талашка түшкөн ченемдеринде көрсөтүлгөндүгү айкын деп эсептейт арыз берүүчү. Конституция адамды, анын ээлеген кызмат абалына карабастан туруп, кодулоого тыюу салат, ошондой эле адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин жокко чыгаруучу жана кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салат.

Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мыйзамдын жана соттун алдында бардыгы бирдей, бирок Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптарынан келип чыккандай, мекемелердин жетекчилери, алардын орун басарлары катардагы кызматкерлерге салыштырмалуу алардын эмгектик укугун жана эркиндигин коргоо боюнча кемсинтилген абалда болуп калышкан. Өтүнүчтө келтирилген жагдайларды эске алып, арыздануучу Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 35-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы аныктамасы менен жаран Т.Дж.Саатовдун жаран К.А.Джансеитовдун кызыкчылыгындагы өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап жаран К.А.Джансеитов, анын өкүлдөрү Т.Дж.Саатов жана Ж.Кекиликов өздөрүнүн өтүнүчүн колдошуп, аны канааттандырууну суранышты.

Жоопкер-тарап талаштагы Эмгек кодексинин ченемдери Конституцияга карама-каршы келбейт деп жана кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, жыйналышка катышкан башка жактардын түшүндүрүүлөрүн угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда каралган ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы каралат:

"Эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт:

- уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын, кызматка мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар жана башка жарандардын бирикмелери тарабынан шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.".

2004-жылдын 4-августундагы № 106 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 2006-жылы № 4 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

2. Конституцияга ылайык эч ким мүлктүк же башка абалы боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес; бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей; Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек; ар ким биригүү эркиндигине укуктуу (16-берененин 3-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 20-берененин 1-бөлүгү жана 35-берене).

Кыргыз Республикасы өздөрүн эмгекке болгон укугун жана экономикалык эркиндикке, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган экономикалык ишкердүүлүк үчүн өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн эркин колдонууга болгон укугун жүзөгө ашырууда кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктары менен эркиндиктерин бирдей даражада кепилдеген социалдык мамлекет болуп эсептелет (Конституциянын 43-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү).

Кызматчылар менен иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмагын кармап туруу үчүн, мамлекет мыйзамдуу тариздерди, социалдык-экономикалык мамилелер тармагында өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзамдуу жолдорду, ыкмаларды жаратуу үчүн шарт түзөт. Мамлекеттин мындай милдети Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын жоболорунан келип чыгат (8-берене) (Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган) (мындан ары - Пакт), анда каралгандай, "Пакттын мамлекет-катышуучулары ар бир адамдын ишке ашыруу жана коргоо үчүн профсоюздарды түзүү укугун камсыз кылууга милдеттенет, алар тиешелүү уюмдун эрежелерин кармоочу жалгыз шартты аткаруу менен өз каалоосу боюнча мындай уюмдарга мүчө болуп кире алышат". Бул учурда, Пактка ылайык, анткени Конституциянын 6-беренесине ылайык бул Пакт Кыргыз Республикасынын укук системасынын тутумдук бөлүгү болуп эсептелгендиктен, аталган укукту пайдалануу демократиялык коомдо мамлекеттик коопсуздуктун же коомдук тартиптин же башка, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коруу үчүн зарыл болгон учурларды эске албаганда, мыйзамда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай чектөөлөргө жатпайт.

Кесиптик бирликтер (профсоюздар) - өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк да, ошондой эле өндүрүштүк эмес да чөйрөлөрдөгү ишинин түрү боюнча кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери ("Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси). Профсоюздардын негизги милдети болуп (ишмердүүлүгүнүн багыты) иш берүүчүнүн, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында кызматчылардын кызыкчылыктарын көтөрүү жана кызматкерлердин эмгекке болгон укуктарын, алардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Профсоюзга окшогон коомдук бирикмелерди түзүү Конституция тарабынан каралган биригүүгө болгон эркиндик укугунун аркасында ишке ашырылат (35-берене) жана Эл аралык эмгек уюмунун Уставында (мындан ары - ЭЭУ) бекитилген. Бул укуктун негизинде жарандардын эркин билдирүү ыктыярдуулугу жатат - бирикме түзүү жана анын мүчөсү болуу, бул Конституциянын, эл аралык укуктун жана улуттук мыйзамдардын ченемдери менен жар салынган ("Ассоциациянын эркиндиги жана уюштурууга болгон укукту коргоо жөнүндө" ЭЭУнун № 87 Конвенциянын 2-беренеси, Эмгек кодексинин 28-беренесинин 3-бөлүгү, Кыргыз Республикасынын "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамынын 1-беренеси, Кыргыз Республикасынын "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси, Кыргыз Республикасынын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси).

3. Конституция, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин кепилдөө менен, жана ошондой эле жарандардын укуктарын кодулоонун бардык түрлөрүнө тыюу салуу менен, эмгек жана иш менен камсыз кылуу тармагында жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда - ар кайсы категорияларга кирген адамдардын укуктук статусунда айырма орнотууда мыйзам чыгаруучуга тыюу салбайт (ишмердүүлүгүнүн түрү жана шарты боюнча), анын ичинде, эгер бул айырма өзүн өзү актаса жана негизделген болсо, конституциялык маанилүү максаттарга туура келсе, алар менен эмгектик мамилелерин токтотууга байланышкан өзгөчө эрежелерди киргизүүгө тыюу салбайт.

Уюмдун жетекчисинин, анын орун басарынын жана башка жетектөөчү кызматкерлердин укуктук жоболору (укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги) башка кызматчылардын статусунан айырмаланып турат, бул анын уюмду башкаруу тутумундагы эмгек ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган. Белгилей кетүү керек, уюмдун аталган субъекттери эмгек мамилелеринде иш берүүчү тарапта болушат жана анын атынан юридикалык маанилүү аракеттерди жасашат.

Иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери эмгек мамилелеринде: иш берүүчү болуп саналган жеке адам тарабынан, юридикалык жактын башкаруу органдары (менчиктин түрүнө карабастан) же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар (администрация) тарабынан ишке ашырылат. Администрация иш берүүчүнүн өкүлү болуп саналат, бирок кызматкерлер менен, алардын эмгек жамааты менен мамилелерди ишке ашырууда ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда уюмду башкаруу боюнча аныкталган кандайдыр бир укуктар менен милдеттерге ээ эмгек укугунун өз алдынча субъектиси болуп саналат. Администрацияга өз карамагында баш ийген кызматкерлери бар, бардык кызмат адамдары (жетектөөчү кызматкерлер) кирет.

Уюмунун жетекчисин, анын орун басарын жана башка жетектөөчү кызматкерлерди аныктоо учурунда алардын укуктуулуктарына негизденүү керек. Мыйзам чыгаруучу алардын катарына төмөнкү укуктарды киргизет: мыйзамдарда белгиленген тартипте жана шарттарда кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга; жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө; кызматкерлерди сыйлоого; кызматкерлерден уюмда колдонулган эмгек тартибин жана эмгек келишиминин шарттарын аткарууну талап кылууга; мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматкерлерди тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартууга же жоопкерчиликке тартууну демилгелөөгө; эмгекти уюштурууга багытталган жергиликтүү ченемдик актыларды кабыл алууга жана башкалар.

Уюмдун жетекчилери, алардын орун басарлары жана иш берүүчүнүн өкүлдүгүн алган башка башкаруучу кызматкерлер иш берүүчүнүн демилгеси менен иштен бошотулган учурда өздөрүнүн эмгектик укуктарынын кесиптик бирликтер же башка өкүлчүлүк органдар тарабынан корголушуна ээ боло албайт, анткени эмгек мамилелеринде эки башка тарапта турушкандыктан алардын кызыкчылыктары башка кызматкерлердин кызыкчылыктары менен дал келбейт.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу уюмдун жетекчисинин, анын орун басарынын жана уюмдун башка башкаруучу кызматкерлеринин ишинин мүнөзү менен мазмунунун алардын аткарган эмгектик милдеттеринин объективдүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, мыйзам чыгаруучу алар менен эмгек келишимин бузуунун өзгөчө эрежелерин карай алат, ал эми бул болсо Конституциянын 16-беренесинде кепилденген баарынын мыйзам жана сот алдында тең укуктуулугун бузуу катары бааланбайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекстин 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жоболору Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, ал жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы