Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\36313d2d-4461-4dc0-a4c4-7f89e85d4253\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-ноябры № 645

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун маселелери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик материалдык резервдер чөйрөсүндөгү тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аркылуу киргизе тургандыгы;".

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 "Буудай - Кара-Балта" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө" токтомунун 9-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349 буйругунун 4-пунктунун үчүнчү абзацы.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсепте турган каражаттарын атайын эсепке которсун жана депозиттик эсепти жапсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруу
СХЕМАСЫ

Описание: 126509kyr.png