Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

2016-жылдын 27-январы № 1-р

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жаран Жусупбеков Нурбек Исраиловичтин жана анын ишенимдүү өкүлү Исмаилов Жумабек Капаровичтин кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин,

кайрылуучу тараптар - жаран Жусупбеков Нурбек Исраиловичтин жана анын ишеним катынын негизинде аракеттенген өкүлү Исмаилов Жумабек Капаровичтин;

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекованын;

башка жак катары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун ишеним катынын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Быкын уулу Рысбектин катышуусунда

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 7-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Н.И.Жусупбековдун жана анын ишенимдүү өкүлү Ж.К.Исмаиловдун өтүнүчү себеп болду.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.О.Осмонованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 9-сентябрында жаран Н.И.Жусупбековдун, анын ишенимдүү өкүлү Ж.К.Исмаиловдун "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табуу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Кайрылуучулар өз өтүнүчүндө, Н.Жусупбеков 2014-жылдын 23-октябрынан тартып Нарын облусунун Кочкор райондук администрациясынын башчысы болуп иштеп келе жатканын жана ал иштегенден баштап, анын үстүнөн соттуулугу бар деп арызданышып иштетпей жатканын билдиришет. Н.Жусупбеков 2003-жылдын 18-мартында Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ага 5000 (беш миң) сом айып салынган. Салынган айып 2003-жылдын 12-апрелинде № 12306 квитанциясы менен толук төлөнгөн. 2006-жылдын 1-мартында Кочкор райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүгү, 335-беренесинин 1-бөлүгү менен ага карата козголгон кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, жаза чектелип, бирок "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын майрамдалышына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин "з" пунктунун негизинде жазадан бошотулган.

Кайрылуучу тарап жогоруда аталган өкүмдөр 2003-жылдын 18-мартында жана 2006-жылдын 1-мартында чыгарылгандыгын, ал эми конституциялуулугу талашылып жаткан мыйзам 2011-жылдын 14-июлунда кабыл алынгандыгын белгилеп, ушунун негизинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт деп эсептейт. Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт, ошондуктан талашылып жаткан ченем Н.Жусупбековго карата жайылтылбайт деп белгилешет.

Андан тышкары кайрылуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Н.Жусупбековдун соттуулугу 2003-жылдын 12-апрелинде жоюлгандыгын, бул берене соттолгон адамды "соттолгон" дегенден арылтуу максатында киргизилгенин көрсөтүшөт.

Ушуну менен бирге арыздануучу аталган укуктук жобо адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү катары кабыл алынганын, Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттин бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайлануу укугуна чектөө коюп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болбой калганын айтат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамды кабыл алып жаткан учурда чектөөнү коюуда бир топ конституциялык принциптерди сактабай, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт деп тыюу салууда коомдук кызыкчылыктарды коргоо жана бийликтин криминалдашуусуна бөгөт коюу максаттарын көздөгөнүн белгилеп, бирок, көрсөтүлгөн мыйзам жобосу менен жаран тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүн, коомдук коркунучтуулугун, оордугун, белгиленген жазаны, кылмыш жасагандан кийин канча убакыт өткөндүгүн эске албастан мыйзамды кабыл алган деп эсептешет.

Жогоруда келтирилген жүйөлөрдүн негизинде кайрылуучу тарап, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 4-бөлүгүнө карама-каршы келгендиктен ал жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп таап берүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы аныктамасы менен жаран Н.И.Жусупбековдун, анын ишенимдүү өкүлү Ж.К.Исмаиловдун өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Сот отурумунда кайрылуучулар өздөрүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүнүштү.

Жоопкер-тараптын өкүлү К.С.Карабекова каршы пикирин билдирип, кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн төмөнкүлөргө ылайык негизсиз деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат. Ушул конституциялык ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ажырагыс байланышкан, анткени Премьер-министр мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт. Демек, Конституциянын өзүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укугун ишке ашыруу боюнча, башкача айтканда акимди кызмат ордуна дайындоо тартиби жөнүндө мыйзамга шилтеме жасалып, ал "Жергиликтүү администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, тактап айтканда 14-берененин 1-бөлүгүндө каралган.

Ошондой эле жоопкер-тараптын өкүлү аталган Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына түзөтүүлөр коррупцияга эффективдүү бөгөт коюу жана күрөшүү үчүн, мамлекеттик аппараттагы саясий жана башкаруучу мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген коррупциялашкан кызматчылардан тазалоо максатында киргизилгенин белгилейт. Коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттин түздөн-түз ишмердүүлүгү болушу керек, анткени коррупциянын кесепети мамлекеттик аппаратты, аны менен бирге өлкөнүн экономикасын алсыз абалга жеткирүүсү мүмкүн жана социалдык терс көрүнүштөргө алып келет деп эсептейт.

Жогорудагылардын негизинде жоопкер-тараптын өкүлү конституциялуулугу талашылып жаткан мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, каралып жаткан өтүнүчтөрдү канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Быкын уулу Рысбек кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, конституциялуулугу талашылып жаткан жоболор мамлекеттик кызматка колу таза эмес кызматкерлердин кайтып келишине жол бербөө үчүн багытталгандыгын, бул чара мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын олуттуу түрдө жогорулатып, коррупцияга жол бербөөчү фактор болуп саналарын белгилейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 10-декабрында кол коюлган Бириккен улуттар уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын ратификациялап, өзүнө белгилүү милдеттенмелерди алгандыгын, ушул Конвенциянын талаптарын ишке ашыруу максатында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү аталган өзгөртүүлөрдү кабыл алууда мыйзам чыгаруу органы улуттук коопсуздукка, ошондой эле мамлекеттин бүтүндүгүнө чоң зал ал келтирүүчү коррупциянын жогорку деңгээли менен коомдун кызыкчылыктарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдерди жетекчиликке алгандыгын белгилеп өттү. Ошонун негизинде "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын түшүндүрмөсүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Кайрылуучулар тарабынан сот отурумунда такталган талаптардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы эсептелет.

"14-берене. Акимдин кызмат ордуна дайындоо тартиби

1. Жогорку билими бар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны аким боло алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт.".

2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин-Тоо" газетасынын 2011-жылдын 22-июлундагы 59-санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат. Ошентип, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат (91-берененин 1-бөлүгү).

Конституциялык жоболорду ишке ашыруу максатында мыйзам чыгаруучу жергиликтүү мамлекеттик администрацияны уюштуруунун жана анын ишинин тартибин белгилеген жана регламенттештирген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун аймагында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылуучу жана берилген иш-милдеттер жана ыйгарым укуктар боюнча алардын иштерине мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишине райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким жеке башкаруу принцибинде жетекчилик кылат. Аким райондун аймагында башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликти тартат.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (16-берененин 2-бөлүгү), мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү), адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (20-берененин 1-бөлүгү).

Ошентип, Кыргыз Республикасы коомдук мамилелердин бардык чөйрөсүнө тийиштүү болгон теңдүүлүк жана кодулабоо принциптерин тааныйт. Бул принциптер эмгекке болгон укукту жүзөгө ашырууда өзгөчө мааниге ээ.

Мамлекеттик кызмат жарандардын эмгек ишинин түрлөрүнүн бири катары саналат. Мамлекеттик кызмат - мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттерин, иш-милдеттерин жана бийлик ыйгарым укуктарын кесиптик негизде жүзөгө ашыруу боюнча иши ("Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси). Мамлекеттик кызмат тармагында теңдүүлүк принциби, мыйзамда каралган тартипте жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарды, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүндө бекитилген. Аталган конституциялык жобо ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 25-беренесинин с) пункту менен айкалышат. Мында ар бир атуул эч кандай кодулоосуз жана негизделбеген чектөөлөрсүз өз өлкөсүндө теңдүүлүктүн жалпы шартында мамлекеттик кызматка кабыл алынуу укугуна жана мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш деп белгиленген.

Бирок теңдүүлүк принциби мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишин укуктук жөнгө салууга өзгөчө мамилени жокко чыгарбайт. Мындай өзгөчөлүктү орнотуу, мамлекеттик кызматтын жогорку деңгээлин, мамлекеттик милдетти аткарып жаткан кызматчылардын кесиптик ишинин өзгөчө мүнөзүн колдоо максатында мамлекеттик кызматты уюштуруу жана иштетүү милдеттери менен шартталган.

Мамлекеттик кызмат негизги конституциялык институттардын, мамлекеттүүлүктүн фундаменталдык элементтеринин бири болуп саналат. Ал мамлекеттин жашоо аракетинин социалдык-маданий, административдик-саясий, экономиканы, өнөр жайды, айыл чарбаны башкаруу жана башка бардык чөйрөлөрүн жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт. Бул тармактардын алдында турган милдеттерди аткаруу мамлекеттик кызматчылардан жогорку кесипкөйлүктү, компетенттүүлүктү, жоопкерчиликти, тиешелүү даярдыкты, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон билимди, көндүмдөрдү жана биринчи кезекте жарандын коом алдындагы кынтыксыз кадыр-баркын талап кылат. Ошентип, мамлекеттик кызматтын мындай өзгөчөлүктөрүнүн маңызы, эмгек ишинин башка чөйрөлөрүнө салыштырмалуу мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө талаптарды бекитүүдө, мамлекеттик кызматты өтөөгө байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөрдү орнотууда камтылат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка болгон укуктары улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүн. Бул аталган конституциялык ченемдер өз учурунда адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерге шайкеш келет. Мында, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлактын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

4. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт деп мыйзам чыгаруучу киргизген чектөөнүн максаты - коомдун кызыкчылыктарын коргоо жана бийликтин криминалдашуусун болтурбоо болуп саналат.

Өз учурунда мамлекет конституциялык түзүлүштүн негиздерин бекемдөө үчүн мамлекеттик бийликти кыянаттык менен пайдалануудан жана криминалдашуудан коргогон майнаптуу укуктук механизмдерге муктаж. Мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгү көбүн эсе коомдун ишенимине негизделет. Тиешелүү укуктук механизмдерди түзүү менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын зоболосуна жогору талаптарды коюуга укуктуу. Мындай талаптар кызмат адамдарынын моралдык жана адеп-ахлактык сапаттарында, өздөрү менен бирге бийликти алып жүрүүчү катары алардын аракеттеринин мыйзамдуулугунда жана ак ниеттигинде күмөн пайда болбоосу үчүн бекитилген. Ушул себептен мыйзам чыгаруучу бийликтин коррупцияланышын жана криминалдашуусун улуттук коопсуздукка коркунуч катары кароо менен, көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн жарандардын мамлекеттик кызматка болгон укугуна тиешелүү чектөөлөрдү киргизүүгө укугу бар. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн өзгөчөлүгү саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын айрыкча макамын аныктайт. Мамлекеттик кызмат орундарын бөлүштүрүү жана алардын ар биринин укуктук макамын тескөөдө мыйзам аркылуу өзгөчө эрежелерди бекитиши мүмкүн. Мындай укуктук позиция Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 31-октябрындагы № 6, 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 14 чечимдеринде айтылган.

Кылмыш жасаган жарандардын райондун аймагындагы башкы мамлекеттик кызмат ордун, аймактык бирдиктин социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти тарткан аким кызматын ээлөө укугун чектөө, бийлик органдарынын легитимдүүлүгүн жана коомдун колдоосунан ажырашын болтурбоого багытталган аракет катары акталган деп эсептесе болот. Мындай аракет конституциялык жоопкерчиликти, укуктук демократиялык мамлекеттин принциптеринин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, укуктук тартиптин талаптагыдай иштөөсүн жана сакталышын, бийликтин криминалдашуусун алдын алуу боюнча конституциялык маанилүү максаттарды көздөйт.

Бирок аким кызматына өзгөчө талаптарды бекитүүдө жарандардын мамлекеттик кызматка укугун чектөө менен мыйзам чыгаруучу конституциялык корголгон баалуулуктардын, мамлекеттик жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун таап, укуктар менен эркиндиктерди мыйзам менен жөнгө салууда конституциялык ченем катары эсептелген адилеттик, теңдүүлүк жана өлчөмдөш принциптерин сактап, чектен чыкпаган, керектүү жана конституциялык максаттар менен талаптуу шартталган чараларды колдонуусу зарыл.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан жобосу жасалган кылмыштын оордугун, коомдук коркунучтуулугун, мүнөзүн, объектисин, кылмыш жасагандан кийин өткөн убакытты эске албастан кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү соттуулугу бар жарандарга алардын коомдук коркунучтуулугу менен шартталган жана ага адекваттуу, ошондой эле күнөөлүү кыймыл-аракети үчүн жоопкерчиликти тартуу милдетине байланыштуу болгон, кылмыш жазасын өтөгөндөн кийин дагы сакталган кошумча жүктөөлөрдү мыйзам менен бекитүү мүмкүнчүлүгүнө жол берет. Бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин чектелиши конституциялык максаттарга өлчөмдөш болууга тийиш.

Ушул себептен, мыйзам чыгаруучу орган мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргоо жолун жана ыкмаларын аныктоо менен, адамдын жана жарандардын укуктарын өлчөмсүз чектөөдөн жана ажыратуудан баш тартышы керек. Коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту коргоо максатында социалдык муктаждыктарды туура баалоо менен, криминалдык элементтердин бийликке умтулушуна бөгөт коюу үчүн мыйзам чыгаруучу орган мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматтарга болгон жарандардын укугун кылмыштын оордугуна, объектисине жана жогоруда көрсөтүлгөн белгилерди эске алуу менен негиздүү чектөөгө умтулуусу зарыл.

Мында мыйзам чыгаруучу кылмыштарды классификациялоону, башкача айтканда кылмыштардын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук даражасын эске алып, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт деген укуктук ченемди чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштарды жасаган жарандарга карата кайрадан карап чыгуусу керек.

5. Кайрылуучу тарап арызында конституциялуулугу талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келет деп көрсөткөн. Бул конституциялык беренелерге ылайык жарандар Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу. Бул учурда аким кызматы шайланылбаган кызмат экендигин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пункту боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындала тургандыгын белгилеп кетүү керек. Демек, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы жарандардын шайлоо укуктарын бузбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.

2. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 31-октябрындагы № 6, 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 14 чечимдеринен келип чыккан укуктук позициялардын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн жана резолютивдик бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринен келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.

4. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы