Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\72627485-22e5-48c1-8adc-92458fa8fa78\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-ноябры № 641

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти:

- төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын:

"261. Өкмөттүн жыйындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышуусу менен, алар тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болушкан шартта реалдуу убакыт режиминдеги видео-конференц-байланышты пайдалануу жолу менен өткөрүлсө болот.";

- расмий тилдеги тексттин 52-пунктунун экинчи абзацындагы "руководителем" деген сөз "руководителя" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 55-пункттун биринчи абзацы "кол коюлган" деген сөздөрдөн мурда "эл аралык келишимдин долбоорун жактыруу же макулдук берүү жөнүндө актынын долбооруна макулдашуу барактарынан башка" деген сөздөр менен толукталсын;

- 69-пунктта:

он экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

мамлекеттик тилдеги тексттин он үчүнчү абзацы "тийиштүү оңдоолор киргизилүүчү жана күчүн жоготту деп эсептелүүчү ченемдик укуктук актыларды камтыган электрондук сактагыч" деген редакцияда берилсин;

- мамлекеттик тилдеги тексттин 107-пунктундагы "бир же эки" деген сөздөр "эки же үч" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 110-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Эгер тапшырма мамлекеттик жана өкмөттүк программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле аларды аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу маселелери боюнча берилсе, кошо аткаруучулар жооптуу аткаруучу болуп эсептелген мамлекеттик органга маалыматтарды (пикирлер, сунуштар жана информация) мамлекеттик жана расмий тилдерде беришет.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алуунун уюштурулушун камсыздашсын;";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:

2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алса болот.";

7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын:

"- реалдуу режимде видео-конференц-байланышка чыгуу менен;",

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев