Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 5-июлундагы № 475 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b38b27d2-6e29-458f-81a9-a2d5141a0934\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 25-марты № 168

"Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө

2009-жылдын 24-анрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-анрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому. "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын отосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2009-жылдын 6-июнунда түзүлгөн Концессиялык келишим менен кайра каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар Министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүү маселеси боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган:

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагындагы 16330,8 га жерди, анын ичинде "Айыл чарбалык багыттагы жерлер" Категориясынан 2222,6 га жерди жана "Запастагы жерлер" категориясынан 14108,2 га жерди "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө:

- yшул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн жер участокторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 7-октябрындагы № 752 "Кумтор Голд Компани" биргелешкен ишканасына жер берүү жөнүндө" токтомуна ылайык мурда берилген 10070 га аянттагы жер участокту, бардыгы 26400,8 га аянттагы жер участокторду "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2009-жылдын 6-июнунда түзүлгөн жана кайра каралган Концессиялык келишимдин жарактуулук мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун 1 -пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн жерлер «Айыл чарбалык багыттагы жерлер» категориясынан жана «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.

3. 26400,8 га аянттагы жер участоктор "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2009-жылдын 6-июнунда түзүлүп, кайра каралган Концессиялык келишимдин жарактуулук мөөнөтүнө тиркемеге ылайык убактылуу пайдаланууга берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү бюджет менен мыйзамда белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине тапшырылсын.

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов