Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-августу № 482

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-апрели № 240, 2015-жылдын 30-марты № 168, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2018-жылдын 12-мартындагы № 125  токтомдорунун редакциясына ылайык)

Чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коомдук кеңештер Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун алдында тиркемеге ылайык түзүлөөрү белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкү толуктоо киргизилсин:

7-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«- коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын Катчылыгынын функцияларын аткарат;».

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору эки айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорун «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482 токтомуна тиркеме

Коомдук кеңештер түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аталыштары

1. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

2

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

4

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

5

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

7

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

8

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

9

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

10

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

11

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

12

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

13

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

14

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

15

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

2. Мамлекеттик агенттиктер

16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик

18

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

19

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик

21

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик

3. Мамлекеттик кызматтар

22

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

23

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

24

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

25

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы

26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы

27

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

28

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)

29

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

30

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат

31

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Иителлектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы

4. Фонддор

32

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

33

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

34

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

5. Мамлекеттик инспекциялар

35

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

36

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция