ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
Кыргыз
Республикасынын |
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп саналат.
4. Ишкананын уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Ишкананын ишине жалпы жетекчилик, координациялоо жана стратегиялык пландоо жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргыз почтасы" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики;
англис тилинде: State Enterprise "Kyrgyz Post" under the State registration service under the Government of the Kyrgyz Republic.
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз почтасы" МИ;
расмий тилде: ГП "Кыргыз почтасы";
англис тилинде: "Kyrgyz Post".
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ болгон мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары бар жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсебин, анын ичинде валюталык эсеп ачуу укугу менен толук чарбалык эсеп-кысап жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
8. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 227.
9. Ишкана филиалдарга ээ жана филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте мүлктүн бир бөлүгүн өткөрүү жолу менен берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана ишинин түрлөрү
10. Ишкана өз ишин төмөнкү максаттарда жүргүзөт:
- республиканын бардык аймагында почта байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- мамлекеттик почта байланышынын туруктуу өзүн-өзү актоосуна жетүү жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу;
- чарбалык иштен киреше алуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызыкчылыктарына пайдалануу;
- мамлекеттик почта байланышынын инфратүзүмүн натыйжалуу пайдалануу, өркүндөтүү, модернизациялоо жана өнүктүрүү;
- почта байланыш ишканаларынын, финансы-кредиттик мекемелеринин жана менчиктин бардык түрүндөгү жеке жана юридикалык жактарга ар кандай түрдөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча башка уюмдардын келишимдик мамилелерине негизделген почта-сактык тутумун жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү заманбап почта инфратүзүмүн түзүү;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кепилденген почта байланыш кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоо.
11. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик почта байланышын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында почта жана финансы кызматтарын көрсөтүү;
- мамлекеттик менчиктин жана акча каражаттарынын сакталышын камсыздоо;
- Ишканада автоматташтыруунун жаңы технологияларын, тутумдарын жана каражаттарын киргизүү;
- почталык, финансылык жана башка кызматтардын спектрин кеңейтүү;
- мамлекеттик почта байланышын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- мамлекеттик почта байланыш кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын түзүмдүк бөлүнүштөрүн үзгүлтүксүз иштетүү;
12. Милдеттерге ылайык Ишкана иштин төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик почта байланыш тармактарын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- почта жөнөтмөлөрүн ташууну жана жеткирүүнү уюштуруу;
- почта жөнөтмөлөрүнүн бардык түрлөрүн кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бардык аймагына аларды ташуу жана жеткирүү;
- пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө, алардын ишке ашырылышын контролдоо;
- почталык жана электрондук акча которууларды кабыл алуу жана төлөп берүү;
- финансылык кызматтарды көрсөтүү;
- почта байланышынын атрибуттары болуп саналган почталык төлөм белгилерин, филателисттик товарларды, почталык тараларды жана башка товарларды сатуу;
- калктан төлөмдөрдү кабыл алуу;
- филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун ишин уюштуруу;
- жазылууларды кабыл алуу, мезгилдүү басылмаларды иштеп чыгуу жана жеткирүү, аларды чекене сатуу;
- Интернет кызматтарын, электрондук почта жана башка компьютердик кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода-коммерциялык иштерди жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча кызматтарды көрсөтүү;
- Ишканада эмгекти коргоонун, коопсуздук техникасынын жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча иштерди уюштуруу;
- Ишкананы материалдык-техникалык жактан камсыздоону уюштуруу;
- Ишкананын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо;
- эл аралык почта уюмдарына катышуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана төмөнкү укуктарга ээ:
- өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алуу;
- сотто доогер жана жоопкер болуу;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык иштерди ишке ашыруу, мамлекеттик почта байланышына тышкы инвестицияларды кошо алганда кошумча жана каржылоо булактарын издеп табуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн уюштуруу-өндүрүштүк түзүмүн өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашкандан кийин жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте кредиттик келишимдерди түзүү аркылуу зайым каражаттарын тартуу;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу үчүн белгиленген тартипте келишимдик негизде адистерди тартуу;
- почта байланышы жана басылмаларды жайылтуу жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча чет өлкөлүк почта уюмдары жана башка өлкөлөрдүн почта байланышынын дайындалган операторлору менен келишимдерди түзүү;
- филиалдардын өндүрүштүк-экономикалык ишин пландаштырууну, жөнгө салууну жана контролдоону ишке ашыруу, мамлекеттик почта байланыш тармактарынын материалдык-техникалык жана технологиялык базасын модернизациялоо багыттарын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке каражаттардын чегинде, анын ичинде келишимдер боюнча эмгек акыны төлөө өлчөмдөрүн белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бекитилген почта байланышынын негизги ченемдерине ылайык почта каттамдарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
14. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, Дүйнөлүк почта уюмунун жана байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин актыларына ылайык мамлекеттик почта байланышынын үзгүлтүксүз, натыйжалуу иштешин камсыздоого;
- филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
- чарбанын карамагында турган имараттарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын, өндүрүштүк шаймандарды жана башка мүлктөрдү тийиштүү түрдө күтүүнү жана пайдаланууну камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почталарды ташуунун белгиленген контролдук мөөнөттөрүн сактоого, почта жөнөтмөлөрүнүн бардык түрлөрүн жеткирүүнү жана сакталышын, филиалдарда финансылык жүгүртүүдө турган которуу, пенсиялык, жазылуу жана башка акча каражаттарын өз убагында төлөөнү камсыздоого;
- пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча каражаттарды, которулуучу акча каражаттарын, жазылуудан жана мезгилдүү басылмаларды чекене сатуудан түшкөн каражаттарды карызга алууга жол бербөөгө, алардын сакталышын камсыздоого;
- кат алышуунун сырларын сактоону камсыздоого;
- филиалдардын бюджетин бекитүүгө, контролдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик почта байланышынын сактоо, модернизациялоо жана өнүктүрүү кызыкчылыгында кирешени жана пайданы, негизги, жүгүртмө каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү ишке ашырууга;
- филиалдардын ишине тиешелүү сунуштарды, доолорду, арыздарды жана даттанууларды кароого жана алар боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин филиалдар тарабынан аткарылышын камсыздоого;
- филиалдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жаңы, анын ичинде финансылык, келишимдик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен кардарларды тейлөөнүн сапатын жана маданиятын көтөрүүгө, өндүрүштүк, эмгек жана финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйруктарынын жана тескемелеринин филиалдар тарабынан сакталышын контролдоону жана башкарууну оптималдаштыруу, коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү максатында өндүрүштүк-эксплуатациялык, чарбалык жана финансы-экономикалык иштерди талдоону ишке ашырууга;
- башка мамлекеттердин почта операторлору жана Ишкананын өнөктөштөрү менен өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыздоого;
- мезгилдүү басылмалардын каталогдорун даярдоону жана басып чыгарууну жана жазылууну жүргүзүүнү камсыздоого. Мезгилдүү басылмаларды экспедициялоону, анын ишке ашырылышынын жана мезгилдүү басылмаларга жазылуудан жана сатып өткөрүүдөн түшкөн акча каражаттарынын өз убагында которулушун контролдоого.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишкананын түзүмү борбордук аппаратты жана филиалдарды камтыйт.
16. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп эсептелбейт жана филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын банктарда эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары жана мөөрү бар.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиштүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Филиалдардын жетекчилери квалификациялык талаптарга ылайык конкурстук негизде кызматка дайындалат жана Ишкананын башкы директорунун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат жана анын ишеним катынын негизинде иштейт.
19. Филиалдардын жетекчилеринин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери филиалдардын жетекчилеринин сунушу боюнча Ишкананын башкы директорунун буйругу менен кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
20. Филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилген филиал жөнүндө жобо менен аныкталат.
5. Ишкананын башкаруу органдары
21. Ишкананы башкарууну Ишкананын башкы директору ишке ашырат.
22. Башкы директор мамлекеттик ишканалардын жетекчи кадрларынын резервинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Ишкананын башкы директору менен үч жылдык мөөнөттөгү эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- мамлекеттик ишкананын жылдык финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандыраарлык эмес баа алса;
- ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
- мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иштеринин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ишкананын башкы директору:
- Ишкананын өндүрүштүк-эксплуатациялык, финансылык-экономикалык жана чарбалык ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Ишкананын борбордук аппаратын күтүүгө бюджетти мыйзамда белгиленген тартипте иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашууну камсыздайт, Ишкананын планын жана бюджетин бекитет;
- Ишкананын финансылык каражаттарын жана башка мүлктөрүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде тескейт.
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин Ишкананын, анын ичинде филиалдарынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын, ошондой эле филиалдар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү өз ыйгарым укуктарынын чегинде түзөт;
- филиалдардын жетекчилерине өндүрүштүк, финансы-чарбалык иштерди ишке ашыруу укугуна ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте кызматкерлерди жалдайт;
- оперативдүү бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштурат жана анын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын жана филиалдардын иш маселелери боюнча өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат;
- ишканалар жана мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде ишеним катсыз Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- финансылык абалга, эсепке алуу жана отчет берүүгө, иш кагаздарынын абалына, өндүрүштүк иштеги финансылык мыйзам бузууларга жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкана үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну камсыздайт;
- тармактык саясат маселелери боюнча ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизет;
- Ишкананын өндүрүштүк ишине байланыштуу башка маселелерди чечет;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Башкы директордун үч орун басары бар, алардын бири биринчи орун басары болуп саналат. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Төмөнкүлөр Ишкананын башкы директору, башкы директордун орун басарлары жана башкы бухгалтери боло алышпайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка болгон адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- мурда канааттандыраарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан бошотулган адамдар;
- мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетекчилик кызматты ээлеген, аны банкроттуулукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, атайын кызматтарды, саясий жана административдик муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар.
Ишкананын башкы директору, башкы директорунун орун басарлары жана башкы бухгалтери кызматта турган мезгилде жеке өздөрү же ишенимдүү адамдар аркылуу жеке ишкердик жүргүзүүгө, коммерциялык юридикалык жактарды алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан башкарууга укуксуз.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын жана башкы бухгалтеринин ыйгарым укуктары Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
27. Башкы директордун биринчи орун басары башкы директор жокто анын милдеттерин аткарат. Башкы директордун милдеттерин биринчи орун басарга жүктөө иш-аракетинин мөөнөтүн көрсөтүү менен тийиштүү буйрук боюнча таризделет.
28. Ишкананы келечекте өнүктүрүү багыттары менен байланышкан стратегиялык маселелерди кароо, техникалык жана технологиялык жактан жабдуу жана логистика маселелерин кароо, иштин экономикалык натыйжалуулугун көтөрүү үчүн ишкананын кеңешүү органы катары филиалдардын жетекчилеринин, борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жана профсоюздун ичинен техникалык-экономикалык кеңеш түзүлөт.
Ишкананын башкы директору Ишкананын техникалык-экономикалык кеңешин жетектейт.
Техникалык-экономикалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик почта байланышынын башка мүлкү түзөт.
30. Мүлктү түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ишкананын акча жана материалдык каражаттары;
- Ишкананын чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
- мамлекеттик бюджеттен дотациялар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү:
- банктардын насыялары жана башка карыз каражаттар.
31. Ишкананын мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда бекитилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
32. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
321. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине таза пайданын өзү бекиткен бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн республикалык бюджетке кийин жиберүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө которуп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ишкананын жүргүзгөн ишинен алынган бардык каражаттар Ишканага келип түшөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бюджеттик төлөмдөр жана чегерүүлөр, насыялар жана башка карыздык каражаттар боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөндөн кийин Ишкананын менчиги болуп саналган Ишкананын таза пайдасы түзүлөт, алар өз алдынча пайдаланылат.
7. Эсепке алуу, пландаштыруу жана отчеттуулук
34. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык өз ишин жүргүзөт. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилет.
Ишкана бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун, анын ичинде өткөн жыл үчүн Ишкананын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун киргизет.
Ишкананын алдын ала бюджети 31-декабрга чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
35. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
36. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
37. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
38. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
Кыргыз
Республикасынын |
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта
филиалдарынын
ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)