Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-майы № 250

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 447, 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 525, 2014-жылдын 14-ноябры № 649, 2015-жылдын 25-майы № 319, 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531., 2016-жылдын 6-январындагы № 10, 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Республиканын экономикасынын тармактарын жана калкын электр, жылуулук энергиялары жана отун ресурстары менен камсыздоо, министрликтерди мамлекеттик комитетти, администрациялык ведомстволорду жана региондорду 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилден өтүүгө өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

12. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

13. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

14. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

15. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 «Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункту «максимум күч келүүчү сааттарында» деген сөздөрдөн кийин «, көп батирлүү турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоочу отказандардан башкаларын » деген сөздөр менен толукталсын;

- 4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 9-абзац менен толукталсын:

«- «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» ачык акционердик коомдору негизги катталган жерин аныктоочу документтин негизинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана майыптарына жеке менчик турак жайларын жылытуу максатында кубаттуулугу 4,5 кВт болгон электр энергияны пайдаланууга уруксат берүүсү.».

18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы №593 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2013/2014-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө» токтому.

19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси, өнөр жай жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын
8-майындагы № 250 токтомуна
1-тиркеме

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531, 2016-жылдын 6-январындагы № 10, 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, Штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);

"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).