Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

 

2015-жылдын 5-октябры № 13-р

"Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Текстоник" жабык акционердик коомунун кайрылуусуна байланыштуу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот жыйналышынын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Текстоник" жабык акционердик коомунун өкүлү Т.А.Токтакунованын,

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы.Ырысбековдун; ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү А.И.Акматалиевдин,

башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлү Э.Т.Мукановдун катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана лицензияны берүүнүн биринчи берген күндөн баштап жүргүзүлгөн лицензиялык төлөмдөрдү, ошондой эле 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча төлөө мөөнөтүн эсептеп чыгаруу тартибин жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылы 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун Т.А.Токтакунованын атынан жана "Текстоник" жабык акционердик коомунун башкаруучу директору Чжан Цзе атынан, анын ишеним каттын негизинде өкүлү болгон Т.А. Токтакунованын өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пункту Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 25-августунда "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгындагы Т.А.Токтакунова "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү менен кайрылган.

Т.А.Токтакунованын өтүнүчүнөн, "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун юридикалык жак катары чыгаары белгилүү болду, анын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп тиешелүү лицензиялардын негизинде пайдалуу кендерди чыгуучу жерлерди издөө жана чалгындоо иштери болуп саналат. Жер казынасын колдонуу укугуна лицензия алган учурда 1997-жылдын 24-июнундагы "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулган, ага ылайык салык төлөмдөрүнүн эки түрү бар болчу: бонус жана роялти.

2012-жылдын 9-августундагы "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жаңы салык төлөмү киргизилди, анда эсептөө методикасы, 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобо менен аныкталган.

Жогоруда айтылган ченемдик укуктук актыларга ылайык, лицензиялык төлөмдөрдү 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенче берилген лицензияларга карата төлөөнүн өлчөмдөрүн аныктоо үчүн мөөнөтүн эсептөө лицензиялардын биринчи жолу берилген датасынан баштап жүргүзүлөт.

Арыз ээси, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептеп берүүгө байланыштуу жоопкерчилик дагы көбөйөт, муну менен "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун укугу жана кызыкчылыктары бузулуп жатат деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгындагы Т.А.Токтакунованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 15-октябрында "Текстоник" жабык акционердик коомунун башкаруучу директору Чжан Цзе атынан жана анын өкүлү Т.А.Токтакунованын "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

"Текстоник" жабык акционердик коомунун жүйөлөрү "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун өтүнүчүндө камтылган негиздемесине окшош.

Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан, "Текстоник" жабык акционердик коому юридикалык жак болуп эсептелээри белгилүү болду, анын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп, геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар пайдалуу кендерди издөө, геологиялык чалгындоо, иштеп чыгуу, казуу жана байытуу болуп эсептелет.

Арыз ээсинин пикири боюнча, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдү эсептеп берүүгө байланыштуу жоопкерчилик дагы көбөйөт, муну менен "Текстоник" жабык акционердик коомунун укугу жана кызыкчылыктары бузулуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы аныктамасы менен "Текстоник" жабык акционердик коомунун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Жогоруда өтүнүчтөрдүн предмети бир бирине окшош болгондуктан, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык, судья-баяндамачы 2014-жылдын 13-ноябрындагы аныктамасы менен "Текстоник" жабык акционердик коомунун жана "Палладекс КР" жоопкерчилиги чектелген коомунун талаптары бир конституциялык өндүрүшкө бириктирилген.

Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүнүштү.

Жоопкер-тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, аларды негизсиз деп жана өтүнүчтөрдү канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы:

1) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгү каралат:

"Лицензиялык төлөмдөрдү, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенче берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларга карата төлөө мөөнөтүн эсептөө лицензиялардын биринчи жолу берилген датасынан баштап жүргүзүлөт.".

2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2012-жылдын 17-августунда № 73-74 жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пункту каралат:

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча лицензиялык төлөмдөрдү төлөө өлчөмүн аныктоо үчүн мөөнөттү эсептөө лицензияны биринчи берген күндөн баштап жүргүзүлөт. Мында лицензия иш жүзүндө колдонулган мезгил гана эсепке алынат.".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2012-жылдын 25-декабрында № 115 жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат. Көргөзүлгөн конституциялык жоболордун маанисинен алып караганда, жер казынасын пайдалануу тармагындагы мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартиби өзүнчө мыйзамды кабыл алуу аркылуу гана ишке ашырылат.

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жоболору конституциялык түзүлүшкө, жер казынасы Кыргыз Республикасынын жеке менчиги болуп санала тургандыгы жөнүндө кабарлайт. Аталган Мыйзам жеке менчик ээси катары мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудан келип чыккан мамилелерин жөнгө салат (1-берене).

Бул учурда жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча мамилелердин негизине лицензиялык тутум коюлган, ал анын жардамы менен мамлекет жаратылышты пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо тармагында көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырылып жаткан ыкмалардын бири болуп саналат. Андан сырткары, лицензия берүүчү укуктук институт жер казынасын колдонууну рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуучу каражаттардын бири болуп саналат, анда жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуучу, аткаруу үчүн милдеттүү болгон эрежелер орнотулат. Мындай эрежелерди орнотуу, жер казынасын колдонуу тармагындагы укуктук мамилелер элдик мүнөзгө ээ экендиги менен шартталган, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген конституциялык ченемде ушундай деп жазылган, анда Кыргызстандын элинин жашоосунун жана ишмердүүлүгүнүн негизи катары бирдиктүү экологиялык тутумду сактап калуу максатында, мамлекеттин өзгөчө кайтаруусу алдында турган жер казынасын пайдалануу зарылдыгы жөнүндө айтылат.

Ошентип, жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун максаты болуп, жер казынасын рационалдуу жана комплекстүү пайдалануу болуп саналат, бул анын коомдук-укуктук жаратылышын көргөзүп турат.

3. Тигил же бул жер казынасын пайдаланууга болгон лицензиянын болушу тиешелүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн төлөөчүсүн аныктоо маселесинде негиз салуучу болуп эсептелет.

Салыктык төлөмдүн салык эмес төлөмдөн айырмасынын юридикалык критерийи катары ченемдик-тармактык жөнгө салуунун белгиси эсептелет, ага ылайык салыктык мамилелер салык мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат, ал эми салык эмес милдеттүү төлөмдөр - укуктун башка тармактарынын ченемдери менен жөнгө салынат.

Белгилей кетүү керек, салыктык эмес төлөмдөр салык төлөмдөрү сыяктуу эле мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан берилген элдик бийликтин атрибуту болуп эсептелет, анткени жогоруда аталган фискалдык төлөмдөрдүн негизги багыты - ачык бийликтин каржы ресурсун калыптандыруу болуп саналат. Төлөнүп жана мамлекеттик казынага түшүп жаткан салыктардан айырмаланып, салык эмес төлөмдөр ачык бийликтин айрым субъектилеринин пайдасына да төлөнүшү мүмкүн.

"Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, жер казынасын пайдалануучу тарабынан жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө коротула турган салыктын түрү болуп санала турган чегерүү каралган. Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 19- 2-беренеге ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм болсо Кыргыз Республикасында пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана/же чалгындоого жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.

Жогоруда аталган лицензиялык салыктык эмес төлөм коомдук-укуктук төлөмдөрдүн өзгөчө түрү болуп эсептелет, аны алуу бир гана мамлекеттин фискалдык кызыкчылыгын канааттандырууга багытталбастан, жер казынасын пайдаланууну комплекстүү, натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланып, коргоо маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, анын 13-беренесинин 55-беренеси менен өз ара байланышынан алып карагандай, мыйзам менен орнотулган салык жана жыйым түрүндө милдеттүү айкын төлөмдү алууга жол берет. Салыктык жана салыктык эмес катары милдеттүү төлөмдөрдүн укуктук жаратылышы жөнүндөгү маселе конституциялык мүнөзгө ээ, анткени мыйзамдуу бекитилген салыктар жана жыйымдар менен байланыштуу.

Ошентип, салыктык эмес төлөмдөр салыктар сыяктуу эле ачык мүнөздөгү мыйзам менен бекитилген жана милдеттүү түрдө төлөнгөн конституциялык жол берилген төлөмдөр болуп саналат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен берилген дискрециядан, жер казынасын пайдалануучуларды жер казынасын натыйжалуу, тез өздөштүрүүгө түрткү берүүчү экономикалык механизм катары жер казынасын колдонуу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм орноткон, жана ал жергиликтүү аймакты жана калкынын социалдык- экономикалык маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бюджетти колдоого багытталган.

4. Арыз ээси, лицензиялык төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин туура эмес деп эсептейт, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдаланууга лицензияны кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнү лицензиясы бар мезгилге кайтарым күч берүү менен киргизген деп эсептейт. Бул көз карашта талашка түшкөн ченем менен орнотулган укуктук жөнгө салуунун тең ченемдүүлүгүн, эң биринчи учурда салык төлөө жана башка милдеттүү салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөнүн адилеттүүлүк жана кыймылдуулук принциптерин менен өз ара байланышта баалоо керек.

Адилеттүүлүк принциби, коомдук мамилелердин укуктары жана милдеттери мазмуну боюнча да, социалдык баалуулугу боюнча да бирдей болушу керек экендигин түшүндүрөт, ал жеке жана коомдук кызыкчылыктарды камсыздоого багытталган.

Адилеттүүлүк принцибинин юридикалык аспектиси салыктарды жана милдеттүү салыктык эмес төлөмдөрдү адилеттүү администрлөө камсыз кылууга багытталган. Бул принциптин экономикалык аспектиси, салык жүгүн бирдей бөлүштүрүүнү болжолдойт, анда ар бир салык төлөөчү мамлекеттин керектөөлөрүн мамлекеттин колдоосу алдында жана анын колдоосу менен алып жаткан кирешелерге өлчөмдөш каржылоодо материалдык катышууга ээ болот.

Адилеттүү салык төлөө мамлекеттин, коомдун жана салык төлөөчүлөрдүн финансылык кызыкчылыктарынын гармониялуу айкалыштыруунун негизинде түзүлүшү керек.

Салык тутумунун кыймылдуулук принциби, салыктык жана салык эмес төлөмдөр мамлекеттин социалдык-экономикалык жагдайынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирип турат. Бул учурда бул принцип жаңы салыктарга жана салыктык эмес төлөмдөргө кайтарым күчтү берүүгө жол бербейт.

Ошентип, аталган принциптер жаңы салыктарга жана салыктык эмес төлөмдөргө кайтарым күчтү берүүнүн мүмкүн эместигин орнотот, ал эми аларды киргизүү мамлекеттин социалдык-экономикалык жагдайы менен шартталат, анда мамлекеттин, коомдун жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгы эске алынат.

Мыйзам чыгаруучу, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартибин укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу менен, жогоруда аталган принциптердин алкагынан чыккан жок жана толук өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган конституциялык мыйзамдарга туура келет. Лицензияны кармагандыгы үчүн төлөм, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, анын күчүнө кирген учурдан баштап алынат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методика боюнча алынат. Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн баштап күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лицензиялык төлөмдү жүргүзүү методикасы "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарына ылайык аныкталган жана жер казынасын пайдаланууга болгон лицензиянын иш жүзүндө алган учурунун эсептөөнү караган. Мыйзам чыгаруучунун төлөмдү аныктоого карата мындай мамилеси адилеттүү болуп эсептелет жана бир жер казынасын пайдалануучулардын башкалардын алдында артыкчылыгын жокко чыгарат жана жер казынасын пайдалануу укугун жаңы гана алган жер казынасын пайдалануучулардын укугун басмырлабайт. Ошондуктан, лицензиялык төлөмдүн баасын аныктоодогу мыйзам чыгаруучу тарабынан колдонулган ыкма төлөмдү эсептөө методикасына гана тиешелүү, ал аркылуу лицензияны кармаганы үчүн төлөмгө кайтарым күчтү бере албайт.

Мындан сырткары, мыйзам чыгаруучу, пайдалуу кендерди издөө чалгындоо жана иштеп чыгууга лицензияны кармоо үчүн жаңы төлөм механизмин киргизүү учурунда жер казынасын пайдалануучу тарабынан лицензиялык аянттарды оптималдаштыруу үчүн адаптациялоо мезгилин караган.

Ушуга байланыштуу, субъекттин лицензияны иш жүзүндө алгандыгын эске алуу менен төлөмдүн өлчөмүн аныктоо жолу менен лицензияны кармагандыгы үчүн төлөмгө кайтарым күчтү берүү жөнүндө жаңылыш ырастоосу талашка түшкөн ченемдердин мазмунун туура эмес түшүнүп алуусунун натыйжасынан улам болуп турат.

5. Арыз ээси, ошондой эле, талашка түшкөн ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгү бузулуп жатат деп көргөзгөн, анда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салган.

Кемсинтүү деген түшүнүктүн алдында, алардын укуктук эмес чектөөсү менен шартталган бул укуктардын негизги мазмунунун сапаттуу мүнөздөмөсүнүн категориялык жана регулятивдик маанисин түшүнүү керек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюуга тыюу салынат.

Бул жобо адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген жалгыз укуктук шайман катары мыйзамдардын бардыгын караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболору менен тутумдук байланышта каралышы керек (20-берененин 2-бөлүгү).

Конституциялык палата арыз ээси тарабынан талашка түшкөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп табуу жөнүндө талабын негизсиз деп эсептейт, анткени талашка түшкөн ченемдер жаңы милдеттерди орнотуп жаткандыгына жана арыз ээсинин укугун кемсинтүүчү же чектөөчү ченем катары каралбай тургандыгына байланыштуу түздөн түз конституциялык мааниге ээ эмес деген жыйынтыкка келди.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 12-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы