Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2017-жылдын 17-февралы № 3-р

Жаран Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгындагы кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот жыйналышынын катчысы - М.Ж.Азарованын,

кайрылуучу тарап - "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун;

жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Чыңгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Гулмайрам Чокоевна Жумабекованын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Жаран К.Т.Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгындагы өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р.Бобукееванын маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 25-июлунда К.Т.Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 4-беренесинин 3-бөлүгүн, 221-беренесинин 2-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Тапшырылган материалдардан келип чыккандай, "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коому Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгы тарабынан 2012-жылдын 26-мартында берилген № 9666 салыктарды эсептөө жөнүндө билдирмесин жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылган. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 6-мартындагы чечими менен "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун арызы канааттандырылган, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгы тарабынан 2012-жылдын 26-мартында берилген № 9666 салыктарды эсептөө жөнүндө билдирмеси жараксыз деп таанылган.

Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 18-январындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 18-январындагы чечими жокко чыгарылган, аталган иш боюнча өндүрүш токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 19-майындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 18-январындагы аныктамасы күчүндө калтырылган.

Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2012-жылдын 7-мартындагы көрсөтмө катынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 2012-жылдын 22-февралындагы катынын негизинде "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомун Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көчмө кайра текшерүү жүргүзүлгөн, анын жыйынтыктары боюнча акт түзүлүп, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгы тарабынан 2012-жылдын 26-мартындагы № 9666 салыктарды кошумча эсептөө жөнүндө билдирмеси тапшырылган деп көрсөтүүдө.

"Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн билдирме менен макул болбостон, 2012-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына даттануу менен кайрылган, ал кайрылган учурдан тартып жети айдын соңунда аталган даттанууну кароо үчүн кошумча документтер тапшырылган эмес деген жүйө менен кароосуз кайтарылган.

Ушуга байланыштуу, арыздануучу ыйгарым укуктуу салык органы жогоруда аталган Кодекстин 149-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген 30 календарлык күндө даттанууну кароо мөөнөтүн кара санатайлык менен созуп, аны кароосуз кайтарып берген, бул салык төлөөчүнү соттук коргонууга болгон конституциялык укугунан ажыратты деп көрсөтүүдө.

Ушуну менен бирге, арыздануучу кассациялык инстанциянын 2016-жылдын 18-январындагы соттук актысында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринде салык төлөөчүнүн салык кызматы органынын чечимдерине тике сотко өзүнчө даттануу менен кайрылуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес деп белгиленген, ушуга байланыштуу, соттук текшерүүнүн предмети болуп даттанууну караган жогору турган органдын гана чечими болушу мүмкүн деп белгилейт.

Кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттор өздөрүнүн актыларында салык кызматы органынын талашылып жаткан билдирмеси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мааниси боюнча каралган эмес, демек, салык төлөөчү тарабынан талашты кароонун сотко чейинки тартиби сакталган эмес, ушуга байланыштуу сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү жоготулган деп белгилешкен. Арыздануучу, ыйгарым укуктуу салык органы анын ою боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн колдонуп, даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чечимин бербестен, аны кароосуз кайтарып берген, бул салык органынын актысына соттук тартипте даттануу мүмкүн эместигине алып келген деп эсептейт.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу, арыздануучу соттор тарабынан арыздануучу менен талашылып жаткан ченемдердин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам алдында баары тең, кандайдыр бир себептер боюнча кодулоого тыюу салынарына карабастан салык төлөөчүнүн соттук коргонууга болгон укугун чектөөгө алып келүүдө деп эсептейт.

Баяндалгандын негизинде, арыздануучу анын өтүнүчүн канааттандырууну жана талашылып жаткан ченемдерди конституциялуу эмес деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 25-июнундагы аныктамасы менен кайрылуучунун өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө гана өндүрүшкө кабыл алынган, калган бөлүгүнөн баш тартылган.

"Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү К.Т.Шатманов "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгү менен берилген укугунан пайдаланып, өзүнүн талаптарынын көлөмүн чоңойтуу жөнүндө жана мурда талашылып жаткан ченем менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчүн киргизген.

Арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгү салык төлөөчүнүн абалын татаалдатууга жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген ар кимдин соттук коргонууга болгон укугунун ишке ашырылуусуна тоскоолдук кылууга багытталган.

2017-жылдын 8-февралындагы соттук отурумдун жүрүшүндө "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү К.Т.Шатманов өзүнүн өтүнүчүнө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө да ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө толуктоо киргизген.

Арыздануучу бул ченем салык төлөө маселелери боюнча талашты чечүүнүн өзгөчө тартибин белгилеп, укуктук мамлекеттин принциптерине карама-каршы келет, анткени ал салык укуктук мамилелеринин субъектилерине соттук коргонууга болгон укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылат деп болжойт. Маселен, арыздануучу талашылып жаткан мыйзам жобосу, салык төлөөчүнүн арызын караган жогору турган ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине гана соттук тартипте даттануу мүмкүндүгүн карап, ошону менен бирге, салык кызматынын биринчи чечими канчалык мыйзамдуу жана негиздүү кабыл алынганын карабайт деп эсептейт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-пункту салык кызматы органынын биринчи актысына соттук тартипте даттануу мүмкүндүгүн бербейт. Ошон үчүн сотко кайрылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин милдеттүү болуусу жөнүндөгү талап талашты сотко чейинки тартипте кароонун касиетине карама-каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2017-жылдын 8-февралындагы аныктамасында кайрылуучу тараптын талаптардын көлөмүн чоңойтуу жөнүндөгү өтүнүчүн, алардын каралып жаткан иш менен байланыштуу болуусуна байланыштуу канааттандырды.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды.

Жоопкер-тараптын өкүлү Ч.М.Бердимуратов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Жоопкер-тарап арыздануучунун талаптарын негизсиз, анткени талашылып жаткан мыйзамдын жоболору терс мамилени, алдын ала кемсинтүүнү, зордукту, акыйкатсыздыкты жана адамдарды белгилүү бир социалдык топко таандык болгону үчүн кайсы бир укуктарынан ажыратууну камтыган кодулоо белгилерине ээ эмес деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 4-беренесине ылайык кызыкдар ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүндө берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине менен макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге административдик иштер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча сот тартибинде даттанууга укуктуу. Андан сырткары, мыйзам чыгаруучу укуктар менен эркиндиктердин жана соттук коргонуу кепилдигинин корголушуна Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 263-беренесинин 4-пунктунда баш ийүү тартибинде жогору турган органга же анын кызмат адамына жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуусунда сотко кайрылуу үчүн каралган мөөнөт кайрылган күндөн тартып бир ай өткөн жана жооп алынбаган же алардын арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жооп алынган күндөн тартып башталат деп караган.

Ч.М.Бердимуратов, жогоруда аталган кодекстердин көрсөтмө каттарынын түшүнүктөрүнүн жыйындысынан келип чыксак, мыйзам чыгаруучу бардык жактардын укуктары менен эркиндиктеринин соттук корголушунун кепилдигин берген жана сотторго мамлекеттик органдардын чечимдери даттанылган учурда көрсөтүлгөн ченемдерди жетекчиликке алууну аныктап берген деген тыянак чыгарса болот деп белгиледи.

Мыйзам чыгаруучу орган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгүндө талаштардын сотко чейинки тартипте чечилишин, ошону менен бирге кийин сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн чектебестен белгилеген. Демек талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошова Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Өзүнүн көз карашын негиздөө катары, ал кийинки жүйөлөрдү келтирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы соттук коргоо менен бирге, талашты чечүүнүн сотко чейинки ыкмалары менен усулдарын карайт. Талашты сотко чейин жөнгө салуунун милдеттүү тартиби пайда болгон ача пикирлерди соттордун катышуусуз чечүүнүн натыйжалуу ыкмасы болуп саналат жана талашты чечүүнүн ыкчамдыгы, соттук чыгашалардын жана мамлекеттик төлөмдөрдү төгүү түрүндөгү кошумча чыгымдарын жоктугу сыяктуу бир катар оң жактарга ээ.

Мыйзам талашты чечүүнүн сотко чейинки милдеттүү тартибин белгилейт, ал өз ара дооматтарды макулдашууга жана сотко кайрылууга чейин кагылышууларды жок кылууга багытталган. Бирок, сотко чейинки тартиптин болуусу ыйгарым укуктуу салык органы чыгарган чечим менен салык төлөөчү макул болбогон учурда аны сотко кайрылуу укугунан ажыратпайт. Ошону менен бирге, ыйгарым укуктуу салык органынын чечими менен бирге милдеттүү түрдө сотко чейинки тартипте талашты чечүүнүн тартибин сактабастан сотто өз алдынча даттанылышы мүмкүн болбогон аймактык салык органынын актысы да даттанылат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү көрсөтүлгөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт жана адам менен жаранды соттук коргонууга болгон укугунан ажыратпайт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А.Касымбеков талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгү салык төлөөчүнүн даттануусун толугу менен каралышын камсыз кылууга жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган, ал эми көрсөтүлгөн берененин 7-бөлүгү, эгер салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын чечими менен макул болбосо, талаштын сот аркылуу чечилишине тоскоолдук кылбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Г.Ч.Жумабекова талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-беренесинин 4-бөлүгүндө жогоруда аталган Кодекстин VI бөлүмүнүн жоболорун бузуу менен тапшырылган даттануу арыз берүүчүгө кайтарылуунун себептерин көрсөтүү менен кайтарылат деп көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-беренесинин 5-бөлүгүндө салык төлөөчү даттануусунун кайтарылып берилишине шылтоо болгон себептер четтетилгенден кийин, даттанууну кайтарылган даттануу алынган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына кайра жиберүүгө укуктуу.

Бирок, "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коому даттануусунун кайтарылып берилишине шылтоо болгон себептерди четтеткенден кийин ыйгарым укуктуу салык органына даттануусун кайра жөнөтүү укугун пайдаланган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 147-беренесинин 5-бөлүгүнүн ченемдери, биринчи кезекте, салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын карайт жана аларды коргойт, ага бардык зарыл болгон документтерди берүү жана аларды өзүнүн талаптарына жүйө катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет деп белгиледи. Демек, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 149-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору саналат:

"149-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, салык маселелери боюнча жоболорду колдонуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурларында токтотулуп турат.

Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул пунктта каралган жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу аралык чечим жиберилет.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге администрациялык иштер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча сот тартибинде даттанууга укуктуу.".

2008-жылдын 17-октябрындагы № 230 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 2008-жылдын 22-октябрында №№ 78-79 - 80-81 "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-берененин 1-бөлүгү); соттук коргонууга болгон конституциялык укук эч чектелүүгө тийиш эмес (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жогорудагы конституциялык укукту кепилдикке алып, ошону менен бирге ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоо укугун бекитет (40-берененин 2-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгү жана 99-беренесинин 3-бөлүгү менен болгон өз ара байланышта көрсөтүлгөн конституциялык орнотмолордон, соттук коргонууга болгон укук - бул жеке сотко гана кайрылуу укугу болбостон, мыйзамдарда бекитилген критерийлерге ылайык бузулган укуктар менен эркиндиктерди калыбына келтирүү формасында алынган чыныгы соттук коргоо мүмкүндүгү да эсептелинет, алар ченемдик формада конкреттүү иш кайсы сотто жана кандай тартипте каралууга тийиш экендигин аныктайт, бул процесстин катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга бул маселедеги укуктук күмөндүүлүктөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берери келип чыгууда. Дал ушундай укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бир катар чечимдеринде чагылдырылган (2013-жылдын 22-ноябрындагы, 2013-жылдын 27-декабрындагы, 2014-жылдын 24-январындагы, 2014-жылдын 21-февралындагы, 2014-жылдын 5-мартындагы, 2014-жылдын 3-декабрындагы, 2014-жылдын 19-декабрындагы, 2015-жылдын 9-декабрындагы).

Ошону менен бирге, мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы).

Бул конституциялык ченемди өнүктүрүүдө мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде салык төлөөчүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун сотко чейинки формасын салык төлөөчүнүн салык органдарына болгон ишенимине жана талашкан тараптар ортосунда кызматташууга негизделген талашты ынтымактуу жана ыкчам чечүү ыкмасы катары караган.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык салык төлөөчүгө укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын административдик жана соттук коргоо кепилденет.

Коргоонун административдик формасы салык төлөөчүнүн салык органдарынын ченемдик эмес актыларын жогору турган салык органына даттануу берүү жолу менен сотко чейинки кароо процедурасын болжойт.

Салык укуктук мамилелер алкагында мыйзамдар талаштардын сотко чейинки каралуусун бийликке ээ болбогон субъектинин милдеттүү баскычы болгон административдик-юрисдикциялык органга даттануу менен кайрылуусун андан ары сот органдарына кайрылуу үчүн зарыл болгон баскыч катары карайт. Талаштарды чечүүнүн мындай усулунун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: экономикалык, юридикалык жана убакыт чыгымдарын кыскартууга алып келген кайрылуу субъектинин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуу механизмин түзүү; административдик иштерди кароодо элдик бийликтин аткаруу органдарынын кадырын, кесипкөйлүгүн жана ыкчамдуулугун көтөрүү, ошондой эле аталган иштер боюнча соттордун жүгүн азайтуу.

Андан тышкары, бийликке ээ болбогон субъектилер жана мамлекеттик органдар ортосунда пайда болгон талаштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартиби жарандар менен уюмдарга өзүнүн бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоону, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайда болгон талаштарды өздөрү чечүүгө болгон кызыкчылыгын жана алардын чечилишин сотко жеткирбей бүтүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү. Жарандардын бузулган укуктары боюнча административдик органдарга кайрылуусу, эгер ката көз көрүнө болуп, туура эмес маалыматтын орду болсо, кетирилген катаны өздөрү оңдоо үчүн бул органдарга шарт түзүлүп, ишти соттук териштирүүгө жеткирбестен аткаруу бийлик органдарынын тутумунда пайда болгон талашты да чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Талаштарды чечүүнүн мындай усулу укуктук мамилелер субъектилерине талаштарды сотко чейинки жөнгө салууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет жана укуктук коргоонун кошумча каражаты болуп саналат. Ошону менен, мыйзам чыгаруучу тарабынан салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун мындай усулун пайдалануусу аларды соттук коргонууга болгон конституциялык укугунан ажыратпайт, анткени Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу мүмкүндүгүн берет.

Демек, талаштарды административдик ыкма менен чечүү мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик мажбурлоо менен камсыз кылынган эң универсалдуу ыкма катары соттук коргоо тартиби колдонулат. Бул, эгер кайсы бир жак өзүнүн укуктары менен кызыкчылыктары административдик ыкма аркылуу калыбына келтирилген жок деп эсептесе, ал бузулган укуктарын коргоо үчүн бардык учурларда сотко кайрылууга укугу болушу керек дегенди билдирет.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу салык талаштарын сотко чейинки жөнгө салуу тартибинин зарылдыгын орнотуп, мындай процедуранын жогорудагы максаттарына жана милдеттерине гана таянып, ар кимдин соттук коргонууга болгон конституциялык укуктарын бузбайт жана анын натыйжалуу корголушу үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпайт деп билдирет. Ошондуктан талаштарды сотко чейинки чечүүнүн тартибинин процедурасын жөнгө салуучу укуктук ченемдерди бул процедуранын конституциялык укуктук маанисин түшүнүүнүн чегинде гана чечмелөөгө жол берилет.

4. Даттануу укугунун мааниси болуп, салык төлөөчүнүн өз кызыкчылыктарын сотко чейинки тартипте коргоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүндө гана болбостон, тиешелүү салык органынын келтирилген каршы пикирлерди бейтарап карап чыгуу жана мыйзамдуулук менен негиздүүлүктүн талаптарын жетекчиликке алып, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечим кабыл алуу милдети болуп саналат. Салык органдарынан даттанууну карап чыгууну талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган процедуралар жана берилген даттанууну чечүү боюнча процесстик мөөнөттөрдүн бардык жыйындысы менен камсызданат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө даттануунун маанисине карата ыйгарым укуктуу салык органынын чечими жиберилет. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгү, эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат деп карайт. Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, салык маселелери боюнча жоболорду колдонуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурларында токтотулуп турат.

Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгү даттанууну кароонун мөөнөтүн чексиз узартуу жана ыйгарым укуктуу салык органынын өзүнө карап иш кылуу мүмкүнчүлүгүн жол берилгис кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө жол берген жоболорду өзүнө камтыйт, бул салык төлөөчүнүн бузулган укуктары менен кызыкчылыктарын ыкчам калыбына келтирүүгө көмөк болууга арналган, талашты чечүүнүн мындай ыкмасынын касиетине карама-каршы келет.

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучуга салык талаштарын чечүүнүн сотко чейинки тартибин укуктук жөнгө салынышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсү тийиш, мындай процедура талашты сотко чейинки тартипте чечүүнүн мөөнөтүндө күмөндүүлүктү камтыбашы керек, ал даттанууну кароо мөөнөтүн чексиз узартууну жокко чыгарган так чектердин алкагында белгилениши керек. Бул мөөнөттөрдүн ичинде даттанууну чечүү мүмкүн болбой калган учурда, себептерине карабастан, салык төлөөчүдө соттук коргонууга болгон конституциялык укугун пайдаланууга мүмкүнчүлүк болушу керек.

5. Кайрылуучу тарап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кодулабоо принцибин бузууда деп болжойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз карашына ылайык кодулабоо конституциялык принциби негизделбеген мүнөзгө ээ ар кандай кайрылууларга тыюу салууну болжолдойт, ал инсандын укуктук статусунун ар кандай элементтеринин тармагындагы аныкталган белгилер боюнча ишке ашырылат. Бул принцип бир гана укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууга жайылтылбастан, милдеттенмелерди, жоопкерчиликти жүзөгө ашырууга, укуктар менен эркиндиктердин юридикалык кепилдиктерине да жайылтылат. Укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруу учурунда кодулоонун бардык таризинен коргоого кепилдик берген теңдиктин конституциялык принцибин кармануу, башкалардан тышкары, бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарындагы айырмачылыктарды киргизүү дегенди түшүндүрөт, аларда объективдүү жана акыл-эстүүлүк актануу жок (2016-жылдын 11-майындагы чечим).

Талашты жөнгө салуунун милдеттүү сотко чейинки процедурасын караган талашылып жаткан ченем салык органдары менен талаш пайда болгон, алымча-кошумчасы жок, бардык категориядагы салык төлөөчүлөргө жайылтылат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү кодулоо катары каралышы мүмкүн эмес.

6. Арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине даттануу мүмкүндүгүн карап, салык органынын биринчи актысына соттук даттануу тартибин жөнгө салган эмес, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө ар кимге кепилденген соттук коргоого болгон конституциялык укугунун жүзөгө ашырылуусуна тоскоолдук кылат, мындай көрүнүш укуктук мамлекетте болуусу мүмкүн эмес деп болжойт.

Укуктук мамлекет - бул укук үстөмдүүлүккө ээ болгон коомдун уюштурулган формасы, ал эми мыйзамдуулук режими сот менен камсыз кылынат, ал мамлекеттик бийликтин укук менен чектелүүсүн болжойт. Ушуга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын ишмерлигинин укуктук мүнөзүнө соттук контроль эбегейсиз мүнөзгө ээ болушу керек жана эч кандай жокко чыгаруусуз мамлекеттик бийлик органдарынын кандай актысы болбосун сотто даттануу мүмкүнчүлүгү аркылуу чагылдырылуусу керек. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сотто актыларга гана эмес, мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине, атүгүл аракетсиздигине да даттануу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү ар кимдин соттук коргонууга болгон конституциялык укугунун жүзөгө ашырып, салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Бул ченем регулятивдик-берүүчүлүк болуп туруп, императивдик мааниге ээ болгон тыюу салуучу эрежелерди камтыбайт, демек, административдик иштер жарандык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен талашты сотко чейинки чечүү тартибин сактагандан кийин салык төлөөчүнүн төмөн турган салык органынын чечимин сотко берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченем катары чечмелениши мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем укуктук мамлекеттин принциптерине карама-каршы келген ченем катары каралышы мүмкүн эмес.

Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучуга эгер ыйгарым укуктуу орган ушул Чечимдин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө салык төлөөчүнүн берген даттануусун чече албаса, аймактык салык органынын чечимине сотко даттануунун механизмин кароого тийиш, алар кескин мүнөзгө ээ болуусу керек.

Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2-бөлүгү соттук коргонууга болгон конституциялык укуктун жүзөгө ашырылуусуна тоскоолдук болуп эсептелген талаштарды сотко чейинки чечүүнүн мүмкүн болуучу мөөнөттөрүн чектебеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

6. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы