Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 30-июнундагы
№ 360 токтому менен
бекитилген

Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракетинин тартиби жөнүндө
НУСКАМА

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жобо

1. Ушул Нускама "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыздоо тутумунун техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыздоо тутумунун техникалык каражаттары (мындан ары - ИСИИК ТК) - байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн техникалык жана аппараттык-программалык каражаттарынын комплекси;

ИСИИК техникалык каражаттарын башкаруу пункту (мындан ары - ИСИИК БП) - ИСИИКти пайдалануучуда жайгашкан жана анын башкаруусунда турган ИСИИК техникалык каражаттарын башкаруу пункту;

ИСИИКти пайдалануучу - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

абоненттин идентификациялык белгиси - байланыш тутумунда абонентти аныктоочу белги (аяккы жабдуунун жеке абоненттик номери, IP-дарек, мобилдүү түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору (IMEI), абоненттин эл аралык тутумдук идентификатору (IMSI, TMSI).

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү тактикасы мамлекеттик сырды түзөт. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана техникалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөөгө карата ИСИИКти пайдалануучу менен макулдашылган чараларды көрүшөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

4. ИСИИК ТКны киргизүү жана пайдалануу маселелери боюнча электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү ИСИИКти пайдалануучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

2. ИСИИК ТКны киргизүүнүн жана пайдаланууга кабыл алуунун тартиби

5. Электр байланыш операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыш операторлорунун ишке жаңы киргизилүүчү жана колдонуусунда турган жабдуусуна ИСИИК ТКны орнотуу электр байланышынын операторлору, мобилдүү уюктук байланыштын операторлору жана ИСИИКти пайдалануучу менен биргелешип иштелип чыккан ИСИИК ТКны ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын планына (мындан ары - план) ылайык жүргүзүлөт, анда жооптуу адамдар жана 1, 2, 3-тиркемелерде берилген жана ушул Нускаманын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ИСИИК ТКга карата техникалык талаптардан ашпаган көлөмдө пландын ар бир пунктун аткаруунун датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

6. План электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору тарабынан байланыш кызматтарын көрсөтүүгө уруксаттама алган күндөн тартып 30 күндөн кеч эмес, ал эми иштеп жаткан электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлоруна карата - бул Нускама колдонулган күндөн тартып иштелип чыгышы керек жана электр байланышынын оператору, мобилдүү уюктук байланыштын оператору жана ИСИИКти пайдалануучу кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору байланыштын жаңы каражаттарын пайдаланууда, жаңы технологиялык чечимдерди ишке киргизүүдө, байланыш каражаттарын колдонуудан чыгарууда же модернизациялоодо ИСИИКти пайдалануучу электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору менен биргеликте жаңы планды иштеп чыгуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

План үч нускада түзүлүп, алардын бири байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органга, экинчиси - ИСИИКти пайдалануучуга жөнөтүлөт, ал эми үчүнчү нускасы электр байланышынын операторунда жана мобилдүү уюктук байланыштын операторунда сакталат.

7. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору ИСИИКти пайдалануучуга байланыш кызматтарын пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берет, "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, ошондой эле ушул Нускамада белгиленген учурларда аларга бардык байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү, маалымат базасына, байланыш операторунун автоматташтырылган тутумдарына жетүүнү камсыздайт.

Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору ИСИИКти пайдалануучуга төмөнкүлөрдү берет: байланыш тарамдарын жана каналдарын уюштуруунун схемасын жана алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн, сигнализациянын, жабдуунун жана программалык камсыздоонун колдонулуп жаткан тибин жана алардын мүнөздөмөлөрүн; электр байланышынын операторуна байланыш тарамын номерлештирүүнүн бөлүнүп берилген ресурсу (тарамдын префикстерин кошуп), маалыматтарды берүү кызматына кирүү үчүн телефон номерлери жана IP-телефония жөнүндө дайындарды; көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарынын тизмеги жана байланыш кызматтарын пайдалануучулардын эсепке алуу жазмасынын таандыгы тууралуу маалыматтарды; мобилдүү уюктук байланыштын тармагында иштеген мобилдүү түзүлүштөрдүн эл аралык идентификаторлору тууралуу маалыматтарды; электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун базалык станцияларынын идентификаторлорун; тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө мобилдүү уюктук байланыш тарамында иштеген абоненттик түзүлүштөрдүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды.

Байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талап боюнча ИСИИКти пайдалануучуга электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун тармактарын өнүктүрүү пландары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле электр байланышынын операторлору тарабынан көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарынын тизмегин кеңейтүү же өзгөртүү тууралуу маалыматтарды берет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору ИСИИКти пайдалануучунун унаалык тармагына кошулуу чекитине чейин аларга таандык болгон байланыш тармактарында жана каналдарында ушул Нускаманын 1, 2, 3-тиркемелеринде камтылган техникалык талаптарга ылайык келген ИСИИК ТКнын аппараттык-программалык каражаттарын сатып алууну, орнотууну, иштетүүнү жана өз убагында жаңыртууну менчик каражаттарынын эсебинен камсыздашат.

9. ИСИИК ТКны өндүрүүчүнү, жеткирип берүүчүнү жана конфигурациясын тандоону, ИСИИК ТКнын курамын, багытталышын жана маалымат алмашуу каналдарын курууда жана пайдаланууда тараптардын жоопкерчилигинин чеги болуп эсептелген кошулуу түйүндөрүн аныктоону электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору ушул Нускаманын 1, 2, 3-тиркемелеринде камтылган техникалык талаптарга ылайык ИСИИКти пайдалануучуга билдирүү менен жүзөгө ашырат.

10. ИСИИКти пайдалануучунун тарабындагы байланыш каналдарын (линияларын) пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча иштер ИСИИКти пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жана сотко чейинки өндүрүштү, атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашырган башка органдардын республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан бөлүнүүчү үлүштүк каржылоо менен ишке ашырылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун ИСИИК ТК жабдуусунун жана ИСИИКти пайдалануучунун ортосунда байланыш каналдарын (линияларын) уюштуруу жөнүндө чечим ар бир конкреттүү учурда маалыматтык коопсуздук маселелерин эске алуу менен техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугуна негизденип, электр байланышынын операторлору, мобилдүү уюктук байланыштын операторлору жана ИСИИКти пайдалануучу менен бирдикте кабыл алынат.

12. Планды ишке ашыргандан кийин ИСИИКти пайдаланууга берүү электр байланышынын операторунун, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана ИСИИКти пайдалануучунун өкүлдөрүн камтыган комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

13. ИСИИК ТКны ишке киргизүү үчүн электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү аткарышат:

- абоненттер жана аларга кошулган байланыш кызматтары тууралуу маалымат базасын түзүшөт, анын ичинде электрондук эсепке алууну, каттоону жүргүзүшөт жана пайдалануучулар жүргүзгөн кошулуулар тууралуу жазмаларды үч жылга чейин сакташат;

- төмөнкү маалыматтарды камтыган абоненттер жөнүндө байланыш операторунун маалымат базасын түзөт: абоненттин аты-жөнү, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышы, абонент болуп саналган бул юридикалык жактын жетекчисинин жана кызматкерлеринин аты-жөнү, абоненттин дареги же сырткы абоненттик түзүлүштүн (терминалдын) орнотулган жеринин дареги, абоненттик номерлер, абонентти же анын сырткы түзүлүшүн (терминалын) аныктоого (идентификациялоого) мүмкүнчүлүк берген башка маалыматтар, көрсөтүлгөн байланыш кызматын эсептөө тутумунун маалымат базасы тууралуу маалыматтар;

- ИСИИКти пайдалануучунун унаалык тармакка кошулуу түйүнүнө чейин мыйзамсыз кирүүсүн жокко чыгарган ИСИИК ТКнын коопсуздук режиминин сакталышын жана пайдаланылышын, ошондой эле атайын тергөө аракеттерин, изин суутпай издөө жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү фактыларынын жана аны ишке ашыруучу кызматкерлердин купуялыгын камсыздашат;

- ИСИИКти пайдалануучуга электр байланышынын операторунун тарамына кирүүнү камсыздаган абоненттин жекече идентификациялык модулдарын же бардык көрсөтүлүүчү кызматтарын (бирок беш бирдиктен көп эмес) камтыган байланыш каражаттарын беришет, ошондой эле ИСИИК ТКнын иштешин туруктуу текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн электр байланышынын операторунун иштөө мезгилинде алардын ишке жөндөмдүүлүгүн камсыздашат;

- атайын тергөө аракеттерин, изин суутпай издөө жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн байланыш тарамдарынын, каналдарынын жана жабдууларынын техникалык талаптарга шайкеш келүүсүн камсыздашат;

- ИСИИК ТКнын станциялык жабдуусунан ИСИИКти пайдалануучуга чейин ИСИИК ТКнын маалыматын жеткирүү үчүн электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору тарабынан кошулуу түйүнүнө чейин ИСИИК ТК станциялык жабдуусунун ортосунда байланыш каналдарын (линияларын) уюштурат, ошондой эле зарыл болгон канал түзүүчү аппаратура менен камсыздашат;

- ИСИИКти пайдалануучунун кайрылуусунун негизинде ИСИИКти пайдалануучунун кирүүсүн чектөө жаатында ИСИИК ТК жабдуусун өндүрүүчү тарабынан бекитилген талаптарга ылайык технологиялык жай менен камсыздашат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

3. ИСИИК ТКны колдонуунун тартиби

14. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору оператордун аппараттык-программалык каражаттарындагы мүмкүн болуучу өзгөрүүлөргө, аларды ондоого жана алдын алууга карабастан, ИСИИК ТКнын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздашат. ИСИИК ТКнын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн убактылуу токтошуна алып келе турган пландуу оңдоо, алдын алуучу жана башка иштерди өткөрүүдө электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору мындай иштерди өткөрүүнүн мөөнөтү тууралуу ал иштер башталганга чейин 24 саат мурда милдеттүү түрдө ИСИИКти пайдалануучуга билдиришет. ИСИИКтин иштөөсүнө таасирин тийгизген авариялык учурларда электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору тез арада ИСИИКти пайдалануучуга кабарлайт.

15. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн обочолонгон кирүү мүмкүнчүлүгүнүн уюштурулган каналдары боюнча күнү-түнү учурдагы убакыт режиминде абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары тууралуу маалымат базасына пассивдүү кирүү мүмкүнчүлүгүн ИСИИКти пайдалануучуга камсыздоого милдеттүү. Абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары тууралуу маалымат базасы электр байланышынын операторлору тарабынан дайыма жаңыртылып турушу жана үч жылдан кем эмес мөөнөткө сакталышы керек.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында электр байланышынын операторлору, мобилдүү уюктук байланыштын операторлору жана ИСИИКти пайдалануучу милдеттүү түрдө төмөнкү маселелерди кароочу эки тараптуу макулдашууларды түзүшөт:

- купуялыкты;

- ушул Нускамада каралган маалыматтарды ИСИИКти пайдалануучуга берүүнү;

- жабдууларды жайгаштыруу үчүн орундарды жана кабелдерди төшөө үчүн трассаларды бөлүп берүүнү;

- ИСИИКти пайдалануучунун өкүлдөрүнүн байланыш объектисине кирүүсүн;

- байланыштын бардык каналдарында жана тармактарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоону;

- ИСИИК ТКны пайдаланууга берүүнүн жана коопсуздугунун тиешелүү режимин камсыздоо;

- зарыл учурда электр байланыш жана мобилдүү уюлдук байланыш операторунун штаттык кызмат ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карамагына жөнөтүлгөн ИСИИКти пайдалануучунун өкүлү тарабынан ээлөө.

Электр байланышынын оператору байланыш кызматтарын көрсөтүүгө уруксаттаманы алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен, электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюктук байланыштын оператору тарабынан ИСИИКти пайдалануучу менен макулдашуу түзүлүшү керек, ал эми иштеп жаткан электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлоруна карата - ушул Нускама күчүнө кирген күндөн тартып түзүшү керек жана ал электр байланышынын оператору менен ИСИИКти пайдалануучу тарабынан кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору ИСИИКти пайдалануучу менен макулдашуу боюнча ИСИИК ТКны техникалык жактан тейлөөнү жана оңдоону ишке ашырышат жана аны пайдалануунун жүрүшүндө ИСИИКти пайдалануучунун унаалык тармагына кошулуу түйүнүнө чейин техникалык жактан колдоону камсыздашат.

18. ИСИИКти пайдалануучу электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору менен биргеликте байланыш объекттеринде ИСИИК ТКны пайдаланууга берүүнүн шарттарын мезгилдүү текшерүүнү ишке ашырат.

19. Интернет тармагына кирүү боюнча жабдууга кошулуулар жөнүндө жазмаларды эсепке алуунун, каттоонун, сактоонун жана берүүнүн тартиби Интернет тармагында абоненттин маалыматы түрүндө жүргүзүлгөн сессияларды дайыма каттоо жолу менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкү негизги саптарды камтыйт:

- пайдалануучунун идентификациялык реквизиттерин;

- стандарттык форматтагы убакытты;

- кошулуунун түрүн;

- пайдалануучу тарабынан тармакка берилген трафикти (көлөмү жана/же узактыгы);

- пайдалануучу тарабынан тармактан алынган трафикти (көлөмү жана/же узактыгы);

- сессиянын идентификациялык номерин;

- тармакта болгон убакытты;

- ажыратуунун себебин;

- пайдалануучунун компьютерине бөлүнгөн кошулуунун протоколун;

- пайдалануучунун компьютерине бөлүнгөн IP-даректи;

- чалуунун номерин;

- абоненттин чыгыш номерин;

- кошулуу тууралуу кызматтык маалыматты;

- маалыматты алуунун ылдамдыгын;

- маалыматты берүүнүн ылдамдыгын.

20. Интернет тармагына кирүү кызматын көрсөткөн электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору сактоодогу маалыматтарга кандайдыр бир өзгөртүү кирбешине кепилдик берген функцияны камсыздоо менен абоненттердин кошулуу статистикасын камтыган маалыматтын үч жылга чейин сакталышын камсыздайт.

4. Атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө электр байланышынын операторлорунун жана мобилдуү уюктук байланыштын операторлорунун ИСИИКти пайдалануучу менен өз ара аракеттенүү тартиби

21. Абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жана электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун автоматташтырылган тутумдары жөнүндө маалымат базаларында камтылган маалыматтарды берүү "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиздер жана шарттар болгон учурда жүзөгө ашырылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Кошулуулар жөнүндө маалыматты алуу, байланыштын техникалык каналдарынан, компьютердик тутумдардан жана башка техникалык каражаттардан маалыматты алуу, ошондой эле электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун тармактарында жана каналдарында башка иш-чараларды жүргүзүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

- тергөөчү жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты алуу үчүн ИСИИКти пайдалануучуга тийиштүү сот актысы тиркелген расмий бланкта жазылган суроо-талап жөнөтөт;

- суроо-талапта абоненттин номери жана (же) IP-дареги жана маалымат берилиши керек болгон мезгил көрсөтүлүшү керек;

- ИСИИКти пайдалануучу ишке ашырылган кошулуулар, байланыштын техникалык каналдарынан, компьютердик тутумдардан жана башка техникалык каражаттардан маалыматтарды алуу тууралуу кабарларды берүүнү таанышууга чек коюлган өзүнчө эсепке алуу документтеринде каттайт;

- сот актылары кошо тиркелген аткарылган суроо-талаптар ИСИИКтин колдонуучусунда калат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө түздөн-түз электр байланышынын операторлорунан жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунан кошулуулар жөнүндө маалыматты алуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

24. ИСИИКтин колдонуучусу электр байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү процессинде:

- электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюлдук байланыштын операторлору тарабынан ИСИИКти ишке киргизүүнү жана пайдаланууну жөнгө салат;

- электр байланыш операторунун жана мобилдүү уюлдук байланыш операторунун күнөөсү боюнча ИСИИК ТКнын иштеши 7 күн катары менен күн сайын 1 сааттан ашык үзгүлтүккө учураган, ИСИИК ТКнын иштеши 48 сааттан үзгүлтүккө учураган, электр байланышынын оператору жана мобилдүү уюлдук байланыштын оператору ИСИИКке тийиштүү болгон уруксаттамалык талаптарды бузган учурларда, ИСИИК колдонуучу байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү тууралуу өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.

Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы, абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды колдонуу үчүн жоопкерчиликти сотко чейинки өндүрүштү жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдары тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

 

Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускамага
1-тиркеме

Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө маалыматтарды берүү функциясын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын тутумуна
ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул техникалык талаптар атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдөгү функциясын камсыздоо (мындан ары - ИСИИК) боюнча Интернетке, телематикалык кызматтарга жана маалыматтарды берүүгө кирүү кызматын көрсөтүүчү байланыш операторлорунун түйүндөрүнө орнотулган техникалык каражаттардын тутумунун түзүлүштөрүнө (ТТ) коюлат.

2. ИСИИК ТТ - маалыматтарды берүү, телематикалык кызматтар, Интернет кызматтарын конкреттүү пайдалануучулар тарабынан берилүүчү жана кабыл алынуучу маалыматты алуу, иштеп чыгуу жана башкаруу пункттарына (мындан ары - БП) маалыматтарды берүү үчүн арналган.

3. ИСИИК ТТ - 4 (RFC 791 [2] сунуштамасы) же 6 (RFC 1883 [3] сунуштамасы) версияларынын IP маалыматтарын берүүнүн тармактык протоколун пайдалануучу дайындарды берүүнүн тарамдык түйүндөрүнө орнотууга багытталган.

2. Жалпы талаптар

4. ИСИИК ТТ маалыматтарды кабыл алуу, берүү же ташуу үчүн колдонулган технологияга ылайык, маалымат берүү тармагынын түйүндөрүнүн жабдууларынын портторуна (же макулдашылган түзүлүш боюнча кабелдерге) кошулуу мүмкүнчүлүгү болушу керек (Ethernet IEEE 802.3, SDH, CWDM, DWDM ж.б.) жана түйүндөн тышкары ИСИИК ТТны табуу мүмкүнчүлүгүн жоюу керек.

5. ИСИИК ТТ маалыматтарды берүү тарамынын (мындан ары - МБТ) түйүндөрүн жабдууга ар кандай маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн алып салуусу керек.

6. ИСИИК ТТ башкаруунун бир интерфейсине ээ болушу керек. ИСИИК ТТны башкаруу обочолонгон БПдан жүргүзүлүшү зарыл.

7. ИСИИК ТТ өзүнүн иштөө абалына карабастан (иштөөсү, бузулушу, кайра иштетүү) МБТ түйүндөрүнүн башка жабдууларынын иштөөсүн бузбоосу керек.

8. ИСИИКтин курамына төмөнкүлөрдүн кирүүсү зарыл:

- ИСИИКке карата талаптарды ишке ашырууну камсыздаган жана обочолонгон башкаруу пунктунун (мындан ары - БП) курамына кирген аппараттык-программалык каражаттар;

- ИСИИКке карата талаптарды ишке ашырууну камсыздаган жана МБТ-ИСИИК ТТ түйүнүнүн (түйүндөрүнүн) жабдууларынын курамына кирген аппараттык-программалык каражаттар;

- МБТ-ИСИИК ТТ жана БП ортосундагы байланышты уюштурууну камсыздаган байланыш каналы (байланыш тилкелери жана канал түзүүчү аппаратура);

- ИСИИКтин иштөөсүнүн коопсуздугун жана купуялыгын камсыздоочу программалык каражаттар.

Эскертүү. Канал түзүүчү аппаратура ИСИИК ТТнын маалыматтарды берүү тарамынын жабдууларынын курамына кирүүсү керек.

3. Конструктивдүү аткарууга талаптар

9. ИСИИК ТТ өзүнчө корпуста конструктивдүү аткарылышы керек.

10. ИСИИК ТТны корголгон аткарууга гана жол берилет.

11. ИСИИК ТТнын тыш өлчөмдүк өлчөмдөрү жана массасы бул жабдуунун техникалык шарттарына шайкеш келүүсү зарыл.

12. ИСИИК ТТ конструкциясы аны тейлөөнүн жана оңдоонун ыңгайлуулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоосу керек.

4. Функционалдык талаптар

13. ИСИИК ТТ конкреттүү пайдалануучулар тарабынан кабыл алынган жана жөнөтүлгөн бардык маалыматтарды алууну, иштеп чыгууну жана БПга берүүнү ишке ашырышы зарыл.

14. МБТ түйүнүнүн конкреттүү пайдалануучусуна таандык маалыматты ИСИИК ТТнын тандап алуусу тандоонун төмөндөгү параметрлери боюнча ишке ашырылышы керек:

- туруктуу IP-дареги;

- пайдалануучунун эсепке алуу жазмасынын аты (login);

- электрондук дареги (e-mail);

- телефондук номери же АОН тутуму аркылуу берилген пайдалануучунун телефондук линиясынын идентификатору.

ИСИИК ТТ маалыматты тандоону идентификациялоонун толук параметри, ошондой эле толук эмес параметри боюнча да камсыздоого тийиш.

15. ИСИИК ТТ тандоонун параметрлеринин 2000ден кем эмес маанилерин колдоону камсыздоосу керек:

- "пайдалануучунун эсепке алуу жазмасынын аты", "телефон номери" параметрлери боюнча конкреттүү пайдалануучулардын маалыматтарын ИСИИК ТТ тарабынан тандоо RADIUS проколдору менен берилген (RFC 2138 [4] жана RFC 2059 [5] сунуштары менен) жана TACACS + (шифрлөөнүн ачкычтары болсо) ага динамикалуу бөлүнүп берилген IP-дарегин аныктоо жолу менен камсыздалышы керек;

- "электрондук дарек (e-mail)" параметри боюнча конкреттүү пайдалануучунун маалыматын ИСИИК ТТ тарабынан тандоо, (RFC 791 [2] сунушу) же ( RFC 1883 [5] сунушу), TCP ( RFC 793 [6] сунушу) боюнча, (RFC 821 [7] сунушу), POP3 (RFC 1939 [8] сунушу), IMAP4 (RFC 2060 [9] сунушу), ESMTP (RFC 1869 [10] сунушу) SMTP аталыштарындагы "е-mail" андан ары аныктоо менен 4-версиядагы IP протоколдорун декодировкалоо жолу менен камсыздалышы керек;

- ИСИИК ТТ конкреттүү пайдалануучулардын "Толук" жана "Статистикалык" контролдоо режиминде тандоосун камсыздоого тийиш. "Толук" контролдоо режиминде БПга пайдалануучулардын бардык маалыматтары жиберилиши керек. "Статистикалык" контролдоо режиминде БПга байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндөгү маалымат гана берилиши керек;

- ИСИИК ТТ "RADIUS" жана "TACACS+" аутентификациялоо протоколдорунун маалыматтарын иштеп чыгуунун натыйжасында алынган статистикалык маалыматтарды жыйноону ишке ашырышы керек;

- ИСИИК ТТ башкаруу пункту (БП) менен ИСИИК ТТнын ортосундагы байланыш каналындагы жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берүүчү тандалып алынган маалыматты орто аралык сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек жана маалыматтын жоголуп кетүүсүн четтетүүсү зарыл;

- ИСИИК ТТ № 1 таблицада келтирилген өндүрүмдүүлүккө ылайык алты класстын бирине шайкеш келүүсү керек.

Таблица № 1

Begin_nocompare

ИСИИК ТТнын классы

Иштеп чыгууну ИСИИК ТТ камсыздашы керек болгон маалымат агымынын ылдамдыгы, Мбит/с, кем эмес

ИСИИК ТТ - БП байланыш каналындагы маалыматтарды берүүнүн камсыздалган ылдамдыгы

1

10

128 (33,6) кБит/с

2

100

>2048 Мбит/с

3

400

>7 Мбит/с

4

1000

>10 Мбит/с

5

10000

>100 Мбит/с

6

40000

>1000 Мбит/с

End_nocompare

5. ИСИИК ТТнын ишке жөндөмдүүлүгүн контролдоого талаптар

16. ИСИИК ТТ өзүнүн иштөөсүн жана туташтыруунун интерфейстеринин физикалык биригүүлөрүн ишке ашыруулары керек.

17. ИСИИК ТТ менчик программалык каражаттардын иштешин контролдоону, маалыматты алуу чекитиндеги (чекиттериндеги) тарамдын жүктөмүнө дайыма мониторинг жүргүзүү, анын ичинде жүктөмдүн кошунду көлөмүнө, бош калган эске тутуу көлөмүн контролдоону ишке ашырууну камсыздашы зарыл.

18. ИСИИК ТТ төмөнкү параметрлерди контролдоону камсыздоосу керек:

- азыктандыруу булагындагы чыңалуунун чыгуу мааниси;

- борбордук процессордун температурасы;

- борбордук процессорду муздатып туруучу желдеткичтин айлануу ылдамдыгы.

Параметрлердин маанилеринин максималдуу жана минималдуу болуусу ИСИИК ТТнын иштеп чыгуучулары тарабынан аныкталат.

19. ИСИИК ТТ төмөнкү окуялар жөнүндө маалыматтарды атайын файлда (log-file) жазууну ишке ашырышы керек:

- жүргүзүү жана токтотуу;

- БП менен байланышты түзүү жана жоготуу;

- туташуунун интерфейстеринин физикалык биригүүсүн жоготуу;

- техникалык талаптардын 24-пунктунда аталган кайсы бир параметрлердин жол берилген маанилеринен четтөө.

Ар бир окуя үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

- окуянын тиби;

- убактысы жана күнү;

- параметрлердин мааниси;

- иштеп чыгуучу аныктаган кошумча тексттик маалымат.

20. Техникалык талаптардын 25-пунктунда аталган бардык маалыматтарды БПга берүүнү ИСИИК ТТ ишке ашырышы керек.

6. Санкциясыз кирүүдөн маалыматтарды коргоо боюнча талаптар

21. ИСИИК ТТ корпусу коргоодо турушу үчүн бекитилүүчү түзүлмө менен жабдылышы керек. Үзгүлтүксүз энергия берүү булактары, энергия берүүнү өчүрүүчү, башкаруунун жана башка органдары ИСИИК ТТ корпусунун ичинде жайгаштырылышы керек. ИСИИК ТТ корпустун ачылган фактысын аныктоого мүмкүндүк берүүчү билдиргичтер (датчиктер) менен, анын ичинде сырткы энергия берүүчү өчүрүлгөн учурда да жабдылуусу керек. Эгер ачып кароо туташтырылган учурда жүргүзүлсө, ИСИИК ТТ төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:

- энергияга көз карандысыз эске тутуу түзүлмөлөрүндө контролдоо объекттери жөнүндө бардык маалыматтарды жок кылуу;

- корпусту ачып көрүү тууралуу маалыматты атайын файлга (log-file) жазуу;

- БПдагы ИСИИК ТТ корпусунун ачылгандыгы тууралуу маалыматты берүү (БП менен байланыш болгон учурда). Эгер ачып көрүү БП менен байланыш үзүлгөн учурда жүргүзүлсө, ачуу фактысы энергияга көз карандысыз эске тутууда жазылып калышы, ал эми маалымат байланыш орнотулгандан кийин берилиши керек;

- операциялык тутумдун бардык түзүлмөлөрүндөгү жана процесстериндеги ишти  туура аяктоо;

- ИСИИК ТТны өчүрүү.

22. Тарамдан энергия 30 секунддан ашык убакытка келбеген учурда корголгон вариантта аткарылган ИСИИК ТТ төмөндөгүлөрдү аткарышы керек:

- контролдогу пайдалануучулар жөнүндө энергияга көз карандысыз эске тутуу түзүлмөлөрүндөгү бардык маалыматты жокко чыгаруу;

- БПга энергия бергичтин туташпай калгандыгы тууралуу маалыматты билдирүү (БП менен байланыш бар учурда);

- операциялык тутумдун бардык түзүлмөлөрүндөгү жана процесстериндеги ишти туура аяктоо;

- ИСИИК ТТны өчүрүү.

23. Корголгон аткаруудагы ИСИИК ТТ туташууну өчүргөндөн кийин, иш жөндөмдүүлүгүн 5 мүнөттөн кем эмес сактап турушу керек.

24. ИСИИК ТТны авариялык токтотууларда жана андан ары кайрадан иштетүүдө тандоо параметрлери аларды БПдан берүү жолу менен калыбына келтирилиши зарыл.

7. ИСИИК ТТ менен башкаруу пунктунун ортосундагы башкаруу каналын уюштуруу боюнча талаптар

25. ИСИИК ТТ менен БПнын өз ара аракеттенүүсү TCP/IP протоколу боюнча ишке ашырылышы керек.

26. TCP/IP протоколунун физикалык деңгээли катарында V.24 интерфейси (МСЭ-Т [11] сунуштары) же Ethernet колдонулушу керек.

27. IP-дареги же TCP-порту ИСИИК ТТны башкаруу үчүн МБТ [10] түйүнүндө аны инсталляциялоодо берилиши керек.

28. Маалыматтарды берүү каналын резервге коюу камсыздалышы керек.

29. Негизгиси бузулган учурда резервдик каналга которуп туташтыруу камсыздалышы керек.

30. Маалымат алмашуу байланыштын бөлүнүп берилген каналы боюнча дуплекстик режимде, МБТ кызматынын керектөөчүлөрүнө максималдуу жол берилген ылдамдык менен ишке ашырылышы керек.

31. ИСИИК ТТ менен БПнын ортосундагы байланышуу протоколу (кызматтык маалыматтын түрү, ИСИИК менен БПнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алгоритми, маалыматтык билдирүүлөрдү берүүнү уюштуруу) ИСИИК ТТ программалык камсыздоону иштеп чыгуу процессинде ИСИИКтин ыйгарым укуктуу пайдалануучусу менен макулдашуу боюнча аныкталышы зарыл.

32. ИСИИК ТТ менен БПнын ортосундагы МБТ үчүн маалымат алмашуу каналдары боюнча дайындарды берүүнүн коопсуздугун камсыздоого техникалык талаптар ИСИИКтин ыйгарым укуктуу пайдалануучусу аныктаган адамдардын чектелген тобуна багытталган.

8. Электр берүүгө талаптар

33. ИСИИК ТТга электр берүү чыңалуусу 220 В жана жыштыгы 50 Гц болгон өзгөрүлмө токтун бир фазалык булагынан ишке ашырылышы керек.

34. Өзгөрүлмө токтун булагынын параметрлеринин жол берилген өзгөрүүлөрү төмөнкүдөй болуусу керек:

Begin_nocompare

- чыңалуу, В

187-242;

- жыштык, Гц

47,5-52,5;

- тилкелик эмес жылышуулар, %

10;

төмөндөгүдөй учурларда ИСИИК ТТ бузулушу мүмкүн эмес:

- номиналдык мааниге карата чыңалуунун кыска мөөнөттүү (узактыгы 3 секундга чейин) өзгөрүүлөрүндө, %

±40;

- импульстук өтө чыңалууларда (10 мкс чейинки узактыкта), В

±1000.

End_nocompare

Аталган таасирлердин ар бири ошол таасир этүүлөргө байланышкан санариптик каталардын пайда болуусуна же сигнализация жана көзөмөлдөө түзүлмөлөрүнүн иштеп кетүүсүнө алып келбөөгө тийиш.

9. Ишенимдүүлүккө талаптар

35. Жабдуулардын иштебей калуусунун ортосундагы орточо убакыт 8000 сааттан кем болбоосу керек.

36. Бузулууларды иштен чыккан блокторду алмаштыруу жолу менен калыбына келтирүүнүн убактысы бузулууну чектөөнүн убактысын эсепке албаганда 30 мүнөттөн ашпоосу зарыл.

37. ИСИИК ТТнын кызмат өтөө мөөнөтү 7 жылдан кем болбоосу керек.

10. Контролдоо методдору

38. ИСИИК ТТнын бардык сыноолору, эгер алардын режими кошумча сүйлөшүлбөсө, электр берүүнүн номиналдык чыңалуусунда нормалдуу климаттык шарттарда өткөрүлүшү керек:

Begin_nocompare

- айланадагы абанын температурасы, °С

- 25±10;

- абанын салыштырма нымдуулугу, %

- 45тен 80ге чейин;

- атмосферанын басымы, кПа (мм сымап мамычасы)

- 84төн 107ге чейин;
(630дан 800гө чейин).

End_nocompare

39. 30°С температурада жана андан жогору болгондо абанын салыштырмалуу нымдуулугу 70%дан ашпоого тийиш.

11. Кыскартуулардын тизмеси

Бул техникалык талаптарда төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

Begin_nocompare

МВТ

-

маалыматтарды берүү тармагы;

ЭЭБС-Т

-

Эл аралык электр байланыш союзунун электр байланышын стандартташтыруу сектору;

ИН

-

идентификациялык номер;

МБ

-

маалыматтарды берүү;

БП

-

ИСИИКтин башкаруу пункту;

ЖД

-

жетектөөчү документ;

ИСИИК

-

атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларынын, атайын тергөө аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын функцияларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын тутуму;

ТМК

-

телематикалык кызматтар;

ЖКТТ

-

жалпы колдонуудагы телефондук тарам;

ESMTP

-

SMTP Service Extensions (почта билдирүүлөрүн берүүчү кошумча протокол);

IETF

-

Internet Engineering Task Force (Интернет тарамынын маселелерин чечүү үчүн бөлүм)

IMAP4

-

Internet Message Access Protocol - version 4, revision 1 (Интернет тарамындагы жеткиликтүүлүк билдирүүлөрүнүн протоколу, 4-версия);

IP

-

Internet Protocol (Интернет протоколу);

POP3

-

Post Office Protocol - version 3 (почта кызмат көрсөтүүлөрүнүн протоколу, 3-версия);

RFC

-

Request for Comments (Интернет тарамынын стандарты);

SMTP

-

Simple Mail Transfer Protocol (почта билдирүүлөрүн берүүнүн протоколу);

TCP

-

Transmission Control Protocol (берүүнү башкаруу протоколу).

End_nocompare

 

 

 

Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускамага
2-тиркеме

Көчмө байланыштын тарамдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө функцияларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын тутумуна
ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

1. ИСИИКтин багыты

1. Бул техникалык талаптар көчмө байланыштын жана жалпы пайдалануудагы абоненттик радионун төмөндөгү тарамдарынын ИСИИК тутумуна жайылтылат: GSM, NMT-450, CDMA, MPS (NAMPS, DAMPS), UMTS, 3G, LTE стандарттарындагы уюлдук байланыш тарамдарына, DECT, CDMA стандарттарындагы абоненттик радионун тарамына, ошондой эле көчмө радиотелефондук, радиалдык, транкинговдук, зымсыз радио тутумдарга жана Кыргыз Республикасынын тарамдарына аларды киргизүүдө абоненттик радио тутумуна жайылтылат.

2. ИСИИК - стандарттарга ылайык алып келинген же иштелип чыккан көчмө байланыш тутумунун жабдууларынын курамына кирүүчү аппараттык-программалык каражат катары уюштурулушу керек.

3. Бул техникалык талаптар шифрлөөнү колдонуу учурунда жана берилүүчү маалыматты коргоонун башка ыкмаларында камсыздалат. Контролдоо обочолонгон башкаруу пунктунан (мындан ары - БП) бул пунктту ИСИИКтин аппараттык-программалык каражаттары менен өз ара аракеттендирүү жолу менен жүргүзүлүшү зарыл.

4. ИСИИК көчмө байланыштын тарамдарында төмөндөгүлөрдү камсыздоосу керек:

- көчмө байланыштын контролдонуучу пайдалануучулары жөнүндөгү маалыматты 3 жылга чейин сактоо үчүн маалыматтар базасын уюштуруу жана БПнын дайындарын оперативдүү башкарууну;

- маалыматтарды берүү каналдары боюнча башкаруу пункту менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле туташтырууларды контролдоо үчүн сүйлөшүү каналдарын БПга чыгарууну;

- Е1 агымдарынын базасында тилкелик тракттардын жабдуулары менен, ал эми кээ бир учурларда - физикалык тилкелер менен тогошуусун;

- ИСИИК маалыматтарын санкциясыз кирүүдөн коргоо;

- маалыматтар базасына кирүү жана көчмө байланыштын тарамдарынын (мындан ары - КБТ) пайдалануучуларынын менчигинин түрүнө карабастан, жеке жактардын же уюмдардын так дарегин көрсөтүү менен көчмө байланыш аппараттарынын (мындан ары - БПА) таандыгы боюнча маалыматты кабыл алуу;

- байланыш операторлорунун абоненттеринин кошулуусу жөнүндө маалыматтар базасына ээ болуу.

5. КБТнын штаттык жабдууларынын курамына ИСИИК кириши керек. ИСИИК КБТ өзүнө:

- ИСИИКтин программалык каражаттарын, каттоочуларды жана БПнын жумушчу орундарын;

- аппараттык каражаттарды, анын ичинде БП курамындагы ИСИИКтин аппараттык каражаттарын, каттоочуларды, ошондой эле берүүнүн санариптик тутумунун жабдууларын (мындан ары - БСТ), БПга орнотулган маалыматтарды берүүнүн аппаратураларын, каналдарды түзүүчү жана перифериялык жабдууларды камтышы керек.

6. ИСИИКтин функцияларын ишке ашыруу тарамдын абоненттерин тейлөөнүн сапаттуу мүнөздөмөлөрүн начарлатпашы керек.

2. Көчмө байланыштын тарамдарындагы ИСИИКке карата техникалык талаптар

7. ИСИИК көчмө байланыштын айрым пайдалануучуларын контролдоону төмөндөгү параметрлер боюнча камсыздоосу керек:

тарамдын энчиленген номери;

көчмө абоненттин идентификатору;

көчмө станциянын идентификатору (мындан ары - КС).

Эскертүү: КС идентификатору боюнча контролдоо көчмө байланыштын стандарттарынын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ишке ашырылат.

8. ИСИИК төмөнкүлөрдү камсыздоосу керек:

- көчмө байланыштын контролдонуучу абоненттеринин кирүүчү жана чыгуучу чакырууларын көзөмөлдөөнү;

- көчмө байланыштын бардык абоненттеринен (мындан ары - КБА) айрым абоненттерге карата (В номери боюнча талдоо) чыгуучу чакырууларды (жергиликтүү, зона ичиндеги, шаар аралык жана эл аралык) контролдоону;

- контролдонуучу көчмө байланыштын абоненттеринин (КБА) тарамда жайгашуусунда алардын орду жөнүндө маалыматтарды берүүнү;

- чакырууну башкарууну берүүнүн бардык жол-жоболорунда белгиленген туташтырууларды контролдоону сактоону;

- көчмө байланыштын абоненттерине байланыштын кошумча кызматын көрсөтүүдө, тактап айтканда, чакыруунун багытын өзгөртүүчү чакырууларды контролдоону. КБАга мындай кызмат көрсөтүүдө, туташтырууну орнотуу процессинде, чакыруу кайрадан жиберилген номерлер контролдонушу керек (сүйлөшүү абалына келгенге чейин чакыруу бир нече жолу кайрадан жиберилиши мүмкүн);

- "Видеочакыруу" кызматын колдонуучу абоненттердин чакырууларын контролдоону;

- телефондук жана телефондук эмес маалыматтарды (маалыматтарды берүү, факсимилдик байланыш, кыска билдирүүлөр) берүүнү камсыздоочу туташтырууларды көзөмөлдөөнү;

- контролдонуучу КБАга бир мезгилде бир нече абоненттер менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүнү камсыздоочу кошумча кызматты, мисалы, "конференцбайланышты" көрсөтүүдө, бардык абоненттердин номерлери контролдонушу керек;

- БПдан суроо-талап боюнча КБА жөнүндө маалыматты анын идентификатору же энчиленген номери боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн.

9. Контролдонуучу КБАнын идентификаторлору, ошондой эле белгиленген телефон тарамынын жана аны менен бул тарамдын абоненттеринин бардык чыгуучу туташтыруулары контролдонууга тийиш болгон көчмө байланыштын башка тутумдарынын контролдонуучу абоненттеринин телефон номерлери БПдан берилиши жана ИСИИКтин тиешелүү маалыматтар базасына киргизилиши керек.

10. Контролдонуучу көчмө абоненттердин идентификаторлорунун максималдуу саны КБА 10000 сыйымдуулуктагы станциялар үчүн 128 эсебинде аныкталышы керек, бирок станциялардын көлөмүн максималдуу көбөйтүүдө 1024 санынан ашып кетпеши керек, контролдонуучу В номерлеринин саны (башка тармактардын абоненттери) коммутатордун кайсы гана сыйымдуулугунда болбосун 1024 санынан ашпоосу зарыл.

Мында ИСИИК № 1 таблицада көрсөтүлгөн белгиленген туташтыруулардын төмөндөгү чектелген санын бир мезгилде контролдоону камсыздоосу керек.

№ 1 таблица

Коммутатордун сыйымдуулугу

Коммутатордогу контролдонуучу КБАнын саны

Башка тармактардын контролдонуучу абоненттеринин саны

Туташууларды бир мезгилде көзөмөлдөө (көп)

ИКМ-30 тракттарынын саны (көп)

STM1 тракттарынын саны (көп эмес)

200000

40960

40960

8960

16

16

11. БПда сүйлөшүү тракттары боюнча маалыматтарды берүү үчүн колдонулган байланыш каналы контролдонуучу чакыруу менен катар орнотулат. Мында БПны карай бир тараптуу гана тракт орнотулат.

3. Контролдоонун категориялары

12. Бул тарамдын контролдонуучу КБА тарабынан контролдоонун төмөндөгү категориялары ыйгарылышы керек:

- толук контролдоо;

- А жана В тараптарынын абоненттерин аралаш контролдоо режими;

- А жана В тараптарынын абоненттерин айрым көзөмөлдөө режими;

- статистикалык көзөмөлдөө.

13. БПда толук контролдоо учурунда туташтырууну орнотуу фазасы жөнүндө маалымат, контролдонуучу чакыруулар жөнүндө дайындар убакыттын реалдуу масштабында берилет, ошондой эле сүйлөшүү трактында же контролдонуучу абоненттин маалыматтарды берүү каналы боюнча берилген дайындарды БПга алуу жана трансляциялоо ишке ашырылат.

А жана В тараптарынын абоненттерин айрым контролдоо учурунда аларга туташтыруучу эки линия бекитилет.

Толук контролдоодо контролдонуп жаткан абонентке абоненттердин сүйлөшүү трактында берилген маалыматты приоритеттүү алуу жана БПга трансляциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу макам ыйгарылышы мүмкүн.

14. "Статистикалык контролдоо" категориясы сүйлөшүү каналы БПга туташтырылбастыгын, туташтырууну орнотуу фазалары жөнүндө маалымат жана контролдонуучу чакыруулар жөнүндө дайындар реалдуу масштабда берилерин билдирет.

15. Эгерде бир чакырууда эки абонент контролдоонун объекти болуп калса, анда категорияны тандоо категориянын приоритетине ылайык ишке ашырылат:

а) "толук көзөмөлдөө";

б) "статистикалык көзөмөлдөө".

16. Байкоо процессинде контролдоонун категорияларын жана параметрлерин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

4. Көчмө байланыштын аппараттарынын турган ордун контролдоо

17. Турган ордун контролдоо убактылуу орун алмаштыруунун (timing advance) тарамы жана чоңдугу боюнча которуунун учурунда БПга көчмө байланыш аппаратынын (мындан ары - КБА) турган орду жөнүндө маалымат берилерин билдирет. Турган ордун контролдоодо көчмө байланыштын стандарттарынын жана убактылуу орун алмаштыруунун (timing advance) чоңдугунун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык азыркы учурда КБАны тейлөөчү базалык станция (БС) (тарамдагы БС идентификатору) аныкталат.

18. Турган ордун контролдоо КБАнын активдүү абалындагыдай эле (сүйлөшүү фазасы) КБАнын пассивдүү абалында (байланышка чыкпай туруп КБАны которуу) да жүргүзүлөт.

19. КБАнын турган ордун контролдоо жана БПга тиешелүү маалыматты берүү Кыргыз Республикасынын көчмө байланыш операторлорунун тарамдардын бардык аймагы боюнча которулуусунда, ошондой эле эл аралык роумингде камсыздалышы керек.

20. Турган ордун контролдоо "толук" же "статистикалык" контролдоонун курамына ИСИИКтин пайдалануучусунун талабы боюнча киргизилет.

5. Туташтырууну орнотуунун фазалары жөнүндө маалымат жана контролдонуучу чакырыктар жөнүндө дайындар

21. Контролдонуучу КБАнын ар бир чакыруусу боюнча туташтырууну орнотуунун төмөндөгү фазалары жөнүндө маалыматтар берилиши керек:

- чакырылуучу абоненттин телефонунун толук номерин кабыл алуу;

- чакырылган абоненттин жообу;

- ажыратуу;

- тейлөөнүн кошумча түрлөрүн колдонуу;

- байкоодогу абоненттин статусун өзгөртүү.

Мында БПнын ар бир фазасы үчүн контролдонуучу чакыруулар жөнүндө дайындар менен билдирүүлөр берилиши керек.

Эскертүү. Турган орду жөнүндө маалымат убакыттын төмөндөгү учурларында берилет:

- абонентти каттоо же каттоодон кийинки учурда;

- активдүү жана пассивдүү абалда КБАнын турган орду өзгөргөн учурда;

- БПнын суроо-талабы боюнча.

Тарамдын ичиндеги байланышта эки абоненттин турган орду жөнүндө маалымат берилет.

6. Контролго коюу жана контролдон алып салуу

22. ИСИИК ушул техникалык талаптардын 7 жана 9-пункттарында берилген техникалык талаптарга ылайык, БПдан маалыматтар менен команда алган учурда бул коммутатордун жана тарамдын абоненттеринин КБАсын көзөмөлгө коюуну жана көзөмөлдөн алып салууну камсыздоосу керек.

23. БПдан керектүү маалыматтардын толук пакетин берүү сеансы бүткөндөн кийин контролго коюуга же ИСИИКтин маалымат таблицасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилүүчү убакыт 30 секунддан ашпоосу керек.

7. Контролдун методдору

24. Контролдонуучу туташтыруулар жөнүндө санариптик маалымат жана чакыруулар жөнүндө билдирүүлөр ИСИИКке коммутатордун башкаруу түзүлмөсүнөн же көчмө байланыш тарамынын каттоочуларынан келип түшүүсү керек жана маалыматтарды берүү каналы боюнча БПга берилүүгө тийиш.

25. Белгиленген телефон тарамынан келген байланышуу учурунда чакырылган абоненттин номерин аныктоо, "жооп" тилкелик сигналды берүүнүн жана чыгуу станциясына 500 Гц жыштык менен суроо-талап сигналдарын жиберүү жана андан чакырылган абоненттин номери жөнүндөгү жыштык маалыматын кийин кабыл алуунун жардамы менен ишке ашырылышы керек.

Берилген жана кабыл алынган жыштык сигналдарынын электрдик параметрлери анын улуттук белгиленген телефон тарамынын станциясындагы АОН аппаратураларында колдонулган окшош сигналдардын талаптарына ылайык келүүсү зарыл.

26. БП жабдууларын көчмө байланыштын жабдууларынын контролдонуучу абоненттеринин сүйлөшүү тракттарына кошуу контролдук туташуу линиялары (каналдары) аркылуу ишке ашырылышы керек. Мында көзөмөлдөөчү туташуу линияларынын (каналдарынын) саны бир мезгилде көзөмөлдөнгөн туташуулардын талап кылынган санына, тактап айтканда 8960 каналга шайкеш келүүсү керек.

27. Убакыттын реалдуу масштабында иштөө учурунда ИСИИК реакциясынын убактысы (кабарды коммутатордо каттоо учурунан баштап, бул кабар жөнүндө маалыматтын ИСИИКтин өткөрүп берүү портуна жазылуу учуруна чейин) 200 миллисекунддан көп болбоосу керек.

8. ИСИИКтин иш жөндөмдүүлүгүн контролдоо

28. ИСИИКтин аппараттык-программалык каражаттарын пайдалануу учурунда көчмө байланыш тармагынын жабдууларынын иштөө фонунда анын иш жөндөмдүүлүгүн функционалдык контролдоо, метрологиялык жана техникалык тейлөө каражаттарын колдонуу менен контролдоо каралышы керек.

БПга ИСИИКтин ишине таасир этүүчү бузулуулардын келип чыккандыгы жөнүндө маалыматтар берилиши керек.

9. Маалыматты санкциясыз кирүүдөн коргоо

29. Маалыматтарга жана ИСИИК менен БПнын өз ара аракеттенүүсүн программалык камсыздоого санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо керек.

30. ИСИИКтин БП менен иштөө жана өз ара аракеттенүү процессинде санкциясыз кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо керек.

31. БП менен ИСИИК ортосунда маалыматтарды берүү каналдары боюнча маалыматтарды алмашуу процессинде же көчмө байланыш тармагында ИСИИКтин иштөөсүнө кийлигишүү же санкциясыз кирүүгө аракет кылуу жөнүндөгү билдирүүлөр БПга жиберилиши керек.

32. Тутумдук журналдарга жана маалыматтык билдирүүлөрдү алып жүрүүчүлөрдүн жана башка түрлөрүнө контролдонуучу абоненттер жана БП менен ИСИИКтин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалыматтык билдирүүлөрдү каттоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылышы керек.

10. ИСИИКти инициализациялоо жана кайрадан ишке киргизүү

33. Көчмө байланыштын тармагынын жабдууларын кайрадан ишке киргизүү учурунда БПга бул жөнүндө маалымат жиберүүнү камсыздоо керек.

34. Көчмө байланыш тармагынын жабдууларын авариялык токтотуу учурунда жана кийинки рестарт учурунда көзөмөлдөө объектилери жөнүндө маалыматтар БПдан станцияга кайтарып берүү жолу менен станциялык ИСИИКте калыбына келтирилиши керек.

35. Көчмө байланыш тармагынын жабдууларын кайрадан иштетүүнүн технологиялык режими ИСИИКти кайрадан ишке киргизүү жол-жоболорун өзүнө камтышы керек. Коммутатордун иштөө фонунда БПдан берилген команда боюнча ИСИИКти кайрадан иштетүү мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.

11. БП менен ИСИИКтин ортосундагы маалымат алмашуу каналдарына карата техникалык талаптар

36. БП менен ИСИИКтин ортосундагы көчмө байланыш тарамдары үчүн маалымат алмашуу каналдарына техникалык талаптар адамдардын чектелген тобуна багытталган жана өзүнчө документтер менен аныкталат.

 

 

 

Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускамага
3-тиркеме

Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү камсыздоо үчүн маалыматтарды берүү түйүндөрүнө
ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы 626 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Колдонуу тармагы

1. Бул техникалык талаптар телематикалык кызматтарды (мындан ары - ТМК), маалыматтарды берүүнүн (мындан ары - МБ) кызматтарын жана бүткүл дүйнөлүк глобалдык компьютердик маалыматтык Интернет тарамына (мындан ары - Интернет) кирүү кызматтарын көрсөтүүчү маалыматтарды берүү тармактарында (мындан ары - МБТ) жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн арналган.

2. Бул техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген уруксаттамалардын негизинде түзүлүп жаткан же мурда түзүлгөн, мекемеге караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы тарамынын курамына кирүүчү МБТ түйүндөрүнө жайылтылат.

2. Функциялык талаптар

3. МБТ түйүндөрүн жабдуунун курамына тармактарда жана каналдарда атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларынын, атайын тергөө аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын иштөөсүн камсыздоо (ИСИИК) боюнча техникалык каражаттардын тутумунун аппараттык-программалык каражаттары (АПК) кириши керек. ИСИИК АПК МБТ түйүндөрүндө изин суутпай издөө иш-чараларынын иштөөсүн камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын (ИСИИК ТК) тутумунун түзүлмөсүнө карата техникалык талаптарга ылайык келген бир же бир нече окшош түзүлмөлөрдөн турушу зарыл. МБТ түйүндөрүндөгү ИСИИК түзүлмөлөрүнүн саны МБТ түйүнүнө кошулган бардык конкреттүү адамдар тарабынан берилүүчү жана кабыл алынуучу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоосу керек. ИСИИК АПК менен обочолонгон башкаруу пунктунун (БП) ортосундагы маалымат алмашуу дайындарды берүүнүн бир каналы боюнча жүргүзүлүүсү зарыл.

4. ИСИИК ТКны кошууну камсыздоо үчүн МБТ түйүндөрү бардык колдонуучуларга Интернет кызматтарын, ТМК жана Ethernet боюнча МБ берүү учурунда алар тарабынан алынуучу жана берилүүчү бардык маалыматтарды Ethernet IEEE 802.3 портторунун (порттордун саны мүмкүн болушунча аз болуусу керек) бирине же бир нечесине берүүнү камсыздоосу зарыл, ошондой эле IP-даректерин пайдалануучуларга бөлүү жөнүндө маалыматтар болуусу керек. Аталган маалымат 4 же 6 IP-версиянын маалыматтарды берүүчү тармактык протоколдорун пайдалануу менен берилиши зарыл (RFC 791 же RFC 1883 ылайык стандарттар).

5. IP-даректерин пайдалануучуларга бөлүү жөнүндө маалымат бул техникалык талаптардын 1-тиркемесинде келтирилген сүрөттөөлөргө ылайык RADIUS (RFC 2138 жана RFC 2059) TACACS+ протоколдору боюнча көрсөтүлүшү керек. TACACS+ протоколун пайдалануу учурунда ИСИИКтин ыйгарым укуктуу пайдалануучусуна шифрлөөнүн ачкычтарын берүү мүмкүнчүлүгү камсыздалышы зарыл.

6. МБТ түйүндөрүнүн АПК иштетүү Интернет кызматтарын, ТМК жана МБ колдонуучуларга алардын алгачкы маалыматтык пакетин бергенге чейин IP-даректерди бөлүү жөнүндө маалыматтарды берүүнү, ошондой эле туташуунун бүткөндүгү жөнүндө маалыматты берүүнү камсыздоосу керек.

7. Пайдалануучулардын бардык маалыматтарын бир портко берүүнүн (бир нече портторго берүү) техникалык мүмкүнчүлүгү болбогон учурда МБТ түйүндөрүнүн аппараттык-программалык каражаттарын иштетүү бир ИСИИК ТК сессиясынын бир TCP/UDP тиешелүү болгон бардык IP-пакеттерин берүүнү (консолидациялоону) камсыздоосу керек.

8. Байланыш оператору тарабынан NAT (Network Access Translation) технологиясын пайдалануу учурунда NAT функциясын ишке ашыруучу жабдууларды колдонууга чейин бул техникалык талаптардын 4-7-пункттарынын аткарылышы камсыздалуусу зарыл.

9. МБТ түйүнүнүн конфигурациясын өзгөртүү учурунда ушул техникалык талаптардын аткарылышын камсыздоо керек.

10. Байланыш операторлору тарабынан пайдалануучулардын маалыматын жабуу боюнча кызматтарды көрсөтүү учурунда, байланыш оператору ачык түрдө ИСИИК АПКдагы пайдалануучулардын маалыматын берүүнү камсыздоосу керек.

11. Интернет, ТМК жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар ушул техникалык шарттардын 3, 4, 5, 6-бөлүмдөрүндө келтирилген сүрөттөөлөргө ылайык, ошондой эле реалдуу мезгил режиминде маалыматтарды окуу укугу бар ИСИИКтин ыйгарым укуктуу пайдалануучусуна обочолонгон кирүүнү камсыздоо менен, пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуунун төмөнкүдөй маалымат базаларын киргизүүсү зарыл:

- IP-даректерин эсепке алуу;

- статикалык бөлүнгөн IP-даректерин колдонгон пайдалануучуларды эсепке алуу;

- динамикалык бөлүнгөн IP-даректерин колдонгон пайдалануучуларды эсепке алуу;

- NAT технологиясын колдонгон пайдалануучуларды эсепке алуу;

- жашыруун режимде прокси-серверди колдонгон пайдалануучуларды эсепке алуу;

- трафикти эсепке алуу.

12. ИСИИК ТКны кошууну камсыздоо үчүн МБТ түйүндөрү бардык деңгээлдеги SDH пайдалануу менен дайындарды берүү, кабыл алуу же ташуу учурунда ИСИИК ТК кабыл алгычынын сезгичтигин эске алуу менен бардык маалыматтардын синхрондук санариптик иерархиясынын (SDH) бир же бир нече портторуна берүүнү камсыздоосу керек.

13. Байланыштын оптикалык каналдарында WDM (CWDM, DWDM ж.б.) толкундуу мультиплексирлөөнү колдонуу учурунда МБТ түйүндөрү мультиплексирлөөгө чейин ИСИИК ТК кабыл алгычынын сезгичтигин эске алуу менен бардык маалыматтардын ИСИИК ТКга дайындарды берүүсүн камсыздоосу зарыл.

3. "RADIUS" авторлоштуруу серверинин дейтаграммаларына карата талаптар

14. Талаалардын, коддордун (шарттуу белгилердин) аталыштары, ошондой эле алардын мазмуну RFC-2138 жана RFC-2059 ылайык берилген.

15. Абонент тарамга киргенден кийин, ишти баштоонун алдында (тактап айтканда авторлоштуруудан кийин) ИСИИК ТК кошулган локалдык тарамдын сегменти боюнча RADIUS пакети өтүшү керек, Code талаасында 4 (Accounting-Request) мааниси менен октет жазылат, анда төмөнкү атрибуттар болушу керек:

- Acct-Status-Type (атрибуттун коду 40). 1 (Start) мааниси болушу керек;

- User name (атрибуттун коду 1);

- Framed-IP-Address (атрибуттун коду 8);

- Acct-Session-Id (атрибуттун коду 44);

- Calling-Station-ID (атрибутгун коду 31). Бул атрибут абоненттин жумушу бүткөндөн кийин чалуучу абоненттин номерин аныктоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда пакеттин ичинде болушу керек. Тандап алуу модулу кошулган локалдык тарамдын сегменти боюнча Code талаасына 4 (Accounting-Request) мааниси менен октет жазылган RADIUS пакети өтүшү зарыл, анда төмөнкү атрибуттар болушу керек:

- Acct-Status-Type (атрибуттун коду 40). 2 (Stop) маанисине ээ болушу керек;

- User name (атрибуттун коду 1);

- Framed-IP-Address (атрибуттун коду 8);

- Acct-Terminate-Cause (атрибуттун коду 49);

- Calling-Station-ID (атрибуттун коду 31).

4. "Tacacs+" авторлоштуруусунун серверинин дейтаграммаларына карата талаптар

16. "Tacacs+" пакеттерин коддоо үчүн пакеттер шифрленүүчү негизги сөздү билүү керек. Пайдалануучунун ишинин башталышына чейин тандоо модулу туташкан локалдык тарамдын сегменти боюнча башталышында type талаасы 3 деген мааниге ээ болгон (б.а. Accounting-Request тибиндеги пакет) "Tacacs+" пакети өтүшү керек. Flag талаасы 8 деген мааниге (ACCOUNTING-REQUEST-WATCHDOG) ээ болушу керек. Бул пакетте:

- User талаасы толтурулушу керек;

- номерди аныктоочу аппаратура болгон учурда Remaddr талаасы толтурулушу зарыл;

- пайдалануучуга ыйгарылган IP-даректи камтыган addr аргументи болушу керек;

- task_id аргумента болууга тийиш;

- start_time аргументи болушу керек;

- жумуш бүткөндөн кийин тандоо модулу туташкан локалдык тарамдын сегменти боюнча башталышында type талаасы 3 деген мааниге ээ болгон (б.а. Accounting-Request тибиндеги пакет) "Tacacs+" пакети өтүшү, flags талаасы 4 деген мааниге (ACCOUNTING-REQUEST-WATCHDOG) ээ болушу керек. Бул пакетте:

- User талаасы толтурулушу керек;

- номерди аныктоо аппаратурасы болгон учурда Remaddr талаасы толтурулушу керек;

- пайдалануучуга ыйгарылган IP-даректи камтыган addr аргументи болушу керек;

- task_id аргументи болушу керек;

- start_time аргументи болушу керек;

- elapsed_time аргументи болушу керек.

5. Пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуучу маалымат базасына карата талаптар

17. Интернеттин, телематикалык кызматтардын жана маалыматтарды берүүнүн пайдалануучуларынын идентификациялык маалыматтары болуп абоненттин аты-жөнү, паспорттук дайындары, мобилдик, стационардык телефондун же модемдин номери, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышы, бул юридикалык жактын жетекчисинин жана абоненттери болуп эсептелген жумушчуларынын аты-жөнү эсептелет.

IP-даректерин эсепке алуу. IP-даректерин эсепке алуунун маалымат базасы байланыш операторлорунун бардык IP-даректерин, иш жүзүндө турган ордунун физикалык дарегин, ар бир IP-дарегин пайдалануучусун камтышы керек. Маалымат базасын сактоонун мөөнөтү IP-дарегин колдонуу бүткөндөн кийин 3 жылдан кем эмес.

Статикалык бөлүнүүчү IP-даректерин колдонуучу пайдалануучуларды эсепке алуу. Статикалык бөлүнүүчү IP-даректерди колдонуучу пайдалануучуларды эсепке алуунун маалымат базасы абонентке бөлүнгөн IP-дарегин, IP-дарегинин турган ордунун физикалык дарегин, пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын, пайдалануучуга IP-дарегин ыйгаруунун башталган датасын жана убактысын, пайдалануучунун IP-дарегин колдонуусунун токтотулган датасын жана убактысын камтыйт. Маалымат базасын сактоонун мөөнөтү байланыш операторунун иши токтотулганга чейин.

Динамикалык түрдө бөлүнүүчү IP-даректерди колдонуучу пайдалануучуларды эсепке алуу. Динамикалык түрдө бөлүнүүчү IP-даректерди колдонуучу пайдалануучулардын маалымат базасы пайдалануучулардын идентификациялык маалыматтарын, пайдалануучуга динамикалык IP-дарегин ыйгаруунун башталган жана бүткөн датасын, убактысын камтышы керек.

NAT технологиясын колдонуучу пайдалануучуларды эсепке алуу. NAT технологиясын колдонуучу пайдалануучулардын маалыматтар базасы колдонуучулардын идентификациялык маалыматтарын, өзгөртүлбөгөн IP-даректерин жана колдонуучулардын портторун (ички же локалдык IP-дарек), колдонуучулардын ички IP-даректерине жана портторуна ылайык келүүчү тышкы IP-дарегин жана портту берүүнүн башталуу жана бүтүү датасын жана убактысын камтышы керек.

Жашыруундук режиминде прокси-серверди колдонуучу пайдалануучуларды эсепке алуу. Прокси-серверди колдонуучу пайдалануучулардын маалымат базасы пайдалануучулардын идентификациялык маалыматтарын, өзгөртүлбөгөн IP-даректерин жана пайдалануучулардын портторун (ички же локалдык IP-дарек), пайдалануучулардын тиешелүү ички IP-даректерине жана портторуна прокси-сервер тарабынан тышкы (интернеттен көрүнүүчү) IP-даректи жана портту ыйгаруунун датасын, башталуу жана бүтүү убактысын камтышы керек. Маалыматтар базасын сактоо мөөнөтү 3 жылдан кем эмес.

Трафикти эсепке алуу. Трафикти эсепке алуунун маалыматтар базасы булактын IP-дарегин жана портун, арналыштын IP-дарегин жана портун, маалыматтарды алмашуунун башталуу жана бүтүү убактысын камтышы керек. Маалыматтар базасын сактоо мөөнөтү 3 жылдан кем эмес.

6. Синхрондук транспорттук иерархиянын (SDH) оптикалык интерфейстерине болгон талаптар

18. Толкундун номиналдуу узундугу 1310 нм жана 1550 нм.

7. Электр булагына болгон талаптар

19. МБ түйүндөрүнүн жабдууларынын курамына кирүүчү ИСИИКти камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын АПК тутуму күнү-түнү электр булагы менен камсыз болушу керек.