Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-августу, № 462

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-декабры № 747, 2015-жылдын 29-декабры № 893 токтомдун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн туруктуу жана натыйжалуу тутумун түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө убактылуу  жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу бөлүгүн өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизүү;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен финансы каражаттарын карасын.

4. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген убактылуу жоболор 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулаары белгиленсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-декабры № 747, 2015-жылдын 29-декабры № 893 токтомдун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев