Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2017-жылдын 5-июлу N 10-р

Бекболот Жыргалбекович Касаболотовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот отурумунун катчысы - Н.А.Кененсариеванын,

кайрылуучу тарап - Бекболот Жыргалбекович Касаболотов, анын ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Акбарович Токтакунов,

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратов;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Алтынбек Урубаевич Нурмаматов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин "Жазык укугу жана процесс" кафедрасынын доценти Бактыбек Сулайманович Батырбаевдин катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Б.Ж.Касаболотовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 6-февралында жаран Б.Ж.Касаболотовдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Кайрылуучу тарап өзүнүн өтүнүчүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес деген жобону камтыйт деп белгилейт.

Кайрылуучу тарап, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын күбө катары суракка алууга тыюу салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүн туура эмес чечмелөө болуп саналат, ага ылайык эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Бул конституциялык ченемден ар кимдин жеке өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө катары өтөөрүн же көрсөтмө берүүдөн баш тартаарын өзү билип чечүү укугу келип чыгат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда келтирилген ченемине карабастан шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес деп бекитет. Аны менен, кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдин ченемдик көрсөтмөсү мындай жарандардын жакын туугандарына каршы көрсөтмө берүү же андай көрсөтмө берүүдөн баш тартуу эркиндигине тоскоолдук кылат.

Б.Ж.Касаболотов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнүн ченемдик көрсөтмөсүнүн мааниси эч ким кимдир бирөөнү жеке өзүнө, жубайына же жакын туугандарына каршы көрсөтмө берүүгө, ошондой эле көрсөтмө бербөөгө милдеттендирүүгө укугу жок дегенде камтылат деп эсептейт.

Анын пикири боюнча, талашылып жаткан ченем менен бекитилген тыюу салуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принциптерин бузууда.

Атаандаштык принциби иш үчүн орчундуу мааниси бар жагдайлардын баарын аныктап билүү жана сот тарабынан негиздүү чечим чыгаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Бул принципке ылайык, эгер тараптар болушунча жагымдуу чечим алууну каалашса, алар иш үчүн орчундуу мааниси бар юридикалык фактыларды сотко билдиришет, сотко бул фактыларды ырастаган же төгүнгө чыгарган далилдерди белгилешет же келтиришет, ошондой эле, сотту өзүнүн туура айткандыгына ынандырууга багытталган мыйзамда каралган башка процесстик аракеттерди жасашат.

Бирок, талашылып жаткан ченем шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарынын күбө катары өтүшүнө жол бербей, тараптарды ушул күбөлөрдүн, эгер алар көрсөтмө берүүгө ниетин билдирсе, көрсөтмөлөрүнө шилтеме жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда.

Тең укуктуулук принциби сот алдында бир да тарап өзүнүн көз карашын жактоодо жана өзүнүн кызыкчылыктарын коргоодо тең процесстик укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатып, сот алдында артыкчылыкка ээ эмес дегенди билдирет. Күбөлөрдүн - шектүүнүн, айыпкердин жана соттолуучунун жакын туугандарынын көрсөтмөлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу башка тарапка жеке көз карашын жактоодо артыкчылыктын пайда болушуна алып келет.

Андан тышкары, Б.Ж.Касаболотов талашылып жаткан ченем күбөнүн же жабыр тарткандын өзүн же жакын туугандарын кылмыш жасоого тиешелүү экендигин ырастаган көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укугу жөнүндө тергөөчүнүн түшүндүрмө берүү милдетин караган, күбөнү жана жабыр тартканды суракка алуунун тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Тергөөчүнүн мындай милдети күбөлөрдүн ушундай укугу бар экендигин ырастайт.

Баяндалгандын негизинде, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин көрсөтүлгөн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну суранды.

Жоопкер тараптын өкүлү Ч.М.Бердимуратов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Жазык -процесстик кодексинин 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгер 60-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда аталган адамдар көрсөтмө бергиси келсе, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат деп көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы Мыйзамында талашылып жаткан ченемдин туура эмес регламентациясына алып келген пункттардын нумерациясынын жылып кетишине учураткан техникалык мүчүлүштүктөр кеткен деп белгиледи.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Б.Ж.Касаболотовдун өтүнүчүн чечүүнү соттун карамагына калтырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү А.У.Нурмаматов Б.Ж.Касаболотовдун өтүнүчүндө көрсөтүлгөн жүйөлөрдү колдоду жана жеке өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы көрсөтмө бербөө укугу мажбурлоонун жана кысым көрсөтүүнүн жардамы менен алынган далилдерди айыптоонун колдоно албастыгына көмөк болот деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери белгилүү чөйрөнүн адамдарына күбө болбоо иммунитетин берип, алар макул болгон учурда аларды суракка алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт жана адамдын өзүнө белгилүү маалыматты жеке өзүнүн жана жакын туугандарынын пайдасына колдонуу укугун жүзөгө ашыруусуна тыюу салуу катары каралышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т.Айтбаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болду, ошону менен бирге, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын суракка алуунун тергөө тажрыйбасын изилдөө, тергөө жана соттук териштирүү мезгилинде жакын туугандарынын өзүлөрүнүн макулдугу менен алар далилдерди же адамдын алибисин же иштин башка жагдайларын аныктоо үчүн суракка алынаарын көрсөттү деп белгиледи.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 19-беренеси тергөөчүнү иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнүн, айыпкердин бетин ача турган да, жактоочу да, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды табууга милдеттендирет.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 192-беренесинде күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуу тартиби көрсөтүлгөн. Кодекстин бул жобосу тергөөчүнүн күбө же жабырлануучуга алардын өздөрүн же жакын туугандарынын кылмыш жасагандыгын бетин ачкан көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүү милдетин бекитет.

Ошондой эле У.Т.Айтбаев, эгер шектүү, айыпкер, соттолуучу өзүн коргоо үчүн, анын жакын туугандарын суракка алуу жолу менен гана аныктыгы тактала турган алиби келтирсе же болбосо жакын туугандардын бири башка жакын тууганынын жазык жазасы берилүүчү жосун жасагандыгы жөнүндө билдирген болсо, бирок чындыкты аныктоо үчүн башка жакын туугандарды суракка алуу зарыл болсо, анда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин колдонуудагы 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту аларды иштин жагдайлары боюнча суракка алууга жол бербейт деп кошумча белгиледи. Ошону менен, адам бул маселенин объективдүү каралышы үчүн өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыра албайт, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимдин укуктарынын корголушун кепилдеп турат. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин мурунку редакциясында шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынууга жатпайт деп каралган болуучу деп белгиледи. Бирок, эгер жакын туугандар көрсөтмө бергиси келишсе, алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат деген шилтемеси бар болуучу.

Баяндалганды эске алуу менен, У.Т.Айтбаев талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептейт.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин "Жазык укугу жана процесс" кафедрасынын доценти Б.С.Батырбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө камтылган мыйзам жана сот алдында жарандардын баары бирдей деген принципке ылайык жазык процессте жакын туугандыгы бар жарандар күбө болуу жана көрсөтмө берүү конституциялык укугунан ажыратылбашы керек деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-пунктуна ылайык жеке өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө катары өтүү жарандын милдети эмес, анын укугу болуп саналат.

Б.С.Батырбаевдин пикири боюнча, жакын туугандык жагдайы жарандардын жасалган кылмыштын жагдайлары тууралуу көрсөтмө берүү укуктарын чектебеши керек, анткени ал иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилденишине көмөк болмок. Мында соттук териштирүүнүн жүрүшүндө алынган далилдерди баалоо сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Ошону менен бирге, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарынын көрсөтмөлөрүнүн жоктугу сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту саналат:

"60-статья. Күбө

(4) Төмөндөгүлөр:

7) шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.".

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси 1999-жылдын 30-июнунда мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, 1999-жылы 21-июлда "Эркин Тоо" гезитинин №№ 59-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде катталган жана колдонуудагы акт болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жогорку баалуулук деп эсептейт. Алар тике колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруучу бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт (16-берененин 1-бөлүгү).

Көрсөтүлгөн конституциялык ченем адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин деталдаштырып регламенттөө аркылуу, анын ичинде жазык-процесстик мыйзамдарда жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Аталган конституциялык жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгү менен тутумдаш байланышта турат, ага ылайык эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Мыйзам менен көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары да белгилениши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн жобосу өзүнө же жакын туугандарына, башкача айтканда күбөнүн иммунитети бар адамдарга каршы көрсөтмө ыктыярдуулук жана диспозитивдик принциптердин сакталышы менен гана берилиши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн конституциялык ченемди жүзөгө ашырууда жазык-процесстик мыйзамдар менен өзүнө же ата-энеси, күйөөсү (аялы), балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелердин катарына кирген жакын туугандарына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 5-беренеси) каршы күбө катары өтүүгө кандайдыр бир мажбурлоого тыюу салынган.

Өзүнө же мыйзамда аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтпөө укугу инсандын өзгөчө орчунду мыйзамдуу кызыкчылыктарынын жаатына кирет.

Адамга күбө иммунитетин ыйгарып берүү адамдын, жарандын укуктары жана эркиндиктерин сакталышынын орчундуу шарттарынын бири болуп саналат, алардын катарына адамдын жана жарандын кепилдиктерин

орноткон жана соттук процедуранын жардамы менен бузулган укуктарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн берген калыс соттук териштирүүгө болгон укук да кирет.

Күбөнүн кол тийбестигин укуктук жөнгө салуу жеке адамдарды коргоо жана суракка алууга байланышкан аракеттерди жасоодо укуктардын жана эркиндиктердин артыкбаш чектелүүсүн болтурбоо үчүн тиешелүү укуктук механизмдерди колдонууну болжойт. Демек, мыйзамда орнотулуучу чаралардын мүнөзү жана мазмуну конституциялык маанилүү баалуулуктарды коргоо максаттары менен гана шартталбастан, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын суракка алуунун натыйжасында жаралуучу кесепеттердин адекваттуулугунун талаптарынан да келип чыгып аныкталышы керек.

Күбөнүн иммунитети мыйзам алдында баары бирдей деген принциптен өзгөчөлүк болуп саналат жана жазык иш боюнча белгилүү категориядагы адамдарга укуктук кол тийбестиктин өзгөчө укугун берүүдө жана аларга жазык иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укугун ыйгарып берүүдө турат. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренесине карата эскертүүдө адам жеке өзүнө, жубайына же жакын туугандарына күбө катары өтүүдөн баш тартуу үчүн жазык жоопкерчилигине тартылбайт деп белгиленген. Бул ченемди өзүн айыптоого жана өзүнө, жубайына же жакын туугандарына каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоого каршы укуктук кепилдик катары кароо керек. Мында, бул конституциялык орнотмолор 1966-жылдын 16-декабрындагы Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесинин 3-бөлүгү менен өз ара шайкеш келет, ага ылайык ар ким ага ар кандай жазык айыбын тагууну кароодо жеке өзүнө каршы күбө катары өтүүгө же өзүн күнөөлүү деп таанууга мажбурланышы мүмкүн эмес. Башка сөз менен айтканда, ар ким, айыпкерди кошкондо, аны кылмыш жасоодо далилдеген күбө катары өтүү милдетинен бошотулат.

Демек, жарандарды жеке өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө катары өтүү милдетинен бошотуп, мыйзам чыгаруучу адамды өзүнө жана жакын туугандарына зыян келтирүүгө мажбурлоонун мүмкүн эместиги жөнүндө адеп түшүнүктөрүнө ылайык юридикалык көрсөтмөлөрдү орноткон.

3. Жазык процессте иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адам күбө деп табылат (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 1-бөлүгү). Күбө жазык процессте орчундуу адам болуп саналат. Анын көрсөтмөлөрү далилдерди чогултуунун кеңири жайылган ыкмасы болуп саналат, алардын жардамы менен кылмышты жасоодо аныкталууга тийиш көптөгөн жагдайлар аныкталышы мүмкүн. Адамдын өзүнө белгилүү жана жазык иш боюнча аныкталууга тийиш жагдайлар тууралуу маалымат берүүсү көп учурда жасалган кылмыш, анын деталдары, ошондой эле зарыл болгон далилдерди кайсы жерден алуу мүмкүндүгү тууралуу негизги маалымат булагы катары кызмат кылат.

Тергөө жана жазык иш боюнча чындыкты аныктоо үчүн мааниси бар кандайдыр бир жагдайлар жөнүндө кабары бар же кабардар болушу мүмкүн ар кандай юридикалык жактан кызыкчылыгы жок адам күбө катары чакырылышы мүмкүн.

Жалпы эреже боюнча ыйгарымдуу кызмат адамы суракты жүргүзүү үчүн адамды чакырткандан тарта ал күбө деген процесстик статуска ээ болот, жана ушул эле учурдан тарта ага жазык-процесстик мыйзамдарда каралган бир катар укуктар менен милдеттер ыйгарылат да, милдеттерди аткарбоо үчүн жоопкерчиликтүү болот. Андан тышкары, иш боюнча кандайдыр бир фактыларды билген адам суракка өзүнүн демилгеси менен келиши мүмкүн. Бул учурда адам ага анын укуктары менен милдеттери түшүндүрүлгөндөн тарта күбө деген процесстик статуска ээ болот.

4. Күбөнүн статусу анын иш боюнча көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү менен аныкталат. Шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын күбө катары суракка алууга салынган тыюу, алар тигил же бул маалыматты жарыкка чыгарууга кызыкдар болгон учурда алардын тиешелүү көрсөтмө берүү укугу чектелбеши керек. Демек, мындай ниетти билдирген адамдар тиешелүү өтүнүчүн берген учурда тергөө органдары жана соттор алардын күбө катары өтүүсүнөн баш тартууга укугу жок.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 5-бөлүгүндө орнотулган эреже буга карата күбө болуп саналат, ага ылайык суракка алынууга тыюу салынган адамдар көрсөтмө бергиси келсе, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат. Мында, алтынчы пунктка туура эмес шилтеменин жасалышы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүүдө аталган Кодекстин көрсөтүлгөн беренесинин 5-бөлүгүнүн шилтемесинин маанисине карабай пункттардын номурлары жылышып, ченем жаратуучу техниканын талаптарынын бузулушунун натыйжасы болуп эсептелет.

Көрсөтүлгөн Мыйзамга берилген түшүндүрмө кат баяндалганга далил болуп саналат, ага ылайык түзөтүүлөр сот арачыларына гана тиешелүү болуучу жана талашылып жаткан ченемдин жоболорун өзгөртүү максатын көздөгөн эмес.

Ага ылайык, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 5-бөлүгү менен тутумдаш байланышта каралышы жана колдонулушу керек.

Ошону менен бирге, пайда болгон укуктук күмөндүүлүк мыйзам чыгаруучудан жогоруда баяндалган көз караштарды эске алуу менен тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктун күбөлөргө процесстик коргоо чараларынын колдонулушунун мыйзамдуулук кепилдиктерин орнотуу катары түшүнүү керек жана көрсөтмө берүүгө тыюу, ошондой эле адамдын көрсөтмө берүү укугун жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдук катары каралышы мүмкүн эмес.

5. Калыс соттук териштирүү тараптарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, соттук процесстин атаандаштыгы принцибин сактоонун кепилдиги болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугунун негизинде адилет сотту жүзөгө ашыруу принцибине жараша сот ишти кароодо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын укуктарынын теңдигин бардык учурларда камсыздоого милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 21-февралындагы Чечиминде белгиленгендей тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу жөнүндө конституциялык жобо сот процессинде тараптар болуп саналган соттук териштирүүнүн карама-каршы процесстик позицияларында болгон тараптары менен катышуучуларына тең укук берүү талаш-тартышты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, аларга тең укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат жана ага ылайык соттук териштирүүдө чыныгы атаандаштыкка мүмкүндүк берет.

Жазык сот өндүрүшүнө карата колдонуу жагында, сот соттук отурумда изилденген далилдердин негизинде ишти чечип, бул иште колдонулууга тийиштүү укук ченемдери, аныкталган фактылар тууралуу жана жазык куугунтугу жүргүзүлгөн адамдарга карата аларды соттоо же актоо тууралуу тыянактарды чыгарат.

Баяндалганга карата, шектүүнүн, айыпкердин жана соттолуучунун жакын туугандарынын ыктыярдуу күбөлүк көрсөтмөлөрүн пайдалануунун зарылдыгы айыптоо жана коргоо тараптарына бирдей укуктарды ыйгаруу жолу менен атаандаштык жана тең укуктуулук принциптерин жүзөгө ашыруу курамынын бири болуп саналат.

Ошентип, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары иш боюнча өзүнө белгилүү болгон маалымат тууралуу көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбашы керек.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын, алардын көрсөтмө берүү ниети болгон учурда суракка алууга жол бербеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 5-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүү киргизсин.

4. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

6. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы