Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\bf98e6f5-6003-48b8-9b22-b5bde96ff929\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-августу № 458

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жактырылсын.

2. Жогоруда аталган отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө жиберилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «_8_»_августу_№_458_

токтому менен  жактырылган

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет

 

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты кошкондо 34650507,1 миң сомду (ИДПга карата 9,9 %) түздү, бул такталган бюджетке караганда 99,6 пайызга аз, анын ичинде пландагы 20602563,6 миң сомдун ордуна 20449124,7 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү, же план 99,3 пайызга аткарылды. Жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында 19104657,4 миң сом утурумдук төлөмдөр жана 1344467,2 миң сом өткөн жылдар үчүн мөөнөтү өткөн карыздардын төлөмү болуп саналат (1-тиркеме).

Көптөгөн мамлекеттик жана стратегиялык ишканалардын жана уюмдардын утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгүнөн түзүлгөн кырдаал пландын аткарылбашынын негизги себеби болуп эсептелинет.

2014-жылдын 1-январына карата утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар (5000 млн. сомдон жогору) карызкорлор: Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы (29193,3 миң сом), Бишкек жүргүнчүлүк автотранспорт ишканасы, (21729,4 миң сом), “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы (6859,6 миң сом), “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коому (17316,2 миң сом), “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун  Нарындагы филиалы (22061,6 миң сом), “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Караколдогу филиалы (7314,3 миң сом), “Нарынгидроэнергокурулуш” ачык акционердик коому (19324,2 миң сом), “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коому (4512,7 миң сом).

Мындан тышкары, 2012-жылдын 8-августундагы № 156 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл чарба продукцияларын өндүргөн айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери азайтылгандыктан айыл чарбанын уюшулган секторунан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү азайды.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2012-жылга салыштырмалуу 108,8 пайызга көбөйдү же 1655808,5 миң сомго көп жыйналды.

Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларынын пенсиясын төлөөгө, жеңилдик берилген пенсияларга жана пенсиянын үстөк акыларына, электр энергиясына компенсациялык төлөмдөргө милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 2013-жылга карата такталган бюджетке ылайык 13049306,2 миң сом суммасында толук көлөмдө келип түшкөн, анын ичинде 2012-жыл үчүн республикалык бюджеттин Социалдык фондго 147016,2 миң сом карызы жоюлду (1-тиркеме).

2013-жылы Социалдык фонддун бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын мөөнөттүү депозиттик эсептерине жайгаштыруудан, туумдар жана айыптардан, дивиденддерден, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк акча калдыктарына пайыздардан жана башка булактардан алган кирешеси 183684,0 миң сомду түздү.

Социалдык фонддун 2013-жылдагы чыгымдары 34022514,5 миң сомду түздү, анын ичинде:

- Пенсиялык фонддуку –31494469,5 миң сом (2-тиркеме).

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку – 1389978,6 миң сом (3-тиркеме);

- Эмгекчилердин ден соолугун  чыңдоо фондунуку – 174440,5 миң сом (4-тиркеме);

- Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку  – 963625,9 миң сом (5-тиркеме).

2013-жылы пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өлчөмүн жогорулатуунун эсебинен Пенсиялык фонддун чыгымдары 2012-жылга караганда 3227675,5 миң сомго көбөйүп, 31494469,5  миң сомду түздү.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №111 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген иш чаралар планынын 91-пунктун аткаруу үчүн, Социалдык фонд тарабынан 2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууну караган төмөнкү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кабыл алынган:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын                      2013-жылдын 6-ноябрындагы №200 Мыйзамы (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүү коэффициенттери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына).

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 482 “2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 483 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу” токтому.

2014-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 580,8 миң адамга жетип, орточо пенсиянын өлчөмү 4432,0 сомду түздү, мында пенсиянын орточо өлчөмүнүн пенсионердин жашоо минимумуна карата катышы 108,2 % ды түздү.

2013-жыл ичинде пенсияларды төлөп берүүдө карыздарга жол берилген жок. 2014-жылдын 1-январына карата электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде пенсия төлөөгө керектелүүчү 29031969,7 миң сом толугу менен каржыланды.

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2013-жылы пенсионерлердин сөөгүн  коюуга 302220,0 миң сом суммасында жөлөк пул төлөнүп берилди.

2013-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1389978,6 миң сом жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 174440,5 миң сом суммасында каржыланган.

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн багытталган топтолуучу пенсиялык каражаттарды түзүү жана инвестициялоо мамилелерин жөнгө салуунун укуктук негиздери белгиленген. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин негизинде Социалдык фонд 2016-жылдын 31-декабрына чейин топтолуучу пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкарат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарга 1149835,8 миң сом суммада жайгаштырылган. Ошондой эле, пайыздык кирешелерин ай сайын төлөө менен кирешеси жылына 12 % түзгөн 110000 миң сом суммасында Бишкек шаарынын мэриясынын облигациялары алынган.  

Социалдык фонд тарабынан өткөрүлгөн депозиттик аукциондордун жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга 1368866,7 миң сом пенсиялык топтоо каражаттары жайгаштырылган.

Жалпысынан, 2013-жылы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттарынан 2628702,5 миң сом инвестицияланды.

Мурунку жылдарда жайгаштырылган каражаттарды кошо эсепке алганда 2013-жылы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттарын инвестициялоо боюнча кирешелер 528349,4 миң сомду түздү, бул бюджетте каралгандан 64299,0 миң сомго жогору.  

Ошондой эле, 2013-жылы камсыздандыруу базасын кеңейтүү максатында бардык эмгекке жарамдуу жарандарды жекече эсепке алуу, аларга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылдын 1-январына карата жекече эсепке алуу тутумунда катталган жарандардын саны 4942,9 миң адамды түздү.

2013-жылы жекече эсепке алуу тутумунда социалдык коргоого 245,6 миң арыз иштелип чыккан жана аларга социалдык коргоо күбөлүгү берилген. Алардын ичинен жекече эсепке алуу тутумунда жаңы катталган жарандардын  саны 69,1 миң адамды  түзөт, анын ичинде 26,0 миңи жаңы төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

Мындан сырткары, жекече эсепке алуу тутумунда катталган эмгек мигранттарынын саны 96,9 миң адамды түзөт. 2013-жылы Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө убактылуу жүргөн 6060 Кыргыз Республикасынын жараны катталган.

Социалдык фонддун 2013-жылга бюджети 317873,1 миң сом суммада профицит менен бекитилген. 2013-жылга бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча бюджеттин профицити 627992,6 миң сомду түздү.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин

аткарылышы жөнүндө отчетко

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2013-жылга бюджетинин аткарылышы

(миң сом)

 

Позициянын №

2013-жылга бюджет

2013-жылы                                                         бюджеттин аткарылышы 

БАРДЫК КИРЕШЕЛЕР

1

34 806 865,3  

34 650 507,1

ИДПга карата % менен

2

9,9

9,9

анын ичинде:

I. Пенсиялык фондго жыл башындагы калдыктарды кошуп эсептегенде

3

32 094 541,1  

32 007 611,2

II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку

4

1 494 680,0

1 490 150,5

III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку

5

181 830,0

189 119,4

IV. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку

6

1 035 814,2

963 625,9

1. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

7

20 602 563,6

20 449 124,7

анын ичинде:

Пенсиялык фондунуку

8

17 890 239,4

17 806 228,8

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку

9

1 494 680,0

1 490 150,5

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку

10

181 830,0

189 119,5

Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку

11

1 035 814,2

963 625,9

2. Башка кирешелер (дивиденддер ж.б.)

12

186 603,3

183 684,0

3. Республикалык бюджеттен түшүүлөр

13

13 049 306,2  

13 049 306,2

БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР

14

34 488 992,2  

34 022 514,5

ИДПга карата % менен

15

9,8

9,7

анын ичинде:

I. Пенсиялык фондунуку

16

31 776 668,0

31 494 469,5

II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку

17

1 494 680,0

1 389 978,6

III. Эмгекчилердин ден  соолугун чыңдоо фондунуку

18

181 830,0

174 440,5

IV. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку

19

1 035 814,2

963 625,9

дефицит (-), профицит (+) (1-14)

20

317 873,1  

627 992,6

жыл аягына Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттары

21

4 299 764,8

4 640 337,0

 

ИДП

22

351 140 800,0

350 028 400,0

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин

аткарылышы жөнүндө отчетко

2-тиркеме

 

2013-жылы Пенсиялык фондунун бюджетинин аткарылышы

(миң сом)

 

Позициянын №

2013-жылга бюджет

2013-жылы                                                         бюджеттин аткарылышы  

БАРДЫК КИРЕШЕЛЕР

1

32 094 541,1  

32 007 611,2

ИДПга карата % менен

2

9,1

9,1

жыл башына калдык

3

968 392,2

968 392,2

I. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

4

17 890 239,4

17 806 228,8

анын ичинде:

өнөр жай жана башка ишканалардан жана уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

5

9 897 135,1

9 425 038,8

бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

6

6 485 561,4

6 651 041,6

уюшулган айыл чарба секторунан камсыздандыруу төгүмдөрү

7

29 895,1

26 600,0

фермердик жана дыйкан чарбаларынан камсыздандыруу төгүмдөрү

8

166 950,0

127 755,3

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү

9

327 443,0

404 655,2

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

10

8 054,8

7 471,7

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү

11

975 200,0

1 163 666,2

II. Башка кирешелер (дивиденддер ж.б.)

12

186 603,3

183 684,0

анын ичинде:

ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер

13

110 928,7

86 126,3

камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн айыптар жана туумдар

14

33 000,0

42 194,5

эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар

15

29 500,0

37 458,0

камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар

16

1 352,7

1 286,7

убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу

17

5 821,9

5 821,9

пенсия төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалар

18

2 000,0

1 645,9

регресстик талаптарды коюунун жыйынтыгында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар

19

3 000,0

6 230,4

башка түшүүлөр

20

1 000,0

2 920,2

III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр

21

13 049 306,2  

13 049 306,2

анын ичинде:

 

пенсиянын базалык бөлүгү

22

6 819 096,6

6 819 096,6

жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация

23

1 747 717,7

1 747 717,7

аскер кызматчыларынын пенсиялары

24

1 184 026,2

1 184 026,2

аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул

25

15 000,0

15 000,0

пенсиялар жана үстөк акылар

26

3 283 465,7  

3 283 465,7

БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР

27

31 776 668,0

31 494 469,5

ИДПга карата % менен

28

9,0

9,0

пенсиялар

29

27 500 138,6

27 298 333,4

электр энергиясына компенсация

30

1 728 702,0

1 733 636,3

аскер кызматчыларынын пенсиялары

31

1 184 026,2

1 183 260,6

аскер кызматчыларына

камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул

32

15 000,0

11 196,0

сөөк коюуга жөлөкпул

33

322 500,0

302 220,0

пенсия дайындоо жана пенсияларды жана пособиелерди жеткирүү боюнча чыгымдар

34

316 394,0

304 427,5

Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар

35

27 654,7

25 957,6

жекече эсепке алуу боюнча чыгымдар

36

10 600,0

7554,7

Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары

37

587 002,5

577 390,3

резервдик фонд

38

64 300,0

30 451,2

өнүктүрүү фонду

39

12 500,0

12 503,1

мүчөлүк акыларды төлөө

40

5 100,0

4 950,5

башка чыгымдар

41

2 750,0

2 588,3

дефицит (-), профицит (+)

42

317 873,1  

513 141,7

ИДП

43

351 140 800,0

350 028 400,0

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин

аткарылышы жөнүндө отчетко

3-тиркеме

 

2013-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

фондунун бюджетинин аткарылышы

(миң сом)

 

Позициянын №

2013-жылга бюджет

2013-жылы                                                         бюджеттин аткарылышы 

Камсыздандыруу төгүмдөрү

1

1 494 680,0

1 490 150,5

анын ичинде:

 

өнөр жай жана башка ишканалардан жана уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

2

821 780,0

783 275,6

бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

3

534 470,0

575 403,3

уюшулган айыл чарба секторунан камсыздандыруу төгүмдөрү

4

3 100,0

2448,3

фермердик жана дыйкан чарбаларынан камсыздандыруу төгүмдөрү

5

13 000,0

12 652,2

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү

6

40 680,0

28 932,6

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

7

0,0

0,0

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү

8

81 650,0

87 438,5

Бардык чыгашалар

9

1 494 680,0

1 389 978,6

анын ичинде:

 

медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо

10

1 397 680,0

1 292 978,6

административдик чыгымдар

11

90 500,0

90 500,0

маалыматтык камсыздоого чыгымдар

12

6 500,0

6 500,0

саламаттыкты сактоону колдоо фонду

13

0,0

 

каражаттардын калдыгы

14

0,0

100 171,9


 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин

аткарылышы жөнүндө отчетко

4-тиркеме

 

2013-жылы Эмгекчилердин ден соолугун

чыңдоо фондунун бюджетинин аткарылышы

(миң сом)

 

Позициянын №

2013-жылга бюджет

2013-жылы                                                         бюджеттин аткарылышы

Камсыздандыруу төгүмдөрү

1

181 830,0

189 119,5

анын ичинде:

өнөр жай жана башка ишканалардан жана уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

2

102 720,0

105 202,8

бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

3

66 740,0

70 805,6

уюшулган айыл чарба секторунан камсыздандыруу төгүмдөрү

4

290,0

259,1

фермердик жана дыйкан чарбаларынан камсыздандыруу төгүмдөрү

5

1 550,0

1 247,0

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү

6

80,0

150,5

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

7

100,0

55,6

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү

8

10 350,0

11 398,9

Бардык чыгашалар

9

181 830,0

174 440,5

анын ичинде:

санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу

10

117 041,6

109 424,5

санаторийлерде жана профилакторийлерде ден соолугун чыңдоо

11

9 353,5

10 853,0

балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо

12

49 980,0

49 980,0

уюштуруу-административдик чыгымдар

13

5 454,9

4 183,0

каражаттардын калдыгы

14

0,0

14 679,0

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджетинин

аткарылышы жөнүндө отчетко

5-тиркеме

 

2013-жылы Мамлекеттик топтолуучу

пенсиялык фондунун бюджетинин аткарылышы

(миң сом)

 

Позициянын №

2013-жылга бюджет

2013-жылы                                                         бюджеттин аткарылышы

1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары

1

3 306 253,8

3 306 253,8

2. Учурдагы жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү

2

1 035 814,2

963 625,9

анын ичинде:

өнөр жай жана башка ишканалардан жана уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

3

606 228,4

560 334,1

бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

4

336 329,4

309 150,2

уюшулган айыл чарба секторунан камсыздандыруу төгүмдөрү

5

1 411,3

1 402,2

фермердик жана дыйкан чарбаларынан камсыздандыруу төгүмдөрү

6

0,0

0,0

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү

7

8 787,3

10 494,6

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөрү

8

257,8

281,2

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү

9

82 800,0

81 963,6

3. Учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар

10

1 025 456,0

961 170,2

анын ичинде:

мамлекеттик баалуу кагаздар

11

717 819,2

672 819,1

кыргыз эмитенттеринин облигациялары

12

 

 

кыргыз эмитенттеринин акциялары

13

индекстүү инвестициялык фонддордун пайлары

14

ипотекалык  баалуу кагаздар

15

 

 

кредиттик мекемелердин депозиттери

16

307 636,8

288 351,1

4. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон киреше

17

464 050,5

528 349,4

5. Бардык чыгашалар

18

506 353,7

157 892,2

анын ичинде:

 

пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүүгө

19

495 995,6

155 436,5

МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар

20

10 358,1

2 455,7

6. Жыл аягына карата пенсиялык топтоо каражаттары (1+2+4-5)

21

4 299 764,8

4 640 337,0